Sitokrom C. |
Дарвиндин эволюция теориясы боюнча, жансыз заттардын кокустан биригиши менен пайда болгон ойдон чыгарылган бир «алгачкы клетка» бар. Дарвинизм боюнча, бүт баары ушул «алгачкы клетка» менен башталат. Бүт жашоонун, көпөлөктөрдүн, куштардын, арстандардын, бүркүттөрдүн, киттердин, койондордун, кийиктердин жана технологиялар өндүргөн, маданияттар курган, профессорлорду окуткан, космоско чыккан, лабораторияларда өз клеткаларын изилдеген адамдын да булагы дарвинизм боюнча ушул ойдон чыгарылган «алгачкы клетка».
Дарвинизм боюнча бул ойдон чыгарылган алгачкы клетканын булагы болсо белгилүү көлөмдө ылай суу, убакыт жана кокустуктар! Дарвинизм дини боюнча бул үч сыйкырдуу (!) жана акылдуу (!) күч биригип, Нобель сыйлыгын алган илимпоздор 21-кылым технологиясы менен жабдылган лабораторияларда да өндүрө албаган, детальдарын түшүнүү үчүн адамдар жарым кылым ашуундан бери изилдөөлөр жасаган, өтө комплекстүү жана кемчиликсиз механизмдери, органеллдери жана төмөндөтүүгө (кемитүүгө) мүмкүн эмес комплекстүүлүккө ээ «клетканы» кандай болсо да пайда кылышкан! Ал тургай, бул үч кереметтүү (!) күч биригип азыр биз жер бетинде көргөн кемчиликсиз жашоону да пайда кылышкан. Дарвинизм дини адамдарды мына ушул тантык пикирге ишендирүүгө аракет кылат.
Чынында болсо бул чоң бир көз бойомочулук, чоң бир калп.
Негизи Дарвин чыгарган ылай сууда пайда болгон бул алгачкы клетка фантазиясы Дарвин доорунун абдан артта калган илим менен технологиясына туура келет. Дарвиндин клетканы ичи суу толо бир шар элестеткени эске алынса, бул балдар жомогу да ошол доордун маалымат жана илим түшүнүгүнөн күтүлгөн бир нерсе. Ал доордо адамдар клетканын эмнеге окшошоорун билбегендиктен, бул калпка оңой ишенишкен. Бирок генетика илими натыйжасында чыккан жыйынтыктар дарвинизмдин чоң бир калп экенин дагы бир жолу далилдеди. Учурдагы маалыматтар негизинде клетка ээ болгон сансыз протеиндин бир даанасы дагы эволюция теориясын кыйратууда. Протеиндер жогорку комплекстүүлүктөгү түзүлүштөр жана кокустан пайда болушу мүмкүн эмес. Лабораторияларда пландуу, көзөмөлдөнгөн шарттарда жасоо дагы 21-кылым технологиясы менен мүмкүн болгон жок. Мындай бир түзүлүштүн кокустан ылай сууда пайда болгон деп айтуу илим жагынан күлкүмүштүү, ал тургай, акылга тескери бир сөз. Америкалык илим философу Стивен К. Мейер (Stephen C. Meyer) бир даана протеиндин да кокустан пайда болушунун ыктымалсыздыгын мындайча айткан:
100 аминокислота узундугундагы кыска бир протеин молекуласын эле жасоо үчүн өтүү керек болгон ыктымалдык тоскоолдуктарын ойлоп көрүңүз. Протеин чынжырында башка аминокислоталар менен биригиши үчүн аминокислоталар эң биринчиден пептиддик байланыш деп аталган химиялык байланыштарды курушу керек. Бирок табиятта аминокислоталар арасында башка көптөгөн түрдө химиялык байланыш бар. Бүт байланыштар пептиддик байланыштардан турган 100 аминокислоталык бир чынжыр пайда кылуу ыктымалдыгы болжол менен 1030дан бир ыктымалдык.
Экинчиден, табиятта ар бир аминокислотанын өзүнө тиешелүү күзгүдөн чагылышын элестеткен бир жубу бар. Бири сол-колдуу L-формасында, экинчиси болсо оң-колдуу D-формасында. Бул бир-биринин чагылышы болгон формалар «оптикалык изомерлер» деп аталат. Ишке жарай турган протеиндер сол-колдуу аминокислоталарды гана кабыл алат, бирок оң-колдуу жана соң-колдуу изомерлер табиятта дээрлик бирдей санда кездешет. Бул биологиялык жактан ишке жарай турган бир протеин алуунун ыктымалсыздыгын андан да көбөйтөт. 100 аминокислотадан турган кыялдагы бир пептид чынжырында кокустуктар натыйжасында сол-колдуу аминокислоталарды гана колдонуу ыктымалдыгы (1/2)100 же кайра эле болжол менен 1030дан бир ыктымал.
