Денебизди курчаган нервдер «нейрон» деп аталган жүздөгөн, кээде миңдеген нерв клеткасынан турат. Бир нейрондун орточо кеңдиги 10 микрон.4 (Бир микрон миллиметрдин миңде бирине барабар.) Бир адамдын мээсинин ичиндеги 100 миллиард нейронду бир сызык абалында катарга койо алганыбызда, 10 микрон кеңдигиндеги жана куралсыз көз менен көрүүгө мүмкүн болбогон мындай сызыктын узундугу толук 100 киллометр болмок. Нейрондордун кичинекейлигин мындай бир мисал менен элестетип көрүүгө болот: бир чекит белгисине 50 даана,5 бир ийненин башына болсо 30000 даана нейронду батыра аласыз.6
Нейрондордун долбоору денедеги сигналдарды ташуу үчүн даярдалган. Нейрондордун көпчүлүгүнүн милдети – бул коңшу нейрондордон сигналдарды алуу, андан соң буларды башка бир нейронго же максат клеткага жеткирүү. Нейрондор секундасына миңдеген жолу бул процессти жасоо аркылуу бири-бири менен байланыш кура алышат.
Бир нейронду абалга жараша ачылып-жабылып турган бир электрдик розеткага окшотууга болот. Бир даана нейрон нерв системасынын бири-бири менен байланышкан электрдик фазаларынын ичинде кичинекей гана бөлүк болуп калат. Бирок бул кичинекей фазалар жок болсо, жашоо да жок болот. Германия Федералдык физика жана технология институтунда профессор болгон Вернер Гитт (Werner Gitt) бул кичинекей аянтка батырылган ири комплексти мындайча сүрөттөйт:
Эгер ар бир нейронду бир ийне башы деп элестетип, нерв системасын бир электрдик цикл менен түшүндүрүүгө мүмкүн болгондо, мындай бир циклдин сүрөтү үчүн бир канча км2'тык бир аянт керек болмок... Бүт дүйнөнү камтыган телефон тармагынан бир канча жүз эсе комплекстүү болмок.7
Бул жерде да баса айтылгандай, нерв системасы абдан комплекстүү бир тармак сыяктуу иштейт. Денебиздеги бул татаал маалымат тармагынын иштеши болсо нейрондордун кызматтарын кемчиликсиз аткарышынан көз-каранды. Нейрондордун бир багыттан башка багытка ишке ашкан, ритмикалык жана координациялуу кыймылы менен ар бир орган, булчуң, муун, система жана клетка денебиздеги кызматтарын биздин буйругубузга, көзөмөлүбүзгө муктаж болбостон, ишке ашат. Ошондой эле, денебизде күн сайын миллиондогон клетка өлүп турса да, булар дененин тең салмактуулугун бузбастан жана эч бир иштин начарлашына себеп болбостон денеден сыртка чыгарылышат. Ошол эле учурда кайра эле кемчиликсиз бир система менен өлгөндөрдүн ордун жаңылар ээлешет. Бул процессте да убакыт жана өлчөм жагынан эч бир жаңылыштык болбойт. Биз болсо бул процесстердин эч бирин башкарбайбыз жана булардын кайсы биринде бир токтоп калуу болмоюнча, ден-соолукта жашообузду улантабыз.
Ашканаңызда жылаңаяк басып жүргөнүңүздө, бутуңуздун манжасына бир айнек сыныгы кирип кетти дейли. Айнектин кирип кетиши менен мээңиздин ооруну сезиши арасында болгону секунданын миңде бир канчасындай эле кыска убакыт өтөт. Бул период ушунчалык кыска болгондуктан, сиз муну байкабайсыз. Бирок сиз байкабаган бул кыска убакыт ичинде бутуңуздун манжасынан мээңизге кабар жеткирилген болот. Мына ушул ыкчам жана кемчиликсиз байланыш «нейрондор» тарабынан ишке ашырылат. Ошентип сиз да бутуңуз көп кесиле электе бутуңузду жерден тарта койосуз. Мындай бир системанын кокустан пайда болушу, албетте мүмкүн эмес. Бирок эволюция теориясын эч ойлонбостон жактаган бир катар чөйрөлөр денебиздеги бул кемчиликсиз системанын булагын кокустуктар менен түшүндүрүүгө аракеттенишет. Мындай догмалардын акылга сыйбастыгын төмөнкүдөй бир мисал менен көрсөтүүгө болот:
Айланабыздагы электрдик шаймандарды бир карайлы: ар бири белгилүү бир максатты көздөп жасалган. Пластикалык жана электроникалык тетиги, баскычтары, кабели жана башка тетиктери менен бирге жашообузду жеңилдетүү үчүн атайын долбоорлонгон. Колубузга алган бир даана чач кургаткыч каражатты жасоо үчүн да ондогон адамдар эмгектенип, ар кандай фабрикалардан, көп санда илимпоздордон, адистердин пикирлеринен жана чийген долбоорлорунан пайдаланылган. Аягында колдонууга оңой, кызмат кыла алчу бир каражат алынган. Акылы жана логикасы бар эч ким мындай бир аппарат кокустан пайда болушу мүмкүн деп айткан эмес. Денебиз болсо кандайдыр бир электрдик шаймандан бир топ татаал бир электрдик системага ээ. Ушул себептен, мындай ыктымалдуулук адамдын денесиндеги ушундай кереметтүү долбоор үчүн эч эле мүмкүн эмес.
1. Skin | 8. Cell body |
The time elapsed between your stepping on a nail and your brain perceiving pain is only a few thousandths of a second. During that interval, of which you are unaware, a message is sent from the foot to the brain. You thus withdraw your foot before further damage is done. |
Processes Squeezed into a Thousandth of a Second |
Everything we see, hear and touch turns into electrical signals that move between the brain and the body by way of nerve cells. With our Lord’s knowledge, these processes take place in less than a thousandth of a second. |
Нейрондордун баары бир ядро, электрдик сигналдарды ташуучу «дендрит» деп аталган кыска жипчелер жана сигналдарды алыска ташуучу «аксон» деп аталган узун бир жипчеден турат. Жиптей ичке болгон нерв клеткасы болжол менен 1 метр узундукта. Кээде кабарлар нервдер аркылуу бир топ алыс аралыктарды басып өтүүгө мажбур болушат.8
Бир нейрондун корпусун алдыңкы технологияга ээ бир телефон станциясына окшоштурууга болот. Бирок мындай клеткалык телефон станциясы 0,004 менен 0,1 миллиметр арасындагы чоңдугу жана кеңири масштабдуу байланыш механизмдери менен учурда дүйнөдө теңдеши жок бир «ишкана». Нейрондордо башка клеткалардан айырмаланып, дендрит жана аксондор бар. Аксон менен дендриттер болсо бул кереметтүү «ишкананын» башкалары менен байланыш курушун камсыздоочу байланыш линияларын түзүшөт. Дендриттер кабар алышса, аксондор кабар жөнөтүшөт.
Бир нейрондун сигнал жөнөтүшү секунданын миңде биринчелик кыска мөөнөт ичинде ишке ашат. Ушул себептен, бир нейрон секундасына 1000 нерв сигналын жөнөтө алат. Бирок көбүнчө секундасына 300-400дөй сигнал жөнөтүлөт.9 Эң чоң жана жоон нерв жипчелери электр энергиясын секундасына 150 метр ылдамдыкта жөнөтө алса, эң ичкелери секундасына 90 метр ылдамдыкта жөнөтөт.10
Бир нейрондун ичинде маалыматтын бузулбастан ташылышы жана керектүү жерлерге жеткирилиши абдан таң калыштуу бир көрүнүш. Бирок бул кубулуштардын ишке ашуу ылдамдыгы да эң аз ошончолук таң калыштуу нерсе. Кыска бир мөөнөткө денебиздеги бардык татаал системалар азыркыдай абалда бар болсун, бирок нерв клеткаларыбыздагы маалымат жеткирүү жайыраак болсун деп элестетип көрөлү:
Караган пейзаждын кооздугун, жеген тамагыңыздын даамын, колуңуз тийген жердин манжаңызды күйгүзө турганчалык ысык экенин бир канча сааттан соң сезгениңизди же сизге узатылган бир суроону түшүнүп, жооп беришиңиздин ондогон мүнөткө созулганын... Жолдон өтүү, унаа колдонуу, кашыгыңызды оозуңузга алып баруу, көңүлүңүзгө жаккан бир кийим жөнүндө пикириңизди айтууңуз жана дагы толтура мисал берүүгө мүмкүн болгон сансыз кыймыл-аракет жана ой-пикир жашооңузда абдан олуттуу башаламандыкка, ал тургай, жашооңузга коркунуч туудура турган абалга айланып калышы мүмкүн эле. Убакыттын биз кабылдаган окуя жана маектерге туура келбеши биз үчүн жашоону абдан оор кылып коюшу мүмкүн эле. Болгондо да бул жерде бир гана өз эркибиз менен жасаган кыймылдарды эске алдык. Мындан тышкары, денебиздин жүрөк согушу сыяктуу биздин эркибизден тышкаркы иштери бар, булар жөнүндөгү сигналдардын жайлашы өлүмгө алып барчу натыйжаларга себеп болушу мүмкүн эле. Бирок Рахман жана Рахим болгон Раббибиздин немат-жакшылыгы менен адамдын денесинде бүт нерсе дал талап кылынгандай абалда. Курандын бир аятында Аллахтын бүт нерсени бир өлчөм менен жаратканы мындайча кабар берилет:
Аллах ар бир ургаачынын эмнеге кош бойлуу экенин жана жатындарынын эмнени кемитип, эмнени кошконун билет. Анын Кабатында бүт нерсе бир өлчөө-эсеп менен. (Рад Сүрөсү, 8)
Дендриттер көп сандагы кыска бутактардан турат жана клетканын тамырлары сыяктуу болушат. Бутактуу түзүлүштөгү дендриттер башка нейрондордон келген кабарлардын алынышы жана клетканын корпусуна жеткирилишинде кызмат аткарышат. Башкача айтканда, дендриттер электрдик кабельдер сыяктуу клеткага кирген сигналдарды жеткирүү үчүн кызмат кылышат. Ар бир нейрондо сигналдарды клеткага ташуучу 100000дей бутактуу дендрит бар.11
Мээ менен жүлүндөн тышкаркы аксондор болсо көбүнчө мээге сезүү органдарынын кабылдагычтарынан маалымат алып келүүчү же булчуңдарга, бездерге жана ички органдарга буйруктар ташуучу кабельдер сыяктуу. Аксондор – бул клетканын корпусунан чыккан, узун, көбүнчө бир бутактан турган, сигналдар жөнөтүлүүчү ичке жипчелер. Аксондордун туурасы болжол менен 20 микрон (миллиметрдин миңде бири) болуп, бир тал чачтан ичке; узундугу болсо бир метрге чейин жетет.12
Аксондордун эң маанилүү дагы бир өзгөчөлүгү болсо – бул бир даана аксондун 10000дей терминалга (учка) бөлүнө алышы. Ушундайча ар бир терминал бирден нейрон менен байланыш кура алат жана бир эле учурда бирден көп аймакка сигнал жибериле алат. Ар бир нейрон миңден ашуун нейрондон сигнал ала алгандыктан, бир даана нейрон бир эле учурда бир канча миллион ар түрдүү маалыматты жеткире алат.13 Бул абдан чоң бир көрсөткүч. Бул өзгөчөлүк бирден көп булчуң жипчеси кыймылдашы керек болгон учурларда абдан маанилүү кызматты аткарат. Мындай түзүлүшү менен нерв клеткалары узун чынжырлардан турган, татаал бир тармак. Нервдердин мындай бир түзүлүшү жок болсун деп элестетип көрөлү. Анда ар бир сигнал кезек менен жөнөтүлүшү керек болмок, бул болсо денедеги ылдам жана комплекстүү сигналдашуу системасын астын-үстүн кылмак.
