2-Бөлүм - Дарвинисттер Көз Бойомочулуктар Менен Дүйнөнү Алдашты 5/5

Жалган Бир Дин: Дарвинизм

hayvanlar

Yeryüzü muhteşem yaratılış delilleriyle doludur.

Дарвинизмдин тарыхын изилдегенде абдан анык чындыктарды көрөбүз:

◉ дарвинизм илимий далилденген эмес, тескерисинче илимий далилдер тарабынан калпка чыгарылган.

◉ мына ушул себептен дарвинизм көз бойомочулуктар менен сактап калууга аракет кылынган.

◉ дарвинисттик көз бойомочулуктарды дарвинист илимпоздор көрмөксөн болушкан.

◉ жасалма фоссилдер жасалма экени бети ачылган соң дагы көп жылдар бою музейлерде эволюция далили катары көргөзмөдө турган.

◉ дарвинист илимпоздор, көз бойомочулуктардын чыныгы жүзүн билип туруп, окуучуларына алардын баарын эволюцияны далилдеген илимий далилдей окутушкан.

◉ дарвинизмди калпка чыгарган, жаратылууну далилдеген илимий чындыктар дарвинист илимпоздор тарабынан жашырууга аракет кылынган. Фоссилдердин жашырылышы мунун эң чоң далили.

◉ дарвинизм адамдарга «адам бир айбан гана» деген пикирди берүүгө аракет кылып, бул үчүн жасалма эмбрион сүрөттөрүн тартууга да кол узаткан.

◉ дарвинизм жандыктарды жогорку бир Жаратуучу жаратканын жокко чыгаруу үчүн кокустуктардын «кереметтерди» жасаарына адамдарды ишендирүүгө аракеттенген. (Аллахты аруулайбыз.)

Көз бойомочулукка чейин барган мындай таң калыштуу аракеттин себеби эмнеде? Дарвинисттер илимий чындыктар берген туураларды кабыл алуу жана дарвинизмден баш тартуунун ордуна эмне үчүн мындай кыйын бир жолго киришти экен? Илимий жактан эволюция теориясын далилдөө мүмкүн эмес экени анык бир чындык болгонуна карабастан, эмне үчүн бул теорияны тастыкталгандай көрсөтүүгө аракет кылышып, эмне үчүн пропаганда, көз бойомочулук жана алдамчылыктарга мынча көп убакыт, эмгек коротушууда? Дарвинист илимпоздор уят болушаарын, көз бойомочу аталышаарын билип туруп, эмне үчүн өжөрдүк менен эволюция үчүн калптарды чыгарып, буларды мектеп, университеттерде окутушту экен?

Булардын баарынын бир гана жообу бар: дарвинизм илим эмес. Дарвинизм бузуку бир дин. Бош жана жалган бир ишеним системасы. Көз бойомочулукту негиз туткан бир идеология. Дарвинисттердин бүт мындай аракеттеринин себеби – бул алардын бул бузуку динге болгон сокур жакындыгы жана жалган ишенимин болгон күчү менен сактап калуу каалоосу. Дарвинисттердин ою боюнча, бул үчүн колдон келгендин баарын кылуу керек. Эгер бул жалган дин ташталса, дарвинисттер бүт жандыктарды Аллах жаратканын кабыл алышат жана жалган диндерин таштаган болушат. Муну бузуку дарвинист мээлер эч кабыл ала албайт. Чынында болсо Аллахтын бар экенине жана жалгыздыгына ишенүү жана Аллах сүйүүсү адамдарга чоң кубаныч берет. Аллахка ыйман (ишенүү) адамдын акылын жана түшүнүү күчүн эсе эсе көбөйтүүчү, рухун абдан тереңдетүүчү чоң бир жакшылык. Дарвинисттердин өздөрүнүн төмөн акылдары менен Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн колдонгон ыкмалары болсо аларды бир гана байкуштукка, максатсыздыкка, көз бойомочулукка жана логикасыздыкка түртүүдө.

