Дарвинисттик алдоо ыкмасынын эң ачык аныктамасын өзү дагы бир дарвинист болгон жана киши өлтүрүүлөрүн дарвинизмден илхам алып жасаган 20-кылымдын эң заалым диктатору Адольф Гитлердин пропаганда министри Йозеф Геббельстин (Joseph Goebbels) төмөнкү сөздөрүнөн түшүнө алабыз:
Эгер бир калпты болушунча көпкө, болушунча бийик үн менен жана болушунча кайра кайра айтсаңыз адамдар ишенет. Адамдарды бир калпка ишендирүүнүн сыры калпты тынымсыз кайталоодо. Болгону кайра кайра, кайра кайра жана кайра кайра айтыңыз. 116
Дарвинизмдин адамдарды алдоодо колдонгон ыкмасы мына ушул. Дарвинизм калпы ушунчалык бийик үн менен, ушунчалык көп, ушунчалык догматикалык бир ишеним менен айтылгандыктан, дүйнөдө көп адамдар изилдеп сураштырбастан эволюция теориясын туура деп ойлогон. Болгондо да бул темада массаларды алдоо апачык, белгилүү ыкмалар менен жасалганына карабастан, эч ким бул калпты жактаган илимпоздордон, бул калптын илимий журналдарга киришинен, окуу программасына киргизилип мектептерде окутулушунан күмөн санаган эмес. Бул илимпоздор «протеиндер кокустан ылай сууда пайда болду» деген калпты чыгарып, муну бийик үн менен, тараптарлары менен бирге, илимий сөздөрдү колдонуу менен кайра кайра илимий бир чындыктай айтышкан. Бир даана протеиндин пайда болуу ыктымалдыгынын нөл экенин билбеген адамдарга бул жомокту өжөрдүк менен кайталап, бир сыйкыр таасириндей таасир берип, аларды алдашкан. «Сансыз ортоңку форма фоссили бар» калпын жактаган дарвинист илимпоздор фоссил калдыктарынан кабарсыз адамдарга ушундай пропаганда жасагандыктан, адамдар көп жылдар бою сансыз фоссил тарабынан эволюция тастыкталган деп ойлошкон. Ал тургай, адамдар бул кызыктай пропаганданын таасирине киришип, маймылдан келгенбиз деген калпка ишенип, мектептерде муну окушкан жана аталарын кызыктай көрүнүштөгү, түктүү, маймылга окшош жандыктар болгон деп ойлошкон. Мунун эң негизги себептеринин бири мындай: дарвинизм калпы ачыкка чыкканга чейин адамдар «илимпоз чындыкты айтат» «биз илимий темаларды түшүнө албайбыз, илимпоздор эмне десе ага ишениш керек» деген жаңылыштыкта болушкан, ал тургай, алардын айткандарына ыйман келтиришип, бузуку бир ишеним системасын курушкан. Пайда болгон система бул туура эмес негизги отурган соң, эволюциянын жараксыздыгын талкуулоо да мүмкүн эмес бир даражага келген.
Бул маанилүү жана таң калыштуу бир чындык: дарвинист илимпоздор Дарвинден бери адамдарды алдашууда. «Илимпоз чындыкты айтат, анын айтканын талашпаш керек» жаңылыштыгына таянган бул система адамдарды бир калпка ишенүүгө, ал тургай бүт жашоосун бул калпка жараша жашашына багыттаган. Ушундай чоң масштабдуу бир оюн ойнолгондуктан, илимий чындыктар адамдардан жашырылып, анын ордуна калп менен жасалмалар колдонулуп, алынган маалыматтар бурмаланып эволюция калпына тууралоого аракет кылынган. Эгер маалыматтар эволюция калпына туура келбесе же жашылырган же болбосо жок кылынган. Адамдар көп жылдар бою апачык жана заалымдык менен алданып, дарвинист илимпоздордон алган маалыматтарды чындык деп ойлошкон.
