Aldatıcı yayınlar, artık Darwinizm'i ayakta tutmaya yetmemektedir. Bilimsel deliller bu sahte teoriyi kesin olarak ortadan kaldırmıştır. |
Массалык маалымат каражаттары (ММК) адамдарга эң көп таасир берген каражаттардын башында турат. Кээ бир адамдар илимпоздордун сөздөрүнүн баарына ыйман келтирген сыяктуу, илимий журналдардын авторлоруна, телевизор кабарларына да ошондой даражада ишенишет. Учурдагы таанымал дарвинист басмалардын кандайдыр бирөөсүндө чыккан дарвинизмди жактаган бир макала аны окуган көп адамдар үчүн жетиштүү бир булак болуп саналат. Адамдарда дарвинизмдин жасалма далилдерин жарыялаган бир илимий журнал сөзсүз чындыкты жазат деген ишеним бар. Көп адамдар ал журналдын дарвинизм дининин бекем мүчөлөрүнүн бири экенинен кабарсыз. Ошондой эле, дарвинизм динин жактаганда, акылдан, логикадан, туурадан, илимден алысташканын да билишпейт.
Ушул тапта дарвинист диктаторлуктун таасири менен көп сандагы илимий журнал дарвинизм тараптары абалында. Дүйнөлүк масштабда дарвинизмге каршы эч бир макаланын алдыңкы планга чыгарылып, кабыл алынышына жол берилбейт. Мына ушул себептен дарвинисттер ээ чыккан, дарвинисттер жактап колдогон басмалар берген кабарлар, бул кабарлар дүйнөлүк масштабда кабыл алынгандыктан, көптөгөн окурман менен көрарман тарабынан заматта кабыл алынат.
Чынында болсо бул чоң бир жаңылыштык.
Дарвинисттердин максаты пропаганда гана. Алар New Scientist же National Geographic'те чыккан алдамчы бир эволюция кабарынан окурмандардын көпчүлүгү күмөн санашпайт деген ойдо аларды даярдашат. Дүйнөгө таанымал илимпоздордун дүйнөгө таанымал макалалары жарык көргөн Nature сыяктуу бир илимий журналдын бир жалганды басып чыгарышы окуганы жөнүндө жакшылап ойлонбогон адамдар үчүн мүмкүн эмес көрүнүш болуп саналат. Ансыз да мындай абал дарвинист пропаганда жагынан ушунчалык пайдалуу болгондуктан, дарвинисттердин «ылай сууда кокустан алгачкы клетка пайда болгон» деген жомогу сыяктуу акылга сыйбас бир комедияга дагы көп адамды ишендириши кыйынга турбайт. Бул жомоктун татаал сүйлөмдөр менен жана бир илимпоздун колу менен дарвинизм тараптары Nature сыяктуу бир журналда жарык көрүшү жетиштүү болот.
Материалисттик көз-караштагы бир адам же бир уюм материализмди сактап калуу үчүн бүт баарына даяр болушу мүмкүн. Материализм тараптары басмалардын кылганы да ушул. Алар дарвинизмди актуалдаштыруу жана аны жактоо үчүн бүт баарын кылышып, көз көрүнөө илимди бир маска катары колдонушууда. Бул материалисттик көз-карашты Nature журналынын төмөнкү сөздөрү жакшы сүрөттөгөн:
Бүт маалыматтар бүт нерсени долбоорлогон бир затты көрсөтсө дагы, мындай бир гипотеза илимден тышта калмак, себеби натуралисттик эмес. 169
Көрүнүп тургандай, материалисттер илимий бүт конкреттүү табылгалар жаратылууну тастыктаса дагы, аны кабыл албашка өздөрүн коддоп коюшкан. Демек, илимийликтен сөз кылуу албетте мүмкүн эмес. Материалисттердин дарвинизмге болгон туруктуулугу илимий эмес, догматикалык. Дарвинизм илимий жактан кыйратылганына карабастан жакталууда, жаратылуу болсо сансыз илимий табылга тарабынан тастыкталганына карабастан бул адамдар тарабынан караңгылык менен жокко чыгарылууда. Себеби материализм боюнча, заттан (материядан) тышкары бир түшүндүрмө кабыл алынбайт. Мына ушул себептен илимди жамынган бул журналдардын илим менен байланышы жок эволюция сыяктуу бир теорияны жактоодогу өжөрдүгү түшүнүктүү болот. Бул журналдар үчүн, кандай баага турса дагы, жандыктардын жаратылганы жөнүндөгү чындыкты көрсөткөн далилдерди кабыл алуу мүмкүн эмес. Ошол себептен дарвинисттер үчүн анын ордуна, бүт дүйнөгө жасалма ыкмалар менен жайылтылган бир алдамчылыкты жарактуу жана туура көрсөтүүгө аракет кылуу туура болуп саналат.
