|
Darwinistler bir domuz dişinden, Nebraska adamı adını verdikleri sahte canlıyı ve daha da ileri giderek ailesini resmetmişlerdir. |
Дарвинисттер үчүн адамдын эволюциясы темасы өтө маанилүү. Көп жылдардан бери адамдардын аң-сезимине «адам эволюциялашкан бир айбан» деген калпты сиңирүүгө аракеттенишүүдө. Бул калпты сактап калуу үчүн болгон күчү менен аракет кылып, эч тынымсыз тиешесиз темаларда да «адамдын айбан аталары бар» деген пикирди отургузууга аракет кылышат. Бул багытта колдонгон алдамчылыктары болсо таң калыштуу. Көбүнчө эч тиешесиз фоссил табылгаларды дагы формаларын өзгөртүп адам сымал бир жандыктай көрсөтүүгө аракет кылышат. Дарвинисттер кийинчерээк бир жапайы доңузга тиешелүү экени түшүнүктүү болгон бир даана тиш фоссилинен небраска адамын пайда кылып, бул кыялдагы адам сымалдын үй-бүлөсү менен бирге коомдук жашоосунун сүрөтүн тартуудан да тартынышкан эмес. Мындай таң калыштуу жан алакеттин эң маанилүү мисалдарынын бирөөсү – бул көп жылдардан бери улантылып келген австралопитектер адамдардын маймыл сымал атасы деген сөздөр.
Австралопитектер – бул тукум курут болгон маймыл түрлөрү. «Түштүк маймылы» маанисине келген бул жандыктар дарвинисттер тарабынан адамдардын «алгачкы маймыл сымал аталары» катары кабыл алдырууга аракет кылынат. Тукум курут болгондуктан, бүт башка мисалдардагы сыяктуу бул маймыл түрү дагы эволюционисттер тарабынан бир спекуляция материалы катары колдонулган. Бирок дарвинисттер австралопитектер жөнүндө чыгарган сценарийлер, башка бүт мисалдардагы сыяктуу, кайра эле алдамчылыкка таянат.
Австралопитектер алгач Африкада 4 миллион жыл мурда пайда болгон жана 1 миллион жыл мурдага чейин жашап келген деп саналууда. Бул жерде айта кетчү чындык мындай: австралопитектердин баары учурдагы түрдөштөрүнө окшогон тукум курут болгон маймылдар. Баарынын мээсинин көлөмдөрү азыркы шимпанзелердики менен бирдей же алардыкынан кичирээк. Төрт буттап басышат. Колдорунда жана буттарында азыркы маймылдардагы сыяктуу дарактарга жабышууга керектүү дөмпөкчөлөр бар жана буттары бутактарга кармануу үчүн кармоо өзгөчөлүгүнө ээ. Бойлору кыска (эң көп 130 см) жана дал азыркы маймылдардагы сыяктуу эркек австралопитек ургаачысынан бир топ чоң. Баш сөөктөрүндөгү жүздөгөн деталь, бир-бирине жакын көздөр, сүйрү курч тиштери, ээк түзүлүшү, узун колдор, кыска буттар сыяктуу көптөгөн өзгөчөлүк – бул жандыктардын азыркы маймылдардан айырмалуу эмес экенин көрсөткөн далилдер.
Australopithecus = Şempanze Benzerliği | |
1. Şempanze | 2. Australopithecus |
Australopithecus ve şempanze kafatasları arasınadaki benzerlik, Australopithecus'un insanın atası değil, gerçek bir maymun türü olduğunun açık bir göstergesidir. |
Австралопитектер апачык бир маймыл түрү болгонуна карабастан, дарвинисттер тарабынан эки буттап баса алган жандыктар деп айтылууда. Бул бир алдамчылык, себеби австралопитектер менен байланыштуу колдогу фоссилдерден бул кыялдагы сценарийди тастыктай турган бир дагы мисал табылган эмес. Ошондуктан бул жандыктар жөнүндөгү эволюция сценарийи илимий бир дагы далилге таянбайт.
Дарвинисттер боюнча, австралопитектин ар кандай түрлөрү табылса да, австралопитек афаренсис гана (1974-жылы табылганда дүйнөгө «адам эволюциясынын» далили катары көрсөтүлгөн «Люси» тиешелүү болгон түр) адамдын түздөн-түз атасы деп кабыл алынат. Бирок бул жандыкты адамдын атасы деп кабыл алуу мүмкүн эместигин дарвинисттер да кабыл алышкан. Белгилүү француз дарвинисттик илимий журналы Science et Vie 1999-жыл май айындагы санында муну тышкы бетинин темасы кылган. Австралопитек афаренсис түрүнүн эң негизги фоссил мисалы деп саналган Люсини колго алган журнал "Adieu Lucy" (Кош бол Люси) темасын колдонуу менен австралопитек түрүндөгү маймылдардын адамзаттын атасы эмес экенин жана бул жандыктардын санжыра дарагынан чыгарылышы керек экенин жазган. 67
Darwinist Science et Vie, "Adieu Lucy" (Elveda Lucy) başlığını kullanarak Australopithecus türü maymunların insan soyunun atası olmadığını itiraf etmiştir. |
Дүйнөгө таанымал эволюционист палеоантрополог Ричард Лики (Richard Leakey) дагы Люсинин эволюция далили катары эч жараксыз экенин мындайча айткан:
Люсинин (Australopithecus afarensis) бир карлик шимпанзе аралашмасы гана экендигинин ыктымалы абдан анык жана каршы чыга алгыстай күчтүү. Маймылдан адамга өтүү жөнүндөгү гипотезалар ынандырарлыктан көп алыс. 68
Бүт булардан тышкары, австралопитектер жөнүндө жасалган изилдөөлөр натыйжасында эволюционист Лорд Цукерман (Lord Zuckerma) да австралопитектер катардагы маймыл түрү гана жана эч тик туруп баскан эмес деген жыйынтыкка барган. 69
Бул темадагы изилдөөлөрү менен белгилүү болгон башка эволюционист анатомист Чарльз Е. Окснард (Charles E. Oxnard) да австралопитектердин скелет түзүлүшү азыркы орангутандардыкына окшош деген. 70
1994-жылы Англиядагы Ливерпуль университетинен Фред Спур (Fred Spoor) менен командасы австралопитектин скелети жөнүндө так бир жыйынтыкка баруу үчүн терең изилдөө жасаган. Скелеттерде дененин жерге карата абалын аныктоочу «үлүл» аттуу бир органга изилдөөлөр жасалган. Спур австралопитек адамдардыкына окшош басуу формасына ээ эмес деген жыйынтыкка барган. 71
2000-жылы Ричмонд жана Стрейт (B.G Richmond ve D.S Strait) аттуу илимпоздор жасаган жана Nature журналында жарык көргөн бир изилдөөдө болсо австралопитектердин алдыңкы кол сөөгү изилденген. Салыштырмалуу анатомиялык изилдөөлөр бул түрдүн азыр жашаган жана 4 буттап баскан маймылдар менен бирдей алдыңкы кол анатомиясына ээ экенин көрсөткөн. 72
Бул далилдердин баары австралопитектердин маймыл түрү гана экенин апачык көрсөтүүдө. «Люси» фоссилин тапкан эволюционист палеоантрополог Дональд Йохансон менен Т.Д. Уайт (Donald Johanson, T. D. White) Science журналында мындай дешкен:
Австралопитек фоссилдери абдан терең изилденди: басышы, кулак түзүлүшү, тиш өрчүү мисалдары, узун жана күчтүү алдыңкы колдор, кыска арткы буттар, буттарынан формасы, кичинекей мээлери, маймылга абдан окшош баш сөөктөрү, ээктери жана беттери. Булардын баары австралопитектердин маймыл экенин жана адам менен эч байланышы жок экенин көрсөтүүдө. Люсини ачкан Дональд Йохансон өзү да белгилүү мөөнөттөн соң австралопитек африканус (Люси)нин адамдар менен эч байланышы жок деген жыйынтыкка барган. 73
Кыскасы, илимий изилдөөлөр австралопитектер адамдын «атасы» деген сөздөрдүн баарын жалганга чыгарган. Австралопитектер бир маймыл түрү жана адамдын атасы деген таңуулоо дарвинисттердин кыялындагы жана жалган теориялары үчүн колдонууга аракет кылган бир сценарий.
|
Neandertaller, yıllarca sahte çizimlerde sözde ilkel maymun adamlar olarak gösterildiler. Oysa bilim, Neandertallerin günümüzdekinden farksız, soyu tükenmiş bir insan ırkı olduğunu göstermiştir. |
Дарвинисттер австралопитектер үчүн колдонгон ошол эле ыкманы бир адам урпагы болгон неандерталецтер үчүн да колдонушкан.