|
Bu hayali varlıklar, zihinlere gerçekmiş gibi telkin edilmeye çalışılmaktadır. |
Дарвинизмдин тамырында материалисттик философияга болгон шартсыз көз-карандылык бар. Материализм жашоонун келип чыгышы жана ааламдын пайда болуу максаты менен байланыштуу заттан тышкаркы бүт жоопторду, эч бир илимий ачылышка таянбастан жокко чыгаргандыктан жана эволюция теориясы дагы жашоонун келип чыгышына жасалма бир түшүндүрмө сунгандыктан, материализм менен дарвинизм арасында тамырынан бир байланыш бар. Дарвинист илимпоздор ошол эле учурда материалист жана дарвинизмге көрсөтүлгөн колдоо негизи материализмди сактап калуу аракети. Мына ушул себептен дарвинисттердин ою боюнча, эволюция теориясын кандай болсо дагы жактоо керек. Эволюция эгер болушунча күчтүү жакталбаса, эволюциянын калптары бүт мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп жашырылбаса, дарвинизмге каршы чыккандардын басым жана коркутуу ыкмалары менен оозу жабылбаса, дарвинизмдин жараксыздыгын көрсөткөн илимий далилдер тыкандык менен жаап-жашырылбаса, жалгыз жана абсолюттук чындык болгон «бүт нерсени, жан-жаныбарды Аллах жаратканы жөнүндөгү чындык» бүт адамзатка жайылып, материализм жок болот. Дарвинисттердин көп жылдардан бери эволюция калпын бийик үн менен жана өжөрдүк менен жакташынын себеби мына ушунда. Джонатан Уеллс бул жөнүндө мындай дейт:
... Дарвинизмди чындыктай көрсөткөн нерсе далил эмес, материалисттик философия. 1997-жылы Гарвард генетиктеринен Ричард Левонтин өзүнүн жана Карл Сагандын бир жолу дарвинизмди бир талкууда кантип жактаганын айтып берген эле: «чыгарган пикирлеринин кээ бир ашкере тантыктарына карабастан илимди жактадык ... Себеби эң башта бир жоопкерчилигибиз бар эле, материализм үчүн жоопкерчилигибиз.» 117
Көңүл бурулган болсо, Левонтиндин сөздөрүндө маанилүү бир дарвинисттик адашуу дагы бир жолу көрүнүүдө. Левонтин «илим тараптары болгон үчүн эволюцияны жактоого мажбурбуз» деп айтууда. Чынында болсо, чын ниеттүү жана стереотипсиз бир көз-караш менен илимий табылгалар бааланганда, илим тараптарымын деген бир адамдын дарвинизмди жакташы мүмкүн эмес. Дарвинисттер көнүмүш адаты менен, «илим – бул дарвинизм» деген калпты жана догманы карманып, сөздөр аркылуу адамдардын аң-сезимине бул калпты сиңиришүүдө.
Дарвинисттер бул алдамчылык дайыма уланат деп ойлошкон. Бирок учурдагы абал көп деле алар ойлогондой жана алар күткөндөй эмес. Материалисттик философия кыйрап баратат. Дарвинисттердин оюндары бир-бирден белгилүү болду. Адамдар кантип бир калпка, жасалма бир динге сокурдук менен ыйман келтирүүгө мажбурланышканын түшүнө башташты.
