Kanatlardaki mükemmel yapıyı yaratan kuşkusuz üstün güç sahibi olan Allah'tır. |
Кокустуктар – дарвинисттердин бүт нерсени «жасаган», кереметтерди «пайда кылган» жалган кудайы. Дарвинисттердин жөнөкөй дүйнөсү боюнча, убакыт менен кокустуктар биригип бүт нерсени «жасай алышат». Бул акылга сыйбас ишеним боюнча, кокустуктар адамдар жасай албаганды жасап, кандайдыр бир жол менен лабораториядан жана илимпоздордон жогорку маалымат, жөндөм жана илимий мүмкүнчүлүккө ээ боло алышат. Дарвинизм боюнча, кокустуктар – бүт нерсени кемчиликсиз комплекстүүлүктө жана кемчиликсиз абалда пайда кылган, катасыз, пландуу, чараларды көргөн адистер. Дарвинисттердин жашоо жөнүндөгү түшүндүрмөлөрүнүн артындагы ойдон чыгарылган каарман дарвинист жомоктор боюнча дайыма аң-сезимсиз, акылсыз кокустуктар болгон.
Дарвинисттердин муну адамдарга кабыл алдыруунун ар түрдүү ыкмалары бар. Албетте акылы жайында эч ким бир сойлоочунун анатомиясынын бүтүндөй өзгөрүп кемчиликсиз көрүнүштөгү, созулуп учкан бир канаттууга айланаарына кадимки шарттарда ишенбейт. Адамдарды мындай логикага терс бир жомокко ишендирүү үчүн бир сыйкыр (гипноз) системасын иштеп чыгуу зарыл. Мына ушул себептен дарвинисттер тарабынан кокустук путунун (идол) «жөндөмдөрү» ар кандай илимий терминдерди камтыган бир жомок формасында адамдардын аң-сезимине сиңирилет. Бул жомок боюнча бир жандыктын пайда болушундагы ар бир баскыч сокур кокустуктардын натыйжасы жана кокустуктар муну кереметтер менен жасаган. Бир дарвинисттен «алгачкы жандуу клетка кантип пайда болду» деп сурасаңыз, «бир ылай жыйындысы ичинде кереметтүү абалда өзүнөн-өзү» деген жоопту аласыз. Көз кантип пайда болду деп сурасаңыз, «керемет» жообун алат болушуңуз керек. «Канаттар кантип пайда болду, канаттуулардагы кемчиликсиз түктөр кантип пайда болду» десеңиз, «бир күнү кандайдыр бир себеп менен бир керемет болду» деген сымал сөздөрдү айтат. Дарвинисттердин акыл менен илимге сыйбас сөздөрүндө бул «процессти» башкарган эч кандай аң-сезим, эч бир акыл жок. Чынында болсо аалам абдан кылдат тең салмактуулуктар менен курулган. Жер жүзү кемчиликсиз бир тартипке ээ. Бул тартиптеги кичинекей эле өзгөрүү бүт системанын бүтүндөй жок болушу дегенди билдирет. Ар бир жандык түрү дагы абдан комплекстүү түзүлүштөргө жана таң калыштуу өзгөчөлүктөргө ээ. Бүт бул детальдардын баары – жогорку күч-кудурет ээси бир акылдын, б.а. Улуу Аллахтын чыгармасы.
Дарвинист жомоктордо болсо бул кемчиликсиз тең салмактуулук жана таң калыштуу комплекстүүлүк билмексен болунат. Илимий терминдер менен кооздолуп түшүнүксүз абалга алып келинген эволюция жомогунун ичинде бүт бул тантык пикирлер сыйкыр кылып жаткандай атайын жана тынымсыз сиңирилет жана көп адамдардын эч көңүлүн бурбайт.
