Убакыт Элеси Жана Тагдыр

Өткөн Өмүрүбүз – Бир Элес (Сезим) Гана

Manzara Kopek Bitki Dağ Bulut

Дүйнөдө өткөргөн убактыбыз жөнүндө бир критерийибиз бар. Кечээ кылгандарыбызды ойлоп, бүгүнгө жараша план курабыз. Он жыл мурдакыны ойлоп, убакыт өттү жана картайдык дейбиз. Убакыт өтүп жатат деген ишенимди пайда кылган нерсе – мурдакы көз ирмем менен азыркы көз ирмем арасында жасаган салыштыруубуз гана.

Бул салыштыруу мындайча болот: азыр бул китепти окуп жатасыз. Китепти окуудан мурда болсо телевизор көрүп жаткансыз. Телевизор көргөн учуруңуз менен китеп окуп жаткан учурду салыштырып, булардын арасында бир убакыт өттү деп ойлойсуз жана телевизор көргөн учуруңузду «өтмүш (өткөн учур)» деп атайсыз. Бул эки кыймыл-аракет арасында бир убакыт өттү деп ишенесиз. Чынында болсо телевизор көргөн учуруңуз сиздин эс-тутумуңуздагы маалымат. Сиз китеп окуп жаткан «ушул учур» менен эсиңиздеги маалымат арасында салыштыруу жасайсыз жана муну «убакыт» катары кабылдайсыз. Чындыгында болсо азыр сиз жашап жаткан «ушул учур» гана бар. Эсиңиздеги маалыматтарга (эскерүүлөргө) салыштырбаганыңызда, убакыт түшүнүгү да жоголот.

Атактуу физик Джулиан Барбур (Ju¬li¬an Bar¬bo¬ur) убакытка мындай аныктама берет:

Убакыт нерселердин позицияларын өзгөртүү критерийи гана. Бир маятник термелет, сааттын жебелери алга жылат.129

Ошондуктан убакыт мээде эскерүү катары бар болгон бир катар маалыматтар, б.а. элестер арасында салыштыруу жасоо аркылуу пайда болууда. Антерограддык амнезия деп аталган эс тутум жоготуусу синдрому бар кишилерди эске алганда, убакыттын адам кабылдоосу гана экени анык көрүнөт. Мындай адамдар кыска мөөнөттүү эс тутумга тиешелүү бүт маалыматтарын жоготкондуктан, мурдакы окуяны эстей албайт, ошондуктан эки окуя арасында бир убакыт өтүп өтпөгөнүн байкай алышпайт. Бул – убакыттын бир элес (кабылдоо) катары гана бар экенин көрсөткөн далилдерден.

Күнүмдүк жашоодо башыбыздан өткөн окуялар бизге белгилүү бир катар менен көрсөтүлгөндүктөн, биз убакытка өтмүш, учур чак жана келечек деп чектөөлөрдү койобуз. Чынында болсо убакыт өтмүштөн келечекти көздөй агат деген көз-караш бир шарттуу ишеним гана. Эгер эс тутумубуздагы маалыматтар бир кинонун аягынан башын көздөй көрүлүшү сыяктуу акканда биз үчүн өтмүш келечек, келечек болсо өтмүш убакыт болуп калмак. Бул бизге убакыттын абсолюттук нерсе эмес экенин, биздин кабылдообузга жараша гана болоорун көрсөтүүдө.

Атактуу физик Роджер Пенроуз (Ro¬ger Pen¬ro¬se) бул жөнүндө мындай дейт:

Мен ойлойм, өтө турган убакытты кабылдообузда жана физика сүрөттөгөн убакыт түшүнүгү арасында дайыма бир парадокс бар. Жана бул белгилүү деңгээлде, окуялардын убакытка тиешелүү так бир дүнүйөлүк катары барбы же биз көп нерселерди чогултуп башыбызда бир сүрөт пайда кылып жатабызбы деген суроо...130

Эсибиздеги окуяларды өз оюбузда катарга тизүүбүз бул окуялар үчүн өтмүш, ушул учур жана келечек деген бир абалды пайда кылууда. Бирок бул толугу менен мээбизде, биздин эркибиз менен алынган бир чечим. Ошондуктан толугу менен салыштырмалуу. Нобель сыйлыгын алган генетика профессору жана ойчул Франсуа Якоб (Fran¬ço¬is Ja¬cob) бул жөнүндө мындай бир салыштыруу жасайт:

Тескерисинен көрсөтүлгөн фильмдер убакыт тескери аккан бир дүйнөнүн эмнеге окшой тургандыгын элестетүү мүмкүнчүлүгүн берет. Сүт чыныдагы кофеден бөлүнүп, сүт идишине жетүү үчүн абага уча турган бир дүйнө; жарык бөлүкчөлөрү бир булактан чыгуунун ордуна бир тузактын (тартылуу борборунун) ичинде топтолуу үчүн дубалдардан чыга турган бир дүйнө; сансыз суу тамчыларынын таң калыштуу чогуу аракети менен суунун сыртын көздөй ыргытылган бир таш бир адамдын колуна келүү үчүн бир ийри сызык бойунча уча турган бир дүйнө. Бирок убакыт тескери аккан мындай дүйнөдө мээбиздин процесстери жана эс тутуунун пайда болушу да ушул сыяктуу тескериге айландырылган болот.131

Film Seridi Film Tape Band Saat Clock

Булардын баары өтмүш жана келечек түшүнүктөрүнүн биздин эскерүүлөрүбүздү кабылдоо формабыз менен байланыштуу экенин көрсөтүүдө. Чынында болсо убакыттын кантип өтөөрүн же өтүп өтпөшүн биле албайбыз. Көз алдыбыздагы сүрөттөлүштүн өзүн эч качан көрө албашыбыз, жана натыйжада ал жөнүндө терең маалыматка ээ боло албашыбыз сыяктуу, негизи бир убакыт бар же жок экенин жана бар болсо анын өтүшүнүн кандай экенин так биле албайбыз. Себеби убакыт бир кабылдоо (элес) гана.

Убакыттын бир элес экени 20-кылымдын эң улуу физиги деп саналган Эйнштейн чыгарган Жалпы салыштырмалуулук теориясы менен да тастыкталган. Линкольн Барнетт (Lin¬coln Bar¬nett) «Аалам жана Эйнштейн» аттуу китебинде бул жөнүндө мындай дейт:

Абсолюттук космос менен бирге Эйнштейн чексиз өтмүштөн чексиз келечекти көздөй аккан адашпаган жана өзгөрбөгөн бир универсалдуу убакыт теориясын да четке какты. Салыштырмалуулук теориясын түшүнбөстүктүн негизги себеби адамдардын убакыт сезиминин да түс сезими сыяктуу бир элес экендигин кабыл алгылары келбегендигинен пайда болууда... Космос заттык нерселердин ыктымалдуу катары болгон сыяктуу, убакыт да – окуялардын ыктымалдуу катары. Эйнштейндин төмөнкү сөздөрү убакыттын өзгөчөлүгүн эң жакшы түшүндүрөт: «Бир адамдын жашоосу бизге бир тизмектелген окуялардын ичинде курулган сыяктуу көрүнөт. Бул тизмектен эсибизге келген окуялар «мурдараак» жана «кийинчерээк» өлчөөсүнө жараша тизмектелген сыяктуу. Ушул себептен бир адам үчүн мен-убактысы, б.а., субъективдүү (жекече) убакыт бар. Бул убакыт өзүнчө өлчөнө албайт.132

Эйнштейн Барнетт айткандай «космос жана убакыттын да бир сезим (элес) экендигин, түс, форма жана чоңдук түшүнүктөрү сыяктуу бул түшүнүктөрдү да аң-сезимден бөлүүнүн мүмкүн эместигин көрсөткөн». Жалпы салыштырмалуулук теориясы бойунча «убакыт да – аны өлчөгөн окуялардан сырткары өзүнчө, көз-карандысыз бар болгон бир нерсе эмес».133