Швециялык эмбриолог Soren Lovtrup дарвинизм калпын мындайча айткан:
Бир күнү Дарвин мифинин илим тарыхындагы эң чоң алдамчылык катары өз ордун алаарына ишенем. Бул болгон күнү көп адамдар төмөнкү суроону узатат: «мындай нерсе кантип болду?» 118
Адамдар чындап эле учурда дарвинисттер тарабынан алданып калуунун шогун сезип башташты. Дүйнөлүк масштабдагы бир оюндун бөлүгүнө айланышканын күн өткөн сайын жакшыраак түшүнүшүүдө. Жакынкы бир келечекте жалган дарвинизм дининин чыныгы жүзүн бүт дүйнө толук түшүнөт жана адамдар чындап алданганын таң калуу менен кабыл алышат. Бир калптан кутулган соң дарвинизм кирдеткен акыл менен абийирлери тазаланып, бүт нерселердин Аллахтын кереметтүү чыгармалары экенин түшүнүшөт. Дажжал системасы илимий-пикирдик жактан толук жок кылынат. Аллах аяттарында мындайча буюрат:
Асмандардын жана жердин мүлкү Аллахка тиешелүү. Аллах бүт нерсеге кудуреттүү. Эч күмөнсүз, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Али Имран Сүрөсү, 189-190)
Дажжал системасы болгон атеист масондуктун кир оюну дарвинизмдин 1,5 кылымдан бери адамдарды алдаган тымызын ыкмалары кайсы? Дарвинисттер тымызындык менен, биргелешип кандай жасалма система менен бүт адамдарга колу жетип, бир калпты чындыктай көрсөтүшкөн? Дажжалдын сыйкыры кантип адамдарга мынчалык таасир берди? Бул сыйкырды натыйжалуу кылган көз бойомочу дарвинисттик тактикалардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
Дарвинизм «сыйкыры» адамдарды ойлонуудан тосууга таянган. Дарвинисттер мына ушул себептен көзгө жана кулакка багытталган күчтүү пропаганда менен адамдарды алаксытууга аракет кылышат. Адамдарды сыйкырлоо менен аларды чындыктардан алыстатууну көздөшөт. Дарвинизмдин бул күчтүү сыйкыр пропагандалары натыйжасында көп адамдар ойлонуудан, изилдөөдөн, анализ кылуудан баш тартат жана алдына коюлган калп «илимий» түшүндүрмөлөргө кааласа, каалабаса баш ийет.
Бирок кызыгы адамдарды алаксыткан жана ойлонуудан тоскон кооздолгон пропагандалар негизи түпкүрүндө абдан жөнөкөй жана акылга сыйгыс бир логиканы камтыйт. Дарвинисттик китеп, журналдар бир клетканын пайда болушун сансыз илимий терминдерди колдонуп жүздөгөн бет толо түшүндүрүшү мүмкүн. Бирок кыскача алардын айткысы келгени мындай: ылай суу + кокустуктар + убакыт = жашоо (жандыктар)! Кооздолгон сөздөр, түшүнүү кыйын болгон оор латынча аныктамалар, татаал терминдер дарвинисттик пропаганданы жасоо үчүн мындай китеп, журналдарга атайылап кошулат. Бирок чынында дарвинисттик түшүндүрмөлөрдүн артында татаал, комплекстүү, түшүнүү кыйын болгон бир логика же түшүндүрмө эч жок.
1. Çamur | 3. Tesadüf | 5. GÜYA |
Çamur + Zaman + Tesadüf + Doğa Olayları (= GÜYA) TÜM YAŞAM |
PBS Nova TV каналынын "The Miracles of Life" даректүү тасмасынан бир бөлүм буга жакшы бир мисал болот:
Төрт жарым миллиард жыл мурда жаңы пайда болгон дүйнө космостук чаң жана бөлүкчөлөр жыйындысынан турат эле. Башында суулар тарабынан дээрлик толук көмүлгөн абалда эле. Күчтүү шамалдар атмосферадан туш келди молекулаларды чогултту. Булардын кээ бирлери сууларда топтолду. Океандагы куюлуштар менен агымдар молекулаларды бир жерге чогултту. Жана бул илгерки океандын бир жерлеринде жашоо керемети ишке ашты... Алгачкы жашоонун алгачкы уюшкан формасы кичинекей бир протозоан эле (бир клеткалуу бир жандык). Миллиондогон протозоан илгерки сууларда бир жерге чогулушту. Бул алгачкы организмдер океан суусунан турган дүйнөлөрү ичинде өздөрүнө өздөрү жетиштүү эле. Суудан турган бул чөйрөдө бактерия жана башка организмдер менен азыктанып жашашкан... Бул бир клеткалуу жандыктардан жер бетиндеги жандыктар эволюциялашты.119
Бул кызыктай түшүндүрмөлөрдү көргөн көп адамдар клетканы түзгөн бир даана протеиндин кокустан пайда болуу ыктымалдыгынын 10950дөн 1, б.а. ыктымалсыз экенин билбей болуш керек, албетте. Бул кишилер биз жашап жаткан кереметтүү тең салмактуулук жана идеалдуулукка ээ планетада тең салмактуулукка таасир бере турган кандайдыр бир өзгөрүүнүн же пайда болуунун туш келди болуу ыктымалдыгынын 101000ден жогору экенин, б.а. канчалык убакыт берилбесин эч мындай бир өзгөрүүнүн болушу мүмкүн эмес экендигин да билбейт болуш керек.120 Бул көрүүчү жогоруда айтылган «жашоо кереметинин» болушу үчүн бир топ жогору ыктымалдыктардын ишке ашышы керек экенин жана мунун бир топ жогору ыктымалсыздыкта экенин да билбейт болуш керек. Мына ушул себептен бул ойдон чыгарылган сценарийди көрүү жана ага ишенүү бул жөнүндө маалыматы жок адамдар үчүн көп кыйын болбойт.
