Айланабыздагы нерселерди кемчиликсиз көрөбүз, үндөрдү оңой гана бир-биринен ажыратабыз, жаш кезибизде жыттаган бир гүлдү көп жылдардан соң кайра жытынан тааный алабыз. Манжабызга кирген бир ийненин оорусун ошол замат сезебиз, суукта үшүп, ысыкта тердейбиз. Автоунаа айдап баратканда, бир бутубуз менен газ баскычын (педалын) басабыз, ошол эле учурда бир колубуз менен рулду башкарабыз, экинчиси болсо ылдамдыкты алмаштырат, манжаларыбыз менен ойноп жаткан музыка ритмин туурап, ошол эле учурда жаныбыздагы досубуз менен сүйлөшөбүз. Сүйлөшүп жатып бир тараптан аны угуп, айткандарына ойлонуп жооп берүүгө аракет кылабыз. Ал ортодо жакында же бир топ жыл мурда болуп өткөн көп окуя детальдары эсибизге түшүшү мүмкүн, эстеген көз ирмемдерди мээбизде жанданта алабыз. Ошол эле учурда айланабыздагы көптөгөн детальдарды толук көрүп, кабылдайбыз. Ал тургай, булардын баарын кылып жатканда, эгер алдыбыздан бир унаа чыга калса, эч убакыт коротпостон тормозду басып, рулду башкарууну койо бербейбиз.
1. The rising temperature in a fire initiates a signal in the smoke alarm. |
The nervous system may be compared to a fire department’s emergency center. When a signal reaches the center, it analyzes the information, and ensures that systems go into action by issuing instructions. |
Булардын баарынын ишке ашышы үчүн керектүү болгон процесстер мээбиздин башкаруусунда ишке ашат. Мээ – биз төрөлгөндөн бери жашообузду уланта алышыбыз үчүн бүт муктаждыктарыбызды аныктаган; булардын камсыздалышы үчүн керектүү жөнгө салууларды жасаган, пландаган, уюштурган; анан булардын ишке ашырылышы үчүн буйруктарды берген жана ката кетирбестен иштеген негизги башкаруу борбору. Булардын баарын ишке ашырууда мээбиз эки деңгээлде денебиздин көзөмөл механизми сыяктуу иштейт. Биринчиси, биз байкаган басуу, окуу жана жаттоо сыяктуу эркибиз менен башкарган кыймылдарыбыз. Экинчиси болсо дем алуу, жүрөктүн согушу, ичегилердин жыйрылышы сыяктуу биздин эркибизден тышкаркы кыймыл-аракеттерди камтыйт. Мээ бул кыймыл-аракеттерди дайыма секунда сайын автоматтык бир пилотко туташкан сыяктуу башкарат.
Мындан тышкары, кээде биздин кабарыбыз да болбогон, бирок денебизде тынымсыз болуп жаткан окуялар да бар. Бир эле учурда дененин бүт тарабындагы нервдерден келген сигналдар урматында отурган креслонун формасын, жумшактыгын, абанын салкындыгын сезип, жүздөгөн детальды көрүп булар жөнүндө жоромол жасай алабыз. Жонубузга тийген бир тал чач да ушундай кемчиликсиз абалда жана өз убагында бизге бир сезүү катары берилет. Мээнин кызматтарын мындай бир мисал менен ойлонууга болот: миллиондогон адамдын бир эле учурда сизге маалымат берип, суроо узаткысы келгенин элестетели. Бул суроолордун ар биринин өзүнчө бир адистикти талап кылганын жана жоопторуңуз туура эмес болгондо оору менен, ал тургай, өлүм менен жыйынтыктала турган бир жоопкерчиликте экенин элестетели. Бул адамдардын эмнени, кандайча кылышы керек экени жөнүндөгү жоопторду секундадан да кыска убакыт ичинде алышы керек экенин ойлосоңуз, мунун канчалык оор бир иш экенин жакшыраак түшүнө аласыз. Болгондо да бул жерде жооп бере турган нерсе – бул аң-сезими жок, май жана протеиндерден турган бир кесим эт. Ошондуктан бүт нерсени мээбиз жасап жатат деп айтуу –ал канчалык кемчиликсиз бир түзүлүшкө ээ болсо да- жетиштүү болбойт. Мээбизге мындай кызматтарды илхам кылган жана аны буларды жасай ала турган атайын долбоорлор менен жараткан улуу акыл жана илим ээси бир Жаратуучу бар. Бул Жаратуучу – баарыбыздын Раббибиз болгон Улуу Аллах.
Мээ клеткалары Аллахтын илхамы менен аң-сезим жана акыл талап кылган кызматтарды аркалоодо, буларды кемчиликсиз аткарууда. Бир аятта Аллах жараткан нерселерине болгон өкүмдарлыгын мындайча билдирүүдө:
Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат... (Сежде Сүрөсү, 5)
Дүйнөнүн эң комплекстүү тармагы мээбизде | |
20-кылымдын байланыш керемети деп атоого боло турган интернет – бири-бирине компьютер менен туташкан сансыз колдонуучуга кабельдер аркылуу бир көз ирмемде байланыш кура алуу мүмкүнчүлүгүн тартуулаган бир система. Компьютериңизден жөнөткөн кабарыңыз коддолгон соң башка бир тилге которулуп, кабылдоочунун компьютерине кабельдер аркылуу электр энергиясы менен жеткирилет. Сиз болсо дүйнөнүн бүт тарабынан келген бул кабарларды ташуучу кабельдер аркылуу турган ордуңуздан бүт маалыматтарды анализ кылып, баарын башкарып, багыттай аласыз. Мээңиз да денеңиздин 250.000 mm2’тык бөлүгүн ээлеген 100 миллиарддан ашуун нерв клеткасын интернет аркылуу тынымсыз байланышта болгон компьютерлер сыяктуу колдонот. Бирок Джон Хорган (John Horgan) Илимдин аягы аттуу китебинде да айткандай, «интернеттей бир система да мээ менен салыштырылганда, эч салыштырууга болбогондой маанисиз жана кичинекей болуп калат.»1 Себеби 100 миллиарддан ашуун нерв клеткасынын ар бири 100.000дей байланыш түйүнүнө ээ.2 Ар бир секунда сайын триллиондогон электрдик сигнал нейрондордун арасында саатына 400 км ылдамдык менен кыймылдап, лабиринтке окшогон татаал жолдордо кезип кыдырат.3 | |
1. John Horgan, The End of Science, Broadway; Reprint edition (May 5, 1997) p. 180. 2. Dr. Sue Davidson, Ben Morgan, Human Body Revealed, 2002, p. 10. 3. Dr. Sue Davidson, Ben Morgan, Human Body Revealed, 2002, p. 10. |
Мээдеги 100 миллиард клетканы жана булардын бутактарын адам денесинин бүт тарабын каптаган бир тармакка окшоштурууга болот. Бул тармак денебиздин бүт тарабынан келген кабарларды топтоп мээге өткөрүү аркылуу мээ менен дененин арасында үзгүлтүксүз бир байланышты камсыз кылат. Бул байланыш урматында денеде эч бир үзгүлтүк болбойт. Мисалы, бир адам мээдеги мындай кемчиликсиз түзүлүш урматында бир тараптан автоунаасын айдап баратып, экинчи тараптан радиосунун кулагын бурап канал тандай алат, ал ортодо рулду да оңой гана башкара алат. Бир канча ишти бир эле учурда жасап жатса да, алдындагы унааларды же жөө адамдарды сүзүп албайт. Ошол эле учурда буттары менен газ педалын баса алат. Радио угуп жатып айтылган сөздөрдү толук түшүнө алат. Сөзүн токтогон жеринен уланта алат. Кыскача айтканда, адам мээсинин кереметтүү мүмкүнчүлүгү урматында бир эле учурда көптөгөн ишти жасай алат. Муну болсо мээдеги нерв клеткаларынын бир-бири менен болгон байланышы камсыз кылат.