Убакыт бир элес (сезим) гана болгон болсо, анда ал – толугу менен кабыл алган (сезген) адамдан көз-каранды, б.а. салыштырмалуу түшүнүк. Убакыттын өтүү ылдамдыгы аны өлчөгөнүбүздө колдонгон инструментке жараша өзгөрөт. Себеби адамдын денесинде убакыттын агуу ылдамдыгын абсолюттук тактыкта өлчөй алчу табигый бир саат жок. Линкольн Барнетт айткан сыяктуу «түстү айырмалай турган бир көз жок болсо, түс деген бир нерсе болбогон сыяктуу, убакытты көрсөтүүчү бир окуя жок болсо, бир көз ирмем, бир саат же бир күн сыяктуу түшүнүктөрдүн эч кандай мааниси жок болот.»134

gece gündüz Day Night Relativite Saat

Саатты эч биле албаган, күндүн кандай аралыктар менен чыгып батканын көрө албаган жабык бир бөлмөдө калганыбызда, ал жерде өткөн убакыттын ылдамдыгын жана канча убакыт ал жерде болгонубузду эч качан аныктай албайбыз. Бизге тышкы дүйнөдө белгилүү бир убакыт өтүп жатат деген ойду берген нерсе – бул күндүн чыгып батуу процесси жана колубуздагы сааттын бизге көрсөткөн мөөнөтү гана. Булар жок болгондо, канча убакыт өткөнү жөнүндө божомол гана жасайбыз жана ал бүтүндөй бизден көз-каранды болот. Мисалы, сынакка кирген бир адам чектелүү убакыт ичинде жоопторду толук жазууга аракет кылып жатканда, ал үчүн убакыт бат өтөт. Бирок сыртта анын сынактан чыгышын күткөн бирөө үчүн ошол эле убакыт абдан көпкө созулат. Эгер убакыт абсолюттук бир чындык болгондо, анда биз сезимдерибизге жараша аныктаган өзгөрмө бир түшүнүк болмок эмес, албетте.

Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы илимий ортого койгон чындык боюнча, убакыттын ылдамдыгы бир нерсенин ылдамдыгына жана тартылуу борборуна болгон аралыгына жараша өзгөрүүдө. Ылдамдык өскөн сайын убакыт кыскарууда, кысылууда; жайыраак өтүү менен дээрлик токтоо чекитине жакындоодо. Муну Эйнштейндин бир мисалы менен түшүндүрөлү. Бул мисалда, бирдей жаштагы эгиздердин бирөөсү Дүйнөдө калып, экинчиси жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдык менен космоско саякатка чыгат. Космоско чыккан адам кайтып келгенде, эгиз бир тууганы андан бир топ улгайган болот. Мунун себеби – космосто саякатта жүргөн бир тууганы үчүн убакыттын жай агышы. Дагы бир мисал: ылдамдыгы жарык ылдамдыгынын 99%ына жакын болгон бир ракета менен космоско саякатка чыккан «бир атанын жашы 27, дүйнөдө калган уулунун жашы 3тө болсо, 30 дүйнө жылынан кийин ата дүйнөгө кайтканда, уулу 33 жашта, атасы болсо 30 жашта болот».135

izafiyet

1. İkizlerden bir tanesi, ışık hızına yakın bir hızda uzaya doğru hareket ederken diğeri Dünya'da kalır.

2. Teleskoptan Dünya'daki ikizlerden biri, uzaya giden ikizin kendisinden daha genç göründüğünü gözlemler.

3. İkizlerden roketle giden, Dünya'ya döner. Dünya'daki ikizi yaşlanmıştır. Roketle giden ise daha gençtir.

4. Einstein'in ikiz paradoksuna göre, ikiz kardeşlerden biri Dünya'da kalırken, diğeri ışık hızına yakın bir hızda uzay yolculuğuna çıkar. Uzaya çıkan kişi, geri döndüğünde ikiz kardeşini kendisinden daha yaşlı bulacaktır. Bunun nedeni, uzayda seyahat eden kardeş için zamanın daha yavaş akmasıdır.

5. Işık hızı = 300 000 km/sn

Убакыттын салыштырмалуулугу сааттардын жайлашы же ылдамдашынан эмес, бүт заттык системанын субатомдук деңгээлиндеги бөлүкчөлөргө чейин ар кандай ылдамдыктарда иштешинен келип чыгат. Убакыт кыскарган космос сыяктуу бир чөйрөдө адам денесиндеги жүрөк согуулары, клетканын бөлүнүшү, мээ иш-аракеттери сыяктуу процесстер жай иштейт. Ошентип адам убакыттын жайлаганын эч сезбестен күнүмдүк жашоосун улантат.

Элементардык бөлүкчөлөр физиги Др. Джим аль-Халилинин бир радио программасында айткандары мындай:

Эйнштейндин салыштырмалуулук теорияларынын экөө тең келечекке сапарга мүмкүндүк берүүдө. Негизи муну эксперимент аркылуу да далилдедик. Мунун бир жолу абдан ылдам саякат кылуу; бир рокетага түшүп, жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдыкта жүрүп, кийин кайра келесиз. Абдан бат жүргөнүңүз үчүн саатыңыз жай иштейт. Рокетадагы саатыңыз боюнча эгер бир жыл жүрсөңүз, бул дүйнө сааты боюнча балкис 10 жыл болот. Ошентип негизи 9 жыл алдыга кеткен болосуз. Келечекке саякат кылуунун экинчи жолу – абдан чоң бир жылдыздын орбитасында жүрүү. Эгер бир жыл бою ушундай кылсаңыз, дүйнөгө кайра кайтып, дүйнөдө 10 жыл өткөнүн көрө аласыз. Ошентип эки формада да келечекти көздөй жасалган убакыт саякаты мүмкүн.136

Аль-Халили убакыт түшүнүгүн болсо мындайча түшүндүрөт:

Бул өтмүш, ушул учур жана келечектин баары бир учурда бар деген мааниге келет. Өтмүштү келечектен бөлүүчү бир учур чак жок. Бүт убакыттар бир убакта бар, бир убакыт гана бар. Ошондуктан келечек да болуп бүткөн. Муну түшүнүүнүн жалгыз жолу – бул үч өлчөмдүү космосту бир өлчөмдүү убакыт менен бириктирүү жана төрт өлчөмдүү космос-убакыт түшүнүгүнүн пайда болушу.137

Убакыттын өтүшү биз үчүн жаратылган бир сезим гана. Аны ушундайча кабылдаганыбыз үчүн кылгандарыбызды бир убакыт периоду ичинде ишке ашып жатат деп ойлойбуз. Чынында болсо дайыма ушул «көз ирмемде» жашап жатабыз. Өткөн убакыт түшүнүгү бир элес (кыял).

Сөз болгон радио программасында алып баруучунун жоромолуна карата кабылдоо жөнүндөгү эмгектери менен сансыз сыйлыктарды алган Оксфорд университетинин математик физиги Роджер Пенроуздун жообу мындай болгон:

Алып баруучу: Убакыт өтүп жатат деген субъективдүү бир сезимде болобуз. Бирок физиктер муну бир иллюзия гана дешүүдө.