Darwinistlerin hayali uydurma şemaları, yalnızca çaresizliklerinin göstergesidir. Allah'ın yaratılış sanatı, tüm delilleri ve ihtişamıyla gözler önündedir. |
Бул басмалардын колдоочусу болгон илим борборлорунун Аллах ишенимине болгон көз-карашын караганыбызда бул абал андан да ачык көрүнөт. Nature журналында National Academy of Science (NAS) (Улуттук илимдер академиясы) мүчөлөрүнүн динге көз-карашы жөнүндө жасалган акыркы изилдөөдө чыккан жыйынтык мындай: биология жана физика илимдеринен 571 NAS мүчөсүнүн жарымынын берген жообу боюнча, бул илимпоздордун 72,2%ы атеист. 20,8%ы агностик, 7,0%ы гана Аллахтын бар экенине ишенүүдө.170 Нейробиолог эволюционист Роберт Провайн «азыр абдан аз чыныгы диндар биолог калды. Көпчүлүгү атеист жана көпчүлүгү бул абалга эволюция түшүнүгү жана башка илимдер себептүү келди» деген сөзү менен бул чындыкты ачык айтууда.171 Бул чындыктарды караганда, илимдин жаратылуу чындыгын көрсөтүшүнүн атеист илимпоздор арасында чоң бир ачуулануу менен кабыл алынаарын түшүнүү оор болбойт, албетте. Дарвинисттердин ММКны колдонуу менен жасаган аракетинин түпкү себеби мына ушул.
Генри М. Моррис дарвинизм үчүн жасалган бул жалганчы пропаганданын чыккан жерин мындайча баяндайт:
Азыр кеңири тараган ишеним боюнча, Дарвин эволюция мыйзамын ачкан. Натыйжада Дарвин бүт учурлардын эң чоң илимпоздорунун бири катары алкыш алууда. Бирок чынында Дарвин болгону илгерки путпарасттыктын жанданышы үчүн катализатор кызматын аткарган. Болгондо да көптөгөн Батыш Европа өлкөсү бир кылымдан ашык убакыттан бери даярданган Аллахка баш көтөрүүнүн (Аллахты аруулайбыз) ишке ашкан учурунда. 172
Кээ бир адамдардын «илимпоз калп айтпайт», «килейген бир илимий журнал калпты жазбайт» жаңылыштыктары аларды көп жыл бою жаңылтты. Бул адамдар өз араларында курган адашкан ыйман системасы дарвинисттердин андан пайдаланышына, илимди жаман жакка колдонушуна себеп болгон. Бирок анык чындык мындай: материалист бир илимпоз, эгер чындыктар анын кызыкчылыгына туура келбесе жана эгер чындыктар материализмди колдобосо, адамдарды алдоодон эч тартынбайт. Учурда дүйнөдөгү илимпоздордун көпчүлүгү дарвинизмди жактоо менен апачык адамдарды алдап жатат. Жаш балдар да ишенбей турган тантык жомокторду, илимий жактан мүмкүн эместигин билип туруп, адамдарга айтып жатышат. Бул – учурда болуп жаткан жана дүйнөдөгү бүт дарвинист илимпоздор тарабынан жасалып жаткан бир система. Башкача айтканда, дарвинист бир илимпоз, бүт өмүрүн илимдин арасында өткөргөнүнө карабастан, илимди жамынып эч тартынбастан адамдарды алдап, бүт өмүрүн бир калпка арноодо.
