Жыйынтык

Материалисттер башы жана аягы жок экенине ишенгиси келген бир ааламдын ичинде кокустуктардан турган бир дүйнө бар деп кабыл алышат. Бирок акылын колдонгон, маданияттар курган, роботторду жасаган, интернетти чыгарган, булардын баарын көрүп алардан пайдаланган, түшүнгөн, ойлонгон, алар жөнүндө жоромол жасаган, тынчсызданган, башкалар үчүн өз мал-жанын короткон, табияттан ырахат алган, эмгек короткон, эң туураны табууга аракет кылган кереметтүү сыпаттарга ээ адамдын кокустан пайда болгонун кабыл алуу, албетте, логикага туура келбейт. Жер бетиндеги эч бир жандык кокустан пайда болбогон сыяктуу, миллиарддаган клеткасы менен, ар клетканын ичиндеги сансыз органелли менен, кереметтүү мээси жана кереметтүү келбети менен адам да кокустук эмес.

Материалисттер күткөндүн тескерисинче, жер бетиндеги эч нерсе кокустук эмес.

Эгер адамдын өзүндө, жасагандарында жана ийгиликтеринде кокустук жок болсо, булардын баарында аң-сезим бар дегенди билдирет. Эгер адам аң-сезими менен кыймыл-аракет кылып жатса, бул аң-сезимди анда жараткан андан да жогору бир аң-сезим болушу керек. Бул аң-сезим адамдын кылган, көргөн, билгендеринин баарынан жогору болушу керек.

Бул аң-сезим аны жоктон жараткан, аны Өзүнөн бир рух менен жараткан Аллахка тиешелүү.

Адам эгер Аллах кааласа сулуулуктан ырахат алат. Аллах кааласа ачылыштар жасайт, технология табат. Эгер Аллах кааласа обон чыгарат, скрипка ойнойт, китеп жазат. Адам эгер Аллах кааласа сүйүнөт, кайгырат, ырахат алат, толкунданат, тынчсызданат. Бир музыканы жактырышы Аллахтын каалоосу менен. Бир кооздукка суктанышы Аллахтын каалоосу менен. Кооз табиятты, кооз кийимди, жакшы мамилени, гүлдү, койонду, бир сүрөттү, тортту жактырышы Аллахтын каалоосу менен. Эгер Аллах каалабаса, бул сезимдердин жана бул жөндөмдөрдүн эч бирине ээ боло албайт.

Буларды кылган зат эмес. Адамдын мээсиндеги клеткалар эмес. Адам жеген тамактар айланган протеиндер эмес. Буларды жасаган адамдын мээси эмес. Мээ сүйбөйт. Мээ музыкадан ырахат алуу жөндөмүнө ээ эмес. Мээ кичинекей бир койондун корккон көрүнүшүн көрүп, ага боор оорубайт. Мээ сагынбайт. Мээ туруктуулук көрсөтпөйт. Мээ биринчи класска барган күнүн эстеп андан толкунданбайт. Мээде май, суу, протеин жана башка химикаттар гана бар. Сагынган, сүйгөн, сүйүнгөн, уялган, эстеген мээ эмес. Адам руху менен сүйөт, сүйүнөт, сагынат, боор ооруйт. Адам Аллахка тиешелүү руху менен адам.

Адам рухтун бар экенин кабыл алса да, албаса да, дүйнөдө денесин таштайт жана бир рух катары акыретте Аллахтын алдында сурак берет. Ыйман келтиргендер, Аллахтын бир рух экенине ишенгендер, каапырлар, материалисттер, дарвинисттер, өмүр бою рухтун бар экенине каршы күрөшкөндөр, «бир нейрон жыйындысы ганабыз» дегендер, «акырет жок» дегендер, «зат жалгыз жана абсолюттук» дегендер, кыскасы жер бетинде жашаган ар бир адам, ар бир рух Аллахтын алдында сурак берет. Ар бири кылгандарын толугу менен алдынан табат. Ар бирине адилеттик менен өкүм чыгарылат. Бир адам эгер бул чындыкка 1% эле, ал тургай 0,1% эле ыктымалдык берсе, акырет чындыгы жөнүндө «болушу мүмкүнбү» деген бир күмөнү бар болсо, эми ал өзүнүн туура эмес ишенимдерин бир тарапка ташташы жана Раббибиз болгон Аллахка багытталып өз акырети үчүн колунан келгенин кылышы зарыл. Бул дүйнөдө турган кезде түшкөн катасынан дайыма артка кайтуу мүмкүнчүлүгү бар. Аллах аяттарында мындайча буюрат:

Sari Lale Yellow Tulip

Биздин аяттарыбызга ыйман келтиргендер сага келгенде, аларга айткын: «Салам болсун силерге. Раббиңер мээримди Өзүнө жазды, араңардан ким билбестик менен бир жамандык кылып, анан тообо кылса жана (өзүн) оңдосо, шексиз Ал кечиримдүү, коргоочу.»
(Энъам Сүрөсү, 54)

Жамандык кылып анан тообо кылгандар жана ыйман келтиргендер; эч шексиз Раббиң мындан (тоободон) соң, албетте, кечиримдүү, коргоочу.
(Аьраф Сүрөсү, 153)

Бул дүйнө жашоосу убактылуу бир орун. Дүйнөгө тиешелүү нерселердин баары убактылуу. Дүйнөдө адамга тиешелүүлөрдүн эч бири чындык эмес. Бул дүйнөнү чыныгы деп ойлоо – адамдын көргөн бир түшүн чыныгы деп ойлоп бүт энергиясын ошого багытташы жана башкалардын баарына көздөрүн жана рухун жабышы сыяктуу көрүнүш. Жалгыз Зат Аллах. Жалгыз акыйкат Аллах. Дарвинизм кыйрады жана материализм өлдү. Аллахтын Улуу Затын кабыл алуу – бул бүт жалган диндердин бүтүшү. Колуңуздагы китептин максаты бүт адамдарды ушул чындыкты көрүүгө чакыруу. Албетте, «... Таза акыл ээлери гана сабак алып ойлоно алат» (Рад Сүрөсү, 19).

Manzara Landscape Cocuklar Yesillik Children

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Материализм Кыйрады, Жок Болду
  • Кванттык Физикадан Соң Тышкы Дүйнө
  • Өздүгүбүздүн (Эгобуздун) Булагы Мээ Эмес
  • Дарвиндин Туюгу: Рух
  • Убакыт Элеси Жана Тагдыр
  • Жыйынтык