Darwin'in Türlerin Kökeni kitabının orjinal nüshası |
Дарвин убагында ортоңку форма фоссилдеринин жок болушу чечиле турган бир көйгөйдөй кабыл алынган. Дарвин жер жүзүнүн катмарларында теориясын тастыктай турган бир дагы ортоңку форма фоссили (калдык) табылбаганына таң калган, бирок ошентсе да булар «келечекте табылат» деп ишенген. Түрлөрдүн келип чыгышы китебинин «Теориянын кыйынчылыктары» аттуу бөлүмүндө бул жөнүндө мындай деп жазган:
Эгер чындап түрлөр башка түрлөрдөн акырын өзгөрүүлөр менен келип чыккан болсо, эмне үчүн сансыз ортоңку өткөөл формага кездешпей жатабыз? Эмне үчүн бүт табият бир башаламан абалда эмес, толук аныкталган жана орду ордунда? Сансыз ортоңку өткөөл форма болушу керек эле, бирок эмне үчүн жер жүзүнүн санап бүткүс көп катмарында көмүлгөн абалда таппай жатабыз... Эмне үчүн ар бир геологиялык түзүлүш жана ар бир катмар мындай байламталарга толо эмес? 47
Дарвиндин күтүүсүн жокко чыгарган жана болжол менен 150 жылдан бери бир даана да табылбаган ортоңку форма фоссилдери Дарвиндин теориясын жер менен жексен кылды. Казуу иштеринен 500 миллиондон ашык фоссил чыгарылды. Бул фоссилдер дарвинизмдин укмуштуу жеңилишин толук жарыялады. Бул фоссилдердин баары толук жана кемчиликсиз жандыктарга тиешелүү. Көп бөлүгү бүгүн да жашап жаткан жандыктардын миллиондогон жыл мурдакы мисалдары эле. 500 миллион фоссил арасында болсо бир даана дагы ортоңку форма фоссили жок эле.
Ортоңку форма фоссилинин болбошу дарвинизмдин өлүмү дегенди билдирет жана жалган дарвинизм дининин жактоочулары кабыл ала албаган бир жагдай эле. Мына ушул себептен дарвинисттер көнүмүш ыкмасын колдонушту жана өз ойлорунан ортоңку фоссилдерди чыгарып башташты. Учурда дарвинист булактуу журналдарды, бул теманы колго алган жогорку класс жана университет китептерин караганыбызда ортоңку форма деп аталып, орун алган бүт жандык фоссилдеринин чындыгында бир көз бойомочулук натыйжасы экенин көрөбүз. Кээде тукум курут болгон жандыктар, кээде ойдон чыгарылган сүрөттөр, кээде бир даана тиш фоссили, кээде болсо бир лабораторияда алдамчылык менен даярдалган баш сөөктөрү колдонулуп жасалган мындай ойдон чыгарылган далилдер – ортоңку фоссил жок экендигинин жана дарвинизмдин бир алдамчылык экендигинин маанилүү бир далили.
Математика профессору Вольфганг Смит (Wolfgang Smith) ортоңку форма фоссили жок экенин ачык мойнуна алган илимпоздордон:
«Ортоңку форма фоссилинин жок экени жана жетишпеген звенонун чындап болбогону эң түпкүрүндө, апачык жана толук аныкталды.» 48
Эволюционист палеонтолог Стивен Стэнли (Stephen Stanley) болсо ортоңку форма фоссилинин жок экени жөнүндө мындай дейт:
Белгилүү фоссил калдыктары чоң бир морфологиялык өтүүнү ишке ашырган бир даана филетикалык (расага тиешелүү) эволюция мисалын да көрсөтө алган жок, ушул себептен баскычтуу модельдин тууралыгы жөнүндө бир далил да бербөөдө. 49
Yeryüzünde 380'den daha fazla fosil yatağı bulunmaktadır. Bu fosil yataklarından şimdiye kadar 250 milyondan fazla fosil çıkarılmıştır. Bu fosillerin tamamı yaratılışı ispat etmektedir. Ele geçirilen fosillerden ise tek bir tanesi bile ara fosil değildir. Tüm fosiller yaratılışı ipsat etmektedir... |
Канзас университетинен геолог Рональд Р. Уесттин (Ronald R. West) болсо бул жөнүндөгү жоромолу мындай:
Эгер эволюция туура болсо, фоссил калдыктары төмөнкүлөрдү көрсөтүшү керек:
1. Жашоо жөнүндө далилдер бар эң байыркы таштарда фоссилизацияга кире турган эң байыркы башталгыч жашоо формалары кездешиши керек,
2. Жашыраак таштар комплекстүүрөөк жашоо формаларынын фоссилдеринин далилдерин көрсөтүшү керек,
3. Жашоо формаларында жөнөкөйдөн татаалды көздөй баскычтуу бир өтүү болушу керек,
4. Абдан көп санда ортоңку өткөөл форма фоссилдери болушу зарыл.
Чынында болсо, көп илимпоздордун жазганынын тескерисинче, фоссил калдыктары Дарвиндин эволюция теориясын колдобойт. 50
Дарвинисттер ушул күнгө чейин бир дагы чыныгы ортоңку өткөөл форма мисалын көрсөтө алышкан жок. Жер бетинин катмарларынан бир даана дагы ортоңку форма фоссили табылган жок. Эволюция музейлеринде көргөзмөдө турган бир дагы чыныгы ортоңку форма мисалы жок. 500 миллион фоссилдин баары эволюцияны жокко чыгарды. Булардын баары же бүгүнкү күндө жашап жаткан же болбосо тукум курут болгон жандыктардын толук, кемчиликсиз фоссил мисалдары.