Теолог R. C. Sproul бул жөнүндө мындай деген:
Илимпоздор кокустукка бир күч таңуулашканда физиканын тармагын сыйкырга таштаган. (Дарвинисттердин ою боюнча) Кокустук бир эле койондорду эмес, бүт ааламдын жоктон пайда болушун камсыздаган сыйкырдуу бир таяк. 129
Darwinistlerin iddia ettiği gibi tesadüfler hiçbir zaman canlılık meydana getiremezler. Hepsi Allah'ın sanatıdır. |
Дарвинисттер канчалык бул пропаганданы таасирдүү кармоого аракет кылышпасын, түпкүрүндө алар керемет таңуулаган күч – акылсыз, аң-сезимсиз, сокур кокустуктар. Кокустуктар – бул артында эч кандай аң-сезимдүү фактор жок, эч бир акылдуу, багыттоочу, пландоочу бир күч болбостон, ишке ашуучу туш келди окуялар. Кокустан болгон бир окуянын жасап көрүү-жаңылуу аркылуу эң туураны таба алышы, келечекте боло турган окуяларды болжолдоп, ошого жараша чаралар көрүшү, бир органдын эмнеге окшошоорун алдын ала долбоорлошу, башкалар үчүн жан аябастык кылышы, туруктуулук жана сүйүүнү билиши, албетте, мүмкүн эмес. Бир ийнени да пайда кыла албай турган кыялдагы бир күчтү дүйнөдөгү кереметтүү көп түрдүү жандыктарды пайда кылган деп айтуу акылга, логикага, илимге туура келбейт.
Бул жердеги «бир ийнени да пайда кыла албайт» сөзү дарвинист пикирлерге бир жооп ирээтинде жана бул пикирлердин мүмкүн эместигине басым жасоо үчүн колдонулган. Негизи кокустуктарды кандайдыр бир нерсени «пайда кылды» деп айтуу олуттуу бир логика бузуктугуна жана кем акылдыкка ишарат кылат. Бирок дарвинисттер ушул бузук логиканы колдонуу менен бүт дүйнөнү алдай алышкан. Дарвинисттердин кызыктай логикасы боюнча, жетиштүү убакыт берилгенде, кокустуктар жасабай турган эч нерсе жок.
Нобель сыйлыгынын ээси эволюционист биолог Джордж Вальддын (George Wald) төмөнкү сөздөрү дарвинисттердин кокустук + убакыт формуласына бир сыйкырдуу формуладай ишенээрин апачык көрсөтүүдө:
Күтүү гана керек: убакыт кереметтерди жасайт. Көп убакыт берилгенде, мүмкүн эмес нерсе мүмкүн, мүмкүн нерсе ыктымал жана ыктымал нерсе виртуалдуу катары анык абалга келет. 130
Албетте, бүт бул логикасыз сөздөрдүн максаты дарвинисттердин жашоого –өз ойлорунда- жаратылуудан тышкары бир жооп таба алуу аракети болуп саналат. Албетте, убакыт менен кокустуктардын биригип, бир ылай жыйындысынан гүлдөрдү, мышыктарды, балыктарды, канаттууларды, сойлоочуларды, адамдарды пайда кылганын кабыл алууга болбошун дарвинисттер да билишет. Бирок алар чындыкты кабыл алуунун ордуна, логикасыз нерсени логикалуу көрсөтүү аракетинде.
Көрүнүп тургандай, дарвинисттердин бүт сөздөрү бир алдамчылыкка таянат. Дарвинисттердин кооз сөздөрүн, латынча аныктамаларын, түшүнүксүз илимий сөздөрүн алып салганыбызда, «бүт жандыктар туш келди окуялар натыйжасында, аңкоолук менен, сокур кокустуктардын натыйжасында, эч бир көзөмөл, эч бир чара, эч кандай аң-сезимдүү кийлигишүү болбостон өзүнөн-өзү пайда болду» деген калп гана калат. Дарвинисттердин адамдарды ишендирүүгө аракет кылган түпкү калпы мына ушул.
