Дүйнө жөнүндө билген нерселерибиздин баары бизге сезүү органдарыбыз аркылуу жетет. Сезүү органдары болбогондо, айлана-чөйрөбүздөгү бүт нерсе менен болгон байланышыбыз үзүлүп калмак. Колубуз менен столго таянганыбызды же жумшак бир креслого отурганыбызды да билмек эмеспиз. Сезүү органдары сырткы дүйнөдө жана денебизде эмнелер болуп жатканы жөнүндө бүт тараптуу маалымат алышыбызды камсыздашат. Мисалы, бир досуңуздун жүзүн толук көрбөсөңүз же бир адамды артынан көрсөңүз да тааный аласыз. Миңдеген түрдүү жыт жана түстү бир-биринен айырмалай аласыз. Териңизге тийген бир түктү ошол замат сезип, түшүп келе жаткан бир жалбырактын шуудураганын уга аласыз. Буларды сезүү үчүн эч аракет кылышыңыздын зарылдыгы жок.
Сезүү органдарынын сырттагы нерселер жөнүндө маалымат топтоочу бөлүмдөрү «кабылдагыч» деп аталат. Кабылдагычтар аларга келген маалыматтарды нерв клеткалары аркылуу мээге жиберилүүчү электрдик заряддарга айлантышат. Мээ ага жеткен бул электрдик заряддарды жоромолдойт жана сиздин нерселердин өзгөчөлүктөрүн түшүнүшүңүзгө себепчи болот. Андан соң денеңиздин башка аймактарына буйруктарды жөнөтүп, ал маалыматтарга жараша кыймылдашын камсыз кылат.
Ар кайсы сезүү органдарындагы кабылдагычтар ар башка нерселерди кабылдашат жана жооп (реакция) беришет. Кулактардагы кабылдагычтардын кээ бирлери үндөргө жооп беришет. Кээ бирлери болсо баштын кыймылдарына жооп берип, тең салмактуулукту сактоону камсыздайт. Көздөрдөгү кабылдагычтар жарыкка жана түскө жооп беришсе, мурундун ички тарабындагы кабылдагычтар абадагы химиялык заттарга жооп беришет. Тилибиздеги кабылдагычтар суюктуктарга же шилекейде ээриген заттарга жооп беришет. Терибиздеги кабылдагычтар тийүү, басым, ысыктык жана ооруга жооп беришет. Булчуң менен муундарыбыздагы кабылдагычтар болсо кыймылдаганыбызда жооп берип, денебиздин абалы жөнүндө маалыматта болушубузду камсыздашат.
Денебиз өзүнчө эле бир долбоор керемети. Бирок бул дененин сырткы дүйнөгө сезимтал болушу, айланасындагы окуяларды кабылдап жооп бере ала турган жөндөмдө болушу да улуу бир керемет. Учурдагы эң маанилүү технологиялык шаймандарда да мээ-дене арасындагы комплекстүү операцияларды ишке ашыруучу координация түзүлө алган эмес.
Мисалы, компьютерлерде сезүү органдарынын ордуна коддоо механизми бар. Бул механизм маалыматты экилик код деп аталган бир катар электрдик сигналга айлантат. Экилик код компьютердин процессору тарабынан жоромолдонот. Процессор компьютердин мээси сыяктуу кызмат аткарат. Мисалы, бир түтүн аныктоочусу (детектору) температуранын жогорулашына жана түтүнгө жооп бере турган абалда долбоорлонгон. Детектор температура менен түтүн жөнүндөгү маалыматтарды экилик коддорго айлантат. Экилик коддор компьютер процессору тарабынан жоромолдонот жана буйруктар суу чачуу системасына жөнөтүлөт. Ошентип суу чачуучулар иштеп баштайт. Бирок биздин кабылдоолорубуз –иштөө системалары окшош болсо да- автоматташкан буйруктардан өзгөчөлөнүп жоромолдоо жана анализдөө күчүнө ээ. Мисалы, адамдын мээси түтүндү сезгенде, көп тараптуу чара ала алат: түтүндүн көлөмүнө, булагына жараша терезени ачышы мүмкүн, өрт өчүргүчтү колдонушу мүмкүн, бөлмөдөгү адамдарды чыгарышы мүмкүн, телефон чалып өрт өчүргүчтөрдү чакырышы мүмкүн... Бул болсо адамдын эч бир техникалык буюм менен салыштырууга мүмкүн болбогондой кереметтүү бир жаратылышка ээ экенин көрсөтөт.
1.Brain sheath 3. Movement nerve cells | |
When you pick up a ball or touch the strings of a guitar, no matter how light your touch may be, still you detect a feeling of pressure in your fingers. This light movement sets into action thousands of touch-sensitive nerve receptors concentrated in your fingertips. Together with this pressure, an electrical current begins in special cells covering the nerve endings near the skin surface. This current is transmitted to the brain by nerve fibers at a speed of 130 meters (426 feet) a second. |
Башка кабылдоолор сыяктуу эле, тийүү сезими да тери клеткалары электрдик сигналдар катары жөнөткөн маалыматтардын мээде жоромолдонушу менен пайда болот. Сиз бир кездемеге тийгениңизде, анын катуу, жумшак, ичке же жылмакай экенин мээңизде сезесиз. Манжаңыздын учтарындагы кабылдоочу клеткалар кездемеге тиешелүү маалыматтарды мээңизге электрдик сигнал катары жеткиришет жана бул сигналдар мээңизде тийүү сезими катары кабылданат. Мисалы, сиз бырыштуу бир жерге тийгениңизде, анын чындыгында бырыштуу болуп-болбогонун же бырыштуу бир жердин чынында кандай бир сезим пайда кылаарын эч биле албайсыз. Себеби сиз бырыштуу бир жердин оригиналына (өзүнө) эч качан тийе албайсыз. Сиздин бырыштуу жерди сезүү жөнүндө билгендериңиз – бул мээңиздин белгилүү сигналдарды жоромолдоосу гана.
Териде ысыкка, муздакка, тийүүгө, ооруга, басымга жана чайпалууга жооп берүүчү, ар кандай сезимталдыкта миллиондогон кабылдагычтар бар. Бул кабылдагычтар мээге электрдик сигналдарды жөнөтүшөт жана биз бул сигналдар аркылуу тийген нерсебиз жөнүндө ар тараптуу маалымат алабыз.
Азыр колуңузда кармап турган бул китеп да бүт детальдары менен бирге сиздин мээңизде жаратылат. Сырттагы дүйнөдө заттык абалда бир китеп бар, бирок сиз көрүп, тийип жаткан китеп мээңиздин ичиндеги бир копия гана. Китепке тийгениңизде пайда болгон сезимдердин баары электрдик сигналдардын жоромолу гана. Ошондуктан, тийдим деп ойлогонуңузда чындыгында мээңиздин ичиндеги китептин беттерин барактап, мээңиздин ичинде барактардын жукалыгын, жылмакайлыгын сезесиз. Чындыгында болсо эч качан бул китептин өзүнө (оригиналына) тийе албайсыз.
