Электр энергиясы бүт жерде бар. Көзгө көрүнгөн жана кармаган бүт нерселерибиздин негизи болгон атомдун ядросу протон жана нейтрон деп аталган бөлүкчөлөрдөн турат. Бул ядронун айланасында болсо тынымсыз айланып турган электрондор бар. Протондор оң зарядга, электрондор болсо терс зарядга ээ. Кадимки шарттарда бир атомдун электрон менен протондору барабар болот. Оң жана терс заряддар бири-бирин тең салмактуу кылгандыктан, атом да нейтралдуу болот. Бул тең салмактуулук бузулганда, б.а. бир атом ашыкча бир электронго ээ болгондо терс заряддуу болот. Атом бир электрон жоготкондо болсо, оң заряддуу болот. Ыңгайлуу шарт түзүлгөндө, мындай заряд тең салмаксыздыктары бир электрон агымын башташат. Ушундай электрондордун агымы болсо «электр энергиясы (электр тогу)» деп аталат. Кыскача айтканда, электр энергиясы – бул электрондордун кыймылынан келип чыккан бир энергия түрү.
Денебиз ушундай электр энергиясы болмоюнча, иштей албайт; электр энергиясы ар бирибиздин жашоосун улантышы, сүйлөй алышы, кыймылдап каалагандарын жасай алышы үчүн абдан чоң мааниге ээ. Ал болбосо, адам же шал болот же болбосо өлөт. Себеби электр энергиясы жок болсо, бүт дене кыймылдары токтойт. Адам – электр энергиясы менен байланыш курган, электр энергиясы менен кыймылдай алган жана электр энергиясы менен беш сезүү органын колдоно алган бир жандык. Адам муну эч байкабаса да, бул дүйнөгө келгенден бери толугу менен электр энергиясынан көз-каранды механизмдер менен көрүп баштайт, ушулар менен айлана-чөйрөсүн тааныйт жана өнүгөт.
Жүрөгү токтоп өлгөнү жаткан бир оорулууга да эң алгач электрдик шок жасалышынын себеби да ушунда. Мындай абалдагы бир оорулуунун айыгышы үчүн дары, витамин же кандайдыр бир тамак-аш берилбейт. Денеге пайда бере турган көп санда заттар турса да, жүрөктүн иштеши үчүн эң биринчиден электр энергиясына муктаждык болот. Себеби дененин электрдик системасы кандайдыр бир себеп менен бузулганда же жанданышы керек болгондо, эч нерсе электр энергиясынын ордуна жарай албайт.
Жандыктардын денесиндеги электр энергиясынын мааниси аныкталган соң бир гана ушул теманы изилдөө максатында университеттерде атайын кафедралар ачылып, илимпоздор бул темада көп изилдөө макалаларын жана китептерди жазышкан. Жандыктардагы электрдик системалар жөнүндөгү изилдөөлөр «биоэлектр энергиясы» деп аталган тармакта дагы эле жигердүү улантылып келатат. Нью-Йорк университетинин Медицина факультетинен невролог Родольфо Ллинас (Rodolfo Llinas) кыймылдап жүргөн бүт жандыктардын денелеринде электр энергиясы бар экенин айтып, мындай дейт:
Бизди биз кылган, кабарларды жетиштүү ылдамдык менен ташыган жалгыз нерсе – бул электр энергиясы... Ойлорубуз, баса алышыбыз, көрүүбүз, түш көрүшүбүз булардын баары негизи электрдик импульстар тарабынан башкарылып, уюштурулууда. Булар бир компьютердеги процесстерге окшош, бирок алда канча толук кандуу жана комплекстүү.1
Денебиз – күн сайын кароого муктаж, электр энергиясы менен иштеген технологиялык продукт болгон бир машина сыяктуу. Бир булчуңуңуз кыймылдаганда, электрдик заряд чыгышы ишке ашат. Мээнин буйруктарын ташыган сигналдар электрдик ток абалында. Мындан тышкары, бүт дене боюнча мээни көздөй кыймылдаган бүт сезүү органдарынын сигналдары да электрдик ток абалында. Клетканын бөлүнүшү, жүрөктүн согушу да электр энергиясы менен. Негизи бүт химиялык өзгөрүүлөр электрдик негизде жүрөт; себеби молекулярдык деңгээлде электрондор которулуп, бөлүшүлөт же өзгөрүүгө дуушар болушат. Адамдын денесинде электр энергиясы менен байланышы жок бир жагдай дээрлик жокко эсе. Сиз эс алуу үчүн жатсаңыз да, энергия өндүрүү менен байланыштуу оор кызматтар сиздин эркиңизден тышкары өз ишин улантат: жүрөгүңүздүн согушу, өпкөңүзгө кычкылтектин барышы жана санап бүтүүгө мүмкүн болбогондой көп сандагы клеткалык иш-аракеттер...