Дендриттердин учундагы аксон терминалдарын розеткаларга сайылган вилкаларга окшотууга болот. Ушундайча розеткадан вилкага электрдик токтун агышын улантканы сыяктуу эки нерв клеткасы арасындагы электрдик сигналдар да уланат. Аксондордун учундагы мындай байланыш чекиттери башка клетканын бетиндеги кабылдоочуга туташат жана клеткалар арасы маалымат өтүшүн камсыздашат. Аксондор нерв системасынын ар кайсы чекиттери арасындагы байланышты камсыздашы жагынан бир электрдик фазадагы ар кайсы чекиттерди бири-бирине туташтырган зымдарга да окшошот.
Денебиздеги байланыш жана координация үчүн мындай өзгөчөлүктөрдүн ар бири абдан чоң мааниге ээ. Бар болушубуз жана ден-соолукта жашашыбыз ушул детальдардын бүт баарынын кемчиликсиз иштешинен көз-каранды. Мындай детальдардын денебизде жаратылганынын максаттарынын бири – бул Раббибиздин илим жана чеберчилигин көрсөтүү. Биздин милдетибиз болсо – Раббибиздин улуулугун, бизге болгон мээримин жакшылап түшүнүп, шүгүр кылуу.
... Шексиз, Аллах адамдарга (чексиз) жакшылык кылуучу. Бирок адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. Мына ушул силердин Раббиңер Аллах; бүт нерсенин Жаратуучусу; Андан башка кудай жок. Анан кантип бурулуп кетүүдөсүңөр? (Момун Сүрөсү, 61-62)
Синапстар – бул эки нейрондун аксон терминалдарынын учтарындагы боштуктар. Эки нейрон арасындагы байланыш «синапс» деп аталган ушул кошулуу чекиттеринде курулат. Бир телефон станциясынын жардамы менен бир эле учурда көп адамдар бири-бири менен сүйлөшө алган сыяктуу, бир нейрон да синапстары аркылуу көп сандагы нейрон менен бир эле учурда байланыш кура алат. Ар бир нейрондо 10000дей синапс бар.14 Бул бир нейрон бир эле учурда 10000 ар башка нерв клеткасы менен байланыш кура алат дегенди билдирет. Дүйнөдө жалгыз бир телефон станциясынан бир эле учурда жүз миллиондогон телефон сүйлөшүүсү болот деп элестетсек да, мээнин мүмкүнчүлүгү бул мүмкүнчүлүктөн абдан жогору: адамдын мээси ичиндеги синапстардын жардамы менен бир катриллион (1.000.000.000.000.000) байланыш кура алат.15 Бир адамдын 10 линиялуу бир телефон станциясында иштегенде канчалык кыйналаарын эске алсак, анда бир даана нерв клеткасынын бир эле учурда 10 миң байланышты жасашынын канчалык кереметтүү бир жаратылуу (Аллахтын жаратуу) мисалы экенин жакшыраак түшүнүүгө болот.
Нейрондор келген сигналдарды жыйнашып, кабардын күчүнө (маанисине) жараша өткөрүп берүү чечимин алышат жана башка бир нейронго өтүшүн камсыздашат.16 Нейрондордун бири-бири менен байланышуу чекиттери болгон синапстар келген сигналдардын таркалуу багытын аныкташып, бул байланышты көзөмөлдөшөт.17 Нерв системасынын ар кайсы бөлүктөрүнөн келген стимулдоочу же тоскоол болуучу (кыймылды токтотуучу) сигналдар синапстарды кээде байланышка ачышып, кээде болсо жабышып, мындай көзөмөлдү жасашат. Ошентип синапстар алсыз сигналдарды токтотушуп, күчтүүлөрдүн өтүшүнө мүмкүндүк беришет.
1. Axon terminal fiber | 5. Micro-tubules | 9. Neurotransmitter molecules |
Dendrites can be compared to plugs inserted into the axon terminals. In the same way that the electrical current continues flowing from the socket to the plug, the electrical signal between two nerve cells continues on its way. | ||
Synapses: Our Bodies’ Electric Fuses | ||
Nerve cells are connected to one another by special electrical circuits known as synapses, which prevent the body’s electrical system—the brain, spinal cord and nerves—from being damaged. More than 95% of your body’s physiological processes are carried out automatically. We do not tell our stomach, liver, kidneys or lungs to carry out their functions, nor do we command our heart to beat regularly. Our electrical systems depend on that system being protected since it performs a great many functions, and through the mercy of Allah this protection in our bodies operates flawlessly. |
Ошол эле учурда алсыз сигналдардын кээ бирлерин тандап, чоңойтушуп, сигналдарды бир тарапка эмес, ар кайсы багыттарга жөнөтүү аркылуу тандамал кыймыл-аракет жасашат. Нейрондордун сигналдарды топтошун жана булардын өтүшүнө чечим чыгарышын адамдын акылын жана аң-сезимин талап кылган бир түзүлүш болушу керек деп ойлойбуз. Бирок муну жасагандар абдан өзгөчө жөнгө салынган молекулалар тобу гана. Алардын ойлонуу жөндөмдөрү да, көздөрү да, кабылдоого жарай турган органдары да, ушул сыяктуу башка бир механизмдери да жок. Бир молекулалар тобунун мынчалык маанилүү милдеттерин кемчиликсиз аткарышы – Аллахтын жандууларды башкарышынын, чексиз өкүмдарлыгынын бир көрсөткүчү. Аларга мындай кемчиликсиз иштерди жасаткан – бул ааламдардын Рабби Аллах:
«Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо)». (Худ Сүрөсү, 56)
Эки нерв клеткасынын кошулуу чекиттериндеги «синапс» деп аталган боштуктар миңдеген эсе чоңойтуп гана араң көрүүгө боло турганчалык кичинекей. Бирок эки клетка арасындагы бул боштук бир клеткадан башкасына электрдик сигналдын чачырашын алдын алууга жетиштүү деңгээлде кенен. Нерв системасында миллиарддаган нейрон болсо да, булар бири-бирине эч качан тийишпейт. Ошондуктан, синапстар дененин электрдик системасы жагынан ашып өтүү керек болгон бир тоскоолдук. Бирок мындай үзүктөргө карабастан, денебиздеги нерв тармагында эч үзгүлтүк болбойт. Себеби нейрондор бою электрдик заряд абалында жөнөтүлгөн сигналдар нейрондор арасындагы мындай боштуктарда химиялык зат абалында жолун улантышат.
Саатына 390 км ылдамдык менен кыймылдаган бир сигналдын –электр тогунун- аксондун учуна жеткенин элестетели.18 Бул сигнал толкуну каякка барат? Синапс деп аталган бул боштукту кантип ашып өтүп жолун улантат? Бир сигнал бул боштукта электрдик өзгөчөлүгүн жоготкон соң башка нейрондо электрдик бир сигнал катары кантип жолун улантат? Бул абал машина айдап баратып, бир дарыяга туш келгенге окшошот. Бул жерде унааны алмаштыруу керек болот. Сиз машинадан түшүп, дарыяны кеме менен өтүшүңүз сыяктуу, электрдик сигнал да жолун башка абалда –химиялык байланыш менен- улантат. Электрдик сигналдар сапарларын синапстардагы ушундай химиялык байланыш урматында, үзгүлтүксүз улантышат.