Сокур бир адам манжасынын учтары менен Braille алфавитин (сокур алфавитин) окуйт. Бирок муну дененин башка бир жери менен, мисалы манжанын муундары же үстүңкү жагы менен кыла албайт. Себеби манжа учтарынын кабылдоого сезгичтик даражасы кабылдагычтын саны себептүү абдан күчтүү. Дененин бетине жайылган 640.000дей сезгич тери кабылдагычы бар.70 Манжа учтарында тыгыз болуп, метр квадратта 9000 даана кабылдагыч бар. Бул кабылдагычтар манжа учтарыбыздагы кичинекей бир сүрүлүүгө да миллисекунда ичинде жооп беришет. Мунун урматында манжа учтарыбыз менен абдан сезгичтикти талап кылган иштерди жасай алабыз. Бирок чыканагыбыз манжа учтарыбыздай сезгич эмес. Мунун да терең сыры бар; эгер андай болбогондо, кичинекей бир бырышты да күчтүү сезгендиктен чыканагыбыз менен бир жерге жаздануу бизди абдан тынчсыздандырмак. Ошондой эле, бир кездеменин жумшактыгын, бир жердин сыйгалактыгын сезүү үчүн манжабыздын ордуна чыканагыбыз менен тийип көрүшүбүз керек болмок. Буларды ойлоп көргөнүбүздө денебизде муктаждыгыбызга жана колдонуу ыңгайлуулугуна жараша атайын бир план-долбоордун бар экени апачык көрүнөт.
Тийүү кабылдагычтары кокус өзгөрүүлөргө жооп беришет, бирок туруктуу бир сигналга бат эле көнүп калышат. Мээ тийүүнүн башталышы менен аягы жөнүндө маалымдалат, бирок ортоңку баскычтарда мээге маалымат акпайт. Бул да абдан терең мааниге ээ; себеби көбүнчө терибизге тийген нерселер жөнүндө тынымсыз маалымат алуу муктаждыгыбыз жок. Тийүү кабылдагычтарынын бир өзгөрүү болгондо гана маалымат жөнөтүшү жетиштүү, жана бул биз үчүн чоң бир жеңилдик. Тийүү кабылдагычтарынын туруктуу бир сигналга ылдам көнүшүү жөндөмү нерв системасынын маанилүү бир өзгөчөлүгү.71
Мисалы, күн сайын эрте менен бир кийимдерди кийебиз, башында ар түрдүү кабылдагычтар мээге булардын салмагын, жумшактыгын жана басымын түшүнө тургандай кабарларды жөнөтүшөт. Бирок бир аздан соң кабарлар азайат жана жоголот; себеби жогоруда да айтылгандай, туруктуу тыгыздыктагы тынымсыз сигналдар кабылдагычтардын иш-аракетин токтотот. Ошол сыяктуу кол саатыбызды биринчи такканыбызда металлынын муздактыгын, калыңдыгын, салмагын сезебиз; бир саамдан соң болсо бар экенин унутуп калабыз. Бирок кайышы ачылып түшүп кетчүдөй болсо терибиздеги жаңы таасир көңүлүбүздү бурат. Ошол сыяктуу шапкабызды чечкенибизде башыбыздагы кабылдагычтар бул жаңы абалды мээнин тиешелүү аймагына ылдам билдиришет жана сезимдерибиз шапканы чечүү менен бирге өзгөрөт.
Системанын мындай иштеши биз үчүн абдан маанилүү. Себеби денебизде кийген кийимдерибиздин, таккан жасалга буюмдарыбыздын бар экенин дайыма сезип турушубуз, албетте, биздин абдан тынчсыздандырмак. Ошондуктан терибиздин туруктуу (бирдей) сигналдарга көнүгүшү Раббибиздин чоң бир мээрими.
Оору сезүү – бул денебизде бир кыртыштын жабыр тартканын билдирген сигналдар. Нерв кабылдагычтарыбыздын бир канча миллиону ооруларды сезишип, канчалык күчтүү сокку жешсе ошончолук күчтүү сигнал алышат. Мисалы, бутубузду столдун чекесине уруп алганыбызда же жердеги сынган айнекти басып алганыбызда оору же ачышууну сезебиз. Ооруну же ачышууну сезүүнүн жашообузда мааниси чоң, себеби булар денебизде бир проблема бар экенин билдиришет. Терибиздеги кабылдагыч клеткалар бизге зыян берген нерселерге жооп бергенде –мээбизге шашылыш маалыматтарды жөнөткөндө- оору сезебиз. Натыйжада биз да бул ооруну жоюу үчүн ылдам чара көрөбүз.
Кээ бир сезимдер оору, кээ бирлери сайуу (бир нерсенин кирип кетүүсү), кээ бирлери күйүү, кээ бирлери ачышуу абалында. Сайуу сезими мээге эң ылдам –секундасына 30 метр ылдамдык менен- жетет. Бул сезимди сезген кабылдагычтардын орду теринин дал сырткы тарабында. Күйүү же оору сезимдеринин сигналдары болсо мээге, сайуу сезимине салыштырмалуу, жайыраак –секундасына 2 метр ылдамдыкта- барышат.
Бул сезимдердин кабылдоо ылдамдыгындагы айырмада да терең сырлар бар. Мисалы, эң биринчиден бир нерсенин кирип кеткенинин катуу оорусун сезишибиз –мисалы бир аары ийнесинин- андан соң жайыраак күйүү сезиминин пайда болушу абдан маанилүү. Себеби кирип кетүү сезими коркунучка карата ылдам бир коргонууну камсыз кылат. Бул да, албетте чексиз мээримдүү Раббибиздин терең максаттуу жаратуу өрнөктөрүнүн бири.
Feelings of Pain and Discomfort: A Manifestation of Our Lord’s Titles of the Compassionate and Merciful Feeling pain or discomfort plays a very important role in our lives, because these sensations notify us that there is a problem in our bodies. When the receptors in our skin react to things that are harming us and send urgent messages to the brain, we can then take measures to allay that discomfort. | |
A. INTENSE PAIN | B. CHRONIC PAIN |
3. After determining the location, features and intensity of the pain, the brain sends messages that block the nerve signals in order to reduce this pain. 2. Accumulation of messages produces new chemical pathways in the synapses in the spinal cord. This makes the nerves much more sensitive to pain signals. 1. A nail that pierces the skin stimulates nerve endings, which send an alarm signal all along the nerves in reaction to injury. This signal is turned into a chemical message in the spinal cord. | 3. By preventing the elimination of pain impulses, chronic pain may cause loss of control in an individual. The feeling of increased pain stems from this. 2. Chemical neurotransmitters pass these pain signals from one nerve to another by way of the synapses. Thus the message is transmitted as far as the brain. 1 .When the nerve endings are stimulated by injury, an alarm signal is sent to the spinal cord and brain. Pressure placed on a nerve root or nerve fiber has also the same effect. |
Бутубузду столдун чекесине урганыбызда же жердеги сынган айнекти басып алганыбызда оору же ачышууну сезебиз. Ооруну же ачышууну сезүүнүн жашообузда мааниси чоң, себеби булар денебизде бир проблема бар экенин билдиришет. Терибиздеги кабылдагыч клеткалар бизге зыян берген нерселерге жооп бергенде –мээбизге шашылыш маалыматтарды жөнөткөндө- оору сезебиз. Натыйжада биз да бул ооруну жоюу үчүн бир катар чараларды көрөбүз.