Бойго жеткен бир адамдын мээсинде ар бир нейрон 100.000дей нерв бутакчасы менен туташкан. Мээнин иштешиндеги гармонияны камсыз кылган мындай байланыш түйүндөрүнүн саны 100 триллионго жакын.55 Адамдар алигече шаарларды бир-бирине байланыштырган жолдорду кантип кесиштирүүнү пландоо жана унаа тыгыны (пробка) маселесине бир чечүү жолун табуу үчүн аракет кылып жатышса, мээде 100 миллиард нейрон арасындагы байланыш эч бир башаламандык болбостон, кемчиликсиз камсыз кылынууда. Мээдеги мындай байланыш тармагынын чоңдугун биохимия профессору Майкл Дентон (Michael Denton) төмөнкүдөй бир окшоштуруу менен түшүндүрөт:
100 триллион (1014) албетте биз элестете албаган бир сан. Американын жарымына барабар бир талаа элестетиңиз. Эгер бул аймак толугу менен дарактарга толгон, жана ар бир дарактын 10 миң даана жалбырагы бар деп кабыл алсак, анда бардык ушул аймактагы жалбырактардын саны мээбиздеги байланыш түйүндөрүнүн санына жакын болот.56
The human brain is a very complex creation, with a great many nerve cells connected to one another via a great many links. |
Нейрохимия тармагында адис проф. Сьюзен Гринфилд (Susan Greenfield) болсо Адамдын мээси аттуу китебинде мээдеги байланыш түйүндөрүнүн санына мындайча токтолгон:
Эгер мээден бир ширеңкенин кутусундай гана чоңдукта бир бөлүктү алганыбызда, ал аянттын бетинде миллиардга жеткен байланыш түйүнү көрө алмакпыз. Мээнин сырткы катмары болгон кортексти карайлы. Бул сырткы катмардагы нейрондор арасындагы байланыш түйүндөрүн секундада бир байланыш түйүндөрүн санаган ылдамдык менен санасак, отуз эки миллион жылга созулат! Бир гана кортекстин ичиндеги байланыш түйүндөрүнөн турган кошулмалардын саны болсо бүт ааламдагы оң заряддуу бөлүкчөлөрдүн санынан ашат!57
Бул сандардын чоңдугун түшүнүү үчүн элестетүүгө мүмкүн болбогондой чоң сандарда болгон космостон бир канча мисал берүүгө болот: биз ичинде турган Саманчынын жолу галактикасында болжол менен 100 миллиард жылдыз бар жана ааламдын биз көрө алган бөлүгүндөгү гарактикалардын саны да 100 миллиарддай. Бирок бул сандар да мээдеги клеткалар арасындагы байланыштарды салыштырууга жетишсиз. Биохимик жана китептердин автору Айзек Азимов (Isaac Asimov) мээнин мындай түзүлүшү жөнүндө эволюционист түшүндүрмөлөрдүн жарабашын мындайча айткан:
... Адамдагы бир килограммдан чоңураак болгон мээ биздин билишибизче ааламдагы эң комплекстүү жана тартип менен калыпка салынган бир нерсе. Адам мээси кантип жөнөкөй (примитивдүү) бир суюктуктан өрчүгөн болушу мүмкүн?58
Мээдеги нерв клеткаларынын бир-бири менен байланыш саны болгон жүз миллиард санынын чоңдугун элестетүү үчүн Амазонка жамгыр токойлору да ылайыктуу бир окшоштуруу боло алат. Амазонка жамгыр токойлору 7.800.000 км квадраттык бир аянтка ээ жана ичинде болжол менен 100 миллиард дарак бар. Нейрондор арасындагы байланыштарды Амазонка токойундагы дарактардын жалбырактарындай көп санда деп айтууга болот. Кандайдыр бир учурда 100 миллиард нейрондун 10%ы сигнал жөнөтсө эле, ишке аша турган химиялык жана электрдик иш-аракеттердин саны мээдеги пландын (долбоордун) кереметтүүлүгүн көрсөтөт.59
Бирок мээнин аянты мынчалык детальдуу бир тармакты батыруу үчүн абдан кичинекей. Эволюция теориясынын алдыңкы жактоочуларынын бири Ричард Доукинс (Richard Dawkins) болсо мээдеги нейрондорду транзисторлорго салыштырууда жана нейрондордун баш сөөгүндө ээлеген аянты жөнүндө мындай бир салыштыруу жасоодо:
... бир нейрон – транзистордон бир топ өнүккөн бир маалымат иштетүүчү элемент. Башка компоненттер менен болгону үч байланыш куруу ордуна, бир дааны нейрон миңдеген байланыш кура алат... адам мээсинде он миң миллиондой нейрон бар деп айтууга болот; бирок бир баштын ичине бир канча жүз транзисторду гана араң батыра алабыз.60
Миллиметрлик байланыш түйүндөрүнөн турган ушунчалык кичинекей бир аянтта мээнин ар бир клеткасына бир секундада 100 метр ылдамдык менен жүздөгөн кабар өткөрө алган, эч унутпаган, адашпаган жана кечикпеген бир система бар. Болгондо да бул комплекстүү система бир гана нерв клеткалары менен чектелбейт. Нерв клеткасы кабарларын жибере алуу үчүн көп санда бутактарга ээ. Аксон жана дендрит деп аталган бул бутактар узундугуна жараша бир милдет аркалашат. Мисалы, жүлүндөн бутка кабар жеткире турган аксондун узундугу 1 метр болсо, көздөн мээге созулган бир аксондун узундугу болгону 5 сантиметр. Денедеги миллиарддаган аксон жана дендриттердин баары кабарды алышы керек болгон аймакка жете турганчалык өсөт жана керектүү узундукка жетээр замат токтошот. Мындай контрольдуу, пландуу бир узаруунун ордуна туш келе бир узаруу болгондо, анда айланабызды кабылдашыбыз, аларга керектүү реакция беришибиз да мүмкүн болмок эмес. Мисалы, манжанын учуна баруучу бутак кыскараак болуп, жетпей калганда, манжабыздын учун жана тийген нерселерибизди сезе алмак эмеспиз; ал тургай манжабыз отто күйсө да колубузду артка тартпашыбыз мүмкүн эле.
Мындан тышкары, бул 100 триллион байланыш түйүнүнүн баары өз ордунда. Эгер бул байланыш түйүндөрүнүн кандайдыр бир бирөөсү туура эмес бир жерде болгондо, натыйжалары абдан олуттуу болмок. Ал тургай, адамдар жашоо функцияларын уланта албай калышы мүмкүн эле. Бирок мындай болбойт жана кээ бир оорулардан тышкары, бүт адамдар аларга кадыресе сезилген, бирок негизи түпкүрүндө триллиондогон кереметтүү процесс ишке ашкан бир өмүрдү сүрүшөт.
Дарвинисттер болсо нерв клеткалары жана алардын арасындагы байланыш түйүндөрү кокустуктар натыйжасында пайда болду деген ойду жакташат. Алардын бул догмасы боюнча, адамдын денесин түзгөн 100 триллион клеткадан 100 миллиарды кандайдыр бир жол менен белгилүү калып жана өзгөчөлүктөргө ээ нерв клеткалары болуп калышкан. Алардын керемети муну менен эле чектелген эмес, өз ара 100 триллион байланыш түйүнүн колдонуу менен бир-бирине кемчиликсиз бир абалда туташышкан. Болгондо да бул 100 триллион байланыш түйүнүнүн бир даанасынын линиясы да туура эмес болгон эмес. Дарвинисттердин мындай догмасы – «Стамбул сыяктуу чоң жана тыгыз бир шаардын бардык электрдик тармагы бир түнү болгон бир бороон учуруда кокустан пайда болду жана бир үй да калбастан бүт үйлөргө линия (зым) тартылып калды» деп айтуудан да бир топ акылсыз жана логикага сыйбас бир догма. Бүт мындай кемчиликсиз системаны курган жана көзөмөлдөгөн улуу бир күчтүн бар экени апачык бир чындык. Бул күч – баарыбыздын Жаратуучубуз болгон Аллах.