Үчүнчү жана эң негизгиси болсо ишке жарай турган протеиндер белгилүү бир тизмекте тизилип, бир-бирине туташкан аминокислоталарга ээ болушу керек, мааниси бар бир сүйлөмдөгү тамгалар сыяктуу. Биологиялык жактан 20 аминокислота болгондуктан, белгилүү бир аминокислотаны алуу ыктымалдыгы 1/20. Бул тизмекте кээ бир аймактар бир канча аминокислотага уруксат берээрин эске алсак [MIT'ден (Massachusetts Institude of Technology) биохимик Роберт Сауер тарабынан аныкталган вариацияларды колдонуу менен], бирден көп ишке жарактуу протеинде функционалдык бир аминокислота тизмегин туш келди ала алуу ыктымалдыгынын 1065тен бир ыктымал, «жок дегенчелик аз» экенин көрө алабыз. Бул жүз аминокислота узундугундагы гана бир протеин үчүн астрономиялык чоңдуктагы бир сан. (Негизи бул ыктымалдык андан да аз, себеби табиятта бул эсептөөлөрдө орун албаган жана протеиндерде орун албаган башка көптөгөн аминокислота бар.)
Эгер ылайыктуу байланыштардын жана оптикалык изомерлердин камсыз кылынышы ыктымалдыгы да бул эсептөөгө кошулса, абдан кичинекей жана ишке жарактуу бир протеинди туш келди алуу ыктымалдыгы ушунчалык аз болот; миллиарддаган жыл жаштагы бир ааламда да бул чындап нөл саналат (10125тен бир ыктымал). Болгондо да, ишке жарактуу бир ДНКнын кокустан пайда болушунда ушул сымал олуттуу кыйынчылыктар бар экенин да эске алуу керек. Мындан тышкары, эң астыңкы деңгээлде комплекстүү бир клеткада 1 эмес, жок дегенде 100 комплекстүү протеин (жана ДНК менен РНК сыяктуу башка био-молекулярдык компоненттер) болушу керек жана булар тыгыз координация ичинде болушат. Ушул себептен клеткадагы татаалдыкты сандык жактан баалоо 1960-жылдардын ортолорунан бери биологиянын жашоонун келип чыгышы тармагындагы бир көз-карашты күчөттү: кокустук биологиялык татаалдыктын жана спецификалуулуктун келип чыгышын түшүндүрүү үчүн жетиштүү бир түшүндүрмө эмес. 33
Darwinistlerin sahte ilahı tesadüfler hiçbir şeyi yaratmaya güç yetiremezler, tek Yaratıcı alemlerin Rabbi olan Allah'tır. |
Андан да эң негизги бир жагдай бар: протеиндер пайда боло алуу үчүн сөзсүз башка протеиндерге муктаж. Бир протеин пайда болушу үчүн 100дөй протеин кызмат кылышы керек. Бүт бул протеиндер бир учурда, бир жерде жана бүт органеллдери менен бирге толук бир клетканын ичинде болушу керек. Ошондуктан протеиндер болушу үчүн протеиндер, ДНК жана клетканын өзү керек. Бул чындык эң башынан дарвинисттердин сөздөрүн жокко чыгарат. Дарвинисттер бир даана протеиндин пайда болушун түшүндүрө алышпоодо.
Бүт бул өзүнөн-өзү пайда болушу мүмкүн эмес комплекстүү түзүлүштөр кокустан болду деп кабыл алсак дагы, дарвинисттер ДНК сыяктуу кереметтүү бир молекуланын ичинде бир миллион энциклопедия бетин толтура турган маалыматтын кантип кокустан пайда боло алаарын түшүндүрүшү керек. Бирок клетка жана жашоонун келип чыгышы менен байланыштуу башка темалардагы сыяктуу бул темада да дарвинисттердин жообу жок. Бузуку дарвинисттик логика боюнча, ылай суунун ичинде кокустан пайда болгон бир клетканын ичиндеги кереметтүү маалымат дагы ар кандай тышкы факторлор натыйжасында кокустан пайда болгон болушу керек. Албетте бул мүмкүн эмес. ДНКнын ичиндеги маалымат ДНК менен бирге жаратылган кереметтүү бир маалымат.
Дарвинисттердин «ылай сууда кокустан клетка пайда болду» деген пикири – клетканы ичи сууга толгон бир шар элестеткен Дарвин доорунан калган чирик бир ишеним. Бирок 19-кылымга тиешелүү бул жомоктор илим менен технология абдан өнүккөн бүгүнкү күндө эми бүтүндөй жараксыз. Бир жандыктын денесинде түшүндүрүү керек болгон сансыз комплекстүү түзүлүш турганда, дарвинизм бир даана протеиндин пайда болушун да түшүндүрө албоодо. Бирок дарвинисттер муну билбегендей мамиле кылышат. Дагы эле эволюционист журнал, китептерде ылай суудагы бул ыктымалсыз пайда болуу бир жомок китебиндеги окуялардай баяндалат. Максат – бул илимден алыс, логикасыз, ошол эле учурда далилсиз сөздөр менен массаларды алдай алуу. Бул жалган диндин тараптарлары боюнча, бул жомокко канча көп адам ишенсе, ошончо адам дарвинизм сыйкырынын таасирине кирет.