Неандертал адамы 1856-жылы Германиянын Дюссельдорф шаарына жакын жердеги Неандер өрөөнүнөн табылган фоссилдер менен илимий адаиятка кирген. Баш сөөгү жана денесиндеги сөөктөрдөгү бүктөлүштөр фоссилдердин эволюционисттер тарабынан «примитивдүү бир адам түрү» катары бааланышына жол ачкан.
1908-жылы эми Франциянын La Chapelle-aux-Saints аймагында неандертал адамына тиешелүү делген, дээрлик кемчиликсиз бир скелет табылган. Сөөктөр ошол учурдун атактуу палеонтолог жана геологу Марселин Буль (Marcellin Boule) тарабынан бириктирилген.
Бул бириктирүү натыйжасында келип чыккан неандертал адамы бүкүрөйүп туруп, алдын көздөй чыккан бир башы бар эле. Мындан тышкары, буттары да ашыктарында кулптанып, толук түз тура албайт эле.
Бул көрүнүш аркылуу неандертал адамы адамдардын аң-сезиминде примитивдүү бир жандык катары орун алды. Неандерталецтер жасалма сүрөттөрдө дагы примитивдүү маймыл адамдар катары көрсөтүлүштү.
Неандерталец жөнүндөгү бул туура эмес түшүнүк 100 жылдай созулду. Бирок 1950-жылдары Ла Шапель скелетине жасалган анализдер скелеттин ээси болгон неандерталец адамынын ашыгында бир инфекциясы бар экенин аныктаган. Чындап ден-соолугу жайындагы индивиддер кадимки адамдай тик туруп баса алат эле.
1985-жылы ушул эле скелет бул жолу Эрик Тринкаус (Erik Trinkaus) аттуу антрополог тарабынан изилденген. Бул изилдөө неандерталецтердин тик басканын тастыктагандан тышкары, ошол кезге чейин жашырылган бир чындыкты да ачыкка чыгарган: Марселин Буль неандерталецти атайылап бүкүрү көрсөткөн эле.74 1950-жылдары аныкталган ашык оорусу бул жандыктын тик туруп басышына тоскоол эмес эле. Дарвинист Бульдун неандерталецтин чыныгы бир адам сыяктуу тик басканын кабыл алгысы келбегени түшүнүктүү болгон.
Э. Тринкаус менен В.В. Ховеллс Scientific American журналындагы бир сөзүндө мындай дешкен:
Азыр көп илимпоз неандерталец адамынын толугу менен тик турганына жана бир оору жок учурларда өзгөчөлүктөрүнүн азыркы адамдан эч айырмасы жок экенине кошулат. 75
Ошондой эле, неандерталецтердин баш сөөгүнүн көлөмү дагы эволюционисттерди парадоксалдуу абалга салган. Мунун себеби – неандерталецтердин башынын чоңдугунун 1700 сс тегерегинде болушу эле. Бул азыркы адамдыкынан 200 сс чоңураак. Хомо сапиенстен башы чоңураак болгон неандерталецтердин эволюциялык жактан «примитивдүү» бир түр болушу теорияга абдан карама-каршы келет.
Неандерталец адиси Эрик Тринкаус бул түр жөнүндөгү чындыкты мындайча мойнуна алган:
Неандерталецтердин анатомиясында же кыймыл, шайман колдонуу, мээ деңгээли жана сүйлөө жөндөмү сыяктуу өзгөчөлүктөрүндө азыркы адамдан төмөн саноого мүмкүн болгон эч нерсе жок. 76
Neandertaller: İri Yapılı İnsanlar | |
1. Homo Sapiens Neanderthalensis, Amud 1 Kafatası | 2. Neandertal Kalıntısı |
Üstte, İsrail'de bulunan Homo sapiens neanderthalensis, Amud 1 kafatası yer alıyor. Bu fosilin sahibinin 1.80 m. boyunda olduğu tahmin edilmektedir. Beyin hacmi ise bugüne kadar rastlanılanların en büyüğüdür: 1740 cc. Bu nedenlerle bu fosil, Neandertallerin ilkel bir tür olduğu yönüandeki iddiaları çok kesin bir biçimde yıkan bir delil niteliğindedir. Yanda görülen Kebara 2 (Moşe) fosili bugüne kadar bulunmuş en iyi durumdaki Neandertal kalıntısıdır. 1.70 boyundaki bu fosilin iskelet yapısı günümüz insanından ayırt edilememektedir. Fosille beraber bulunan alet kalıntılarından, bu kişinin ait olduğu topluluğun, aynı dönemde, aynı bölgede yaşayan Homo sapiens topluluklarıyla aynı kültürü paylaştığı anlaşılmaktadır. | |
1. Dikiş Iğnesi | 2. Flüt |
Darwinistler, yıllarca Neandertalleri insanın maymunsu ataları olarak tanıtmışlardır. Oysa o döneme ait bu aletler, Neandertllerin günümüzdeki insanlardan farksız estetik ve sanat anlayışı olduğunu göstermektedir. Neandertaller, soyu tükenmiş bir insan ırkından başkası değildir. Evrime kanıt olarak gösterilmeye çalışmalarının tek nedeni soylarının tükenmiş olmasıdır. |
Албетте, неандерталецтер бир адам расасы болгондуктан, азыркы расалар менен бирдей өзгөчөлүктөргө ээ. Неандерталец адамы жөндөмдүү бир шайман устасы жана ийгиликтүү бир аңчы эле. Ал тургай, музыка жана искуство менен алектенчү. Азыркы коомдор сыяктуу маданий жана социалдык түзүлүшкө ээ эле, диний ишенимдери бар эле.77 Ошондуктан неандерталецтер түзгөн маданият азыркы маданияттардан көп айырмалуу эмес эле.
Неандерталецтер менен байланыштуу дарвинисттерди туюкка такаган башка бир жагдай – бул убакыт белгилөө көйгөйү. Табылган фоссилдер неандерталецтер менен азыркы адамдардын бир учурда жашаганын, ал тургай кээ бир учурларда кийин да жашаганын көрсөтүүдө. Калифорния университетинен эволюционист биолог Франциско Ж. Аяла (Francisco J. Ayala) муну мындайча сүрөттөйт:
Неандерталецтер анатомиялык жактан заманбап адамдардын атасы деп кабыл алынчу, бирок эми заманбап адамдардын эң аз 100.000 жыл мурда пайда болгонун билебиз, неандерталец фоссилдери жоголушунан бир топ мурда. Ортоңку чыгыштагы үңкүрлөрдө анатомиялык жактан заманбап адамдардын фоссилдеринин неандерталецтерден мурда да, кийин да чыгышы таң калыштуу. Бул үңкүрлөрдөгү кээ бир заманбап адамдар 120.000-100.000 жыл мурдага тиешелүү, неандерталецтер болсо 60.000-70.000 жылдык; заманбап адамдардан 40.000 жылдан кийин келет. Эки форма башка аймактардан көчүп кайра кайра бир-биринин ордуна келгени же чогуу жашаганы же болбосо генетикалык булгануу болгону белгисиз. 78
Ошондуктан адамдын «маймыл сымал атасы» катары көрсөтүлүүгө аракет кылынган неандерталецтер – тукум курут болгон бир адам расасы. Учурда адамдардын өз расасына тиешелүү ар кандай өзгөчөлүктөрдө болушу сыяктуу, бул түр дагы бир расанын өзгөчөлүктөрүнө ээ. Бул өзгөчөлүктөрдүн эволюцияга бир далил катары колдонулушу чоң бир көз бойомочулук. Неандерталец адамы фоссили 1978-жылы илимий булактардан чыгарылган. Бирок неандерталецтер дагы эле эволюциянын эң чоң далилиндей дарвинисттик булактарда орун алып келатат.