Роджер Пенроуз: Ооба, менимче, физиктер убакыт өтүп жатат деген сезимдин бир иллюзия гана экенине, б.а. чыныгы эмес бир нерсе экенине баары кошулат. Бул биздин кабылдоолорубуз менен байланыштуу бир нерсе.138

Мынчалык маанилүү бир чындыктын кантип биздин ойубузда бир элес (кабылдоо) катары ишке ашаарын жана кантип бүт убакыттардын жалгыз бир убакыт түшүнүгү ичинде экенин, албетте, биз түшүнө албайбыз. Себеби биз Аллах бизге билдиргенчелигин түшүнүп, Ал таанытканчалыгын гана биле алабыз. Андан тышкары баары биздин кабылдообуздун жана түшүнүгүбүздүн тышында. Албетте, убакытты бир элес катары жаратуу, чынында бар болбогон бир түшүнүк ичинде өтмүш, ушул учур жана келечекти пайда кылуу Аллах үчүн абдан оңой. Себеби Аллах убакыттын сыртында. Аллах убакытты жараткан, бирок Өзү убакыттан көз-каранды эмес. Биз өтмүш же келечек катары кабылдаган бүт окуялар Аллахтын Улуу Эстутумунда ансыз да бар. Булардын баары жалгыз көз ирмемде жаратылууда. Ошондуктан келечектеги бүт окуялар негизи бир көз ирмемде жаратылган жана азыр да бар. Бирок биз убакыттан көз-каранды болгондуктан, аларды азыр көрө албайбыз.

Биз өтмүш деп кабылдаган бүт окуялар, бир адамдын мектепте аттестат алышы, алгачкы машина айдашы Аллахтын чексиз эстутумунда сакталуу турган сыяктуу, келечекте жолдо баратып бутубуз чатыша турган кичинекей таш да Аллахтын эстутумунда белгилүү. Себеби Аллах бүт бул окуяларды жалгыз көз ирмемде жараткан.

Канон Дэвид Браун (Ca¬non Da¬vid Brown) бул жөнүндө мындай дейт:

Аллах чынында эле убакыттын тышында. Демек Аллах үчүн «мурда» деген бир түшүнүк жок. Ал биздин дүйнө жашообуздун ар бир көз ирмеминде бир убакта бар.139

Аллах бир жандыктын ар бир абалын көрүп, билип турат. Ал алардын баарын жараткан. Бир адамдын басып өткөн бир метр квадраттык жерин, көргөн сүрөттөлүштөрүн, ал көз-каранды болгон убакытты дайыма Аллах билип, башкарып турат. Аллах бир аятында мындайча буюрат:

Сен ичинде болгон ар кандай абал, Ал жөнүндө Курандан окуган бир нерсе жана силер жасаган ар кандай иш болсун, силер ал ишке (абдан) берилип жасап жатканыңарда, Биз силердин үстүңөрдө күбө болуп турабыз. Жерде жана асманда тырмактай болгон эч бир нерсе Раббиңден алыста (жашыруун) калбайт. Мындан кичинекейирээги да, чоңураагы да баары китепте (жазылуу). (Йунус Сүрөсү, 61)

Убакыт Сыяктуу Мейкиндик Да Бир Элес

Einstein

Эйнштейн, теориясын чыгарып жатканда, жарык ылдамдыгынын ааламдык бир туруктуу экенин бир чындык катары кабыл алды. Канчалык ылдам жүрбөңүз, жарык ылдамдыгы дайыма туруктуу эле жана 99% жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдык менен жүрсөңүз да жарык сизден секундасына 186282 миль (299791 км) ылдам бараткан болмок. Бул ылдамдыкка жетүү мүмкүн эмес эле. Эйнштейндин эсептөөлөрү боюнча, байкоочунун ылдамдыгы чоңойгондо убакыт жайлайт жана мейкиндик (кыймылдын багытына жараша) кысылат. Жарык ылдамдыгына жараша өзгөргөн бул түшүнүктөр адамга жараша өзгөрүү менен абсолюттук эмес экенин далилдешкен.

Питер Рассел болсо муну мындайча түшүндүрөт:

... Сиз канчалык бат кыймылдабаңыз, дайыма жарык ылдамдыгын секундасына 186282 миль деп табасыз – Майкельсон жана Морли тапкан сыяктуу. Ал тургай секундасына 186281 миль ылдамдыкта баратсаңыз да, жарык сизден болгону секундасына 1 миль батыраак бараткан болбойт, дагы эле 186282 миль ылдамдыкта бараткан болот. Жарык ылдамдыгына бир аз да жакындай алган эмес болосуз.

Бул толугу менен акылга сыйгыс. Бирок бул мисалда бул жерде «акыл» туура эмес. Биздин оюбуздагы реалдуулук модельдерибиз ылдамдыктары жарык ылдамдыгынан бир топ төмөн күнүмдүк тажрыйбаларыбыздан турат. Жарык ылдамдыгына жакын бир ылдамдыкта реалдуулук такыр башкача.140

Эйнштейн космос жана убакыт деп кабыл алган нерселерибиздин убакыт-мейкиндик бүтүнүнүн бир бөлүгү экенин көрсөткөн. Ошондуктан убакыт жана мейкиндик түздөн-түз кабылдоого жараша жаратылууда. Ушундайча салыштырмалуу жашалган бир дүйнөнүн бөлүгү абалына келишет. Дүйнөнүн ойдогу сүрөттөлүшүн пайда кыла алуу үчүн убакыт жана мейкиндик кабылдоосу керек. Бирок булар чыныгы реалдуулукту көрсөтөт дегенибизде жаңылабыз. Себеби сырттагы чыныгы мейкиндик түшүнүгүн эч качан көрүп, биле албайбыз.

Einstein

Gözlemcinin hızı artarken, zaman yavaşlamakta, mekan da hareketin yönüne göre büzülmektedir. Einstein, uzay ve zaman olarak kabul ettiğimiz şeylerin zaman-mekan bütününün bir parçası olduğunu göstermiştir. Dolayısıyla zaman ve mekan, doğrudan algıya bağlı olarak yaratılmaktadır.

Фред Алан Вольф бул жөнүндө мындай дейт:

Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча, зат убакыт менен мейкиндиктен көз-карандысыз боло албайт. Эгер булардын кайсы бири –зат, мейкиндик же убакыт – кем болсо, баары кем. Зат болушу үчүн мейкиндик болушу керек, убакыт болушу үчүн зат болушу керек жана мейкиндик болушу үчүн болсо убакыт болушу керек. Булардын баары бир-биринен көз-каранды.

Демек, эгер убакыт көп философтор айткандай бир элес, бир иллюзия эле болсо, анда зат менен мейкиндик да ошондой эле элес. Кванттык физиканын Копенгаген жоромолу боюнча, затты көргөн бирөө болмоюнча, зат да бар боло албайт.141 (басым оригиналына тиешелүү)

Заттын сезүү органдарыбыз аркылуу гана кабылданышы, б.а. элес болушу заттык бир түзүлүшкө ээ мейкиндик түшүнүгүн да жок кылууда. Мейкиндикти биз сыртта катары кабылдайбыз, чынында болсо өтмүштө бар болгон бир жерди элестеткенибизде мейкиндик бүтүндөй мээбиздин ичинде. Негизи сыртта бар деп ойлогон бир жерди караганда да, аны элестетип жатканда да мейкиндик түшүнүгү мээнин ичинде гана пайда болот. Алдыбызда турат деп ойлогон бөлмө мээбизде пайда болгон бир иллюзия, бир элес.