DNA gibi muhteşem komplekslikteki bir yapının tesadüfen meydana geldiği iddiası Darwinizm'in en büyük utançlarından biridir. Bir DNA molekülünün içinde bir milyon ansiklopedi sayfasını dolduracak kadar bilgi vardır. Böylesine harika bir eserin tesadüfen oluşması ise imkansızdır. |
Бирок эми дарвинисттердин жалган жомокторуна адамдар ишенбей калышты. Жаратылгандардын баары ааламды жана ичиндегилерди кемчиликсиз жараткан Улуу Раббибиздин улуу күч-кудуретин көрсөтүүдө. Улуу Аллах Куранда клетканын жана адамдын чебер жаратылышын мындайча кабар берген:
Ант болсун, Биз адамды сүзмө (тандалган) бир ылайдан жараттык. Кийин аны бир суу тамчысы катары бекем корголгон бир жерге жайгаштырдык. Кийин ал суу тамчысын бир алак (эмбрион) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук. (Мүминун Сүрөсү, 12-14)
Курандан тышкары жооп издегендер жер бетиндеги кереметке канчалык жөнөкөй бир жооп табууга аракет кылышпасын, Аллах жараткан бул эмгектин өтө жогору жана укмуштуу экени чындык. Бул улуу жаратылуу алдында эволюция жашай албайт. Улуу Аллах бир аятында жараткан нерселеринин улуулугун мындайча кабар берет:
Албетте, асмандардын жана жердин жаратылышы адамдардын жаратылышынан жогорураак (татаалыраак). Бирок көп адамдар билишпейт. (Момун Сүрөсү, 57)
Дарвин 1800-жылдары «эволюция механизми» катары бир түшүнүктү айткан: табигый тандалуу.
Табигый тандалуу күчтүү жана жашап жаткан табигый шарттарына ыңгайлуу жандыктар жашайт деген пикирге таянат. Мисалы арстандардан качкан зебра үйүрүндө ылдамыраак чуркай алган зебралар тирүү калат.
Табигый тандалуу чындап эле табияттагы жандыктар арасында байкоого мүмкүн болгон бир механизм. Бирок эч качан эволюционисттер кыялдангандай, жандыктарга жаңы өзгөчөлүктөрдү кошуу жана жаңы бир түрдү пайда кылуу жөндөмүнө ээ эмес.
Муну төмөнкүдөй бир мисал менен түшүндүрүүгө болот: бир географиялык аймакта бирөөсү жүндүүрөөк, экинчиси болсо салыштырмалуу кыскараак жүндүү эки бирдей ит түрү жашайт дейли. Эгер бул аймакта аба температурасы экологиялык бир өзгөрүү себебинен маанилүү деңгээлде төмөндөсө, узун жүндүү иттер кыска жүндүү иттерге караганда суукка чыдамкайыраак болот. Натыйжада узун жүндүү иттер артыкчылыкка ээ болот, б.а. көбүрөөк жашап, көбүрөөк көбөйөт жана оңойураак азыктанат. Белгилүү мөөнөттөн соң кыска жүндүү иттердин саны бир топ азайышы мүмкүн же алар ысык аймактарга көчүшү мүмкүн же бүтүндөй тукум курут болушу мүмкүн. Б.а. узун жүндүү иттер табигый тандалуу менен тандалып, башка түргө салыштырмалуу артыкчылыкка ээ болгон болот.
Soğuk bir bölgede uzun tüylü köpekler, kısa tüylü köpeklere göre daha avantajlı hale gelecek, dolayısıyla daha uzun yaşayacak, daha fazla çoğalacak ve daha kolay beslenecektir. Bu süreç yeni bir köpek cinsi ortaya çıkartmayacaktır. |
Бирок көңүл бурулган болсо бул процесс жаңы бир ит түрүн пайда кылбайт. Табигый тандалуу аркылуу буга чейин бар болгон эки түрдүн бири артыкчылыкка гана ээ болгон болот. Эч узун жүндүү иттер жок абалдан табигый тандалуу натыйжасында узун жүндүү иттер пайда болгон болбойт. Бул иттердин убакыттын өтүшү менен башка жандык түрүнө айланышы болсо ансыз деле эч мүмкүн эмес.