Бир сигнал аксон терминалына жеткенде, эки нейрон арасындагы кичинекей синапс аралыгын аттоочу жана кошуна нейрондун дендриттериндеги кабылдагыч нервдерди кыймылдата турган химиялык заттарды алып жүрүүчү бир кабар пакетин чыгарышат. «Нейротрансмиттер» деп аталган бул кабарчы молекулалар эки клетка арасындагы боштуктан өтүп, бир миллисекундадан кыскараак убакытта экинчи нейронду кыймылдатат.19 Нейротрансмиттерлер нерв клеткасынын корпусунда (денесинде) өндүрүлүп, аксон аркылуу ташылып, аксон терминалдарында кичинекей көбүкчөлөр ичинде сакталышат. Ар бир көбүкчө ичинде болжол менен 5000 кабарчы молекула бар.20 Бул химиялык бөлүкчөлөр стимулдоочу же тоскоол болуучу сигналдар катары иштешет. Башкача айтканда, нейрондорду же бир электрдик сигналды чыгарууга стимулдашат же чыгарылган бир сигналга тоскоол болушат.21
A. Electrical synapse | 3. Synapse | 7. Synaptic sac |
The neuron transmitting a signal and the neuron receiving it meet at the synapse point. A particular electrical signal sets into action the messengers at the axon terminal of the transmitter nerve cell. Sacs full of chemical messengers join with the cell membrane and release molecules into the synapse gap, transmitting the message to receptors on the neuron’s membrane. Different messenger molecules establish connections with different receptors. The harmony among transmitter and receptor neurons is a clear sign of intelligent creation. Electrical signals travel throughout the nervous system, carrying messages from one location to another. Electrical signals have to jump the gaps, or synapses between nerve cells, in order to proceed on their way. In some electrical machines, electricity jumps such small gaps in the form of a spark. The electrical signals in the body pass over the gap in the from of a chemical signal known as a neurotransmitter. In order for us to enjoy healthy lives, these innumerable connections in the brain must be established without the slightest deficiency. Any break or error in connections may lead to a wide range of ailments |
Акыркы убактарда жасалган изилдөөлөр ар бир нейрондун ар башка химиялык сигналдарды өндүрөөрүн көрсөтүүдө.22 Башкача айтканда, ар бир нейрон байланышта колдоно турган кабарчыларды өндүрүүчү химиялык бир ишкана сыяктуу. Нейротрансмиттерлердин 100дөй түрү бар. Кээ бирлери электрдик сигналдарды стимулдоодо, кээ бирлери электрдик сигналдарды токтотууда, кээ бири ылдамдатуу же жайлатууда жыштыкты өзгөртүүгө, энергия жыйноого жарайт. Ар бир нейрон булардын бирин же бир канча түрүн чыгарат. Бир нейротрансмиттер ачыкка чыкканда синапстан өтөт жана алуучу нейрондун тышкы кабыгындагы рецептор бир протеинди кыймылдатат. Синапстар бул учурда бул химиялык кабарчылардын нерв клеткалары арасында ташылышын камсыздоочу бир экспресс сыяктуу кызмат аткарат. Араларындагы аралык орточо 0,00003 миллиметр.23 Бул аралык абдан жакын болсо да электрдик сигнал басып өтүшү керек болгон бир боштук.
Чыгарылган нейротрансмиттердин саны чынында максат дендрит менен туташышы керек болгондон бир топ көп. Бирок мындай көп болушунун да, денебиздин бардык детальдары сыяктуу, терең жаратылуу мааниси бар. Сипанста калган ашыкча нейротрансмиттерлер нервди тосушуп, ашыкча сигнал жөнөтүлүшүнө тоскоол болушат. Эгер ашыкча молекулалар нервди тосушпаганда, сигналдын токтошу үчүн өткөн убакыт секундаларга, ал тургай, минуталарга созулмак. Бирок денебизде сигналдын жеткирилиши талап кылынгандай кыска убакытта, секунданын миңде бири менен өлчөнө турган мөөнөттөрдө ишке ашат. Ашыкча нейротрансмиттер аксон терминалы тарабынан сиңирилсе, калганы энзимдер менен майдаланат.24 Байрак жарышындагы сыяктуу, электрдик маалыматтар көпүрө кызматын аткарган нейротрансмиттерлер аркылуу клеткадан клеткага жеткирилишет. Ошентип кабарды жеткирүү клетка бутактары арасындагы боштукка карабастан, үзгүлтүккө учурабастан жолун улантат. Бири-биринен көз-карандысыз болгон бул эки система ушунчалык маанилүү бир кызматты ишке ашыруу үчүн ортоктошуп иштеши керек экенин кайдан билишет? Болгондо да муну жасап жатканда өткөрүлгөн маалыматта эч бир өзгөрүү, унутуу, кечигүү же токтоп калуунун болбошу жана маалыматтардын жеткирилиши керек болгон жерге тизмектелип кемчиликсиз жеткирилиши кантип мүмкүн болууда?
Албетте, бул системалардын баары Аллахтын илим жана чеберчилигиндеги кереметтин бир көрүнүшү. Мындай кереметтүү системалар өзүнөн-өзү пайда болду деп ойлоо, акылсыз клеткалар кокустуктар натыйжасында акылдуу кыймыл-аракеттерди жасашат деп жактоо болсо акыл жана логикага апачык карама-каршы келет.
Нерв Системасынын Комплекстүү Түзүлүшү Раббибиздин Чеберчилигинин Жана Илиминин Көрсөткүчтөрүнүн Бири | ||
Нейрондор арасында байланыш курулган чекиттер жакынкы убакка чейин эле туруктуу деп кабыл алынып келинген. Синапстын формасынын химиялык кабарчылардын түзүлүшүнө жараша өзгөрөөрүнүн аныкталышы профессор Эрик Канделге (Eric Kandel) 2000-жылы Нобель сыйлыгын алып келген. Бул ачылыш менен бирге синапстардын сигналдардын күчүнө жараша формаларын жөнгө салуучу бир механизмге ээ экени аныкталган. Мисалы, күчтүү бир сигнал учурунда синапс чоңойот жана бул сигналдын башка клеткаларга жоголбостон, эң жакшы жетишине шарт түзөт. Синапстардагы мындай системанын ачылышы сырты бар деңиз курт-кумурскаларына жасалган эксперименттер натыйжасында мүмкүн болгон. Профессор Кандел адамдардагы нерв системасы изилдөөгө мүмкүндүк бербей турганчалык комплекстүү деп айтат1 жана бир сөзүндө нерв системасынын комплекстүүлүгү жөнүндө мындай дейт: Биздин изилдөөбүзгө багыт болгон негизги принцип – бул акылдын мээ тарабынан ишке ашырылган бир катар процесс экендиги. Мээбиз – сырткы дүйнөнү кабылдоочу, концентрациябызды жөнгө салуучу жана кыймылдарыбызды башкаруучу абдан комплекстүү электрондук бир аппарат (жабдык).2 | ||
---------------------------- 1. www.wsws.org/articles/2000/oct2000/nob-o26.shtml 2. Eric R. Kandel's speech at the Nobel Banquet, Dec 10, 2000; http://nobelprize.org/nobel_prizes/medicine/laureates/2000/kandel-speech.html |
Эволюция Теориясын Жарга Такаган Мисалдардын Бири: Нейрондор | ||
Нерв клеткалары денебизди бир компьютер тармагы сыяктуу ороп турат. Белгилүү болгондой, тармактар – бул бири-бирине кабельдер менен туташкан байланыш каражаттарынын эң үнөмдүү жана натыйжалуу жол менен колдонуу түрү. Денебиздеги нерв тармагында да ушул сыяктуу үзгүлтүксүз бир маалымат агымы ишке ашат. Нервдер боюнча кыймылдоочу электрдик сигналдар мээ менен органдар арасында дайыма сансыз буйрук жана сигналдарды ташышат. Бирок нерв клеткалары дененин бир тарабынан экинчи тарабын көздөй созулган бир бөлүк кабельдер сыяктуу эмес. Учу-учуна туташышкан, бирок араларында боштуктар бар. Анда электрдик ток (заряд) бир нервден экинчисине кантип өтөт жана үзгүлтүксүз маалымат жеткирүү кантип ишке ашырылат? Мына ушул баскычта абдан татаал бир химиялык система иштейт. Нерв клеткалары синапс деп аталган байламталар аркылуу кабарларды алып өткөрүшөт жана бул жерлерде нейрондор химиялык сигнал алып-беришет. Нерв клеткалары арасындагы бул атайын суюктукта абдан өзгөчө кээ бир химиялык энзимдер жайгашат. Бул энзимдердин «электрон ташуу» сыяктуу кереметтүү өзгөчөлүгү бар. Электрдик сигнал бир нервдин учуна жеткенде, электрондор бул энзимдерге жүктөлөт. Энзимдер болсо нервдер арасындагы суюктукта сүзүү аркылуу ташыган электрондорду башка нервге өткөрүшөт. Электрдик заряд ушундайча кийинки нерв клеткасына өтүп агымын улантат. Бул процесс секунданын абдан кичинекей бөлүктөрүндө ишке ашат жана электрдик ток кичинекей да үзгүлтүккө учурабайт. Көбүнчө денебизде эмнелер болуп жатканын сезбейбиз дагы. Биздин ойлонушубузду талап кылбастан, кемчиликсиз иштеген бул система көптөгөн бөлүктүн бири-бири менен төп келүүчүлүктө иштешине муктаж. Бул детальдардын баары эволюция теориясынын жактоочуларын чыкпас жарга такаган мисалдардын аз бир бөлүгү гана. | ||
|
Денебиздеги Үзгүлтүксүз Байланыш Тармагы | |||||
| Нейрондор денебиздеги байланышты өзгөчө бир ыкма менен камсыз кылышат. Бул ыкма кереметтүү татаал электрдик жана химиялык процесстерди камтыйт. Мээдеги жана мээ менен органдар арасындагы кемчиликсиз координация ушундайча камсыздалат. Жөнөкөй, кадимки кыймылдарды жасап жатканда, мисалы азыр колуңуздагы китепти кармап турганыңызда, беттерин барактап атканыңызда же саптар арасында көз жүгүртүп жатканыңызда, денеңиздеги нерв клеткаларында абдан көп маалыматтар ташылат. Мындай кереметтүү байланыш тармагын түзгөн нейрондор (нерв клеткалары) терең изилденген сайын кереметтүү жаратылганы ошончолук жакшыраак көрүнүүдө. Нерв клеткаларынын бири-бирине тийбесе да үзгүлтүксүз байланыш курушу денебиздин функциялары жагынан абдан маанилүү. Мисалы, колуңуздагы бул китепти караганыңызда китептин көрүнүшүнө тиешелүү сигналдар биринчи нерв клеткасында калып калса жана көрүү борборуна жетпесе, анда тышкы дүйнөгө тиешелүү сүрөттөлүштөрдүн эч бири пайда болмок эмес. Бирок сүрөттөлүштөр Аллахтын бир мээрими катары үзгүлтүксүз, эч тынымсыз бизге тартууланууда. |
Денебиз мурда да айтылгандай электр энергиясы менен иштөөчү бир система. Бирок денебиз биз көнүп калган башка электрдик системалар сыяктуу энергиясын сырттан албайт. Кандайдыр бир электрдик шайманды элестетели. Бул шайман (каражат) өз функциясын аткарышы үчүн бир күч булагынан бул шайманга электрдик ток келиши же батареялар аркылуу бул энергия камсыз кылынышы зарыл. Антпесе, эң алдыңкы машина болсо да электр энергиясы болбосо иштей албайт. Денебиз болсо бүт мындай системалардан өзгөчөлөнүп муктаж болгон энергиясын өзү өндүрөт. Триллиондогон клетка жашоосун улантуу үчүн электр энергиясын өндүрөт жана колдонот.