Питер Рассел бул элес жөнүндө мындай дейт:

Эйнштейндин эмгектери ошол эле учурда убакыт жана мейкиндиктин абсолюттук эмес экенин көрсөттү. Булар байкоочунун кыймылына жараша өзгөрөт. Эгер сиз мага караганда батыраак бассаңыз жана экөөбүз тең эки окуя арасындагы аралык менен убакытты өлчөсөк, -мисалы көчөнүн бир башынан экинчи башын көздөй бараткан машинаны – сиз машинаны мен байкагандан жакыныраак жерде жана азыраак убакытта жылып баратканын байкайсыз. Тескерисинче, сиздин көз-карашыңыз боюнча эгер мен сизден батыраак бассам, сиздин таянган аралыгыңызга салыштырмалуу мен сизден азыраак мейкиндик жана убакытты байкайм. Кызыктай ээ? Ооба. Биздин түшүнө алышыбыз дээрлик мүмкүн эмес. Бирок сансыз эксперимент мунун чындык экенин көрсөттү. Биздин жалпы убакыт жана мейкиндик түшүнүктөрүбүз туура эмес. Булар да мээбизде (оюбузда) пайда болот жана сырттагылардын кемчиликсиз бир моделин пайда кылышпайт.142

Эйнштейн бул сөздөрүнөн соң андан да алга жылып заттын бир энергия формасы катары гана бар экенин көрсөттү. Мунун математикалык формуласы болсо атактуу E=mc2 теңдиги болду.143 Массасы бар нерсе бир энергия формасы катары гана бар эле. Питер Рассел бул жөнүндө мындай дейт:

Масса деген сөз да анык эмес. Жалпы салыштырмалуулук теориясы боюнча, Эйнштейн масса менен ылдамдыкты айырмалоо мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Лифттин ичиндеги бир адам лифттин ылдамдыгы төмөн көздөй өскөн сайын өзүн жеңилирээк сезет. Токтоо үчүн ылдамдыгын азайтканда болсо оор сезет. Бул бир иллюзия эмес, таразалар да салмагыңыздын өзгөргөнүн көрсөтөт. Биз масса катары сезген нерсе бутубуздун астындагы жер пайда кылган басым... Эйнштейн боюнча, биз тынымсыз жайлайбыз жана муну масса катары сезебиз. Орбитадагы бир астронавт космос унаасынын терезесин сүзүп убактылуу бир жайлоо сезмейинче, массаны сезбейт.144

izafiyet

1. Işık hızı = 300 000 km/s

2. Işığın hızı sabittir.

3. Motosikletteki polisin, hız yapan bir arabaya yetiştiğini düşünün.

4. Newton'a göre, arabanın sürücüsü, polisin perspektifinden sabit görünecektir.

5. Eğer siz bu görüntüyü kaldırımdan izlerseniz...

6. Polisin hikayesi, kaldırımdan olayı seyreden sizinkinden nasıl bu kadar farklı olabiliyor? Bunun cevabı şudur: Zaman, polis için yavaşlamıştır.

7. Şimdi arabayı ışık ışını ile değiştirelim.

8. Eğer polis ışık hızına yakın bir hızda hareket etseydi, onu neredeyse ışık hızına yaklaşıyor gibi görebilirdiniz. Ama daha sonra ona sorduğunuzda, ne kadar hızlanırsa hızlansın ışık ışınının klasik ışık hızında önden ilerlediğini söyleyecektir.

9. Newton'a göre, zaman bütün evrende sabittir. Mars'taki bir saniye Dünya'daki bir saniye ile aynıdır.

10. Ama Einstein'a göre, zaman farklılaşır. Siz daha hızlı hareket ettiğinizde, zaman daha yavaş ilerler. Dünya'daki bir saniye uzayın herhangi bir yerindeki bir saniye ile aynı değildir.

Куранда Кабар Берилген Убакыттын Салыштырмалуулугу

Илим 20-кылымда тапкан убакыттын салыштырмалуулугу Куранда 1400 жыл мурда билдирилген.

Мисалы, Аллах көп аятында дүйнө жашоосунун абдан кыска экенине басым жасайт. Бир адамдын орточо өмүрүнүн «күндүн бир саатындай» кыска экенин Раббибиз аяттарда мындайча билдирет:

Силерди чакыра турган күн Ага мактоо айтуу менен жооп бересиңер жана (дүйнөдө) абдан аз убакыт турдук деп ойлойсуңар. (Исра Сүрөсү, 52)

Күндүздүн бир саатынан башка эч өмүр сүрбөгөн сыяктуу аларды бир жерде топтой турган күндө алар бир-бирлерин таанышат... (Йунус Сүрөсү, 45)

Кээ бир аяттарда болсо убакыттын адамдар ойлогондон бир топ кыска экенин Аллах мындайча билдирет:

Айтты: «Жыл санагы менен жер бетинде канча болдуңар?» Айтышты: «Бир күн же бир күндүн бираз бөлүгүчөлүк болдук, эсептегендерден сура.» Айтты: «Аз (убакыт) гана болдуңар, чындыгында билген болгонуңарда.» (Мүмин Сүрөсү, 112-114)

Куранда башка аяттарда болсо ар кайсы чен-өлчөмдө убакыттын ар башка ылдамдыкта өтөөрү кабар берилет. Мисалы, Аллах Кабатындагы бир күндүн адамдардын миң жылына барабар экени айтылат (Хаж Сүрөсү, 47). Бул жөнүндө башка аяттар мындай:

Периштелер жана Рух (Жабраил) Ага узундугу элүү миң жыл болгон бир күндө чыгышат. (Мераж Сүрөсү, 4)

Асмандан жерге (чейинки) ар бир ишти Ал курчап жөнгө салат. Кийин (иштер) силер санап жаткан миң жылга тете бир күндө кайрадан Ага көтөрүлөт. (Сежде Сүрөсү, 5)

Аллах Куранда баяндалган момундардын (мүмин) тобу болгон Кехф эхлин (үңкүр кишилерин) үч жүздөн ашык жыл бойу терең уйку абалында калтырган. Андан кийин ойготкондо, бул кишилер абдан аз убакыт уктадык деп ойлошкон, канча уктаганын биле алышкан эмес:

Ушундайча үңкүрдө жылдар бойу алардын кулактарына урдук (терең бир уйку бердик). Кийин эки топтон кайсынысынын канча тургандыктарын жакшыраак эсептээрин көрсөтүү үчүн аларды ойготтук. (Кехф Сүрөсү, 11-12)

«Ушундайча, бири-биринен сурашсын деп аларды тирилттик (ойготтук). Араларынан бир сүйлөөчүсү айтты: «Канча турдуңар?» Айтышты: «Бир күн же күндүн бир (канча сааттык) бөлүгүнчөлүк турдук.» Айтышты: «Канча турганыңарды (болгонуңарды) Раббиңер жакшыраак билет...» (Кехф Сүрөсү, 19)

Төмөнкү аятта баяндалган бир окуя да убакыттын чындыгында психологиялык бир кабылдоо экендигинин маанилүү бир далили:

Же асты үстүнө айланган, эч ким жашабаган бир шаарга жолуккан сыяктууну (көргөн жоксуңбу?) Айтты эле: «Аллах бул жерди өлүмүнөн кийин кантип тирилтет болду экен?» Буга жооп катары Аллах аны жүз жыл өлүү абалда койду, кийин аны тирилтти. (Жана ага) Айтты: «Канча болдуң?» Ал: «Бир күн же бир күндөн аз болдум» деди. (Аллах ага:) «Жок, жүз жыл болдуң (уктадың), бирок тамагыңды жана суусунуңду кара, али бузула элек; эшегиңди бир кара; сени инсандарга өрнөк-далил кылуубуз үчүн (муну мындай кылдык). (Эшектин) Сөөктөрдү кара кандайча аларды бириктиргенибизди, кийин аларга эт кийгизгенибизди? деди. Ага (кишиге) баары белгилүү болгондон кийин ал айтты: «(Эми) Чындыгында Аллахтын бардык нерсеге күчү жете турган экендигин билем.» (Бакара Сүрөсү, 259)

Бул аяттар убакыттын салыштырмалуу экенин, абсолюттук эмес экенин апачык кабар берүүдө. Б.а. убакыт кабылдоого жана кабылдаганга жараша өзгөрөт жана бул чындык 14 кылым мурда Куранда кабар берилген.

Тагдырдын Бар Экени Жана Илимий Далилдери

time

Allah Katında, evrenin yaratılış anından, evrenin son bulacağı kıyamet saatine kadar olan her olay yaşanmış ve bitmiştir. Allah, zamana ve mekana tabi değildir. Zamanı ve mekanı yaratandır. Tüm olaylar, O'nun Katında "tek bir an"dır. Geçmiş ve gelecek, ha-zır olarak daima Allah'ın karşısındadır ve O'nun belirlediği şekilde gelişir.