150 жылдан бери дарвинизм үчүн уланып келе жаткан калптардын, жасалма фоссилдердин, жасалма сүрөттөрдүн, клейленген көпөлөк сүрөттөрүнүн, жасалма эмбрион схемаларынын, илимий баркы жок жасалма реконструкциялардын, 70 жыл бою жашырылган кембрий жандыктарынын, 40 жыл бою көргөзмөдө турган жасалма баштардын, кээ бир окуу китептеринде дагы эле орун алып келе жаткан көз бойомочулуктардын себеби мына ушунда. Жалган эволюция динин тутунгандар бул жалган динди сактап калуу үчүн илимди эмес, алдамчылыкты колдонууну тандашат. Дарвинист илимпоздор арасында үн-сөзсүз, бирок бир ооздон бул көз бойомочулук уланууда. Француз биолог дарвинист Пьер-Поль Грассе бул чындыкты мындайча мойнуна алган:

Бул алдамчылык кээде билбестен жасалат, бирок дайыма эмес. Себеби кээ бир адамдар жамаатчылыгынан улам атайылап чындыктарды байкамаксан болушат жана өз ишениминин жетишсиз жана туура эмес экенин кабыл алышпайт. 106

manzara

Дарвинист Пьер-Поль Грассенин бул моюнга алуусу дарвинист чөйрөлөр арасындагы бир жашыруун келишимди көрсөтөт. Дажжал системасы боюнча, дарвинизмди эч качан жокко чыгаруу мүмкүн болбогондуктан, көз бойомочулуктар, алдамчылыктар жана калптар байкамаксан болунушу керек.

Дарвинисттер кээде дарвинизмди дин катары кабыл алышканын да моюнга алышат. Мунун кээ бир мисалдары төмөнкүдөй (Аллахты аруулайбыз):

«Бир киши ал көз-караш атеизмден айырмасыз болсо гана, эволюцияга туура келген бир диний көз-карашта боло алат.» 107 Эволюция биологу жана генетик атеист Уилл Провайн.

«Эволюция ... атеисттердин өздөрүн коргошуна көмөкчү болот жана алардын жаратуучусуз бир эволюция «динине» туура келет.» 108 Эволюция биологу атеист Ричард Доукинс.

«Негизи эволюция бир жагынан караганда илимий динге айланды. Дээрлик бүт илимпоздор муну кабыл алышат жана алардын көпчүлүгү өз байкоолорун ага туура келтирүү «тенденциясы» ичинде болууга даяр.» 109 Манчестер университети физика профессору дарвинист Х.С. Липсон.

«Менин 40 жылдан ашуун убакыттан бери уланган эволюцияны эксперимент аркылуу көрсөтүү аракеттерим бүтүндөй ийгиликсиз болду... Эволюция пикири ишенимге гана таянууда!» 110 Бүт карьерасын жандыктар арасында жасалма бир «эволюция» кыла алуу үчүн короткон Лунд университетинен белгилүү илимпоз Хериберт Нильссон.

«Табигый тандалуу мыйзамдары, менимче, илим эмес. Бул бир идеология, болгондо да жаман бир идеология жана биздин жашоонун тарыхын ачык түшүнө алуу жөндөмүбүзгө тоскоол болот. Бир-бирибизге толеранттуулук менен кароо жөндөмүбүзгө тоскоол болгон сыяктуу.» 111 Швейцария Федералдык технология институтунан геофизика адиси дарвинист Кеннет Хсу.

«Мени мунун күбөсү, бул теманын адвокатындай көрүшсө жана менден мындай деп сурашса «Др. Доукинс, эволюцияга болгон ишенимиңиз, эволюция жөнүндөгү изилдөөлөрүңүз сизди атеизмге айланттыбы?» Буга «ооба» дешке мажбурмун. ... Мен сыяктуу адамдар эволюция лоббиси үчүн жаман кабар сыяктуу. Бирок мен бул темада, бул багытта сүйлөгөн адамдардын баарынан бир топ ачык сүйлөймүн.» 112 Ричард Доукинс.

Darwinistlerin insanları bir aldatmacaya inandırmak için geliştirdikleri binlerce sahte şemadan biri...

Darwinistlerin insanların beynini yıkamak, onları bir aldatmacaya inandırmak için geliştirdikleri binlerce sahte şemadan biri...

Дүйнөгө белгилүү дарвинисттердин бул моюнга алуулары, албетте, маанилүү бир чындыкка ишарат кылууда. Дарвинисттер жактаган идеологиясынын бир калп экенин билип туруп, орток, үн-сөзсүз бир тил колдонушуп, бул көз бойомочулукту чогуулай улантышууда. Кээ-кээде жасаган моюнга алуулары болсо жалган дарвинизм динине болгон жакындыгы жагынан эч нерсе өзгөртпөй, бул система 150 жылдан бери кандай болсо ошол бойдон уланып келатат. Атайылап жасалган көз бойомочулуктар түгөнбөй, жалган дарвинизм динин сактап калууну көздөгөн бул калптар токтобоодо.

