2-Бөлүм - Дарвинисттер Көз Бойомочулуктар Менен Дүйнөнү Алдашты 1/5

Илимий бир теорияны, мисалы Биг Бенг (Big Bang – Чоң жарылуу) теориясын карайлы. Бул теория Эйнштейндин салыштырмалуулук теориясына таянуу менен алгач бир күмөн же гипотеза катары айтылган. Андан соң бул чоң жарылуунун ишке ашканын көрсөтүшү керек болгон далилдер изделип башталды. Андай далилдер чындап эле бар эле. Ал жарылууну тастыктаган радиация аныкталып, ааламдын изотопиялык өзгөчөлүгү (бүт космостун –270oC экени) табылган. Ааламдын барган сайын кеңейип баратканы да илимий далилденген. Бул ал теорияны далилдеген дагы бир маанилүү жана анык далил эле. Ошентип Биг Бенг теориясы көз-караштардын баары тест кылынып (текшерилип), тастыкталган жана натыйжада далилденген бир теорияга айланды.

Дарвиндин эволюция теориясы дагы «гипотеза» катары чыгарылган. (Негизи эволюция теориясынын чыгарылыш себеби толугу менен идеологиялык эле, бирок илимий бир теориядай адамдарга таанытылган.) Бул теория жарактуу болушу үчүн да, Биг Бенг сыяктуу теориянын көз-караштары далилдениши керек эле. Ал үчүн эң биринчиден ойдон чыгарылган эволюция механизмдеринин эволюция кылып кылбашы каралышы керек эле. 20-кылым илиминин өнүгүшү Дарвиндин ойдон чыгарылган эволюция механизми «табигый тандалуунун» эволюциялоочу эч бир ролу жок экенин далилдеген. Генетика илими болсо ойдон чыгарылган бир эволюция механизми болгон табигый тандалуудан үмүтүн үзгөн жана мунун ордуна мутацияларды бир эволюция механизми катары көрсөтүүгө аракеттенген жаңы дарвинисттерди кыйратты. Мутациялардын да эволюциялоочу бир таасиринин жок экени аныкталган соң кезек Дарвиндин жана дарвинисттердин эң чоң күтүүсү болгон фоссил калдыктарына келген эле. Фоссил калдыктары алып келген жыйынтык болсо дарвинисттер үчүн чындап зор бир шок эле! Жылдар бою изделип келген ортоңку форма фоссилдери дүйнө жүзүнүн эч жеринде жок эле. Изилдөөлөрдүн тереңдеши да бул жыйынтыкты өзгөрткөн жок. Бүгүнкү күнгө чейин жасалган бүт изилдөөлөр натыйжасында бир даана дагы фоссил мисалы табыла алган жок.

manzara

Görmüyor musunuz; Allah, yedi göğü birbirleriyle bir uyum (mutabakat) içinde yaratmıştır? "Ve Ay'ı bunlar içinde bir nur kılmış, Güneş'i de (aydınlatıcı ve yakıcı) bir kandil yapmıştır."
(Nuh Suresi, 15-16)

Өздөрүнүн жалган дининен баш тарткысы келбеген дарвинисттердин дарвинизмге далил табуу күтүүсү көп жылдарга созулду. Бирок күтүлгөн кыялдагы далилдер эч качан табылган жок. Бирок ошого карабастан, дарвинисттик калптар токтогон жок, дарвинизмди жактаган демагогия өжөрлүк менен улантылды. Эң кызыгы, арадан 150 жыл өткөнүнө, бир дагы далил табылбаганына жана ал тургай, фоссил калдыктары менен генетика илими ортого койгон жыйынтыктар жаратылууну (Жаратуучу жаратканын) далилдегенине карабастан, дарвинисттер бул жалган динди сактап кала алабыз деп ойлошкон. Албетте, бул алардын чоң жаңылыштыгы эле. Негизи теориянын жактоочулары дагы жандыктардын тарыхында бир эволюция болбогонун билишет. Муну сансыз илимий далилдер натыйжасында апачык көрүшкөн.

Ушулардын баарына карабастан, эволюция теориясы бир идеология жана жактоочулары тарабынан сөзсүз сактап калынышы керек болгон жалган бир дин болгондуктан, дарвинисттер жалган илимди жамынган ролун улантышы керек экенине ишенишүүдө. Дарвинисттердин бул жалган динди сактап калуу үчүн 150 жылдан бери көз бойомочулуктарга, спекуляцияларга жана сансыз пропаганда ыкмасына барууларынын себеби мына ушул. Дарвинисттер өздөрүнүн жалган дининин талабы катары адамдарга эволюция теориясы «туура» деген пикирди берүү үчүн башка жол таба алышпайт. Себеби теориянын туура экенин көрсөткөн бир дагы илимий далил жок. Ушул себептен дарвинизм дини боюнча адамдарга «илимий далил бар» деген ойду берүүгө аракеттенишет.

Миссури университетинен доктор Николас Комнинеллис (Nicholas Comninellis) Creative Defense аттуу китебинде бул чоң калптын келечекте кабыла турган абалы жөнүндө мындай деген:

Философиялык жактан эволюция догмасы бир түш. Кыпындай далили жок бир теория. Элүү жыл ичинде мектептердеги балдар абдан популярдуу болгон калптарды окушат жана ал (эволюция теориясы) жөнүндө эң акылга сыйбас пикирлердин бири катары сөз кылынат. Көпчүлүгү он тогузунчу кылым илими менен байланыштуу акылсыздыктарды бир-бирине айтып шылдың кылып, күлүшөт. 32

Комнинеллистин айткандары туура. Эволюция теориясын калпка таянган бир көз-караш түзөт жана бул теориянын тарыхы сансыз көз бойомочулук мисалдарына толо. Эволюция чыгарган көз-караштардын баары, далилдердин баары көз бойомочулук натыйжасы, бир жасалма. Бул көз бойомочулуктардын чыныгы жүзү ачыкка чыкты. Бирок алар дарвинизм дининин тараптарлары тарабынан жаап жашырылууга, адамдарга унуттурулууга аракет кылынды. Бирок канчалык жан талашпасын, дарвинист пропаганданын абдан чирик негиздерге таянганын бүт дүйнө түшүнүп баштады. Комнинеллис да айткандай, келечек урпактар бул чоң калптын дүйнөлүк масштабдагы таасирин, бул чоң калптын дүйнөгө таанымал профессорлор менен илимпоздор тарабынан жакталганын таң калуу менен тосуп алышат жана бул чоң акылсыздыкты көп жылдар бою шылдыңдашат.

Дажжал ушундай жалган ыкмалар менен адамдарды Аллах дининен алыстатууга аракеттенген. Бирок учурда эми пландары жер менен жексен болду. Ал колдонгон ыкма – б.а. дарвинизм – учурда адамдардын, ал тургай жаш балдардын шылдыңына айлана баштады. Дүйнө жүзү жакынкы бир келечекте дарвинизм тантыгын уялуу менен эстейт. Албетте, бул Аллахка баш көтөргөндөргө Улуу Раббибиздин бир тузагы, бир жазасы. Аллах бир аятында мындайча билдирет:

Ошентип кылган жамандыктары алардын башына келди жана шылдың кылган нерсеси аларды ороп-курчады. (Нахл Сүрөсү, 34)

Булактар

32. Nicholas Comninellis, Creative Defense, Evidence Against Evolution, Master Books, 2001, s. 254