ДНКны ачып Нобель сыйлыгын алган, бүт өмүрүн эволюция калпын жактоо менен өткөргөн жана 2004-жылы «адам бир нейрон жыйындысы» деген каршылык алган сөздөрү менен, рухтун бар экенин жокко чыгарып өлгөн физика жана биология профессору Фрэнсис Крик (Francis Crick) мунун эң ачык мисалы. Атеист физик, молекулярдык биолог жана нейробиолог катары, Аллахтын жогорку чеберчилигинин сансыз далилин көргөнүнө жана буларды өзү ачканына карабастан, алардын керемет катары атайын бир жаратылууга ишарат кылганын адамдардан жашыруу үчүн өмүр бою алпурушкан. Ал тургай, Аллахтын бар экенин кабыл албаш үчүн (Аллахты аруулайбыз) жашоо башка планеталыктар (инопланетяндар) тарабынан алып келинген деп айтканга чейин барган. 173 Натуралист, дарвинист көз-караштын бир илимпозго алып келчү жыйынтыгы – ушундай уят кылуучу бир логикасыздык.
Буга башка бир мисал – палеонтология көрсөткөн бүт жаратылуу далилдерин өз көзү менен көрүп изилдегенине карабастан, өмүр бою атеист жана натуралист бойдон калган дагы бир дарвинист илимпоз Гарвард палеонтологу Стивен Джей Гоулд. Стивен Джей Гоулд дагы дал Крик сыяктуу, бүт өмүрүн илим менен алпурушуп өткөргөн, Аллахтын бар экенин өз оюнда жокко чыгара алуу үчүн (Аллахты аруулайбыз) Секирүүчү (Үзгүлтүктүү) эволюция сыяктуу такыр логикасыз жана далилсиз бир теорияны өмүр бою жактоодон тартынган эмес.
Демек, дарвинист илимпоздордун кылгандарынын жана айткандарынын баары туура деген ишеним бир акылсыздык, аңкоолук. Өмүр бою каапырлык ичинде болгон бул адамдар билбеген жана түшүнө албаган бир чындык бар: ааламдардын Рабби Улуу Аллах өмүр бою дажжалиятты жайуу үчүн аракет кылган, бүт өмүрүн ушул күрөш менен өткөргөн адамдардын кылгандарынын текке кетээрин аяттарында кабар берген:
Айткын: «Мамиле (амалдар) жагынан эң көп азапка туш боло тургандарды силерге кабар берейинби?» «Алардын дүйнө жашоосундагы бүт аракеттери текке кетти, (бирок) өздөрүн чынында жакшы иш кылып жатабыз деп ойлошууда.» (Кехф Сүрөсү, 103-104)
Дажжалдын жардамчылары дүйнө жашоосунда Аллах ишенимине каршы жасаган аракетинин бир баркы болот, аны менен жеңебиз жана утабыз деп ойлошууда. Чынында болсо бул башынан чирик бир система. Акыйкат динге каршы болгон бүт системалар Аллахтын убадасына ылайык сөзсүз жеңилет. Улуу Аллах албетте бүт баарына кудуреттүү. Аллах аятында мындайча билдирет:
Ким Аллахты, Анын Пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос тутса, Албетте Аллахтын жамааты гана жеңүүчү. (Маида Сүрөсү, 56)
Göklerin, yerin ve içlerinde olanların tümünün mülkü Allah'ındır. O, herşeye güç yetirendir. |