1998-жылы өлгөн жана бүт өмүрүн бул жалган теорияга тараптар болуу менен өткөргөн Англия Табият тарых музейинин даражалуу палеонтологу Колин Паттерсондун төмөнкү моюнга алуусу дарвинисттердин алдамчылыгын көрүү жагынан маанилүү.

Он жылдан ашуун бир убакыттан бери эволюция жөнүндө изилдөө жасадым деп ойлодум... (Бирок) Бул жөнүндө бир нерсе дагы билбейт элем... Акыркы бир канча жумадан бери ар кайсы адамдарга жана ар кайсы топторго жөнөкөй бир суроо узатып көрдүм. Суроо мындай эле: «Эволюция жөнүндө сиз туура деп билген бир нерсе, кандайдыр бир нерсе айта аласызбы?» Бул суроону Field табият тарых музейинин геология кызматкерине да узаттым жана алган жалгыз жообум терең бир жымжырттык эле. Ушул эле суроону эволюциянын эң престиждүү бөлүгү болгон Чикаго университети Evolutionary Morphology Seminar'дын (Эволюциялык морфология семинары) мүчөлөрүнө да узаттым жана алган жообум кайра эле узун бир жымжырттык эле. Аягында араларынан бирөө төмөнкү жоопту берди: «Ооба мен бир нерсе билем – бул мектептерде окутулбашы керек.» 113

Колин Паттерсондун бул моюнга алуусу дарвинисттердин апачык билген бир чындыкты өмүр бою жашырып, бейкапар гана бир калпты жактап жүрүшкөнүн апачык көрсөтүүдө. Эволюция теориясынын калп экенин негизи бүт илим чөйрөлөрү билишүүдө. Эволюциянын «мээлерди чайкоо» максатында мектептерде окутулуп жатканын, эволюция жөнүндө чыккан кабарлардын алдамчылык экенин, жасалган конференциялардын, чыккан китептердин, эволюция тараптары сансыз журналдын негизи пропаганда максатын көздөгөнүн баары билишет. Дарвинисттердин баары табият тарыхы музейлеринде көргөзмөдө турган фоссилдердин эволюцияга эч далил болбошун билишет. «Эволюцияга жаңы бир далил табылды» кабарларынын ойдон чыгарылган, журналдарда жана гезиттерде чыккан эволюция сүрөттөрүнүн болсо жасалма экенин билип турушат. Бирок булардын баарын билмексен болушат. Бир-бирине бул көз бойомочулуктарды баяндап жатканда илимий сүйлөп жаткандай көрүнгөнгө аракет кылышат. Бирок негизи баары ойдон чыгарылган жана жасалма бир идеологияны колдоп жатышканын билишет.

darvinist diktatura

Bugün Darwinist diktatörlüğün denetiminde sahte bilgilerle dolu olan yüzlerce evrim kitabı piyasadadır.

Бүт булардын себеби – эволюциянын бир ишеним системасы, бузуку бир дин болушу. Эволюциянын илим менен эч байланышы жок. Дарвинизм дажжал согушунун бир талабы катары жакталууда. Дарвинизмди жактаган бүт илимпоздор негизи байкабастан дажжалдын башкаруусу астында жүрүшөт.

Флорида штаты университетинен философия профессору дарвинист Майкл Руз (Michael Ruse) жалган дарвинизм динине мындайча аныктама берет:

Эволюция жактоочулары тарабынан бир илимден бир топ аркы бир нерсе катары колдоого алынды. Эволюция бир идеология, секулярдык бир дин катары жарыяланды – маани жана адеп-ахлак жагынан Христиандыкка альтернатива болгон оппозиционер бир дин катары... Эволюция бир дин. Бул башындагы эволюцияда да ушундай жана азыркы эволюцияда да дагы эле ушундай. 114

Америкалык астроном, физик жана космолог Роберт Джастроу (Robert Jastrow) болсо дарвинисттердин сокурдук менен дарвинизмге жабышышы жөнүндө мындай дейт:

Балким жер бетиндеги жашоонун пайда болушу бир кереметтир. Илимпоздор бул көз-карашты кабыл алгылары келет, бирок альтернативалары чектүү. Же жашоо илимий түшүнүктүн сыртындагы бир заттын каалоосу менен жер бетинде жаратылган же болбосо биздин планетабыздагы жансыз заттарда пайда болгон химиялык реакциялар аркылуу өзүнөн-өзү пайда болгон.