Эч шексиз, Биз бүт нерсени бир тагдырга ылайык жараттык. (Камер Сүрөсү, 49)

Эгер бүт окуялар бир көз ирмемде жаратылып жатса жана биз булардын баарын бир убакыт элеси ичинде көрүп гана жаткан болсок, анда бүт бул окуялардын башын, аягын билген, убакыттан көз-карандысыз, биз жашап жатканда аларды көргөн жана ошондуктан булардын баарын жараткан бир Жаратуучу бар деген жыйынтыкка барабыз. Биз үчүн сүрөттөлүштү, үндү, даамды, кыскасы тышкы дүйнөнү жана убакыт элесин жараткан бул Жаратуучу бүт жараткандарын, булардын бүт абалдарын жана ар көз ирмемин билип, аларды дайыма көрүп жаткан болушу керек. Булардын баарын жараткан, кабылдаткан, оюубузга көрсөткөн Улуу Жаратуучу булардын баарын дайыма башкарып турушу керек. Бүт нерсенин жаратуучусу болгон Улуу, Кудуреттүү Улук Зат – бул ааламдардын Рабби Аллах. Аллахтын бүт нерсе, жандыктардын ар абалын жаратышы жана билиши болсо бизге тагдыр чындыгын көрсөтөт.

Биз үчүн миллиарддаган жылга созулган бир убакыт аралыгы Аллах Кабатында «бир көз ирмем». Биз үчүн келечекте боло турган нерсе Аллах Кабатында болуп бүткөн. Биз келечекти кабылдаган убакыт түшүнүгүбүзгө жараша көрөбүз. Бирок биз көрүү үчүн күтүшүбүз керек болгон бир окуя Аллах Кабатында ансыз да бар. Биз келечекте болот деген окуялардын баары убакытсыздык чен-өлчөмүндө ансыз да болуп бүткөн.

Аллах Кабатында ааламдын жаратылганынан аалам бүтө турган кыяматка чейин болгон бүт окуялар жашалып, бүткөн. Кээ бир адамдардын тагдыр чындыгын жакшылап түшүнө албашынын эң негизги себеби – мына ушуну билбешинде. Чынында болсо, «боло элек окуялар» биздин кабылдоо дүйнөбүздө гана боло элек. Аллах болсо убакыт менен мейкиндиктен көз-каранды эмес. Убакыт менен мейкиндикти жоктон Ал жараткан. Аллах бир окуянын натыйжасын көрүү үчүн күтүүгө муктаж эмес. Окуянын башы да, аягы да Анын Кабатында бир көз ирмемде болот. Өтмүш менен келечек даяр абалда Аллахтын дайыма алдында жана Ал каалагандай болот.

BBC радиодогу бир программада Др. Джим Аль-Халили бул чындыкты мындайча түшүндүрөт:

Эгер бул төрт өлчөмдүү космос/убакытты чыныгы маанисинде алсаңыз, анда эркин эркиңизди ташташыңыз керек. Бул бир эле келечектин алдын ала аныкталганын эмес, ошол эле учурда келечектин даяр абалда ал жерде экенин, болуп бүткөнүн айтууда. Чечим алуунун бир мааниси жок, эмне гана кылбаңыз, ал ансыз да мурда эле болуп бүткөн. Эгер көлгө бир таш ыргыткым келсе, муну өзүмдүн эркин эрким менен кылдым деп ойлойм. Бирок албетте төрт өлчөмдүү космос убакытта ал ташты көлгө ыргытуудан башка бир тандоом жок; суунун келечектеги үнү ансыз да ал жерде жана биз эркин эркибизди жоготкон абалдабыз.145

Ушул эле программанын коногу Роджер Пенроуз болсо берилген бул маалыматтарды мындайча жыйынтыктайт:

Демек бир жагынан караганда, келечек менен өтмүш ал жактарда бир жерлерде. Бул ошол эле учурда бизге детерминистикалык бир дүйнө көз-карашын берет. Келечекте боло тургандарды биз эч өзгөртө албайбыз, себеби баары бир планга жараша мурда эле аныкталган.146

Адам өмүр бою ал үчүн аныкталган тагдырга күбө болот. Бүгүнкүгө чейин жашаган жана бүгүндөн кийин жашай турган бүт адамдардын жашоолору бүт көз ирмемдери менен бирге Аллах Кабатында даяр жана жашалган абалда турат. Аллахтын чексиз «эсинде» миллиарддаган адам менен бирге бүт жандыктардын, планеталардын, өсүмдүктөрдүн, буюмдардын тагдырында жазылуу окуялар да эч кемибестен же жоголбостон турат. Тагдыр чындыгы Аллахтын Хафыз (Сактоочу, Коргоочу) сыпатынын, чексиз күчүнүн, кудуретинин жана улуулугунун чагылууларынын бири.

Cocuklar Sahil Kum Mavi Deniz

Yüce Allah, bizim için görüntüyü, sesi, tadı, kısacası dış dünyayı ve zaman algısını yaratan ve tüm var ettiklerini, bunların varlıklarının tüm durumlarını bilendir. Her şey O'nun kontrolündedir. Allah'ın, tüm varlıkların her durumunu yaratması ve bilmesi, bizlere kader gerçeğini gösterir.

Фред Алан Вольф адамдын өтмүш жана келечегинин мурда эле аныкталганын төмөнкүчө айтат:

Бир тарых бир башталыш, бир бүтүү окуясынан көз-каранды болгону менен, тарыхты ал ишке ашып жатканда билгендей эстейбиз.

Башкача айтканда, тарых болуп жатканда, муну жашап жаткандай көрүнөбүз. Муну «жандуу» бир аңгемеге айлантабыз. Булагы (өтмүшүбүз) жана биздин алдыбыздагы акыркы аялдамасы (келечегибиз) мурда эле бар болгон бир дарыянын ичинде жашап жатабыз.147

Адам дайыма аны жараткан Аллахтын башкаруусунда жана Анын ал үчүн аныктагандарын кылууда. Аллах бул чындыкты аятында мындайча билдирет:

Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде пайда болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Шек жок, бул – Аллах үчүн абдан жеңил. (Хадид Сүрөсү, 22)

Тагдырга Моюн Сунуу

Бүт адамдар билиши керек болгон маанилүү бир чындык бар. Ар бир адам өз тагдырына сөзсүз моюн сунган абалда. Муну өзгөртө ала турган Аллахтан башка эч бир күч жок. Ар адамдын башынан өткөргөн жана келечекте өткөрө тургандарынын баары Аллах Кабатында белгилүү жана ал адам өз келечегин эч өзгөртө албайт. Бир мүнөттөн соң колунан түшө турган калемди да, жыйырма жылдан соң терисинде пайда боло турган тырыштарды да, 15 жылдан соң көрө турган киносун да бүт детальдары менен бирге Аллах билип турат. Кандай адамдар менен таанышаары, канча акча табаары, кандай ооруларга чалдыгаары, эмнелерге кубанаары жана каерде жана кантип өлөөрү өз тагдырында жашалган абалда турат. Буларды адамдын өзүнүн билбешинин себеби – булардын азырынча эсинде жок болушу.

Ошондуктан бир окуяга кайгыруу, «эмне үчүн мындай болбоду» деп ойлоо, «аттиңдер» менен башталган бушаймандык жана кайгыга толо сөздөрдү айтуу, ачуулануу, ач көздөнүү, сабырсыздануу мындай адам үчүн керексиз жана маанисиз. Себеби кайгырышына же ачууланышына себеп болгон окуялардын баары Аллахтын башкаруусунда. Буларды адамдын тагдырында ушундай кылып жараткан Аллах жана адамдын тагдырынан тышкары, башка бир жол, башка бир ыктымалдык жок.

çiçek

Her kişi, kayıtsız şartsız kendi kaderine teslim olmuş durumdadır. Her insanın, yaşadığı ve yaşayacağı her şey, Allah'ın Katında bellidir ve o insanın kendi geleceği üzerinde hiçbir kontrolü yoktur. İşte bu nedenle, en doğru olan, kişinin kadere tabi olduğunu bilip Allah'a teslim olmasıdır.