Ортоңку форманын жок экенин эми дарвинисттер дагы жокко чыгара албай калышты. Кээде дарвинисттер ар кандай мажбур калган учурларда муну апачык айтышат. Мунун бир мисалы эволюционист палеонтолог Колин Паттерсондун сөздөрү:
Эволюциялык өтүүлөр менен байланыштуу китебимдеги (Evolution) түздөн-түз мисалдын жок экени жөнүндөгү жоромолдоруңузга толугу менен кошулам. Эгер мен билген бир даана фоссил же жандык болгондо, сөзсүз китебиме кошмокмун... Ачыгын айтсам фоссил калдыктарында бирөө бекем бир аргумент айта турган бир дагы ортоңку өткөөл форма жок. 51
Ортоңку форманын болбошу, дарвинисттердин көпчүлүгү кылгандай, сөз арасына кыстарып койо турган же маанисиз бир темадай кабыл алына турган бир жагдай дагы эмес. Ортоңку форманын жок болушу эволюциянын жоктугу деген мааниге келет. Эволюция теориясы жарактуу болушу үчүн бир даана фоссил жетиштүү эмес, бир канча фоссил дагы жетиштүү эмес. Миллиондогон мындай фоссилдер болушу зарыл. Бирок иш жүзүндө бир даана дагы ортоңку фоссил жок. Ошондуктан ушул чындыктын өзү дагы – б.а. 2000-жылдардын башында табылган фоссил калдыктары болжол менен 100%га жеткен учурда миллиарддаган санда кездешиши керек болгон ортоңку фоссилдердин бир даана да жок болушу – эволюциянын бир калп экендигинин абдан күчтүү жана так бир далили.
Оксфорд университети зоология бөлүмүнөн Марк Ридлей (Mark Ridley) фоссил калдыктарынын эволюцияга бир дарвинист калпты ачыкка чыгаруудан башка эч нерсе алып келбегенин айткан:
Баскычтуу эволюцияны жактаса да, секирүүчү эволюцияны жактаса да, эч бир чыныгы эволюционист фоссил калдыктарын атайын жаратылууга каршы эволюцияны жактоо үчүн колдонбойт... 52
Эң кызыгы, дарвинисттер –ушул чындыкка карабастан- кийинчерээк мисалдары көрүлө тургандай, кемчиликсиз, толук формадагы фоссилдерди дагы эле ортоңку фоссил катары сунушууда же ортоңку форма фоссилдерин өздөрү чыгарышууда. Көз бойомочулукка барышынын себеби – албетте, алардын илимий чыныгы бир далил бере албашы, чарасыз калышы. Ансыз да дарвинизмди жасалма бир калп кылган эң негизги жагдай бул жалган диндин жактоочуларынын калпка, алдамчылыкка мажбур болушу. Бул жалган динди жактагандар биз илимди жактоодобуз дешет, чынында болсо илим алып келген жыйынтыктар эволюция теориясын апачык калпка чыгарууда. Дарвинисттер боюнча, жалган дарвинизм дининин сакталып калышы сансыз жалгандар аркылуу гана мүмкүн. Ушул себептен дарвинисттердин «ортоңку форма табылды» деген пропагандасы да чоң бир көз бойомочулук.
Ara fosil bulamayan Darwinistler, çözümü soyu tükenmiş canlıları ara form olarak göstermekte bulurlar. Oysa bu canlılar, tam, eksiksiz, mükemmel canlılardır. |
50 milyon yıllık ginko yaprağı fosili günümüz ginko yaprağıyla aynıdır. |
Дарвин изилдөөлөрү учурунда гингко (ginkgo) дарагынын жалбырагынын фоссилин тапканда абдан таң калган. Учурда жашап жаткан бир жандыктын дал өзүндөйү миллиондогон жыл мурдакы катмарларда бүгүнкү формасында бар эле. Теориясынын жараксыздыгын далилдөөгө жетиштүү болгон жана Дарвинди чындап тынчсыздандырган бул фоссил Дарвиндин өзү тарабынан «жашап жаткан фоссил» деп аталган.
Дарвин эгер азыр жашап жаткан болгондо, албетте бул жөнүндөгү тынчсыздануусу абдан чоң болмок. Себеби гингко бүгүнкү күнгө чейин келген жалгыз жашап жаткан фоссил эмес. Дүйнө жүзүнүн катмарларынан чыгарылган 500 миллиондон ашык фоссилдин кээ бирлерин толук жана кемчиликсиз тукум курут болгон жандыктар, көп бөлүгүн болсо жашап жаткан фоссилдер түзүүдө. Азыр бар болгон түрлөрдүн көп бөлүгүнүн миллиондогон жылдык фоссилдери табылып, көргөзмөсү жасалды (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: http://www.yaratilismuzesi.com/fosiller/ жана http://www.yaratilisatlasi.com/). Бүгүн жашап жаткан аттар, жирафтар, балыктар, иттер, канаттуулар, сойлоочулар азыркы абалы жана көрүнүштөрү менен миллиондогон жылдык из калтырышкан. Yaratılış Atlası (Жаратылуу атласы) аттуу эмгектин бүт томдорунда Түркияда уюштурулган ар кандай көргөзмөлөрдө жана Жаратылуу музейи аттуу интернет сайтында көргөзүлүп жаткан фоссилдер аталган мисалдардын бир бөлүгү гана. Бул мисалдар ушунчалык көп; дээрлик учурдагы ар бир жандыктын миллиондогон жылдык түрдөшү табылды. Жана бул фоссилдер бүгүнкү жандыктарга толук дал келүүдө. Миллиондогон жыл мурдакы фоссилдер менен учурдагы жандыктар арасында эч айырма жок. Жандыктар өзгөргөн эмес. Алгач кандай жаратылса, ошол бойдон келатат.