Учурда неандерталец адамы менен байланыштуу спекуляциялардын дагы эле кээ бир эволюционист булактарда улантылышындагы максат – неандерталецтер менен байланыштуу чындыктарды билбеген, бул жасалма ортоңку форманын илимий жактан жокко чыкканын билбеген адамдарды алдоо. Мына ушул себептен австралопитектер менен неандерталецтер жөнүндөгү чындыктарды ар мүмкүнчүлүктө айтып, дарвинисттик алдамчылыкты токтотуу чоң мааниге ээ.
Таанымал бир доктор жана үйрөнчүк бир палеонтолог Чарльз Доусон (Charles Dawson) 1912-жылы Англияда Пилтдаунга жакын бир чуңкурда бир ээк сөөгү менен бир баш сөөгүнүн бөлүгүн таптым деп айтып чыккан. Ээк сөөгү маймыл ээгине окшосо, тиштер менен башы адамдардыкына окшош эле. Алынган фоссилдер «Пилтдаун адамы» деп аталды, 500 миң жылдык бир убакыт бычылды жана фоссил адамдын «эволюциясына» эң маанилүү далил катары Англиядагы British Museum'да көргөзүлүп баштады. 40 жылдан ашуун бир убакыт бою ал жөнүндө көптөгөн илимий макалалар жазылды, жоромолдор жасалып, сүрөттөр тартылды. Дүйнөнүн ар кайсы университетинен 500дөн ашуун илимпоз Пилтдаун адамы жөнүндө доктордук диссертация жазды. 79
1. Sahte Piltdown Adamı Kafatası |
Piltdown Adamı fosili, yeni ölmüş bir orangutan çenesine insan kafatası monte edilmesiye üretilmiş bir sahte fosildir. Bu sahte fosil, British Museum'da yaklaşık 40 yıl boyunca insanın hayali evrimine kanıt olarak sergilenmiştir. Sahtekarlığın ortaya çıkmasının ardından ise, 1949 yılında fosil, alelacele müzeden kaldırılmış, literatürden çıkarılmıştır. Ancak kuşkusuz bu fosil, Darwinistler açısından bir utanç vesilesi olarak tarih kitaplarındaki yerini almıştır. |
Таанымал америкалык палеоантрополог Х.Ф. Осборн 1935-жылы British Museum'ду зыярат кылганда, «табият сюрприздерге толо; бул адамзаттын тарыхтан мурдакы доорлору жөнүндө маанилүү бир табылга» деген. 80
Бирок Пилтдаун адамы чоң бир көз бойомочулук, атайылап жасалган чоң бир тузак эле.
1949-жылы болсо British Museum'дун палеонтология бөлүмүнөн Кеннет Окли (Kenneth Oakley) жаңы бир жаш аныктоо ыкмасы болгон «фтор тести» ыкмасы менен кээ бир эски фоссилдерди текшерип көргүсү келди. Бул ыкма менен Пилтдоун адамы фоссилине бир эксперимент жасалды. Жасалган тестте Пилтдоун адамынын ээк сөөгүнүн эч фтор камтыбаганы аныкталды. Бул ээк сөөгүнүн топурактын астында бир канча жылдан көп турбаганын көрсөтөт эле. Аз санда фтор камтыган баш сөөгү болсо болгону бир канча миң жылдык гана болушу керек эле.
Фтор ыкмасына таянып жасалган кийинки хронологиялык изилдөөлөр баш сөөгүнүн бир канча миң жылдык гана экенин аныктады. Ээк сөөгүндөгү тиштердин жасалма жол менен эскиртилгени, фоссилдердин жанынан табылган примитивдүү шаймандардын болсо болот аспаптар менен жонулган кадимки бир жасалма экени түшүнүктүү болду. 81
Вайнер жасаган терең анализдер менен бул көз бойомочулук 1953-жылы толук ишенимдүүлүк менен жарыяланды. Баш сөөгү 500 жылдык бир адамга, ээк сөөгү болсо жаңы өлгөн бир орангутанга тиешелүү эле! Тиштер адамдын тишиндей көрүнүшү үчүн кийин атайылап салынып, тизилип, уланган жерлери туураланган эле. Андан соң бүт бөлүктөр эски көрүнүшү үчүн калий-дихромат менен бойолгон эле. Бул бойоктор сөөктөр кислотага салынганда жоголуп кеткен. Көз бойомочулукту ачыкка чыгарган топтон Ле Грос Кларк «тиштерди эскиргендей көрсөтүү үчүн жасалма өзгөртүүлөр жасалганы ушунчалык апачык; кантип бул белгилер байкалбай калды экен?» деп таң калуусун жашыра алган эмес. 82
Бул таң калыштуу чындыкты илимпоз Хэнк Ханеграаф мындайча айткан:
Марвин Любеновдун айтуусу боюнча: «астыңкы ээктеги орангутан тиштеринин бетиндеги жылмалоо издери апачык көрүнүп турган. Азуу тиштер туура эмес тизилген эле жана эки башка бурчтан жылмаланган эле. Иттин тиши да эки башка бурчтан жылмаланган эле. Иттин тиши ушунчалык терең жылмалангандыктан, пульпанын көңдөйү ачылып калып, кийин ичи толтурулган эле.» 83
Эволюционист биолог Кейт Стюарт Томсон пилтдаун адамы менен байланыштуу бул чоң калпты «1912-жылкы пилтдаун адамы көз бойомочулугу бүт илимий көз бойомочулуктардын эң ийгиликтүү жана эң арамзаларынын бири.»84 деп жоромолдогон.
Бул таң калыштуу жана дарвинисттерди уялта турган ачылыштан соң пилтдаун адамы 40 жылдан ашуун убакыттан бери көргөзмөдө турган British Museum'дан шашылыш түрдө алынып салынды. Дарвинист көз бойомочулук ушунчалык чоң масштабда эле; 40 жыл бою колдо жасалган бир фоссил бүт илим чөйрөлөрүн жана бүт адамзатты алдаган эле. Албетте, бул эволюция тарыхынын эң чоң кара тактарынын бири катары өз ордун табат эле. Эволюционист антропология профессору Пэт Шипман бул чоң алдамчылыктын таасирин мындайча сүрөттөгөн:
Табылышы 1912-жылы жарыяланган пилтдаун фоссилдери бул калдыктардын арамзалык менен жайгаштырылган, өзгөртүлгөн бир көз бойомочулук экени аныкталганга, б.а. 1953-жылга чейин палеоантропологиянын эң чоң мээлеринин көпчүлүгүн алдады. 85
Журналист, жазуучу жана философ Малькольм Маггеридж (Malcolm Muggeridge) болсо пилтдаун адамы фоссили сыяктуу көз бойомочулуктар менен сактап калууга аракет кылынган дарвинизмдин бүт адамзатты салган абалын мындайча баяндаган:
Эволюция теориясынын, өзгөчө ал иш жүзүнө ашырылган тармактардын келечекте тарых китептериндеги эң чоң тамаша темаларынын бири болооруна көзүм жетти. Келечек урпактар абдан күчсүз жана күмөндүү гипотезанын таң калыштуу бир аңкоолук менен кабыл алынганын таңыркоо менен тосуп алат... 86
Пилтдаун көз бойомочулугу өз ойлорунда жаратылуу ишенимин адамдардын ойунан өчүрө алуу, «адам кокустан, өзүнөн-өзү, эч кимдин алдында жоопкерчиликсиз пайда болду» деген калпка адамдарды ишендире алуу үчүн жасалган, дажжалдык система болгон атеист масондуктун бир оюну. Бирок Аллахтын кереметтүү жаратуусу жана теңдешсиз жараткан нерселери ушунчалык ачык көрүнүп тургандыктан, учурдагы илим менен жеткен чекте аларды көрбөй койуу мүмкүн эмес. Дажжалдын дүйнөлүк масштабдагы мындай пайдасыз аракеттери аны менен аны ээрчигендерди уят кылып, дарвинизм калпынын чоң бир ийгиликсиздик экенин апачык көрсөтүүдө. Улуу Раббибиз Аллах адамды кандайча жаратканын аяттарында кабар берген жана ааламдагы бүт далилдер бул улуу жаратууну апачык көрсөтүүдө:
Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Кийин анын урпагын бир маңыздан (сүлаледен), болгону бир суудан жасаган. Кийин аны «түздөп бир калыпка салды» жана ага рухунан үйлөдү. Силер үчүн кулак, көздөр жана көңүлдөр жаратты. Канчалык аз шүгүр кылуудасыңар? (Сажда Сүрөсү, 7-9)
1922-жылы Америка табият тарыхы музейинин мүдүрү Генри Фэрфилд Осборн (Henry Fairfield Osborn) Батыш Небраскадагы Жылан дарыясына жакын жерден плиоцен дооруна тиешелүү бир азуу тиштин фоссилин тапканын айткан. Бул тиш, анын айтуусу боюнча, адам менен маймылдардын орток өзгөчөлүктөрүнө ээ эле. Көп өтпөстөн бул жөнүндө илимий талкуулар башталган. Кээ бирлери бул тиштин ээсин питекантроп эректус деп жоромолдосо, кээ бирлери бул адамга көбүрөөк жакын дешкен. Чоң талкууларды жараткан бул тиш фоссили «Небраска адамы» деп аталган. «Илимий» аты да көп өтпөстөн пайда болду: Hesperopithecus haroldcooki.