Кээ бир адамдар жаракат алганда жана жаракат алган соң белгилүү мөөнөткө чейин оору сезишпейт. Натыйжада адам жаракат алса да өзүн коргой турган же коркунучтан кача ала турган күч таба алат. Оору сезиминин жиберилиши да нерв клеткалары аркылуу болот. Бул клеткалар ачышуу, сыздоо, оору жана капаланууну жок кылуучу, денени бейпил кылуучу «эндорфин» затын алып жүрүшөт. Эндорфин – мээбиз өндүргөн бир оору токтотуучу сыяктуу. Эндорфин ооруну алгач сезгенде чыгарылат, бирок алгачкы кризис өтүп кеткен соң таасирсиз болуп калат. Мунун урматында олуттуу жаракат алган адамдар белгилүү бир мөөнөткө чейин катуу оору сезишпейт. Ооруну басуучу дарылар да ушундай логикада кызмат аткарышат. Көпчүлүгү ооруларды жана жаракаттарды айыктырбайт; алар болгону ооруну сезишибизге тоскоол болуучу химиялык заттар гана. Жаракат алуу учурунда оору сезиминин азайышы Аллахтын адамдарга болгон мээриминин бир мисалы.
You blink every two to ten seconds. Your eyes move backwards and forwards many times a second as you focus on each of these words, and your retinas perform tens of millions of computer-like calculations. These all function so flawlessly that you generally never wonder how it is that we actually see. | |
1. Right upper muscle | 14. Capillary layers A. Detailed image of the retina |
Көрүү кубулушу абдан көп баскычта ишке ашат. Көрүү учурунда кандайдыр бир заттан келген жарык бөлүкчөлөрү (фотондор) көздүн алдындагы линзанын ичинен сынуу менен өтөт жана көздүн арткы тарабындагы торчого тескери абалда түшөт. Ал жердеги клеткалар тарабынан электрдик сигналга айлантылган көрүү импульстары нервдер аркылуу мээнин арткы тарабындагы көрүү борбору деп аталган кичинекей бир аймакка жетишет. Бул электрдик сигнал бир катар операциядан соң мээдеги бул борбордо сүрөттөлүш катары кабылданат.
Көздө конус жана чыбыкча деп аталган эки түрдүү кабылдагыч клетка бар. Чыбыкчалар жарыкка карата ушунчалык сезгич болгондуктан, күүгүм бир жарыкта да сүрөттөлүштүн пайда болушун камсыздашат. Бирок кадимки күндүн жарыгында ашыкча жарыктан улам кандайдыр бир сигналды жөнөтө албай турган абалга келишет. Конустар болсо жогорку жарыкта иштегендиктен, күндүн жарыгында сүрөттөлүштүн пайда болушун камсыздашат.
Мисалы, телевизор экранын караганыңызда, маалыматты көздөн мээбизге жеткирүү үчүн 1 миллион нерв жипчесинен турган оптикалык (көрүү менен байланыштуу) нервге муктаждык бар.72 Көздөрдүн телевизордогу бир сүрөттөлүш менен стимулданышы торчонун жарык кабылдагычтарында химиялык бир реакцияга себеп болот. Бул реакция натыйжасында торчодогу сигналдар оптикалык нервдерди, оптикалык нервдер болсо мээни стимулдайт. Мээден жөнөтүлгөн сигналдар болсо секундасына 100 метр ылдамдык менен көздөрдү, бут манжаларын, бут балтырларын, буттарды, далыларды, колдорду, билектерди жана манжаларды башкарган булчуңдарды стимулдайт. Сүрөттөлүштүн кабылданышы менен бирге креслого жөнөө, пульттун үн баскычын басуу сыяктуу кыймылдар ишке ашат.
Адамдын көзү кызыл менен кырмызы интервалында өзгөргөн түстөрдү кабылдайт. Бул интервалдын астындагы инфра-кызыл нурларды жана үстүндөгү ультра-кырмызы нурларды кабылдай албайт. Бул абдан терең маанилүү бир жаратуу. Эгер көзүбүз бул интервалдагы жарык толкун узундуктарын эмес, андан төмөнкү толкун узундуктарын кабылдоого ылайыкташкан болгондо, мисалы радар экранындагы сыяктуу бозомук бир сүрөттөлүшкө туш келмек. Эгер көзүбүз жогорураак толкун узундуктарын кабылдаганга ылайыкташкан болгондо, анда рентген кадрындагы сыяктуу сүрөттөлүштөр менен жашамакпыз. Бирок Аллахтын мээрими менен көздөгү клеткалар ушул толкун узундуктарындагы жарыкты гана электрдик сигналга айлантууда жана ушунчалык детальдуу бир сүрөттөлүштү көрүшүбүздү камсыз кылууда (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Gözdeki Mucize (Көздөгү керемет), Harun Yahya).
Мээ заттардын алыстыктарын аныктоодо да абдан сезгич. Эки көз тең бирдей кыймылдаганына карабастан, ар кайсы бурчтарда сүрөттөлүш алышат. Көздөрдүн бурчтары арасындагы мындай айырмалар болсо мээнин көрүнгөн нерсенин канчалык алыста экенин эсептешине көмөкчү болот. Мээге жиберилген эки сүрөттөлүш салыштырылат жана сүрөттөлүштүн тереңдиги аныкталат; ошентип сиз колуңуздагы китепти үч өлчөмдүү бир сүрөттөлүш ичинде көрөсүз. Эгер мындай өзгөчөлүк болбогондо, бүт нерсени жуп жана жалгыз бир тегиздик бетинде көрмөкпүз. Бул жагынан эки көздүн көрүү аймактарынын ар башка бурчтардан болушу абдан терең маанилүү бир жаратуу мисалы.