Кыскача айтканда, адамдын денеси жашоосун улантуу үчүн электро-химиялык бир энергия системасын колдонот. Денебиздин электр энергиясы менен иштеген бөлүгүн нерв системасы түзөт. Бир кырсык же майыптык эле болбосо, денебиз электр энергиясын өндүрүүнү да улантат, өндүргөн электр энергиясы менен түнү-күнү иш-аракеттерин да улантат. Жандуулардагы электрдик система металлдардагы электрдик системалардан бир топ артыкчылыктарга ээ. Мындай артыкчылыктардын эң башкысы – бул биологиялык системалардын өзүн-өзү оңдой алышы. Мисалы, манжаңыз кесилгенде, кыска убакытта бул жара айыгат. Муну камсыз кылган системалардын негизинде кайра эле электрдик система турат. Бул – эч бир адамзат жасаган машинада болбогон, тууроого мүмкүн эмес бир өзгөчөлүк.
Денебиздеги электрдик системанын дагы бир артыкчылыгы – бул көп багыттуу колдонулушу. Дененин ичиндеги бардык (айлануу, коргонуу, кыймыл-аракет, байланыш, тамак сиңирүү, бөлүп чыгаруу ж.б.) кыймыл-аракеттер ушул система урматында ишке ашат. Адамзат жасаган электрдик шаймандар болсо көбүнчө бир гана функция же окшош бир канча функция менен гана чектелет: муздатуу, жылытуу, кургатуу, майдалоо, шыпыруу сыяктуу... Ошого карабастан, чоң көлөмдө энергия коротулат. Дене колдонгон электр энергиясы, теңдешсиз системаларды иштетүү үчүн колдонулса да, абдан аз чоңдукка ээ.
Күнүмдүк жашообузда колдонгон электрдик шаймандарда колдонулган электр энергиясынын күчүнүн (чыңалуусунун) белгилүү бир деңгээлде болушу зарыл. Бирок муну жөнгө салуу машинанын өзү тарабынан эмес, кайра эле адамдар жасаган атайын шаймандар жардамы менен туруктуу кармалат. Бул деңгээлдин бузулуу ыктымалына каршы токту бирдей кармоочу адаптерлер, трансформаторлор (чыңалууну жөнгө салуучулар) колдонулат. Антпесе машинанын бүт тетиктери бузулат. Денебизде болсо мындай жөнгө салуулардын баары биздин кабарыбыз да болбостон жасалат.
Ошондой эле, денебизде электр энергиясы тынымсыз колдонулат. Эс алып жатканыбызда да денебизде электрдик импульстардын агымы уланат. Мындай кичинекей электрдик импульстар секунданын миңде биринчелик кыска убакытта тынымсыз өндүрүлүшөт. Электрдик шаймандардын болсо орточо 10-20 жылдык өмүрлөрү бар. Ал тургай, көбүнчө андан да эрте оңдолушу, тетиктеринин алмаштырылышы керек болот. Ал эми адамдын денеси болсо (өзгөчө кырдаалдан тышкары) өмүр бою үзгүлтүксүз, эч эс албастан, чарчабастан электр энергиясы менен өз кызматтарын аткарат.