Бул жалгыз тишке таянып Небраска адамынын баш сөөгү жана денесинин реконструкциялары жасалды. Ал тургай, андан да алга кетип, Небраска адамынын бүлөсүнүн табият шарттарындагы сүрөттөрү жарыяланды. Бул сценарийлердин баары бир даана тиштен чыгарылган эле. Эволюционист чөйрөлөр бул «кыялдагы адамды» ушунчалык жакын кабыл алышкандыктан, Уильям Брайан аттуу бир изилдөөчү бир даана азуу тишке таянып мынчалык алдын-ала чечим чыгарууга каршы чыкканда, бүт соккуларды жеген.
Бирок 1927-жылы скелеттин башка бөлүктөрү да табылган. Табылган жаңы бөлүктөргө караганда бул тиш маймылга да, адамга да тиешелүү эмес эле. Тиштин Prosthennops деп аталган Америка жапайы каманынын тукум курут болгон бир түрүнө тиешелүү экени түшүнүктүү болду. Уильям Грегори бул жаңылыштыкты угузган Science журналындагы макаласына мындай тема койгон эле: «Hesperopithecus маймыл да, адам да эмес көрүнөт.» 87
|
Endüstri kirliliğinin sonucunda ağaçların gövdelerini saran bir tür yosun olan likenler ölür ve ağaç gövdeleri kararır. Açık renkli kelebekler koyu ağaç gövdelerinde daha belirgin olduklarından kuşlara daha fazla av olurlar. Dolayısıyla açık renkli kelebekler sayıca azalırken, koyu renkli kelebekler yem olmadıkları için sayıca fazlalaşırlar. Bir kelebek türünün sayıca çok olması, kuşkusuz ki bir evrimleşme değildir. Fakat Darwinistler, bunu bir aldatma yöntemi olarak kullanır ve sözde evrime delil göstermeye çalışırlar. |
Илимпоз Хэнк Ханеграаф бул жөнүндөгү окуяларды мындайча баяндайт:
1922-жылы Небраскада бир тиш табылды. Бир аз кыялдануу күчү менен бул тиш мифологиялык бир ээк сөөгүнө, ээк сөөгү бир башка, баш бир скелетке жайгаштырылды. Жана скелетке бир жүз, өзгөчөлүктөр жана түктөр кошулду. Бул аңгеме Лондон гезиттерин урганда «Небраска адамынын» эле сүрөтү эмес, ошол эле учурда «Небраска аялынын» да сүрөтү бар эле. Булардын баары бир даана тиштен пайда болгон эле. Бир скелет табылганда, эмнелер болоорун сиз ойлоп көрүңүз. Балким бир жылдык жарыяланмак.
Бул ачылыштан бир аз убакыттан соң ушуга окшош бир тиш геолог Гарольд Кук (Harold Cook) тарабынан табылды. Анан тиш чыныгы башына жайгаштырылды жана баш болсо бир жапайы камандын скелетине жайгаштырылды. Ошентип «илимий» Hesperopithecus haroldcookii деп аталган Небраска адамынын бир миф катары маскасы ачылды. 88
Бул окуя натыйжасында Hesperopithecus haroldcooki менен «үй-бүлөсүнүн» бүт сүрөттөрү шашылыш түрдө китептерден алынып салынды. Небраска адамы негизи дарвинисттердин бир даана тишти шылтоо кылып кандайча кыялдан бир эволюция сценарийи чыгара алаарынын маанилүү бир көрсөткүчү. Тиш фоссили жандыктын жалпы анатомиясы жөнүндө дээрлик эч кандай маалымат бербегенине карабастан, бир жапайы камандын тишине таянуу менен Небраска адамынын жана үй-бүлөсүнүн сүрөттөрүнүн тартылышы жана бул көз бойомочулуктун ачыкка чыкканга чейин илим катары жайылтууга аракет кылынышы чоң бир логикасыздык, дарвинизм үчүн чоң бир уят. Бирок бул мисал дарвинисттик көз бойомочулуктарды токтотпой, дарвинисттик калптар пландуу түрдө улантылган.
19-кылымдын ортолорунда Англияда өнөр-жай төңкөрүшү башталган кездерде өнөр-жай жыш аймактардагы дарактардын кабыктары ачык түстө болгон. Ушул себептен бул дарактардын үстүнө конгон Biston betularia түрүндөгү көпөлөктөрдүн карараак түстүү варианттары (меланикалык көпөлөктөр) ал жерде азыктанган канаттуулар тарабынан оңой байкалып, азыкка айланган. Бирок элүү жылдан соң өнөр-жай түтүндөрү натыйжасында дарактарды орогон бир мох түрү болгон эңилчектер өлүп, дарак сырттары карарат. Эми болсо ачык түстүү көпөлөктөр дарак үстүндө жакшыраак көрүнгөндүктөн, канаттууларга көбүрөөк азык болуп башташат. Натыйжада ачык түстүү көпөлөктөрдүн саны азайып, карараак түстүү меланикалык көпөлөктөр жем болбогон үчүн көбөйүшөт.
Эволюционисттер буга табигый тандалуу менен эволюция пикирине маанилүү бир далил деп бекем жабышышты. Андан соң кадимки көз бойомочулук ыкмасын колдонуп, ачык түстүү көпөлөктөр акырындап эволюциялашып карараак түстүү көпөлөктөргө айланат деген бир көз бойомочулукка киришишти. Бул пикир «иштеги эволюция» (evolution in action) аты менен бүт дүйнөгө жарыяланды. Чынында болсо чындык такыр башкача эле, ал көпөлөктөр эч кандай эволюциялык бир өзгөрүүгө дуушар болбостон, чоң дарвинисттик алдамчылык жасалып жаткан эле.
Дарвинист бир медицина доктору жана үйрөнчүк биолог Кеттлвелл (H.B.D. Kettlewell) 1953-жылы бир катар эксперимент жасап, бул кубулушка байкоо жүргүзүүнү чечти. Англиянын кырларында бул көпөлөктөр жашаган жерлерде байкоо жана эксперименттерди жасады. Кеттлвелл эксперименттери натыйжасында ачык түстүү эңилчектер бар дарактардын үстүндө карараак түстүү көпөлөктөрдүн көбүрөөк жем болгонун аныктады. Жана муну дарвинизм үчүн чоң бир табылгадай Scientific American журналында "Darwin's Missing Evidence" (Дарвиндин кайып далили) темасы менен жар салды. 1960-жылга келгенде Кеттлвеллдин аңгемеси бүт окуу китептеринде орун алган эле.