Бир теннис матчын көрүп жатасыз дейли. Оюнчулардын бири тордун үстүнөн өткөн топту ракеткасы менен кайтарууда. Мээңиз сизге соккунун кандай болгону жөнүндө маалымат берүүдө. Топту, торду жана ракетканы жарык кылган нур сиз байкабастан бирдей убакытта көздөрүңүзгө жетүүдө. Бир ракетка же бир теннис тобу деп кабылдаган нерсеңиз мээңизде көптөгөн электрдик сигналдын кызматташтыкта болушунан пайда болгон сүрөттөлүш жана ар бир сигнал мээдеги тиешелүү бөлүккө жөнөтүлөт. Бирок мээңиздин бул теннис матчын көрүп жатканыңыз жөнүндө эч бир маалыматы жок. Илимпоздор сүрөттөлүш, үн же жыт маалыматтарынын мээнин тиешелүү бөлүктөрүнө кантип жөнөтүлөөрүн түшүндүрүшүүдө, бирок аларды таң калтырган көрүнүш – бул электрдик сигналдардын кайрадан, оригиналына дал келген абалда кантип тизилээри.
Джеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) көрүү кубулушундагы кереметтүү тараптардын бир канчасына мындайча токтолгон:
Биологиялык маалымат өткөрүү процесси таң калыштуу бир окуя. Бул окуялар чынжырынын бир бөлүгүн эле алып карагыбыз келсе; мээ көздөгү торчого чагылтылган эки өлчөмдүү сүрөттөлүштүн үч өлчөмдүү бир дүйнөнү көрсөтүп (чагылтып) жатканын кайдан билет? Себеби сүрөттөлүш бир катар электрдик сигналга айлантылат жана булардын ар бири... чыңалуу айырмалары... Бул акылды кайдан алган?73
Шредер да айткандай, электрдик сигналдардын маалыматты коддолгон абалда ташышы, анан булардын мээбизде заттык дүйнөдөгүнүн дал өзүндөй кылып жоромолдонушу улуу бир акылдын түшүмү. Бул автор «Бул акылды кайдан алган?» деген суроо менен көңүл бурган акылдын чыныгы ээси болсо – албетте, баарыбызды жараткан, көрүүбүз үчүн көздөрдү берген Раббибиз. Бул чындык Куран аяттарында мындайча кабар берилет:
Айткын: «Асмандардан жана жерден силерге ырыскы берген ким? Кулактарга жана көздөргө малик (ээ) болгон ким? Тирүүнү өлүүдөн чыгарган жана өлүктү тирүүдөн чыгарган ким? Жана иштерди ороп-курчаган ким? Алар: «Аллах» дешет. Андай болсо, айт: «Силер дагы эле коркуп, (күнөөдөн) сактанбайсыңарбы? Мына ушул – силердин чыныгы Раббиңер (Жаратуучуңар) болгон Аллах. Андай болсо чындыктан кийин адашуудан башка эмне бар? Кантип дагы эле бурулуп кетүүдөсүңөр?» (Йунус Сүрөсү, 31-32)
Жыт сезүү органыбыздын иштеши да башка органдарыбыздын иштешине окшош. Негизи мурдубуздун сырттан көрүнгөн бөлүмүнүн кызматы болгону бир канал сыяктуу абадагы жыт молекулаларын ич тарапка алуу гана. Ванила же гүл жыты сыяктуу учуучу молекулалар мурундун эпителий деп аталган аймагындагы титирек түктөрдөгү кабылдагычтарга келет жана бул кабылдагычтарда реакцияга кирет. Жыт молекулалары эпителий аймагында кылган реакциясы мээбизге электрдик сигнал катары жетет. Бул электрдик сигналдар болсо мээбизде жыт катар кабылданат.
Жыт молекулаларынын таасиринин электр энергиясына айландырылышында таң калыштуу бир система иштейт. Мурундагы сезгич кабыкчанын бетинде 50 миллиондой нерв клеткасы бар. Ар бир нерв клеткасы көптөгөн протеинди камтыйт. Бир жыт молекуласы формасы туура келсе эле бул нерв клеткаларындагы протеин молекулаларынын бирөөсүнө кармана алат. Ошентип бул аймакта электрдик бир уюлдашуу пайда болот. Мындай уюлдашуу электр энергиясын пайда кылат жана кабылданган жытка тиешелүү электрдик сигналдар маңдайдын ылдый жагындагы жыт сезүү аймагына жетет. Бул жерде ар башка клеткалардан келген маалыматтар анализденет жана ар башка мээ түзүлүштөрүнө жөнөтүлүү менен «жыттын» булагы аныкталат (терең маалымат үчүн караңыз: Koku ve Tat Mucizesi (Жыт жана даам керемети), Harun Yahya).
1. Oifactory extension | 4. Image of brain below | 7. Scent axon |
The upper part of the nose contains two small areas known as the scent epithelia, which contain a great many nerve cells. These regions are responsible for scent detection. Smells are carried in the air in the form of floating molecules, which enter the nose together with air as we breathe. When the scent molecules reach the receptors in the nose, the cells there are stimulated and send electrical signals to the brain. The brain has direct dealings only with the electrical signal that reaches it, not with the scent molecules. A person perceives the brain’s interpretation of this electrical signal in the form of an odor. |
Жаңы бышкан нандын, бакчадагы гүлдөрдүн, жаңы орулган көк чөптүн, жамгырдан кийинки топурактын, ысык шорпонун, кулпунайдын, шабдалынын, петрушканын, колдонгон самыныңыздын, шампундун жытын жана ушуга окшогон дагы көптөгөн жытты сезе алганыңыз үчүн мурдуңуздагы сезгич түзүлүшкө карыздарсыз. Көп адамдар бир күндө канчалаган жытты сезгенин жана бул жыттар урматында нерселердин абалын мээсинде аныктаганын эч ойлонушпайт. Чынында болсо жеген тамагыңыздын даамдуу болушун жыт алуу сезимиңиз камсыз кылат. Жыт – нерселерди таанууңуздагы маанилүү факторлордун бири.
Ар бир дем алган сайын заттарга тиешелүү жыттар да мурундан ич тарапка кирет. Адам мурду сезген бир жытты 30 секунда ичинде анализ кылат жана болжол менен 3000дей ар башка жытты бир-биринен айырмалай алчу кереметтүү бир мүмкүнчүлүккө ээ.74
Даам сезүү системабыз протеиндерди, иондорду, комплекстүү молекулаларды жана дагы көптөгөн химиялык кошулманы анализ кылат; өмүр бою эч эс албастан биз үчүн иштейт. Тил татаал химиялык анализдерди жасоочу бир лаборатория сыяктуу кызмат аткарат. Биз жеген же ичкен ар бир азык көптөгөн ар түрдүү даам молекулаларынан турат. Кандайдыр бир табактагы тамакта жүздөгөн же миңдеген ар башка химиялык зат бар. Тилибиздеги даам сезгичтер болсо бул ар түрдүү молекулаларды эч жаңылбастан анализ кылышат (терең маалымат үчүн караңыз: Koku ve Tat Mucizesi (Жыт жана даам керемети), Harun Yahya).