Америка табият тарыхый музейинин мүдүрү, таанымал эволюционист палеонтолог Найлс Элдридж (Niles Eldredge) эволюциянын эң чоң туюктарынын бири болгон жашап жаткан фоссилдер алдындагы алсыздыгын мындайча айткан:
Жашап жаткан бир организм менен анын алыскы геологиялык өтмүштөгү фоссилдешкен аталары арасында салыштырууга мүмкүн болгон кандайдыр бир бөлүгүндө дээрлик эч кандай өзгөрүү жок сымал көрүнүүдө. Жашап жаткан фоссилдер эволюциялык туруктуулук пикиринин эң жогорку даражадагы анык мисалдары... Жашап жаткан фоссилдердин сырын толугу менен түшүнө албадык. 53
Канчалык Найлс Элдридж дарвинисттердин чарасыздыгын өзүнчө жашырууга аракет кылып, «эволюциялык туруктуулук» сөзүн колдонуп, «өтмүштө эволюциялык бир процесс болуп, бирок туруктуулукка кабылгандай» бир көрүнүш жаратууга аракеттенсе да, чындык мындай: фоссил калдыктары тарыхтын эч бир доорунда эволюциялык бир процесс болбогонун далилдөөдө. Бүт жандык түрлөрү бүгүнкү өзгөчөлүктөрү менен бир заматта пайда болгон жана он миллиондогон жылдар бою кичинекей бир өзгөрүүгө дагы кабылган эмес. Балыктар дайыма балык, сойлоочулар дайыма сойлоочу, сүт эмүүчүлөр дайыма сүт эмүүчү, адам болсо дайыма адам болуп келген. Дарвиндин эң чоң күтүүсү болгон фоссил калдыктары Дарвиндин теориясын кыйраткан эң күчтүү далил болду.
Yaşayan Fosiller | |
1. 54-37 Milyon Yılllık Sassafras Yaprağı Fosili | 4. 110 Milyon Yıllık Tarpun Balığı Fosili |
7. 65 Milyon Yıllık Vaşak Kafatası Fosili | 10. 3,9 Milyon Yıllık Deve Kafatası Fosili |
Албетте, бул абал бир даана ортоңку фоссил менен да колдоо таппаган эволюция теориясы үчүн чоң бир кыйроо. Мына ушул себептен, бар экенин дарвинисттик илим чөйрөлөрү абдан жакшы билип туруп, жашап жаткан фоссилдерди эч качан сөз кылышпайт, жаап-жашырышат. Эволюционист булактарды караган бир адам бир канча даана гана жашап жаткан фоссил бар деген ойдо калат. Себеби дарвинисттер тарабынан алдыңкы планга чыгарылган бир канча гана жашап жаткан фоссил бар. Ошол эле булактарда «бул бир канча фоссил кереметтүү абалда өзгөрбөстөн калган» жана «сансыз эволюция далили ичинде бир «өзгөчө көрүнүш»» деген пикир жаратылууга аракет кылынат.
Чынында болсо бул бир алдамчылык.
Америкалык палеонтолог С.М. Стэнли (S.M. Stanley) фоссил калдыктары көрсөткөн чындыктын илим дүйнөсүн башкарган дарвинист диктаторлук тарабынан кандайча жаап-жашырылганын мындайча баяндайт:
Белгилүү фоссил калдыктары баскычтуу эволюцияга туура келбейт жана эч качан туура келген дагы эмес. Кызыгы – бир катар тарыхый шарттар аркылуу бул темадагы карама-каршылыктын жашырылышы... Көп палеонтолог колундагы далилдердин Дарвиндин кичинекей, жай жана баскычтуу өзгөрүүлөр жаңы түр пайда кылган деген пикирине карама-каршы келгенин сезген... Бирок алардын мындай пикиринин оозу жап кылынган.54
Канчалык оозун жабууга аракет кылынса да, чындыкты эми жашыруу мүмкүн болбой калды: миллиондогон жашап жаткан фоссилдер бар. Учурда Дарвиндин эволюция теориясы фоссил калдыктары көрсөткөн жыйынтыктан толук жеңилген абалда. Илимий табылгалар дарвинизмди кыйратты. Дарвинисттер эми жаратылууну далилдеген бул фоссилдерди жашыра албай калышты. Чындык ачыкка чыгып, дарвинизмдин кыйрашы дарвинисттердин эң чоң таянычы болгон фоссил калдыктары тарабынан жарыяланды.
Дарвинисттик тузак бузулду. Дарвинизм боюнча теорияны колдоору күтүлгөн фоссилдер, Аллахтын буйругу менен, дарвинизмди жок кылды. Адамдар бүт жан-жаныбарды Аллахтын жоктон жаратканын мунун урматында толук көрүштү. Бул далилди адамдар көргөн соң ага карама-каршы пикирлерди айтып чыгуунун эч кандай мааниси да, натыйжасы да жок. Улуу Аллах тагдырда дажжалдын системасын башынан кыйраган, жок болгон абалда жараткан. Бул чындыкты бүт адамдар апачык, эч талашсыз көрүшүүдө. Улуу Раббибиз бүт баарын жоктон жаратканын аяттарында мындайча кабар берүүдө:
Силер кантип Аллахты жокко чыгаруудасыңар? Ал силерди өлүк кезиңерде тирилтти; кийин силерди кайра өлтүрөт, кайра тирилтет жана кийин Ага кайтарыласыңар. Силер үчүн жердегилердин баарын Ал жаратты. Анан асманды максат кылып аларды жети асман кылып Ал жасады. Жана Ал баарын билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 28-29)
Жашоо тарыхынын эң байыркы доорлорунун бири кембрий доору 543-490 миллион жыл мурданы көрсөтөт. Бул доордон мурда бир клеткалуу жаныбарлар жана бир канча көп клеткалуу түрү болуп келип, анан кокустан толук жана кемчиликсиз көрүнүшү менен кереметтүү көп түрдөгү жандыктар пайда болгон. Бул жандыктардын баары мурдакы жандыктардан абдан айырмаланып, учурдагы жандыктарга тиешелүү укмуш комплекстүү өзгөчөлүктөргө ээ. Бул өзгөчөлүгү менен кембрий доору эволюция теориясына чоң бир сокку.