Учурдагы эң жалындуу дарвинисттердин бири атеист эволюция биологу Ричард Доукинстин төмөндөгү сөздөрү дарвинисттик логиканын канчалык туюкта экенин көрүүгө жетиштүү:
... Жаныбарлар шашкалактык менен чогултулган, өтмүштөн жамалып келген, одоно жасалып килейген күлкүмүштүү монстрлар болушу керек эле. Бирок аңчылык кылынып жаткан бир гепарддын абдан кооз кыймылдарын, тоо карлыгачынын аэродинамикалык кооздугун же жалбырак көрүнүшүндөгү курт-кумурсканын (камуфляж аркылуу жасаган) көздү жаңылтуучу детальдарына болгон кызыгууга толгон көңүлүбүздү бул күтүүлөрүбүз менен кантип байланыштыра алабыз ? 131
Аллах дажжалды ушундай чоң бир тузакка түшүргөндүктөн, аягында дажжал тараптарлары өз ойлорунда Аллахка каршы күрөшүү үчүн «кокустук» деген логикасыз, акылга сыйбас жана биринчи класстын балдарын да күлдүрө турган бир жомокту башпаанек кылууга мажбур болушкан. Кокустук ушунчалык адашкан жана ушунчалык акылсыз бир сөз; «курт-кумурскалар жогорку жөндөмдөрүн колдонуп технологиялык шаймандарды жасады» деп айтуу дагы анын жанында логикалуураак болот. Бирок дажжалдын сыйкыры кээ бир адамдарды бул тантык пикирге ишене турган абалга салып, бул тантык пикир мектеп, университеттерде окутула турган абалга келген. Бирок адамдар кокустуктардын эч логикасыз кудайлаштырылганын жана аларга жаратуучу сыпаты берилгенин (Аллахты аруулайбыз) көрүп түшүнгөн сайын, дажжалдын акыр замандагы эң чоң оюну болгон дарвинизм аянычтуу абалга келди.
Аллах аяттарында мындайча буюрат:
Эми алардан сурачы: аларды жаратуу кыйыныраакпы, же Биздин жараткандарыбыздыбы? Чынында Биз аларды жабышчаак бир ылайдан жараттык. Жок, сен (бул кереметтүү жаратууга жана алардын каапырдыгына) таң калып калдың; алар болсо шылдыңдаганын улантышууда. Аларга насаат айтылганда, насаат албай жатышат. Бир аят (керемет) көргөндө да (аны) шылдыңдап күлүшүүдө. «Бул апачык бир сыйкыр гана» дешти. «Биз өлүп, топурак менен сөөк болгондо, чындап биз тирилтилет бекенбиз?» «Же мурдакы аталарыбыз дагыбы?» Айткын: «Ооба, болгондо да мойнуңар бүгүлгөн абалда (тирилтилесиңер).» |
Дарвинизм калпы жөнүндө билүү керек болгон абдан маанилүү бир чындык бар: дарвинизм алигече жашоонун келип чыгышына, б.а. жашоо алгач кантип пайда болгон деген суроого акылга сыярлык жана илимий бир жооп айта алышкан жок. Дарвинисттер бүт нерсенин башталышы деп атаган ошол кыялдагы «алгачкы клетканын», ал тургай анын алгачкы протеининин дагы кантип пайда болгону белгисиз. Эволюция теориясы кантип пайда болгонун түшүндүрө албаган бир даана протеин тарабынан эң башынан эле толук кыйрайт.
Бул чындыкты бүт дарвинисттер билишет. Ушул себептен сиз окуй турган ар бир дарвинист журнал, китепте, көрө турган ар дарвинист программада бул темадан шашкалактык менен өтүп кетишет жана унуттурууга аракет кылышат. Дарвинизм пропагандасы жасалган эч жерде бир протеиндин кокустан пайда болуу ыктымалдыгынын жок экенин, илим тарыхы бою лабораторияларда жасалган сансыз эксперименттин клетканын бир даана протеинин, бир даана органеллин да жасай албаганын, клетканын кокустан пайда болбой турганчалык кемчиликсиз жана төмөндөтүүгө мүмкүн эмес комплекстүүлүктөгү бир түзүлүш экенин уга албайсыз. Себеби бул чындыктар жашоонун келип чыгышы жөнүндөгү илимге сыйбас жөнөкөй дарвинисттик түшүндүрмөнү жер менен жексен кылат. Кокустуктардын бир протеиндин ичиндеги амино-кислоталарды дагы түшүндүрө албашын эске алганда, эволюция теориясынын кыялдагы «убакыт + кокустуктар + ылай суу» формуласы башталгыч класстар үчүн даярдалган жомок китептерди эске салат.