Бул PBS даректүү тасмасында дүйнөнүн пайда болушу, алгачкы клетканын пайда болушунун ойдон чыгарылган жомогу жана бул кыялдагы алгачкы клетка баштаган жандык түрлөрү ушунчалык жөнөкөй бир окуядай баяндалгандыктан, бүт булар бул жөнүндө көп ойлонгусу келбеген бир адамды ынандырууга жетиштүү болот. Бул адамдын алдына даяр бир маалымат келген. Бул киши кандай болсо дагы:
◉ бир протеиндин кокустан пайда боло албашын,
◉ андан соң экинчи, үчүнчү, төртүнчү, аягында бир миллионунчу протеиндин да ошол сыяктуу кокустан пайда болушунун ыктымалсыз экенин,
◉ ыктымалсыз болгонуна карабастан, кокустан пайда болду деп кабыл алсак дагы дүйнөнүн бир учунда «пайда болгон» алгачкы протеиндин башка учунда «пайда болгон» экинчи протеин менен биригишинин да ыктымалсыз экенин билбейт.
Бул баскычка чейин бүт нерсе оңой гана ишке ашкан деп ойлогон бул киши;
◉ ыктымалдык эсептөөлөрү боюнча кокустан пайда болушу мүмкүн эмес болгон клетка органеллдеринин пайда болушун,
◉ бул «кереметтүү» абалда пайда болгон органеллдердин клетка пайда болгонго чейин жок болбостон чогуу турушун,
◉ андан соң кемчиликсиз тандалма өткөрүүчү кабыкчасы жана укмуштуу системасы менен лабораторияларда илимпоздордун көзөмөлүндө да жасала албаган, илимпоздор тарабынан «бир галактикадан да комплекстүүрөөк» деп айтылган клетка ылай суу ичинде кокустан пайда болгон деген жомокту кадыресе кабыл алат.
Себеби бул көрүүчүгө сунулган маалыматтарды ойлонбостон оңой гана кабыл ала турган бир адам үчүн абдан жөнөкөй бир түшүндүрмө сунулууда. Болгондо да бул түшүндүрмөнү бир илимпоз таанымал бир даректүү тасма каналында жасап жатат. Эми анын берилген маалыматты сындашына, изилдеп анализ кылышына, протеиндин кереметтүү системасы жөнүндө ойлонушуна кажет жок. Бул даректүү тасманы көргөн адамга клетка жөнөкөй бир көбүкчө деген пикир сиңирилүүдө. Бул илимге сыйбас жөнөкөй логика боюнча, көп убакыт бою ачык турган бир мөмө ширесинин бетинде көк дат пайда болгон сыяктуу, көрүүчүгө да клетканын ылай суунун ичинде пайда болушу оңой жана мүмкүн деген ой калтырууга аракет кылынат. Чынында болсо көк даттар – бир клеткалуу жаныбарлар, жана мөмө ширесинин бетинде сырттан келген бир клетканын көбөйүшү натыйжасында пайда болушат. Ошондуктан алар дагы мөмө ширесинин бетинде өзүнөн-өзү, сокур кокустуктар натыйжасында жоктон пайда болушпайт. Ошол эле учурда бул даректүү тасмада кыялдагы алгачкы клетканын пайда болушунан тышкары, дүйнөнүн пайда болушу, алгачкы атмосферанын кыялдагы алгачкы клетканы заматта жок кылуу күчү, протозоандардын кантип көп клеткалуу жандыктарга айланганы жана азыр дагы бактериялар бар кезде протозоандын кантип бул кыялдагы алгачкы жашоонун «алгачкы жандыктары» экени сыяктуу өтө маанилүү темалар дарвинисттер тарабынан түшүндүрүлгөн эмес. Булар бул илимге сыйбас жөнөкөй түшүндүрмө ичинде «майда-барат» темалар катары кабыл алынууда. Бирок бул майда-бараттардын ар бири эволюция теориясынын логикасы менен эч түшүндүрүүгө мүмкүн эмес нерселер жана дарвинизмди жок кылган негизги тема болгон «жашоонун келип чыгышы» темасы. Түрлөрдүн кантип пайда болгону, маймыл сымал жандыктардын адамга кантип «айланганы» жөнүндө китептер толо жомокторду баяндаган дарвинисттер али жашоонун келип чыгышы суроосуна жооп бере алыша элек.