1. Dendrite | 3. Axon |
One difference between nerve cells and ordinary cells is that the former are not renewed. Almost all the other cells in the body can divide and be replaced. But when the nerve cells in the brain are damaged, however, they cannot be replaced. Therefore, a person loses 18 million neurons a year between the ages of 20 and 70, and these are not replaced. Since every action leaves a trace in the brain cells and affects the connections between the cells, every individual’s brain structure is unique, just like a fingerprint. |
100 миллиард нерв клеткасынын бири-биринен оор жана абдан маанилүү процессти аткаруу үчүн кантип бир жерге чогулганы, алардын бутактарынын кантип пайда болгону жана дененин ар кайсы тараптарынан кантип кабар ала алаары, 100 триллиондогон чоңдук менен айтылган ири байланыш тармагынын кандайча болуп катасыз, кемчиликсиз абалда пайда боло алганы жана бул теңдешсиз тактыктагы кызматын кантип дайыма ийгилик менен жасай алаары жаратылуу (креационизм – Аллах жаратканы) чындыгын кабыл алгысы келбеген дарвинисттер эч жооп бере албай турган суроолордон.
Ден-соолукта жашашыбыз үчүн мээбиздин ичиндеги бул сансыз байланыштын эч бир кемчилик же катасыз курулган болушу шарт. Байланыш түйүндөрү арасындагы кандайдыр бир үзгүлтүк же ката адам денесинде сансыз ооруга же майыптыкка жол ачышы мүмкүн. Бир даана клеткадан бөлүнүп көбөйгөн адам эмбрионунун абдан татаал мындай долбоорду түзө алуу үчүн керектүү клетка түзүлүштөрүнө айланышы, ар биринин өз ордунда болушу, өз ара туура байланыш курушу жана булардын баарын коргой турган бир түзүлүштө болушу зарыл. Бул баскычтардын эч бири пландуу бир багыттоо жана бир план болбостон ишке аша албайт. Бул план – Улуу Раббибиздин кемчиликсиз планы. Бир аятта Раббибиздин улуу жаратуусу мындайча кабар берилет:
Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. Өзүнө бала тутпаган, мүлкүндө шериги болбогон жана ар бир нерсени эң назик ченем-өлчөм менен жараткан Зат. (Фуркан Сүрөсү, 2)
Мээ менен нерв системасы жасаган кереметтүү байланыш натыйжасында манжаларыбыздын арасындагы барактын ичкелигин сезип, ашказаныңызда пайда болгон бир жагдайды ылдам сезип, айланаңыздагы бүт нерсени үч өлчөмдүү, жаркыраган жана кемчиликсиз бир сүрөттөлүш абалында көрө аласыз жана бир топ алыстардан өткөн бир автоунаанын үнүн уга аласыз. Колуңуз күйгөндө сизге күйүү сезимин берген, ооруну сездирген механизм – колуңуздан мээңиздин тиешелүү аймагына баруучу триллиондогон байланыштын бирөөсү гана. Колуңуз күйүп жатса, бирок аны сезбегениңизде же аны бир топ мүнөттөн кийин сезгениңизде, албетте, мунун натыйжасында чоң жабыркоого дуушар болмоксуз. Себеби нерв клеткаларына тиешелүү бул бутактар сизге тийген билинээр билинбес бир түктү да электрдик сигналдарына айлантып, ылдам мээге жеткиришет. Мына ушул себептен алдыңыздагы бүт детальдарды көрүп, сизге тийген бүт нерсени сезип, ушул себептен курсагыңыз ачып, суусайсыз жана денеңиздеги ооруларды сезесиз. Ушунчалык катасыз жана ылдам иштеген бир механизмди адамдардын жасалма жол менен жасашы болсо эч мүмкүн эмес. Ал эми нерв системасы болсо миллиарддаган адам үчүн бүт функциялары менен бирге эч кемчиликсиз өз кызматын аткарышууда.
Мурдакы бөлүмдө сөз кылынган нерв системасынын бутагы болгон аксонду кабыкча менен оролгон узун бир түтүк сыяктуу да элестетүүгө болот. Кабарды жеткирүү менен байланыштуу бүт нерсе калыңдыгы 1 миллиметрдин жүз миңде бириндей болгон ушул аксон кабыкчасында ишке ашууда. Аксон кабыкчасынын ичиндеги суюктук менен сыртындагы суюктуктун курамында бири-биринен абдан айырмалуу молекулалар бар. «Маалыматты» өткөрүүчү бул миллиметрдин жүз миңде биринчелик калыңдыктагы бутак – ичи протеин жана калий суюктугу менен толгон бир түтүк.
Толугу менен химиялык бир зат болгон бул суюктук сырттан келген бир маалыматты алып кантип өткөрө алат? Болгондо да эч кемчилик жана ката кетирбестен... Барышы керек болгон аймакка, жетиши керек болгон убакта... Албетте, бул жердеги система да пландуу бир жаратылуунун көрсөткүчү.
Колуңуздагы бир муздун «муз» экенине ынандыруучу; анын сууктугу, нымдуулугу, жылмакайлыгы жана ээриши сыяктуу детальдардын баары ушул химиялык суюктуктун ичинде алып жүрүлөт. Сөз болуп жаткан «жалгыз» байланыш түйүнү бул маалыматты сезет жана химиялык аралашманын ичине коюп, жолго түшөт. Эң биринчиден мындай суроо узатуу керек: бул суюктук маалыматты мээге жеткириши керек экенин кайдан билүүдө? Эгер бул жерде пландуу бир жаратуу жана көзөмөл системасы болбогондо, мээдеги маалыматтардын боорго, бездерге же ашказанга барышы кадимки бир көрүнүш болмок. Көзгө созулуп бара турган бир дендрит кыска же ашыкча узун болушу, нерв тармактары бир-бирине аралашышы, адашышы мүмкүн эле, же болбосо кабарларды жиберүү унутулуп калышы мүмкүн эле. Бирок мындай каталардын эч бири –оору учурунан тышкары- болбойт. Учурдун технологиясы менен да түшүнүлө албаган бул комплекстүү механизм урматында маалыматтар саатына 380 км ылдамдык менен өз убактысында, кемчиликсиз жеткирилишет.
1. Sight, | 3. Taste, | 5. Hearing |
Complex activities take place inside the brain, silently and without causing us any disturbance. If the brain made noise when it worked, like a car engine, or if its every function caused us discomfort like an overworked muscle pain and distress . . . Yet by the mercy of Allah, this never happens. |
Адамдын денеси маалыматтын түрү кандай гана болбосун бир эле жеткирүү инструментин колдонот. Тийүү (кол менен сыяктуу), даам, жыт, үн же сүрөттөлүш (көрүү) деп аталган бардык сезүүлөр менен байланыштуу маалыматтар электрдик сигналдар катары коддолушат. Бул электрдик сигналдар көздөлгөн кандайдыр бир нерв же булчуң жипчесине жеткенде, химиялык өзгөрүүгө себеп болушат. Мындай өзгөрүү болсо бир сезимдин пайда болушуна же бир булчуңдун жыйрылып бир кыймылдын, бир мимиканын ишке ашышына жол ачат. Бир эле ыкманын ушунчалык кеңири, ар тараптуу бир байланышты камсыз кылышы нерв системабыздагы долбоордун кемчиликсиздигин көрсөткөн өзгөчөлүктөрдүн бири.
Мээ денени электрдик энергияны колдонуу менен көзөмөлдөйт жана башкарат. Ал тургай, биз сезген, кыялданган жана эстеген нерселердин баары – мээнин ичинде, электрдик сигналдар түзгөн бир дүйнө. Мээ – бул сиз өзүңүз жана айлана-чөйрөңүз жөнүндө билген бүт нерселериңиз пайда болгон жер. Бүт аалам жана анын ичиндегилер, тааныгандарыңыздын баары жана аларга тиешелүү детальдардын баары мээңиздин ичинде пайда болот жана жоголот. Мээ, Аллах жараткан долбоор урматында, сиз менен байланыштуу бүт майда-бараттарды, денеңиздин ар бир чекитин башкарат.