Кембрий дооруна тиешелүү фоссилдери бар жандыктар, бүгүн жашап жаткандар да кошо, 55 типтин мисалын берүүдө. (Тип: жандыктарды негизги дене түзүлүшүнө жараша класстарга бөлүү үчүн колдонулган «ааламдан» кийинки эң чоң категория). Башкача айтканда, учурдагы жандыктардын, ал тургай, андан да көбүнүн негизги дене түзүлүштөрү мындан болжол менен 540 миллион жыл мурда кемчиликсиз, толук абалда бар. (Учурда жалпы 35 тип бар.) Кембрий жандыктары кемчиликсиз комплекстүү учурдагы жандыктардан айырмасыз. Бул Дарвиндин ойдон чыгарылган эволюция дарагына карама-каршы келип, кыялдагы эволюция процесси үчүн жасалган жасалма өнүгүүнү астын-үстүн кылууда. Дарвиндин эволюция теориясы боюнча, «кокустан» пайда болгон алгачкы клеткадан соң бир клеткалуулар жер бетинде жашашы керек, анан жөнөкөй түзүлүштөгү көп клеткалуулар менен башталган кыймылдуу жашоо сууда жашоочу бир тип менен уланышы зарыл. Типтердин саны акырындап көбөйүп, ушуга жараша түрлөр да көбөйүшү керек. Бирок кембрий табылгалары көрсөткөн чындык мындай болгон жок. Дарвиндин эволюция дарагы бүтүндөй тескериге айланып, бүгүнкүдөн бир топ көп санда жандык түрлөрү жашоо тарыхынын эң башында, бир клеткалуулардын артынан эле пайда болгон. (Терең маалымат үчүн караңыз: Darwin'in Anlayamadığı Kambriyen (Дарвин түшүнө албаган кембрий), Harun Yahya).
Kambriyen döneminde, tam ve mükemmel halleri ile olağanüstü bir canlı çeşitliliği aniden ortaya çıkmıştır. |
Дарвинисттик идеологияга абдан жабышкан, фанат бир дарвинист үчүн муну түшүнүү чоң бир кыйроо, албетте. АКШнын эң таанымал музейлеринен Smithsonian Institution'да (Смитсон музейи) башчы жана палеонтолог Чарльз Дулиттл Уолкотт (Charles Doolittle Walcott) дагы бул адашкан диндин эң бекем мүчөлөрүнөн болгондуктан, эң биринчи 1909-жылы таап баштаган кембрий фоссилдеринин көп түрдүүлүгүнөн катуу корккон эле. 1917-жылга чейин уланган изилдөөсүндө жалпысынан 65000 фоссил мисалын чогулткан. Булардын баары кембрий доорунун комплекстүү жандыктарына тиешелүү эле.
Дарвинист көз бойомочулуктар эске алынганда, дарвинизмдин кыйрашынын бир кабарчысы болгон бул фоссилдердин бир дарвинист тарабынан табылышы жана андан соң ушул эле дарвинист тарабынан жашырылышы да сюрприз эмес, албетте. Уолкотт тутунган жалган динин дээрлик жок кылган, ишенимине карама-каршы келгени үчүн аны паникага салган ал фоссилдерди жашырууну чечти. Тарткан сүрөттөрү менен далилдерди Смитсон музейиндеги ящиктерге кулптады. Бул өзгөчө жана маанилүү фоссилдер 70 жылдан соң гана ачыкка чыккан.
Израильдик илимпоз Джеральд Шредер (Gerald Schroeder) бул жөнүндө мындай дейт:
Эгер Уолкотт каалаганда, фоссилдерди изилдөө үчүн бир армия окуучуну милдеттендирмек. Бирок эволюция кемесин чөктүрбөөнү тандады. Учурда кембрий доорунун фоссилдери Кытайда, Африкада, Англия аралдарында, Швецияда, ошондой эле Гренландияда да табылды. (Кембрий доорундагы) Жарылуу дүйнө жүзүндө болгон бир окуя. Бирок бул кереметтүү жарылуунун табиятын талкуулоо мүмкүн боло электе маалымат жашырылган. 55
Уолкотт табылгаларын тапкан Burgess Shale'деги кембрий фоссилдери Уолкотт өлгөндөн он жылдар өткөн соң кайрадан изилденди. «Кембридж тобу» деп эскерилген жана Виттингтон, Бриггс жана Морристен (Harry Blackmore Whittington, Derek Briggs, Simon Conway Morris) турган адистер тобу 1980-жылдары фоссилдерди терең анализ кылышкан. Жана фаунанын Уолкотт аныктагандан бир топ көп түрдүү жана укмуштуу экенин аныкташкан. Фоссилдердин бир бөлүгүн бүгүн белгилүү болгон жандык категорияларына кошуу мүмкүн эмес, ошондуктан бүгүнкүдөн башка тип мисалдарын көрсөтүүдө деген көз-карашты айтышкан. Жандыктар 543-490 миллион жыл мурда болгон кембрий доорунда кемчиликсиз жана комплекстүү формалары менен бир заматта пайда болушкан эле.
Kambriyen dönemi canlılarından biri olan trilobitlerdeki bileşik göz yapısı, günümüzde yusufçuk böceği ve arı gibi eklem bacaklılarda aynen mevcuttur. 540 milyon yıl öncesinin bu muhteşem sanat harikası, Allah'ın hayranlık uyandırıcı eserlerinden biridir. |
Алынган жыйынтык дарвинисттер үчүн ушунчалык күтүүсүз болгондуктан, илимпоздор бул заматтык кыймылды бир «жарылуу» деп аташкан. «Кембрий жарылуусу» илим тарыхынын эң теңдешсиз, эволюционист илимпоздор жагынан болсо эң жоопсуз окуялардын алдыңкыларынан эле. Эч нерсеге жооп бере албаган эволюция теоретиктери бул табылгалар натыйжасында пропаганда максатында чыгарган жомокторун токтотушу жана «жашоонун келип чыгышын түшүндүрүү көйгөйүнө» кайра кайтышы керек эле. (Албетте бул жашоонун келип чыгышы жөнүндө акылдуу жана илимий жообу жок дарвинисттер үчүн бир көйгөй. Акылдуу, илимге жана логикага таянгандар ааламдын жана жашоонун Улуу Аллах жаратканын апачык көрүшүүдө.) Дарвиндин эволюция дарагы тескерисинче болуп калган эле жана бул эволюция теориясынын негизги логикасына бүтүндөй карама-каршы келет эле.
