Жыйынтык - Бүт Жандыктарды Улуу Аллах Жараткан

Дарвинизм – дүйнө тарыхынын эң логикасыз, эң акылга сыйбас жалган дини. Жашоонун ар бир деталында кемчиликсиз бир тартип менен акыл бар экенине карабастан, дарвинизм булардын баарын аң-сезимсиз, кокус процесстер натыйжасында пайда болгон дейт. Протеин лабораторияларда да өзүнчө жасоо мүмкүн эмес, абдан комплекстүү бир түзүлүштөгү молекула, жана электрондук микроскоптун астында мынчалык комплекстүү бир жашоонун болушу чындап таң калыштуу. Бирок дарвинизм бул кереметтүү жаратууну дагы «кокустан пайда болду» дейт. Жандыктар бир-биринен абдан айырмалуу өзгөчөлүк, сыпаттар менен жаратылган, жана алардын орган менен түзүлүштөрүнүн бир-бирине айланышынын мүмкүн эместиги толук белгилүү болду. Бирок дарвинизм дүйнөдөгү кереметтүү көп жандык түрлөрүн бир даана бактериядан келип чыккан дейт. Дарвинизмдин пикирлеринин чындык экенин, жандыктардын эволюциялашканын көрсөткөн бир даана дагы далил жок. Бирок ошого карабастан, дарвинист журналдар ар апта жаңы бир жасалма фоссилди жарыялоодо. Жер бетинде апачык бир тартип жана кооздук бар. Бирок дарвинизм булардын баары хаостон, башаламандыктан өзүнөн-өзү, сокур кокустуктар натыйжасында пайда болгон дейт. Бул чындыктар эске алынганда, дарвинизмдин дүйнөлүк масштабда кабыл алынышы, акылдуу бир адамдын кандайдыр бир логика жана далил таба алышы мүмкүн эмес.

açlık_şidddet

Darwinist eğitim devam ederken, Darwinizm'in dünyaya getirdiği belaların son bulması oldukça zordur.

Анткен менен, бул алдамчылык максатына жеткен. Хадистерде дажжал фитнасынын бүт дүйнөнү капташы кабар берилген. Чындап эле бүт дүйнө дажжалдык система болгон атеист масондуктун таасири менен жалган бир системаны аңкоолук менен кабыл алды. Ар улуттан, ар ишенимден көп санда адам бул жалган системага ылайыкташып калган. Адамдар мындай бир жалган динге баш ийүүнүн аларды кантип бир туюкка салаарын болжой алышкан эмес. Көпчүлүгү бул теорияны чындап эле илимий деп ойлоп, муну катардагы бир теория катары көргөн жана мунун өз дүйнөсү, өз келечеги үчүн канчалык кооптуу экенин түшүнгөн эмес. Тереңирээк ойлонуп, адамды «эволюциялашкан бир айбан» деп айткан бир калптын адамдар, коомдор, мамлекеттерге канчалык кыйратуучу таасир калтыраарын алдын-ала болжой алышкан эмес. Бузуку бир пикир системасынын аларды ороп-курчаганын, балдарына, өлкөлөрүнө, жашаган чөйрөсүнө терс таасир бергенин байкашкан эмес. Бул бузуку пикир системасынын айланасындагы зомбулуктардын, кыргындардын, кылмыштардын, уурулуктардын, адеп-ахлаксыздыктын, ахлактык бузулуунун, анархиянын, согуштардын, террордун түпкү себеби экенин жана барган сайын саздын ичине батып баратканын түшүнө алышкан эмес. Балдарына дарвинизмди окутуунун аларды жаман мүнөздүү, моюн толгоочу, адеп-ахлаксыз кылаарын, адамдык сыпаттардан алыстатаарын ойлошкон эмес. Дажжалдык система атеист масондук ушунчалык тымызын, ушунчалык чоң бир оюн ойногондуктан, адамдардын көпчүлүгү байкабастан, башына эмне келээрин билбестен бул оюнга алданышкан. Азыркы дүйнөдөгү абал ушул капылеттиктин жана дарвинизм балээсине маани бербестиктин натыйжасы.

Адамдардын көпчүлүгүн билип же билбестен дажжал жактаган жашоо формасына баш ийишинин, дажжалияттын айткандарын кылышынын, албетте, абдан зыяндуу натыйжалары болгон. Дажжалдын жалган динине баш ийүү Аллах ыраазы боло турган сонун мүнөздөн, Раббибиздин ыраазылыгынан алыстоо деген мааниге келет. Дүйнөнүн көп бөлүгүндө Куран ахлагына туура келбеген абалда өмүр сүрүлүп жатканынын негизги себеби ушул. Аллах Куранда адамдардын бир-бирин жакшылыкка чакырып, жамандыктан кайтарышын айткан. Бүгүн дүйнөнүн көп тарабында бул чоң жоопкерчилик аткарылбай жатат, тескерисинче адамдар дайыма жамандыкка багытталышууда. Аллах адамдарды өзүмчүлдүктөн, сараңдыктан, шүгүрсүздүктөн, туруксуздуктан, кызыкчылыктын артынан чуркоодон, арамды кылуудан, кызганычтык, жаман сөз айтуудан жана адилетсиздиктен, ысырапкорчулуктан, текебердик, бой көтөрүү жана ачуулануудан кайтарган. Азыр болсо көп элдерде бул кулк-мүнөз түшүнүгүнүн толук карама-каршысы орун алган. Куранга баш ийген Мусулмандар арасында башканын напсисин өз напсисинен өйдө койуу, ага дайыма биринчи кезекти берүү негиз болуп саналат. Бирок учурда адамдардын көпчүлүгү өз кызыкчылыгын гана көздөйт жана ал үчүн абдан уялтуучу иштерге да барышат. Куран боюнча адилетсиздик менен бирөөнү өлтүрүү арам. Азыр болсо кылмыштардын саны укмуш көп. Куран боюнча бүт адамдар башкалардын акысын коргошу керек. Ал эми азыр болсо дүйнөнүн көп өлкөсүндө система адамдардын бир-биринин акысын колунан жулуу, бир-бирин алдоо системасына таянган. Куран боюнча мал-мүлктүн муктаждыктан ашыкчасы жакырларга берилет. Дүйнөнүн көп өлкөсүндө учурдагы системада жакырлар тынымсыз эзилип, жок кылууга аракет кылынып, бай болсо андан да байуу үчүн ач көздүк кылууда.