Кыскасы табигый тандалуу жаңы түрлөрдү, жаңы өзгөчөлүктөрдү пайда кылбайт, болгону буга чейин бар болгон түрлөрдүн жашоо мүмкүнчүлүктөрү өсөт. Жаңы бир түр жана жаңы бир өзгөчөлүк пайда болбогондуктан, эволюционисттер айткан «эволюциялашуунун» болгонунан сөз кылуу мүмкүн эмес. Башкача айтканда, табигый тандалуу эч кандай «эволюция» жасабайт. Дарвин өзү да бул чындыкты мойнуна алган:
Табигый тандалуу пайдалуу түзүлүштөрдүн башталгыч баскычтарынын пайда болушу үчүн жетишсиз. 34
Белгилүү эволюционист палеонтолог, англис Колин Паттерсондун мойнуна алуусу болсо мындай:
Эч ким табигый тандалуу механизмдери менен жаңы бир түр чыгара алган эмес. Эч ким мындай нерсеге жакындай да алган эмес. Учурда нео-дарвинизмдин эң көп талкууланган темасы да ушул. 35
Табигый тандалуу – жаңылык алып келип аны менен түрлөрдү өзгөртүүчү, мисалы бир сойлоочунун акырындап канаттууга айланышын камсыз кылуучу кереметтерди жасоочу бир механизм эмес. Таанымал биолог Д'Арси Вентворт Томпсон (D'Arcy Wentworth Thompson) айткандай; «табигый тандалууда бизге көрүнгөн нерсе – жаратуу эмес, жок кылуу, кыскартуу жана отко түртүү.» 36
Ошондуктан дарвинисттер табигый тандалууну адамдарга бир эволюция механизми катары көрсөтүүгө аракет кылуу менен калп айтышууда. Табигый тандалуунун эволюция кылбаганын өздөрү да билип туруп, апачык бул көз бойомочулукту адамдарга сиңирүүгө аракет кылышууда. Дарвинден калган мураска ээ чыгуу каалоосу жана ойдон чыгарылган сценарийлерине жаңы бир механизм чыгара албашы аларды бул чирик көз-карашка, бул чоң калпка көз-каранды кылган. Бүгүнкү күндө дагы эле бул чоң калпты коргоого аракет кылган дарвинист илимпоздор бар. Бул калпты сактоо мүмкүн эмес экенин көргөндөр болсо башка бир калп менен чыгышкан. Бул калп «мутациялар эволюциялаштырат» пикири.
Doğal seleksiyon yeni bir tür oluşturamaz. Yırtıcı hayvanlar tarafından tehdit edilen bir geyik sürüsünde, daha hızlı koşabilen geyikler hayatta kalacaktır ve böylece geyik sürüsü, hızlı ve güçlü bireylerden oluşacaktır. Ama elbette bu mekanizma, geyikleri evrimleştirmez, onları başka bir canlı türüne dönüştürmez. |
Мутациялар – бул жандык клеткасынын ядросунда жайгашкан жана бир адамга тиешелүү бүт генетикалык маалыматтарды алып жүргөн ДНК молекуласында радиация жана химиялык таасирлер натыйжасында пайда болгон орун алмашуулар, үзүлүүлөр жана бузулуулар. ДНКдагы маалыматтар A, T, C жана G тамгалары менен белгиленген 4 нуклеотиддин катары менен өзгөчө жана маани бере турган бир катарда тизилишинен пайда болот. Бирок бул катарда бир тамга катасы да ал түзүлүштү бүтүндөй бузат. Мисалы жаш балдарда кездешчү кан рагы оорусу ДНКдагы тамгалардын бирөөсүнүн туура эмес болушу себебинен келип чыгат. Чернобльдагы радиация жана Хиросимага ташталган атом бомбасы натыйжасында кийинки урпактардын майып болуп калышынын же рак сыяктуу оорулардын чыгышынын себеби да мутациялардын денеге болгон ушул сыяктуу зыяндуу таасирлери болгон.
Дээрлик бүт мутациялар зыяндуу жана көбүнчө жандыктын өлүмүнө алып келет. Зыян бербеген мутация мисалдары болсо көбүнчө организмге эч кандай пайда берген эмес, эң жакшы мисалда таасирсиз болушкан. Илимпоздор изилденген бүт мутациялар арасында бир даанасынын да апачык бир жандыктын жашоо процессине оң таасир бере албаганын аныкташты. 37
1. Kromozom | 2. Histon |
DNA üzerinde gerçekleşecek her mutasyon mutlaka bu yapıya zarar verir. Mutasyonlar sonucu canlının mükemmelleşmesi veya yeni genetik bilgi kazanması mümkün değildir. |
Бирок эволюция теориясы «жаңы» жандыктарды чыгарган, кереметтерди жасаган бул кыялдагы мутацияларга таянат. Дарвинисттер түрлөр кыялдагы жана пайдалуу сансыз мутация пайда кылган кемчиликсиз түзүлүш менен органдар аркылуу бир-биринен келип чыккан дешет. Дарвинисттерди жүзү кара кылган бул пикир мутациялардын бир организмге сөзсүз зыян берээрин билген дарвинист илимпоздор тарабынан айтылууда. Ал тургай, дарвинисттер мутациялардын мындай зыяндуу таасирлерин абдан жакшы билип туруп, бул пикирине лабораторияда мутацияга туш кылынган төрт канаттуу бир мутант мөмө чымынын мисал келтиришет. Кылдаттык менен жасалган мутациялар натыйжасында мөмө чымынында алынган кошумча эки канат дарвинисттер тарабынан мутациялар эволюциялаштыра алат деген пикирдин эң чоң далили катары сунулган. Бирок чынында бул эки канат жандыкка пайда эмес зыян берип, жандыктын учуу жөндөмүн жоготушуна алып келген. Калифорния университетинен молекулярдык биолог Джонатан Уэллс (Jonathan Wells) муну мындайча айткан:
1970-жылдары Калифорния технология институтунан генетик Эдвард Б. Льюис үч мутант түрүн кылдаттык менен жупташтырып, стабилизаторлор кадыресе көрүнүштөгү экинчи бир жуп канатка айланган бир мөмө чымынын чыгара алды.
