Азыр жашап жатышыбыздын себептеринин бири – бул тамырларыбызда айланып жаткан кан. Кан денедеги кандайдыр бир суюктуктан абдан айырмаланып, акыл жана аң-сезим талап кылган кызматтарга ээ. Бул кызматтардын башында дененин жашоосун улантышы үчүн керектүү энергияны триллиондогон клеткага таркатуу турат. Денени микроптордон коргоочу коргоо системасынын иштеши, калдыктардын жана уулардын топтолуп денеден чыгарылышы, денедеги түзөтүү жана оңдоо иштери, байланышты камсыз кылуу, дененин температурасын бир кондиционер сыяктуу жөнгө салуу кандын урматында мүмкүн болот. Мындай абдан маанилүү суюктуктун тамырлар ичинде айланышын жана дененин бардык клеткасына заматта жетишин камсыз кылган түртүүчү күч абдан өзгөчө бир насостоо системасына ээ болгон жүрөк тарабынан ишке ашырылат. Денебиздеги электрдик системанын бир бөлүгү болгон жүрөктүн жашообуз үчүн абдан чоң маанисин түшүнүү үчүн кандын өзгөчөлүктөрүнө тереңирээк токтолуу жакшы болот.
Тик тура алганыбыз, денебиздин белгилүү бир температурада болушу, ден-соолукта өмүр сүрө алганыбыз үчүн денебизде эч бир чекитти аттабастан айланган бир суюктукка карызбыз: кан. Бул суюктукка берилген эң негизги кызмат – бул мээбиздин эң терең бырышынан терибиздин эң ичке чекитине чейин жетип, клеткалар жандуу калуу үчүн муктаж болгон кычкылтек менен камсыздоо. Себеби клетка шекерди майдалап, энергия өндүрө алышы үчүн кычкылтек керек. Кандын бир клеткага жете албашы, б.а. кычкылтек жетишсиздиги клетканын өлүмү дегенди билдирет. Бирок бул система адамдын денесиндеги 100 триллион клетка үчүн кемчиликсиз абалда дайыма иштеп турат жана кан мүнөтүнө 1440 км жол жүрүп, бүт клеткаларга муктаждык болгон кычкылтекти жеткирет.
Орточо оордуктагы бир дененин бүт тарабын курчаган тамырлардын ичинде сөзсүз 5 литр кан айланышы керек. Бул көлөмдүн бир бөлүгү, мисалы бир литрлик бөлүгү азайса, калган канды кыймылдатуу кыйын болуп калат. Эгер кан тамырларды толтура албаса, анда ичке тамырлар бири-бирине жабышып, кан айлануусу токтойт жана клеткалар ылдам өлүп башташат. Клеткалардын кычкылтексиздикке чыдоо мөөнөтү болсо болгону бир-эки мүнөттөй.
The propulsive force that allows the blood to flow to every cell in the body is provided by the heart, with its special pumping system. The heart's most important feature is the way it never stops working. Its special muscles never suffer fatigue. No artificial pump can work for a lifetime without rest and adjust the rate of pumping according to circumstances. This reveals the wisdom of our Lord and the extraordinary nature of the heart's creation. |
Бул абал дененин кан муктаждыгын тынымсыз башкарып, муктаждыкка жараша туруктуу бир чоңдукта сакталышын талап кылат. «Кан клеткалары кокустуктар натыйжасында өз башынча мындай жөндөмгө ээ болушту жана бир катар эсептөөлөрдү жасай алышты» жана «бул кызматты эч эс албастан кемчиликсиз аткаруу аң-сезимине ээ» деп айтуу, албетте, акылга сыйбайт. Болгондо да биз баяндаган бул өзгөчөлүк адамдын кан айлануу системасына тиешелүү өзгөчөлүктөрдүн бирөөсү гана. Кан өзүнүн ичиндеги ар бири ар башка милдет аркалаган клеткалары менен дененин ичинде айланып, кыдырып башка клеткаларга азык ташыйт; алардын калдыктарын топтоп бөйрөккө, өпкөгө, боорго алып барат; гормондорду аларды чыгаруучу бездерден алып муктаждык болгон органдарга жеткирет; дененин температурасын тең салмактуулукта кармайт жана денеге кандайдыр бир жат зат киргенде, коргонуу жасайт. Болгондо да бул иштердин баарын бир адамдын денесинде орточо 70 жыл бою эч кемчиликсиз, тынымсыз жасайт (тереңирээк маалымат алуу үчүн караңыз: Kan ve Kalp Mucizesi (Кан жана жүрөктөгү керемет), Harun Yahya, Araştırma Yayıncılık).
Мындан тышкары, денедеги органдар функцияларын аткара алуу үчүн ар кандай заттарга муктаж. Бул заттар органдарга кан аркылуу жеткирилет. Глюкоза, аминокислота, витамин, минерал сыяктуу азыктар жана эң негизгиси кычкылтек булардын кээ бирлери. Бул жерден денеде жайылган тамырлардын, кандын бүт тарапка жетишинин жана аркалаган кызматын кемчиликсиз аткарышынын мааниси дагы бир жолу көрүнүүдө. Себеби органдарды азыктандырган клеткалардын тирүү калышы үчүн кан ташыган бул заттар сөзсүз керек.
Бирок ар бир органдын муктаж болгон кан көлөмү бирдей эмес. Мисалы, метаболизмасы жогору болгон органдар канга көбүрөөк муктаж болушат. Ошондуктан кандын берилүү көлөмүндө да пландуу бир жөнгө салуу бар. Бирок бул жөнгө салуу алдын ала программаланган бир машина сыяктуу туруктуу иштебейт. Өзгөчө кырдаалдарда кан айлануусу шашылыш учурга жараша иштөө системасын өзгөртөт. Мисалы, ууланган учурда кычкылтеги азайган дене коңгуроо чалат жана ууланган кыртыштарга баруучу кан агымы көбөйтүлөт.
Кан кычкылтек ташып же азыктарды жыйнап эле тим болбойт, клеткалардын калдыктарын да тазалап денеден чыгарылышын камсыздайт. Триллиондогон клетканын ар бири күн бою көптөгөн калдык затты ачыкка чыгарат. Көмүр кычкыл газы, заара (сийдик) сыяктуу денеге зыян бериши мүмкүн болгон бул калдыктар аккан кан менен топтолот. Заара бөйрөктөргө ташылып, денеден чыгарылса, көмүр кычкыл газы болсо өпкөлөргө алып барылып, ал жерден сыртка чыгарылат.
Көрүнүп тургандай, ичибизде ар бир көз ирмеми аяр жана кемчиликсиз бир план менен иштеген бир система бар. Бул система кимдин көзөмөлүндө? Муну акылсыз, аң-сезимсиз клеткалардын биригишинен түзүлгөн жүрөк, өпкө сыяктуу органдардын өз башынча кылышы мүмкүн эмес. Ошол сыяктуу аң-сезимсиз кан клеткаларынын да кокустуктар натыйжасында денедеги башка бардык клеткаларга кычкылтек жеткирүү сыяктуу тынымсыз улануучу абдан маанилүү бир кызматты аркалашы да эч мүмкүн эмес. Эч шексиз, өздөрүнө тиешелүү болбогон жогорку бир аң-сезимди көрсөткөн бул клеткалар Аллахтын илхамы менен жашообуздун уланышы үчүн иштешүүдө. Аларга тапшырылган кемчиликсиз кызматтарды аткарышууда.