Мээнин бүт бул жумуштарды аткарууда колдонгон эң негизги булагы – бул электр энергиясы. Бул электр энергиясы урматында маалыматтар, буйруктар бир мээ клеткасынан башкасына аттайт. Мээңизде 15-20 Ваттык муздаткычтардын ичинде колдонулган түрдөгү бир чыракты күйгүзө ала тургандай чоңдукта бир электр энергиясы айланып жүрөт. Бул энергия урматында мээ дененин башка бөлүктөрү менен байланыш курат, аларга буйруктарды жөнөтөт жана алардан келген электрдик кабарларды жоромолдойт.61 Бир гана мээдеги эмес, ошондой эле денедеги бардык нерв клеткалары да электр энергиясын өндүрүшөт жана электр энергиясы менен иштешет.62 Көзүңүзгө келген күн нуру, телевизордогу сүрөттөлүштөр (кадрлар), радиодогу музыка, ичкен сууңуздун муздактыгы, бышып жаткан тамактын жыты, манжаңыз менен бир темпте үн чыгарышыңыз, жүзүңүздө пайда болгон мимикалар бир катар электрдик толкундарды кыймылдатат. Бул электр энергиясынын өндүрүшү кандайча ишке ашууда?
Нейрондордун арасында ташылуучу сигналдарга тиешелүү чыңалуу көбүнчө абдан төмөн (бир канча он милливольт), жана бул сигналдар секундасына 100 метр ылдамдык менен кыймылдашат.63 Нейрондор ар беш миллисекундада (бир секунданын миңде бири) бир сигнал өндүрүү үчүн кайрадан кыймылга келе алышат.
The human brain, the body’s control center, consists of billions of nerve cells. When working at high capacity, these cells use one-fifth of the blood pumped by the heart, despite representing only 2% of the body’s weight. Blood carries the oxygen and sugar the nerve cells require in order to produce electrical impulses. The brain consumes the oxygen and sugar in the blood ten times faster than other tissues when the body is at rest. If the brain is deprived of blood for more than five minutes, its cells start to die. |
Мээ бүт функцияларын мурдакы бөлүмдө сөз кылынган нейрон деп аталган нерв клеткаларын колдонуу менен аткарышат. Кол, бут же тери клеткаларын түзгөн «курулуш материалдарынан» эч айырмасы болбогон мээ клеткалары электр энергиясын өз ара сүйлөшүүчү бир тил сыяктуу колдонушуп, бүт дене жөнүндө маалымат алып-беришишет. Ушул эле тилди колдонушуп дененин бүт тарабына керектүү кабарларды жана маалыматтарды жөнөтүшөт. Илимдеги ушунчалык өнүгүүлөргө карабастан, мээдеги бул өзгөчө долбоор илимпоздор үчүн дагы эле сыр бойдон калууда. Эволюционист илимпоздор адамдын мээси жана мээнин функцияларына карата чарасыз сөздөрүн айтышууда. Signs of Life (Жашоонун ишараттары) аттуу китепте мээ жөнүндөгү ойлорун айткан эки эволюционисттин сөздөрү төмөнкүдөй:
Адамдын мээси – белгилүү болгон бүт комплекстүү системалар ичинде эң таң калыштуусу жана эң сырдуусу. Миллиарддаган нейрондон турган жыйындынын (топтун) ичинде маалымат биз эми гана түшүнүп баштаган бир абалда агып турат. Биз бала кезде деңиз жээгинде өткөргөн бир жайкы каникулга тиешелүү эскерүүлөр; мүмкүн болбогон дүйнөлөр жөнүндөгү кыялдарыбыз (түштөрүбүз). Аң-сезим. Математикалык жалпылоо багытында таң калыштуу мүмкүнчүлүгүбүз жана аалам жөнүндө терең жана кээде болсо интуитивдик түшүнүгүбүз. Мээбиз булардын баарын жана мындан да көбүн жасай алууда. Бирок кантип? Билбейбиз: мээ – илим жагынан кооптондуруучу бир көйгөй.64
Нерв клеткалары көп жагынан башка клеткаларга окшош өзгөчөлүктөргө ээ, бирок абдан маанилүү бир жагынан айырмаланышат: мындай өзгөчөлүк – бул нерв клеткаларынын «маалыматты» баалашы (анализ кылышы). Нерв клеткаларынын маалыматты баалоо жөндөмү клетканын ичине алына турган заттарды (натрий, кальций, калий иондорун...) тескеген клетка кабыкчасынын өзүнө тиешелүү өзгөчөлүктөрүнөн көз-каранды. Иондор электрдик заряддуу бөлүкчөлөр болгондуктан, булардын клетка кабыкчасынын ичкери же сыртты көздөй кыймылы клеткада электрдик бир катар өзгөрүүлөргө себеп болот. Бир нерв сигналы болсо – бул нейрон кабыкчасын бойлой пайда болгон мындай электрдик өзгөрүүнүн берилиши.
Бир маалыматтын электр энергиясы менен өткөрүлүшү же бир кыймылдын электр энергиясы менен жасалышы – албетте, улуу бир илимдин көрсөткүчү. Денебиздеги теңдешсиз технология да бул илимге ээ болгон жалгыз бир Жаратуучунун бар экенин көрсөтөт. Чексиз илим ээси Раббибиз бүт нерсеге Кудуреттүү. Бул чындык Куранда мындайча кабар берилет:
Асмандарды жана жерди жараткан алардын окшошун жаратууга кудуреттүү эмеспи? Албетте (кудуреттүү); Ал жаратуучу, билүүчү. Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана: «Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат. Бүт нерсенин өкүмдарлыгы (мүлкү) колунда болгон (Аллах) кандай Улук. Силер Ага кайтарыласыңар. (Йасин Сүрөсү, 81-83)
Мээбиздеги операция кубаттуулугу эч бир компьютер жете албаган жогорку бир байланышты ортого койот. Адам мээсинин операция кубаттуулугунун 1000 даана эң өнүккөн компьютердин жалпы операция кубаттуулугуна барабар экени эсептелген:
Адам мээси ээ болгон кубаттуулук учурдагы технология менен салыштырылганда, чоң бир артыкчылыкка ээ экени көрүнүүдө. Мисалы, дүйнөнүн эң ылдам операция жасаган компьютерлери орточо секундасына 109 ылдамдыгында эсептөө жасай алууда. Мээнин ылдамдыгы болсо ушул эле операция үчүн 1015. Болгондо да, компьютер эс тутумунун кубаттуулугу 1011 бит болсо, мээники 1014. Ортодогу мындай айырма мээ кубаттуулугунун 1000 даана компьютердин жалпы кубаттуулугундай экенин көрсөтөт.65
Бул салыштыруу адам мээсинин учурдагы технологиядан канчалык алдыда экенин апачык көрсөтүп турат. Мээдеги долбоордун мындай жогорулугуна жакшы бир мисал – бул атактуу компьютер фирмасы IBM’дин технология мүдүрү Др. Керри Бернштейндин (Dr. Kerry Bernstein) бир долбоору. Керри Бернштейн бир кабар сайтында жарыяланган “Brain Teaches Computers A Lesson” (Мээ компьютерлерге сабак берүүдө) деп аталган интервьюсунда IBM борборунда жыл сайын нейрологдордун катышуусу менен конференциялар уюштурулуп тураарын жана инженерлерине мээдеги долбоор жөнүндө маалымат беришээрин айткан. Бернштейн мээдеги оперативдик системаны дал өзүндөй кылып тууроого мүмкүн эмес экенин мындайча айтууда:
Мээде кереметтүү бир параллельдүүлүк бар. Б.а. бир бит (компьютердин эс тутум бирдиги) маалымат бир заматта толук 100.000 нейронго жайыла алат. Ушундайча мээ белгилүү болгон эң ылдам компьютерден жүз миңдеген эсе ылдам болууда. Биз болсо муну электроникада ишке ашыра албайбыз.66
Кыскача айтканда, Др. Керри Бернштейн мээни электроника тармагында тууроо мүмкүн эмес экенин айтууда. Эволюция теориясынын жараксыз экенин ортого койгон эмгектери менен таанымал болгон молекулярдык биолог Проф. Майкл Дентон (Michael Denton) болсо эң жакшы инженерлердин, эң комплекстүү техникаларды колдонушса да, мээге «бир аз» окшогон бир нерсени долбоорлой алышынын «чексиз көп убакыт алаарын» айтууда.67
Мээдеги улуу долбоордон тышкары мээнин өндүрүмдүү иштөөгө көңүл бурган бир системасы да бар. Калифония (Berkeley) университетинде оптометрия (көрүүдөгү кемчиликти өлчөө) жана психология профессору болгон Мартин С. Банкс (Martin S. Banks) мээнин өндүрүмдүү иштөө өзгөчөлүгү жөнүндө мындай дейт:
Мээ чыныгы жашоодо муктаж болбошу ыктымал болгон маалыматты сактоо үчүн ашыкча энергия коротпоо өзгөчөлүгү жагынан натыйжалуу.68
Бир компьютер белгилүү операцияларды жасоо үчүн жасалган электрондук бөлүкчөлөрдөн турат. Өндүрүш этабын көрбөсөк да, компьютердин ушул максатка ылайык электроника тармагында илими бар бир компьютер инженери тарабынан долбоорлонгону анык. Акылы бар эч бир адам компьютер бөлүкчөлөрү туш келе ар кандай факторлор натыйжасында биригип, пайда болду дей албайт. Мээ болсо – компьютерден бир топ жогору операция кубаттуулугуна ээ бир долбоор керемети. Ошондуктан, биз бул долбоорду карап, мээнин бир долбоорчусу бар экенин жана илиминин улуулугун түшүнө алабыз. Адамдын жаратылуусунун ар бир баскычы Раббибиздин чексиз илиминин бир мисалы. Аллахтын Курандагы «силерге кудуретибизди апачык көрсөтүү үчүн» (Хаж Сүрөсү, 5) сөзүнүн бир көрүнүшү. Аяттарда мындайча кабар берилет:
Эй адамдар, эгер (кайра) тирилүүдөн шектенип жатсаңар, чындыгында, Биз силерди топурактан жараттык, анан бир тамчы суудан, анан бир алактан (эмбрион), анан калыбы билинээр-билинбес бир тиштем эттен; силерге (кудуретибизди) апачык көрсөтүү үчүн. Каалаганыбызды белгилүү убакытка чейин жатындарда кармайбыз. Анан силерди наристе абалда чыгарабыз, анан жетилген куракка жетишиңер үчүн (силерди чоңойтобуз). Силердин кээ бирлериңердин өмүрү түгөнүүдө, кээ бириңер болсо билгенден кийин эч нерсе билбеген абалга келиши үчүн өмүрдүн эң төмөнкү чегине (карылыкка) кайтарылууда. Жердин бетин куураган өлүк абалда көрөсүң, бирок Биз анын бетине суу түшүргөнүбүздө, кыймылга келип, көбөт жана ар бир сонун жуптан (түшүмдөрдү) өндүрөт. Мына ушундай; шексиз Аллах акыйкаттын Өзү жана шексиз өлүүлөрдү тирилтет жана чындыгында бүт нерсеге кудуреттүү. (Хаж Сүрөсү, 5-6)
Мээнин иш-аракеттери электрдик заряддар, химиялык заттар жана толкундар тарабынан башкарылат. Бул системада миллиондогон ар башка операция бир-бирине параллельдүү улана берет. Бир эле учурда бут менен колуңуздун манжаларын кыймылдатыңыз, колдоруңузду алдыга сунуп, ар бири менен ар башка айланаларды чийиңиз жана булардын баарын кылып жатып башыңызды алгач оңдон солду көздөй, анан солдон оңду көздөй чайкаңыз жана ошол эле учурда бир мелодияны кыңылдап ырдаңыз.
Сиз буларды оңой гана жасап жатканыңызда, булчуңдарыңызда ишке ашкан процесстердин комплекстүүлүгү канчалаган том китепке толо турганчалык көлөмдө болот. Мисалы, сиздин ушул бетте жазылган жазууларды көрүшүңүз жана окушуңуз оптикалык нервдериңизден келген сигналдардын борбордук нерв системасында бир убакта анализ кылынышы менен мүмкүн болгон. Ар бир кыймыл жана ой үчүн сигналдар мээден булчуңдарга созулган нерв аксондорун бойлой жолго чыгат. Аксон кабыкчаларындагы натрий каналдары ачылат жана жабылат; натрий жана калий насостору ар бир клетка кабыкчасындагы электрдик тең салмактуулукту жөнгө салат; нейротрансмиттерлер аксон учтарындагы синапстарга калтырылат жана бул нейротрансмиттерлер нейрондор арасы байланышты камсыз кылат. Булчуң жипчелери болсо ар бири секундасына беш оборот жасаган бир миллион байланыштын ортоктош кыймылын камсыздайт.
Ошентип сиз колдоруңузду чоюп атканда, башыңызды чайкап жатканыңызда, бир мелодияны кыңылдап ырдап жатканыңызда, бут жана кол манжаларыңызды кыймылдатып жатканыңызда талап кылынган күчтүн өндүрүлүшү жана тиешелүү булчуңдардын -кем да, ашыкча да эмес- жыйрылышы камсыз кылынат. Булардын баарынын кереметтүү бир төп келүүчүлүк менен бир учурда ишке ашырылышы -көп адам байкабаса да- биз үчүн абдан чоң мааниге ээ.
Бир жолдон өткөнү жатканыңызды элестетели. Жолду караш үчүн башыңызды эки тарапка бурасыз, бут булчуңдарыңызда өндүрүлгөн күч менен алдын көздөй бир кадам таштайсыз, жакындаган автоунаалардын алыстыгын жана сизге жетүү убактысын анализ кыласыз.
A. Formation of movement signal | B. Muscle transition to movement | ||
1. Brain | 5. Triseps | 9. Motor nerve cell | 13. Acetycholine sacs bur |
Extraordinary coordination between the brain and various muscle cells is necessary just to lift your arm. |
Андан соң башка тараптан келип жаткан унааларды кароо үчүн башыңызды бурасыз, ошол эле учурда жолдун аркы өйүзүнөн тааныш –эс тутумуңузда жазылуу болгон бирөөгө тиешелүү- бир үн угасыз; бул үндү мээңиздеги башка аймактардагы маалыматтарга салыштырасыз; бул адамдын жүзү, жеке маалыматтары, аты уккан добуш менен бирге мээңизде жанданат; үн кылдарыңыздын керилишин жана эриндериңиздин калыбын жөнгө салып бул адамга аты менен кайрыласыз; колдоруңуз менен ага салам берип, ошол эле учурда коопсуз бир абалда жолдун аркы тарабына өтөсүз жана бул адамдын колун эң ылайыктуу бир күч менен кысасыз.
Бул иштердин баарын бир учурда жасай алышыңыз мээнин «параллельдүү маалымат анализдөө» жөндөмү урматында мүмкүн болууда. Мээ муну күн сайын ойгоо өткөргөн ар бир көз ирмемиңизде миллиондогон жолу жасап жатат жана сиз бул процесстер ишке ашып жатканда булардын баарынын кантип ишке ашып жатканы жөнүндө ойлонбойсуз дагы.