Жогорку жашоо формаларын, Аллахтын кереметтүү жаратуусун көрсөткөн кембрий жарылуусу жөнүндө дарвинисттер дагы эле унчукпай жүрүшөт. Дарвинисттер табылган бул кереметтүү табылгалар алдында талкан жутуп алгансып, бул табылгалар эч жоктой кымпыйып жүрүшөт. Жашоонун тарыхы жөнүндө кыялынан чыгарган сансыз алдамчы сценарийди илимий журналдарда биринин артынан экинчисин чыгарып жатып, 540 миллион жыл мурдакы бул чоң окуяны эстетпөөгө, мунун эволюция теориясын бүтүндөй жок кылаарын сездирбөөгө аракет кылышууда. Муну апачык жасаган жана бүт фоссилдерди жашырып койгон Чарльз Дулиттл Уолкотт дарвинизм алдамчылыгынын канчалык масштабга жетиши мүмкүн экендигинин эң чоң далил, мисалдарынын бири.
Эгер дарвинизм чындап илимий болгондо, дарвинизмди жактагандар да чындап илимпоз болгондо, албетте илимий жактан мынчалык баалуу табылгалар чоң бир ачылыш катары алдыңкы планга чыгарылмак жана илимий сайт, китеп, макалалардан ылдам орун алмак. Мунун бүтүндөй тескерисинче болуп, анык илимий табылгалардын жакшылап жашырылышынын себеби – дарвинизмдин илим эмес болушу, дажжалдын бир оюну катары пайда болгон жасалма бир дин болушу. Калптын үстүнө курулган бул теория көз бойомочулуктар менен жашоого аракет кылууда. Кембрий фоссилдеринин жашырылышы дарвинизм үчүн жасалган илимий көз бойомочулуктардын бирөөсү гана.
Archaeopteryx, Darwinistlerin iddia ettiği gibi bir ara form değil, aksine iskelet ve tüy yapısıyla uçmaya son derece elverişli mükemmel bir kuştur. |
1860-жылы Германияда табылган археоптерикс деп ат коюлган канаттуу фоссили бүгүнкү канаттуулардан айырмаланган кээ бир өзгөчөлүктөргө ээ эле. Оозундагы тиштер, канаттарындагы тырмактар жана узун куйругу дарвинисттер тарабынан спекуляция материалы катары колдонулду жана канаттуу, эч кандай илимий таянычы жок туруп, шашылыш түрдө сойлоочуларга окшотулуп, сойлоочу-канаттуу ортоңку формасы деп жарыяланды.
Чынында болсо бул сөздө чоң бир алдамчылык бар эле.
Археоптерикс дарвинисттер тарабынан жасалма бир ортоңку форма катары жомокко айлантылгандан бир аз убакыт өткөн соң фоссил сөөктөрү тереңирээк изилденди жана бул жандыктын сойлоочудан канаттууга «өтүүнү» көрсөткөн «примитивдүү бир канаттуу» эмес экени, тескерисинче скелет менен түк түзүлүшүнүн учууга абдан ыңгайлуу экени, сойлоочуларга окшотулган өзгөчөлүктөрдүн тарыхта жашаган жана ал тургай бүгүн да жашап жаткан башка кээ бир канаттууларда да бар экени аныкталды. Дарвинизм тараптары Science журналы бул чындыкты апачык айткан:
Археоптерикс алгачкы канаттуулар менен байланыштуу түктөрдүн жана учуунун эң алгачкы келип чыгышы жөнүндө көп нерсе айта албайт көрүнөт, себеби археоптерикс заманбап мааниде бир канаттуу. 56
Археоптерикс ар башка жандык түрлөрүнүн өзгөчөлүктөрүн алып жүрүүчү мозаикалык бир жандык. Мозаикалык жандыктарга илимпоздор комплекстүү түзүлүштөрү менен көңүл бурган жана бир канча түрдүн ар башка өзгөчөлүктөрүн өзүндө алып жүргөн жандыктар деп аныктама беришкен. Дарвинисттердин археоптерикс аркылуу жасаган алдамчылыгы дагы бул фоссилдин бир мозаикалык жандыкка тиешелүү болушу себептүү эле. Чынында болсо мозаикалык жандыктар дагы, башка бүт учурдагы жандыктар сыяктуу, комплекстүү өзгөчөлүктөргө ээ жаратылуу мисалдары. Француз биофизик эволюционист Пьер Леконт дю Нуи (Pierre Lecomte du Nouy) бул жөнүндө минтип мойнуна алган:
Өзгөчө бир көрүнүш болгон археоптериксти чыныгы бир ортоңку форма катары баалоого акыбыз жок. Ортоңку форма деп сойлоочулар менен канаттуулар сыяктуу класстар же кичинерээк топтор арасындагы керектүү өтүү баскычтарын айтабыз. Эки башка топко тиешелүү өзгөчөлүктөрдү көрсөткөн бир жаныбарды, эгер анда өтүү баскычтары аныкталбаса жана өтүү механизмдери дагы эле белгисиз болсо, чыныгы бир ортоңку форма деп кабыл алуу мүмкүн эмес. 57
