Илимий бир теорияда демейде теория чыгарылат; илимий жактан туура же туура эмес деп табылат. Илимий жактан кабыл алынат же жокко чыгарылат. Big Bang (Чоң жарылуу) теориясы илимий бир теория жана тастыкталган. Бул теорияны колдогон далилдерге каршы айтылган сөздөрдүн жараксыз экени анык. Эч ким башка ыктымалдыктарды далилдөө керек деп санабайт. Себеби колдо конкреттүү илимий далилдер бар. Конкреттүү далилдер башка ыктымалдыктарга каршы бул илимий теорияны тастыктады.
Эволюция теориясы болсо илимди жамынып чыгарылган бир теория жана теориянын бир тантырак пикир экени сансыз далил менен далилденген. Теорияны тастыктай турган бир дагы далил жок. Илимий бүт табылгалар теориянын бир гипотеза катары чыгарылганын жана такыр жараксыз экенин күн сайын кайра кайра далилдөөдө. Кадимки шарттарда бул теория качан эле тарыхта калышы керек эле. Бирок эмнегедир мындай болгон эмес. Тескерисинче эволюция теориясы жасалма далилдери менен илимий бир теория көрүнүшүндө окуу китептерине кирип, телевизор каналдарында, даректүү тасмаларда, басмаканаларда жактала турган абалга келген. Ал тургай, Европа Кеңеши болгон күчү менен бул теорияны коргоого аракет кылып, бул теориянын илимий эмес экенин далилдеген далилдердин көрсөтүлүшү үчүн жасалган сунуштарды паника жана коркуу менен кабыл алды. Көп өлкөлөрдүн соттору эволюцияга каршы алып келинген жана окуу программасында орун алган сунуштарды болгон күчү менен четке кагууда. Мындан кыска убакыт мурда федералдык бир сот мамлекеттик окуу жайларда дарвинизмге сын-пикир айтуу конституцияга карама-каршы келет деп айтууга чейин барган.141 Дарвин өз китебинде да айткан «эволюциянын кыйынчылыктарынын» окуу программасына кошулушу жөнүндөгү пикир дарвинист чөйрөлөрдү паникага салды. Кыскасы, дарвинизм дээрлик бүт мамлекеттер тарабынан корголгон, көбүнчө мамлекеттик колдоо менен сактап калууга аракет кылынган калп «илимий» бир теория. Бул чөйрөлөр, жаратылуу чындыгынын окуу жайларда окутулушу эволюция алдамчылыгын көрсөткөндүктөн, болгон аракети менен ага да тоскоол болууга аракет кылышууда. Себеби дарвинизмди бул жалган диндин мыйзамдары боюнча «жокко чыгарууга болбойт». Ошол сыяктуу дарвинизм бүт дүйнөдө фашист бир дарвинист диктаторлуктун коргоосунда.
Жазуучу Анн Коултер (Ann Coulter) бул чындыкты мындайча айтат:
Эволюция теориясын талкуулоодон качынуу үчүн дарвинизм жиндилери дайыма (өз ойлорунда) керексиз чындыктарды бир кошумча бөлүк сыяктуу талкуунун сыртына түртүшөт. Эволюцияны жокко чыгарууну күндүн чыгыштан чыгышын жокко чыгаруу сыяктуу бир нерседей көрсөтүшөт. 142
Дарвинисттик система боюнча дарвинизмди жокко чыгаруу бир кылмыш сыяктуу. Дарвинизм бир жалган дин катары кабыл алынган жана кабыл алдырууга аракет кылынган өлкөлөрдө бул мекенге чыккынчылык кылуудай көрүнүүдө. Эч ким илимий далилдердин теорияны жараксыз кылганын, теориянын эми такыр жараксыз экенин ачык ачык айта албас абалга келген. Дарвинизмди талашсыз бир чындыктай кабыл алуу бир шарт болуп калган. Математика профессору Вольфганг Смит (Wolfgang Smith) бир эволюционист катары бул абалды мындайча баяндаган:
Бизге догматикалык түрдө эволюция кабыл алынган бир чындык деп айтылууда. Бирок муну кимдин, кандай жолдор менен кабыл алганы эч качан айтылбайт. Бизге көп көп бул доктрина далилге таянган деп айтылат жана бул далил «мындан кийин жасала турган бүт тастыктоолордон жогору жана ошондой эле эксперименттер менен алынган кийинки бүт жокко чыгаруулардан тышкары» деп белгиленет. Бирок биз бул далил чындап каерде деген маанилүү суроо алдында толугу менен караңгыда ташталуудабыз. 143
Дарвинизмди жокко чыгарууга бөгөт болунууда, себеби антпесе жалган дарвинизм дининин жактоочуларынын эч бир таянычы жок бул теорияны сактап калууга бир дагы жолу калбаган болот. Жалган бийик үн менен айтылууда жана мунун жалган экенин айтуу кылмыш деп саналууда. Илимди жамынып чыгарылган теория илимден бүтүндөй алыс, расмий жана ачык жокко чыгаруу мүмкүн эмес бир жалган, догматикалык ишенимге айлантылган. Эң негизгиси бул баарынын көз алдында, эч тартынбастан жасалууда.
Бул ушундай бир деңгээлге жеткен; Папа өз үйүндө дарвинизмди жактаган конференцияларды берүүгө мажбурланган. Чиркөөлөр Дарвинден кечирим суроого мажбурланышкан. Университет профессорлору эволюцияны сындаган макалаларынан улам иштеринен айдалып, адистигинен алыстатылышкан. Бул чоң таңуулоо көп өлкөдө олуттуу ийгиликке жетип, өзгөчө жогорку жактарда эволюция эч талкууланбас абалга алып келинген.
Дарвинизмдин жокко чыгарылгыс абалга келишин камсыз кылуу үчүн дарвинисттер керектүү ар кандай жолду колдонушат. Эволюция теориясын жокко чыгарган далилдерди жашырып, эволюциянын жараксыздыгын далилдеген далилдерди каалагандай бурмалап жана адамдарды апачык алдап, эволюциянын далилиндей көрсөтүшөт. Чарльз Дулиттл Уолкоттун 70 жыл бою кембрий фоссилдерин жашырышы сыяктуу.