Бул пикир айтылгандан дээрлик бир жылдан соң, 1985-жылы болсо бул жердеги кызыктай жагдайлар байкалып баштады. Крейг Холдридж (Craig Holdrege) аттуу жаш бир америкалык биология мугалими жасаган изилдөөлөрү натыйжасында Кеттлвеллдин жакын досу жана анын эксперименттерине катышкан Сэр Кирилл Кларктын (Sir Cyril Clarke) жазгандарынан кызыктуу бир сөздөрүн көрдү. Кларк мындай деген эле:
Биз байкаган жалгыз нерсе көпөлөктөрдүн күнүн каерде өткөрбөгөнү гана болду. 25 жыл ичинде, дарактардын үстүнөн же биз курган тузактардын жанындагы дубалдардан эки даана Betularia гана таба алдык. 89
a id="90" name="90">Холдридж көп убакыттан бери окуучуларына дарактардын үстүнө конгон көпөлөктөрдүн сүрөттөрүн көрсөтүп, канаттуулардын жакшыраак көрүнгөндөрүн тандап кармаганын айтып келген эле. Бирок эми бул көпөлөктү 25 жыл бою изилдеген бирөө буларды дарактарга конгон абалда эки жолу гана көргөнүн айтып жаткан эле. Көп өтпөстөн бул аңгеме күчтүү бир илимий талаш-тартышка айланды. Аягында жасалган илимий изилдөөлөр төмөнкүдөй жыйынтык чыгарган эле:
Кеттлвеллдин эксперименттеринен кийин жасалган көп изилдөө бул көпөлөктөрдүн бир тибинин гана дарак үстүнө коноорун, башка бүт типтердин туурасынан кеткен бутактардын астыңкы тараптарын тандаарын аныктады. 1980-жылдардан баштап көпөлөктөрдүн дарактарга абдан сейрек коноорун бүт баары кабыл алды. Бул темада 25 жыл эмгектенген Cyril Clarke жана Rory Howlett, Michael Majerus, Tony Liebert, Paul Brakefield сыяктуу көп илимпоздор «Кеттлвеллдин экспериментинде көпөлөктөрдүн табигый эмес кыймыл-аракетке мажбурланганын, эксперимент натыйжаларын ушул себептен илимий кабыл алуу мүмкүн эместигин» айтышкан.
Кеттлвеллдин экспериментин анализдеген изилдөөчүлөр мындан да так бир жыйынтыкка келишкен: Англиянын булганбаган аймактарында ачык түстүү көпөлөктөрдүн көбүрөөк болушу күтүлгөнү менен, карараактардын катышы ачык түстүүлөрдөн төрт эсе көп эле. Б.а. Кеттлвелл айткандай жана дээрлик бүт эволюционист булакта кайталангандай, көпөлөк санындагы катыш менен дарак кабыктары арасында бир байланыш жок эле.
Америкалык лепидоптерист (көпөлөктөр жөнүндө илимий изилдөө жасаган киши) Тед Сарджент (Ted Sargent) жана башка изилдөөчүлөр бул көпөлөктөр дарак кабыктарына конбойт, дарактардын бийик бутактарынын астына жашынат деген чындыкка көңүлдөрдү бурду. Бул мындай турсун, ал көпөлөктөр күндүз уктап, түнкүсүн учушат эле. Б.а. канаттуулар уктап жатканда!90 Мунун негизи изилденген сайын скандал андан да чоңойду: Кеттлвелл тарабынан сүрөткө тартылып алынган «дарак кабыгындагы көпөлөктөр» чынында өлүү көпөлөктөр эле. Чынында көпөлөктөр дарактын үстүнө эмес, бутактардын асты жагына конгондуктан, мындай сүрөткө тартып алуу кыйын эле. Ошондуктан Кеттлвелл бул өлүк жандыктарды ийне жана клей менен даракка карматып, сүрөткө тартып алган эле. 91
Дарвинисттер болжол менен бир кылым бою мактанып, илимий бир далилдей көрсөткөн көпөлөктөрдүн алдамчылык гана экени аныкталган соң New York Times мындай жоромол жасаган:
Иштеги эволюциянын эң белгилүү мисалы эми эң чоң шылдыңга айланды болуш керек. 92
Чикаго университетинин эволюция биологу Джерри Койн (Jerry Coyne) бул чоң алдамчылыкты 1998-жылы билгенде, көп жылдар бою окуучуларына окуткан өнөр-жай көпөлөктөрү аңгемесинин бир алдамчылык экенинен улам «уялганын» жазып, мындай деген: «бул 6 жашымда жаңы жыл алдында белектерди аяз ата эмес, атам алып келээрин түшүнгөндөгү өкүнүчүм сыяктуу эле. 93
Endüstri kirliliğinin sonucunda ağaçların gövdelerini saran bir tür yosun olan likenler ölür ve ağaç gövdeleri kararır. Açık renkli kelebekler koyu ağaç gövdelerinde daha belirgin olduklarından kuşlara daha fazla av olurlar. Dolayısıyla açık renkli kelebekler sayıca azalırken, koyu renkli kelebekler yem olmadıkları için sayıca fazlalaşırlar. Bir kelebek türünün sayıca çok olması, kuşkusuz ki bir evrimleşme değildir. Fakat Darwinistler, bunu bir aldatma yöntemi olarak kullanır ve sözde evrime delil göstermeye çalışırlar. |
Бүт бул чындыктардын ортого чыгышы менен бирге «Дарвиндин кайып далили» деп көрсөтүлгөн өнөр-жай төңкөрүшү көпөлөктөрү аңгемесинин ири бир алдамчылык гана экени түшүнүктүү болду. Он жылдар бою дүйнөнүн төрт тарабында жүз миллиондогон адам дарак кабыктарына ийнеленген бир канча өлүк көпөлөктүн сүрөтү жана тынымсыз кайталанган эски бир аңгеме менен жалган маалымат алышты. Чыныгы чындык мындай: Дарвин муктаж болгон далилдер жок жана алар бир күнү табылбайт дагы. Себеби жандыктар эволюциялашкан эмес.
Кызыгы, өнөр-жай доору көпөлөктөрү дагы эле кээ бир окуу китептеринде бир эволюция далили катары көрсөтүлүп келатат. Дарвинисттер ушундайча мунун бир алдамчылык экенин билбеген жаш мээлерди алдоону максат кылышууда. Бирок апачык белгилүү болуп турса дагы бир алдамчылыкты дагы эле далил катары көрсөтүүгө аракет кылуу – дарвинизмдин чарасыздыгынын, далилсиздигинин жана идеологиялык бир алдамчылык гана экендигинин далили. Жаратылуунун чындык экени апачык. Бул апачык чындыктан качкан дарвинисттер калп менен көз бойомочулук бир чара болот деп ойлошууда. Чынында болсо Аллах тузакты, жалган жана жасалма динди сөзсүз жок кылат.
Айткын: «Чындык келди, батыл (жалган) жок болду. Эч шексиз, батыл жок болуучу.» (Исра Сүрөсү, 81)
Ernst Haeckel ve sahte embriyo çizimleri. |
Эрнст Геккель (Ernst Haeckel) 1868-жылы жазган Natürliche Schöpfungsgeschichte (Табигый жаратылыш тарыхы) аттуу китебинде адам, маймыл жана ит эмбриондорун колдонуп кээ бир салыштырууларды жасаганын айткан. Тарткан сүрөттөрү бир-бири менен дээрлик бирдей жандык эмбриондорунан турган эле. Геккель бул сүрөткө таянуу менен бул жандыктар орток бир тамырдан келип чыккан деген.
Бирок чынында абал башкача эле. Геккель бир даана эмбрион сүрөтүн тартып, андан соң муну атайылап кичине кичине өзгөртүп, адам, маймыл, ит эмбриону деп тизип койгон эле. Б.а. апачык көз бойомочулук жасаган эле.
Дарвин Адамдын келип чыгышы китебине булак катары көрсөткөн «илимий эмгек» (!) мына ушул эле. Негизи Дарвин бул китепти жазаардан мурда Геккельдин сүрөттөрүнүн бир бурмалоо экенин байкаган кишилер болгон эле. Ал тургай, Геккель өзү дагы калпычылыгы аныкталган соң жасаган бул илимий алдамчылыгын мойнуна алган эле:
Бул кылган алдамчылыгымды мойнума алган соң өзүмдү күнөөкөр жана айыптуу сезишим керек. Бирок мени соороткон жагдай мындай; айыптуу абалдагы жүздөгөн курдаш, көптөгөн ишенимдүү байкоочу жана белгилүү биолог бар, алар чыгарган эң жакшы биология китептеринде, гипотезаларында жана журналдарында мендей даражада жасалган алдамчылыктар, так эмес маалыматтар, аз көп бузулган, схемага салынып кайрадан жасалган сүрөттөр бар. 94
Бирок дарвинисттер боюнча, дарвинизм догмасы сакталып калынышы үчүн колдогу анча-мынча жасалма далилдердин бирөөсү тигил же бул жол менен адамдарга «эволюция далили» катары жарыяланышы керек эле. Алар жасаган алдамчылык же анын башка дарвинисттер тарабынан байкалышы маанисиз эле; дарвинисттер боюнча, эң негизгиси жасалма болсо дагы адамдарга бир эволюция далилин сунуу керек эле.