Адамдын акылы жана илими менен ага окшошту жасоого мүмкүн болбогон дене системаларынын ар бири, ал тургай бир даана нерв клеткасы да, биздин пайда болушубуздун (жаралышыбыздын) кокустуктар натыйжасында болбогонун далилдей алат. Китеп бою майда-бараттары карала турган бул электрдик системалар болбостон, денебиздеги башка системалардын, органдардын бар болушунун, кемчиликсиз иштешинин эч бир мааниси болбойт. Ошондуктан, жандуулардын кокустуктар натыйжасында пайда болгонун жактаган эволюция теориясынын негизги догмаларынан болгон «баскыч баскыч өнүгүү» эч мүмкүн эмес. Хоймар Фон Дитфурт (Hoimar Von Ditfurth) өзү эволюционист болгонуна карабастан, кокустук догмаларынын эч мүмкүн эмес экенин Динозаврлардын добушсуз түнү аттуу китебинде мындай деп айткан:
The production of electricity and electrical exchange of information in the human body continue even when we are asleep. This is one of the examples of our Lord's infinite mercy. |
Жандуу түзүлүштөрдүн бир гана кокустуктар натыйжасында пайда болушунун статистикалык жактан мүмкүн эмес экени көп жактырылган жана илимдин учурдагы жеткен чегинде абдан актуалдуу бир мисал. Чынында эле биологиялык функцияларды аткарган бир даана протеин молекуласынын жасалышын, кереметтүү өзгөчөлүктөрүн караганыбызда, муну баары туура жана керектүү бир катарда, туура убакта, туура жерде жана туура электрдик жана механикалык өзгөчөлүктөр менен бири-бирин табышы керек болгон көптөгөн атомдун бир-бирден кокустуктар натыйжасында табышышын түшүндүрүү мүмкүн эместей көрүнүүдө.2
Адамдын денеси өз тогун өзү өндүрөт. Денеде кандайдыр бир функциянын ишке ашышы үчүн тиешелүү органга же кыртышка бир сигнал жөнөтүлүшү зарыл. Ошондуктан өмүрүңүздүн уланышы үчүн дененин эч бир чекитинде кокустук болбошу керек. Себеби миллиондогон детальдын бир учурда, керектүү өлчөмдө, керектүү убактарда катасыз жана кемчиликсиз болушун, булардын баарынын эч чарчабастан, тынымсыз 60-70 жыл кереметтүү бир координация менен иштешин кокустуктар менен түшүндүрүү эч мүмкүн эмес. Ар бир орган өз башынча кыймылдаса, аларга келген буйруктарды кечиктирсе же буларга өзү каалагандай жооп берсе, каалаганда чоңойуп, каалаганда иштесе, анда мындай хаос шарттарында бир көз ирмем да жашоо мүмкүн болмок эмес. Болгондо да, мындай бир хаос абалынын болушу үчүн кыска мөөнөттүү бир кечигүү же аз сандагы клетканын башаламандык чыгарышы да жетиштүү болмок. Кокустук догмаларынын ээлери эволюционисттер да өз көздөрү менен көргөн мындай системага болгон суктанууларын жашыра алышпоодо жана «бул органдар, системалар дал болушу керек болгон жерде, формада жана өз функциялары менен, дененин ичинде кандайча болуп жайгашкан» деген суроонун алдында чарасыз калышууда. Чынында болсо, жооп апачык: булардын баарын кемчиликсиз жараткан – бүт ааламдардын Жаратуучусу болгон Улуу Аллах:
Ал – жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган (Зат). Кийин анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «оңдоп, бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сежде Сүрөсү, 7-9)
1. Lungs | 3. Brain | 5. Kidney |
The Electrical Order in Our Bodies is A Blessing From Our Lord | ||
Almost no process in the human body takes place without electricity. Even when you are resting, the activities in your body—your heartbeat, the passage of oxygen into your lungs, and innumerable cellular activities—continue uninterrupted as a blessing from our Lord. |
1. Emily Sohn, "Electricity's Spark of Life", 1 Ekim 2003; http://www.sciencenewsforkids.org/articles/20031001/Feature1.asp
2. Hoimar Von Ditfurth, Dinozorların Sessiz Gecesi, cilt 1, s. 123.