Ар бир клетка дененин иштешин камсыз кылган кичинекей бир батарея сыяктуу. Клетканын айланасы калий, ички бөлүгү болсо натрийге толо. Натрий менен калийди аралаштырганыбызда эки минерал бир-бири менен реакцияга кирет жана бир ток пайда болот. Бул реакциянын натыйжасында кошумча продукт катары электр энергиясы чыгат. Бул бир машинанын аккумуляторунун күкүрт кислотасы менен коргошун аралаштырылганда электрдик зарядын өндүргөнү сыяктуу бир кубулуш. Радиолор, магнитафондор, кол чырактар, сааттар ж.б. сыяктуу шаймандардын батареядан алган энергия менен иштеши сыяктуу, машиналар да мындай энергия болбосо жүрбөйт. Себеби батареялар жана аккумуляторлор химиялык энергиядан пайдалануу менен кичинекей электрдик токторду өндүрүшөт.
Дене колдонгон электр энергиясы болсо «биоэлектр энергиясы» деп аталат. Биоэлектр энергиясы ион деп аталган терс жана оң заряддуу бөлүкчөлөрдүн клеткалык алмашышы. Мисалы, калий бир клетка кабыкчасынан сыртка эркин койо берилгенде жана анын ордуна клетканын ичине натрий алынганда, кичинекей бир электрдик ток пайда болот. Ток өткөндө калий клетканын ичине, натрий болсо сыртына жөнөтүлөт. Саламаттыкты сактоо жана азыктануу чөйрөсүндө эң атактуу адистердин бири Др. Лендон Смиттин (Dr. Lendon Smith) ою боюнча, «ушундайча клеткалар өздөрүнүн электромагниттик заряддары менен кичинекей батареялар сыяктуу иштешет.»25
1. Myelin sheath 5. Re-polarization |
A. Cells work like batteries in the body. Thanks to the electric current that the cells produce, impulses move from one node to another, transmitting signals at very high speed. B. Neurons never touch one another, but the synapses between them are so minute that nerve impulses can travel from one neuron to another as if there were no break at all. |
Үйүбүздөгү чырагыбызды да электрдик заряд күйгүзөт, бирок ал жердеги электрдик ток электрондордун кыймылынан пайда болот. Клеткаларыбыздагы электр энергиясы болсо «иондордун» -электрдик заряддуу атомдор же молекулалардын- агымынан пайда болот. Клеткалар потенциалдуу энергияларынан (бар болгон, колдонууга даяр болгон энергия) иондордун кыймылы учурунда электр энергиясын өндүрүшөт. Бул потенциалдуу энергияга ээ суу сактагычтардагы суунун гидроэлектрдик станциялардан (ГЭС) өтүп баратып, электр энергиясын өндүргөнүнө окшошот. Клеткаларда электр энергиясынын өндүрүлүшү мындайча ишке ашат:
Бүт клеткаларда клетка кабыкчалары боюнча бир чыңалуу айырмасы бар. Клетка кабыкчасындагы чыңалуу айырмасы «электрдик энергия потенциалы» деп аталган бир электрдик агымдын пайда болушун камсыз кылат. Клетка кабыкчасынын ичиндеги бул электрдик энергия потенциалы «эс алуу потенциалы» деп да аталат жана бул потенциалдын чоңдугу болжолдуу 50 милливольт. Бүт клеткалар мындай потенциалдуу энергияларын клетка ичиндеги иштерин жасоо үчүн колдонушат. Бирок нерв жана булчуң клеткалары башка клеткалардан айырмаланып, бул энергияны физиологиялык кызматтар үчүн да колдонушат. Булчуң клеткаларында мындай агымдын урматында жыйрылуу ишке ашса, нерв клеткаларында бул агым сигналдын жеткирилишин камсыз кылат.
Клетканын кабыкчасында белгилүү иондордун гана өтүшүнө мүмкүндүк берчү каналдар бар (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Hücre Zarındaki Mucize (Клетка кабыкчасындагы керемет), Harun Yahya). Бул каналдар аркылуу иондор клетканын ичине же сыртына койо берилет. Оң жана терс заряддуу бөлүкчөлөрдүн кыймылы менен клетканын ичи менен сырты арасында электрдик бир тең салмаксыздык пайда болот. Клетканын ичи менен клетканын сыртынын суюктуктарындагы мындай айырма тең салмактуулук түзүлгөнгө чейин өтүү тенденциясында болушат. Ич тарапты сырттан бөлгөн клетка кабыкчасы кээ бир иондордун өтүшүнө мүмкүндүк берип, башкаларынын өтүшүнө тоскоолдук болчу жарым-өткөргүч өзгөчөлүгүнө ээ. Ошондуктан клетка электр энергиясына муктаж болгондо, электрдик фазаны толуктоо үчүн бул каналдардын бирин ачышы гана жетиштүү болот. Клетка кабыкчасындагы каналдардын коопсуздук кызматкерлери сыяктуу болушуп, белгилүү иондордун өтүшүнө мүмкүндүк берип, белгилүү иондордун өтүшүнө тоскоол болушу – аң-сезим жана акыл талап кылган кыймыл-аракеттер. Себеби бул жерде кокус бир өткөрүү болбойт, тескерисинче аң-сезимдүү бир тандоо механизми бар. Аң-сезимсиз молекула жыйындыларынын бул кызматты өз башынча аркалашы, албетте, мүмкүн эмес. Булардын баары эволюционисттер кабыл алгысы келбеген бир чындыкты бизге көрсөтүүдө: пландуу, акылдуу жаратылуу.
Нейрондун (нерв клеткасы) ичинде электрдик заряддуу химиялык заттар, б.а. иондор түзгөн кемчиликсиз бир тең салмактуулук бар. Нейрондордо маанилүү кызматтарды аркалаган иондор 1 оң заряддуу натрий жана калий – 2 оң заряддуу кальций жана 1 терс заряддуу хлорид иондору. Нейрон «эс алуу» убагында терс заряддуу болот. Бул учурда нерв клеткасынын ичинде терс заряддуу протеиндер жана ар кандай иондор болот. Нейрон ичиндеги калий иону тышкы чөйрөгө салыштырмалуу көбүрөөк хлорид менен натрий иону болсо азыраак. Клетканын ичиндеги иондордун тең салмактуулугу атайын бир максатка кызмат кыла турган негизде пландалган: электрдик ток жана сигналды жеткирүү.