Мына ушул себептен алдамчылык экени көрүнүп турса дагы, Дарвин менен аны колдогон биологдор Геккельдин сүрөттөрүн булак катары кабыл алууну улантышты. Бул болсо Геккельге дем берди. Геккель кийинки жылдары дагы бир катар салыштырмалуу эмбрион сүрөттөрүн жасады. Балык, саламандр, бака, тоок, койон жана адам эмбриондорун катар көрсөткөн схемаларды даярдады. Бул схемаларда көңүл бурган жагдай – башка башка жандыктардын эмбриондорунун башында бир-бирине абдан окшошушу, өрчүү учурунда акырындап өзгөчөлөнүшү эле. Өзгөчө адам эмбрионунун балык эмбрионуна болгон окшоштугу абдан даана эле. Адам эмбриону сүрөттөрүндө дал балыктагы сыяктуу «бакалоорлор» да көрүнүп турган. Геккель бул сүрөттөр берген «илимийлик» көрүнүшү менен «рекапутиляция теориясын» жарыялады: «онтогенез филогенезди кайталайт» (индивиддин пайда болушу урпактын пайда болушун кайталайт). Бул слогандын мааниси мындай: Геккельдин ою боюнча, ар жандык жумурткасында же энесинин жатынында өткөргөн өрчүү учурунда өз түрүнүн «эволюция тарыхын» кайталайт эле. Бул жалганчы теория боюнча, адам эмбриону эне курсагында башында балыкка окшошот, кийинки жумаларда саламандр, сойлоочу, сүт эмүүчү сыяктуу этаптардан өткөн соң адамга «эволюциялашат» эле.
Чынында болсо бул чоң бир көз бойомочулук эле.
1. Balık | 4. Tavuk |
A. Üstte, Haeckel'in sahte çizimleri | B. Altta, çizimlerin olması gereken gerçek halleri |
1990-жылдары англиялык эмбриолог Майкл Ричардсон (Michael Richardson) омурткалуулардын эмбриондорун микроскоп менен изилдеди жана алардын Геккельдин сүрөттөрүнө эч окшобогонун аныктады. Ричардсон менен анын командасы изилдөөлөрүнөн соң 1997-жылы августта Anatomy and Embryology журналында эмбриондордун чыныгы сүрөттөрүн жарыялады. Натыйжада Геккельдин тарткан сүрөттөрүндө ар кандай калып дизайндарды колдонуп, эмбриондор бир-бирине окшошу үчүн ар кандай жасалмалыктарды жасаганы белгилүү болгон. Эмбриондорго өз оюнан органдарды кошуп, кээ бирлеринен органдарды алып салып, чоңдугу ар башка эмбриондорду бирдей чоңдукта көрсөткөн эле. Геккель адам эмбрионунда «бакалоор» деп көрсөткөн жарыктардын болсо бакалоорлорго эч тиешеси жок эле: булар чынында адамдын ортоңку кулак каналынын, паратироиддердин жана тимус бездеринин башталгычтары эле. Эмбриондор чынында бир-бирине такыр окшошпойт эле. Геккель өз сүрөттөрүндө мүмкүн болгон бүт жасалмалыкты жасаган эле.
Көп убакыт бою жасалма бир эволюция далили катары актуалдуу сакталган Геккельдин сүрөттөрү 1997-жылы 5-сентябрьда Science журналында «Геккельдин эмбриондору: көз бойомочулук кайрадан аныкталды» деген тема менен жарыяланганда, көз бойомочулук бар экенин бүт илим дүйнөсү кабыл алган. Бул макалада төмөнкү маалыматтар орун алган:
Ричардсон менен командасынын айтуусу боюнча, Геккель органдарды кошуп же алып салуу менен эле тим болбостон, ар башка түрлөрдү бир-бирине окшош көрсөтө алуу үчүн масштабдарын өзгөртүп, кээде эмбриондорду чыныгы көлөмүнөн он эсе башкача көрсөткөн. Ал тургай, Геккель айырмачылыктарды жашыруу үчүн түрлөрдүн ысымын айтуудан качынып, бир даана түрдү бүт бир айбан тобунун өкүлүндөй көрсөткөн. Ричардсон менен командасынын айтышы боюнча, чынында бир-бирине абдан окшош болгон балык түрлөрүнүн эмбриондорунда дагы көрүнүшү жана өрчүү баскычтары жагынан абдан чоң айырмачылыктар бар. Ричардсон «(Геккельдин сүрөттөрү) биологиядагы эч чоң көз бойомочулуктардын бириндей көрүнөт» дейт. 95
2000-жылы мартта Гарвард университетинен эволюционист палеонтолог Стивен Джей Гоулд болсо бул көз бойомочулукту көптөн бери билгенин айткан. Бирок дажжал системасынын бир талабы катары унчукпоо жолун тандаган.96 Сүрөттөрдүн бир көз бойомочулук экенин коомчулук билген соң Гоулд бул сүрөттөрдү дагы эле колдонуунун илимий жактан кылмыш экенин айтып, мындай деген:
Менимче, заманбап окуу китептеринин көпчүлүгүндө болбосо да көп бөлүгүндө бул сүрөттөрдүн дагы эле орун алышына мүмкүнчүлүк берген акылсыз бир артка кайтуу доорунан улам таң калышыбыз да керек, уялышыбыз да керек. 97
Геккельдин көз бойомочулугу ушунчалык ачык жана ушунчалык чоң болгондуктан, Геккель беш профессор тарабынан көз бойомочулук жасады деп айыпталган жана Йенадагы университет соту тарабынан кылмышкер деп табылган. 98
Англия табият тарыхы музейинен Сэр Гевин де Беер болсо бул чоң илимий уятка мындайча токтолгон:
Оңой, тартиптүү жана ынандырарлык, сын-пикирдик бир изилдөө жасалбастан, көп массалар тарабынан кабыл алынган Геккельдин «рекапитуляция теориясы» сыяктуу абдан сейрек пикир илимге мынчалык чоң зыян берген эмес. 99
Üstte, günümüzde bir biyoloji kitabı, Haeckel'in sahte çizimlerini kullanarak sahte evrim propagandası yapıyor. Bu durum, Darwinist aldatmacanın ne kadar geniş çapta ve pervasızca uygulandığının önemli bir kanıtıdır. |
Геккельдин бул жасалма сүрөттөрү негизи дарвинисттер жагынан максатына жеткен. Бул сүрөттөрдүн бир илим көз бойомочулугу экени айтылса да, көп адамдар бул жасалма сүрөттөрдү чындык деп ойлоп терс таасирленип, илимий жараксыздыгына карабастан мектептердеги билим берүү адамдын жандыктарга болгон жалпы көз-карашын терс тарапка өзгөрткөн. Creation Research Society (Жаратылууну изилдөө уюму) жана Institute of Creation Research (Жаратылууну изилдөө институту) уюмдарынын куруучусу Генри М. Моррис (Henry M. Morris) муну мындайча баалаган:
Дарвинден – жана өзгөчө Фрейдден – баштап психологдор адамды эволюциялашкан бир айбан деп ойлошкон жана кыймыл-аракет проблемаларын айбандык бир негизде баалашкан. Адам проблемаларын карап жатканда, маймылдарга жана башка айбандарга (ал тургай курт-кумурскаларга) жасалган эксперименттер жол көрсөткүч катары колдонулган.
Бир топ мурда илимий жактан жараксыздыгы далилденгенине карабастан, рекапитуляция теориясынын ачуу мөмөлөрү коомдун көп тармактарында жайылып баштады... 100
Илимий мааниде бир уят деп сыпатталган, кээ бир эволюционисттер тарабынан да бир далил катары көрсөтүлүшү таң калуу менен кабыл алынган Геккельдин жасалма сүрөттөрү таң калыштуу абалда ар кайсы окуу китептеринде ордун сактап келатат. Бул таң калыштуу көрүнүш дарвинизм алдамчылыгынын кандай масштабга жеткенин көрсөтөт. Калифорния университетинен молекулярдык биолог Джонатан Уеллс бул жөнүндө мындай дейт:
Көптөгөн окуу китеби Геккельдин сүрөттөрүнүн бир аз башкачараак жаңы версияларын колдонууда. Мунун бир мисалы Peter Raven менен George Johnson'дун Biology аттуу китебинин 1999-ж. басылмасы...