Кээ бир адамдар майда-бараттарга кирбестен, туураны изилдебестен, уккандарын гана кабыл ала беришет. Дарвинисттер бул адамдардын ушул алсыздыгын колдонушат. Көп адамдар дарвинисттердин бул алдамчы тузагына түшүп, логикасыз сезилсе дагы, илимий бир далил көрүшпөсө дагы, түздөн-түз дарвинизмди кабыл ала беришет. Ушул себептен дарвинисттердин жөнөкөй жана логикасыз түшүндүрмөлөрү 150 жылдан бери белгилүү бир катмарга таасир берип, адамдар алданышкан.
Darwinistler propaganda yöntemleri için yoğun olarak basını kullanarak, görsel telkinlerle izleyicileri aldatmaya çalışmaktadırlar. |
Буга башка бир мисал болсо балдар үчүн жазылган Wonderful Egg (Керемет журмутка) китебиндеги сөздөр. Китепте такыр логикасыз бир сценарий жомогу баяндалган. Бул жомок боюнча, эне динозавр жумуртка таштайт жана кызыктай бир абалда бул жумуртканын ичинен «алгачкы канаттуу» чыгат. Динозавр энеден туулган «канаттуу» акырындап өсүп, чоңойот жана кереметтүү абалда кемчиликсиз канаттарга жана түктөргө ээ болот. Анан узун бир дарактын бутактарын көздөй бактылуу учуп баштайт. Бул жерде эң кызыгы жана балким дарвинисттер жагынан окуянын эң трагедиялуу тарабы – бул таң калыштуу тантык китептин American Association for the Advancement of Science (Америка илимий өнүгүү уюму), the American Council on Education (Америка билим берүү кеңеши) жана Association for Childhood Education International (Эл аралык балдарга билим берүү уюму) тарабынан колдоого алынып, сунушталышы. 121
Мындай китептер ушул сыяктуу пикирлер менен жарык көрүү менен же муну колдоо менен абдан уят болушууда. Албетте, бир сойлоочунун жумурткасынан толугу менен башка анатомиялык түзүлүшкө, учуу сыяктуу бир жөндөмгө, ага ылайыктуу мүчөлөргө, түк, канат, жылуу кандуулук, өзгөчө өпкө системасы сыяктуу бүтүндөй башкача физиологиялык түзүлүштөргө ээ бир канаттуунун чыга албашын биринчи класстын окуучусу дагы оңой гана биле алат. Бирок ушуга карабастан, дарвинисттик идеологиянын жактоочулары, уят болоорун билип турушуп, бул логикасыз пикирди жактоодон тартынышпайт.
Илимий редактор дарвинист Гордон Тейлор Рэттрейдин (Gordon Rattray Taylor) моюнга алуусу дарвинизм сунган жөнөкөй логиканын туура эместигин абдан туура түшүндүрүүдө:
Эволюция тарыхы ушул сыяктуу өзгөрүүлөргө толо, ал тургай ушулардан гана турат деп айтууга болот. Жалтырактар түктөргө айланат. Буттар канат болот. Ашказандар аба каптарына айланат. Ал тургай биохимия процесстери деңгээлинде өзгөртүүлөр жана жөнгө салуулар ишке ашат. Дарвинизм бул кереметтер жөнүндө «булардын баары кокустуктар натыйжасы» дегенди гана айтат. 122
Миссури университетинен доктор Николас Комнинеллистин китебинде орун алган бир гезит макаласында болсо төмөнкү сөздөр айтылган:
Эволюция теориясы өспүрүмдөр үчүн бир фея жомогу. Бул теория илимдин өнүгүшүнө эч салым кошкон эмес. Ишке жарабас бир теория. 123
Дарвинизм сыйкыры адамдарга таасирдүү болушу үчүн жасалган дарвинист илимпоздор арасындагы жашыруун биримдик дагы абдан кызыктуу. Бир канча акырын үндөн тышкары дээрлик эч ким эволюция теориясын жактоо максатында чыгарылган, илимге туура келбеген, жаш баладай, логикасыз, акылсыз түшүндүрмөлөргө унчугушпоодо.