Кан аркылуу камсыз кылынган денедеги транспорт системасына коргонуу клеткалары да кирет (терең маалымат үчүн караңыз: Savunma Sistemindeki Mucize (Иммундук системадагы керемет), Harun Yahya). Дененин белгилүү бир жеринен кирген бактерия же вирустарга алгачкы кийлигишүүнү жасай турган коргонуу клеткалары да кан аркылуу керектүү жерге жеткирилишет. Кандагы антитело жана лейкоциттер коркунуч пайда болгон жерди ылдам аныкташат жана ыкчам транспорт болгон кан менен максат кылган жерине ылдам жетип барышат. Клеткалар коркунучту байкоо, коркунучтун ордун аныктоо, кан аркылуу тиешелүү аймакка баруу жана ал жерде ылдам денени коргоп баштоо сыяктуу бир катар акылдуу, аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасашат. Улуу бир акыл жана аң-сезим талап кылган коргонуу системасынын кантип чечим алып, коркунучтарды «коркунуч» катары түшүнө алаары жана буга кийлигишиши керек экенин кантип билээри болсо эволюционисттерди жымжырттыкка бөлөгөн суроолордун бир канчасы гана.
Бул жерде айтылгандар – кан суюктугунун ичинде, чоңдугу бир канча микрон болгон жана көп бөлүгү суудан турган клеткалар. Ойлонуу жөндөмдөрү да, көздөрү да, кабылдоого жарай турган органдары да, буларга окшогон башка механизмдери да жок. Жол табуулары, оорулуу клеткаларды аныкташы, коркунучту байкоолору, ошого жараша чогуулап аракет кылып коркунучту жок кылуулары болсо абдан аң-сезимдүү, акылдуу кыймылдар. Булардын баары өз башынча, кокустуктар натыйжасында ишке ашууда деп ишенүү акыл жана логикага туура келбейт. Болгондо да, көзгө көрүнбөгөн, эч бир ойлонуу, акыл жүгүртүү жөндөмү болбогон кан клеткалары муну сиз өзүңүз үчүн жасай албай турганчалык тактык менен жана абдан көңүл буруп жасашат. Кокустук натыйжасында пайда боло турган бир окуянын болсо, ушундай кемчиликсиз системаны пайда кылуу мындай турсун, бар болгон системага зыян тийгизээри анык. Себеби денебизге тиешелүү мындай микробиологиялык системада пайда болгон эң кичинекей бир ката да абдан зыяндуу таасирлерге себеп болот.
Ар бири абдан маанилүү болгон көптөгөн милдеттерди аркалаган кан экилик бир насостоо механизмине ээ жүрөк тарабынан дененин бүт тарабына жеткирилет. Жүрөктүн сол жарымы кычкылтекке бай таза канды бүт денеге жөнөтсө, оң тарап колдонулган, кирдеген канды кычкылтек бөлүнүшү үчүн өпкөлөргө жөнөтөт. Жүрөктүн сол тарабы канды бүт денеге жеткире алуу үчүн жогорураак басым менен насостошу керек болгондуктан, калыңыраак булчуңдарга ээ. Жүрөк болжол менен мүнөтүнө 70, бир күндө 100000 жана бир жылда 40 миллион жолу согот.36 Орточо бир өмүр бою болсо болжол менен эки миллиарддан ашык жолу согот жана орточо 100 сүзүү бассейнин толтура турганчалык канды насостойт.
1. Deoxygenated blood from the head and upper limbs | 10. Newly oxygenated blood to the trunk and lower limbs |
The heart is a combination consisting of two different pumps. The one on the left pumps oxygenated blood to the body's organs and tissues, , and the one on the right pumps CO2-laden blood directly to the lung, causing all the blood in the body to circulate 1,000 times a day. An adult heart pumps 250 million liters (66,040,000 gallons) of blood over a 70-year life span. ("The Incredible Machine," National Geographic Magazine, Washington D.C., 1986, p. 123) |
Жүрөктүн эң маанилүү өзгөчөлүгү – бул токтобостон иштей алышы. Жүрөк эч качан булчуңдары чарчабаган өзгөчө булчуңдардан турат. Мындан тышкары, жүрөктүн өзгөргөн шарттарга жараша керектүү деңгээлде кан насостошу да абдан маанилүү. Жүрөк уйку учурунда саатына болжолдуу 340 литр кан насостосо, дене кыймылдап жатканда, мисалы, чуркап баратканда, саатына болжолдуу 2270 литр кан насостой турган негизде ылдамдыгын жогорулата алат.37 Себеби оор кыймылдар учурунда булчуңдарыбыз кадимкиден көбүрөөк кычкылтекке муктаж болот. Мындай учурда жүрөк согуу ылдамдыгын мүнөтүнө 70тен 180 жолуга чейин жогорулатып, насостогон кан көлөмүн жогорулатат жана кыртыштарга берген канды 5 эсеге өстүрө алат.
The heart carries blood and all essential substances to the cells throughout the body, and when it can no longer function, death ensues. Like all other organs in the body, it runs on electricity; but this energy that allows the heart to beat does not come from outside, but is produced with the contraction of the heart muscles. Since the heart consists almost entirely of muscle and beats around 70 times a minute, then an electrical impulse needs to be produced that many times. Its tirelessly contracting muscle cells possess a special creation to work the moment an electrical current reaches them. The heart, which is made up of these special cells, is an engine that creates its own energy. This astonishing system in the heart belongs to our Lord, the Creator of all things. |
Адамзат жасаган эч бир насос жүрөк сыяктуу эс албастан, өмүр бою иштеп, шарттарга жараша насостоону өзгөртүп жөнгө сала алуу жөндөмүнө ээ эмес. Бул дагы жүрөктөгү долбоордун кереметтүүлүгүн ортого койгон маанилүү бир чындык. Аллах миллиарддаган адамда жүрөк сыяктуу дагы көптөгөн теңдеши жок долбоорду жараткан, жана Куранда да билдирилгендей, бул Аллах үчүн абдан оңой:
Силерди жаратуу жана тирилтүү болгону бир адам(ды жаратып анан тирилтүү) сыяктуу. Шексиз, Аллах угуучу, көрүүчү. (Локман Сүрөсү, 28)
A. At left, the stages in one heartbeat cycle. The three successive phases of the heart's rhythmic beating are made possible by very sensitive timing and adjustment. The contraction and compression stages follow the heart filling with blood by expanding. The heart performs its pumping cycle in as little as a quarter of a second, though this speed doubles during exercise. B. To the right, the heart valves in open and closed positions. | |
a. Heart valve open | d. Contraction of the heart ventricles. |
1. Diastole: During the first phase of the cycle, oxygenated blood enters the left atrium and deoxygenated blood simultaneously enters the right atrium. This blood then flows into the ventricles. By the end of this phase, the ventricles are filled to about 80 percent of capacity. 2. Atrial systole: Impulses from the sinoatrial node initiate the second phase of the cycle, during which both atria contract, squeezing any blood that remains in the atria into the ventricles. 3. Ventricular systole: The ventricles contract during the third phase of the heartbeat sequence. The valves at the exits of both ventricles open and the blood is forced into the aorta and pulmonary artery. As this phase ends, diastole starts again. |
Жүрөктөгү насостор астыңкы-үстүңкү эки башка насос тармагынан турат. Насостордун кичинеси кулакча (предсердие), чоңу болсо толто (желудочек) деп аталат. Мисалы, таза кан жүрөктүн сол тарабына жеткенде, алгач үстүңкү тараптагы кичинекей насоско толот. Кан бул жерден астыңкы тараптагы чоң насоско айдалат. Чоң насос болсо канды дененин органдарына жөнөтөт. Ушундай эле процесс жүрөктүн оң тарабындагы насостордо да жасалат. Бул насостордун арасында кандын агуу багытын көздөй ачылган бир тараптуу клапандар бар. Кичине насос кысылганда, бул клапандар ачылат жана кан чоң насостун ичине толот. Чоң насос (помпа) кысылганда, ортодогу клапандар жабылат жана кандын келген багытын көздөй, артка агышы тосулган болот.