Электрдик сигнал катары келген жана кабылдоочу нерв клеткасынын кабыкчасындагы кабылдагычтарга берилген кабар клетканын ичинде домино таштарынын кыймылы сыяктуу бир катар процесстерди баштайт. Кемчиликсиз бир система ичинде бири-биринин артынан ишке ашкан бул процесстер клетка кабыкчасындагы белгилүү ион каналдарынын ачылышына жол ачат. Ошентип клетканын ичине алынган натрий иондору башында терс заряддуу (-70 милливольт) болгон клетканын нейтралдуу абалга келишине себеп болушат. Клетканын ичи менен сыртынын арасындагы ион которуу болсо жаңы бир электрдик сигналды ачыкка чыгарат. Андан соң кабарды жеткирген жана кызматын аткарган нерв клеткасы кайра эс алуу абалына өтөт. Мындай өтүү натрий жана калий каналдарынын секунданын миңде биринен кыска убакыттарда ачылып-жабылышы аркылуу ишке ашат. Бул жерде мүмкүн болушунча жөнөкөйлөштүрүп, баяндалып берген бул процесстер абдан детальдуу баскычтарды камтыйт. Бир даана клеткаңыздагы электр энергиясын өндүрүү процессин сизди башкар деп койсо, каналдардын ачылып-жабылышын көзөмөлдөп, ион тең салмактуулугун камсыз кылып, бүт процесстерди секунданын миңде биринен да кыска убакыт аралыктарында ишке ашырышыңыз керек болмок. Бирок мындай системаны курушуңуз да, мынчалык ылдам иштеген бир системаны башкарып, көзөмөлдөшүңүз да мүмкүн болмок эмес. Чынында болсо, бул система миллиарддаган нерв клеткаңызда сиз уктап жатканыңызда да уланып жатат.
Денеде өндүрүлгөн электр энергиясынын чоңдугу канча? Бир клетканын сыртындагы заряд менен ичиндеги заряддын арасындагы айырма болжол менен 50 милливольт. Вашингтон штаттык университетинен фармаколог профессор Стивен М. Симасконун (Prof. Steven M. Simasko) эсептөөлөрү боюнча денедеги триллиондогон клетка өндүргөн электр энергиясы суммаланса, алынган энергия 40 ваттык бир электрдик чырактын жарык кылынышына тең келген бир энергия.26
Кээ бир клеткалар башкаларынан көбүрөөк электр энергиясын өндүрөт. Мунун көлөмү клеткалар аткарган кызматка жана электр энергиясын эмне үчүн колдонгонуна жараша өзгөрөт. Мисалы, нерв клеткалары жана жүрөк клеткалары көбүрөөк электр энергиясын өндүрүшөт, себеби нерв клеткалары кабарларын алыс аралыктарга жеткириши зарыл. Клеткалардын кылган кызматынын маанилүүлүгүн, канчалык энергияга муктаж болоорун билиши, муну таптак эсептеши жана өмүр бою бул жоопкерчилигин эч кемчиликсиз аткарышы кереметтүү көрүнүш. Бул бизге денебиздеги электр энергиясы өндүрүшүнүн да пландуу ишке ашканын көрсөткөн дагы бир далил. Себеби бул өзгөчөлүктүн өзү эле биздин жашообузду камсыздаган шарттардын бири. Мисалы, жүрөк клеткалары азыр өндүрүп жаткандан азыраак электр энергиясын өндүргөн болгондо, кийинчерээк терең карала турган канды насостоо ишин талап кылынгандай кыла албай калмак, кан бүт клеткаларыбызга кычкылтек жана азык ташый албай калмак жана өмүрүбүзгө кооптуулук жаралмак. Көрүнүп тургандай, денебиздеги кемчиликсиз долбоордон тышкары иштешиндеги ар кандай детальдар да абдан терең максатка ээ.
Адам денесиндеги клеткалардын түзүлүшүндө керексиз же кемчиликтүү эч нерсе жок; баары дал керек болгондой абалда. Адам денесинде орун алган 100 триллион клетканын ар бири ар түрдүү кызматтарды кылууга адистешсе да, баары кемчиликсиз бир уюшкандыкка жана процесске ээ. Бир гана өз башынча эмес, ошол эле учурда башка клеткалар менен да абдан натыйжалуу бир байланышта болушат. Бул клеткалар бири-бири менен электрдик кабарлар менен байланыш курушат, керектүү маалыматтарды алышат же жөнөтүшөт жана кылышы керек болгон ишти кемчиликсиз аткарышат.
Дененин кандайдыр бир жериндеги бир клетканын электрдик өзгөчөлүгүн гана жоготушу да клетканын нерв системасы менен болгон абдан маанилүү байланышын үзөт жана өз башынча калышына себеп болот. Мээнин көрүү борборундагы клеткалардын электрдик өзгөчөлүктөрүн жоготушу же клетка кабыкчасындагы чыңалуу эшиктеринин болбошу болсо, көз торчосунан берилген электрдик кабарлардын жетпей калышына жана адамдын такыр көрбөй калышына жол ачат. Адамдын денесиндеги ар бир детальдын бар болушунда али жаңы түшүнүлүп келе жаткан көптөгөн терең маанилер бар.
A. Image of cell membrane and ion channels |
Cells’ electrical properties allow information to be transmitted and signals carried. Channels on the cell membrane open their gates for sodium ions, suddenly changing the electrical potential in as little as one-thousandth of a second. This feature is of vital importance to the bio-electrical processes taking place in the cell membrane, and therefore, to a living thing’s vital functions. |
Архитекторлор да бир имараттын долбоорунда көптөгөн детальды эске алышат, бул детальдардын кандайдыр бирөөсүнүн кем же ашыкча болушунун долбоорлоруна зыян берээрин билишет. Имарат түркүктөрүнүн талап кылынгандан бир аз ичкерээк болушу же курулушта бир канча жыгачтын аз колдонулушунун ондогон имараттардын кыйрашына себеп болгону көп кездешет. Ошондуктан, колдонулган материалдардын саны, түрү, бекемдиги, долбоор убагындагы ар бир сызык абдан маанилүү. Азыр сиз ичинде отурган имараттын бузулбай, бекем турушу Раббибиз себепчи кылган акылга жана аң-сезимге ээ ондогон адамдын эмгеги, билими, эсептери, пландары, божомолдору натыйжасында болгон. Эч ким бул имараттын курулуш баскычтары кокустан болгон деп айтпайт. Клетканын ичиндеги план да бүт материалдардын керектүү санда жана керектүү жерде колдонулушун зарыл кылган жана кереметтүү так эсептөөлөрдү талап кылган архитекторлук бир долбоорго ээ. Клетка – азот, көмүртек, суу сыяктуу заттардан турган органикалык бир түзүлүш, жана дененин башка системалары менен байланыш кура албаса, анда өлүп жок болот.
Бул жерге чейин баяндалгандар бир адамдын өмүр бою кыймылын камсыздаган, нейрондордогу байланыш системаларынын абдан жөнөкөйлөштүрүлгөн бир баяны. Акылы жана илими бар бир адам да буларды түшүнүүдө кыйналса, клеткалар жана гормондор миллиарддаган адамда бул процесстерди жогорку бир чеберчилик менен жана эч кемчиликсиз ишке ашырышууда.
Биз ээ болгон нерв клеткаларынын ар бириндеги абдан комплекстүү системалар кантип пайда болгон? Денебиздеги миллиарддаган нерв клеткасынын таң калтырган гармониясы кантип жаралган? Эч бир башаламандыкка жол ачпастан, ушунчалык кемчиликсиз бир байланыш кантип ишке ашырылууда? Кереметтүү тактыктагы тең салмактуулуктар жана убакыттагы тактыктар менен курулган бир система кандайча болуп, эч катасыз иштеп жатат?
Адамдын эсине «кантиптерге» толгон жүздөгөн суроонун келиши толук кадыресе көрүнүш. Бул жерде таң калаарлык көрүнүш – бул бүт ушундай чындыктарга карабастан, жогоруда айтылган кемчиликсиз системалардын кокустуктар натыйжасында пайда болгонун жактаган эволюция теориясын жактоо үчүн натыйжасыз аракеттерге түшкөн илимпоздордун абалы. Жашоонун келип чыгышын кокустан пайда болгон ойдон чыгарылган бир «алгачкы клеткага» жана «эч мүмкүн эмес» деген сөз да жетишсиз болгон кокустуктарга байланыштырууга аракеттерген эволюционисттердин жогорудагы суроолорго жана ушуга окшогондорго бере турган жооптору жок.
Албетте, мынчалык кемчиликсиз механизмдердин пайда болушунун бир гана түшүндүрмөсү бар: клеткаларды жоктон жараткан – бул ааламдардын Рабби Аллах. Клеткалардын ичиндеги иштерди жана араларындагы комплекстүү байланыш системаларын эң майда детальдарына чейин жөнгө салган – баарыбыздын Жаратуучусу болгон Раббибиз:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
Бут кийимиңиздин бутуңузду кысып жатканы жөнүндөгү маалыматтын мээңизге дал ошондой таасир менен кантип жеткирилээрин ойлондуңуз беле? Ошончолук чоң аралыкка карабастан, бутуңуздагы мындай ооруну ошондой күчтө мээңизде кантип сезип жатасыз? Кадимки шарттарда бул таасир аралыкка жараша азайышы керек. Бирок бул үчүн денеңизде атайын бир система бар.
Бутубуздагы оору сезүүчү клеткалардан жолго чыккан сигнал нерв клеткалары боюнча ишке ашкан ион кыймылдары натыйжасында жайылат. Ушул жол менен сигнал энергиясын жоготпостон, сапар кылат жана ар жолкусунда клетка кабыкчасынын ар бир жаңы аймагында энергияга жаңыдан ээ болот. Ошентип сигнал нерв клеткасынын аксону бою саякат кылат жана аксондогу сигнал башка бир нерв клеткасына берилет.