Ансыз да жогоруда айтып кеткендей, бир протеин пайда болушу үчүн башка протеиндер керек. Ошондуктан бул дарвинисттер үчүн бир чыкпас айлампа жана чоң бир туюк. Бир даана протеиндин пайда болушун түшүндүрүү үчүн 100дөй ар түрдүү протеиндин, ДНКнын жана ал тургай, бир бүтүн клетканын пайда болушун түшүндүрүүлөрү керек. Дарвинизм бул темада толук жеңилип, кыйрады.
Yaşadığımız muhteşem gezegen, Güneş, Ay ve yıldızlar, Allah'ın ihtişamlı yaratmasının, üstün kudretinin tecellileridir. |
Бирок булардын баары ишке ашты, дарвинизмдин сыйкырдуу формуласы ишке жарады жана кыялдагы алгачкы клетка пайда болду деп кабыл алсак дагы (негизи бул илимий жактан мүмкүн эмес), дарвинисттер баары бир абдан чоң туюктарга кабылышат. Дарвинисттер бир клетканын органеллдеринин ар биринин аткарган кызматтарын, бир энзимдин денедеги кызматтарын, боор, өт, ашказан, өпкө, мээ сыяктуу комплекстүү органдардын пайда болушун жана иштешин, эң негизгиси өздөрү айткандай булардын баарынын башка жандыктардан айлануу (эволюция) аркылуу кемчиликсиз абалда кереметтүү пайда болушун түшүндүрүшү зарыл. Бирок дарвинисттер эч түшүндүрө албаган бул темалардын жакынына да жолошпойт.
Себеби чоң-кичине организмдердин баарындагы укмуш комплекстүүлүктү ойдон чыгарылган дарвинист механизмдер менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бүт дарвинисттер негизи жер бетинде, асманда, бүт жандыктардын жана адамдын жаратылуусунда апачык бир керемет бар экенин билишет. Уруктанган бир клетканын бөлүнүп 100 триллион клеткадан турган кемчиликсиз бир адам денесин пайда кылышын, булардын 30 триллионунун адам мээсин пайда кылуу үчүн өзгөчөлөнүп бөлүнүшүн, алардын ичинде 120 триллион байланыш түзгөн 12 миллиард мээ клеткасынын кемчиликсиз иштеп башташын жана булардын натыйжасында ойлоно алган, өзүнүн бар экенин аңдап-түшүнө алган кемчиликсиз бир жандыктын келип чыгышын дарвинисттик алдамчы ыкмалар менен түшүндүрө албашын өздөрү да билишет.
Илимпоз жана журналист Фред Хирен (Fred Heeren) дарвинисттер да билген бул чындыкты мындайча айтат:
Апачык чындык болушунча түшүнүктүү. Логикалык жыйынтык – биз көргөн нерселердин баарынын абдан чоң, табияттан жогорку бир себепти талап кылган бир натыйжа экендиги. Күн жана жылдыздар, ай жана бул дүйнө бир нерселерден өзүнөн-өзү пайда болушкан эмес. Бул логикага сыйбайт – Батыш логикасы эле эмес, бүт адамзат логикасы жактан логикасыз. Ааламдагы ар бир кубулушту ага себеп болгон нерсе менен байланыштуу түшүндүрүүгө болот. Бирок ааламдын өзү кантип пайда болду деген кубулуш каралганда, мунун ааламдын ичинде бир жообу жок. Бул жерде табиятка тиешелүү бир жооп жок. 134
Эч күмөнсүз, ааламдын баарын, жер жана асманды, бүт жандыктарды башкарган, алардын баарын жараткан Улуу Аллах. Аллах бир даана клеткада жараткан укмуштуу аалам ичинде ушундай комплекстүү бир тартип пайда кылган; муну кокустуктар мындай турсун, адамдын жөндөмү, акылы менен да түшүндүрүү мүмкүн эмес.