Башка бир мисал Cecie Starr менен Ralph Taggart'тын 1998-жылы чыккан The Unity and Diversity of Life (Жашоонун бирдейлиги жана көп түрдүүлүгү) аттуу китеби. ... James Gould менен William Keeton'дун Biological Science (Биология илими) аттуу китебинин акыркы басылмасында болсо мындай сүйлөм орун алган: «Дарвинди эволюция пикирине алып барган эмбриологиялык бир чындык – бул көпчүлүк омурткалуунун алгачкы этаптагы эмбриондорунун бир-бирине окшошушу.» Burton Guttman'дын 1999-жылы чыккан Biology окуу китеби болсо Геккельдин эмбрион сүрөттөрүнүн кайра сызылган жаңы версиясын мындай аталыш менен берген: «Бир жаныбардын эмбриологиялык өрчүшү анын аталарынын түзүлүшү жөнүндө ишарат берет.» 101
Геккельдин жасалма сүрөттөрүнүн дагы эле биология окуу китептеринде эволюцияга бир далилдей колдонулушу, албетте, жөнөкөй бир жаңылыштык эмес. Жасалма болгонуна карабастан бул сүрөттөргө окуу китептеринен атайын орун берилүүдө. Мунун, албетте, эң негизги себеби – бул жасалма сүрөттөрдүн дарвинизмдин негизги пикирине, б.а. «адам жоопкерчиликсиз бир айбан» деген калпка маанилүү бир жасалма далил болушунда. Джонатан Уеллс дарвинист илимпоздор атайылап жактоосун уланткан бул калп жөнүндө мындай дейт:
Геккельдин эмбриондору Дарвин теоремасына ушундай күчтүү бир «далил» сунгандыктан, ал эмбриондордун бир версиясы дээрлик эволюция жөнүндөгү ар бир окуу китебинде бар. Бирок, биологдор Геккельдин сүрөттөрдү оюнан чыгарганын бир кылымдан ашуун убакыттан бери билишет; омурткалуулардын эмбриондору ал көрсөткөндөй окшош көрүнбөйт эч качан. Ал тургай, Геккель «алгачкы» деп атаган этап чынында өрчүүнүн ортосу; ал апырткан окшоштуктардан мурдакы өрчүү этаптарында күчтүү айырмачылыктар байкалат. Төмөнкүнү биология китептеринен үйрөнө албайсыз: Дарвиндин «эң күчтүү биринчи класс далили» - далилдин бир теорияга туура келиши үчүн кандайча бурмаланышы мүмкүн экендигинин классикалык бир мисалы. 102
Дажжал пландаган бир калптын бузуку бир теорияга жасалма далил катары сунулушу жана натыйжалуу болушу дарвинисттерди кыска убакытка «кубантса» дагы, негизи бул дарвинисттер үчүн бир кыйроонун кабарчысы. Геккель сызган сүрөттөр менен адамдар даражалуу бир илимпоздун дарвинизм үчүн канчалык чоң көз бойомочулуктар жасаарын көрүштү. Бул мисал менен дарвинизмдин дайыма бир калпка муктаж экени дагы бир жолу далилденди. Эволюционист илимпоздордун көз бойомочулукту кантип көрмөксөн болушу мүмкүн экени апачык көрүлдү. Геккельдин көз бойомочулугу жаратылуу алдында эволюция теориясынын, дажжал системасынын жок болгондугунун дагы бир маанилүү далили. 20-кылымда бул көз бойомочулуктун ачыкка чыгышы үн-сөзсүз тосуп алынган болушу мүмкүн. Бирок 21-кылым ушул жана ушул сыяктуу көз бойомочулуктар апачык ортого коюла турган жана чыныгы илимий далилдер көрсөтүлө турган кылым. Көз бойомочулуктар ачыкка чыгарылган сайын жана чыныгы илимий далилдер келген сайын дарвинизмдин кыйрашы дагы, албетте, даанараак көрүнүүдө.
1879-жылы ошол учурдун таанымал эволюционисттери арасынан эки ысым «аттын эволюциясы» сценарийине далил катары көрсөтүүгө аракет кылынган жандыктар менен байланыштуу изилдөөлөрдү алга жылдырып, дарвинисттер көп жылдар бою жарыялай турган ат катарын түзүштү. Америкалык фоссил изилдөөчү Гофониил Чарльз Марш менен Томас Гексли (Дарвиндин бульдогу деп да эскерилет) кээ бир туяктуу фоссилдерди арткы жана алдыңкы буттарындагы тырмактарынын санына жана тиш түзүлүшүнө карап тизүү менен бир схема түзүштү. Мурдараак Сэр Ричард Оуэн тарабынан 1841-жылы Hyracotherium деп аталган кичинекей бир сүт эмүүчү фоссили эволюцияны эске сала турган абалда кайрадан аталып, «таңкы ат» маанисине келген Eohippus деген атка ээ болгон эле. Пикирлерин схемалары менен бирге American Journal of Science аттуу журналда жарыялаган бул экөө бир кылым бою музей жана окуу китептеринде Eohippus'тан азыркы аттарды көздөй катарга тизилген –«эволюциянын» далили катары көрсөтүлө турган- катардын негизин түзүшкөн. Бул «катардын» этаптары катары көрсөтүлгөн маанилүү категориялар Eohippus, Orohippus, Miohippus, Hipparion жана аягында азыркы ат Equus эле.
Бул ойдон чыгарылган катар кийинки кылым бою аттын «эволюциясына» эң чоң далил катары көрсөтүлдү. Тырмак санынын азайышы, көлөмү боюнча болсо кичинеден чоңду көздөй кетүүчү тартиптүү өсүш эволюционисттерди ынандыруу үчүн жетиштүү болгон.
Кыска убакыттан соң ат катарынын ичинде парадокстор чыгып баштады. Жасалган казуулардан чыккан жана жасалма ат катарына кошууга аракет кылынган жаңы фоссилдер маселе жаратты. Себеби фоссилдердин орду, жашы, тырмак саны сыяктуу өзгөчөлүктөр бир-бирине карама-каршы абалды пайда кылып, катарды бузуп баштаган. Ат катары бул жаңы табылгалар тарабынан логикасыз жана маанисиз бир фоссил жыйындысына айланды.
|
Убакыттын өтүшү менен көп дарвинист аттын эволюциясы сценарийинин чыныгы далилдерге таянбаганын кабыл алууга мажбур болду. 1980-жылы ноябрьда Чикаго табият тарыхы музейинде 150 эволюционист катышкан, төрт күнгө созулган жана баскычтуу эволюция теориясынын маселелери талкууланган бир конференция жасалган. Конференцияда сөз сүйлөгөн эволюционист Бойс Ренсбергер (Boyce Rensberger) аттын эволюциясы сценарийинин фоссил калдыктарында эч таянычы жок экенин жана аттын баскычтуу эволюцияланышы сыяктуу бир процесстин эч болбогонун мындайча айткан:
Болжол менен 50 миллион жыл мурда жашаган төрт тырмактуу, түлкүдөй чоңдуктагы жандыктардан азыркы чоң, бир тырмактуу атты көздөй бир катар баскычтуу өзгөрүү болгонун айткан белгилүү аттын эволюциясы мисалынын жараксыз экени көптөн бери белгилүү. Баскычтуу өзгөрүү ордуна, ар бир түрдүн фоссилдери бүтүндөй айырмалуу абалда пайда болуп, өзгөрбөй турууда жана кийин тукум курут болууда. Ортоңку формалар белгисиз. 103
Аттын «эволюциясы» жана бул жасалма аттын эволюциясы схемасындагы башка бир логикасыздык болсо убакыт белгилөө проблемасы. Доктор Николас Комнинеллис бул жөнүндө мындай дейт:
Аттын эволюциясы долбоорундагы башка бир тоскоолдук болсо – бул убакыт белгилөө логикасыздыгы. Эволюция теориясы бир түр ошол абалдагы жашоого жакшыраак адаптация болгону үчүн башка бир түргө эволюциялашууга тенденциялуу болот деген түшүнүккө таянат. Бул баштапкы түрдүн жок болушуна алып келет. Аттар мисалында 3 туяктуу түр бир туяктуу түрдөй ден-соолукта болбошу керек эле. Эволюция түрлөр арасындагы өтүүнүн ишке ашышы үчүн миллиондогон жылды талап кылат; баштапкы түрдүн жоголушу үчүн көп убакыт болот.