Дарвинист чөйрөлөрдө муну мойнуна алгандардын саны негизи абдан көп. Секирүүчү эволюция калпын чыгарып атагы чыккан, 20-кылымдын эң таанымал дарвинисттеринен Стивен Джей Гоулд менен Найлс Элдридж да археоптериксти бир ортоңку форма катары кабыл алуу мүмкүн эмес деген пикирде.58 Джонатан Уеллс «дүйнөнүн эң кооз фоссили Эрнст Майр «сойлоочулар менен канаттуулар арасында дээрлик эң мыкты байланыш» деген өрнөк унчукпастан бир четке ташталды. Жана кайып ортоңку формаларды (тогоо) изилдөө, археоптерикс эч табылбагандай, уланууда.»59 деп бул фоссилдин эволюцияга далил эмес экенин илим чөйрөлөрүнүн да апачык кабыл алаарын айтууда. Бирок кызыгы, дарвинист илимпоздор тарабынан апачык моюнга алынса да, дарвинист макала, китептерде археоптерикс фоссили дагы эле бир ортоңку форма катары көрсөтүлүүдө. Джонатан Уеллс муну мындайча баяндайт:
Кээ бир биология окуу китептери археоптериксти кайып байланыштын классикалык бир мисалы катары көрсөтүүнү улантууда. Мадердин 1998-жылы чыккан Biology (Биология) аттуу китеби аны «сойлоочулар менен канаттуулар арасындагы өтүү байланышы» деп сыпаттаган. Уильям Шраер менен Герберт Столдзенин Biology: The Study of Life (Биология: жашоонун изилдениши) аттуу китебинин 1999-жылкы чыгарылышы дагы окуучуларга «көп илимпоздор анын сойлоочулар менен канаттуулар арасындагы эволюциялык байланышты көрсөтөөрүнө ишенет» деп айтууда. 60
Албетте, бул абал бул чоң көз бойомочулукту дагы эле улантууну аракет кылуудан келип чыгууда. Колдорунда эч ортоңку форма болбогону үчүн дарвинисттер теорияларынан баш тарта албагандыктан, өздөрү чыгарган жасалма ортоңку формаларды коргоо аракетин кылышууда. Археоптерикстин болгон мүмкүнчүлүк менен жана көз бойомочулук менен дагы эле актуалдуу кармоо үчүн жасалган аракеттин себеби мына ушунда.
Coelacanth'ın günümüzda yaşayan mükemmel bir dip balığı olması, bu balık üzerindeki tüm Darwinist spekülasyonları ortadan kaldırmıştır. |
Негизи жашап жаткан бир динозавр табылганда, бул бир топ азыраак таң калыштуу болмок. Себеби фоссилдер целаканттын динозаврлар пайда болгондон 150-200 миллион жыл мурда бар экенин көрсөтүүдө. Көп илимпоздор кургактык омурткалууларынын атасы деп көрсөткөн, жок дегенде 70 миллион жыл мурда жок болгон деп элестетилген балык тирүү табылган эле!61
Focus журналынын 2003-ж. апрель санындагы төмөнкү сөздөр көп жылдар бою бир ортоңку форма деп айтылып келген целаканттын (Latimera chalumnae - латимерия) тирүүсүнүн учурдагы деңиздерден табылышына болгон таң калууну бир дарвинист оозунан айткан. Дарвинисттер 1938-жылдан мурда целакант фоссили жөнүндө сансыз пикирлерди айтышып, жандыктын сүзгүч канаттарын «басууга даярданган буттар», фоссилдешкен май көңдөйүн болсо «примитивдүү бир өпкө» дешкен. Фоссил жөнүндө көп спекуляцияларды жасап, кайып бир тогоону таптык дешкен.
Мына ушундай бир учурда тирүүсү табылган целакант дарвинисттерди чоң кайгыга салды. Бул жана –эң акыркысы 2007-жылы майда табылган кийинкилер- учурдагы деңиздерден кезиккен 200дөн ашуун тирүү целакант фоссилдерге жасалган дарвинисттик спекуляцияларды толугу менен жок кылды. Целаканттын болжол менен 150 см узундуктагы, абдан өнүккөн бир түзүлүшкө ээ, абдан комплекстүү бир суу түбүндө жашаган балык экени аныкталды. Болгондо да, жандык 450 миллион жылдык тарыхында эч өзгөргөн эмес эле. Башкача айтканда, бүгүнкү андагы комплекстүүлүк 450 миллион жыл мурда да дал ушул бойдон бар эле.
Булардын баары илимий аныкталган соң целакант жашап жаткан фоссилдер арасынан орун алды жана ортоңку форма деген бүт сөздөр артка алынды. Дарвинисттер спекуляция жасап жаткан дагы бир фоссилди жоготушкан эле. Эгер бул жандык бүгүн деңиздерден табылбаганда, археоптерикстеги сыяктуу бул фоссил аркылуу жасалган дарвинисттик спекуляциялар да токтомок эмес. Бул жандык суудан кургактыкка чыгуунун эң чоң өкүлү катары көрсөтүлө бермек жана талашсыз эң жакшы ортоңку форма имиш сыяктуу ал аркылуу миңдеген спекуляциялар жасалмак. Бул жандыктын бир ортоңку форма эмес, кемчиликсиз бир деңиз жандыгы экени жөнүндөгү чындыкты айткандар болсо дарвинисттер тарабынан болгон мүмкүнчүлүк менен оозу жап кылынмак. Азыркы башка ортоңку форма деп аталган жандыктарда жасалгандай.