Тилибизде бул анализ жасалышы үчүн абдан өзгөчө бир долбоор бар. Денебиздин башка эч бир жеринде эмес, бир гана азыктарды сиңирип баштаган алгачкы баскычта –тилибизде- даам алуу тармагында адистешкен клеткалар жайгашат. Бул клеткалар азыктарды анализдеп, булар жөнүндөгү маалыматтарды мээге электрдик сигнал абалында жиберишет. Тилден мээге жеткен бул электрдик сигналдардын даам катары жоромолдонушу болсо кайра эле мээбиз тарабынан ишке ашырылат.
1. Tonque | 5. Nerve fibers |
Any dish of food contains hundreds, even thousands, of separate chemical substances. The tongue identifies the chemical structures of countless different molecules with an astonishing accuracy. Taste receptors in the tongue send information regarding these molecules to the brain in the form of electrical signals. The flavor of the orange or strawberry we eat consists of an interpretation of this signal that our Lord forms in our brain. To the right, the papillae that give the tongue its rough appearance, magnified 60 times. Up to 10,000 taste buds comprise the papillae on the tongue, and there are up to 50 taste cells in each taste bud. |
Даам сезүү системабыздагы клеткалардын дал керектүү санда, орунда жана эң идеалдуу абалда бар болушу да – улуу бир жаратылуу мисалы. Электрдик сигналдарды жоромолдоочу мээбиздин бизге эмне жегенибизди айтышы, жегендерибизди дайыма адашпастан айырмалашы, болгондо да буларды химиялык анализдеп кычкылбы, ачуубу, таттуубу экенин билдириши денебиздеги жаратуу кереметтеринин бири.
1. Micro- hairs Sound waves formed by vibrating air molecules affect the eardrum. The vibrations that reach this membrane set into operation a mechanism consisting of three bones, transmitting the vibrations to fluid-filled channels whose interior is covered in micro-hairs. These react to pressure differences and permit various signals to form. By the mercy of our Lord, these signals are interpreted with great sensitivity in the brain as a tune, the sound of the wind or a doorbell’s ring. |
Сырткы кулак чөйрөдөгү үн толкундарын кулак лакатору менен топтоп ортоңку кулакка жиберет. Ортоңку кулак болсо алган үн толкундарын күчтөндүрүп ички кулакка өткөрөт. Ички кулак болсо бул толкундарды үндүн тыгыздыгына жана жыштыгына жараша электрдик сигналдарга айлантып, мээге жөнөтөт. Мээде бир канча жерге кезиккен соң кабарлар аягында бул сигналдар процесске коюлуп жоромолдонуучу угуу борборуна жиберилишет. Ошентип угуу процесси да мээдеги угуу борборунда ишке ашат.
Угуу процессиндеги эң таң калыштуу өзгөчөлүктөрдүн бири – бул кулакта жайгашкан каналдардагы 20000 түкчөнүн жооп берүү ылдамдыгы. Ортоңку канал секундасына 256 оборот менен титирейт. Ортоңку кулактын үстү жагындагы канал секундасына 512 оборот менен жана мунун үстүндөгү канал болсо секундасына 1024 оборот менен титирейт. Түкчөлөрдүн мынчалык жогорку титирөөлөрдү жоромолдоого ыңгайлуу түзүлүшү музыкадагы ноталарды так айырмалай алышыбызды камсыз кылат. Бул денебиздеги эң сезгич жана эң ылдам жооп берчү системалардын бирин түзөт.
Мээ кулактан келген үн толкундарын жоромолдоп жатканда, үндү –сүйлөп жаткандын сүйлөө ылдамдыгынан, бийиктигинен же акцентинен таасирленбестен- сөздөргө, бул сөздөрдү болсо сүйлөм бөлүктөрүнө айлантышы зарыл. Көбүнчө башыбыздын ичиндеги таң калыштуу бул жоромолдоо системасын байкабайбыз дагы. Кулактагы комплекстүү долбоор илимпоздордун көп көп мактоолуу сөздөрдү айтышына себеп болгон. Булардын бири төмөнкүдөй:
Инженердик керемет. Адам денесинде жайгашкан органдардын бир канчасы гана кулак сыяктуу кичинекей бир аймакта абдан көп нерсени жасай алууда. Эгер бир инженер кулактын кызматын туурашы керек болсо, болжол менен 16 см3’дук бир жерге бир үн системасын батырышы керек болмок. Сөз кылынып жаткан бул үн системасында... көп тараптуу бир механикалык анализдөөчү, таркатуучу жана үндү жогорулатуу бөлүкчөсү, механикалык энергияны электрдик энергияга айлантуучу көп каналдуу бир система, аяр бир гидравликалык тең салмактуулукту камсыздоочу системасы болушу керек болмок. Мындай миниатюралык кереметти жасай алса да, чоң ыктымалдуулук менен кулактай натыйжалуу болушун үмүттөнмөк эмес. Кулак аралыгынын бир учунда бир сиренанын акырын үнүн, башка бир учунда болсо бир реактивдик учак моторунун катуу үнүн угууга өзүн ылайыкташтыра алат. Бул орган скрипка менен ойнолгон бир музыка менен бир симфония оркестриндеги виола менен ойнолгон бөлүмдөр арасындагы кичине айырманы байкай алат... Ал тургай, уктап жатканда да кулак кереметтүү натыйжалуулук менен өз кызматын аткарат. Себеби мээ кулак аркылуу ага жиберилген сигналдарды жоромолдой алат жана тандай алат. Бир адам ызы-чуулуу бир жолдо же кошунасынын телевизорунун бийик үнү менен да уктай алат, анан коңгуроолуу бир сааттын акырын үнү менен ылдам ойгоно алат.75