Дарвинизмдин эң чоң туюктуранын бири мына ушул. Дарвинисттер бир темада жооп таппай калышканда, көбүнчө «өтүп кетүү» саясатын колдонушкан. Эволюция теориясынын ойдон чыгарылган механизмдерин санашат, бирок булардын кантип бир «эволюция» жасаганы жөнүндө илимий эч нерсе айта алышпайт. Эволюция теориясы өз жооптору ичинде кыйраган, бирок окурманга муну байкатпоого аракет кылышат. Чынында болсо эволюционист биолог атеист Ричард Доукинстин төмөндөгү моюнга алууларынан да көрүнүп тургандай, эволюциянын негизги туюктарын дарвинисттер да абдан жакшы билишет:
Табият терс таасир бергенине карабастан бир катар мутацияны чогултуп, бир жандык урпагы үчүн жалпысынан эң идеалдуу өзгөрүүгө жете турган жолду аныктоо планын жасай албайт. 135
Кургактыктан сууга өткөн бир урпактын кыймыл системасы менен бирге, дем алуу системасында да өзгөрүүлөргө муктаж болоору ыктымал, бирок булардын арасында табиятынан улам бир байланыш бар деп ойлоо үчүн акылга сыярлык бир себеп жок. Басуу мүчөлөрүн сүзгүч канаттарга айлантуучу процесс эмне үчүн кычкылтек алуу үчүн өпкөлөрдүн натыйжалуулугун өстүрө турган тенденциялар менен байланыштуу болушу керек? Албетте, бир учурда адаптациясы ишке ашкан бул тенденциялар эмбриологиялык механизмдердин кокус бир натыйжасы катары байланыштуу абалга келиши ыктымал, бирок бул байланыштын терстин ордуна, оң натыйжа бериши көп мүмкүн эмес. 136
Учурдагы эң белгилүү атеисттердин бири Ричард Доукинс дагы болгон күчү менен жактаган эволюциянын эч бир механизминин «эволюцияга» далил болбошун апачык мойнуна алууда. Доукинс бул сөздөрү менен мутациялардын эч бир пайдалуу натыйжа бербешин жана бир жандыктын суудан кургактыкка өтүшү үчүн керектүү өзгөрүүлөрдүн болушунун мүмкүн эмес экенин айтууга мажбур болгон. Доукинстин бул моюнга алуулары илимий бир дагы далили жок бузуку дарвинизм дининин кантип сокурдук менен жакталганын тастыктайт.
Доукинс, мындан тышкары, китебинде Нобель сыйлыгынын ээси иммунолог профессор Сэр Питер Медавардын (Sir Peter Medawar) бул жөнүндөгү төмөнкү сөзүн алган:
«... колубузда эволюциялык өнүгүү менен байланыштуу ынандырарлык бир жооп жок...» 137
Негизги туюктардын көрмөксөн болунушу, албетте, бул жөнүндө маалыматы жок адамдарды жаңылтышы мүмкүн. Бирок адамдардын эволюция теориясы жөнүндө маалыматы көбөйгөн сайын, сөз болбогон кээ бир чындыктар, атайылап аттап кетилген детальдар жана жаап-жашырууга аракет кылынган негизги темалар жөнүндө суроолор сурап башташат. Учурда кээ бир өлкөлөрдүн окуу жайларында, АКШнын ар кайсы штаттарында жана Европада болуп жаткан көрүнүштөр мына ушул. Окуучулар сокурдук менен билим алуудан баш тартышып, бул негизги туюктар жөнүндө мугалимдери менен талашуудан тартынышпоодо. Дажжал адамдарды алдаган доор бүттү. Дарвинизмдин негизги туюктары адамдардын көңүлүн буруп, бүт булар үчүн бир жооп талап кылышууда. Дарвинисттердин бул жөнүндөгү көпкө уланган жымжырттыгы дарвинизм тараптарын дагы күмөнгө салып, адамдар дарвинизмден башка бир жооп издеп башташты. Албетте дарвинизм сыйкырынан кутулган ар бир адам акыл менен аң-сезимди көрсөткөн, кереметтүү комплекстүүлүктөгү жандыктардын жаратылганын апачык көрүүдө.