Ушул сыяктуу клапандар чоң насостун чыгаруу бөлүмүндө да бар. Чоң насос кысылганда, бул клапандар ачылат жана кандын денени көздөй агышы камсыздалат. Бирок насостоо иши токтоор замат клапандар жабылат жана жөнөтүлгөн кандын жүрөккө кайра кайтышы тосулат.
Бул абдан ишенимдүү бир механизм. Ушуга окшош механизмдер учурда заманбап насостордо да колдонулууда. Насос (помпа) – бул суюктуктарды же газдарды бир нерсенин сыртына түртүүчү бир шайман. Клапан болсо суюктуктун же газдын агымын башкаруу үчүн ачылуучу же жабылуучу эшик сыяктуу бир тетик. Бир суу тапанчасынын курогун тартканыңызда ич тараптагы сууга бир басым жасайсыз. Бул ич тараптагы бир клапандын жабылышына жана сырттагы бир клапандын ачылышына себеп болот жана пистон суу чыгаруу үчүн насостолот. Ошол сыяктуу жүрөктөгү клапандар кандын бир тарапты көздөй гана айдалышын кепилдейт. Тамырларыңыздагы клапандар жердин тартылуу күчүнө карата артты көздөй агымга тоскоол болот. Башыңызды ылдый кылып турганыңызда сиз ойлогондун тескерисинче кан башыңызга басым жасабайт. Бул жүрөктөгү насостор жана клапандар урматында мүмкүн болот. Бир велосипеддин дөңгөлөгү желденген соң клапандар абанын сыртка чыгышына тоскоол болушат. Муну абанын велосипеддин дөңгөлөгүнөн чыгып кетишине тоскоол болгон клапандарда да көрө алабыз.38
Көрүнүп тургандай, жүрөк белгилүү бир максатты көздөп, атайын долбоорлонуп, пландалган. Долбоор бар жерде акыл жана аң-сезимдүү бир долбоорчунун болоору сөзсүз. Биз долбоорчунун өзүн көрбөсөк да, долбоорун карап анын бар экендигинин далилдерин түшүнө алабыз. Ошондуктан, денебиздеги системалар да бүт буларды жараткан Раббибиздин бар экендигинин далилдерин көрсөтүүдө.
Жүрөгүңүздүн согушуна эмне себеп болуп жатканын ойлондуңуз беле? Өзүнөн-өзү сааттар бою, күндөр бою, ал тургай, ондогон жылдар бою кантип иштеп жатат? Жогоруда кыскача сөз болгон, токтобостон иштеген насостоо системасы электрдик энергия менен иштейт. Бүт органдарга жана клеткаларга кан жана муктаждык болгон бүт заттардын жеткирилишин камсыз кылган жана иштебей калганда адамдын өлүмүнө алып келген жүрөк мындай абдан маанилүү кызматтарын электр энергиясы урматында жасайт. Докторлордун жүрөк сокпой калганда электрдик заряд беришинин себеби да ушунда.
Жүрөктүн согушун камсыз кылган энергия жүрөккө сырттан келбейт. Жүрөк – насостоо кызматын аткаруу үчүн колдоно турган энергиясын да өзү өндүрүүчү бир мотор. Электр энергиясы жүрөк булчуңдарынын жыйрылышы натыйжасында өндүрүлөт. Адамдын жүрөгүндө эки түрдүү клетка бар, булар - өткөргүч клеткалар жана булчуң клеткалары. Өткөргүч клеткалар электрдик сигналдарды булчуң клеткаларына өткөрүүгө, булчуң клеткалары болсо мүнөтүнө орточо 70 жолу канды насостоого милдеттүү (жооптуу).
Эмбрион баскычында, кандайдыр бир нерв жүрөктү мээге байланыштыра электе эле жүрөк согуп баштайт. Жүрөктү көчүрүү (трансплантация) операциясында бүт нервдер үзүлгөн соң жана оорулуу жүрөк көкүрөктөн алынган соң да согуусун улантат. Микроскоп айнегиндеги бир жүрөк клеткасы таза (жаңы) кан алып турса эле, жалгыз башына да согуусун уланта берет.39 Себеби жүрөктүн ичинде өз электр энергиясын өзү өндүрүүчү бир генератор бар.
Белгилүү болгондой, генератор – бул энергия кесилгенде, ишке аралашып энергия өндүрүшүн улантуучу жана машиналардын жабыр тартышына тоскоол болуучу бир шайман. Адамдын денесиндеги эң маанилүү органдардын бири болгон жүрөк да кандайдыр бир энергия кесилиши болгон учурда жабыр тартпашы үчүн ушундай коргоого алынган. Жүрөктүн бир саамга эле токтошу денеде абдан маанилүү жабыркоолорго себеп болушу ыктымал, ал тургай, өлүмгө да алып келиши мүмкүн. Ошондуктан жүрөктү иштете турган электр системасы үзгүлтүксүз иштеши зарыл. Бул электр системасын изилдеген илимпоздор абдан таң калыштуу чындыктарга туш болушту. Жүрөк бир микро генератор эле эмес, бири-бири менен татаал, тыгыз байланышкан, программалуу жана системалуу бир электрондук фазалар жыйындысы урматында иштөөдө. Мындай электрондук көзөмөл жана башкаруу системасы бөйрөктөрдөн мээге, артериялардан гормоналдык бездерге чейин көптөгөн фактор менен кызматташтыкта. Андай болсо, аң-сезимсиз, акылсыз клеткаларга мындай аң-сезимдүү, акылдуу кыймылдарды ким жасатууда?
Жүрөктүн ичине бул насосторду бир система, план менен ким жайгаштырган?
Ким насостордун бутактары болгон тамырларды бүт денебизге төшөгөн?
Ким бул насостун тынымсыз иштешин камсыз кылууда?
Ким бул насоско качан, канчалык кан айдашы керек экенин билдирүүдө?