Бирок биз азыр жалгыз туяктуу жана үч туяктуу түрлөрдүн Түндүк Америкада чогуу жашаганын билебиз. Ат түрлөрүнүн бир учурда бар болгону эволюция теориясынын түшүндүрмөсүнө бүтүндөй карама-каршы. Буга кошумча Hyracotherium, Miohippus менен Equus арасындагы кайып ортоңку звенолор эч табыла алган эмес. Эволюцияга колдоо болуу мындай турсун, аттын тарыхы көбүрөөк атайын жаратылууга туура келет – азыркы кемчиликсиз жандыктар бир учурда жаратылышкан. 104
Аттын эволюциясы сценарийинин жараксыздыгы апачык белгилүү болгонуна жана мунун дарвинисттер тарабынан да кабыл алынганына карабастан, бул ойдон чыгарылган катар башка дарвинисттик көз бойомочулуктар сыяктуу дагы эле кээ бир дарвинист китеп жана окуу китептеринде колдонулууда. Бул катар чындыктай сунулууда, ал тургай дүйнөгө таанымал палеонтологдор жана илимпоздор башкарган табият тарыхы музейлеринде апачык көргөзүлүүдө. Дүйнөнүн эң белгилүү музейлеринин бири Америка табият тарыхы музейинин мүдүрү эволюционист палеонтолог Др. Найлс Элдридж өз музейинде көргөзмөдө турган ат катары жөнүндөгү эволюционист пикирлердин ойдон гана чыгарылганын болжол менен 20 жыл мурда кабыл алган эле. Элдридж бул спекуляциялык катардын окуу китептерине кире турган абалда илимий бир чындыктай көрсөтүлүшүн да сындаган:
Окуу китептерине тынчсыздандыра турган санда көп нерсенин чындыктай көрсөтүлүп киргенин мойнума алам. Мисалы, мунун эң белгилүү мисалы 50 жыл мурда даярдалган жана дагы эле ылдыйкы кабатта көргөзмөдө турган аттын эволюциясы катары. Бул сансыз окуу китебинде талашсыз чындыктай көрсөтүлгөн. Мен бүгүн муну өкүнүчтүү деп ойлойм, себеби мындай аңгемелерди чыгарган адамдар булардын [фоссилдердин] бир бөлүгүнүн спекуляциялык табиятынан түздөн-түз кабардар деп ойлойм. 105
Дарвинист Элдридждин сөзү абдан туура. Атайылап бурмалоолор дажжалияттын маңызы болгондуктан, бул системаны кармангандар дагы алдамчылыкты колдонушууда. Жогорудагы бүт мисалдар дарвинизм алдамчылыгынын бүтүндөй ашкере болгон, жасалмалыгы дарвинист илимпоздор тарабынан да мажбурлуу түрдө кабыл алынган чоң мисалдар. Бул мисалдар дажжалият системасынын ички тарабын көрсөтүү үчүн жетиштүү. Бирок негизи төмөнкүнү эске салуу пайдалуу: эволюция теориясы, б.а. дарвинизм идеологиясы Аллахты жокко чыгаруу максатын көздөгөн бир калпты негиз тутат. Ошондуктан дарвинизм айткан ар бир пикир, ар бир сунуш, ар бир далил калп. Бүгүнкү күнгө чейин сиз уккан бардык «эволюцияга далил табылды» сөздөрүнүн, «жандыктар эволюциялашты», «адамдын шимпанзе менен орток аталары» сыяктуу сөздөрдүн бардыгы калп. Дарвинисттер бир калпты жакташат. Мунун себеби алардын дажжал системасына болгон логикасыз моюн сунуу жана жакындыгы, Аллах ишеними менен күрөшүү үчүн гана жалган дарвинизм динине болгон эч далилсиз бекем жакындыгы.
Бирок чынында алар жалган бир ишенимдин, чоң бир жаңылыштыктын ичинде. Бүт нерсенин Ээси жана Жаратуучусу Улуу Аллах аяттарында мындайча буюрат:
Ким Исламдан башка бир дин издесе, эч качан андан кабыл кылынбайт. Ал акыретте да утулгандардан. (Али Имран Сүрөсү, 85)
Кабарыңар болсун; күмөнсүз асмандардагы, жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллахтан башкага сыйынгандар да шерик кошкон нерселерди жана күчтөрдү (чынында) ээрчишпейт. Алар болгону күмөндөрүн ээрчишет жана алар болгону «күмөн жана болжоо менен жалган сүйлөшүүдө.» (Йунус Сүрөсү, 66)
67. Isabelle Bourdial, "Adieu Lucy", Science et Vie, Mayıs 1999, no. 980, s. 52-62
68. Richard Leakey, "Lucy - Evolution's Solitary Claim For an Ape/Man: Her Position is Splitting Away" Creation Research Society Quarterly, vol. 22, no. 3, Aralık 1985, s. 144-145 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 188
69. Solly Zuckerman, Beyond The Ivory Tower, New York: Toplinger Publications, 1970, s. 75-94
70. Charles E. Oxnard, "The Place of Australopithecines in Human Evolution: Grounds for Doubt", Nature, cilt 258, s. 389
71. Fred Spoor, Bernard Wood, Frans Zonneveld, "Implication of Early Hominid Labryntine Morphology for Evolution of Human Bipedal Locomotion", Nature, cilt 369, 23 Haziran 1994, s. 645-648
72. Richmond, B.G. and Strait, D.S., Evidence that humans evolved from a knuckle-walking ancestor, Nature 404(6776):382, 2000.)
73. D. Johanson - T. D. White, Science, 203:321, 1979, 207:1104, 1980 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 187-188
74. Trinkhaus, Erik (1985) Pathology and the posture of the La Chappelle-aux-Saints Neanderthal. American Journal of Physical Anthropology Vol. 67 sf. 19-41.
75. E. Trunkaus - W. W. Howells, Scientific American, 241(6):118 (1979) - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 195
76. Erik Trinkaus, "Hard Times Among the Neanderthals", Natural History, cilt 87, Aralık 1978, s. 10.
77. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 194
78. Francisco J. Ayala, Darwin and Intelligent Design, Fortress Press, Minneapolis, 2006, s.45
79. Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids, Eerdmans, 1980, s. 59
80. Stephen Jay Gould, "Smith Woodward's Folly", New Scientist, April 5, 1979, s. 44
81. Kenneth Oakley, William Le Gros Clark & J. S, "Piltdown", Meydan Larousse, cilt 10, s. 133.
82. Stephen Jay Gould, "Smith Woodward's Folly", New Scientist, April 5, 1979, s. 44
83. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003 s. 34
84. Keith Steward Thomson, "Piltdown Man: The Great English Mystery Story", American Scientist, vol. 79, 1991, s. 194 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 197
85. Pat Shipman, "On the Trail of the Piltdown Freudsters" New Scientist, vol. 128, 1990, s. 52 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 197
86. Malcolm Muggeridge, The End of Christendom, Grand Rapids MI, Eerdmans, 1980, s. 59 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 253-254
87. W. K. Gregory, "Hesperopithecus Apparently Not An Ape Nor A Man", Science, vol. 66, December 1927, s. 579
88. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003 s. 31-32
89. Judith Hooper, Of Moths and Men, W.W. Norton & Company, Inc., New York, 2002, s.xvii
90. Ann Coulter, Godless: The Church of Liberalism, Crown Forum Publishing, 2006, s. 236-237
91. Judith Hooper, Of Moths and Men, s. xviii
92. Ann Coulter, Godless: The Church of Liberalism, Crown Forum Publishing, 2006, s. 237
93.http://www.arn.org/docs/richards/jr_sciedreport.htm - Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 150
94. Francis Hitching, The Neck of the Giraffe: Where Darwin Went Wrong, New York: Ticknor and Fields 1982, s. 204
95. Elizabeth Pennisi, Science, 5 Eylül 1997
96. Ann Coulter, Godless: The Church of Liberalism, Crown Forum Publishing, 2006, s. 240
97.http://www.arn.org/docs/richards/jr_sciedreport.htm
98. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, s. 70
99. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003, S. 70
100. Henry M. Morris, The Long War Against God, Master Books, 2000, s. 32
101. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 103
102. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 86
103. Boyce Rensberger, Houston Chronicle, 5 Kasım 1980, Bölüm 4, s. 15
104. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 168