Дарвинисттик стереотип дарвинисттерди такыр логикасыз нерселерди жактоого жана бул логикасыздыктарды кээ-кээде айтууга мажбурлоодо. Жогорудагы сөзүндө эволюционист биолог илимий далилдер, логикалуу далилдер болбосо дагы, эволюциянын туура экенинен эч күмөн санабашын апачык айтууда. Бул дагы эволюция теориясынын жакталышынын себебинин илимий маалымат жана табылгалар эмес экенин дагы бир жолу көрсөтүүдө. Демек кабыл алуу керек болгон анык бир чындык бар: эволюция адашкан, жасалма, алдамчы бир дин.
Yeri, göğü ve ikisi arasındakileri yaratan Yüce Allah'tır. |
Математик жана философ Уильям А. Дембски (William A. Dembski) дарвинисттердин эволюцияны жокко чыгарууга мүмкүн эмес көрсөтүшүн мындайча айтат:
Дарвинист фанатизмден күмөн саноону сталинисттик бир режимдин партия пикирлерине каршы чыгууга салыштырууга болот. Сталиндин Россиясында болгонуңузда жана Лысенконун туура эмес экенин айткыңыз келсе, эмне кылмак элеңиз? Лысенконун генетикалык теориясындагы парадоксторду жана туура эместерди айта алмаксыз, бирок Лысенко бүтүндөй туура эмес деп айта албайсыз же Лысенкого ачык карама-каршы келген бир альтернативаны сунуштай албайсыз. Азыркы биздин жагдайыбыз мына ушундай. 144
Дарвинисттик диктатуранын басымы менен дарвинизмдин жокко чыгарыла албашы кээ бир адамдардын акылында дарвинизм туура жана кабыл алынган бир теория деген пикир пайда кылган. Себебе адамдардын көпчүлүгү илимпоздор бир тантык пикирди жактай албайт, телевизор жана гезиттер бир алдамчылыкты колдой алышпайт деп ойлоп жаңылышат. Эгер бул бир алдамчылык болгон болсо, сөзсүз муну аныктап жарыялай турган бирөөлөр болушу керек деп ойлошот. Чынында болсо жарыялоого аракет кылган ар бир үн ар кандай басым ыкмалары менен басып коюлган.
20-кылымда басым жана мажбурлоолор менен уланган диктатура салты учурда да дал ошондой уланууда. Дагы эле көп илимпоз жумушумдан айдалам деп коркуп эволюция теориясына каршы эч нерсе айтпай, үй-бүлөлөр балдарынын эволюция таалимин алышына каршы чыкканда сөзсүз басым жана коркутууларга туш болууда. Бирок эволюция теориясы каалашынча окуу жайларда окутулбасын, каалашынча эволюцияга каршы чыккан илимпоздордун оозу жабылбасын, эволюциянын калп экенин көргөн акылдардагы жарыкты эч бир дарвинисттик мажбурлоо жана басым өзгөртө албайт. Учурда Европа Кеңеши балдардын мектептерде эволюция таалимин алышын мажбурлуу кылып койду. АКШнын көп штаттарында окуу программасында эволюцияга туура келбеген жоромолдорго орун берүүгө тыюу салынган. Кытайда, Россияда, дээрлик бүт Азия өлкөлөрүндө, ал тургай, кээ бир Мусулман өлкөлөрдө дагы эволюция теориясы окуу программасынын бөлүнбөс бир бөлүгү болуп саналат.
Муну да айта кетүү керек: бул жерде дарвинисттердин кысымчы жана тыймай көз-карашы сындалууда. Мектептерде жаштарга бир тарых сабагы катары эволюция жөнүндө маалымат берилиши мүмкүн, бирок муну менен бирге эволюция теориясынын жараксыз экенин далилдеген жүздөгөн далилди да жаштарга үйрөтүү илимий жана акылдуу мамиле болмокчу. Жаштар мажбурлуу түрдө, бир тараптуу, кысымчы бир таалим албашы керек, алардын алдына илимий табылгалар эч бир тарапка тартпастан объективдүү коюлушу зарыл жана алар туураны өз акылдары, абийирлери менен көрүү, үйрөнүү укугуна ээ болушу керек.