Туура эмес бир көчөгө киргени үчүн жол кырсыгына кабылган бир адамдын кетирген катасынан улам кайгырышынын эч мааниси жок. Убакыт артка кайтарылса, кайра эле ошол көчөгө түшөт жана ошол эле кырсыкка туш болот. Ошондуктан «аттиң ошол көчөгө кирбегенде» дегендей сөздөр бул чындыкты билбестиктен келип чыккан натыйжасыз сөздөр болот. Бир дүкөндө акчасын уурдаткан бир адамдын «аттиң ошол дүкөнгө кирбегенимде» же «аттиң акчамды чөнтөккө салганымда» сыяктуу ойлорго келиши да ошол сыяктуу бир чара болбойт. Себеби ал адамдын ал дүкөнгө кирүү, ал акчаны чөнтөгүндө алып жүрүү жана уурдатуудан башка бир ыктымалы жок. Тагдырында адамдын өзү белгилүү убакта белгилүү жерге баруу жана акча болсо уурдалуу үчүн жаратылган. Миң жолу өтмүшкө кайтса, миң жолу тең ал акча сөзсүз уурдалат. Же адамдын башына келген кубанычтуу бир окуя, жеткен бир ийгилиги да тагдырында. Бул ийгиликти, бул кубанычтуу учурду тагдырында болгону үчүн сөзсүз жашайт.

Кээ бир адамдар бул чындыкты кабыл алгысы келбейт. Профессор Роджер Пенроуз андай адамдар жөнүндө мындай дейт:

Менимче адамдардын бул пикирге каршы чыгышынын себеби келечек белгилүү бир даражага чейин биздин колубузда деп ойлошунда. Бирок бул боюнча, эгер келечек белгиленген болсо, анда сиздин колуңузда (башкарууңузда) эмес дегенди билдирет.148

Адамдар жашоосунун өз башкаруусунда болушун каалагандыктан, тагдыр чындыгын жокко чыгарышат. Бирок мындай кылуу менен чоң жаңылыштык кылышат. Себеби адам, кааласа да каалабаса да, кабыл алса да кабыл албаса да, өз тагдырын жашайт. Адамдын жокко чыгаруусу да анын тагдырында.

manzara

Allah sana bir zarar dokunduracak olsa, O’ndan başka bunu senden kaldıracak yoktur.
Ve eğer sana bir hayır isterse O’nun bol fazlını geri çevirecek de yoktur. Kullarından dilediğine bundan haber ettirir. O, bağışlayandır, esirgeyendir.
(Yunus Suresi, 107)

…Allah’ın emri, takdir edilmiş bir kaderdir.
(Ahzab suresi, 38)

Бул жерде бир нерсени эске салуу туура болот: тагдырга моюн сунуу менен жашоо абдан чоң бир жыргалчылык жана чоң бир бейпилдик. Адам окуялар менин колумда деп ойлогондо чоң паникага жана азапка туш болот. Себеби келечектеги ар бир көйгөй, ар бир маселе өз жоопкерчилигимде деп ойлоп, ар бир окуянын жоопкерчилигин өз мойнунда сезет. Кыйынчылыктарды өз башымча чечишим керек дейт. Окуялардын жүрүшүндөгү жакшылык сырларды көрө албайт, кыйынчылыктардан абдан коркот. Жеткен жеңиштерин өз ийгилигим деп ойлоп көбөт жана бул текебердик сезими ага дүйнөдө жана акыретте абдан чоң бир зыян алып келиши мүмкүн. Башына келген кыйынчылыктар болсо аны барган сайын бир үмүтсүздүккө, боштукка жана азапка түртөт.

Ал эми ар бир окуянын Аллах белгилеген бир тагдырга жараша болуп жатканын билүү жана кандай болсо да бүт окуялардын жакшылык менен жаратылганына ишенүү адам жете алчу эң чоң жыргалдардын бири. Аллах белгилеген тагдырга моюн сунуп жашоо Аллахтын ыраазы болуу жана Ал белгилеген ар бир окуяга чын көңүлдөн моюн сунуу маанисине келет. Адам эми окуяларды өзү башкарып жаткандай болгон сезимден кутулуп, кыйынчылыктардан алыстайт, жашап бүткөн окуяларды жашап жатканын билет жана мунун бейпилдигин, бакытын жашайт. Аллахтын бүт нерсени бир жакшылык менен жаратканын билген бир адам үчүн тагдырга моюн сунуу абдан чоң бир жыргал. Себеби азап, кыйынчылык сыяктуу көрүнгөн окуялар да аягында чоң жакшылыктарга себеп боло турган сонун окуялар.

Тагдыр түшүнүгүн түшүндүрүп жатканда маанилүү бир жагдайга сөзсүз токтолуу керек. Кээ бир адамдар бүт баары тагдырда аныкталган деген чындыкка жашынып, эч нерсе кылуунун кереги жок деп ойлошот. Бирок бул абдан туура эмес бир тагдыр түшүнүгү болот. Бүт окуялардын тагдырыбызда белгилүү экени бир чындык. Биз али ал окуяны жашай электе ал окуя Аллах Кабатында болгон жана бүт маалымат бүт детальдары менен Аллах Кабатындагы Левхи Махфуз аттуу китепте жазылуу. Бирок Аллах ар бир адамга окуяларды өзгөртүү, өз чечим жана тандоосуна жараша кыймыл-аракет кылуу мүмкүнчүлүгү бардай бир сезим берет. Мисалы, бир адамдын суу ичкиси келгенде бул үчүн «тагдырымда болсо ичем» деп күтүп отурбайт. Ал үчүн ордунан туруп, чыныны алат жана сууну ичет. Чындап эле тагдырында аныкталган чыныда жана аныкталган көлөмдөгү сууну ичет. Бирок муну кылып жатканда өз каалоом менен кылып жатам деген сезимде болот. Өмүр бою кылган ар бир ишинде ушундай сезимде болот. Аллахка жана Аллах жараткан тагдырына моюн сунган бир адам менен бул чындыкты түшүнө албаган бир адам арасындагы айырма мындай: моюн сунган адам өзүм кылып жатам деген сезимде болсо да, алардын баарын Аллахтын каалоосу менен кылганын билет. Берки адам болсо ар бир кылганын өз акылым, өз күчүм менен жасадым деп ойлоп жаңылат.

Einstein

Мисалы, бир оорусу бар экени аныкталган моюн сунган бир адам мунун тагдырында экенин билгендиктен, абдан тобокелдүү мамиледе болот. «Аллах муну тагдырымда жаратты, демек сөзсүз чоң бир жакшылык бар» деп ойлойт. Бирок «кандай болсо да тагдырымда айыгуу болсо айыгам» деп чара көрбөстөн күтүп отурбайт. Тескерисинче мүмкүн болгон бүт чараларды көрөт. Докторго барат, тамагына көңүл бурат, дарыларын ичет. Бирок барган докторунун, доктору жасаган дарылоонун, ичкен дарыларынын, алардын ага канчалык таасир берээринин, айыгып айыкпашынын, кыскасы бүт баарынын тагдырында экенин унутпайт. Булардын баарынын Аллахтын эсинде, ал төрөлө электе эле даяр турганын билет.