Бир караганда Кэрроллдун эксперименти жөнгө салуучу ДНКдагы кичинекей алдын көздөй өзгөрүүлөр көрүнүштө чоң эволюциялык өзгөрүштөрдү чыгара алат деген пикирге далил берип жаткандай көрүнүшү мүмкүн. Бирок мөмө чымыны дагы эле мөмө чымыны бойдон. Ал тургай, экинчи жуп канат кадимкидей көрүнгөнү менен учуу булчуңдары жок. Төрт канаттуу бир мөмө чымыны куйругунда пайдасыз асылып турган бир жуп канаты бар бир учак сымал. Жандык учканда жана жупташканда абдан кыйналат, ошондуктан лабораторияда гана жашай алат. Эволюцияга далил катары сунулган төрт канаттуу мөмө чымыны цирк шоулорундагы эки баштуу уйдан айырмасыз. 38
Джонатан Уэллс сөзүн мындайча улантат:
Ашыкча канаттуу же кем буттуу майып мөмө чымындары өрчүү генетикасы жөнүндө бизге бир нерселерди үйрөттү, бирок эволюция жөнүндө эч нерсе үйрөткөн жок. Бүт далилдер бир гана жыйынтыкты көрсөтүүдө: бир мөмө чымыны эмбрионуна эмне кылсак дагы, үч гана ыктымалдуу натыйжа бар – кадимки бир мөмө чымыны, майып бир мөмө чымыны же өлүк бир мөмө чымыны. Ат мындай турсун, ат чымыны дагы эмес. 39
Көрүнүп тургандай, дарвинисттер өздөрүнүн бузуку көз-карашына жалгыз далил катары көрсөтүүгө аракеттенген төрт канаттуу мөмө чымыны дагы майып бир мөмө чымыны гана. Мутациялар бир жандыкка канчалык натыйжалуу таасир бербесин, ал жандык түрүнө башка бир жандыкка тиешелүү өзгөчөлүк кошуу сыяктуу кереметтүү бир жөндөмгө ээ эмес. Бирок дарвинисттер жандыкта мутациялар натыйжасында кереметтер пайда болот деген калпка ишенгилери келет.
Mutasyonların zararlı etkileri, resimdeki canlılarda açıkça görülebilmektedir. Mutasyonlar canlıları ya sakat bırakır ya da onları öldürürler. Mutasyonlar canlıları geliştirmez, onlara yalnızca zarar getirirler. |
Эң кызыгы бул мөмө чымынынын майып экенин дарвинист илимпоздор билип турушса да, бул мутант дагы эле окуу китептеринде мутация аркылуу эволюциянын эң чоң далили катары көрсөтүлүүгө аракет кылынууда. Молекулярдык биолог Джонатан Уэллс бул жөнүндө мындай деп жазган:
Питер Равен менен Джордж Джонсондун 1999-жылы чыккан окуу китеби Biology (Биология) боюнча, «эволюция генетикалык кабардагы өзгөрүүлөр менен башталган... Мутация жана кайрадан биригүү (колдогу гендердин кайрадан түзүлүшү) аркылуу ишке ашкан генетикалык өзгөрүү эволюцияга чийки зат чыгарат.» Китептин ушул эле бетинде төрт канаттуу мөмө чымынынын сүрөтү орун алган жана ал «өнүгүүнүн критикалык этабын түзгөн бир ген Ultrabithorax'тагы өзгөрүүлөрдөн улам бир мутант» деп сыпатталууда, ошондой эле эки көкүрөк бөлүгүнө жана натыйжада эки жуп канатка ээ экенин да кошушкан.
Жогорудагы окуу китеби окурманда, чаташтык менен бирге, кошумча канаттар бир түзүлүш (орган) кошту дегендей маанай жаратат. Бирок чынында төрт канаттуу мөмө чымыны учуу үчүн керектүү түзүлүштөргө ээ эмес. Тең салмакка салуучулары жоголгон жана алардын ордун жаңы бир нерсе эмес, башка жакта ансыз да бар түзүлүштөрдүн копиялары ээлеген. Төрт канаттуу мөмө чымыны сүрөттөрү мутациялар жаңы бир нерсе кошту дегендей сезим берсе дагы, мунун тескериси чындыкка жакыныраак. 40
Дарвинизм айткандай жашоонун башталышын көрсөткөн жана кокустан пайда болушу мүмкүн эмес болгон ошол «кыялдагы алгачкы клетка» өзүнөн-өзү пайда болду деп кабыл алсак дагы, комплекстүү түзүлүшү менен бир адам пайда болгонго чейин ишке ашышы керек болгон кыялдагы эволюция процессинин эң кичинекей баскычында да укмуштуу санда генетикалык маалымат чыгарылып, сансыз мутация ишке ашышы керек. Бул мутациялардын саны көп болуу менен бирге, ошол эле учурда алардын «баары» жандыкка бир пайда же бир «жаңылык» алып келе турган өзгөчөлүктө болушу шарт. Себеби өнүгүп жаткан бул кыялдагы жаңы организмде келип чыккан бир ката дагы системанын бүтүндөй бузулуп кыйрашына себеп болот. Мутациялардын 99% деңгээлинде зыяндуу жана 1% таасирсиз экени эске алынганда, эволюция теориясы боюнча болушу керек болгон бул миллиарддаган мутациянын баарынын бүтүндөй пайдалуу экенин айтуу, албетте, акыл менен илимге туура келбейт.