Бирок дагы бир нерсени айта кетүү туура болот; мындай зордукчул мамиле дарвинисттер тарабынан өз ойлорунда канчалык чоң бир жеңиштей сезилсе дагы, чынында коркуу менен паниканын бир көрсөткүчү. Европа Кеңеши сыяктуу дарвинисттик көз-карашка ээ бир уюм дарвинизмдин кыйрашынан биринчи жолу мынчалык катуу тынчсызданып жатат. Европада көп жылдардан бери жаратылууну баяндаган, эволюциянын жараксыздыгын айткан ар кандай эмгектер жарыяланып, конференциялар уюштурулуп, ар кандай иш-чаралар жасалып келүүдө. Бирок бирөөсү да Харун Яхьянын ири эмгеги Yaratılış Atlası' (Жаратылуу атласы)нын Европага жетиши менен пайда болгон маанилүү натыйжаны жарата алган эмес. Мындай натыйжанын себеби Атласта көрсөтүлгөн илимий табылгалардын эволюциянын жараксыз экенин толугу менен көз алдыга тартуулашында. Эми Европадагы бүт окуучулар эволюция теориясынын 500 миллиондон ашык фоссил тарабынан кыйратылганын билет. Оңой гана кире ала турган бир даана интернет бетинен миллиондогон жыл мурдага тиешелүү сансыз жандыктын фоссил сүрөттөрүн көрүп, жандыктардын эволюциялашпаганына ынанышууда. Сансыз эмгектер натыйжасында дарвинисттик көз бойомочулуктарды жана эволюция теориясынын бир дагы жарактуу илимий далили жок экенин түшүнүштү. Дарвинизм жөнүндөгү чындыктарга оңой гана жете алышат. Дарвинисттер мындан жүз жыл мурдакы натыйжаны кайра ала алабыз деген үмүт менен ошол эле чирик тактикаларды колдонушууда. Бирок дажжалдын оюнунун чыныгы жүзүнүн ачыкка чыкканын унутушууда. Улуу Аллах бир аятында мындайча буюрат:
Же жамандыктарды кылгандар Бизден (ашып) өтө алабыз деп ойлоштубу? Кандай жаман өкүм беришүүдө? (Анкебут Сүрөсү, 4)
Дарвинизмди жокко чыгаруунун мүмкүн эместигинин бир шарты катары дарвинисттер адамдарга таасирдүү ар бир эволюцияга каршы чыккан адамдын оозун жабууга аракеттенишет. Бүт дүйнөгө жайылган жалган дарвинизм дини менен анын жактоочулары бул багытта ушунчалык кысымчыл жана зомбулукчу бир саясат жүргүзүп жаткандыктан, эволюция жөнүндө тигиндей же мындай түрдө бир күмөндүү сөз айтуу дагы ал кишиге кыйынчылыктарды алып келүүдө. Бул фашисттик мажбурлоо боюнча, эволюция жөнүндө күмөн саноо кылмыш. Аны айтуу кылмыш. Эволюциянын далилденбеген бир теория экенин, ал тургай, бир теория экенин эле айтуу кылмыш. Дарвинизмге каршы бир илимпоздун кандайдыр бир университеттин биология бөлүмүндө сабак бериши дээрлик такыр мүмкүн эмес. Дарвинизмди колдогон бир гезиттин беттеринде эволюцияны кыйратуучу бир фоссилдин сүрөтүн көрүү мүмкүн эмес. Бир жогорку класс мугалиминин жаңылыштык менен болсо дагы эволюция теориясы жөнүндө кээ бир күмөндөрү бар экенин айтышы чоң катачылык. Мындай мугалим кыска убакыт ичинде жумушунан айрылат болуш керек.
Мисалы, биология профессору Каролин Крокер (Caroline Crocker) Expelled "No Intelligence Allowed" даректүү тасмасында эволюцияга күмөндүү пикирлер айтканы үчүн George Mason университетинен айдалганын айткан:
Башчым мени бөлмөсүнө чакырды жана «Жаратылууну окутканың үчүн сага жаза беришим керек» деди. ... Ошол семестрдин аягында жумушумдан айрылдым. 145
Каролин Крокер 2006-ж. 5-февральда Washington Post'ко болсо мындай деген:
Эволюциядагы проблемаларды окутканым үчүн George Mason университетиндеги жумушумдан айрылдым. Көп илимпоздор эволюцияны сындашат, бирок айтышкан болсо жумушунан айрылышат. 146
Каролин Крокер жумушунан айрылган соң кара тизмекке киргизилген жана дарвинист диктаторлук тарабынан эч жерден жумуш табышына мүмкүндүк берилген эмес. 147
Др. Рихард фон Штейнберг (Richard von Steinberg) болсо эволюцияны сындаганы жана эволюцияга каршы авторлордун сөздөрүнө орун бергени үчүн National History Museum'дагы (Табигый тарых музейи) жумушунан айрылган. Штейнберг мындай дейт:
(Жаратылуу жөнүндө сөз болгондо) адамдар ачууланчу. Ал тургай, алардын физикалык реакция көрсөткөнүн көрө алат элеңиз. Бөлүм шефи болсо муну (Жаратылуу туурараактай көрүнөт дегеним үчүн) мени интеллектуалдык бир террорист деп атоо аркылуу көрсөткөн. 148
Мээ хирургу Майкл Эгнор (Michael Egnor) болсо адамдар докторлук кесипке ээ болуу үчүн эволюция теориясын окууга муктаж эмес деп айткан соң ага көрсөтүлгөн реакцияны мындайча баяндайт:
Бир топ блогдон бир топ адам мага оозго алынгыс аттарды коюшту. Жагымсыз абдан көп жоромол алдым. Иштеген университетимден жана башка жерлерден адамдар мага чалышты жана мага пенсияга чык деп кеңеш беришти. Дарвинисттик теорияны сындаганда байкаган нерсем жана мени чындап таң калтырган нерсе – бул багыттагы заалымдык, агрессия жана уятсыздык эле. 149
Ошол сыяктуу профессор Роберт Маркс дагы дарвинизмди сындаганы үчүн Baylor университетиндеги изилдөө сайты жабылган жана изилдөөлөрү үчүн ага берилген акчалар кайра талап кылынган.
Ал даректүү тасмада атынын айтылышын каалаган же каалабаган көптөгөн анти-дарвинист илимпоздун башынан өткөн окуяларга орун берилген жана бул адамдар дарвинизмди жокко чыгарганынан улам илимий карьерасынын бүтүндөй жок кылынганын өздөрү айтып беришкен.
Журналист Ларри Уитхем (Larry Witham) болсо дарвинизмдин маңызын жана дарвинист диктаторлуктун ыкмаларын мындайча айтып берет:
Эгер жакшы баалар алгыңыз келсе, жогорку кызматтарга дайындалгыңыз келсе жана эгер элге багытталган билим берүү системасынын колдоочусу катары ар кандай сыйлыктарды алгыңыз келсе, (эволюция) моделин сындай албайсыз.