Дарвинисттердин илимди идеологияларына курал катары колдонуудагы эң белгилүү тактикаларынын бири – бул алардын абдан өзүнө ишенген бир услуп колдонушу. Эволюция жөнүндө тууралыгы анык жана эч талкуулап да кереги жок «илимий» бир теориядай сөз кылышып, Дарвинди болсо дүйнөнүн эң маанилүү илимпозу деп жарыялашат. Бирок көптөгөн илим тарыхчысы менен авторлор апачык айткандай, Дарвин жаңы бир нерсе ачкан эмес, бир табылга тапкан эмес, акыл жана логика жүгүртүп же байкоо жүргүзүп бир теория чыгарган эмес. Бир мас моряктар тобу менен узун бир деңиз саякатын жасап, ал тургай бул сапарда топтогон көп жандык түрлөрүн изилдебестен бир четке таштаган, жана чоң атасынан уккан байыркы Египет менен Шумерден бери келген эволюция калпын кайрадан жандандырган. Албетте, дарвинисттер бул чындыкты эч качан айтышпайт, ал тургай, жакшылап жашырып, адамдарды алдай алуу үчүн Дарвинди чоң бир илимпоздой көрсөтүүгө аракет кылышат. Молекулярдык физик жана ошондой эле теология профессору Алистер Макграт (Alister McGrath) муну мындайча айтат:
Darwin, seyahati sırasında hiçbir bilimsel çalışma yapmamış, yalnızca bazı sarhoş denizcilerle vakit geçirmiştir. |
19-кылымда Американын эң белгилүү атеист жазуучусуна айланган темир жолу адвокаты Роберт Грин Ингерсолл (1833-99) ... 1884-жылкы бир макаласында мындай деген: «Бул кылым Дарвин кылымы деп аталат... Анын эволюция доктринасы, эң ылайыктуулардын жашашы доктринасы жана түрлөрдүн келип чыгышы доктринасы фанаттык христиандыктын акыркы калдыктарын бүт ойлонгон акылдардан алып салды. »174
Бул дарвинист илимпоздордун макалалары орун алган илимий журналдарга да тиешелүү, күмөнсүз. Дүйнөнүн белгилүү илимий журналдарында дарвинизм пропагандасы гана жасалгандыктан, ал журналдарда дарвинист илимпоздордун гана макалаларына орун берилгендиктен жана бул илимпоздор болсо идеология катары эволюция калпын улантуу жана жактоого мажбур болгондуктан, илимий сөздөр менен кооздолгон макалалардын абсолюттук тууралыгына ишенүү акылсыздык болот. Адамдардагы мындай туура эмес ишенимди дарвинисттер көп жылдар бою колдонушту. Бирок эми мунун жоголушунун жана чыныгы илимий туураларды кабыл алуунун убагы келди. Дарвинизмдин эң негизги пропаганда куралы болгон массалык маалымат каражаттары адамдарды алдай албай калганда, дарвинист пропаганда жасоонун башка куралы калбай калган болот.
Башкаларды күнөөлөө – балким эң жакшы белгилүү психологиялык согуш тактикасыдыр. Өзүнүн кемчиликтерин же айыпталган нерселерин башкага жүктөө аркылуу жүргүзүлгөн бир күрөштө бул тактиканы колдонгон тарап көбүнчө ким бул багытта күчтүүрөөк пропаганда жасаса, ошол утат деп ойлойт. Б.а. күнөөлүү тарап, эгер пропагандасын жакшы жасаган болсо, чындык анын тарабындадай жана ал жапа чеккендей көрүнөт жана өз оюнда бул күрөштү жеңген болот.