Кулак ошол эле учурда тандап кабылдоо өзгөчөлүгүнө ээ. Кулактын мындай өзгөчөлүгүн түшүнүү үчүн түнкүсүн бир баланын ыйлаган үнүн укканыңызда болуп өткөн окуяларды эстөөгө болот. Үн сигналы мээнин тиешелүү аймагына жөнөтүлөт жана бул жерде бир-бирден анализ кылынат. Кандай бир үн экени, кимге тиешелүү экени сыяктуу маалыматтар аныкталат. Узун мөөнөттүү бир эс тутумга ээ болгонуңуз үчүн бул үн сизге тааныш сезилет жана мунун балдарыңыздын бирөөсүнө тиешелүү экенин түшүнөсүз. Бул маалымат менен бирге мээңиз эми балаңыздын жардам сураганын билет жана бир шашылыш кырдаал бар деген сигналды жөнөтөт. Ушуга жараша денени кыймылдатуу үчүн адреналин агымын камсыз кылуу сыяктуу даярдоочу реакциялар ишке ашат. Булардын баары кыймылсыз денеңизди кыймылга стимулдайт жана сиз баланын керебетин көздөй жөнөйсүз. Мындан тышкары, сизге балаңыздын керебетинин каякта экенин айткан эс тутумуңуз ишке аралашат. Абдан жөнөкөй, үстүртөн айтылган бул кабылдоо жана кыймылдар тизмеги кереметтүү биохимиялык, биоэлектрдик процесстерди камтыйт. Булардын баары ар бири миңдеген терминалга ээ жүз миңдеген аксондун бир катриллион (1.000.000.000.000.000) жипче менен көп тараптуу байланыш курушу натыйжасында ишке ашат. Мээңиз сигналдарды түшүнүү үчүн анализдерди жасап жатканда, сиз муну эч байкабайсыз. Булардын баарын бир кесим эт гана кабылдап жаткан болушу мүмкүнбү? Мына ушул суроо кээ бир акылдуу ойлонгон илимпоздорду да ойлонууга түртүүдө. Булардын бири Джеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) угуу жөнүндө мындай дейт:
Жана кезекте оор суроонун оор бөлүгү бар: музыка үнү. Үн толкундары кулак кабыкчасына урунуп... мээ кортексинде химиялык зат катары сакталган биоэлектрдик сигналдарга айланат. Бирок үндү кантип угуп жатам? Мээде топтолгон маалымат да кошо бул жерге чейинки окуя толугу менен биохимиялык. Бирок мен биохимияны укпайм. Үндү угам. Башымдын ичинде бул үн кайсы жерде пайда болууда? Же сүрөттөлүш; же жыт? Аң-сезим каерде? Көмүртек, суутек, азот, кычкылтек ж.б. сыяктуу заттардын кайсынысынын туруктуу атомдору башымдын ичинде бир ой жарата ала турган же бир калып (сүрөт) жарата ала турганчалык акылдуу абалга келе алат? Бул сакталуу биохимиялык маалымат коддорунун кантип эстелгени жана аң-сезимде кайрадан кантип жандандырылганы бир табышмак бойдон калууда.76
Шредердин «бир табышмак» деп айтканы туура эмес. Албетте, тышкы дүйнөнү кабылдаган – бул бир кесим эттен турган мээ эмес, Аллах адамга берген Рух. Адамдын аң-сезими биохимиялык процесстердин бир натыйжасы эмес, Аллах адамга берген бир немат. Раббибиз бир аятта мындайча буюрууда:
Кийин аны «оңоп бир калыпка келтирди» жана ага Рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөрдү жаратты. Канчалык аз шүгүр кыласыңар? (Сежде Сүрөсү, 9)
How are you able to stand up against the continual pull of gravity? How can you turn round quickly without falling over? Organs in the inner ear help us maintain our balance by sending information about the movement and position of our head to the brain. Head movement causes the fluid in the canals to move and the micro-hairs to bend, initiating messages that go directly to the brain. The three channels are located perpendicular to one another, so that they react to different movements. One is very sensitive to vertical motion, one to sideways movements, and the other to bending. |
Тынымсыз жердин тартылуу күчүнө карабастан, кантип тик тура алып жатасыз? Жыгылбастан өз айланаңызда кантип айлана алып жатасыз?
Ички кулактын кире беришиндеги органдар баштын кыймылы жана абалы жөнүндө мээге маалымат жөнөтүп, тең салмактуулуктун сакталышына көмөкчү болушат. Баштын кыймылы каналдардагы суюктуктун кыймылдашына жана түкчөлөрдүн ийилишине себеп болот; ийилген түкчөлөр мээни көздөй баруучу кабарларды башташат. Бирок бул каналдагы кыртыштар ар башка кыймылга ар түрдүү жооп беришет. Бирөөсү өйдө-ылдый кыймылга абдан сезгич, бирөөсү капталды көздөй кыймылга жана бирөөсү болсо ийилүү кыймылына сезгич.
Ички кулагыбыздын ичинде «вестибулярдык система» деп аталган өзгөчө бир механизм бар. Тең салмактуулугубузду сакташыбызга көмөкчү болгон бул система кайсы тарапка кыймылдаганыбызды да кабар берет. Вестибулярдык система «жарым айлана каналдары» деп аталган жана өзгөчө бир суюктукка толо үч тунельден турат. Ар бир каналда түктөр менен капталган бир аймак бар. Бул түктөр кабылдагыч клеткалар, жана кыймылдаганыбызда каналдардагы суюктук түктөрдүн үстүнөн агып аларды бүгөт. Бул бүгүлүү мээге жөнөтүлчү электрдик сигналдарга айландырылат. Мээбиз бул сигналдарды анализдеп, ошол учурда эмне кылганыбызды жана денебиздин абалын билет.
Кээде тең салмактуулугуңузду жоготууңуздун себеби – ички кулактагы чайпалуу. Башыңызды ийгениңизде же оңго солго чайкаганыңызда бул каналдардагы түктөр ийилип баштайт, түктөрдөгү мындай абал бул түктөрдүн баштын жана каналдын кыймылдарына салыштырмалуу секунданын кичинекей бир бөлүгүндө кыймылдап башташына себеп болот. Түктөрдүн кыймылдап башташы менен бирге ар бир түктүн таманындагы нервдерде ишке ашкан химиялык реакциялар натыйжасында маалыматты сезүү системасына жөнөтүүчү электрохимиялык сигналдар өндүрүлөт. Андан соң болсо мээ бул сигналдарды дененин турганына байланыштуу маалымат менен –бут муундарынын бурчу, көрүнүшүбүз менен байланыштуу сигналдар, булчуңдардагы жыйрылуулар сыяктуу- бириктирип, денеде болуп жаткан сенделүүнү байкайт.
Кулактагы бул система көздөрдөгү, моюндагы, булчуңдардагы жана муундардагы нерв кабылдагычтары менен чогуу иштейт; булардын эч бири өз башынча адамды тең салмактуулукта кармоо үчүн жетиштүү эмес. Токтоп турган бир поезддин терезесинен сыртты карап, башка бир поезддин жүрүп баратканын көргөнүңүздө, көздөрүңүз сиз жүрүп бараткандай маалымат берет. Бирок денеңиздеги башка нерв кабылдагычтары сизге мунун тескерисин айтып, айлана-чөйрөнү туура кабылдашыбызды камсыз кылат. Ушундайча сиз поездиңиздин токтоп турганын, берки поезддин жүрүп баратканын түшүнөсүз.