Аллах бул чындыкты аяттарында кабар берген:

Силерди ылайдан жараткан, анан бир ажал белгилеген Ал (Аллах). Белгиленген ажал Анын Кабатында. Анан силер (дагы эле) күмөн кылып жатасыңар. (Энъам Сүрөсү, 2)

«... Аллахтын буйругу белгиленген (тагдыр кылынган) бир тагдыр». (Ахзаб Сүрөсү, 38)

Аллах башка бир аятында болсо «Эч шексиз, Биз бүт баарын тагдыр менен жараттык.» (Камер Сүрөсү, 49) деп буюрууда. Адамдардын эле эмес, бүт жандыктардын, буюмдардын, күндүн, айдын, тоолордун, дарактардын, бүт нерсенин Аллах Кабатында аныкталган бир тагдыры бар. Мисалы, сынган бир антикалык ваза тагдырында белгиленген учурда сынган болот. Бир канча кылымдык бул ваза башында жасалып жатканда эле кимдердин колдоноору, кайсы үйдүн кайсы бурчунда, кайсы буюмдар менен бирге тураары белгилүү абалда жасалат. Вазанын ар бир кештеси, бетиндеги ар бир түс тагдырда мурдатан белгиленген. Вазанын кайсы күнү, кайсы саат, кайсы мүнөттө, ким тарабынан кантип сынаары да Аллахтын эсинде жашалган бойдон турат. Ал тургай, ваза алгач жасалган учур, алгачкы жолу сатылуу үчүн витринага коюлган учур, бир үйдүн бурчунда турган учур жана сынып талкаланган учур, кыскасы, антикалык вазанын кылымдар бою ар бир учуру Аллах Кабатында бир көз ирмем катары турат. Вазаны сындырган киши бир канча секунда мурда да муну билбесе, Аллах Кабатында ал көз ирмем болгон жана белгилүү. Ушул себептен Аллах адамдарга колунан чыккандарга кайгырбашын билдирет. Себеби колунан чыккандар тагдырында чыккан жана ал адамдардын муну өзгөртүүгө күчү жок. Бирок адамдар тагдырындагы окуялардан бир сабак алышы, алар менен тарбияланып, ал окуялардагы терең сыр жана жакшылыктарды көрүп, дайыма тагдырын жараткан чексиз мээримдүү, боорукер, адилеттүү, кулдарын коргоочу Раббибизге багытталышы керек.

Бир адамдын эмбрион абалы да, алгач тамга тааныган кези да, 35 жаш туулган күнүн куттуктаган жана кызматынан пенсияга чыккан кези да Аллах Кабатындагы китепте белгилүү. Адам ал үчүн белгиленген тагдырдан тышкары эч нерсени башынан өткөрбөйт, эч нерсе кыла албайт. Бул маанилүү чындыктан капылет жашаган адамдар өмүр бою дайыма тынчсызданып, коркуп жашашат. Мисалы, балдарынын келечеги жөнүндө абдан көп ойлонушат. Кайсы мектепте окушу, кандай кесипке ээ болоору, ден-соолугунун кандай болоору, кандай өмүр сүрөөрү сыяктуу көп нерселерди ойлоп, тобокелсиздикте болушат. Чынында болсо ар бир адамдын жалгыз клетка абалынан алгачкы тамга тааныган кезине, университет сынагында берген жоопторунан өмүр бою кайсы фирмада эмне иш кылаарына, кайсы кагаздарга канча жолу кол койооруна, каерде жана кантип өлөөрүнө чейин ар бир көз ирмеми Аллах Кабатында белгилүү. Бул окуялардын баары Аллахтын эсинде сакталуу турат. Мисалы ушул учурда ал адамдын эмбрион абалы, башталгыч класстагы учуру, университетте жүргөн кези, 35 жашка чыкканын куттуктап жаткан кези, жумушка кирген алгачкы күнү, өлгөндө периштелерди көргөн кези, жакындары тарабынан көмүлгөн жана акыретте Аллахка сурак берген учурларынын баары бир көз ирмем катары Аллах Кабатында турат.

hayat şeridi

Аллахка чын көңүлдөн өзүн тапшырып, моюн сунгандар Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүүнү үмүт кыла алышат, ошондой эле, дүйнөдө жана акыретте ишеним жана бактылуулук ичинде бейпил өмүр сүрүшөт. Себеби Аллахка моюн сунган, Аллах жараткан тагдырдын өзү үчүн эң жакшысы экенин билген бир адамды кайгырта турган, коркута турган, тынчсыздандыра турган эч нерсе жок. Мындай адам колунан келген бүт аракетин жасайт, бирок бул аракеттин да тагдырында экенин, эмне гана кылбасын тагдырында жазылгандарды өзгөртүүгө күчү жетпешин билет.

Ыймандуу адам Аллах жараткан тагдырга өзүн тапшырат, ошону менен бирге ар окуяда колунан келишинче себептерди жасайт, чара көрөт, окуяларды жакшы жакка бурууга аракет кылат, бирок булардын баарынын тагдыр ичинде ишке ашып жатканын жана Аллахтын эң жакшысын алдын ала аныктап койгонун билип, бейпил болот. Куранда мындай мамилеге мисал катары Аз. Йакуптун балдарынын коопсуздугу үчүн көргөн бир чарасынан сөз кылынат. Аз. Йакуп жаман ниеттүү адамдардын көңүлүн бурбашы үчүн балдарына шаарга башка башка эшиктердин киргиле дейт, бирок мунун Аллах белгилеген тагдырга эч таасир бербешин да аларга эскерткен:

Жана (Аз. Йакуп) айтты: «Эй балдарым, жалгыз бир эшиктен кирбегиле, башка башка эшиктерден киргиле. Мен силерге Аллахтан эч нерсе бере албайм (кетире албайм). Өкүм бир гана Аллахтыкы. Мен Ага тобокел кылдым. Тобокел кылгандар бир гана Ага тобокел кылышсын.» (Йусуф Сүрөсү, 67)

hayat şeridi

Аллах адамдар эмне кылса да тагдырын өзгөртө албашын бир аятында мындайча билдирет:

Кийин кайгынын артынан Аллах силерге (көз ирмемдик) уйку берди. (Ал уйку) силердин араңардан бир тайпаны ороп алды. Дагы бир тайпаны өз жандары кайгыга салып, Аллахка адилетсиздик менен, нааданчасынан күмөн кылып: «Эми бизге иш жок» (жеңилдик) дешти. Айт: «Иш Аллахтын колунда». Алар сага айтпаган нерселерин жүрөктөрүнө катып: «Эгер бул (согуштук) иште биздин пикирибиз эске алынганда, бул жерде өлүп кетпейт элек» дешет. Айт: «Эгер үйүңөрдүн ичинде болсоңор дагы (тагдырында) өлтүрүлүү жазып коюлган киши өлтүрүлө турган жайына келет.» (Муну) Аллах силердин көңүлүңөрдөгүнү сынаш жана жүрөгүңөрдү тазалаш үчүн кылды. Аллах жүрөктөрдөгү сырларды да билүүчү. (Али Имран Сүрөсү, 154)

Аяттан да көрүнүп тургандай, бир адам өлүмдөн качып жакшылык жана ибадат болгон бир иштен качса дагы, эгер ага өлүм жазылган болсо ансыз да өлөт. Ал тургай, өлүмдөн качуу үчүн колдонгон жол жана ыкмалары да тагдырында белгилүү жана ар бир адам тагдырындагы окуяны жашайт. Аллах бул аятта да адамдарга тагдырларында жараткан окуялардын максатынын аларды сыноо жана алардын жүрөктөрүн тазалоо экенин билдирүүдө. Фатыр Сүрөсүндө болсо ар бир адамдын өмүрүнүн Аллах Кабатында белгилүү экени, жатындарга түшкөн наристелердин да Аллахтын буйругу менен экени билдирилет:

Аллах силерди топурактан жаратты, кийин бир тамчы суудан. Кийин силерди жуп жуп кылды. Анын маалыматы болбостон, эч бир аялдын боюнда болбойт жана төрөбөйт да. Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чынында бул Аллах үчүн оңой. (Фатыр Сүрөсү, 11)