Ондогон, ондогон илимпоз менен маек курдум. Өз араларында же ишенимдүү журналист менен маектешкенде, «бул төмөндөтүүгө мүмкүн эмес комплекстүүлүктө» же «молекулярдык биология кризис ичинде» сыяктуу сөздөрдү айтышат, бирок муну эл арасында ачык айта алышпайт. 150
Журналист Памела Винник (Pamela Winnick) болсо жаратылуу темасында бир макала жазган соң журналисттик жумушунан айрылганын айтып, мындай деген:
Эгер бул темага (жаратылуу) кандайдыр бир жол менен бир аз болсо да ишеним көрсөтсөңүз, бул үчүн бул темада бир нерселер жазышыңыз эле жетиштүү, анда бир журналист катары толугу менен жоголосуз. 151
Философ Стивен Мейер (Stephen Meyer) ДНКдагы маалыматты кокустук менен түшүндүрүүнүн мүмкүн эместигин, мунун жогорку бир акылдын чыгармасы экенин айткан пикирин далилдери менен бирге биология журналында жарыялаганда, дарвинисттер журналдын редакторунун карьерасын бүтүргүлөрү келген.152 ACLU (American Civil Liberties Union – Америка адамдык эркиндиктер биримдиги) Джорджия штатында жайгашкан Кобб шаарындагы мектептерди окуу китептеринин бетиндеги «ачык акыл менен, жакшылап анализдеп жана сын-пикир менен баалап» эволюцияны окуп-үйрөнүшүн эскерткен этикеткалардан улам сотко берген. Калифорния штаты Лебекте Americans United for Separation of Church and State (Чиркөө менен мамлекеттин бөлүнүшү үчүн бириккен америкалыктар) уюмунун өкүлү үй-бүлөлөр мектептерди эволюция менен жаратылуу темасында тандоо берүү керек деп сунуштаганы үчүн эле сотко берген. Пенсильвания штаты Дуврда ACLU жана Americans United for Separation of Church and State тарабынан колдоо алган кичинекей бир топ тогузунчу класс биология сабактарында жаратылуу чындыгын талкуулоого тоскоол болуу үчүн сот ишин козготкон. Сот бул үй-бүлөлөр пайдасына чечим чыгарган жана мектепке сотко бергендин мыйзамдык укугу болгон белгилүү көлөмдө акчалай айып төлөткөн. Бул акча бир миллион доллардан ашат болуш керек. 153
Жазуучу Анн Коултер бул окуяларды мындайча баалайт:
Дувр окуясынан соң ACLU козгогон иштер менен банкрот болуу рискине киргиси келбеген эч бир мектеп жаратылуу сөзүн оозго алууга да батына албады. Дарвинисттер храмдарынын, б.а. мамлекеттик мектептеринин секулярдык ыйыктыгын сактап калышкан эле. Илимде, ынандырууда жана далилде ута алышкан эмес эле. Либералисттер дайыма уткан ыкма менен утушкан эле: аларга каалаганынын баарын күмүш бир табакта алып келген сотту табуу аркылуу. Бул илим эмес. 154
Дарвинисттер колдонгон мындай зордукчул ыкмалар көп адамдар үчүн абдан натыйжалуу ыкмалар болуп саналат. Бир миллион доллардай акчалай айыпка туш болгон бир мектеп чоң бир кысымга кабылгандыктан, басынып тымтырс болот. Буга батынган окутуучу жумушунан айрылуу рискине туш болот. Бул система Уильям А. Дембски айткандай, бир диктаторлук режимине окшошот. Эч ким диктаторго каршы оозун да ача албайт.
Эволюционист физика профессору Х. С. Липсон бир илимпоз катары илимдин жаратылууну көрсөткөнүн айтат, бирок бул чындыкты кабыл алуунун дарвинисттик диктаторлуктун кысымынан улам канчалык кыйын экенин мындайча баяндайт:
Эгер жандуу бир зат атомдордун өз ара таасирлери, табигый окуялар, радиация таасири менен пайда болбогон болсо, анда кантип пайда болгон? ... Мен ойлойм, биз ... жалгыз акылга сыярлык жооптун жаратылуу экенин моюнга алышыбыз керек. Мунун физиктердин четке түртүлүшү маанисине келээрин билем, бул мага да тиешелүү, бирок эгер эксперименттик далилдер муну колдоп жатса, көңүлүбүзгө жакпаган бир маалыматты жокко чыгара албайбыз. 155
Липсон айткан дарвинисттик четке түртүлүүгө бир топ илимпоз, мугалим жана окутуучу бат бат туш болууда. Мисалы, 1999-жылы Детройтто бир жогорку мектептин мүдүрү китепканага дарвинизмди сындаган кээ бир китептерди койойун дегенде, NCSE (National Center for Science – Улуттук билим берүү борбору) буга, ар түрдүү тоскоолдук ыкмаларын колдонуу менен, абдан катуу каршы чыккан. 156
Джонатан Уеллс мындай тоскоолдук саясаты жөнүндө мындай дейт:
NCSE мектеп башчыларына «эволюциянын илимий жактан талкууланбас экенин, ошондуктан ага каршы айтылган пикирлердин илимий окуу программасына илимий болбогон диний көз-караштарды киргизүү аракетинин натыйжасы экенин» айтууда. Америка соттору калк мектептеринде диний билим берүүнүн туура эмес экенин жарыялагандыктан, бул мектеп башчылыгынын мыйзамга каршы бир нерсени кылууну пландаганын айткан бир эскертүү маанисине келүүдө. Эгер эскертүүнү угушпаса, NCSE ACLU'га кайрылат, колдоо алуу үчүн. ACLU болсо мектеп башчылыгына бир жазуу жөнөтүү менен кымбат бир соттук иш менен коркутат. Өлкөдөгү бүт мектеп башчылыгы акчалай жактан жеңил жагдайда болбогондуктан, NCSE менен ACLU'нун коркутуусу дарвинист эволюциянын мектептерде сындалышынын алдын алууда абдан ишке жараган .157
Мектептерде жаратылуунун окутулбашы жөнүндө укмуш бир күрөш жүргөн Американын Канзас штатында эволюционист биологияны окутууну алып салууга багытталган иш-чаралардан соң Канзастын билим берүү системасы абдан кеңири масштабдуу бир кысымчылык менен мажбурлоого туш болгон. The National Research Council'дин (Улуттук изилдөө кеңеши) башчысы Герберт Лин (Herbert Lin) Science журналына жөнөткөн бир макаласында Американын колледж менен университеттери Канзаста окутулган бүт жогорку класстардын биологиялык сабактары илимий саналбайт деген бүтүм чыгарышы зарыл деп айткан. Кийинки айда Scientific American журналынын редактору Джон Ренни (John Rennie) болсо университеттин кабыл алуу комиссияларынын Канзас мектептеринин башчылыгына «Канзас штатынан аларга келечекте тапшыра турган окуучулардын өзгөчөлүктөрүн абдан кылдат текшеришээрин» билдиришин жана «Канзастагы үй-бүлөлөргө болсо бул жаман чечимдин балдарынын келечеги үчүн жаман натыйжалар алып келээрин билдирген ачык бир жазуу» жөнөтүшүн талап кылган. 158 Мындай коркутуунун мааниси белгилүү. Эволюция теориясына каршы чыгуу кылмыш жана бул кылмышты жасагандар ылдам жаза алышы керек.