Бул белгилүү тактика дарвинисттер тарабынан көз көрүнөө жасалууда. Көз бойомочулук кылган, бир алдамчылыкты жактаган, акылга жана логикага карама-каршы келген, алдаган тарап дарвинисттер болгонуна карабастан, эволюцияны жокко чыгаргандар логикасыз пикирлерди жакташууда дегенге адамдарды ынандырууга аракет кылышат. Дарвинисттер адамдарды бул калпка ынандырса, адамдарды болушунча жакшы жана натыйжалуу багыттай алса, ийгиликке жетээрине ишенишет. Бул шайтандык тактика сөзсүз пайдабызга болот жана бүт жасаган көз бойомочулуктарыбыз билинбей калат деп ойлошот. Бирок алар унуткан маанилүү бир чындык бар: жалган эч качан жеңбейт. Бул Аллахтын мыйзамы. Улуу Раббибиз Аллахтын адилети сөзсүз ордун табат. Чынчыл менен алдамчыны билген Улуу Аллах сөзсүз жалганды жок кылат жана акыйкатты бекемдейт. Дарвинисттик тактикалар дажжалдын бир оюну жана бүт жандыктар сыяктуу дажжалды да жараткан Аллах анын бүт оюндарын жер менен жексен кылат. Аллах бир аятында мындайча буюрат:
Мына силерге ушундай... Чынында Аллах каапырлардын тузактарын текке кетирүүчү.
(Энфал Сүрөсү, 18)
Жаратылуу чындыгына каршы чыгарылган бул жасалма ыкма натыйжалуу көрүнгөн жылдар бою дарвинисттер жаратылуу чындыгын айткандарды ар кандай жалаа жана дооматтар менен айыптоого барышкан. Негизи дарвинисттер ыйман келтиргендерге жасаган жалаалар тарых бою жасалган жана Куранда болоору кабар берилген окуялар. Асмандардын жана жердин башкаруучусу Улуу Аллах мындай жалаа жапкандардын абалын аятында төмөнкүчө кабар берген:
Жана (кайра) аларга: «Адамдар ыйман келтирген сыяктуу силер да ыйман келтиргиле» деп айтылганда: «Акылы төмөндөр ыйман келтирген сыяктуу ыйман келтирелиби?» дешет. Билип койгула, чынында чыныгы акылы төмөндөр өздөрү; бирок билишпейт. (Бакара Сүрөсү, 13)
Дарвинисттердин айыптоого өтүшүнүн себеби – жаратылуунун абсолюттук чындык экенин күмөнсүз билиши. Өз ойлорунда мындай шылдыңчыл мамиледе болушунун түпкү себеби – теорияларынын илимий табылга жана далилдер тарабынан тастыкталбаганын билиши жана ушул себептен адамдарды демагогия менен алдоого аракеттениши. Бул дажжал системасына ийгилик алып келет деп ишенишет. Беркли университетинен укук профессору Филипп Джонсон бул тактика жөнүндө мындай дейт:
...Окуучулар үлпүлдөк канаттуу күбө жомогундагы кемчиликтерди, Геккельдин эмбрион сүрөттөрүндөгү көз бойомочулукту, кембрий жарылуусунун сырын жана белгилүү дарвинчилердин дарвинизмдин диний маанилери жөнүндө чынында эмнеге ишенээрин да билиши зарыл. Мындай билим берүүдө көп өтпөстөн, башчылар бир көтөрүлүштүн башталганын көрүшөт. Дарвинчилер тактикасын өзгөртпөйт, себеби эволюция жөнүндө бериле турган туура бир билим берүү эволюцияны сактай албаган гипотезаларды апачык көрсөтөт.
Реалисттик бир аныктама боюнча, натурализм (жалган) бир дин жана ашыкча догматикалык. Бир ишеним менен жакталган акыркы реалдуулук жөнүндөгү жалпы бир көз-карашка таянат. Жана өзүнүн «маалымат» жана «акыл» аныктамалары бар. Маалымат сезимдерибизден келип чыгат жана татаал маалымат түрлөрү илимий изилдөөдөн келип чыгат дешет. Натуралисттик аныктама боюнча, табият-үстүнүн маалыматы деген нерсе жок. Теңир жөнүндөгү сунуштар же акылга сыйбас же акылга каршы деп сыпатталат. 175 (Аллахты аруулайбыз.)