Ошондуктан бир жандыкта мурда жок болгон жапжаңы бир мүчөнүн же бир өзгөчөлүктүн мутациялар натыйжасында пайда болушу эч мүмкүн эмес. Мутациялардын бир жандыкка ага тиешелүү эмес жаңы бир маалыматты кошуу жана аны башка бир жандыкка айлантуу күчү жок. Мутация пикири дарвинизм калпынын, дарвинизм логикасыздыгынын эң чоң көрсөткүчү. Себеби эволюция пикири түпкүрүндө, чындыгында болбогон, ушул кыялдагы «пайдалуу мутацияларга» таянат.
Mutasyonlar Simetri Düşmanıdır | |
Bir ayçiçeğinin yapraklarında, salyangozun kabuğunda, çam kozalağında ya da parmaklarımızın uzunluğunda bulunan matematiksel oran Allah'ın yarattığı olağanüstü güzelliklerden, nimetlerden bir tanesidir. Bu, bilim adamlarının "Altın oran" ismini verdikleri hayranlık uyandıran bir uyumdur. Altın oran adı verilen ve Ortaçağ'ın en etkili matematikçisi Fibonacci'nin bulduğu sayı dizisinin özelliği, dizideki sayılardan her birinin kendisinden önce gelen iki sayının toplamından oluşmasıdır. Fibonacci dizisi 0, 1, 1, 2, 3, 5, 8, 13, 21, 34, 55, 89, 144, 233, 377, 610, 987, 1597, 2584, ... şeklinde ilerlemektedir. Dizideki sayılar bir öncekine bölündüğünde, birbirine çok yakın sayılar elde edilir. Hatta serideki 13. sırada yer alan sayıdan sonra bu sayı sabitlenir. İşte bu sayı "altın oran" olarak adlandırılan 1,618'dir. Bu muhteşem oran, Allah'ın bir mucizesi olarak, doğadaki birçok varlıkta gözlenebilir. Hücrelerimizin içindeki DNA sarmalından, uzaydaki galaksilerin şekillerine, kar kristallerinden mikrocanlılara, boynuz ve dişlerden, salyangoz kabuklarına kadar altın oranı bulmak mümkündür. Altın orana en çarpıcı örnek, insan bedenidir. İnsan vücudunda, Rabbimiz, Kuran'da "Allah, herşey için bir ölçü kılmıştır" şeklinde bildirmektedir (Talak Suresi, 3) İşte "Altın Oran", Allah'ın bizler için var ettiği üstün yaratılış delillerinden biridir. (Detaylı bilgi için bkz. http://altinoran.org) Canlılardaki mükemmel simetri ve bu muhteşem altın oran, Darwinistlerin evrim iddiasını başlıbaşına yok eder. Çünkü Darwinistlerin, sözde "evrimleştirici güç" atfettikleri mutasyonlar birer simetri düşmanıdır. Darwinistlerin iddiasına göre, başıboş mutasyonlar oluştuklarında, canlılarda mükemmel altın oranın oluşamaması gerekir. Canlı varlıklarda müthiş bir dengesizlik ve intizamsızlık meydana gelmesi gerekir. Çünkü mutasyonlar düzensiz olaylardır. Mutasyonlar, bir canlıda daha önce var olmayan bir kolu meydana getirip, ona oranlı bir el oluşturup, elin parmaklarını bu matematiksel orana göre düzenleyemezler. Dahası, bunun ardından vücudun tam karşı tarafında olağanüstü bir simetri içinde yeni aynı uzunlukta bir başka kol, aynı büyüklükte ve tam simetrik şekilde ayarlanmış bir başka el ve aynı hassas matematiksel orana sahip aynı sayıdaki diğer parmakları meydana getiremezler. Rastgele mutasyonlar, önceden karar alıp, mükemmel komplekslikte bir gözü meydana getirip, onun hemen ardından tam karşı tarafından yüze ve diğer göze mükemmel uyumlu, aynı büyüklük, renk ve biçimde ve aynı işlevlere sahip yepyeni ve gören bir göz daha meydana getiremezler. Rastgele mutasyonlar, sağ tarafta Darwinistlerin iddia ettikleri şekilde bir kulak meydana getirip, hemen sol tarafta da aynı simetride, aynı şekilde duyan, aynı özelliklere sahip ikinci bir kulak meydana getiremezler. Örs, çekiç, üzengi gibi yapıların her birini mükemmel biçimde oluşturup, bunlara işlevler verip, aynı simetride kusursuz şekilde oluşturamazlar. Bir canlının yaşayabilmesi için rastgele mutasyonların kalp kapakçıklarını da kalbin iki tarafında aynı biçimde, aynı simetride ve aynı fonksiyonu yerine getirecek şekilde oluşturmaları gerekmektedir. Aksi takdirde, o canlı yaşamını sürdüremeyecektir. Bu oran ve simetrinin, vücudun her organında aynı şekilde oluşturulması gerekir. Çünkü günümüzdeki canlılar da, geçmişte yaşamış olanlar da, aynı mükemmel simetriyi sergilemektedirler. Canlıların hiçbiri, bir kulağı ters, bir akciğeri farklı, tek gözü alnında, teki burnunda olacak şekilde var olmamaktadır. Canlılıkta böyle bir dengesizlik olmadığına göre, Darwinistler mutasyonların evrimleştirdiğine dair iddialarıyla büyük bir kitleyi aldatmaya çalışmaktadırlar. | |