Бирок кээде чыгарылган эволюционист пикирлер дарвинист илимпоздор үчүн дагы ушунчалык чоң жана ачык бир уялууга себеп болгондуктан, айланадагылардын реакциясынан тартынган үчүн аларга каршы чыгууга мажбур сезишет өздөрүн. Мисалы, Дарвиндин өзү айткан «Түндүк Америкада күрөң аюу оозун чоң ачып суудагы курт-кумурскаларды тутушу натыйжасында китке айланган» же «каккан сүзгүч канаттарынын жардамы менен көтөрүлгөн, айланган, абада бир топко зымыраган балык кемчиликсиз канаттары бар айбандарга айланган» деген пикирлер дагы деле консервативдүү дарвинисттер тарабынан жакталса дагы, көп дарвинист тарабынан уялта турган пикирлер деп кабыл алынууда.124 Акыркы жолу 2009-жылы «адамдын (кыялдагы) эволюциясынын эң чоң далили», «табыла албаган кайып звено» деп гезиттердин башкы кабарларынан жумалар бою орун алган, дарвинисттерди уялта турган пропаганда жасалган лемур фоссили Ида жана катардагы бир Бонобо маймылынын фоссили Арди дагы кээ бир дарвинист илимпоздор тарабынан сын-пикирге кабылган.
Кээ бир дарвинист илимпоздор Ида шерменделигин «цирк», кээ бирлери «маскаралык» дешсе, кээ бирлери кайып звено пикирине эч байланышы жок фоссил жөнүндө баштатылган убаракерчиликтен улам канчалык уялганын апачык айтышкан.125 Арди болсо майдаланган скелеттин жасалма жол менен чогултулушу аркылуу адамга окшотууга аракет кылынган жана бул апачык көрүнүш ошол замат кээ бир дарвинисттерден сын-пикир алган. Ардинин тик туруп басуу менен же адамдын атасы деген пикирлер менен эч байланышы жок экени, катардагы бир маймыл өзгөчөлүктөрүнө ээ экени эң белгилүү дарвинист булактарда да моюнга алынган жана дарвинисттер дагы бир көз бойомочу сөзүнөн артка кайтууга мажбур болушкан. (Katherine Harmon, How Humanlike Was "Ardi"?, Scientific American, 19 November 2009, http://www.scientificamerican.com/article.cfm?id=how-humanlike-was-ardi)
IDA Sahtekarlığı: |
Darwinistlerin, soyu tükenmiş mükemmel bir lemur fosilini insanın hayali evrimine delil olarak göstermeye çalışmaları çaresizliklerinin önemli bir göstergesidir. Darwinistler, bu utanç verici Ida şovunun ardından özür dilemek zorunda kalmışlardır. |
Бирок ошентсе дагы бул уялта турган жагдайды билген дарвинисттердин реакциясы анча болбойт. Себеби алардын идеологиясы боюнча, дарвинизмдин жөнөкөй дүйнөсүн –логикасыз болсо да- аягына чейин жактоого мажбур. Эволюция, Дарвиндин ою боюнча, абада учкан бир балык сыяктуу илимий жактан эч жараксыз жандыктарды чыгарган. Аны ээрчиген дарвинисттер дагы бул пикирди жактоого мажбур сезишет өздөрүн.