Ким кандын агуу багытын жөнгө сала тургандай кылып клапандар жараткан?
Ким таза кан, кирдеген кан деп бөлүүдө?
Ким жүрөк клеткаларына өз энергияларын өздөрү өндүрүшү керек экенин билдирген?
Ким жүрөк клеткаларына бир система жана гармония ичинде согушун буйрук кылууда?
Бүт мындай суроолордун, албетте, бир гана жообу бар: ааламдардын Рабби болгон Улуу Аллах.
Аллах асмандарды, жерди жана ал экөө арасындагыларды алты күндө жаратты, анан аршка истива кылды. Силердин Андан башка бир жардамчыңар жана шапаатчыңар жок. Дагы эле сабак алып-ойлонбойсуңарбы? Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат... (Сежде Сүрөсү, 4-5)
A. Normal ECG 1. SA node, 3. Atrial systole, 6. Purkinje fibers, 9. Sinus tachycardia, | |
By its special creation, the heart regulates the speed at which it beats. A group of cells known as the SA node produce electrical impulses in the upper part of the right atrium. These impulses spread throughout the heart and allow the four chambers to contract at just the right time. This electrical impulse travels so quickly from one side of the heart to the other that it appears that all the heart's cells are beating at once. This harmony, which is one of the reasons for our survival, is another example of the mercy of our Lord. Allah reveals this in a verse: So look at the effect of the mercy of Allah, how He brings the dead earth back to life. Truly He is the One Who brings the dead to life. He has power over all things. (Surat ar-Rum: 50) The SA rhythm is the heart's normal beat, which is 60 to 100 times a minute. It takes 0.03 seconds for the electrical impulse to travel from the SA node to the AV node, and this is known as normal sinus rhythm. |
Жүрөктө чарчоону билбестен, жыйрылган булчуң клеткаларынын да электрдик заряд келгенде иштей турган долбоорго ээ болушу зарыл. Аларга жеткен бир сигналга да кайдыгер калбашы, мүнөтүнө орточо 72 жолу өндүрүлгөн сигналдын баарына жооп бериши керек.
Эгер жүрөктү бир микроскоп менен карасаңыз, бир миллиондон ашуун клетканы көрөсүз. Булардын ар биринде абдан комплекстүү биохимиялык процесстер ишке ашат. Жүрөк клеткалары шекер молекулалары менен азыктанат жана кычкылтек күйгүзүшөт. Ар бир клетканын өзүнө тиешелүү насостору жана каналдары бар, байланыш кыртышы менен кошуналарына туташышат.40
Жүрөк булчуңу клеткалары болсо абдан комплекстүү кереметтер. Узун жана ичке ар бир клетка жыйрылуу жөндөмүнө ээ жипче сыяктуу протеиндерди жана клетканы сырттан бөлүүчү бир клетка кабыкчасын камтыйт. Клетка кабыкчасы менен оролгон протеиндер маанилүү сигналдарды же заттарды бир тараптан башка жакка ташыйт. Абдан кичинекей насостор оң жана терс заряддуу иондорду клетка кабыкчасынан ташыйт жана клетканын ичинде жана сыртында иондордун ар кандай түрдө жыйналышын камсыз кылат. Бул клетканы электр заряды жагынан «уюлдук» абалга алып келет жана клетка ичи менен сырты арасында бир чыңалуу айырмасын пайда кылат. «Кабыкча (мембрана) потенциалы» деп аталган мындай айырма клетка кабыкчасында ион каналдары катары белгилүү болгон бир катар протеиндердин эшик сыяктуу кызмат кылышын камсыздайт. Ачылганда, иондор ич тарапты көздөй агышат.
Жүрөк клеткалары ион насостору жана каналдарынын кылдат реакциялары натыйжасында клетка кабыкчасы боюнча пайда болгон электрдик жана химиялык айырмачылыктар урматында кысылышат. Мисалы, жүрөктүн толто аймагындагы бир клетканы карайлы. Эс алуу учурунда ар бир клеткада кабыкча потенциалы терс, ич тарап сыртка караганда көбүрөөк терс заряддуу. Бирок кошуна бир клеткадан келген электрдик сигнал бүт нерсени бир заматта өзгөртөт. Кокустан бул айырма чоңойот жана натрий каналдары бир заматта ачылат. Ошентип натрий иондору (Na+) ылдам клетка ичине кирет. Бул кальций каналдарынын ачылышын стимулдайт. Кальций иондору (Ca+2) клетканын протеиндери айланасында топтолгондо, булар кысылат. Бул учурда натрий жана кальций каналдары жабылат жана ион насостору иондорду клетканын сыртын көздөй түртүп, клетканын алгачкы абалга кайтышын камсыз кылат. Ден-соолугу ордунда болгон бир клеткада мындай баштапкы абалга кайтуу секундадан да кыска убакытта ишке ашат.
Бул жерде баяндалгандар чыныгы процесстердин үстүртөн бир баяны гана. Мунун абдан комплекстүү детальдуу системасы бар. Көптөгөн шарттардын эч кемчиликсиз бирге болушун талап кылган бул система бизге Улуу Раббибиздин илимин көрсөткөн сансыз мисалдын бирөөсү гана. Курандын бир аятында мындайча билдирилет:
... Раббим илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган. Дагы эле сабак алып-ойлонбойсуңарбы?» (Энъам Сүрөсү, 80)
A. Below, appearance of heart cells. 1. Heart muscle fibers 3. Ion channels 5. Signal transmission 7. Gap between cells | |
Heart muscle fibers Nuclei Ion channels Heart cell Receptors Nuclei Signal transmission Signal transmission Gap between cells Cell membrane Every heart cell produces energy that starts the heartbeat in motion. Each coronary cell acts literally like a living battery, producing electricity by means of two elements found in the blood in large quantities: sodium and potassium. The atoms constituting these elements often lose a negatively charged electron, and thus gain a positive charge. These charged atoms are known as ions. Heart cells contain a high level of potassium, and the fluid outside the cells is rich in sodium. The cell membrane constantly pumps sodium outside the heart muscles and potassium inside. Since the membrane pumps sodium out faster than potassium is taken in, a positive charge forms outside the cell. When the charge reaches a particular level, the flow is suddenly reversed and sodium ions re-enter the cell. This sudden change triggers an electrical charge, and the heart cell contracts and withdraws. |
Жүрөк клеткаларынын электр энергиясын өндүрүшүнүн өзү эле жетиштүү эмес. Эң биринчиден бул клеткалар туура катарда чогулушу керек. Катарга чогулушунун өзү да жетиштүү эмес. Бул клеткалар бири-бири менен сүйлөшүп алышкансып, баары чогуу электр энергиясын өндүрүшү зарыл. Мындан тышкары, бул өндүрүш белгилүү бир ритмде болушу керек. Ар бир клетканын колунда бир хронометр болушу зарыл, бул клеткалар эч адашпастан ар бир 0,83 секундада бир кыймылдашы керек. Болгондо да клеткалар мындай өндүрүштү эч чарчабастан өмүр бою улантышы зарыл. Ошондой эле, жүрөктү иштете турган электрдик токтун көлөмүн таптак билиши зарыл, азыраак же көбүрөөк эмес, дал талап кылынган көлөмдө электр энергиясын өндүрүшү керек.