Албетте, бул жерде «мээ бул маалыматтарды бириктирет» деп кыскача айтылган бул операция негизи ар бир клетканын жана бир миллиарддан ашуун аксондун сигнал жиберүүдөгү кемчиликсиз байланыш тармагы урматында ишке ашууда. Денебиздин тең салмактуулук механизми пландуу бир жаратуунун түшүмү. Куранда мындайча кабар берилет:
Асмандардын жана жердин мүлкү Аллахка тиешелүү. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. (Али Имран Сүрөсү, 189)
Electrical Signals: The Language of the Brain |
Бул жерге чейин сезүү органдарыбыздын иштешине жана кээ бир кереметтүү өзгөчөлүктөрүнө токтолдук. Бүт сезүү органдарыбыздын орток тарабы – бул сырттан алган импульстарды электрдик сигналдарга айлантып, мээдеги тиешелүү сезүү борборуна жибериши эле. Мына ушул жерде абдан таң калыштуу бир жагдайга кезигебиз: мээ сезүү органдарынан алган кабарлардын баары бирдей импульстардан турат. Мээнин ар кайсы борборлоруна жеткирилген бул импульстардын баары электрдик заряд абалында. Бир-бирине окшош болгон электрдик заряддардын бир-биринен такыр башка маалыматтарды камтышы жана мээнин ар бир борборунда ар башка таасирлерге себеп болушу абдан таң калыштуу көрүнүш. Сьюзан Гринфилд (Susan Greenfield) Адам жана мээбиз аттуу китебинде бул кереметтүү көрүнүшкө мындайча көңүл бурган:
Көрүү кортекске келген электрдик сигналдар көрүү катары кабылданса, мээнин соматикалык-сезүүчү кортекс же угуу кортекси сыяктуу башка бир бөлүмүнө келген толугу менен бипбирдей болгон электрдик сигналдардын эмне себептен тийүү жана угуу катары кабылданышы – мээнин дагы бир таң калыштуу жана сырдуу тарабы.77
Гринфилд «сырдуу» деп айткан чындык негизи апачык: сезүү органдарыбыздын иштеши денебиздин бардык башка функциялары сыяктуу кемчиликсиз бир жаратуу менен жаратылган. Улуу Раббибиз бирдей кара топурактан бир-биринен түсү, даамы жана жыты жагынан абдан айырмаланган ар түрдүү өсүмдүк, мөмөлөрдү чыгарганы сыяктуу, бир-бирине окшош электрдик сигналдардын мээбизде бир-биринен абдан айырмалуу түрдө кабылданышын камсыздоодо. Мунун урматында сырткы дүйнөдөгү түстөрдү, жыттарды, даамдарды толук сезип жатабыз.
Say: “It is He Who brought you into being and gave you hearing, sight and hearts. What little thanks you show!” (Surat al-Mulk: 23) |
The subject matter of this chapter, the way the signals collected by our sense organs are perceived in the brain, shows us another important fact: we can never have direct contact with the outside world itself. There is matter outside us, whether we see it or not. But we can never make direct contact with it. The world we have direct experience of consists of interpretations of electrical signals in our brains. (For detailed information, see Harun Yahya, The Other Name of the Illusion: Matter, Istanbul: Kultur Publishers, 2002, Harun Yahya, Idealism: The Philosophy of the Matrix,and The True Nature of Matter, Maryland: Khatoons Inc., 2003)
Бул бөлүмдө сөз кылынган сезүү органдары топтогон сигналдардын мээдеги кабылданышы бизге дагы бир маанилүү чындыкты көрсөтүүдө: биз тышкы дүйнөнүн өзү (оригиналы) менен түздөн-түз (ортомчусуз) байланышта боло албайбыз. Зат –биз көрсөк да, көрбөсөк да- сыртта бар. Бирок биз заттын өзүнө эч качан жете албайбыз. Биз байланышта болгон дүйнө - бул электрдик сигналдардын мээбиздеги жоромолу гана (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Hayalin Diğer Adı: Madde (Элестин башка бир аты: зат), Харун Яхья; İdealizm, Matrix Felsefesi ve Maddenin Gerçeği (Идеализм, матрица философиясы жана заттын чыныгы жүзү), Харун Яхья).
Биз «тышкы дүйнө» катары кабылдагандарыбыз, жогоруда да айтылгандай, электрдик сигналдар мээде пайда кылган таасирлери гана. Терезеңизден көргөн асмандын көк түсү, отурган креслоңуздун жумшактыгы, ичкен кофеңиздин жыты, жеген тамагыңыздын даамы, телефондон угулган добуш, жакындарыңыздын баары, ал тургай, денеңиз да – электрдик сигналдардын мээңиздеги жоромолу. Massachusetts Institute of Technology’де ядролук физика профессору Джеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) бул чындык жөнүндө мындай бир мисал менен сөз кылган:
... Бут манжаларыңызды кыймылдатыңыз. Аларды сезип жатасызбы? Бирок аларды каериңизде сезип жатасыз? Бут манжаларыңызда эмес. Бут манжалары эч нерсени сезбейт. Аларды мээңизде сезип жатасыз. Денесинин бир органы кесилген бирөө кесилген бул бөлүктү сезүүсүн –мээде- улантып жатканын айтышы мүмкүн. Мээ бүт кабылдоолорду сактоочу жана анан бул кабылдоолорду дененин байланыштуу бөлүмүнө тиешелүү аң-сезимдик бир сүрөттөлүш катары чагылтуучу ар кандай карталарга ээ. Бирок бизге бут манжаларыбызды бутубузда сезип жаткандай сезим келет. Жана бул абал бир эле бут манжаларыбыз менен чектелбейт. Чындыктын баары, биз көргөн жана сезген, жыттаган жана уккан нерселердин баары мээде пландалат жана андан соң бул сакталган кабылдоолор мээ кабыкчасы деп аталган 2-4 миллиметр калыңдыктагы бырышкан боз катмардан аң-сезимибизге жетет, калган операциялар болсо мээбиздин эң үстүңкү чекитинде толукталат. Биздин сыртыбызда, дүйнөдө бир чындык бар, бирок биз башыбыздан өткөргөн –ар бир тийүү жана ар бир үн, ар бир сүрөттөлүш, ар бир жыт жана даам- башыбыздын ичинде пайда болот.78
Бул бөлүмдө чыгарылган жыйынтык – илим тарабынан далилденген бир чындык. Бир адамдын апачык далилдерге карабастан, заттын сырттагы оригиналын (өзүн) көрүп, сезип жатам деп ишениши болсо, телевизордо көрсөтүлгөн бир тасмадагы окуялар чындап болуп жатат деп ишенгенге окшошот.
Заттын маңызы жөнүндөгү бул чындык бизди кандай ойго салышы керек?
Капкараңгы бир жерде (мээде), бир көзгө, торчого, карекке, көз нервдерине, көз чечекейине муктаж болбостон, электрдик сигналдарды түркүн түстүү бир бакча катары көргөн, бул көргөн пейзажынан ырахат алган – ким?
Эч бир үн кире албаган мээде бир кулакка муктаж болбостон, электрдик сигналдарды көңүлүнө жаккан бир мелодия катары уккан, мындан ырахат алган – ким?
Мээнин ичинде бир колго, манжаларга, булчуңдарга муктаж болбостон, электрдик сигналдарды бархаттын жумшактыгы катары сезген – ким?