Бристол университетинин органикалык эмес химия бөлүмүнөн D. T. Rosevear дарвинизмдин бул жөнөкөй логикасын жана илимпоздордун билип туруп бул оюнга инструмент болгонун мындайча айтат:
Эволюция эч бир далилге таянбаган бир гипотеза жана чындыктарга сыйбайт. Бул классикалык эволюция теориялары өтө комплекстүү жана кыйыр бир чындык жыйындысын болушунча жөнөкөйгө төмөндөтүүдө. Жана муну көп убакыттан бери, бир дагы каршы чыккан кобуроосуз, болушунча көп сандагы илимпоз тарабынан сындалбастан жана каршы чыкпастан кабыл алынганына таң калам. 126
Дарвинисттер жашоого (жандыктарга) өз ойлорунда «жөнөкөй» сыпатын тагууга канчалык аракет кылышпасын, жандыктар ааламынын кереметтүү жана таң калыштуу бир комплекстүүлүккө экени алар да жокко чыгара албаган анык бир чындык. Дүйнө бир-биринен айырмалуу миллиондогон жаныбар жана өсүмдүк түрүн камтыйт. Булардын ар бири ээ болгон кичинекей бир түзүлүш дагы укмуштуу бир комплекстүүлүккө ээ. Учурда жандыктар ээ болгон түзүлүш менен органдардын функцияларын бир аз эле «түшүнө алуу», лабораторияларда муну изилдеп ача алуу бир ийгилик деп саналууда. Акылдуу бир жандык болгон адам өз клеткасынын эмнеге окшошоорун өткөн кылымда гана жалпысынан түшүнө алды. Болгондо да, бул клетка мындай турсун, бул клетканын жүз миңдеген протеининен бир даанасын да дагы эле жасай ала элек. Дарвинисттер тарабынан эң «жөнөкөй» жандык катары көрсөтүлүүгө аракет кылынган бактерия өзүнүн органеллдери, ДНК жана клетка кабыкчасы, антибиотиктерге каршы укмуштуу чыдамкайлыгы жана жогорку өзгөчөлүктөрү менен кереметтүү бир комплекстүүлүк мисалы. Англис зоолог Сэр Джеймс Грей (Sir James Gray) айткандай, бир бактерия бир лабораториянын иш-аракеттеринен бир топ көбүн жасайт.127 Эволюционист Джеймс А. Шапиро (James A. Shapiro) болсо бактериянын мындай өзгөчөлүктөрүнөн улам абдан комплекстүү бир жандык экенин төмөнкүчө мойнуна алууда:
Бактериялар абдан кичинекей болсо дагы, илимий аныктамадан бир топ жогорку биохимиялык, түзүлүштүк жана кыймыл-аракеттик комплекстүүлүккө ээ. Учурдагы микроэлектрондук төңкөрүшкө ылайык, бактериялардын чоңдугун жөнөкөйлүккө эмес, комплекстүүлүккө теңөө туурараак болушу мүмкүн... Бактериялар болбосо жер бетиндеги жашоо азыркы абалында боло алмак эмес. 128
Darwinistlerin Çaresizlikten Sığındıkları Son Aldatmaca: Ardi | |
Darwinistler, günümüzde yaşayan Bonobo maymunlarının aynısını bulup getirmiş ve buna"Ardi" adını vermişlerdir. Ve şunu demişlerdir,"tamam maymun, ama dik duruyor"! İşte bu, çok yakından tandığımız Darwinist aldatmacanın oldukça ilkel örneklerinden biridir. 1994 yılında bulunan fosil iskeleti, ilk bulunduğunda paramparça haldedir. Canlının özellikle fosilleşmiş leğen kemiği, küçük parçalar halindedir ve paleontologların ellerine aldıkları anda parçalanan son derece kırılgan bir yapıdadır. Darwinistler, şekli belli olmayan milimetrik parçaları almış ve kendi istedikleri gibi bir leğen kemiği inşa etmişlerdir. Darwinistler 15 yıl sonra ortaya çıkardıkları bu fosili özel olarak seçmişlerdir. Ellerinde ara form olmadığı için,"parçalanmış" bir fosili spekülasyon malzemesi yapmaları son derece kolay olmuştur. Long Island, Stony Brook Üniversitesi Tıp Merkezi'nde anatomik bilimler bölümü şefi olan Darwinist William Jungers, bu konu hakkında şunları söylemektedir: Eğer elinizde imkan varsa, bu parçaları, zihninizde olan şeye benzetmeme ihtimaliniz oldukça zor... Ardi, oldukça fazla tahmin gerektiriyor. Ardi'nin ayaklarındaki içe