Бирок эч кандай далилге таянбастан адамдарды алдагысы келгендер эч натыйжа ала алышпайт. Раббибиз бир аятында мындайча буюрат:
Кабарыңар болсун; күмөнсүз асмандардагы, жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллахтан башкага сыйынгандар да шерик кошкон нерселерди жана күчтөрдү (чынында) ээрчишпейт. Алар болгону күмөндөрүн ээрчишет жана алар болгону «күмөн жана болжоо менен жалган сүйлөшүүдө.» (Йунус Сүрөсү, 66)
|
Darwinistler ara fosil getiremediklerinden hayali çizimlerle insanları aldatmaya çalışırlar. Oysa bu çizimlerin tamamı sahtedir. |
Дарвинизм чыныгы илимий негиздерге жана чыныгы илимий далилдерге таянбагандыктан, жасалма далилдерди чыгарып адамдарды ишендирүүгө аракет кылат. Бул үчүн болсо дарвинисттердин колунда спекуляция жасай турган материал гана болсо болду. Дарвинисттер спекуляция жасоо мүмкүн көрүнгөн тукум курут болгон жандык фоссилдерин алып, ар кандай өзгөртүшөт жана аларды идеологияларына бир материал катары колдонушат. Көп жылдар бою тукум курут болгону үчүн суудан кургактыкка «өтүүнүн» эң белгилүү мисалы катары көрсөтүлүүгө аракет кылынган, бирок тирүүсү деңиздерден табылган целакант – бул көз бойомочулукту көрсөткөн эң маанилүү далил. Дарвинисттер ушул эле тактиканы башка жандыктар менен адам үчүн да колдонууга аракеттенишет. Алынган бүт фоссилдерди көрүнүшүнө карап категорияга бөлүшөт жана өз оюнан чыгарып, өздөрү каалагандай «ортоңку форма» деп аташат. Чынында болсо алар ортоңку форма деп атаган фоссилдердин баары, целакант сыяктуу, кемчиликсиз жана толук жандыктарга тиешелүү.
Ортоңку өткөөл форма катары пропаганда кылууга аракет кылынган бүт фоссилдердин жараксыздыгы тастыкталып, алардын тукум курут болгон комплекстүү жандыктарга тиешелүү экени илимий далилденди. Адамдын «эволюциясы» жөнүндө сөз болгондо болсо, спекуляция материалы катары көбүнчө тукум курут болгон маймылдар же илгери жашаган кээ бир элдер колдонулат. Бүгүнкү күнгө чейин айтылган бүт ортоңку форма пикирлери ушул спекуляция ыкмасына таянат. Мисалы, дарвинисттер адамдын «эволюциясына» мисал катары көрсөтүүгө аракет кылган сансыз баш сөөгүнүн тукум курут болгон маймыл же адам расаларына тиешелүү экени толук илимий далилденген жана ал баш сөөктөр илимий булактардан чыгарылган:
◉ 1891-жылы табылган жана Ява адамы (Java Man) деп аталган фоссил менен 1923-жылы табылган жана Пекин адамы деп аталган фоссилдин жасалма бир ортоңку өткөөл форма экени 1939-жылы түшүнүктүү болгон.
◉ 1922-жылы бир ортоңку форма деп эң чоң далил катары көрсөтүлгөн жана Небраска адамы деп аталган бир даана тиш фоссилинин 1927-жылы бир жапайы доңузга тиешелүү экени түшүнүктүү болгон.
◉ 1959-жылы табылган жана Зинджантроп деп аталган фоссилдин катардагы бир маймыл экени аныкталган жана фоссил 1970-жылы илимий адабияттардан алып салынган.
◉ 1930-жылдары табылган жана 50 жыл бою ортоңку форма катары көрсөтүлгөн рамапитек 1981-жылы катардагы бир бабуин түрү экени түшүнүктүү болгон соң алып салынган.
◉ 1974-жылы Африкада табылган Люсинин 1999-2000-жылдардагы изилдөөлөр натыйжасында жараксыз экени түшүнүктүү болгон жана бул фоссил илимий адабияттардан алып салынган.
◉ 1924-жылы табылган жана Таунг баласы деп аталган баш сөөгү фоссилинин жаш бир гориллага тиешелүү экени түшүнүктүү болгон соң, бул фоссил дагы 1954-жылы алып салынган.
◉ 1984-жылы табылган жана хомо эректус түрүнө тиешелүү деп көрсөтүлүүгө аракет кылынган Туркана баласы фоссилинин 12 жаштагы бир балага тиешелүү экени жана чоңойгондо болжол менен 1,83 метр бойдо болоору аныкталган. Фоссилдин тик скелет түзүлүшү азыркы адамдан айырмасыз. Фоссил жөнүндөгү бүт спекуляциялардын жасалма экени түшүнүктүү болгон.
Reading университети геология бөлүмүнөн эволюционист Л. Б. Халстед (L. B. Halstead) Nature журналында айткан бир сөзүндө бүгүнкү күнгө чейин «адамдын эволюциясына» далил катары көрсөтүлүүгө аракет кылынган фоссилдердин эч качан адамдын эволюциясына далил эмес экенин жана бул багытта дарвинисттердин колунда эч кандай табылга жок экенин мындайча моюнга алган:
Бул жагдай элге алгачкы жолу төмөнкү чындыкты көрсөтөт: адамдын түздөн-түз атасы болгон чыныгы бир фоссил жок. ... Бул жаратылууга ишенгендер көп жылдар бою жактап келген нерсе. 62
Биолог Лайалл Уотсон (Lyall Watson) дарвинисттердин колунда адамдын «эволюциясын» далилдей турган бир даана дагы фоссил далили жок экенин төмөнкүчө айткан:
Бүгүнкү маймылдар, мисалы, эч жоктон пайда болгон сыяктуу. Кечээси, фоссил калдыктары жок. Жана тик туруп баскан, түксүз, курал-жарак жасай алган жана чоң мээлүү жандыктар катары азыркы адамдардын да чыныгы тамыры, эгер өзүбүздү алдабасак, ошол сыяктуу эле табышмактуу маселе. 63
Лайалл Уотсон канчалык чындыктарды апачык айтуудан тартынып, адамдын тамырын өзүнчө «табышмактуу бир маселе» деп айтса дагы, адамдын тамыры толук апачык: бүт жандыктар сыяктуу адамды да Аллах жараткан жана бүт конкреттүү илимий табылгалар дагы бул чындыкты тастыктоодо. Мындан тышкары, дарвинисттер табылган жаңы фоссилдер алдында дайыма убакыт белгилөө көйгөйүнө кабылышууда. «Эволюция» үчүн белгилеген даталары тынымсыз «артка кетүүдө», фоссилдердин эволюцияны жокко чыгарганын көргөн сайын дайыма пикирлерин өзгөртүүгө мажбур болушууда. Мисалы, жер катмарларынан табылган 200 миллион жылдык адам буту издеринен тышкары, бор (144-65 миллион жыл) дооруна тиешелүү катмарлардан табылган адам сөөктөрү адамдын 100 миллиондогон жылдык бир тарыхы бар экенин көрсөтүүдө.64 Бул жылдар азыркы адам үчүн эволюционисттер тарабынан белгиленген болгону 50.000 жылдык убакыт эске алынганда, албетте, абдан чоң бир айырмага ишарат кылууда. 2007-жылдын август айында жарыяланган жаңы фоссилдер болсо дарвинисттер тарабынан хомо эректус жана хомо хабилис деп аталган жандыктардын жанаша, бир доордо жашаганын көрсөткөн. Убакыт белгилөө көйгөйү – адамдын «эволюциясы» темасында дарвинисттерди туюкка такаган маанилүү жагдайлардын дагы бирөөсү.