dostluk, kardeşlik

Tüm dünyada kardeşliğin, sevginin, barışın yaşanması ancak Kuran ahlakının yaşanması ile mümkün olabilir.

Аллах Куранда билдирген адеп-ахлактын тескерисинин өкүм сүрүшү дажжал курган системанын бир натыйжасы. Адамдардын көпчүлүгү дажжал системасын ээрчигендиктен улам бейпил жашоо мүмкүнчүлүгү туруп антип жашай албай жатышат, бактылуу болуу мүмкүнчүлүгү туруп бактылуу боло албай жатышат, берекеге жетүү мүмкүнчүлүгү туруп берекесиздикте жашашууда. Дажжалдын системасы адамдар үчүн чоң бир балээ болду.

Бирок дажжалият эми пикирдик жактан өлдү. Атеист масондордун бүт оюндары белгилүү болуп, жок кылынды. Дажжалият бутка туруп кармана турган эч бутак калган жок. Адамдарды эми алдай албай, дарвинизмге эч кимди ишендире албай калды.

Муну Аллахтын каалоосу менен келечекте да кыла албайт. Себеби Аллахтын убадасы боюнча жалган сөзсүз жок болот. Аллах муну адамдар Аллахтын кудуретин жакшылап түшүнүшү, акыйкатты апачык көрө алышы үчүн жараткан. Болбосо, дажжал системасын жок кылуу жана Куран ахлагын бүт дүйнөгө жайылтуу үчүн Аллахтын «Бол» буйругу эле жетиштүү, албетте. Дажжал өз тузагын чоң, күчтүү деп ойлогон. Бирок Аллахтын тузагы тарабынан кыйрады. Ааламдардын Рабби Аллах аяттарында мындайча билдирет:

Эгер ал өлкөлөрдүн калкы ишенгенде жана коркуп-тартынганда, чынында аларга асмандан да, жерден да (сансыз) молчулуктарды (берекелерди) ачмакпыз; бирок алар калпка чыгарышты, Биз болсо аларды кылгандары үчүн кармадык. Ал өлкөлөрдүн калкы түнкүсүн уктап жатканда, аларга оор азабыбыз келбейт деген ишенимде беле? Же ал өлкөлөрдүн калкы күндүз ойноп-күлүп жүрүшкөндө, аларга оор азабыбыз келбейт деген ишенимде беле? (Же) Алар Аллахтын тузагынан (түшпөйбүз деген) ишенимде беле? Аллахтын бир тузак курушунан зыянга жолуккан бир коомдон башкасы (акылсыздык менен) ишенимде болбойт. (Аьраф Сүрөсү, 96-99)

Акылы жана абийири бар бир адамдын милдети – бул акыл, логика, абийир жана илим көрсөткөн чындыктарга баш ийүү жана бүт нерсени Аллах жаратканын кабыл алуу. Күмөнсүз, Улуу Раббибиз адамдардын мактоосуна, моюн сунушуна, кудуретин түшүнүшүнө жана ибадатына муктаж эмес. Адам өзү муктаж. Аллахка карата текеберденүү адамга дүйнө жана акыретте кыйроо гана алып келет. Аллахка моюн сунуу болсо дүйнөдө жакшы, сонун жашоого, акыретте болсо бул дүйнөгө эч салыштыргыс чексиз, чоң немат-жакшылыктарга жетүүгө себеп болот. Бирок баарынан жогорусу, адамга эң чоң сый Аллахтын ыраазылыгы болот.

Дажжалдын жеңилүүсү болсо түбөлүк уланат. Дарвинизмдин кыйрашы мунун эң маанилүү көрсөткүчү. Эң негизгиси мындан соң абийир көрсөткөн жолду ээрчүү, өмүрдү дажжалдын туткуну болуп өткөрбөө керек. Эгер бир адамдын акылы менен аң-сезими жайында болсо, туура жол ушул.

Бүт нерсенин ээси жана башчысы Аллах бир аятында мындайча буюрат:

manzara

Азап силерге келип калаардан мурда Раббиңерге кайткыла жана Ага моюн сунгула. Кийин силерге жардам берилбейт. Раббиңерден силерге түшүрүлгөндүн эң сонунун ээрчигиле; силер эч күтпөй турганыңарда азап кокустан силерге келип калышынан мурун.
(Зүмер Сүрөсү, 54-55)

Айтышты: «Сен – Улуксуң,
бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок.
Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүм жана хикмат (терең акыл) ээсисиң.»
(Бакара Сүрөсү, 32)