Бир микроскоп айнегине сейрек кылып жайылганда, ар бир жүрөк клеткасы ар башка ылдамдыкта согот, бирок көбөйүп чогулган сайын чогуу кыймылдаган жалгыз бир кыртышты пайда кылышат. Адамдын көкүрөгүндөгү жүрөк клеткалары да мына ушундай. Гармониясыз согушпайт, ар бири өзүнүн согуусун баштайт; ритмикалык гармонияда согушат. Жүрөгүңүздө «pacemaker» деп аталган жүрөктүн согуу ылдамдыгын жөнгө салуучу бир ички саат жайгашкан. Pacemaker – негизи бир клетка жыйындысы, бирок бир электрондук шаймандан бир топ жакшы иштейт. Pacemaker өзү өндүргөн электр тогун жүрөк булчуңунун ар бир чекитине өткөргүч жипчелерди колдонуп таркатат. Бул электр энергиясы ар түрдүү, бирок контрольдуу ылдамдыктарда кыймылдайт. Жүрөк согуусу жана өткөргүч система туура иштегенде, системалуу жана белгилүү бир электр энергиясы жайылуусу ишке ашат.
Жүрөк өзүнүн согуу ылдамдыгын жөнгө салуучу табигый бир шайманга (каражатка) ээ. Бул табигый жүрөк батареясы жүрөктүн оң кулакчасынын үстүңкү тарабында жайгашкан «SA түйүнү» (синус же синоатриял түйүнү) деп аталган атайын электрдик клетка жыйындысы. Бул клеткалар жүрөк булчуңдарын ритмикалык кысылышы үчүн кыймылдаткан электрдик сигналдарды баштатышат. «Жүрөктүн согуу ылдамдыгын жөнгө салуучу шайман» деп да аталган SA түйүнү электрдик сигналдарды өндүрүүчү бөлүк. Бул сигналдар жүрөккө таркайт жана жүрөктөгү төрт бөлмөчөнүн да туура бир убакыттарда кысылышын камсыздайт. Бул электрдик сигнал жүрөктүн экинчи тарабына ушунчалык ылдам жеткендиктен, бүт клеткалары бир жолкуда согуп жаткандай көрүнөт. Бул ритм жүрөктүн нормалдуу согуусу, жана жүрөк мүнөтүнө 60-100 жолу согот.41 Электрдик сигналдын SA түйүнүнөн кулакчалар жана толтолор арасындагы «AV түйүнү» деп аталган аймакка жетиши болсо 0,03 секунда убакыт алат жана бул «нормалдуу синус ритми» деп аталат.42 AV түйүнү жүрөктүн согуусун толуктоочу экинчи агымды өндүргөн клеткалар жайгашкан жер.
The Electrical Order in The Heart is One of The Signs of Conscious Creation | |
1. Right atrium 7. Lower main vein 2. SA nodu | |
A node of tissue known as the SA node in the right atrium of the heart serves like a generator to provide electricity, sending some 72 electrical impulses a minute to the heart of a resting adult. This region produces faster electrical impulses than other tissues. In the event that the SA node is damaged, other sections of the heart's electrical system are able to take over that function, despite beating at a lower speed. For example, the group of cells known as the atrioventricular fascicle (His bundle) has a speed of 40 to 60 beats a minute. If the SA node is damaged, this tissue can take over the coronary rhythm. The way that such a vital system has been created together with a backup system is just another instance of Allah's protection of man. The heart's natural battery is the SA node in the right atrium. The heart also contains nerve fibers transmitting electrical signals from the SA node to other parts of the heart. An electrical impulse leaves the SA node and travels directly to the right and left atria, causing them to contract together, all in 0.04 of a second. There is then a delay that allows the atrium to contract and the ventricles to fill with blood. The electrical impulse heads directly for the AV node, and then to the atrioventricular fascicle after which it divides to the right and left and spreads rapidly towards the right and left ventricles, using the Purkinje fibers, and enables them to contract at the same moment. |
Жүрөк да бир автоунаанын чырагы сыяктуу мүнөтүнө көптөгөн нур (жарык) чыгарат. Ар бир «нур чыгаруу» атайын бир электр жолунан өтөт жана жүрөктүн жыйрылышы үчүн белгилүү бир катар же формада жүрөктүн төрт бөлмөчөсүнүн булчуң дубалын стимулдайт. Алгач үстүңкү бөлмөлөр же кулакчалар стимулданат. Андан соң эки кулакчанын бошошун камсыздоочу кичинекей бир кечигүү болот. Кыймылдаган заряд кулакча жана толтолор арасындагы «AV түйүнү» (атриовентрикулярдык түйүн) деп аталган аймакка жеткенде бир аз жайлатылат. AV түйүнү электрдик сигналды секунданын 14тө бириндей кыска бир убакытка кармап, кечиктирет. Бул абдан аяр жөнгө салынган бир убакыт. AV түйүнү кечиктирүү ажыраткычы кызматын кылуу менен кулакчанын жакшылап сыгылышы, жыйрылышы жана канды толтолорго жөнөтүшү үчүн убакыт берет. Ошентип толтолор электр зарядын алганга чейин, б.а. ичиндегилерди сыртка айдоодон мурда кан менен толук толгон болот. Эгер мындай кечиктирүү болбогондо, толтолор ичине кан албастан насостомок жана денеге жетиштүү деңгээлде кан жөнөтүлбөй калмак. Мындай кечигүүдөн соң электрдик сигнал жолун улантат жана секунданын 16дан бириндей кыска бир убакыт ичинде бүт толто клеткаларын стимулдайт. Эми көп көлөмдөгү кан менен азыктанган жана өзүнүн кезеги келген чоң насос да ошентип кысылат жана денеге кан айдалган болот. Бүт бул процесстер секундадан кыскараак бир убакыт аралыгында ишке ашат.43
Кыскача айтканда, электрдик заряд жүрөгүңүздүн үстүңкү бөлүгүндө көбүнчө SA түйүнүндө пайда болот. Жүрөгүңүз бою электр энергиясынын жайылышын жана кыймылдаган сайын жүрөк булчуңдарынын жыйрылышын камсыз кылат.44 Бирок кадимки шарттарда болушу керек болгон абал такыр башкача. Генератордон жайылган энергия алгач кичине насосторду (кулакчалар), анан чоң насосторду (толтолор) стимулдайт. Бирок электр тогу абдан бат кыймылдагандыктан, эки насос да дээрлик бир убакта кысылат жана жүрөктүн иштөө механизми толугу менен бузулат. Бирок мындай болбойт, себеби булардын баары алдын ала эске алынган бир долбоор бар. Жүрөгүбүздөгү электрдик фаза ушунчалык кемчиликсиз бир долбоор: электр энергиясы алгач кичине насосторду стимулдайт, андан соң бир саамга күтөт, анан чоң насосторду стимулдайт. Бул убакта электр сигналы жолго чыккан соң кичине насостор иштерин бүтүргөнгө чейин бир жерде күттүрүлүшөт.