Үшүгөнүңүздө болсо абанын сууктугун сезесиз жана денеңиздин органдары бул өзгөрүүдөн таасирленет. Териңиздеги кичинекей тешикчелердин, капилляр учтарынын тарайышынан, булчуңдарыңыздын титирешине чейин бир катар процесстер өзүнөн-өзү ишке киришип, температура өндүрүшүн арттыруу же жоготууну азайтуу менен кадимки дене температурасынын сакталышына салым кошушат.69 Ушунчалык ар түрдүү ишти бир-бири менен гармонияда (төп келүүчүлүктө) кыймылдата турган бир борбордун бар болушу шарт. Ар бир кыймылдын орток бир максатты көздөй бириктирилиши үчүн баарынын үстүндө турган бир буйрук борбору болушу керек. Бул борбор – мээбиз, бирок көп жолу айтылгандай, мындай кереметтүү жөндөм бир тиштем эттин өз ийгилиги боло албайт. Мээнин миллиондогон ишти бир эле учурда, кемчиликсиз бир координация менен ишке ашыра алышы Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу менен мүмкүн болууда. Раббибиздин «бүт нерсеге кудуреттүү» экени жана башка кээ бир сыпаттары Куранда мындайча кабар берилет:
Асмандарда жана жердегилердин баары Аллахты тасбих кылышууда. Ал – Улуу жана Күчтүү (Азиз), өкүм жана хикмат ээси. Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Ал) тирилтет жана өлтүрөт. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. Ал – Авваль, Ахир, Захир, Батын. Ал – бүт нерсени билүүчү. Ал асмандарды жана жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду (Аршка истива кылды). Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшкөн жана ага көтөрүлүп жаткандын баарын билет. Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен бирге, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. Асмандардын жана жердин мүлкү Аныкы. (Аягында бардык) иштер Аллахка кайтат (барат). (Хадид Сүрөсү, 1-5)
Мээ жөнүндөгү детальдар изилденген сайын «кокустук» догмаларынын логикага туура келбеши даанараак көрүнүүдө. Мээ кемчиликсиз бир координация менен иштеген көптөгөн бөлүккө ээ. Адам байланышта болгон бүт нерсе абдан татаал физикалык жана химиялык операциялардан соң мээге жиберилүүдө, мээнин тиешелүү аймактарында жоромолдонууда жана андан соң мээден тиешелүү булчуңга кандай реакция берээри жөнүндө маалымат жеткирилүүдө. Бул операциялар чынжыры абдан татаал жана детальдуу баскычтарды талап кылганына карабастан, биз бул баскычтардын эч бирин сезбейбиз. Бизди көздөй бир топ ыргытылганда, топту кармоо үчүн колдорубузду созобуз, манжаларыбызды тууралайбыз. Ошондой эле, топтун келе жаткан багытын карап колдорубуздун калыбын жана канчалык бийиктикте болушу керек экенин жөнгө салабыз. Чынында болсо, бул учурда көзүбүзгө келген электрдик сигнал нерв бутактары менен нерв клеткаларына жеткирилүүдө, клеткадан мээге жеткирилип, ал жерде жоромолдонууда –башкача айтканда, көрүнгөн нерсенин эмне экени, кооптуу же коопсуз экени, буга кандайча жооп берилиши керек экени түшүнүлүүдө- жана мээден ошол эле байланыш жолу менен кол булчуңдарына буйрук берилүү аркылуу топко колду созуу кыймылы ишке ашырылууда. Ишке ашкан физикалык жана химиялык кубулуштардын детальдары болсо канчалаган китеп бетине сыйбай турганчалык көп санда.
1. Lateral lobe | 5. Fourth ventricle | 9. Thalamus | 13. Middle brain |
Денеде тең салмактуулуктан жана кыймылдан жооптуу бөлүм болгон мээче мээнин ондо бирдей гана аз бөлүгүн ээлегенине карабастан, миллиондогон нейрондон турат. Бул кичинекей бир кесим эт тынымсыз дененин абалы жана кыймылдары жөнүндө маалымат топтоп, бүт кыймылдарды башкарып турат. Адамдын окуяларга ойлонбостон реакция беришин камсыздайт жана денедеги бардык булчуңдарды башкарат. Булчуңдарга буйруктарды жөнөтүп, дененин турушун жөнгө салат жана туура кыймылдашын камсыздайт. Мээче камсыз кылган координация урматында басуу, чуркоо жана ушул сыяктуу кыймылдар кемчиликсиз ишке ашырылат. Мисалы, чуркап баратып алдыңыздан чыккан таштан аттап өтөсүз же жанынан өтөсүз. Ташты көрүшүңүз, анын бийиктигин эсептеп канчалык бийик атташыңыз керек экенин аныкташыңыз, ага чалынып жыгылбаш үчүн бир план түзүшүңүз, кайсы бутуңузду көтөрөөрүңүздү чечишиңиз, мунун убактысын жөнгө салышыңыз негизи абдан детальдуу баскычтардан турат. Бирок булар убакыт коротушуңузду же бир канча мүнөт ойлонуңушузду талап кылбайт. Мээче бир заматта булчуңдарыңызга буйрук берип, аларга ташты атташын буйруйт жана бул процесс эч кемчиликсиз ишке ашат.
Кыскача айтканда, мээче кыймыл учурунда ар бир органдын башка органдарга салыштырмалуу каерде экендигин билүүнү камсыз кылат. Бир сүйлөм менен айтылган мындай өзгөчөлүк негизи абдан маанилүү. Ушул учурда буттарыңыздын каерде экенин билишиңиз эч жөнөкөй бир нерсе эмес. Себеби мындай жөндөмгө ээ болушуңуз үчүн мээнин буттардын эмне кылганын жана муну каерде жасаганын дайыма изээлеп турушу керек. Эгер мээнин мындай жөндөмү болбогондо ар бир кадамыңызда тоскоолдуктарга кабылмаксыз. Биз үчүн кемчиликсиз иштеген бул системалардын баары – пландуу бир долбоордун далилдеринен. Бул системалардын бирөөсүнүн да кокустан пайда болушу мүмкүн эмес.
Борбордук нерв системасынын экинчи бөлүгү – бул мээ менен жүлүн арасындагы байланышты камсыз кылган болжол менен 7-8 см узундуктагы мээ устуну. Бул түзүлүш жүлүнгө салыштырмалуу татаалыраак клетка байланыштарын камтыйт жана жүлүн менен мээни бир-бирине туташтырган бир көпүрө сыяктуу. Бул аймак негизги функциялар аткарылышы үчүн абдан чоң мааниге ээ. Дем алып-чыгаруу, кандын тамырларда айланышы, кан басымы, жүрөктүн согуу ритми, уйку-ойгоо болуу, концентрация жана ушул сыяктуу көптөгөн маанилүү иш-аракет мээ устуну деп аталган ушул аймактан башкарылат. Жүрөгүңүздүн согуу ритмин жөнгө салуу үчүн өзүңүз аракет кылууга мажбур болгонуңузда кандай болоорун бир ойлоп көрөлү. Уктабастан, башка эч нерсени ойлонбостон, ушул жоопкерчиликти аткарышыңыз керек экенин... Муну кылуунун эч мүмкүн эмес экендиги Аллах адамдын денесинде курган системага канчалык муктаж экендигибизди дагы бир жолу эсибизге салууда. Болгондо да биз бул жерде бир гана мисалды бердик. Чынында болсо мээченин ар бир кызматы адам үчүн абдан чоң мааниге ээ.
Бир горох уругундай гана чоңдуктагы гипоталамус денедеги май менен углеводдордун метаболизмасын, суусоо сезимин, уктоону, чоңойууну, аппетитти, дене температурасын, кан тамырларынын чоңдугун, тамак сиңирүү суюктуктарын жана кыймыл-аракеттерибиздин көпчүлүгүн башкарат. Ошондой эле, кээ бир чыгарган гормондору аркылуу денедеги дээрлик бүт ички бездердин иштешин көзөмөлдөйт. Ушундай маанилүү кызматтарды жасаган гипоталамус – мээнин болгону 3%ын ээлеген, салмагы болсо болгону 4,5 грамм болгон бир кесим эт. Гипоталамус чыгарган гормондор дененин бүт тарабына жетүүчү жана ар кандай буйруктарды ташуучу бир кабарчылар сыяктуу. Гормондор кабар ташуудан тышкары, жеткен жеринде ишке киришип, өз милдетин толук аткарышат.