Биринчи көз-караш жашоонун келип чыгышы темасын илимий изилдөөлөрдүн аркы жагына багыттайт. Бул илим мыйзамдарынан көз-карандысыз Улуу Заттын күчүнө болгон ишенимди билдирет. Экинчи теория дагы бир ишеним кыймылы. Бул ишеним кыймылы болсо жашоонун келип чыгышынын илимий көз-карашы туура дегенге таянат. Бирок бул ишенимди колдой турган бир дагы конкреттүү далил болбостон. 115

Роберт Джастроу бул саптарда айткандай, дарвинизм бир ишеним катары кабыл алынууда, бирок бул жалган бир ишеним жана илимий эч бир табылга муну колдобойт. Дарвинизмди илимий көз-караш ортого койгон жалгыз альтернатива, жаратылууну болсо илимден аркы бир ишеним катары көрүү болсо материалисттик ой жүгүртүүнүн бир жаңылыштыгы жана калпы. Илим көрсөткөн чындык – бул жаратылуу. Жандыктарды жогорку жана кудуреттүү бир Акылдын, б.а. Улуу Аллахтын жаратканы илимий ачылыштар менен дагы бир жолу тастыкталды. Дарвинизмдин пикирлери болсо илимдин бүт тармактары тарабынан калпка чыгарылды. Ошондуктан илимге ишенген бир адам дарвинизмди жакташы керек деген көз-караш чындыкка жатпаган олуттуу бир жаңылыштык.

Hitler, Mao, Stalin, Mussolini

İnsanların yıllar boyu çektiği acı ve zulmün kökeni, komünizm, kapitalizm, faşizm gibi çarpık ideolojilerin tamamının kaynağı Darwinizm'dir.

Дарвинизмдин бир илим эмес, жалган бир дин экенин билүү жана түшүнүү, албетте, абдан маанилүү. Ушундайча эң башта дарвинизмдин дүйнөнү алдашынын идеологиялык бир себеби бар экени түшүнүктүү болот. Теория чыккандан бери дарвинизм үчүн жасалган ар эмгек, бул багытта жасалган ар бир кадам, алданган ар бир адам дарвинизм идеологиясынын бир бөлүгү болгон. Дарвинизмдин окуу китептеринен орун алышы, бүт дүйнөгө жайылышы, дээрлик бүт илимий журнал, гезит жана телевизор программаларынын жалгыз темасы болушу катардагы бир окуя эмес. Бул негизи абдан кооптуу. Адамдар бул жалган диндин таасири менен бир-бирин айбандай көрүшүп, күчтүүнүн алсызды эзишин кадыресе кабыл алышып, адамды Аллах алдында эч жоопкерчилиги жок, кокустан пайда болгон бир жандыктай көрүп башташууда. Жалган дарвинизм дининин натыйжасында келип чыккан согуштар, басып алуулар, уруштар; коммунизм, капитализм, фашизм сыяктуу бузуку идеологиялар; дүйнөнүн көп өлкөсүндө дагы эле уланып жаткан анархия менен террор бул коркунучтун масштабын апачык көрсөтүүдө.

nazi

Yıllarca dünyaya zulüm yayan Darwinist düşünce hala insanlık için bir tehdittir. Yaşanan acılar ancak sapkın Darwinist fikir sisteminin tamamen yok edilmesi ile son bulacaktır.

Дарвинизмдин дайыма пропагандаланышы жана бүт дүйнөгө жайылтууга аракет кылынышынын Аллах ишенимине каршы жүргүзүлгөн бир күрөш экенин унутпаш керек. Бул бузуку идеология адамды Аллах алдындагы жоопкерчилигинен алыстатуу жана акыретти унуттуруу максатын көздөйт. Өзүн Аллах алдында жоопкерчиликсиз сезген жана акыретке ишенбеген бир адамдын болсо, албетте, башкаларына зулумдук кылышы, башкаларды таш боордук менен эзиши, күчтүү болуш үчүн ар түрдүү жамандыкты кадыресе көрүшү, өзүмчүл болушу, урушту өнүгүүнүн жолу катары көргөндүктөн согуш каалашы, массаларды жок кылышы, башка этникалык топторго геноцид жасашы таң калыштуу эмес. Бүгүн жогорку класста окуган өспүрүмдөр дагы колдоруна курал алып, мектептерге кол салып, ондогон адамды аткан соң, дарвинисттик логиканын мээлерин кантип уулаганын ачык айтышууда. Башкаларды «элениши» керек болгон бир айбан катары көргөнүн жашырышпоодо. Жалган дарвинизм дини мына ушундай коркунучтуу жана бузуку бир ишеним.