Бирок чынында натурализм менен материализм өзү акылга сыйбайт. Бул адашкан жана жалган ишенимдегилер шанска, кокустукка, аң-сезимсиз окуяларга жаратуучулук сыпатын берген (Аллахты аруулайбыз), акылдуу ой жүгүртүү жөндөмү жок адамдар. Кокустукту жасалма кудай тутунган бузуку бир диндин жактоочулары «маалымат» деген нерсе дагы кайра эле кокустуктар бүт нерсени жоктон жараткан деген пикирге таянат. Ошондуктан бул жерде айтылып жаткан нерсе акыл менен логикага сыйбас адашкан бир ишеним системасы гана. Мына ушул себептен, натурализм, материализм жана дарвинизм жөнүндө сөз болгондо, акыл же маалымат сыяктуу түшүнүктөрдөн сөз кылуунун мүмкүн эместигин түшүнүү да оорго турбайт.
Дарвинисттер апачык бир чындык болгон жаратылуу чындыгынын кеңири түшүндүрүлүп, адамдарды ынандырышынан абдан коркушат. Себеби жаратылуу чындыгын колдогон сансыз далил бар экенин билишет жана аларды көргөн бир адамдын эволюция калпына алдынышы андан соң мүмкүн болбой калат. Башка жагынан, дарвинизмди колдогон бир даана дагы далил жок. Бул чоң алдамчылыкты жактаган кишилердин өздөрүнүн төмөн акылдарында болгон күчү менен жаратылуу ишенимин сындашынын чыныгы себеби ушул. Нью-Йорк университетинин химия профессору эволюционист Роберт Шапиро жыйынтыктар эч качан эволюция теориясын колдобосо дагы сөзсүз аягына чейин дарвинизмди жактаарын төмөнкү акылсыз логика менен айтууда:
Келечекте бир күнү бүт логикалуу химиялык экспериментер жашоонун ыктымалдуу тамырынын бүтүндөй туура эмес экенин көрсөтүшү мүмкүн. Ал тургай, жаңы геологиялык далилдер дүйнөдө жашоонун бир заматта пайда болгонун көрсөтүшү ыктымал. Эң аягында бүт ааламды ачып башка бир жерде бир жашоо изин же жашоого себеп боло турган бир процессти жолуктурбашыбыз мүмкүн. Мындай учурда бир катар илимпоздор жооп үчүн динге кайрылышы мүмкүн. Бирок мен да кошо башкалар, колдогу азыраак ыктымалдуу илимий түшүндүрмөлөрдү калгандардан ыктымалдуураак бирөөсүн тандай алуу максатында тазалоого аракеттенишет. 176
Мына бул сөздөр дажжалдын караңгы системасын даана көрө алуу үчүн, албетте, жетиштүү.
169. Jonathan Welss, The Politically Incorrect Guide to Darwinism and Intelligent Design, Regnery Publishing Inc., Washington, 2006, sf.198-199
170. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 229
171. Robert Provine, Progression in Evolution, s. 68 - Henry M. Morris, John D. Morris, The Modern Creation Triology: Society and Creation, Volume 3, Master Books, 1996, s. 15
172. Henry M. Morris, The Long War Against God, Master Books, 2000, s. 51
173. http://faithfacts.gospelcom.net/ev_
174. Alister McGrath, Dawkins' God: Genes, Memes and the Meaning of Life, Blackwell Publishing Ltd, Usa, 2005, s.49
175. Phillip E. Johnson, Evrim Duruşması, Gelenek Yayınevi, 2003, s. 125
176. Michael J.Behe, Darwin's Black Box: The Biochemical Challenge to Evolution, Free Press, s. 233