Нерв сигналынын аксон бою берилишин тизилген домино таштарынын катар түшүшүнө окшотууга болот. Алгачкы домина ташына белгилүү күч менен тийгениңизде, белгилүү аралыктар менен тизилген домино таштарынын баары катары менен жыгылат. Алгачкы домино ташы жыгылганда, бир чынжыр реакция башталат, бул бир дагы домино ташы калбаганга чейин катары менен жыгылып отурат. Домино таштарындагы мындай чынжыр реакцияга окшогон кыймыл нейрондор арасында сигналдардын таркашында көрүлөт:
* Алгачкы домино ташы жетиштүү бир күч менен түртүлгөнгө чейин жыгылбайт, ушул сыяктуу бир нерв сигналы да (чек деп аталган) белгилүү бир күч менен түртүлгөнгө чейин кыймылдабайт. Белгилүү бир «чек» көрүнүшү - өзгөчө сезүү органдарына тиешелүү сигналдардын берилишинде байкалчу бир көрүнүш. Мисалы, абдан акырын үндөрдү укпайбыз, себеби бул үндөргө тиешелүү сигнал угуу менен байланыштуу нервдерди кыймылдата турганчалык күчтө эмес.
* Тизилген домино таштары кулап жатканда энергияларын жоготушпайт, ошентип бул энергия акыркы ташка чейин азайбастан уланат. Себеби тик турган ар бир домино ташы кинетикалык энергия менен (бир телонун кыймылынан –ылдамдыгынан- улам ээ болгон энергиясы) жыгылат. Нерв сигналдары да, тизилген домино таштарындагы сыяктуу, таркаган сайын энергияларынан эч нерсе жоготушпайт.
* Домино ташы бир багытта гана кыймылдайт. Ошол сыяктуу нерв сигналдары да бир гана дендрит-аксон багытында жол жүрүшөт.
Көрүнүп тургандай, денебиз жөнүндө биз үйрөнгөн ар бир деталь – терең маанилүү бир жаратылуу мисалы. Булардын баарынын бар болушу бизди тереңирээк ойлонууга, бүт нерсенин Жаратуучусу болгон Раббибизди көбүрөөк сүйүүгө, Ага көбүрөөк шүгүр кылууга багытташы зарыл. Куранда ыйман келтирген адамдардын өрнөк кыймыл-аракеттеринин бири мындайча кабар берилет:
Алар турганда да, отурганда да, жатканда да Аллахты эстешет жана асмандардын жана жердин жаратылышы жөнүндө ойлонушат. (Жана айтышат:) «Раббибиз, Сен буларды жөн гана (максатсыз) жаратпадың. Сен абдан Улуксуң, бизди оттун (тозоктун) азабынан сакта.» (Али Имран Сүрөсү, 191)
Мээден булчуңдарга жана башка органдарга кабарлар жөнөтүүчү жана бул кабарларды мээге кайра жөнөтүүчү нерв жипчелеринин сырты майлуу атайын бир зат менен оролгон. «Миелин» деп аталган бул майлуу кыртыш нерв жипчелерин коргоп гана тим болбойт, ошол эле учурда бул жипчелердин электрдик сигналдарды өткөрүшүнө да жардамчы болот.
Миелин электрдик кабельдердин айланасындагы ток өткөрбөс пластикалык изоляция материалы сыяктуу кызмат аткарат. Электрдик кабельдер ага тийгендер зыян көрбөшү жана электр энергиясы качырып күчтүн азайышына себеп болбошу үчүн изоляция кылынышат. Эгер миелин заты болбогондо, же электрдик сигналдар айланадагы кыртыштарга сиңип кабарды бузмак же болбосо денеге зыян бермек. Мындан тышкары, бул изоляция заты ток өткөрүүнү бир топ жогорулатып, сигналдын батыраак кыймылдашын камсыздайт.
1. Signal TransmissionThe nervous system’s connections reach everywhere in the body. Some functions perform automatically, without our conscious control, such as our heartbeat and digestion. Other nerves go into action when we decide to do something, like clenching our fist. 2. Actions Swifter Than ThoughtSome nerve cells are connected to the brain, and others are in direct contact with other nerves that set the muscles in motion. | |||
3. The Spinal Cord Between Brain and BodyThe spinal cord is a thick bundle of nerves establishing connections between the head and all points of the body. From here, nerves narrow into 30 smaller bundles. 4. The Brain Responsible for the SystemThe brain is a mass of nerve cells that control and coordinate the electrical signals that come and go. They can be measured using a machine known as an electroencephalograph. |
| ||
5. Incoming SignalsOne set of nerves carries signals from the eyes, ears, nose, skin and other sensory organs, reporting on what is going on in the surrounding environment. 6. Outgoing SignalsWhen the brain issues a command another group, the motor nerves, sends the signal along the nerve. These nerves are linked to every muscle in the body. When small electrical signals reach the muscles, they contract and permit movement. 7. Passing of signals | |||
a. Myelin sheath | d. Sense cell body |
Миелин менен оролбогон нервдер сигналдарды секундасына 1-2 метр ылдамдык менен өткөрүшсө, миелин менен оролгон нервдер сигналдарды секундасына 100 метр ылдамдык менен өткөрүшөт.27
Денебиздеги миелин кабыгы менен оролгон нерв жипчелери сезүү органдарыбыздан мээге, мээ жана жүлүндөн керектүү булчуңдарыбызга сигналдарды жөнөтүшөт. Керектүү кыймылдарыбыз ушунчалык ыкчам жана автоматтык түрдө болгондуктан, мээдеги бир ой менен булчуңдун кыймылдашы дээрлик бир убакта болгондой сезилет. Кабылдоо жана кыймылдарыбыздын эч бир аракет талап кылбастан ушунчалык ыкчам болушунун түбүндөгү себеп – бул нерв өткөрүмүнүн саатына 390 километрге жеткен ылдамдыкта ишке ашышы.28 Буттардагы 1 метр узундуктагы жамбаш нервдеринде бул ылдамдык саатына 467 км.29
A. Cross-section of myelin sheath surrounding the axon | |
1. Synaptic node | 5. Cell body |
If There Were No Insulation in the Nerve Cells | |
Multiple sclerosis (MS) is a disease in which the faulty working of the immune system damages the myelin sheath. As a result, the nerve cell membrane opens and sodium is lost along the axon. As the disease progresses, the amount of myelin declines and the speed at which impulses are transmitted falls to a few meters per second. Leakage gradually becomes so acute that the axons, cell extensions, become unable to forward messages, and the target muscle is paralyzed. Even this myelin sheath, a very small detail in the body’s electrical system, is of enormous importance. Every one of these details is an example of the superior nature of the creation of our Lord, the Compassionate and Merciful. |
Кээ бир учурларда сигналдардын убактысы кереметтүү чоңдуктарда болот. Сүйлөө учурунда «б» тамгасынын айтылышын «п» тамгасынын айтылышынан айырмалай алышыңыз үчүн «п» тамгасын чыгара турган абалда үн кылдарыңызды кыймылдатышыңыздан секунданын отуз миңде биринчелик кыска убакыт мурда эриндериңиз ачылышы керек. Ушундайча «п» тамгасын бир учурда эриндериңизди ачып жана үн кылдарыңызды титиретишиңиз натыйжасында келип чыккан «б» тамгасы менен адаштырбаган болосуз. Б.а. «б» менен «п» тамгалары арасындагы айырманы секунданын отуз миңде биринчелик убакытка карызбыз.30 Мындай айырмалоо жашообузда байланыш жагынан абдан маанилүү. «Пут» менен «бут» сөздөрү арасындагы маани айырмасын камсыздаган мына ушул кичинекей убакыт бөлүгү. Мээ мындай убакыт жөнгө салуусун өз башынча кылгандыктан, сиздин бул жөнүндө «ойлонушуңуздун» да кереги жок. «П» же «б» тамгасын чыгаруу сигналы ойуңузда пайда болгондо, бул кубулуштардын баары биринин артынан бири ишке ашат.
Миелин кабыгынын маанисин түшүнүү үчүн Мултипл склероз (MS: multiple sclerosis) оорусун эстөөгө болот. Мултипл склероз (MS) – мээде жана жүлүндө кабарларды ташуучу нерв кылдары айланасындагы коргоочу кабык жабыр тарткан бир оору. Кабык зыян тарткан жерлерде склероз деп аталган катуулашкан кыртыштар орун алган. Бул катуулашкан кыртыштар нерв системасы ичинде көп жерде пайда болушу мүмкүн жана нервдер бою кабарлардын берилишине, мээ жана башка органдар арасындагы байланышка тоскоол болуп бир катар бузулууларга себеп болот. Бул ооруда миелин кабык жабыр тарткан, жана электрдик зымдарды изоляциялаган бир кабельде тешиктердин пайда болушу сыяктуу миелин кабыкта да боштуктар пайда болот. Бул боштуктар нерв сигналдарынын берилишинде үзгүлтүктөргө себеп болушат.
Тизилген домино таштары арасынан бир даанасын алып салганыбызда, таштардын бири-бирин түртүп, жыгытышы ушул чекитте үзгүлтүккө учурайт. Ошол сыяктуу жабыр тарткан миелин кабыгы да нерв сигналдарынын өткөрүлүшүн үзгүлтүккө учуратат. Бир домино ташынын кем болушунун таасирин олуттуу бир нерв же жүлүн жабыркоосунун таасирлерине окшотууга болот. Жабыр тарткан бул жер оңдолгонго чейин нерв сигналы таркай албайт.