Мындан тышкары, жүрөк жана кан тамырлары денебиздин муктаждыгын камсыздоо үчүн кан айлануубузду ылдамдатып жайлатуудан көбүрөөгүн жасашат. Ар кандай иштерди тутантуу үчүн канды ар башка кыртыштарга жеткиришет. Тамак жегенибизде ашказаныбызга, чуркаганыбызда өпкөлөрүбүзгө жана булчуңдарыбызга, сүйлөгөнүбүздө мээбизге кан көп барат. Денебиздин ар кандай муктаждыктарын камсыздоо үчүн жүрөк жана тамыр системасы маалыматтарды бир компьютер сыяктуу бириктирет жана эч бир компьютер кыла албаган талаптарга жооп берет.45
Жүрөк согуусунун жайлашы же ылдамдашы көбүнчө көкүрөгүбүздүн кысылышына себеп болот жана жүрөктүн тарсылдашы деген тынчсызданууга жол ачат. Жүрөктүн согуу ылдамдыгынын анормалдуу деңгээлде ылдамдашын же жайлашын жүрөктүн электрдик сигналдарынын анормалдуу жолдор менен кыймылдашы деп атоого болот. Бат же жай согууларды түшүнүү үчүн нормалдуу жүрөк согушунун кантип пайда болоорун жана жүрөк бою кыймылдаарын изилдөө керек.
Жүрөк мындай жөнгө салууну жасай албаганда, жүрөктүн согуу ылдамдыгын жөнгө салуучу электрондук каражаттар (аппараттар) пайдаланылат. Бирок мындай жасалма каражаттар адамды көп нерселерди эске алып, этият болушун талап кылат. Магниттик аймакка кирбеши, магниттик аймакты пайда кылган аппараттардан алыс турушу керек болот. Бирок табигый pacemaker'лерде мындай көйгөй жок. Андай болсо денебиздеги бир топ клетка биз байкабаган муктаждыктарыбызды кантип билип аныктоодо жана буларды камсыз кылууда? Бул биз үчүн денебизде алдын ала даярдалган бир комфорт, бир чара. Булардын баары Раббибиздин бизге болгон чексиз мээриминин көрсөткүчтөрүнүн бирөөсү гана.
Асмандарда жана жердегилердин (бүт жандык, нерселердин) баары Рахман (болгон Аллах)ка бир гана кул болуп келишет. Ант болсун, алардын баарын курчаган жана алардын санын санап койгон. (Мерйем Сүрөсү, 93-94)
Жүрөктүн иштеши үчүн керектүү болгон «кемчиликсиз долбоор» адамдын жаратылуусунда кокустуктардын болбогон-дугунун бир көрсөткүчү | |
QT синдрому – жүрөктүн электр энергиясын өткөрүү жөндөмү бузук болгон тукум куучу бир оору. Мындай оорусу бар адамдар кээде катуу бир коркуу же ашыкча көнүгүү жасоо натыйжасында кокус бир өлүмгө кабылышы мүмкүн. Оорунун себеби жүрөктөгү калий каналында пайда болгон бузулуулар. Жүрөктүн өз кызматтарын туура жасай алышы үчүн электрдик кыймыл бирдей убакта болушу керек. Жүрөктүн согуу ритмин жөнгө салган «pacemaker» клеткалардагы кысылуунун башталышы үчүн ар бир жүрөк клеткасына бир электрдик сигнал жөнөтөт. Бул жүрөктүн согушуна себеп болот. Бул үчүн болсо калий каналдары ачылышы жана калий иондорунун клеткадан чыгышына мүмкүндүк берилиши керек. Бирок QT синдрому бар оорулууларда бул каналдардагы функция бузуктугу натыйжасында клетканын кийинки согуу үчүн электрдик өзгөчөлүктөрүнө ээ болушу кечигет. Коркуу же көнүгүү себебинен жүрөк ашыкча даражада стимулданганда, бузулган каналдар жетиштүү деңгээлде калий чыгышына мүмкүндүк бербейт жана мындай электрдик хаос оорулуулардын кокустан өлүп калышына себеп болушу ыктымал. |
Жүрөк согууларынын бир ритмде болушу абдан маанилүү. Клеткалардагы электрдик заряд агымынын бузук болушу агымдын башталуу убактысынан жана ылдамдыгынан көз-каранды. Эрте башталган бир электрдик ток жүрөктүн мурда согушуна же жетиштүү жыйрылбай калышына себеп болот. Ошол сыяктуу абдан кеч калган же ишке ашпаган бир жүрөк согуусу натыйжасында электрдик сигналдар жайлайт же ылдамдайт; бул да ар түрдүү жүрөк ооруларына алып келет. Демек жүрөктөгү долбоордон тышкары анын иштеши да кемчиликсиз болушу зарыл. Жүрөктөгү запас системалар бул маанилүү кызматтын проблемасыз иштешин камсыз кылат.
AV түйүнүнүн электрдик токту жайлатып, жүрөк согуусун жана кандын денеге насостолушун жөнгө салгандан тышкары, адамдын жашоосу үчүн абдан маанилүү дагы бир кызматы бар. Бул булчуң түйүнү негизги генератордо бир проблема болгондо, анын кызматын аткарат жана запас бир генератор болуп берет. Башкача айтканда, SA түйүнү жабыр тартса, AV түйүнү жүрөктүн согуусун жана ритмин жөнгө салуу кызматын өзүнө алат. Запас генератор негизги күч булагынчалык күчтүү сигналдарды өндүрө албайт (мүнөтүнө 40-50 сигнал өндүрөт), бирок ал өндүргөн сигналдар жүрөктүн өз кызматын улантышын камсыз кылууга жетиштүү. Жүрөктөгү негизги генератор (SA түйүнү) кандайдыр бир себеп менен иштебей калган учурларда 20 жылдай жашаган адамдар болгон.46 Албетте денебизде мындай бир системанын бар болушу бул системанын акылдуу жана аң-сезимдүү бир Жаратуучу тарабынан жаратылганын көрсөтөт. Бул аң-сезим жана акыл асмандарды жана жерди жараткан Улуу Раббибизге тиешелүү.
... Аллахтын чындыгында бүт нерсеге кудуреттүү экенин билбейсиңби. (Дагы) Чынында асмандардын жана жердин мүлкүнүн Аллахтыкы экенин билбейсиңби. Силердин Аллахтан башка досуңар (велиңер) жана жардамчыңар жок. (Бакара Сүрөсү, 106-107)
1. Hypothalamus | 5. Heart regulation center |
The waves of energy that cause the heart to work is initiated by the cell group known as the SA node, and pass, with the help of the artery muscle, to the AV node, and from there to the right and left fibers. A special electrical system ensures these processes. By the will of our Lord, this electrical wave fulfils a vital function in our bodies. |
Көп адамдар кээ бир учурларда жүрөгүнүн ылдамыраак сокконун байкайт. Көп баскычтуу бир тепкичтен бат-бат чыкканда, чуркаганда же толкунданганда жүрөгүнүн согушунун ылдамдаганын, андан соң жүрөгүнүн кадимки ритмине кайра кайтканын ар бир адам сезе алат. Бирок мунун түпкүрүндө абдан улуу бир керемет экенин көбүнчө эч ким ойлонбойт. Жүрөк согууларынын ылдамдыгы дененин ичине жайгаштырылган бир компьютер системасы тарабынан жөнгө салынат.
