Киришүү - Алтын Кылым Сүйүнчүсү

Пайгамбарыбыз (сав) мындан 1400 жыл мурда акыр заманда, б.а. биз жашап жаткан учурда, боло турган окуяларды абдан кеңири кабар берген жана аны кеңири сүрөттөгөн. Акыр заманда адамдар Куран ахлагынан алыстаган бир доор болоорун; дүйнө жүзүндө чоң бир бузукулук, фитна, согуш, каргаша жана адеп-ахлактык бузулуулар болоорун кабар берген. Ошондой эле, Пайгамбарыбыз (сав) хадистеринде билдиргендей, Аллах ушул доордо Аз. Иса (a.c.) жана Раббибиздин Хади (хидаят (туура жол) берүүчү) сыпатына ээ Аз. Мехди (a.c.)ды жөнөтөт. Аз. Иса (a.c.) жана Аз. Мехди (a.c.) чыга турган бул куттуу доордо каапыр философия жана идеологиялар бүтүндөй жок болуп, дүйнөнүн төрт тарабында уланып жаткан зулумдук жана каргашалар толугу менен токтойт. Аз. Иса (a.c.) жана Аз. Мехди (a.c.) доорунда Аллах ишеними Пайгамбарыбыз (сав) доорундагыдай орун алып, Куран ахлагы бүт тарапка жайылып, дүйнө жүзү бакубаттык жана тынчтык мекенине айланат. Жер бетинде эч кандай согуш, карама-каршылык болбойт, курал-жарактар жок кылынып, бир адамдын да мурду канабайт. Өтмүштө болгон уятсыздыктар, басымдар, зулумдуктар, жакырчылык, адилетсиздиктер жана адеп-ахлактык бузулуу бул куттуу доордо жоголуп, бүт кыйынчылыктардын ордуна береке, молчулук, байлык, сулуулук, тынчтык жана бейпилдик келет. Технологияда абдан зор өнүгүүлөр болот жана алар бүт адамдардын жакшылыгы жана бейпилдиги үчүн колдонулат. Искусство жана кооздук багытында да абдан сонун өнүгүүлөр болуп, бул доор Улуу Раббибиздин каалоосу менен «Алтын кылым (доор)» катары эскерилет.

Раббибиз бул дүйнөдө сыноонун бир шарты катары бүт жакшы нерселер менен бирге алардын карама-каршысы болгон терс күчтөрдү да жаратат. Ар доордо пайгамбарлардын жана ыйман келтиргендердин алдынан терс күчтөр, б.а. каапырлар (Аллахтын жокко чыгаруучулар) чыккан жана алар Аллах ишенимине жана жакшы адеп-ахлакка каршы күрөшүшкөн. Бул Аллахтын бир мыйзамы. Аз. Муса доорунда Фараондун, Аз. Ибрахим доорунда Немруддун, Аз. Мухаммед (сав) доорунда Эбу Лехебдин жана Меккелик мушриктердин бар болушу – ушул Аллахтын мыйзамынын бир көрүнүшү. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде кабар берилгендей, Аз. Иса (a.c.)дын түшүшү жана Аз. Мехди (a.c.)дын чыгышы күтүлүп жаткан акыр заманда чыга турган терс күч болсо «дажжал (тажаал)» болот.

Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистеринде айтылган акыр заман алааматтарынын дээрлик баары хижрий календарь боюнча 1400-жылдан бери, б.а. дал Пайгамбарыбыз (сав) айткан убакта ишке ашты. Жүздөгөн алааматтын ишке ашкан болушу – акыр замандын биз жашап жаткан доор экенин көрсөткөн жана ошондой эле Алтын кылымдын абдан жакын экенин сүйүнчүлөгөн абдан маанилүү бир маалымат. Биз жашап жаткан акыр заманда дажжал фитнасы да чыкты. Абдан көп адамдарды динсиздикке (атеизмге) түрткөн, дүйнөгө адам өлтүрүү, согуштарды алып келген, коомдорду адеп-ахлактык бузулууга, анархияга, бузукулукка жана кылмыштарга түрткөн дажжалдын чоң фитнасы – бул дарвинизм. Дарвинизм, эч кандай илимий таянычы жок туруп, 150 жыл ичинде элдерге мажбурдуу түрдө сиңирилип, адамдар бул чоң калпка массалык түрдө алданышты жана кээ бир коомдор дарвинисттик идеологияга таянуу менен согуштарга, киши өлтүрүүлөргө, террорго, анархияга түртүлүштү. Дажжализм дарвинизм фитнасы менен бүт дүйнөнү каптап, эч кандай илимий далилге таянбаганына карабастан, жалган (жасалма) сөздөр жана далилдер менен кээ бир мамлекеттердин расмий коргоосуна алынган. Дарвинисттик идеология акыр замандын эң чоң фитнасы болгондуктан, кыска убакыт ичинде жасалма бир ийгиликке жетип, тарыхтагы эң чоң массалык жалганчылык катары тарых беттеринен орун алды.

Бирок албетте башка чоң фитналар сыяктуу, дажжалдын бул чоң фитнасы да кулап жок болуу алдында. Акыр замандын куттуу доору Алтын кылым дажжалдын фитнасы токтоп, согуштар жана уруштар бүткөн, адамзатка чоң балээлерди алып келген динсиз идеологиялар тарыхтын караңгылыктарына көмүлгөн жана дүйнө молчулук, берекет жана адилеттикке толуп ташкан бир доор болот. Бул доордо Ислам ахлагы бүт дүйнөгө жайылып, адамдар топ топ болуп Аллах ишенимине багытталышат. Мына ушул куттуу доор абдан жакындады. Пайгамбарыбыз (сав)дын хадистери боюнча, Аз. Мехди (a.c.) чыкты. Адамдар аны тааный турган убакыт да абдан жакын. Ошондой эле хадистерден көрүнүп тургандай, Аз. Иса (a.c.)дын түшүшү да абдан жакынкы убакта болот. Дүйнө жүзүндө дажжал системасынын эң чоң фитнасы болгон дарвинизм болсо тарыхында эң чоң жеңилүүгө дуушар болду. Дажжал эми өлдү. Абдан жакын калган Алтын кылымдын береке жана молчулугу, бейпилдик жана тынчтыгы Аллахтын буйругу менен бүт адамзатка жайылып, бүт дүйнөнү каптайт. Улуу Раббибиз бир аятында мындайча буюрат:

Аллах жазып койгон:
«Ант болсун, Мен жеңишке жетишем жана элчилерим да.» Чындыгында, Аллах – эң улук күч-кубат ээси, күчтүү жана баарынан жогору. (Мүжаделе Сүрөсү, 21)