Жакынкы убактарда сөз болгон бир соттук иште болсо Woods Hole Oceanographic Institution уюмунан Натаниэль Абрахам (Nathaniel Abraham) аттуу бир изилдөөчү эволюция теориясын кабыл албашын айткан соң жумушунан айдалганын билдирген. 2004-жылы Абрахамга Woods Hole жооптуусу бир илимпоз тарабынан жазылган катта «иштеген уюм илимпоздорунун анализдеринде жана тексттеринде эволюция принциптерин колдонушу керек деген апачык шарт коюлганына карабастан, Абрахамдын National Institutes of Health'дин (Улуттук ден-соолук институттары) «эволюцияны жактаган» иштөө формасын кабыл албаганын айтканы» үчүн жумуштан айдалганы айтылган.159 Б.а. бир илимпоз эволюция теориясына каршы чыкканы үчүн расмий түрдө четке чыгарылган. Мунун 2007-жылы Натаниэль Абрахамдын сотко бериши натыйжасында коомчулукка угулушу, күмөнсүз, эми адамдардын дарвинизм диктаторлугуна баш көтөрүүгө эрдемсий баштаганынын бир көрсөткүчү.
Беркли университетинен укук профессору Филипп Э. Джонсон 1981-жылы Англия табият тарыхы музейинин эшигине асылган жазуулар менен байланыштуу дарвинисттик фанатизмди мындайча баяндайт:
Эшиктин кире беришиндеги бетте төмөнкүлөр жазылган: «эмне үчүн мынчалык көп түрдүү жандык бар деп кызыктыңыз беле? Бир көз-караш боюнча учурда биз көргөн бүт жандыктар баскычтуу өзгөрүүлөр менен алыскы бир атадан келип чыгышкан. Эволюция кантип пайда болгон? Түрлөр кантип бир-биринен өзгөрүшкөн? Бул салондогу көргөзмө мунун ыктымалдуу бир жообуна көз таштайт – Чарльз Дарвиндин айткандарына.»
Жанындагы бетте болсо мындай деп жазылган: «башка бир көз-караш болсо бүт жандыктарды кемчиликсиз жана өзгөрбөс абалда Аллах жараткан деген көз-караш.» Тиркемедеги брошюрада болсо төмөнкү моюнга алуу орун алган: «табигый тандалуу менен эволюция түшүнүгү эч кандай илимий эмес.»
Илим комитетинин буга берген жообу өтө күлкүмүштүү эле. Nature журналындагы бир башка макалада төмөнкү суроо орун алган: «дарвинизмдин эң жакын мунарасы болгон бул музейдин мүдүрлөрү эрдиктерин жоготуштубу, же, ал тургай, акылдарынбы? ... Эч ким буга каршы чыкпайт, илим элге сунулганда, керек болгондо, талкуу темаларынын күмөндүү экенин айтуу туура болот. Анда, эволюция теориясы таанымал биологдор арасында дагы эле бир күмөнбү? Эгер андай эмес болсо, анда жалпысынан баш айландыргандан башка, бул күмөндүү сөздөр эмнеге кызмат кылат?»
... Бул басымдын натыйжасында музей моюн сунду жана бул (калп) «агрессивдүү» сөздөрдү алып салууга мажбур болду. 160
Дарвинист диктатуранын ыкмасы мына ушундай. Эволюцияга каршы айтылган сөздөргө «агрессивдүү» сөздөр катары баа берилет жана дарвинист илимпоздордун реакциясы менен, дүйнөгө таанымал илимий журналдардын басымы менен керектүү чара ошол замат алдырылат. Дарвинист диктатуранын басымы менен бүт анти-дарвинист сөздөрдүн ыкчам оозу жабылат.
Мындай деспоттук мамиле, албетте, бир гана максатка кызмат кылууда. Эволюция теориясынын далилденген бир теориядай көрсөтүлүшү жана ушундайча бүт дүйнөгө жайылышы дарвинисттер үчүн бир мажбурлук. Алар жаратылуу чындыгын өз ойлорунда адамдардан алыс тутуп, бүт жандыктарды Аллах жаратканын айтпастан, бир гана эволюция пропагандасын жасоо аркылуу муну камсыздай алабыз деп ойлошууда. Бирок дарвинисттердин оюна келбеген бир чындык бар. Жандыктардын жаратылганын түшүнө алуу жана көрө алуу үчүн адамдарга билим берүүнүн зарылдыгы жок. Акылын бир аз колдонгон ар бир адам жандыктарда бир кереметтин, бир кемчиликсиздиктин, акылдын, аң-сезимдин, чеберчиликтин, кооздуктун бар экенин оңой гана байкай алат. Жана булардын баарынын аң-сезимсиз, акылсыз, ойлонуу, акыл жүгүртүү, сындоо, туура менен туура эмести айырмалоо өзгөчөлүгүнө ээ эмес сокур кокустуктардын натыйжасында пайда боло албашын оңой гана түшүнө алат. Бир канча секунда эле чын көңүлдөн ойлонгон бир адам үчүн да муну түшүнүү эч кыйын эмес. Аллах акылын колдонгон адамдар үчүн жараткан кереметтеринин апачык экенин аяттарында кабар берген:
Күмөнсүз, ыймандуулар үчүн асмандарда жана жерде аяттар (далилдер) бар. Силердин жаратылууңарда жана көбөйтүп-жайган жандууларда так илим менен ишенген бир коом үчүн аяттар бар. Түн менен күндүздүн кезек менен келишинде, Аллахтын асмандан ырыскы түшүрүп өлүмүнөн соң жер бетин тирилтишинде жана шамалдарды (белгилүү бир тартип менен) башкаруусунда акылын колдонгон бир коом үчүн аяттар (далилдер) бар. (Жасия Сүрөсү, 3-5)
Дарвинисттер көргөн чараларынын текке кеткенин көрө башташты, негизи. Мурдакы кысымчыл ыкмалар менен, жасалма далилдер менен жасалган пропаганда азыркы баарынан кабардар адамдарга эч таасир бербейт.