| |
Bir kulağı ters, bir gözü alnında canlılar oldukça nadir olarak karşımıza birer ucube varlık olarak çıkarlar. İşte mutasyonların meydana getirdiği sonuç budur. Mutasyonlar, düzgün bir yapıya adeta makinalı tüfekle ateş etmek gibidir. Sağlam bir şeyin üzerine ateş açılması kuşkusuz ki o yapıyı tamamen ortadan kaldırır. Söz konusu mutasyonların tek bir tanesinin etkisiz kalması veya makinalı tüfekle taranmış vücuttaki mevcut bir enfeksiyonu yakarak iyileştirmesi bir şeyi değiştirmemektedir. Organizma zaten kendisine isabet eden 99 mermi ile yerle bir olmuştur. Basında ve bilim çevrelerinde ilgi çeken, pek de uzun yaşamayan bu canlılara söz konusu garip görünümü veren şey mutasyonlardır. Mutasyonlar, canlı organizmanın genlerini bozulmaya uğratmış, canlıya ait muhteşem simetriyi ortadan kaldırmış, onu yaşayamaz duruma getirmiştir. Ancak burada unutulmaması gereken şey mutasyonların da Allah'ın konrolünde gerçekleşen olaylar olduğudur. Allah yaratmasındaki mükemmelliği insanlara göstermek için böyle örnekler yaratmakta, yaratma sanatını göstermektedir. |
Чындап пайдалуу мутациялар ишке ашышы мүмкүн деп кабыл алсак дагы, мутация пикири эволюция теориясына туура келбейт. MIT (Massachusetts Institue of Technology - Массачусетс технология институту) Электр инженериясы факультети профессору Мюррей Иден (Murray Eden) «Нео-дарвинисттик эволюциянын илимий теория катары жетишсиздиги» аттуу макаласында адаптация максатындагы бир өзгөрүүнү пайда кылуу үчүн алты мутация керек болсо, мунун кокустан бир миллиард жылда бир жолу гана болоорун, эгер эки дюжина ген кошула турган болсо, анда дүйнөнүн өмүрүнөн көбүрөөк бир убакыт, т.а. 10,000,000,000 жыл талап кылынаарын айткан.41 Математиктер бирден көп мутациянын бир учурда ишке ашышы талап кылынган комплекстүү түзүлүш менен органдарда «мутациялар пайдалуу жана натыйжалуу» деп кабыл алынган күндө да, дарвинисттерде бир убакыт көйгөйү бар экенин апачык айтышат. Эң күчтүү дарвинисттерден палеонтология профессору Джордж Г. Симпсон жагы беш мутациянын бир учурда ишке ашышынын чексиз убакытка созулаарын апачык айткан.42 Чексиз убакыт мындай ыктымалдык жок деген мааниге келет. Жана бул ошол эле учурда жандуу организмдердин бүт түзүлүш жана органдарына тиешелүү бир ыктымалдык. Демек учурда биз көргөн кереметтүү түрдөгү жандыктардын мутациялар менен пайда болуу ыктымалдыгынын жок экени анык.
1. Mutasyon Canlı DNA'sı oldukça kompleks bir yapıya sahiptir. Rastgele her türlü müdahale, bu yapıya ancak zarar verecektir. Bu ise hasta, sakat ve ölü organizmaların oluşmasına sebep olacaktır. |
Эволюционист Джордж Г. Симпсон мутация жөнүндөгү бул пикири менен байланыштуу дагы бир эсептөө жасаган жана күн сайын жаңы бир урпак (генерация) пайда кыла алат деп кабыл алынган 100 миллион индивидден турган бир коом ичинде мутациялардан алуу мүмкүн болгон оң бир натыйжанын 274 миллиард жылда бир болоорун моюнга алган. Бул сан 4,5 миллиард жыл деп болжолдонгон дүйнөнүн жашынан жүздөгөн эсе жогору.43 Албетте булардын баары мутациялардын оң таасири бар же жаңы урпактарды пайда кыла алат деп кабыл алганыбызда келип чыккан эсептөөлөр. Бирок чыныгы дүйнөдө бул гипотеза жараксыз.