Жүрөк согуулары ылдамдаганда, денеге жетиштүү кычкылтек берилбесе, клеткалар электрдик тең салмактуулуктарын жоготушат жана ылдам жана бир калыпсыз согуп башташат.47 Ошондуктан жүрөктүн бир калыптуу бир ритмде, тынымсыз согушу абдан маанилүү. Бул процессти бирдей ылдамдык менен жүргөн бир автоунаага окшоштурууга болот. Бирок белгилүү учурларда жүрөктүн темпин ылдамдатышы же тормоз баскычын басып, жайлатышына окшойт. Жүрөктүн ритмин азайтуучу тормоз баскычы – бул «кыдырып жүрүүчү (vagus) нервдер», жүрөктүн ритмин ылдамдатуучу газ баскычы болсо – бул «симпатикалык нервдер».48 Тормоз баскычынын (вагус нервдеринин) кыймылдап башташын камсыздаган болсо – бул ацетилхолина аттуу кабарчы молекула.
Кадимки шарттарда мүнөтүнө 72 жолу соккон жүрөк оор жумуш жасалганда, стресс учурунда, адамга температура чыкканда жана ушул сыяктуу өзгөчө учурларда ашыкча канга муктаж болгондуктан, SA түйүнү ылдамдыгын арттырат. Ошентип муктаждык болгон кан насостолгон болот. Симпатикалык нервдер болсо тамырларды тарайтып, кан басымын жогорулатат, ошондой эле бөйрөк үстү бези адреналин жана норадреналин гормондорунун чыгарылышын камсыздайт. Бул гормондор жүрөктүн иштөө ылдамдыгын жогорулатышат. Тироид безинен чыгарылган тироксин гормону болсо метаболизманы ылдамдатып, жүрөктүн иштешине таасир берет.49 Жүрөктүн өскөн ылдамдыгы жүрөктүн өндүрүмдүүлүгүн эс алуу деңгээлинин беш эсесине чыгара алат.
Симпатикалык нервдер бир машинадагы газ баскычы (педали) сыяктуу жүрөктү ылдамдатышат; аны жайлатуу болсо парасимпатикалык системанын кызматы. Парасимпатикалык система керек болгондо жүрөк булчуңдарынын жыйрылуу күчүн жеңилдетип, жүрөк ритмин мүнөтүнө 40 жолу согууга чейин жайлата алат.50 Артериялардагы кабылдагычтар кан басымынын өскөнүн сезишкенде, ацетилхолина деп аталган химикаттын чыгарылышы үчүн парасимпатикалык нервдер аркылуу мээни стимулдашат. Ошентип кан тамырлар кеңейет; басым төмөндөйт. Эгер таза канды денеге ташуучу тамырлар керек болгондо кеңейбегенде, айрылып талкаланышмак. Мунун натыйжасында баш сөөктүн ичине кан толушу мүмкүн эле жана мээге жетиштүү кан барбагандыктан адам шал болуп калышы мүмкүн эле.
Most heart attacks occur when one of the arteries that nourish the heart with blood becomes blocked. When the muscle cells are deprived of oxygen or nutrients, they become acidic and begin beating spontaneously in an uncontrolled manner. These pulses disturb the rhythmic contractions of the heart. All of this reveals how the heart's design is an example of a superior creation. |
Бирок бир клетка жыйындысы качан, канчалык ылдам согуусу керек экенин кайдан билүүдө? Мунун жөнгө салуусун ким айтып турат жана баары чогуулап мынчалык маанилүү бир кызматты аркалоо аң-сезимине кантип ээ болушкан? Бул педальдар кантип иштөөдө? Ылдамдоо же жайлоо чечими кантип жана ким тарабынан алынууда? Адамдын денесинин ичинде ушунчалык кемчиликсиз бир көзөмөл жана маалымат алмашуу тармагы курулган; адамзат жасаган эч бир маалымат иштетүү тармагы бул системадай кемчиликсиз эмес. Бул системанын денеңиздин ичинде, азыр да, сиздин кабарыңыз болбостон иштеп жатышы улуу бир акыл жана илимдин натыйжасы экенин көрсөтүп турат. Бул акыл жана илим болсо теңдешсиз жаратуучу, каалаганын жаратууга кудуреттүү болгон Раббибизге тиешелүү.
Күч талап кылган бир кыймылды жасаганыңызда, веналардын айланасындагы булчуңдар кирдеген кандын агымын ылдамдатат. Ошентип жүрөктөгү оң кулакчага көбүрөөк кан барат. Натыйжада кулакча булчуңдары керилет. Мындай керилүүнүн натыйжасында пайда болгон нерв сигналдары борбордук нерв системасы тарабынан жүлүн томукчасына берилет. Томукча бул маалыматтарды анализ кылат жана ошол замат жүрөккө бир буйрук жөнөтөт. Жүрөктүн газ баскычы басылат жана ритми ылдамдатылат. Ошентип булчуңдарга көбүрөөк таза кандын барышы камсыздалат.
Жүрөктүн өзүнө зыян бере турганчалык ылдам согуусуна тоскоол болуу үчүн болсо кайра эле атайын бир коопсуздук механизмине муктаждык бар. Жүрөктүн солунан чыккан аорта тамырынын ичинде кан басымын өлчөй турган кабылдагычтар бар. Жүрөк согуулары ылдамдаганда, аорта капталына урган кандын басымы да жогорулайт. Мындай басымдын жогорулашы белгилүү бир чектен өткөндө коопсуздук механизми өз ишин баштайт. Жогорулаган басымды байкаган кабылдагычтар жүлүн томукчасына сигналдарды жөнөтүшөт. Жүлүн томукчасы абалды анализдейт жана жүрөккө жаңы бир буйрук жөнөтөт. Мунун натыйжасында жүрөктүн ритмин жайлатуучу тормоз баскычы басылат жана кан басымы төмөндөтүлөт.
Жүрөктүн ылдам согуусунун адамдын денесине зыян берээрин билген жана буга карата бир чара көргөн күч акылсыз, аң-сезимсиз клеткаларга тиешелүү, же булар кокустуктар натыйжасында пайда болгон деп айтуу акыл жана логикага эч туура келбейт.
Ашыкча кан басымын өлчөй алган кабылдагычтардын бар болушу жана бул кабылдагычтардын эң туура жерге –аорта тамырынын капталына- жайгашышы;
Жөнөткөн буйрукту кайсы тилде жөнөтөөрүн, жүрөк клеткаларынын кайсы тилди түшүнөөрүн билиши жана ушул сыяктуу дагы сансыз көп, акыл жана аң-сезим талап кылган кыймыл-аракеттин кокустуктар натыйжасында болушу же аң-сезимсиз атомдордун кызматташып ишке ашырышы мүмкүн эмес. Мындай кемчиликсиз иштеген система бүт жерди ороп-курчаган Раббибиздин илими жана чеберчилиги менен жаратылган.