Джонатан Уеллс эми барган сайын көп санда илимпоздун дарвинизмден күмөн санап баштаганын жана үнүн угузуу үчүн кыймылдап баштаганын айтат:
Чынында, таң калыштуу санда биолог дарвинизмдин чоң кээ бир гипотезаларынан тымызын күмөн саноодо же аларды жокко чыгарууда. Бирок –жок дегенде Америкада- алар оозун жабууга мажбур, антпесе, сын-пикирге, бөлүнүүгө жана аягында илимий жамааттан чыгарып салынууга кабылышат. Бул бат бат болуп турбаса дагы, мындай бир рисктин бар экенин баарынын эсине сала турган санда. Дарвинисттердин карама-каршы көз-караштарга жасаган цензурасынын таасири менен көздөрү ачылган биологдордон турган жана сандары барган сайын көбөйгөн бир жер-асты жамаат пайда болот деп үмүттөнөм. Изоляцияланган каршы чыккандар канча кесиптешинин ал сыяктуу ойлонгонун байкап баштаганда, алардын саны барган сайын көбөйөт жана үндөрү катуураак чыгып баштайт. 161
Илим – дарвинизм колдонгон эң чоң жамынчы. Дарвинизм «илимди» жамынып чыккан. Дарвинисттер болсо «илимпоздорбуз» деп чыгышкан. Дарвинизмге каршы ар бир реакция «илим менен күрөшүү» катары көрсөтүлгөн. Эволюция теориясы жөнүндөгү ар кандай күмөн бир «артта калуучулук же илим душмандыгы» деп көрсөтүлгөн. Дарвинисттердин ар кандай жасалма далили адамдарга илимий бир табылгадай таанытылган. Башкача айтканда, дарвинизм 150 жыл бою илимди колдонду.
Дарвинизм илимби?
Дарвинизм бир алдамчылык. Илим менен эч кандай байланышы жок. Дарвинизм адамдарды бир калпка көндүрүү жана ага ишендирүү үчүн иштеп чыгылган жасалма бир аракет. Илим дарвинизмдин башпаанеги. Дарвинизм илимди колдонуп кол тийбестикке ээ болот. Көз бойомочулуктарды илим деп жактайт. Жасалма далилдерди чыгарган, балдар жомогун айткан дарвинисттерди илимпоз катары таанытат. Дарвинизмдин бир алдамчылык экенин байкаган жана ага каршы күрөшкөн кишилерди болсо илимге кыянаттык кылды деп айыпташат. Дарвинизмдин эң чоң куралы – бул илим. Азыркыга чейин адамдарды илим маскасына жашынып алдап келди. Илимди колдонуп жасалган бул алдамчылык дагы эле уланууда. Дарвинист илимий журналдардын, дарвинист даректүү тасма каналдарынын, дарвинист илимпоздордун муну колдонушунун себеби ушул.
Англис палеонтолог эволюционист Дерек В. Аджер (Derek V. Ager) бул жөнүндө мындай дейт:
Баарыбыз билгендей, көп эволюционист аракеттер белгилүү палеонтологдор тарабынан жасалган мээ чабуулдары гана. Китепканадагы бир таксономист (жандыктардын биологиялык классификациясы менен алектенген киши) миллиондогон жылдык генетикалык мутациядан көбүрөөгүн жасай алат. 162
Evrimcilerin iddia ettiği şekilde bir ilkel atmosfer hiç yaşanmamıştır. |
Бул сөз абдан туура. Окуу китептеринде, гезиттерде, журналдарда, телевизорлордо айтылган «примитивдик дүйнө», «мутациялар менен жана табигый тандалуу менен пайда болгон жандык түрлөрү», ойдон чыгарылган «орток ата», «өрчүп бүтпөгөн кызыктай жандыктар» сыяктуу эволюция жомоктору – дарвинист илимпоздордун кыялдарындагы гана окулар. Табигый тандалуу менен көп жылдар бою айтып келген эч бир жыйынтыкты ала алышкан эмес. Дерек Аджер да айткандай, генетикалык мутациялар да аларга андай жыйынтыкты берген эмес. Бирок бул илимий чындыктарды жокко чыгарып, ошол эле жалган пикирлерин жактоону улантуу дарвинизм калпынын дүйнөгө жайылуу ыктымалын күчтөндүрүүдө, алардын оюнда. Мына ушул себептен дарвинисттер илимий сөздөрдү дарвинисттик калпка илимий көрүнүш берүү үчүн колдонушат. Натыйжаланган жана эволюция пайдасына жыйынтык берген илимий бир эксперимент же илимий бир далил жок. Көп көп колдонулган илимий сөздөр менен формулалар гана бар. Дарвинист кайсы бир автордун китебинен бул кызыктуу терминдерди же кызыктуу химиялык формулаларды көп көп кездештирүүгө болот. Бул тема жөнүндө маалыматы жок бир адам бул китепти караганда, чындап эле бир илимпоздун илимий бир китебин окуп жатам деп ойлошу мүмкүн. Чынында болсо бул көрүнүш бир алдамчылык. Бул китепте айтылган бир гана нерсе – бул «жандыктар сокур кокустуктар натыйжасында пайда болгон жана азыркы абалдарына сокур кокустуктар натыйжасында келген» деген жомок гана. Дарвинист автордун буга кошумча айта турган жаңы бир нерсеси, бере турган илимий бир далили жок. Химиялык терминдер менен химиялык формулалар дарвинизм алдамчылыгын толуктоо, өз ойлорунда чындыкка жакын көрсөтө алуу үчүн гана колдонулат.