Дарвинизм туюкта, себеби жандыктар эволюциялашкан эмес, жаратылышкан. Адамдар эми муну апачык көрүшүп, акылдары жана абийирлери менен бул чындыкты кабыл алышууда. Аллах улуу кудурети менен бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана дарвинизмдин жалган кудайларынын эч бир күчү жок экенин аяттарында мындайча билдирет:
EЭй адамдар, (силерге) бир мисал келтирилди; эми аны уккула. Силердин Аллахтан башка сыйынып жаткандарыңар, баары ушул үчүн бириксе да, чындыгында бир чымынды да жарата алышпайт. Эгер чымын алардан бир нерсе тартып алса, муну да андан кайра ала алышпайт. Талап кылган да алсыз, талап кылынган да. Алар Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышкан жок. Шексиз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 73-74)
Darwinistlerin insanlara ara fosil diye gösterdikleri tüm fosiller, çizimler, maketler sahtedir. Gerçekte, tek bir tane bile ara fosil yoktur. |
150 жыл бою бир калпты туурадай көрсөтүүнү максат кылган, эволюция теориясынын сансыз көз бойомочулугун бир чындыктай адамдарга сунган, жасалма фоссилдерди ондогон жыл көргөзмөгө койгон жана бул калпты мектеп, университет программасына киргизип бир чындыктай окуткан дарвинисттер үчүн дарвинизм ортоңку форма фоссилдери менен тастыкталган деген бир калпка дагы адамдарды ишендирүү оор эмес. Дарвинден бери улантылган бул алдамчылык Дарвиндин келечекте ортоңку форма фоссилдери табылат деген бош убадалары менен башталган. Негизи Дарвин мындан 150 жыл мурда абдан маанилүү бир көз ачыктык кылып, бул болжолу туура чыккан.
Эгер чындап түрлөр башка түрлөрдөн акырын өзгөрүүлөр менен чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл форманы кездештирбей жатабыз? Эмне үчүн табият бир башаламан абалда эмес, толук аныкталган жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл форма болуш керек, бирок эмне үчүн жер бетинин сансыз көп кабатынан көмүлүү абалда таба албай жатабыз?.. Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай байланыштарга толо эмес? Геология жакшы даражаландырылган бир процесс көрсөтпөй жатат жана балким бул менин теорияма каршы айтыла турган эң чоң сын-пикир болот. 138
Дарвиндин болжолу туура чыкты. Анын убагында табылбаган ортоңку форма фоссилдери кийин да табылган жок жана бул чындык Дарвиндин теориясын толук кыйратты. Дарвинисттер болсо бул процессте 150 жыл мурда болбогон кыялдагы ортоңку форма фоссилдери сөзсүз бир күн табылат деген ишенимин адамдарга сиңирүүгө аракет кылышты. Технология менен өнүккөн илим ортоңку форма фоссилдеринин болушун мажбур кылганда болсо көз бойомочулукту чара катары көрүштү. Учурда эволюция теориясы окутулган бүт биология окуу китептери, бүт дарвинисттик китеп, журналдар, дарвинизмди колдогон гезиттер эволюция теориясы үчүн өтө маанилүү болгон ортоңку форма фоссили жомогун айтып жатканда ушул жасалма далилдерди көрсөтүшүүдө. Бул китеп, журналдар дагы эле археоптериксти, целакантты, Геккельдин жасалма эмбрион сүрөттөрүн, даракка жабыштырылган өнөр-жай көпөлөктөрүн, адамдын башына орангутандын ээги жабыштырылган Пилтдаун адамын, бир жапайы доңуздун азуу тишине таянып үй-бүлөсү менен бирге сүрөттөрү тартылган Небраска адамын, маймыл-адам деп сүрөтү тартылган, бирок бир адам расасы экени аныкталган Неандертал адамын, бир маймыл экени илимий далилденген Люсини жана көз бойомочулук экени белгилүү болгону үчүн китептерден чыгарып салынган баш сөөктөрүн далил катары көрсөтүшүүдө. Дарвинизмдин 21-кылымдагы байкуш кейпи мына ушундай.