Бүт бул чындыктарга карабастан, дарвинисттер бул жалган фоссилдерди илимий далил катары көрсөтүүнү улантышып, адамдын эволюциясы жомогун өз ойлорунда чындыкка айлантууга аракеттенишет. Илимий жактан жараксыздыгы далилденсе да, бул фоссилдерди дагы эле илимий булактарда жана окуу китептеринде колдонууну улантышып, адамдарды алдашат. Жазуучу Хэнк Ханеграаф (Hank Hanegraaff) бул алдамчы ыкманы мындайча айткан:
Ява адамынын Эжен Дюбуа аттуу голландиялык тарабынан 1891-жылы Ява аралдарынын биринен табылганын жалпысынан баары билет. Көп белгилүү болбогон нерсе болсо – бул Ява адамынын бир баш сөөгү бөлүгү, бир жамбаш сөөгү, үч тиш жана абдан масштабдуу бир кыялдардан тураары. Мындан да кыйыны – бул жамбаш сөөгүнүн баш сөөгү бөлүгүнөн 50 фут (15 км) алыстан жана бир жылдан соң табылышы...
...Жалпысынан Селенка экспедициясы катары белгилүү болгон жана фоссил изилдөөлөрү жасалган процесс Ява адамы жөнүндөгү гипотезалардын тууралыгын көрсөтүүгө чечкиндүү 19 эволюционисттен турган эле. Бирок ал эволюционисттер даярдаган 342 беттик илимий бир отчетто Ява адамынын эч күмөнсүз адам эволюциясында эч бир роль ойнобогону апачык айтылган.
Ошого карабастан, Times журналы таң калыштуу абалда Ява адамынан уялбастан адамдын эволюциялык атасындай сөз кылган "How Man Began" темалуу макаланы жарыялаган. 65
Дарвинист калптар мына ушундайча дарвинист алдамчылыктын бир бөлүгүнө айланышат. Таанымал профессорлор менен илимпоздор жазган дарвинист китептер дагы, чыныгы илимий далилдердин ордуна, толугу менен алдамчылыкка таянган ушундай жалган сценарийлерди кайталайт. Китептерден чыгарылып салган, жараксыздыгы илимий жактан далилденген баш сөөктөрүнүн эволюцияга далил имиштей дагы эле актуалдуу сакталышынын себеби – бул алдамчылыкты уланта алуу. Эволюционист зоолог Роберт Мартин бул жөнүндө New Scientist журналында мындай деген:
Акыркы жылдары көп жазуучулар адамдын келип чыгышы жөнүндө популярдуу китептерди жазышты. Алардын баары чындыктар менен объективдүүлүктүн ордуна, фантазиялар менен субъективдүүлүккө таянган. 66
Азыр дарвинисттер «адам эволюциясына» далил катары көрсөтө ала турган бир дагы баш сөөгү, бир сөөк бөлүгү дагы жок. Бул чындыкты жокко чыгара албаган дарвинисттердин чирик ыкмасы болсо – жасалма ортоңку форма фоссилдерин сунуу менен алдамчылыкты улантуу.
Darwinistlerin Sahte Kafatasları | |
1. SAHTE Pekin Adamı | 5. SAHTE Zinjanthropus |
47. Charles Darwin, The Origin of Species: A Facsimile of the First Edition, Harvard University Press, 1964, s. 172, 280
48. Wolfgang Smith, Teilhardism and the New Religion, A Thorough Analysis of the Teachings of Pierre Teilhard de Chardin, Rockford IL, Tan Books and Publishers, Inc. 1988, s. 8 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 181
49. Stephen Stanley, Macroevolution: Pattern and Process, San Francisco CA, W. H. Freeman, 1979, s. 39 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 153
50. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 153
51. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 152
52. Mark Ridley, "Who Doubts Evolution?", New Scientist, vol. 90, 1981, s. 831 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 152
53. http://www.nwcreation.net/fossilsliving.html
54. S. M. Stanley, The New Evolutionary Timetable: Fossils, Genes, and the Origin of Species, Basic Books Inc. Publishers, N.Y., 1981, s.71
55. Gerald Schroeder, "Evolution: Rationality vs. Randomness", http://www.geraldschroeder.com/evolution.html
56. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003 s. 19
57. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003 s. 22
58. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003 s. 22
59. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 131
60. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 130
62. L. B. Halstead "Museum of Errors", Nature, 20 Kasım 1980, s. 280 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 180
63. Lyall Watson, "The Water People", Science Digest, vol. 90, no. 5, Mayıs 1982, s. 44 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 181
64. F. A. Barnes, Desert Magazine, 38: 36-39, fiubat 1975 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 182
65. Hank Hanegraaff, Fatal Flaws "What Evolutionists Don't Want You To Know", W Publishing Group, 2003 s. 32-33
66. Robert Martin, "Man Is Not An Onion", New Scientist, 4 Ağustos 1977, s. 283 ve 285 - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 181