Дарвинисттердин илимди колдонуу ыкмаларына эволюционист палеонтолог С. М. Стенлинин төмөнкү сөздөрү мисал болот:
Эволюция кичинекей, жергиликтүү популяцияларда ылдам жүрөт; ушул себептен фоссил калдыктарынан эволюцияны көрө албайбыз. 163
Мына ушул сөздөр бир алдамчылык. Жергиликтүү популяцияларда жүргөн бир эволюциядан сөз кылынууда, бирок бир далил жок. Ал тургай, далилди табуунун мүмкүн эместиги моюнга алынган, бирок бул дагы илимий көрсөтүлүүгө аракет кылынган. Негизи чындык мындай: фоссил калдыктарында эволюция көрүнбөйт, себеби эволюция эч качан болгон эмес.
National Center of Science Education - NCSE (Улуттук билим берүү борборунун) башкаруучусу Евгений С. Скотт (Eugene C. Scott) болсо бул жөнүндө мындай деген:
Көптөгөн жогорку класстардын окуу китеби (ал тургай, өкүнүчтүүсү кээ бир колледждер) теориялардын текшерилген гипотезалар катары окутушат, гипотезалар тастыкталган теориялар имиш сыяктуу; жана чыныгы маанидеги абдан жакшы бир теория алар үчүн мыйзамдашкан сыяктуу. Өкүнүчтүүсү, илимпоздор бул терминдерди мындай колдонушпайт, көп адамдар илимпоз эмес жана илимпоздор да бул сөздөрдүн маанисин окуучуларга жана элге жакшы түшүндүрө алган эмес. 164
Бул шарттарда ага көрсөтүлгөн жана түшүндүрүлгөндөрдү гана көргөн бир адам, эгер ойлонуп стереотипсиз анализ кылуу күчү жок болсо, дарвинизмдин туура экенине оңой гана ынанышы мүмкүн. Себеби дарвинизм сунуштоо ыкмасы менен бул окурмандын күтүүсүнө бир жоопту берген. Жашоону «жөнөкөй» көрсөтүп түшүндүргөн жана муну «илимий» деген. «Сындап, анализдөөнүн кажети жок, ансыз да туура жана далилденген» деп айткан. «Илимпоздор муну колдошот» деген. «Илимдин жашоо жөнүндөгү жалгыз түшүндүрмөсү ушул, мындан башка жооптор илимий эмес» деген. «Муну бүт дүйнө кабыл алууда» деген. Жана бул жалгандар менен тарыхтын эң чоң алдамчылыктарынын бирин курган. Дарвинизмди эч билбеген, анын кандай бир алдамчылык экени жөнүндө эч пикири жок жана бул сөздөрдү гана окуган бир адам үчүн болсо бул үстүртөн түшүндүрмөлөр аны ынандырууга жетиштүү болот.
Чынында болсо бул киши ар этапта алданууда. Ансыз да дарвинизмди толук кыйраткан жана жаратылуу чындыгынын далили болгон 500 миллиондон ашык фоссил дарвинисттер тарабынан кылдаттык менен жашырылып; жашоонун курулуш материалы болгон протеиндердин бир даанасынын дагы кокустан пайда болушунун математикалык жактан мүмкүн эместиги адамдардан жаап-жашырылган. Ушул себептен бул алдамчылыктын чектерин түшүнүшү да мүмкүн болгон эмес. Алданган бул киши билбеген нерсе төмөнкүдөй: дарвинизм илимий эмес, илим эмес. Дарвинизм изилденген жана туура эмес экени, илимий далилдер тарабынан тастыкталбаганы апачык көрүлүп, далилденген. Дарвинизмди колдогон илимпоздор муну жалган бир дин, бир идеология катары көргөн фанат жана догматик кишилер. Илимдин жашоо жөнүндөгү жалгыз жообу – бул жаратылуу. Бүт илимий табылгалар жандыктардын кемчиликсиз абалда бир заматта жаратылганын көрсөтүүдө. Дарвинизмдин бүт дүйнө тарабынан кабыл алынгандай көрүнүшүнүн түпкү себеби дагы – бул жасалма ыкмалар жана ушул алдамчы пропаганда ыкмалары. Ошондуктан окурман ынанган жерлер бир көз бойомочулукка гана таянууда. Кээде илимпоздор дагы бул калпка алданып калышууда. Англис палеонтолог эволюционист Колин Паттерсондун бул жөнүндөгү моюнга алуусу кызыктуу:
Кийин ойгондум жана өмүр бою дарвинизмди кандайдыр бир абалда далилденген бир чындык деп ойлоп алданганымды түшүндүм.
Систематикалык ичинде орток ата гипотезаларынын таасири жадатма эле эмес жана маалымат жетишсиздигинен келип чыккан эмес, бирок ошол эле учурда бул толугу менен илимге карама-каршы деп ойлойм. 165
Башка бир мисалды болсо даректүү тасма продюсери Брайан Лейт берет:
Акыркы он жылда жаңы бир биология коому келип чыкты. Булар илимий мааниде урматтуу саналышат, бирок дарвинизм жөнүндө терең күмөндөрү бар. 166
Bu, Allah'ın yaratmasıdır. |
Америкалык экономист Джереми Рифкиндин «эволюция теориясы биздин билим берүү системабыздын эң маанилүү жерине жайгаштырылган жана муну керексиз кыянаттыктардан коргоо үчүн айланасына кооз дубалдар көтөрүлгөн.»167 сөзүн тастыктай турган дагы бир маанилүү далил болсо – бул дарвинист илимпоздордун көз бойомочулуктарды байкамаксан болууну дагы илимди жамынып жасашы жана чындыктар ачыкка чыкса дагы мындан тартынып качышы. Максат кандай болсо дагы адамдарды алдай алуу болгондуктан, дүйнөнүн эң белгилүү илимпоздору, эч тартынбастан, көз көрүнөө бул алдамчылыкты коргошууда. Джонатан Уеллс буга мындай бир мисал берет:
Геккельдин жасалма эмбрион сүрөттөрүнөн көп жылдар бою кабардар болгон илим тарыхчысы Джей Гоулдга эмне деш керек? Бүт бул убакыт бою Гоулддун сабактарынан өткөн окуучулар Геккельдин эмбриондорун эволюциянын далили катары көрсөткөн окуу китептеринен биологияны окушту. Ошого карабастан, башка бир биолог 1999-жылы буга каршы чыкканга чейин, Гоулд эч нерсени оңдогон жок. Андан кийин дагы Гоулд окуу китеби авторлорун катага жоопкерчиликтүү кылды жана каршы чыгуу сыпатындагы шыбырды жайган креационистти (бир Leigh университетинин химиги) кызматтан алды. Бул жерде эң чоң жоопкерчилик кимге тиешелүү – жасалма сүрөттөрдү ойлонбостон кайра кайра колдонгон окуу китеби авторлорунабы, аларды арызданган адамдаргабы, же кесиптештери, өзү «илимий кылмыш» деп атаган окуяга билбестен орток болуп жатып, өзүнөн ишенген абалда четте туруп абалды тамаша кылган, дүйнөгө таанымал бир адискеби?