Көбүнчө дарвинисттик булактарда төмөнкү сүйлөмдү көп көрөсүз: «эволюцияны далилдеген ортоңку форма фоссилдери ушунчалык көп...» Бул сүйлөм абдан чоң бир калп. Окурмандардын аң-сезимине сиңирүү максатын гана көздөйт. Башкача айтканда, кадимки дарвинисттик ыкма колдонулууда жана бир жалган адамдарды ынандыруу үчүн бийик үн менен жана өжөрдүк менен, кайра кайра айтылууда.
Чынында болсо эволюция теориясын далилдеген бир даана дагы ортоңку форма фоссили жок. Дарвинист илимпоздор, албетте, илим көрсөткөн бул анык чындыкты абдан жакшы билишет. Ортоңку форма фоссили болбогондуктан, эволюция теориясынын туюкта экенин да билишет. Бирок догматикалык көз-караш кандай гана болбосун эволюция теориясын сактоо мажбурдугун алып келет дарвинисттерге.
Дарвинисттерге жакында эле бул жөнүндө жарыя жасалып, колдорундагы бир даана ортоңку форма фоссилин дүйнөнүн эң белгилүү жерлеринде көргөзмөгө койушу талап кылынды. Бирок мунун жообу көнүмүш унчукпоо болду. Чынында эгер айтканы туура болсо, эгер жандык түрлөрү бир-биринен акырын акырын өзгөрүү менен кокус этаптар аркылуу миллиондогон жылдык бир процесс натыйжасында эволюциялашкан болсо, анда дарвинисттердин колунда бир даана эмес, миллиондогон, ал тургай, триллиондогон ортоңку форма фоссили болушу керек эле. Бирок дарвинисттер «бир даана ортоңку форма фоссилин алып келгиле» деген чакырыкка да жооп бере албай жатышат. Себеби колдорунда эч ортоңку форма фоссили жок. Дарвинисттердин шымаланып заматта бир даана болсо дагы ортоңку форма фоссилин көрсөтө албашынын себеби мына ушул.
Эволюционист палеонтолог Марк Чарнецки (Mark Czarnecki) бул жөнүндө мындай дейт:
Теорияны (эволюцияны) далилдөөнүн алдындагы чоң бир тоскоолдук дайыма фоссил калдыктары болгон... Бул калдыктар эч качан Дарвин гипотеза кылган ортоңку формалардын издерин көрсөткөн эмес. Түрлөр заматта пайда болушат жана кайра заматта жок болушат. Жана бул күтүлбөгөн жагдай түрлөрдү Аллахтын жаратканын жактаган көз-карашка колдоо көрсөттү. 139
Эволюционист геолог Карлтон Е. Бреттин (Carlton E. Brett) моюнга алуусу болсо мындай:
Жер бетинде жашоо убакыттын өтүшү менен, акырындап жана баскыч баскыч пайда болдубу? Фоссил калдыктарынын бул суроого жообу – «жок».140
58 milyon yıllık eğrelti otu günümüzdekiyle aynıdır. Harun Yahya'nın Yaratılış Atlası adlı eserinde bunun gibi binlerce fosil bulunmaktadır. |
Дарвинизм сыйкыры 150 жыл бою ушунчалык системалуу түрдө адамдарга таасир бергендиктен, адамдар жок нерсенин бар экенине ишенишкен. Эч ким «миллиондогон ортоңку форма фоссили болуш керек, алар каякта?» деп сураган эмес. Эч ким «казуулардан чыккан 500 миллиондон ашуун фоссилдин баары кемчиликсиз көрүнүштөгү толук өрчүгөн жандыктарга тиешелүү, алардын бир даанасы дагы ортоңку форма фоссили эмес» деген эмес. Эч ким эмне үчүн ортоңку форма фоссили деген көрүнүштө