Бүт эволюционист илимпоздор бир жандыктын ДНКсында себепсиз эле бир копиялоо катасынын болуу ыктымалдыгынын абдан төмөн экенин билишет. Изилдөөлөр клеткаларда генетикалык каталардын кетишине тоскоол боло турган коргоо элементтери бар экенин аныктады. ДНК маалыматы бир-бирин каталарга карата текшерип туруучу ар түрдүү сансыз энзим болмоюнча копиялана албайт. Булар туура аминокислотанын туура tRNA'га туташканын көзөмөлдөөчү жуп электүү энзимдерди камтыйт. Бир элек ашыкча чоң аминокислоталарды артка кайтарса, экинчиси ашыкча кичинекейлерди артка кайтарат. Бул абдан кылдан жана акылдуу бир система. Бул акылдуу системада ката кетиши ыктымалдыгына карата акыркы текшерүүнү жасоочу энзимдер да бар. Илимпоздор өз акылдарынын чегинде ДНКнын бүтүндүгүн коргоого багытталган мындан жакшыраак бир клеткалык көзөмөл жана коргоо системасын элестете албайбыз деген жыйынтыкка барышкан. 44
30 жыл бою Сорбонна эволюция кафедра башчылыгын аркалаган Пьер Поль Грассе (Pierre Paul Grassé) бул жөнүндө мындай деп жазган:
Шамал учурган чаңдардын Дюрердин «Меланхолиясын» пайда кылуу ыктымалдыгы көздү түзгөн ДНК молекулаларында болчу бир копиялоо катасы ыктымалдыгынан бир топ төмөн. 45
Дарвинисттер ДНКдагы бул кереметтүү системаны көрмөксөн болуп, муну терең изилдеп жооп берүүдөн качынышат. Бирок бир тараптан болсо ишке алуу ыктымалдыгы дээрлик мүмкүн эмес болгон копиялоо каталарына таянып бир жашоо тарыхы сценарийин жазышат. Бул дарвинисттик логиканын кыйроосун дагы бир жолу көрсөтүүдө.
Дарвин айткан табигый тандалуу пикиринин эволюция үчүн эч түшүндүрмө боло албашы аныкталып, генетика мыйзамдары дарвинизмге бир сокку катары алдыңкы планга чыккан соң, нео-дарвинизмдин эң чоң куралы катары чыгарылган «мутациялардын эволюциялоочу таасири» пикири, көрүнүп тургандай, бир алдамчылык гана. Жандуу организмди бузуучу, өлтүрүүчү, жок кылуучу, кээде андан кийинки бүт урпактарга зыян тийгизүүчү мутация сыяктуу бир механизмди жапжаңы жандыктарды пайда кылат деп айтуу албетте чоң бир тантырактык. Бирок массалар көп жылдар бою бул калпка алданышты. Албетте дарвинист илимпоздор дагы мутациялардын мындай кереметтүү бир күчү жок экенин билишет. Учурдагы эң жалындуу дарвинисттердин алдыңкыларынын бири Ричард Доукинс (Richard Dawkins) дагы «Мутациялардын көпчүлүгү зыяндуу, кааланбаган бир кошумча таасир жаратуу ыктымалдыгы абдан жогору»46 деп бул чындыкты мойнуна алган. Дарвинисттердин дагы эле бул чирик пикирди эволюциянын бир механизми катары сунууга аракеттениши жана мында дагы эле өжөрдөнүшү алардын жалган дарвинизм динине моюн сунганы себептүү.
33. Stephen C. Meyer, "Word Games: DNA, Design, and Intelligence," Signs of Intelligence: Understanding Intelligent Design, ed. William A. Dembski, James M. Kushiner, Brazos Press, 2001, s. 109-110
34. Charles Darwin, The Origin of Species, 6th edition, 1859 (London: J.M. Dent and Sons Ltd., 1971) - Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 84
35. Colin Patterson, "Cladistics", Brian Leek ile Röportaj, Peter Franz, 4 Mart 1982, BBC.
36. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering the Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 175
37. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 74-75
38. Jonathan Welss, Ph.D., The Politically Incorrect Guide to Darwinism and Intelligent Design, Regnery Publishing Inc., Washington, 2006, sf.34
39. Jonathan Welss, Ph.D., The Politically Incorrect Guide to Darwinism and Intelligent Design, Regnery Publishing Inc., Washington, 2006, sf.36
40. Jonathan Wells, Evrimin İkonları, Gelenek yayınları, Ocak 2003, s. 172-173
41. Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Sphere Books Ltd., 1984, s. 4
42. Gordon Rattray Taylor, The Great Evolution Mystery, Sphere Books Ltd., 1984, s. 230
43. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 81
44. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 74-75
45. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 81
46. Richard Dawkins, The Extended Phenotype, Oxford University Press, 1999, s. 141