Камер Сүрөсүнүн төмөндөгү аяттарында болсо адамдын ар кылганынын сап сап жазылуу экени билдирилүү менен, бейиш элинин жашоосу болуп бүткөн окуялардай баяндалат. Мурда да айтылгандай, бейиштеги чыныгы жашоо биз үчүн келет. Бирок бейиштегилердин жашоосу, маектери, кийимдери ушул учурда Аллахтын эсинде турат. Биз төрөлө электе эле бүт адамзаттын дүйнөдөгү жана акыреттеги келечеги Аллах Кабатында бир көз ирмемде болуп бүткөн жана Аллахтын эсинде сакталуу:

manzara

Алар жасаган бүт нерсе китептерде (жазылуу). Кичинекей, чоң бүт нерсе сап сап (жазылуу). Эч шексиз, муттакилер (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана дарыя (айланасын)да. Абдан кудуреттүү, мүлкүнүн аягы жок (Аллах)тын жанында чынчыл макамында.
(Камер Сүрөсү, 52-55)

Курандын кээ бир аяттарында окуялардын биз үчүн келечекте болоору, бирок Аллах Кабатында болуп бүткөнү кабар берилет. Мисалы, акыретте адамдардын Аллахка сурак берээри билдирилген кээ бир аяттар мурда эле болуп бүткөн окуялардай баяндалат:

Суръа (сур) чалынды, ушундайча Аллах каалагандан башка асмандарда жана жерде болгондор сүзүшүп-кулашты. Кийин ал дагы бир жолу чалынды, эми алар буттарында туруп карап турушат. Жер Раббиңдин нуру менен жаркырады; китеп койулду; пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинди жана араларында чындык (адилеттик) менен өкүм чыгарылды... (Зүмер Сүрөсү, 68-69)

(Чындыктан) Баш тартуучулар (каапырлар) тозокко бөлүк бөлүк айдалышты... (Зүмер Сүрөсү, 71)

... Коркуп- корунгандар болсо бейишке бөлүк бөлүк киргизилди... (Зүмер Сүрөсү, 73)

Буга башка мисалдар болсо мындай:

(Эми) Ар бир напси жанында бир айдоочу жана бир күбө менен бирге келди. (Каф Сүрөсү, 21)

Асман жарылып-талкаланды; эми ал күнү «үлпүлдөп-алсыз болуп калды.» (Хакка Сүрөсү, 16)

Жана сабыр кылганы үчүн бейиш жана жибек менен сыйлады. Ал жерде тактар үстүндө жазданып-сүйөнүшкөн. Ал жерде (ысык) бир күн да, үшүтүүчү бир суук да көрүшпөйт. (Инсан Сүрөсү, 12-13)

Көрө алгандар үчүн тозок да көрсөтүлүп коюлду. (Назиат Сүрөсү, 36)

Эми бүгүн ыйман келтиргендер каапыр болгондорго күлүп жатышат. (Мутаффифин Сүрөсү, 34)

Кылмышкер-күнөөкөрлөр отту көрүштү, эми ичине өздөрүнүн киришээрин да түшүнүштү; бирок андан качуунун эч бир жолун таба алышпады. (Кехф Сүрөсү, 53)

Заттын Чыныгы Жүзү Жана Тагдыр Чындыгы Ыймандуулар Үчүн Чоң Бир Жыргалчылык

Аллахка ишенген, Ага ыйман келтирген жана бүт нерсенин жаратылганын көрө алган адамдар үчүн заттын чыныгы жүзүн билүү чоң бир жыргалчылык. Бул сырды түшүнгөн бир адам үчүн өлүм, акырет, бейиш, тозок сыяктуу темалар түшүнүктүү болуп, «Аллах каерде?», «бейиш тозок каерде?», «бейиш менен тозок азыр барбы?» жана ушул сыяктуу суроолор оңой гана жооптолгон болот. Аллахтын бүт ааламды кандай бир система менен жоктон жаратканы, тынымсыз жоктон жаратып жатканы түшүнүктүү болот. Ал тургай, бул сырдын урматында «качан» жана «каерде» сыяктуу суроолор маанисин жоготот. Себеби чынында убакыт да, мейкиндик да жок. Боло турган окуялар ансыз да болуп бүткөн. Алар үчүн кайгыруу, тынчсыздануу, кыйналуу логикасыз жана маанисиз.

Бул сырларды түшүнүү адамдын жашап жаткан жашоосун бир заматта бир бейиш жашоосу сыяктууга айлантат. Адамдын дүйнөдөгү эң чоң кыйынчылык себеби болгон бүт материалдык тынчсыздануу, куру санаа, шек-күмөн жана коркуулары жоголот. Жалгыз абсолюттук Заттын ааламдардын Рабби Улуу Аллах экени жана Андан башка «эч бир жандыктын чынында бар эмес экени» түшүнүктүү болот. Адам бүт ааламдын жалгыз бир Ээси бар экенин, Анын заттык дүйнөнү каалагандай өзгөртөөрүн жана Ага багытталып, Аны дос кылуу гана керек экенин түшүнөт. Эми ал «ар кандай көз-карандылыктан эркиндикке жеткен абалда» (Али Имран Сүрөсү, 35) Аллахка моюн сунган болот.

Бул улуу сырды түшүнүү дүйнөдө бир адам жете алган эң чоң жыргалдардан.

Аллах адамга эң жакын. Аллах адамды жараткан, Ага Өзүнөн бир рух берген. Б.а. адам «мен» деген жандык – Аллахтын бир чагылышы. Аллах адамдын ар бир кылганын, ар бир ойун билет; булардын баарын Аллах жаратат. Кабылдаткан, жашаткан, көрсөткөн, сездирген, ойлондурган, сүйүндүргөн, бактылуу кылган – Аллах. Адамдын ар бир жашаган көз ирмеми Аллах каалаган үчүн гана. Башына келген ар бир окуя Аллах белгилегендей. Мына чындык ушундай. Адамдын Аллахтан башка эч бир досу, эч бир нерсеси, эч бир жардамчысы жок. Жалгыз абсолюттук Зат – бул Аллах. Ал бүт ааламдарга ээ, бүт тарапты курчаган. Андан башка эч нерсе жок. Корголоно турган, жардам сурала турган, бир нерсе күтүлө турган Жалгыз Зат – Улуу, Улук Аллах. Аллах Куранда мындайча буюрат:

Madde Matter Manzara Landscape

Мына Раббиңер болгон Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Латиф, (баарынан) Кабардар.
(Энъам Сүрөсү, 102-103)

Булактар:

129- Tim Folger, "Buradan Sonsuzluğa", Discover, Aralık 2000, s. 54

130- BBC World, Uzay ve Zaman: Zamanın Akışı Belgeseli, 21 Mayıs 2005

131- François Jacob, Mümkünlerin Oyunu, Kesit Yayınları, 1996, s. 111

132- Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, 1980, s. 52-53

133- Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, 1980, s. 17

134- Lincoln Barnett, Evren ve Einstein, Varlık Yayınları, 1980, s. 58

135- Paul Strathern, Einstein ve Görelilik Kuramı, Gendaş Yayınları, 1997, s. 57

136- http://www.fortunecity.com/emachines/e11/86/flowtime.html#

137- http://www.fortunecity.com/emachines/e11/86/flowtime.html#

138- http://www.fortunecity.com/emachines/e11/86/flowtime.html#

139- http://www.fortunecity.com/emachines/e11/86/flowtime.html#

140- Peter Russell, From Science to God "A physicist's Journey into the Mystery of Consciousness", New World Library, 2002, s. 61

141- Fred Alan Wolf, Mind into matter "A New Alchemy of Science and Spirit", Moment Point Press, 2001, s. 104

142- Peter Russell, The Primacy of Consciousness, http://www.peterussell.com/SP/PrimConsc.html

143- Peter Russell, Mathematics and Reality, http://www.peterussell.com/Reality/realityart.html

144- Peter Russell, The Primacy of Consciousness, http://www.peterussell.com/SP/PrimConsc.html

145- http://www.fortunecity.com/emachines/e11/86/flowtime.html#

146- http://www.fortunecity.com/emachines/e11/86/flowtime.html#

147- Fred Alan Wolf, Mind into matter "A New Alchemy of Science and Spirit", Moment Point Press, 2001, s. 112

148- http://www.fortunecity.com/emachines/e11/86/flowtime.html#