Ошондуктан жалган дарвинизм динин жана дарвинизмдин дүйнөнү алдашын карап жатканда, бул чындыктарды унутпаш керек. Дарвинисттер дүйнөнү алдап жатканда колдонгон тымызын ыкмалардын илим менен, далилдениши керек болгон кандайдыр бир илимий теория менен байланышы жок экенин эске алыш керек. Жалган дарвинизм дининин калкты пландоо үчүн ачарчылык, оору жана согуштар керек деген Мальтустун пикирлеринен таасирленип калыптанганын, бүт оорулуу менен майыптар өлтүрүлүшү керек деген евгеника пикиринин негизи экенин, массаларды өлүмгө түрткөн фашист жана коммунист диктаторлордун түпкү таянычын түзгөнүн, биринчи жана экинчи дүйнөлүк согуштарда он миллиондогон адамдын өлүмүнө себеп болгонун жана учурда бүт дүйнөдө жана өзгөчө өлкөбүздө уланып жаткан террор балээсинин жалгыз булагы экенин унутпаш керек. Учурда дүйнөдөгү бүт каргашалардын, дин ахлагына каршы жасалган иш-аракеттердин, коммунист жана фашист агымдардын, кол салуу, киши өлтүрүү жана террор окуяларынын да себебинин ушул логика экенин дайыма эсте тутуу зарыл. Дарвинизм илим үчүн пайда болгон күнөөсүз бир теория эмес; массаларды бузулууга, атеизмге, жоопкерчиликсиздикке, согуштарга, кекенүү жана зомбулукка түрткөн заманыбыздын эң чоң балээлеринин бири.

Darwinist Eğitimin Getirdiği Felaket: Çocuk Katiller
Jokela Lisesi Katliamı:

7 Kasım 2007 tarihinde, 7 öğrenciyi ve 1 öğretmeni katleden, ardından da intihar eden 18 yaşındaki Pekka-Eric Auvinen, katliamı gerçekleştirmeden önce YouTube internet sitesine bıraktığı mesajda kendisini anti-sosyal bir sosyal Darwinist olarak tanımlıyor ve şunları söylüyordu: "Ben sadece doğal seleksiyona inanan bir anarşistim. İnsanlar doğal seleksiyonu tekrar uygulamaya sokmalı. Hayvanlar bu şekilde yaşıyor, insanlar da neden öyle yaşamasın ki, bizler de nihayet sadece hayvanlarız. Biz insanlar yeryüzündeki en kötü hayvanlarız... Bu yüzden [doğal seleksiyon] olmalı. Ne kadar erken olursa o kadar iyi. ... Kanun, sadece güçlü olanın fikridir... Bu yüzden hayatınızın kontrolünü ele almalı ve anarşist olmalısınız... Güçlü olanlar hayatta kalırken, zayıf olanlar ölmeliler. Bu, güçlü olanın hayatta kalmasıdır, doğal seleksiyondur. Hayvanlar sürekli olarak ölürler. Bir köpeği, başka bir köpek öldüğü için ağlarken görmezsiniz. İnsanlar da ölürler. Tepki, aynı şekilde olmalıdır. Bu sadece doğal birşeyden ibarettir, büyük veya önemli bir şey değildir. Kanun da yargılayıcı da benim. Benim üzerimde hiç bir otorite yok. Amacım için savaşmaya ve ölmeye hazırım. Doğal Seleksiyoncu olarak yeterli görmediğim, insanlığın yüzkaralarını, doğal seleksiyonun başarısızlıkları olan herkesi elimine edeceğim... ben farklıyım, bir adım daha evrimleştim." (Pecca-Eric Auvinen'e ait "My Philosopy" isimli video)

Jokela Lisesi Katliamı
Columbine Lisesi Katliamı:

20 Nisan 1999 tarihinde ABD'nin Colorado eyaletinde Columbine Lisesi'nin iki öğrencisi, 18 yaşındaki Eric Harris ve 17 yaşındaki Dylan Klebold da okullarına silah ve bombalarla gitmişler, 12 öğrenciyi ve 1 öğretmeni 30 dakika içinde öldürdükten sonra intihar etmişlerdi. Saldırı anında Harris'in üzerindeki t-shirtte "Doğal Seleksiyon" yazıyordu. Saldırıdan sonra Harris'in evinde ele geçirilen yazıların çoğunda doğal seleksiyon ve üstünlük hislerinden söz ediliyordu. Haris ve Klebold, daha önce internete yükledikleri anlaşılan videolarında da sürekli olarak sözde "daha evrimleşmiş" olduklarından ve sözde "insanlığın üstünde" olmanın nasıl bir duygu olduğundan söz ediyorlardı.

Darwinizm, masum beyinleri, rahatlıkla bir canavara dönüştürebilmektedir. Solda, çocuk katillerin eski halleri, altta ise cinayet işlemeden hemen önceki halleri görülmektedir.

erinde ilgi çeken, pek de uzun yaşamayan bu canlılara söz konusu garip görünümü veren şey mutasyonlardır. Mutasyonlar, canlı organizmanın genlerini bozulmaya uğratmış, canlıya ait muhteşem simetriyi ortadan kaldırmış, onu yaşayamaz duruma getirmiştir. Ancak burada unutulmaması gereken şey mutasyonların da Allah'ın konrolünde gerçekleşen olaylar olduğudur. Allah yaratmasındaki mükemmelliği insanlara göstermek için böyle örnekler yaratmakta, yaratma sanatını göstermektedir.

Columbine Lisesi Katliamı

Жалган дарвинизм дининин жактоочулары канчалык көз бойомочулук менен бир жайылуу саясатын жүргүзүшсө дагы, Аллахтын улуу кудуретине каршы күрөшкөндөрдүн баары сөзсүз ачыкка чыгат жана жеңилүүгө дуушар болот. Учурда дарвинисттер дарвинизмдин ушул тарыхый кыйрашына күбө болуп, муну уялуу менен карап турушат. Дарвинисттер бүт күчтүн Аллахка тиешелүү экенин, бүт тузактардын сөзсүз бузулуп жок болоорун толугу менен түшүнгөн эмес болушу мүмкүн, бирок Хакка каршы курулган ар бир жалган тузак сөзсүз жер менен жексен болот. Улуу Раббибиз аятында бул чындыкты мындайча билдирет:

Алар (ишенбегендер) бир план курушту. Аллах да (буга каршы) бир план курду. Аллах план куруучулардын эң жакшысы. (Али Имран Сүрөсү, 54)

manzara

Onlar (inanmayanlar) bir düzen kurdular. Allah da (buna karşılık) bir düzen kurdu.
Allah, düzen kurucuların en hayırlısıdır.
(Al-i İmran Suresi, 54)

Булактар

106. Pierre Paul Grasse, Evolution of Living Organisms, New York NY, Academic Press, s. 8 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 228

107. Will Provine, No Free Will, in Catching Up with the Vision, ed. by Margaret W. Rossiter (Chicago: University of Chicago Press, 1999), p. S123 - http://www.icr.org/home/resources/resources_tracts_scientificcaseagainstevolution/

108. Richard Dawkins, The Blind Watchmaker: Why The Evidence of Evolution Reveals a Universe Without Design, New York, NY, W. W. Norton, 1986, s. 6 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 228 (vurgu orijinaline aittir)

109. H. S. Lipson, "A Physicist Looks at Evolution", Physics Bulletin, vol. 31, 1980, s. 138 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 229

110. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 230

111. Kenneth Hsü, "Is Darwinism Science?" Earthwatch, Mart 1989, s. 15 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 244

112. Ben Stein, Expelled "No Intelligence Allowed" belgesel film, 2008.

113. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, s. 29-30

114. Michael Ruse, "Saving Darwinism from the Darwinians," National Post,13 Mayıs, 2000), s. B-3

http://www.icr.org/home/resources/resources_tracts_scientificcaseagainstevolution/

115. Robert Jastrow, "God's Creation", Science Digest, Özel Bahar Sayısı, 1980, s. 68 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 201