We generally never consider what is going on in our heads. But even when we sit down to rest or go to sleep, the brain continues its activities. Throughout the night, it continues to ensure our breathing, digestion, heartbeat and cell renewal. |
Мисалы, чыгарылган гормон эгер чоңойуу гормону болсо, бул гормон чоңойууну камсыз кыла турган бүт системанын баарын ишке кириштирүү жөндөмүнө ээ. Гипоталамустун бүт денеге таркоочу жана дененин тең салмактуулугун жөнгө салуучу мындай бир нерсени тынымсыз өндүрүшү абдан маанилүү. Бирок бир жагдайды айта кетүү керек, чоңойуу гормону бүт денени айланып чыкса да, баары бир керектүү жерге гана таасир берип, дененин башка бир аймагы үчүн колдонулбайт. Дененин каерине таасир бериши керек экенин билип, бүт денени аралаганына карабастан, тиешелүү жерлерге гана таасир берген гормондор – болгону бөлүп чыгарылган бир нерсе гана. Бирок бул баскычтар аң-сезим, акыл талап кылган процесстер. Бул бөлүп чыгарылган заттын дененин ичинде өз жолун табышы, дененин бүт аймагын таанышы, бара турган жерине өз убактысында жетиши, жеткен жеринде керектүү болгон өзгөрүүлөрдү керектүү өлчөмдө жасашы, мисалы, чачтарды өстүрүшү же үшүү сезимин токтотушу – кокустуктар натыйжасында болушу мүмкүн эмес болгон окуялар. Өзү турган дененин бир аялга же бир эркекке тиешелүү экенин билиши жана ошого жараша ар кандай тең салмактуулук түзүшү да абдан маанилүү бир жагдай. Эркекте сакалдардын чыгышына, үндүн жооноюшуна себеп болсо, аялда тескери бир кызматты аткарып, буларга тоскоол болушу зарыл. Көрүү, чечим алуу, айырмалоо сыяктуу өзгөчөлүктөрү болбогон аң-сезимсиз бир суюктуктун мынчалык пландуу, так жана аң-сезимдүү бир системанын иштешине себепчи болушун кокустуктар менен, албетте, түшүндүрүүгө болбойт. Бул система – чексиз акыл жана илим ээси Аллахтын жаратканы.
Мээде, булардан тышкары, сигналдарды мээ кабылдай ала турган абалга айлантуучу «таламус» жана дем алып-чыгаруу, кандын тамырларда айланышы, жүрөктүн согуу тартиби, уйку абалы жана ойгоо абал, концентрация жана ушул сыяктуу көптөгөн маанилүү кызматты тексөөчү «мээ устуну» бар. Адам баласы өз башынча бир эле дем алып-чыгарууну да башкара албайт. Эгер аны башкаруу өзүңүзгө берилген болгондо, бүт жашооңузду ушул механизмге көңүл буруу менен өткөрүп, биринчи эле уктап кеткениңизде жан бермексиз. Бирок дем алуу эң негизги муктаждыгыңыз болсо да, бул үчүн эч аракет кылышыңыздын кереги жок. Себеби денебизде бизге билинбестен, системалуу жана эч токтобостон иштеген бир механизм бар.
Мээдеги модульдук система | |||||
Адамдын мээси бир канча бөлүктөн турат. Ар биринин өзүнчө бир милдети бар; бирөөсү үндөрдү сүйлөмгө айлантат, бирөө түстөрдү бир пейзаж кылып чогултат, бирөө жытты жазат, бирөө тааныш бир адам келбетин эстейт же балыкты мөмөдөн айырмалайт. Бирок мээдеги бөлүктөрдүн функциялары туруктуу эмес жана бул бөлүктөрдүн баары ошол эле учурда бир-биринен көз-каранды болуп иштейт. Мээ жарым шарларынын бөлүнүшү багытында алгачкы изилдөөнү жасаган психолог Роджер Сперри (Roger Sperry) бул эмгеги менен Нобель сыйлыгын алган. | |||||
| |||||
Сперри мээнин «гомогендүү (окшош, бирдей) бир кара кутуча эмес, модулярдык бир система» экенин көрсөткөн.1 Күнүмдүк жашоодо модулярдык система кошуп-бөлүүгө мүмкүн болгон, муктаждыкка жараша колдонуу чөйрөсү өзгөрө алган, колдонуучунун каалоолоруна жараша өзгөртүүгө мүмкүн болгон бир система болгондугу үчүн мааниси чоң. Мындан тышкары, модулярдык системага ылайык долбоорлонгон материалдар колдонуу жагынан да, өнүктүрүү жагынан да абдан ийкемдүү. Мээнин да туруктуу бир түзүлүштө болбостон, шарттарга жараша өзгөргөн, өнүгүүгө ачык түзүлүштө болушу – илимпоздорду таң калтырган бир өзгөчөлүк. | |||||
1. Rita Carter, Mapping the Mind, London: University of California Press, February 1999, p. 43. |
Мээни тууроого аракет кылган компьютерлер | |||||||||||||
Компьютерлер технологиянын эң алдыңкы продукттары жана жашообузду жеңилдеткен абдан көп тараптуу иштерди жасашат. Денебиздеги бардык иштерди башкарган мээбиз болсо эч бир компьютер менен салыштырууга мүмкүн болбогондой жогорку бир системага ээ. Компьютерлер менен мээ окшош функцияларды аткарса да, мээнин долбоорундагы жогорулук эч тууроого мүмкүн болбогон өзгөчөлүктөргө ээ. Мээдеги мындай комплекстүү долбоор урматында мээ эң аз 1014 биттей (маалымат жөнөтүү бирдиги) маалыматты сактайт жана секундасына 1015 сигнал жиберет же эсептейт. Мээнин потенциалдуу маалымат сактоо кубаттуулугунун эң аз 25 миллион томдук, 800 км узундуктагы бир китепканага барабар экенин айтууга болот.1 | |||||||||||||
| Компьютер долбоорчулары мээнин мындай кереметтүү түзүлүшүн жасалма «нерв тармактарын» куруу менен тууроого аракет кылышкан. Бирок мээни, көп жагынан, машиналар менен тууроого эч мүмкүн болбошун түшүнүшкөн. Денебиздин жаратылган эч кемчиликсиз системаларынын бири болгон мээдеги долбоор Раббибиздин жаратуу чеберчилигиндеги жана илиминдеги улуулукту көрсөткөн мисалдардын бирөөсү гана. | ||||||||||||
Жогорудагы таблицада сөз санына жараша ар кандай маалымат сактоо системалары салыштырылган. Таблицадан да көрүнүп тургандай, мээ эң көп маалымат сактоо жөндөмүнө ээ система. | |||||||||||||
1. D. Meredith, Metamagical Themes, N.Y: Basic Books, 1985; [Dr. Don B.DeYoung, Dr.Richard Bliss, “Thinking about the Brain,” Impact, no.200, February 1990; http://www.icr.org/article/326/ ] |
Жүлүн – дененин байланыш тармагынын негизги жолу. Денеден мээге маалымат жиберет жана дененин башка аймактарына буйруктарды жөнөтөт. Жүлүн кенен бир электрдик линия сыяктуу нерв «зымдары» үстүндөгү буйруктардын мээ менен дененин башка бөлүмдөрү арасында кенен-кесир айланышын камсыз кылат. Жүлүн мындай түзүлүшү менен бир байланыш борбору сыяктуу. Ал жердеги нерв клеткалары нерв системасынан келген жана мээден денеге баруучу сигналдарды анализ кылып, каякка жана кантип жибериле турганын аныктоочу комплекстүү электрдик оборотторду пайда кылышат.