Геккельдин эмбриондору менен байланыштуу чындыкка салыштырмалуу, үлпүлдөк канаттуу күбөлөрдүн (өнөр-жай көпөлөктөрү) кемчиликтүү экени жакында гана белгилүү болгон, ошондуктан балким окуу китеби авторлору аны колдонууну улантканы үчүн айыпталбаса да болот. Канткен менен үлпүлдөк канаттуу күбөлөрдү изилдеген бүт биологдор күбөлөрдүн даракка конбошун, окуу китеби сүрөттөрүнүн отургузулуп коюлганын он жылдан ашык убакыттан бери билишүүдө. Эгер илим өзүн оңдосо, эмне үчүн адистер окуу китептеринен ойдон чыгарылган сүрөттөрдү чыгарып салууга багытталган бир иш-чараны башташпайт? 168
Дарвинисттердин илимди колдонушу, болгондо да бул максат үчүн илимди коргоо милдетин аркалагандай көрүнүшкө жамынышы, албетте, чоң бир көз бойомочулук. Негизи дарвинизм, тескерисинче, илимге каршы аракет жүргүзүүдө. Илимий далилдерди жаап-жашырууга аракет кылууда. Лабораторияларда жасалган эксперименттер берген жыйынтыктарга терс пикирлерди жактоодо. Алынган фоссил калдыктары ортоңку формалардын эч болбогонун далилдеп жатканда, жандыктар артында сансыз ортоңку форма калтырып бир-биринен эволюциялашкан деген калпты айтууда. Илим көз бойомочулугу дарвинизм менен бирге пайда болгон бир түшүнүк. Дарвинисттер илимий музейлерди, илимий эмгектерди колдонуу менен бул көз бойомочулуктарды билип туруп, эч тартынбастан адамдарга сунушат. Илимий китеп, журналдарды колдонушуп, эч качан болбогон бир эволюция тарыхы жомогун бул эмгектерде баяндашат. Эч качан жашабаган кызыктай бир жандыктын сүрөтүн тартып, аны «тарыхый өтмүшүңүздөй» көрсөтүүгө аракет кылышат. Илимге каршы бул дин илимди жамынып эң чоң калптардын бирин айтууда.
Мынчалык чоң бир калпты колдошунун себеби, албетте, дарвинисттердин дажжал системасына болгон сокурдук менен баш ийүүчүлүгү. Дажжал системасы адамдарды калпка багыттаган бузуку бир система.
141. Jonathan Welss, The Politically Incorrect: Guide to Darwinism and Intelligent Design, Regnery Publishing Inc., Washington, 2006, s. 181
142. Ann Coulter, Godless The Church of Liberalism, Crown Forum Publishing, 2006, s. 201
143. Wolfgang Smith, Teilhardism and the New Religion, A Thorough Analysis of the Teachings of Pierre Teilhard de Chardin, Rockford IL, Tan Books and Publishers, Inc. 1988, s. - 8 Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 221
144. Jonathan Welss, The Politically Incorrect: Guide to Darwinism and Intelligent Design, Regnery Publishing Inc., Washington, 2006, s. 182
145. Ben Stein, Expelled "No Intelligence Allowed", 2008
146. Jonathan Welss, The Politically Incorrect Guide to Darwinism and Intelligent Design, Regnery Publishing Inc., Washington, 2006, sf.192
147. Ben Stein, Expelled "No Intelligence Allowed", 2008
148. Ben Stein, Expelled "No Intelligence Allowed", 2008
149. Ben Stein, Expelled "No Intelligence Allowed", 2008
150. Ben Stein, Expelled "No Intelligence Allowed", 2008
151. Ben Stein, Expelled "No Intelligence Allowed", 2008
152. Jonathan Welss, The Politically Incorrect Guide to Darwinism and Intelligent Design, Regnery Publishing Inc., Washington, 2006, sf.95
153. Ann Coulter, Godless The Church of Liberalism, Crown Forum Publishing, 2006, s. 200
154. Ann Coulter, Godless The Church of Liberalism, Crown Forum Publishing, 2006, s. 200
155. H. S. Lipson, "A Physicist Looks at Evolution", Physics Bulletin, vol. 31, 1980, s. 138 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 201
156. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 218
157. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 218
158. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 220
159.http://www.boston.com/news/local/articles/2007/12/07/biologist_fired_for_beliefs_suit_says/?page=2
160. http://butler-harris.org/archives/21
161. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 220
162. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 158
163. Henry M. Morris, The Long War Against God, Master Books, 2000, s. 27
164. Eugenie C. Scott, Evolution vs. Creationism, University of California Press, London, 2005, s. 14
165. Colin Patterson, "Evolution and Creationism", Speech at the Museum of Natural History, New York, Kasım 1981, s. 2 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 224
166. Brian Leith, The Descent of Darwin: A Handbook of Doubts about Darwinism, Collins, 1982, s. 11 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 229
167. Jeremy Rifkin, Algeny, New York, Viking Press, 1983, s. 112 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 224
168. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 213-214