In individuals with advanced heart disease, the electrical signals that regulate the pumping between the chambers of the heart become irregular. This makes it hard for the heart to pump blood in a regular manner. |
Кээ бир учурларда адам денеси күчтүүрөөк жана чыдамкайыраак болушу, кадимки шарттардан көбүрөөк кубатта болушу керек болот. Мисалы, бир коркунучка кабылганда, адам өзүн коргошу же эртерээк качышы керек болгон учурларда денеде керектүү жөнгө салуу жасалышы үчүн эң биринчиден жүрөк батыраак согушу жана көбүрөөк кан айдашы керек болот.
Ушул сыяктуу учурлар үчүн да керектүү чара көрүлгөн жана адамдын денесинин ичине дагы бир система жайгаштырылган. Кандайдыр бир өзгөчө кырдаал болгондо, бөйрөк үстү бездерден адреналин гормону чыгарылат. Бул гормон молекуласы –анын чоңдугуна салыштырганда- абдан көп жол басат жана жүрөк клеткаларына жетет. Гормон жүрөк клеткаларына «ылдамыраак кысылуу» буйругун берет. Бөйрөк үстүндө жайгашкан жана бул гормонду өндүргөн клеткалар жүрөк клеткаларын таанып, бул клеткалардын кайсы тилди түшүнөөрүн билген сыяктуу. Ошондой эле, дене чыдамкайыраак болушу керек экенин, бул үчүн болсо жүрөктүн ылдамыраак согушу керек экенин да билишет. Жүрөк клеткалары да бул буйрукка баш ийишет жана батыраак согуп башташат. Ошентип өзгөчө кырдаал учурунда адам денеси муктаж болгон көбүрөөк кан менен камсыздалган болот. Белгилүү Израилдик физик жана молекулярдык биолог Джеральд Л. Шредер (Gerald L. Schroeder) адреналин гормону менен иштеген бул өзгөчө система жөнүндө мындай дейт:
Булчуң клеткалары өзгөчө жүрөктөгү булчуң клеткалары адреналин өткөрүүгө ылайык долбоорлонгон көп сандагы рецепторго (кабылдагычка) ээ. Бир коркунуч сезгенибизде (сезгенибизде дедимби? Кайсы көмүртек атомунун мындай сезимдик травманы сезгени мага кызык негизи) качуу же күрөшүү үчүн биз берген кокус реакциябыз абдан көп санда адреналиндин каныбызга жөнөтүлүшүн камсыздайт. Адреналин жүрөккө жетээр замат пульсубуз ылдамдайт жана кол жана буттардагы күчкө муктаж булчуңдарга кычкылтеги бар кан жөнөтүлөт. Кичи ичегидеги клеткалар глюкоза, аминокислота жана азыктардын майдаланышы натыйжасында пайда болгон май кислоталарын жутуу жана буларды клетка кабыкчаларына алып барыла турган кан айлануусуна жөнөтүүгө ылайык долбоорлонгон.51
Көрүнүп тургандай, аң-сезимсиз атомдордон турган клеткалардын бир коркунуч учурун байкап, «өзгөчө кырдаал» жарыялашы жана денеде керектүү жөнгө салууларды жасашы таң калыштуу көрүнүш. Албетте, акыл талап кылган мындай окуялар тизмегинин кокустуктардын чыгармасы болушу мүмкүн эмес. Булардын баарын жараткан жана клеткаларга качан эмне кылышы керек экенин илхам кылган – бул чексиз кудуреттүү Раббибиз.
Жүрөгүбүздөгү насостоо системасы кемчиликсиз иштеши үчүн электрдик сигналдарга муктаждык бар. Электрдик сигналдар өндүрүлүшү үчүн болсо кандагы натрий, калий жана кальций иондору белгилүү бир санда болушу керек. Бул заттардын кандагы санынын бөйрөк, ичеги, ашказан, өпкө сыяктуу органдар тарабынан жөнгө салынганын эске алсак, анда мындай бир системанын эволюция сыяктуу ойдон чыгарылган бир механизм натыйжасында пайда болушунун мүмкүн эмес экени жакшыраак көрүнөт.
Эң биринчиден, жүрөктө адамзат жасаган бир каражаттан бир топ жогорку бир технология бар. Бирок эң маанилүүсү, канчалык мүмкүн эмес болсо да, жүрөктүн кокустан пайда болушунун өз башынча эч бир мааниси жок. Жүрөк менен бирге миңдеген километр узундуктагы кан-тамырлардын, тамырлардагы кан суюктугунун, бул канды сүзүүчү (тазалоочу) бөйрөктөрдүн, канга кычкылтек берип көмүр кычкыл газын алуучу өпкөлөрдүн, канга азык берген тамак сиңирүү системасынын, бул азыктарды тазалоочу боорлордун, жүрөктүн иштешин жөнгө салуучу нерв системасынын, денени бир бүтүн катары башкаруучу мээнин, денени тик кармап туруучу сөөк системасынын, жүрөктүн иштешине жардамчы боло турган гормоналдык системанын жана ушуга окшогон миңдеген элементтин да бар болушу керек. Булардын баарынын бир-бирине абдан төп келген абалда чогулушу, бирге болушу – аң-сезимдүү, пландуу бир долбоордун, кемчиликсиз бир жаратуунун далилдеринен.
1. Light | 5. Main artery | 9. Light | 13. Micro-processor |
A. A pacemaker (a device that regulates the heartbeat) installed in the body | |||
The heart generates special electricity that allows it to beat regularly. Sometimes when people have heart problems, they need a miniature battery to regulate their heartbeat. These devices, known as pacemakers, permit the heart to beat at a regular speed, by sending it small electric shocks. The way that the unconscious cells in the heart combine to discharge such a vital responsibility happens through the mercy of our Lord. |
36. Dr. Sue Davidson, Ben Morgan, Human Body Revealed, Dorling Kindersley Ltd., 2002.
37. Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, Michael Cavendish Books Ltd., Londra, s. 70.
38. Human Body, Lionel Bender, Science Facts, Crescent Books, New Jersey, 1992, s. 34.
39. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 123.
40. Mark Buchanan, "The heart that just won't die", New Scientist, cilt 161, no. 2178, 20 Mart 1999, s. 24.
41. http://sprojects.mmi.mcgill.ca/cardiophysio/AnatomySAnode.htm
42. http://sprojects.mmi.mcgill.ca/cardiophysio/AnatomySAnode.htm
43. Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, ss. 74-75.
44. http://www.healthandage.com/Home/gm=2!gid2=2089
45. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 124.
46. Marshall Cavendish, The Illustrated Encyclopedia of The Human Body, ss. 74-75.
47. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 154.
48. Curtis&Barnes, Invitation to Biology, Worth Publishers, Inc., New York, 1985, s. 415.
49. Vander, Sherman, Luciano, İnsan Fizyolojisi, Bilimsel ve Teknik Yayınları Çeviri Vakfı, 1997, ss. 222-228.
50. The Incredible Machine, National Geographic Society, Washington, D.C., 1986, s. 128.
51. Gerald L.Schroeder, Tanrının Saklı Yüzü, Gelenek Yayınları, çev: Ahmet Ergenç, İstanbul, 2003, s. 70.