dönük başparmak ve insanlarda olmayan ayak kemeri, canlının dik bir yürüyüşe sahip olmadığının en belirgin delillerindendir. Jungers, fosili inceledikten sonra ise,"elde edilen veriler kasıtlı olarak ihmal edilmediği veya bunlar tamamen uydurma olmadığı sürece, böyle bir hayvanın arka bacakları üzerinde sürekli yürüyemeyeceğini" açıkça belirtmiştir. Ardi'nin insanın hayali evriminde kayıp halka olduğunu öne süren California Üniversitesi'nden Darwinist Tim White da fosil hakkında ortaya çıkan gerçekler karşısında şu itirafı yapmak zorunda kalmıştır: Ardipithecus ramidus'un (Ardi), Australopitecusların atası olduğu çıkarımını yeterli derecede haklı çıkaracak, görünürde hiçbir özellik bulunmamaktadır. Darwinistlerin Ardi hakkındaki iddiaları aslında Darwinistlerin düştüğü çaresiz durumun önemli bir kanıtıdır. Darwinistler, utanılacak duruma da düşseler, sapkın Darwinist ideoloji uğruna, bu aciz iddiaları tekrarlamak zorunda kalırlar. Kaynak: Katherine Harmon, How Humanlike Was "Ardi"?, Scientific American, 19 Kasım 2009 |
Демек, жашоо жөнүндө «жөнөкөйлүктөн» сөз кылуу, албетте, мүмкүн эмес. Жандыктардын денеси жогорку бир Жаратуучунун, бүт нерсени башкарган Улуу бир Күчтүн бар экенин жана жогорулугун көрсөтүүдө. Ал Жаратуучу – жандыктарга жан берген, алардын ар абалын билген, бүт нерсени жоктон жараткан, жаратуучулардын эң жакшысы Аллах. Аллахтын теңдешсиз жаратуусу Раббибиздин бир гана «Бол» буйругу менен ишке ашат. Улуу Аллах үчүн эң кереметтүү жандыктарды каалаганда, каалагандай жаратуу, албетте, абдан оңой. Ал бүт нерсенин ээси, бүт нерсенин башкаруучусу. Раббибиз аяттарында мындайча буюрат:
Асмандар менен жердин мүлкү Аныкы. Тирилтет жана өлтүрөт. Ал бүт нерсеге кудуреттүү. Ал – Авваль, Ахир, Захир, Батын. Ал – бүт нерсени билүүчү. Ал асмандарды жана жерди алты күндө жаратып, кийин Арштан Бийик болду (Аршка истива кылды). Ал жерге кирген жана жерден чыккан, асмандан түшкөн жана ага көтөрүлүп жаткандын баарын билет. Силер кайда болсоңор да, Ал силер менен бирге, Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. Асмандар менен жердин мүлкү Аныкы. (Аягында бүт) иштер Аллахка кайтарылат.(Хадид Сүрөсү, 2-5)
116. http://siyasitarih.azbuz.com/bolum/Unlu-kisilerin-sozleri-/catID=2890071
117. Jonathan Welss, Ph.D., The Politically Incorrect Guide to Darwinism and Intelligent Design, Regnery Publishing Inc., Washington, 2006, s. 69
118. S. Lovtrup, Darwinism: The Refutation of a Myth, Londra, Croom Helmm, 1987, s. 422 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 220
119. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, s. 50-51 (vurgu bize aittir.)
120. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 212
121. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, s. 26
122. Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Sphere Books Ltd., 1984, s. 10
123. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 218
124. Steve Jones, Darwin's Ghost: The Origin of Species Updated, Random House Publisher, 2000, s. xvii, xviii
125. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, s. 26
126. D. T. Rosevear, "Scientist Critical of Evolution", Evolution Protest Movement Pamphlet, no. 224, 1980, s. 4 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 225
127. Sir James Gray, The Science of Life, chapter in Science Today, 1961, s. 21
128. James A. Shapiro, Bacteria as Multicellular Organisms, Scientific American , Vol. 258, Haziran 1998, s. 82