MS оорусунун белгилери арасында алсыздык, нестейүү, жаны кетип калуу, сезбестик же сезүүнүн азайышы, тең салмактуулуктун бузулушу, сүйлөөнүн бузулушу, титирөө, кол жана бут булчуңдарынын катуулашы, көрүүнүн бузулушу, ысыкка чыдамсыздык жана кыска мөөнөттүү эс тутум проблемалары, чечим алуу же сын-пикир проблемалары орун алат. Жабыркоонун ордуна жараша бул белгилер өзгөрүшү мүмкүн. Мисалы, мээ ойлонуу жана кыймылды башкаргандыктан, бул аймактагы бир бузулуу эс тутум, түшүнүү, өздүк аң-сезим, тийүү, угуу, көрүү жана булчуң күчүнө таасир бериши мүмкүн. Жабыркоо мээнин артында орун алган мээчеде болгондо, кыймылдардагы координацияга таасир берип, басуу, чуркоо сыяктуу кыймылдарда тең салмактуулуктун бузулушуна себеп болот. Тиешелүү нервдерге жараша көрүү, сүйлөө, жутунуу жана угууда алсыздыктарга себеп болот. Мээ катарында пайда болгон мындай бир жабыркоо көз кыймылдары, дем алуу, жүрөктүн согушу, тердөө, бөлүп чыгаруу системасы менен байланыштуу функциялардын бузулушуна себеп болушу ыктымал. Жүлүндө жабыркоо болгондо болсо, дене менен мээ арасында байланыштын жоголушуна себеп болот. Мындан тышкары, тийүү сезими менен байланыштуу кабарлардын, буттар, колдор жана башка органдарга багытталган мээ буйруктарынын тиешелүү жерлерге жетишине тоскоолдук жаралат. Күчөп кеткенде болсо бул оору жарым-жартылай же толук шал болууга да себеп болушу мүмкүн. Бул оору миелин кабыкчасынын денебиз үчүн канчалык маанилүү экенин көрсөткөн маанилүү бир мисал.
1. Axon | 5. Cell body |
The protein channels on the cell membrane are collected in the nodes of Ranvier, where the myelin sheath is interrupted. The electrical potential that forms in the cell membrane is transmitted when it jumps from one of these nodes to the next. This special design created by Allah increases the speed of message transmission between neurons. The myelin sheath serves like insulation, permitting nerve impulses to travel more quickly. In the absence of this sheath, or when it has suffered damage, the nerves cannot transmit messages to or from the brain. |
Адамдардагы нерв сигналдары көбүнчө секундада 100 метр жол жүрө алышат.31 Мынчалык чоң ылдамдыкка кантип жете алышат? Мындай ийгиликтин ачкычы миелин кабыкчасынын жайгашуу формасында. Миелин кабыкча «Ранвье түйүндөрү» (nodes of Ranvier) деп аталган чекиттерде үзгүлтүккө учурайт. Болжол менен ар бир миллиметрде бир бул кабыкчанын бетинде туурасы бир канча микрон (миллиметрдин миңде бири) болгон бир түйүн бар.
Клетка кабыкчасы бетиндеги иондордун өтүшүн жөнгө салуучу натрий жана калий каналдары да ушул түйүндөрдө чогулат. Натрий иондорун ээрчиген сигналдар да бул түйүндөрдү көздөй багыт алышат. Мына ушул ыкма урматында борбордук нерв системасынан же жүлүндөн бут манжаңызга сигналдын берилиши секунданын жүздөн бириндей кыска убакыт ичинде ишке ашат.32 Джеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) - дүйнөнүн алдыңкы университеттеринен Massachussets of Technology'де молекулярдык биология жана квантум физикасы тармактарында доктор болгон бир илимпоз. Time, Newsweek жана Scientific American сыяктуу журналдарда макалалар жарыялаган Шредер ар мүмкүнчүлүк сайын денебиздеги долбоорго болгон таң калуусун билдирген илимпоздордун бири. Бир сөзүндө денебиздеги кереметтүү система жөнүндө мындай дейт:
... Көпчүлүгүбүздө жашоо механизмдеринин дал керектүү абалда иштеши кереметтүү көрүнүш. Бул механизмдерде келип чыккан кемчиликтер чоң трагедияларга жол ачууда. Жогоруда мен сүрөттөгөн жана баяндап берген система [Ранвье түйүндөрү] көптөгөн комплекстүү маалыматтан берилиши үчүн керектүү болгон механизмдин кичинекей бир бөлүгү гана. Бул жердеги параллельдүү маалымат иштетүү жана кемчиликсиз убакытты жөнгө салуу эң алдыңкы компьютердегидей бир түзүлүшкө ээ. Балким биз бир күнү коммуникация технологияларынан пайдалануу менен өз денебиздеги процесстерди туурай алабыз жана буларды колдоно алабыз, бирок ага чейин химиябыздагы процесстер алдында таң калган бойдон кала беребиз.33
Сигналдардын нерв клеткалары бою берилиши үчүн ар бир нерв кабыкчасы катары менен кыймылдашы керек. Бул ишке ашышы үчүн талап кылынган убакыт сигналдын нерв аркылуу байланышын абдан жайлатат. Бирок мындай кечигүү денебизде мурдатан эске алынып, чара көрүлгөн. Миелин кабыкчанын бар болушу жана бул кабыкчанын Ранвье түйүндөрү деп аталган чекиттерде үзгүлтүккө учурашы байланыштын абдан бат болушуна себеп болот.
Клетканын өзүн-өзүн заряддашы, анан зарядын жоготушу, химиялык заттардын чыгарылышы, бөлүнүшү жана кайрадан түзүлүшү бир секундада бир канча жүз жолу ишке ашат. Бул кыймылдар бир сүйлөм менен айтылганы менен, ар бири абдан татаал процесстер жана мынчалык бат ишке ашышы абдан таң калыштуу. Булардын баарын пландоо жана өндүрүү үчүн керектүү болгон маалыматтар болсо тукум куучулук маалыматтарды алып жүрүүчү ДНКбыздагы коддордо жазылуу.
Электрдик сигналдар жогоруда да айтылгандай мээде миллисекундалар ичинде саякат кылышат. Кээ бир сигналдар болсо экспресс жолдо жүрүшөт. Мисалы, жаркыраган жарыкта көздүн чечекейинин кысылышы бир заматта ишке ашат: көздүн чечекейинин кысылуу буйругу көз клеткалары менен каректин кысылышын башкаруучу мээ бутагы нейрондору арасындагы төрт же беш синапсты камтыйт.
Сигнал өндүрүшүнүн мынчалык ылдам болушуна таасир эткен факторлордун бири – бул аксондун радиусу. Радиус өскөн сайын сигнал өндүрүшү да ылдамдайт. Мисалы, сыя балык сыяктуу кээ бир жандыктар бир миллиметр көлөмүндөгү аксонго ээ. Мунун урматында сигналдары ылдамыраак жеткирилет жана бул ылдамдык секундасына 25 метрге чейин жетет.34 Эгер сыя балыктарындагы мындай өзгөчөлүк адам клеткаларына да берилгенде, колдорубуздун радиусу метрлеген чоңдукта болмок.35 Себеби денебизде бир эле аймактан көп санда нерв өтөт жана мындай чоңдуктагы аксондор бир эле аймактан көп санда нерв өткөндүктөн, процесске тоскоол болуучу бир факторго айланмак. Бирок биздин денебизде сигнал өндүрүшүн ылдамдатуу үчүн бир топ натыйжалуу бир ыкма колдонулат: изоляция. Ысык бир жерден колуңузду тартышыңыз керек болгондо же артыңыздан кууган бир иттен качышыңыз керек болгондо, тиешелүү булчуңдардын кыймылдашын камсыз кылуучу нервдер мурда айтылган «миелин» аттуу майлуу бир молекула катмары менен изоляция кылынгандыктан, сигналдарды абдан бат жеткиришет.