Жүлүн кээде милдетин –мээнин көзөмөлүсүз- белгилүү деңгээлде көз-карандысыз абалда ишке ашыра алат. Мындай кыймылдар – бул рефлекстер. Рефлекске белгилүү бир сигналга карата туруктуу бир реакция деп аныктама берүүгө болот. Рефлекстер рисктерге жана коркунучтарга ылдам жооп беришибизди камсыз кылат. Адам денеси үчүн чечим алуу жери – көбүнчө мээ. Бирок нерв системабызда өзгөчө кылдаалдар үчүн ылдамыраак бир система курулган. Көптөгөн рефлекс кыймылы жүлүнүбүздө жайгашкан бир нерв клеткасы тобу тарабынан башкарылат.
Cells That Act With Our Lord’s Inspiration | |
1. Nerve fiber pathways 5. Sensory nerve roots | |
Reflexes must be fast, and so reflex signals move along the shortest paths. For example, if you tread on something sharp, cells responsible for your sense of touch send a signal to your spinal cord. This signal affects the motor cells, causing you to lift your foot. The signal reaches the brain and is analyzed only later. This system is one of the countless ways in which Allah protects human beings. |
Рефлекс деп аталган кокус кыймылдар жүлүн ичиндеги фазалар аркылуу кереметтүү бир ылдамдыкта ишке ашат. Кереметтүү бат болушат, себеби кыймыл чечими мээден эмес, жүлүндөн келет жана ылдам болот. Эгер бул механизм жүлүндөн эмес, мээден башкарылганда, кокустан бир мешке тийип кеткенибизде күйүү сезимин сезүү менен колубузду тартуу рефлекси арасында бир саам убакыт өтмөк. Бул болсо колубуздун көбүрөөк күйүшүнө себеп болмок. Бирок, биз бир мешке тийип кеткенибизде ошол замат колубузду артка тартабыз жана колубузду эң аз зыян менен куткарган болобуз. Жүлүнүбүз мына ушунчалык маанилүү жана абдан жакшы корголушу зарыл.
Жүлүнүбүздү бир компьютердин ичиндеги кабельдерге окшотууга болот. Эгер сиз бул кабельдерди пластикалык бир кабык менен коргобосоңуз жана тынымсыз ийип түздөй берсеңиз, бул кабельдер белгилүү мөөнөттөн соң үзүлөт жана ишке жарабай калат. Ошентип компьютер эч иштебей калат. Ушул мисалдагы сыяктуу жүлүн да маанилүү маалыматтарды өткөрүүчү татаал бир кабель кызматын аткарат. Жана бул маанилүү кабель корголушу үчүн ар түрдүү чара алынган. Бул чаралардын бири – бул омурткабыздын жүлүнүбүздөн бир топ узун болушу. Ушундайча жүлүн толугу менен сөөк бир капас менен оролгон болот.
Эгер омуртка өрчүп жатканда бир жаңылыштык менен бир же көбүрөөк омуртка сөөгү толук өрчүй албаса, “spina bfida” деп аталган олуттуу бир ооруга чалдыгабыз. Бул ооруда омуртканын артында маанилүү өлчөмдө жарака бар. Мунун натыйжасында жүлүн менен нерв системасы жабыр тартат. Маанилүү кабарлар керектүү жерлерге жете албайт. Нервдер мээге жете албаган соң шал –кыймылдай албоо жана сезбөө абалы- пайда болот.
Байкалгандай, денебиздеги система кемчиликсиз иштеши үчүн ар бир бөлүк өз ордунда болушу керек жана кемчиликсиз долбоордо болушу зарыл. Мындагы кичинекей бир өзгөрүү да денебизде абдан олуттуу көйгөйлөргө себеп болууда. Адамдын жаратылуусундагы тактык жөнүндө Куранда мындайча айтылат:
(Аллах) Аны эмнеден жаратты? Бир тамчы суудан жаратып, аны «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды.» (Абаса Сүрөсү, 18-19)
Компьютер Технологиясы Раббибиздин Мээдеги Долбоорун Тууроо Менен Өнүгүүдө | ||
Учурда илимпоздор мээ бир компьютер сыяктуу иштейт деп ойлошууда, бирок мындай салыштыруу али жетишсиз. Эң алдыңкы технологияга ээ компьютерлер да адам мээсинин электрохимиялык комплекстүүлүгүнө салыштырганда, абдан жөнөкөй болуп калууда. Негизи эң алдыңкы технология мисалдарынан компьютерди ойлоп тапкан илимпоздордун мээ жөнүндөгү маалыматтары абдан чектүү. Др. Эрик Х. Чадлердин (Dr. Eric H. Chudler) ою боюнча: «Биздин мээ жөнүндө билгендерибизден билбегендерибиз көбүрөөк».1 Компьютер менен мээ окшош кызматтарды аткарышат. Мисалы, экөө тең эс тутумдарына маалымат сактай алышат. Компьютерлер чиптер, дисктер жана CD-ROM’дорго маалымат сактаса, мээ нейрон тармактарын колдонот. Компьютерди да, мээни да жаңы операцияларды жасай турган абалда өзгөртүүгө болот. Компьютерлерге жаңы жабдыктарды жана программаларды жүктөө менен эс тутумун жана программаларды кеңейтүүгө болот. Мээ тынымсыз өзгөрүп турат жана жаңы нерселерди үйрөнө алат. Мээ кээде керек болгондо электрдик системасын кайрадан кура алат. Мисалы, кээ бир мээ жабыркоолору натыйжасында жабыр тартпаган мээ кыртышы жабыркаган аймактын мурдакы кызматтарын өзүнө ала алат. Бирок компьютерлер, технология ушунчалык өнүксө да, мындай өзгөчөлүккө ээ эмес. Денебиздеги бардык иштерди башкарган мээбиз болсо эч бир компьютерге салыштырууга мүмкүн болбогондой жогорку бир системага ээ. Денебиз – жаратылган эч кемчиликсиз системалардын бири, жана кемчиликсиздиги детальдарында жашырылган. Мээнин түзүлүшүн да терең изилдегенде, түшүнүү кыйын болгон детальдарды көрөбүз. Мээбиздеги ар бир бырыш, ар бир сай жана дөң бир максат менен жаратылган. | ||
1 – Pamela Ferdinand, “Brain Power,” The Boston Globe, December 5, 2004; www.boston.com/news/globe/magazine/articles/2004/12/05/brain_power/?page=3 |
55. Ursula Goodenough, The Sacred Depths of Nature, Oxford University Press, New York, 1998, s. 95.
56. Michael Denton, Evolution: A Theory In Crisis, Burnett Books, Londra, 1985, s. 330.
57. Susan Greenfield, İnsan Beyni, Varlık Bilim, 2000, s. 91.
58. Isaac Asimov, "In the Game of Energy and Thermodynamics You Can't Even Break Even", Smithsonian Institute Journal, Haziran 1970, s. 10; http://www.icr.org/newsletters/btg/btgdec01.html
59. Susan Greenfield, İnsan Beyni, Varlık Bilim, 2000, s. 87.
60. Richard Dawkins, Gen Bencildir, TÜBİTAK Popüler Bilim Kitapları, Ankara, Mayıs 1995, s. 85.
61. http://www.ece.umr.edu/links/power/Energy_Course/energy/Energy_eff/Energy_efficiency/default.html
62. http://www.presenttruth.info/newsletters/PresentTruth/pdf/2002/pt_apr02.pdf
63. http://physics.syr.edu/courses/modules/MM/key/key.html
64. Richard Sole and Brian Godwin, Signs of Life, Basic Books Inc., New York, 2000, s. 119; http://www.icr.org/newsletters/btg/btgdec01.html
65. D. Meredith, Metamagical Themes, Basic Books, New York, 1985.
66. "Brain Teaches Computers A Lesson", MSNBC.com, 6 Ağustos 2002.
67. Michael Denton, Evolution: A Theory In Crisis, Burnett Books, Londra, 1985, s. 330.
68. "Brain's method of merging input depends on which senses supply it", 21 Kasım 2002; http://www.eurekalert.org/pub_releases/2002-11/uop-bmo111902.php
69. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, cilt 4, İstanbul, 1998, ss. 23-24.