дайыма белгилүү бир канча жандыктын сүрөтүн көрөөрүн, эң белгилүү илимпоздордун да бул жасалма фоссилдерден башка көрсөтө турган нерсеси жок экенин, доктордук диссертациялар үчүн даярдалган китептерде дагы эмне үчүн ушулардын гана каралганын изилдеген эмес. Ошондой эле, эч ким алдыңкы планга чыгарылган бул бир канча фоссилдин да ортоңку форма өзгөчөлүгүнө ээ эмес экенин жана мунун илимий жактан далилденгенин билишпейт. Кыскасы, дарвинизм сыйкырына кабылган дээрлик эч ким дарвинизмди колдогон бир даана дагы далил жок экенин билбейт. Себеби бул чындык бул сыйкырдын куруучусу болгон дарвинисттер тарабынан усталык менен жана тымызын жашырууга аракет кылынган.
Бирок «ортоңку форма фоссили бар» деген калп канчалык көпкө жана канчалык өжөрлүк менен айтылбасын, эгер адамдар табылган чыныгы фоссилдердин бар экенинен кабардар болушса, алардын азыр жашап жаткан жандыктардан эч айырмасы жок экенин түшүнүшсө, анда жалганды кайталоонун эч мааниси калбайт, албетте. Азыр жагдай дажжалдын оюну дарвинизм үчүн ушундай. Дарвинисттер адамдарды ортоңку форма фоссили бар деген алдамчылыкка ишендирүү үчүн жандалбастап жатканда, толук жана кемчиликсиз көрүнүштөгү миллиондогон жылдык жандыктарды көрсөткөн фоссилдер адамдарга ачык ачык көрсөтүлүп, фоссил көргөзмөлөрү интернет жана Yaratılış Atlası (Жаратылуу атласы) аркылуу көргөзүлүүдө. Адамдар көзү менен көргөнгө ишенип, жылдар бою алган дарвинист пропагандадан шектенишүүдө. Эми дарвинисттердин «ортоңку форма фоссили бар» деген өжөрлүктөрү эч бир ишке жарабоодо. Дажжалдын оюнуна кирген дарвинисттердин адамдарды алдаганы эми бүт дүйнө жүзүндө апачык түшүнүктүү болду. Бул алдамчылыкты эми улантуу мүмкүн эмес. Улуу Раббибиз бир аятында мындайча буюрат:
Жок, Биз чындыкты батылдын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
129. R. C. Sproul, Not A Chance: The Myth of Chance in Modern Science and Cosmology, Baker Books, Kasım 1997, s. 9
130. R. C. Sproul, Not A Chance: The Myth of Chance in Modern Science and Cosmology, Baker Books, Kasım 1997, s. 14
131. Richard Dawkins, The Extended Phenotype, Oxford University Press, 1999, s. 40
132. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, s. 52
133. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, s. 54
134. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, s. 59-60
135. Richard Dawkins, The Extended Phenotype, Oxford University Press, 1999, s. 46
136. Richard Dawkins, The Extended Phenotype, Oxford University Press, 1999, s. 107
137. Richard Dawkins, The Extended Phenotype, Oxford University Press, 1999, s. 165
138. Charles Darwin, The Origin of Species, s. 172, 280
139. Mark Czarnecki, The Revival of the Creationist Crusade, MacLean's, 19 Ocak 1981, s. 56
140. Carlton E. Brett, "Statis: Life in the Balance", Geotimes, vol. 40 (Mart 1995), s.18