Ысыктык, муздактык, коюулук, форма, тереңдик, алыстык сыяктуу тийүү сезимдерин оригиналынын өзүндөй абалда мээде ким сезип жатат?
Эч бир жыт кире албаган мээнин ичинде ар түрдүү гүлдөрдүн жытын ким айырмалай алууда же сүйгөн тамагынын жытын сезгенде аппетити ачылган – ким?
Мээнин ичинде пайда болгон бул сүрөттөлүштөрдү бир телевизор экранынан көрүп жаткандай көргөн, көргөндөрүнө кубанган, кайгырган, толкунданган, жактырган, паника болгон, кызыккан – ким?
Бүт көргөндөрүн жана сезгендерин жоромолдой турган аң-сезим кимге тиешелүү? Жана бул сүрөттөлүштөрдү көргөн, ойлогон, жыйынтык чыгарган, чечим алган аң-сезими бар жандык – ким?
Бүт буларды кабылдагандын аң-сезимсиз атомдордон турган, суу, май, протеин сыяктуу заттардан пайда болгон мээ эмес экени анык. Акылы жана абийири бар ар бир адам өмүр бою башынан өткөргөн окуяларды мээсинин ичиндеги экранда көргөн бир жандыктын (нерсенин) «руху» экенин бат эле түшүнөт. Ар бир адам көзгө муктаж болбостон көрө алган, кулакка муктаж болбостон уга алган, мээге муктаж болбостон ойлоно алган бир рухка ээ. Рух көргөн, уккан, тийген, сезген элестер ааламын жараткан жана дайыма жаратууну уланткан болсо – бул Улуу Аллах. Бир аятта мындайча буюрулат:
Чындыгында, силерге Раббиңерден көрөгөчтүктөр (баам-парасат) келди. Ким көрөгөчтүк менен көрсө өз пайдасына, ким сокур болсо (көргүсү келбесе) өз зыянына... (Энъам Сүрөсү, 104)
Түштөн айырмасыз болгон жашообуз | |
Анда түштөр менен «чыныгы жашоо» арасындагы айырма эмнеде? Түштөр – биз чыныгы жашоо деп атаган элестерге салыштырмалуу көбүнчө логикалык жактан чындыкка коошпос, жана башаламан. Бирок мындан башка, илимий жактан, түш менен «чыныгы жашоо» арасында эч бир айырма жок. Себеби экөө тең мээнин ичиндеги кабылдоочу борборлорго импульс жетиши аркылуу пайда болот. Энциклопедиялык бир булакта түштүн да ушул сыяктуу болгону мындайча айтылат: Түш көрүү – башка бардык мээдеги операциялар сыяктуу мээнин жана анын кыймыл-аракеттеринин бир натыйжасы. Бир адам ойгоо болсун же уктап жаткан болсун, мээ дайыма электрдик толкундарды берет. Илимпоздор бул толкундарды «электроэнцефалограф» деп аталган бир аппарат менен ченешет. Уйкунун көп бөлүгүндө мээ толкундары кеңейет жана жай болот. Бирок кээ бир учурларда кичинекейирээк жана ылдам болуп калышат, көздөр түш көргөн адам бир катар окуяны көрүп жаткандай болуп ылдам кыймылдап баштайт. Уйкунун REM (Rapid Eye Movement- Уйкунун ылдам көз кыймылы) деп аталган бул бөлүгү – түштөрдүн көпчүлүгү пайда болгон бөлүк. Эгер адам REM учурунда ойготулса, көргөн түшүнүн детальдарын чоң бир ыктымалдуулук менен эстей алат... REM уйкусу учурунда мээден булчуңдарга сигнал жөнөтүүчү нерв жолдору тосулат. Ошондуктан, түш көрүү учурунда дене кыймылдабайт. Мындан тышкары, церебралдык кортекс (мээнин жогорку аң-сезимдик функциялар менен байланыштуу бөлүгү) REM учурунда түш көрүлбөгөн уйку бөлүктөрүнө салыштырмалуу бир топ активдүү. Кортекс мээнин «мээ системасы» деп аталган бөлүмүнөн келген нерв клеткалары ташыган импульстар тарабынан кыймылдатылат.1 Бул жерде айтылгандар көрсөткөндөй, чыныгы жашоо да – түш сыяктуу мээбиздин тиешелүү борборлоруна келген импульстардын жоромолдонушу менен пайда болгон элестер жыйындысы. | |
1- World Book Multimedia Encyclopedia, "Dream", World Book Inc., 1998. |
Аллахтын бизди коргоосу: концентрация механизми | |
Мээ – дененин коңгуроо системасы башталчу жер. Этият болуу да – мээ коркунуч учурунда колдонуучу атайын бир механизм. Эгер мээ кооптуулук жаратуучу бир сигнал алса –чөптүн арасында бир шыбырт сыяктуу- адреналин чыгарылат. Бул болсо бүт керексиз иш-аракеттерди токтотуп, мээни өзгөчө абалга өткөргөн бир анализдөөчүгө айлантат. Ошол эле учурда дене иш-аракетин да жайлатып баштайт: жүрөктүн согушу жайлайт, терең дем алуу болот жана тынчтанат. Мээ реакция көрсөтө турган бир нерсени этияттык менен күтөт. Айланадан туруктуу келген импульстарды ала алуу үчүн айлананы анализдейт. Бул процесс көбүнчө мээдеги автоматтык механизм тарабынан жасалат. Денебиздеги мындай концентрация механизми да Раббибиздин бизди коргоосу. Бир аз концентрация бузулганда, жаракат алуу, туура эмес түшүнүү, эстөө кыйындыгы сыяктуу көптөгөн маселеге кабылабыз. Бирок өзгөчө керектүү учурларда концентрациянын күчөшү, дененин этияттыкта болушу ден-соолугубузду коргообуз, айлана-чөйрөбүзгө ылайыкташып жашай алышыбыз үчүн абдан маанилүү. Раббибиздин мындай чексиз коргоосу бир аятта мындайча кабар берилет: ... Чындыгында менин Раббим бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Худ Сүрөсү, 57)
|
70. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 262.
71. Ian Glynn, An Anatomy of Thought: The Origin and Machinery of the Mind, Oxford University Press, New York, 1999, s. 121.
72. Ian Glynn, An Anatomy of Thought: The Origin and Machinery of the Mind, Oxford University Press, New York, 1999, s. 114.
73. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God: How Science Reveals the Ultimate Truth, The Free Press, New York, 2001, s. 92.
74. John Farndon, Angela Koo, Human Body Factfinder, s. 188.
75. S. S. Stevens, Fred Warshofsky, Life Science Library, Time-Life Books, Alexandria VA, yeni baskı, s. 38.
76. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 20.
77. Susan Greenfield, İnsan Beyni, Varlık Bilim, 2000, s. 61.
78. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 19.