Жер жүзүндөгү бүт нерсенин бир жаратылуу максаты бар. Аллах бул чындыкты Куранда мындайча билдирет:
«Биз силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле?» (Мүминун Сүрөсү, 115)
Биз асмандарды, жерди жана ал экөөсүнүн арасындагыларды акыйкат менен гана жараттык... (Хижр Сүрөсү, 85)
Адамдын жаратылуусундагы бүт детальда да бир максат бар. Көзүбүздүн, кулагыбыздын, мурдубуздун, ар бир клеткабыздын, клеткаларыбыздагы ион эшиктеринин, ДНКларыбыздагы нуклеиддик кислота тизмектеринин, нерв тармагыбыздагы байланыштардын, нейрондор арасы боштуктардын, нервдерди орогон майлуу кабыкчанын, иш-аракеттерди ылдамдаткан энзимдердин жана сансыз детальдардын баары белгилүү бир максатка кызмат кылуу үчүн жаратылган.
Раббибиз бизди бүт тарабыбыздан ороп курчап турат. Бул чындык Куранда «...Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз.» (Каф Сүрөсү, 16), «Чыгыш да Аллахтыкы, батыш да. Каякка бурулсаңар, Аллахтын жүзү ошол жакта. Шек жок, Аллах курчоочу, билүүчү.» (Бакара Сүрөсү, 115) аяттарында апачык айтылган. Бул китеп бою каралган кылдат тартиптер, детальдар, теңдешсиз долбоорлор да Раббибиздин бар экенин, жараткан нерселерин башкарып тураарын көрсөткөн ишараттардын бир бөлүгү гана. Бул ишараттарды туура жоромолдоо болсо бүт адамдардын абийири жана акылына жараша мүмкүн болот.
Кээ бирлери бул детальдарда айтылгандарды карап –Аллахтын илимин жакындан изилдеп, ал жөнүндө китептерди жазса да- Аллахтын жаратуусундагы хикматтарды (терең маани-сырларды) түшүнө албайт. Куранда бул сыяктуу адамдар «Алар Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышкан жок. Шексиз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу).» (Хаж Сүрөсү, 74) аятында сыпатталат. Ыйман келтиргендердин өрнөктүү мамилелери болсо төмөнкү аятта кабар берилет:
Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)
Аллахтын адам денесинин ар бир миллиметр квадратында кездешкен илиминин, чеберчилигинин, акылынын улуулугу адамдарга абдан маанилүү кабарларды берет. Бул маалыматтарды баалоонун мааниси бир аятта «...Кулдары арасынан болсо Аллахтан жалаң гана илимдүүлөр «ичтери титирөө менен коркушат»...» (Фатыр Сүрөсү, 28) сөздөрү менен кабар берилген. Өз денебиз да кошо айлана-чөйрөбүздө ушунчалык детальдуу жана максаттуу бир жаратуу турганда, адамды максатсыз деп ойлоо акылга туура келбейт. Албетте, адамдын бул дүйнөдө бар болушунун бир максаты бар. Биз дем алган, жашаган ар бир секундабыз сансыз детальдар бизге немат-жакшылык катары сунулууда. Мынчалык кооздук жана кылдат тартип-системалар жасалган болсо, булардын биз үчүн бир мааниси болушу зарыл. Бул маалыматтар бизге Аллахты жакшылап таанып-түшүнүшүбүздү, бизди жараткан Раббибизди таанышыбызды, Анын бизге болгон мээримин көрүшүбүздү жана Ага дайыма шүгүр кылып, кулчулук милдетибизди аткарышыбызды эске салууда.
Чындыгында, адамдан ал али эстөөгө татыктуу бир нерсе эмес кезде узун убакыттардан (дехр) бир убакыт (хин) келип-өттү. Шексиз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот, же болбосо нашүгүр (шүгүрсүз болот). (Инсан Сүрөсү, 1-3)
We did not create the heavens and Earth and everything between them, except with truth. The Hour is certainly coming, so turn away graciously. Your Lord, He is the Creator, the All-Knowing. (Surat al-Hijr: 85-86) |
Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү, өкүм жана хикмат (терең акыл) ээсисиң.»
(Бакара Сүрөсү, 32)