Адамдын денесинде башка жандыктардан айырмаланып, электрдик сигналдардын изоляция материалы менен ылдамдатылышы пландуу, аң-сезимдүү бир жаратуунун далилдеринин бири. Себеби денебиздеги электр системасы бир тараптан ылдам бир байланышты камсыз кылууда, экинчи тараптан болсо кыймыл жөндөмүбүзгө тоскоол болбогон, жарашыктуу көрүнүштү бузбаган бир долбоорго ээ. Булардын баарынын чогуу кездешишин, албетте, кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбойт. Бул жерде улуу бир акыл жана илим апачык көрүнүп турат. Бул акыл жана илимдин ээси болсо – бүт нерсенин Жаратуучусу болгон Улуу Раббибиз. Куранда Аллах адамдын жаратылышы жөнүндө мындай кабар берет:
Чындыгында, Биз адамды эң сонун бир калыпта (келбетте) жараттык. (Тин Сүрөсү, 4)
If you are looking at a field of flowers, with sunlight being reflected from every leaf, your eyes see thousands of leaves at the same time. Millions of ion channels in a million optic nerves stretch from the retina to the visual center at the back of the brain, and the images are transmitted as bio-electrical signals at 30 times a second. Information about the movement of these flowers reaches the brain through these signals. Thanks to billions of chemical reactions all taking place in tandem, data are recorded simultaneously. If every one of these reactions took place consecutively, rather than simultaneously, then movements, forms, colors and three-dimensional structures would all be perceived separately, and our world would seem utterly chaotic. By Allah’s mercy, however, none of this happens. We perceive a bright, colorful, uninterrupted three-dimensional world. |
Бутуңузга Мык Киргенде Болуп Өткөн Процесстер | ||
Нерв сигналынын кандайча ишке ашканын түшүнүү үчүн бутуңузга кирген бир мыктын оорусун элестетели. Бутуңузду түзгөн клеткалардын нерв учтары кирип кеткен нерсе себебинен керилет. Бул керилүү клетка кабыкчасындагы каналдардын ачылышына себеп болот жана натрий ионунун клетканын ичине киришин камсыздайт. Клетканын ичине натрийдин кириши клетканын сыртындагы суюктуктун клетканын ичине салыштырмалуу терс заряддуураак болушуна себеп болот. Бул айырма критикалык бир деңгээлге жеткенде кыймыл потенциалы пайда болот. Андан соң клетканын ичи менен сырты арасында пайда болгон бул электрдик айырманы мурдакы абалына келтирүү үчүн натрий каналы таасирсиз абалга келет. Клетка кабыкчаларындагы натрий-калий насостору деп аталган протеиндер ион тең салмактуулугун кайрадан камсыздашат. Клетка ичинен чыккан ар бир натрий иону үчүн терс багытта калий насостолот. | ||
Мындай реакциялардын натыйжасында териге мыктын кириши жөнүндөгү маалымат нервдер аркылуу жогору көздөй жиберилет. Бул маалымат жүлүнгө келет, ал жерден башка нерв клеткаларына берилет. Нерв клеткаларынын кээ бирлери мээдеги оору сезими жазылган аймакка аксондор аркылуу бул маалыматты жеткиришет. Башкалары болсо мотор нерв клеткалары менен бирге булчуңдарды көздөй сигнал жөнөтүшөт. Бул байланыштар булчуңга жыйрылуу жана бутка артка тартылуу буйругун беришет. Бир канча секунда ичинде болуп өткөн бул окуянын ишке ашышы үчүн көптөгөн система ишке аралашат. Бул системалар иштеши үчүн керектүү болгон бөлүктөрдүн ар бири өз башынча комплекстүү механизмдер. Көрүнүп тургандай, абдан так эсептер жана абдан аяр пландарга таянып курулган системалар менен курчалып жашап жатабыз. Булардын баары бизге бүт жерди ороп-курчаган Раббибизди эстетүүчү жана Анын илимин жакшыраак түшүнө алышыбызга себеп болчу жаратылуу кереметтери. Курандын бир аятында мындайча кабар берилет: ... Шексиз, менин Раббим каалаганын абдан кылдат тартипке салып, чара көрүүчү. Чындыгында Ал билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Йусуф Сүрөсү, 100)
| ||
1. Brain | 3. Muscular system |
Клетканын электр энергиясын өндүрүүчү энергия станциялары: митохондриялар | ||||||
Отурган жериңизден туруп басышыңыз, тик турушуңуз, дем алышыңыз, көздөрүңүздү ачып жабышыңыз, кыскача айтканда, жашооңузду улантуу үчүн керек болгон энергия клеткаларыңыздагы «митохондрия» деп аталган станцияларда өндүрүлөт. Заводдор үчүн керек болгон энергия муктаждыгы энергия станциялары тарабынан камсыздалган сыяктуу эле, денебиздин энергиясы да клетканын ичиндеги микро энергия станциялары болгон «митохондрия» аттуу бул органеллдер тарабынан камсыздалат. Митохондрия болбосо, клеткалар жасашы керек болгон иштердин эч бирин жасай алышпайт: митохондриясыз булчуң клеткалары кыймылдай алышпайт, боор клеткалары канды тазалай албайт, мээ клеткалары болсо буйрук бере албайт. Митохондрия дээрлик клетканын бардык энергиясын өндүрөт. Дем алган кычкылтегибизди жеген тамактарыбызды күйгүзүү үчүн колдонушат. Көмүр же мунайзатты колдонуп иштеген бир энергия станциясы сыяктуу митохондрия да электр энергиясын өндүрүү үчүн күйүү учурунда пайда болгон энергияны пайдаланат.
Мунун урматында клеткаларыбыз чындап эле электр энергиясы менен иштеген болот. Митохондриянын электр энергиясы менен иштеген машиналары абдан кичинекей жана бул станцияларда азыктардан алынган химиялык энергиялар клетка колдоно алчу энергия пакеттерине айландырылат. Бул пакеттер клетка үчүн абдан колдонууга ыңгайлуу бир энергия түрү болгон «АТФ» (аденозинтрифосфат) деп аталат. Биоэнергия профессору Питер Рич (Peter Rich) митохондрияларда биологиялык электрон которуусунун АТФ синтези менен болгон байланышын илимий журналдардын бири Nature'да жарык көргөн бир макаласында мындайча түшүндүргөн: Бир адам эс алып жатканда, саатына болжол менен 100 килокалория (420 килоджоуль) күчкө муктаж болот. Бул болсо стандарттуу бир чырактан бираз көбүрөөк болгон 116 ваттык энергияга барабар. Бирок бул муктаждык биохимиялык жактан митохондриябыз камсыздашы керек болгон таң калыштуу бир чоңдук.1 Митохондрия энергия өндүрүү борбору катары кызмат кылгандыктан, ар кандай клеткаларда ар кандай санда митохондрия болот. Булчуңдарда энергияга муктаждык чоң болгондуктан, көп санда митохондрия бар, бирок тери клеткалардыкынан саны абдан аз. Эгер ар бир клеткада бирден гана митохондрия болгондо, кыймылдаш мындай турсун, эч кыймылдабастан жатсак да, денедеги метаболизма иш-аракеттеринин ишке ашышы үчүн керек болгон 1100-1500 калориялык энергияны да камсыздай алмак эмеспиз. Мунун бир мисалы "Myastenia Gravis" деп аталган бир ооруда кездешет. Мындай оорулуулар булчуңдары шал болгондуктан, эч кыймылдай алышпайт. Себеби митохондриялары кыймыл үчүн керек болгон энергияны камсыздоо максатында бөлүнүп көбөйүшпөйт. Клеткаларында жетиштүү санда митохондрия болбогондуктан, аз сандагы митохондрия булчуңдардын кыймылы үчүн жетиштүү энергияны өндүрө албайт жана булчуңдар жыйрылуу кызматын жасай алышпайт. Бир эле ушул оору да денебиздеги аяр, таптак тең салмактуулуктарды жана пландуу (аң-сезимдүү) жаратуу далилдери жөнүндө ойлонушубуз үчүн жетиштүү бир мисал. | ||||||
---------------------------- 1. Peter Rich, "Chemiosmotic coupling: The cost of living", Nature, 421, 583, 6 February 2003 |
4. Eric H. Chudler, "The Hows, Whats and Whos of Neuroscience", 2001; http://faculty.washington.edu/chudler/what.html.
5. Eric H. Chudler, "The Hows, Whats and Whos of Neuroscience", 2001; http://faculty.washington.edu/ chudler/what.html.
6. http://www.morphonix.com/software/education/science/brain/game/specimens/neurons_building_blocks.html
7. Werner Gitt, The Wonder of Man, CLV Publishing, Germany, 1999, s. 82; [Craig Savige, "Electrical design in the human body"; http://www.answersingenesis.org/creation/v22/i1/electrical.asp]
8. http://www.ics.uci.edu/~junkoh/alzheimer/neuron-synapse.html
9. Tortora, G.J., Anagnostakos, N.P., Principles of Anatomy and Physiology, Harper & Row, New York, 1981, s. 29; [Craig Savige, "Electrical design in the human body"; http://www.answersingenesis.org/creation/v22/i1/electrical.asp]
10. http://www.kundalini-tantra.com/physics1.html
11. Dr. Sue Davidson, Ben Morgan, Human Body Revealed, Dorling Kindersley Ltd., 2002, s. 11.
12. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 265.
13. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 339.
14. M. Chicurel, C.D. Franco, "The Inner Life of Neurons", The Harvard Mahoney Neuroscience Institute Letter, 1995, cilt 4, no. 2.
15. J. P. Changeux, P. Ricoeur, What Makes Us Think?, Princeton University Press, 2000, s. 78.
16. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God: How Science Reveals the Ultimate Truth, The Free Press, New York, 2001, s. 95.
17. Arthur C. Guyton & John E. Hall, Tıbbi Fizyoloji, s. 567.
18. Susan Greenfield, İnsan Beyni, Varlık Bilim, 2000, s. 83.
19. The Concise Encyclopedia of the Human Body, Dorling Kindersley, New York, 1995, s. 59.
20. E. Kandel, J.H. Schwartz, T. M. Jessell, Principles of Neural Science, McGraw Hill Publishing, 2000, s. 277.
21. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 339.
22. Eric H. Chudler, "Making Connections-The Synapse", 2001; http://faculty.washington.edu/chudler/synapse.html
23. E. Kandel, J. H. Schwartz, T. M. Jessell, Principles of Neural Science, McGraw Hill Publishing, 2000, s. 176.
24. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God: How Science Reveals the Ultimate Truth, The Free Press, New York, 2001, s. 100.
25. http://www.webdeb.com/q-machine/books.htm
26. http://www.wsu.edu/DrUniverse/body.html
27. Ian Glynn, An Anatomy of Thought: The Origin and Machinery of the Mind, Oxford University Press, New York, 1999, s. 115.
28. Susan Greenfield, İnsan Beyni, Varlık Bilim, 2000, s. 80.
29. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 265.
30. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God: How Science Reveals the Ultimate Truth, The Free Press, New York, 2001, s. 90.
31. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 106.
32. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 107.
33. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 108.
34. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 107.
35. Gerald L. Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 107.