Байыркы грек ойчулдары бүт заттар атом деп аталган майда бөлүкчөлөрдөн турат деп ойлошкон. Ааламды жана бүт жандыктарды, эч кандай көзөмөлсүз, эч кандай аң-сезимдүү бир кийлигишүүсүз, ошол атомдор пайда кылган дешкен. Бул ишеним боюнча, заттын башталышы жана аягы жок эле, жана заттан башка эч нерсе жок эле. Нерселердин түзүлүш жана кыймыл-аракеттеринде табияттан-өйдө окуялардын кийлигишүүсү кабыл алынган эмес. Бүт баары зат абсолюттук нерсе деген ишенимге таянган. Заттын башталышы болбогондуктан, ааламдын да башталышы жок эле жана бул түшүнүк атеизмдин негизин түзгөн. Бүт ааламдын башталышы жок болгон болсо, анда адашкан материалисттик ишеним боюнча, зат менен аалам жаратылган эмес эле.
Материализм боюнча, аалам түбөлүктүү эле жана ошондуктан ааламда бир максат жана атайын жаратуу да жок эле. Ааламдагы бүт тең салмактуулук, гармония жана тартип, материалисттердин ою боюнча, кокустуктардын гана натыйжасы эле. Материализм бүт нерсе аң-сезимсиз атомдордун туш келди чогулушунан пайда болгон жана сырткы дүйнө канчалык кемчиликсиз комплекстүүлүктө, тең салмактуулук жана тартипте болсо да, алардын баары максатсыз кокустуктардын натыйжасында болгон деген көз-карашты жактаган. Материалисттик көз-караш мындай акылга сыйбас пикирге байыркы греция учурунан бери ээ эле.
Материализм «максат» жана «жаратуу» пикирлерин жокко чыгаргандыктан, бир Жаратуучунун бар экенин да жокко чыгарган. Тагыраак айтканда, материализм Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу үчүн чыгарылган бир философия эле. Жер бетинде Аллахка болгон ишенимди жокко чыгарган көптөгөн агым, идеология жана пикир системасы материализмди өзүнө негиз туткан. Б.а. атеизмдин эң натыйжалуу дини материализм болгон.
Виржиния университетинен физика профессору Стэнли Соботтка (Stan¬ley So-bott¬ka) материализм адашуучулугун мындайча түшүндүрөт:
Эгер биз буга (материалисттик көз-карашка) ишенсек, ага карап жашасак, өзүбүз да кошо бүт жашообуздун толугу менен физика мыйзамдарына жараша башкарылганын кабыл алууга мажбур болобуз. Анда каалоолорубузга, арзууларыбызга, үмүттөрүбүзгө, ахлактык пикирлерибизге, максаттарыбызга жана тагдырыбызга буйрук берген жалгыз мыйзам – бул физика мыйзамдары. Зат менен энергия биздин биринчи чыныгы максатыбыз, бүт каалоолорубуздун максаты болушу керек. Өзгөчө мунун мааниси, жашообуз, денебиз да кошо, затты алуу максатына таянган болушу, аны көздөшү зарыл же максимум заттык ырахатты, канааттанууну ала алуу үчүн жок дегенде бул материалдык нерселерди жөнгө салуу же өзгөртүү керек. Башка эч кандай максатты көздөбөстөн, бүт энергиябызды ушул багытта жумшашыбыз зарыл. Булардан башка эч альтернативабыз жок, себеби толугу менен физика мыйзамдары менен башкарылуудабыз. Бул ишенимдер же каалоолор тарабынан өзүбүздү тузакка түшкөн сымал сезишибиз мүмкүн, бирок буларды башыбыздан эч чыгара албайбыз. Бизди толугу менен ушул материалисттик система башкарат. Кыскача айтканда, бул материалисттик философиянын маңызын «мен бир денемин» деп айтууга болот.1
Stanley Sobottka |
Байыркы грецияда материализм боюнча, динчил адамдар илимге каршы эле. Мына ушул себептен материалисттер тарых бою Аллах ишеними менен илим арасында бир келишпестик бар сыяктуу бир көрүнүш берүүгө аракеттеништи. Чынында болсо, илим Аллахтын бар экендигинин далилдерин көрсөтүп жаткан, Аллах ишеними менен күрөшкөн болсо материалисттик көз-караш эле. (Бул албетте дарвинизмди да камтыйт. Дарвинизм менен күрөш, негизи анын материализм менен тыгыз байланышта болгону себептүү.) Материалисттер тарых бою нерселер атом жыйындысынан турат, адам мээси болсо бир клетка тармагы гана деп келишти. Адам акылын түшүндүрө алышкан жок, аны нейрондордун өз ара таасирлери катары түшүндүрүүгө аракет кылышты.
Материалисттер өздөрүн да бир айбан же машина деп айтуудан тартынышкан жок. Өздөрүнүн аң-сезимдүү бир жандык статусунда экенин жокко чыгарышты. Бизди кокустуктар жаратты (пайда кылды) дешти. Бирок бул чоң бир алдануу жана Аллахты жокко чыгаруу үчүн чыгарылган чоң бир жалган эле.
Заттын абсолюттук чындык экенине ишенген бул адамдар негизи Делавэр университети Бартол изилдөө институтунан элементардык бөлүкчөлөрдүн кванттык физиги Стивен М. Барр (Step¬hen M. Barr) айткандай, илгерки бутпарастардан (идолго сыйынуучулардан) дээрлик айырмасыз эле. Материалисттер адамды илгерки бутпарастар сыяктуу адамдан төмөн жандыктар катары көрсөтүшкөн. Бутпарастар муну затты «кудайлаштыруу» аркылуу жасашса; материалисттер болсо муну рухту жокко чыгарып, бүт баарын затка түшүрүү менен жасашты. Бутпарастар кыймылдар орбиталар жана жылдыздар тарабынан башкарылат дешкен; материалисттер болсо биз мээлерибиздеги электрондордун орбиталары тарабынан башкарылабыз дешкен. Бутпарастар ибадат кылуу үчүн айбандардын алдында жүгүнүшкөн; материалисттер болсо биз айбандан айырмасызбыз дешти.2
Орегон университети Теориялык илимдер институтунун физика профессору Амит Госвами (Amit Gos¬wa¬mi) материализм адамдарга сиңирүүнү көздөгөн түпкү логиканы мындайча түшүндүрөт:
Биз бир машина экенибизге ишенүүгө шартталдык. Бул боюнча, бүт кыймылдарыбыз кабылдаган сигналдарыбыз жана өтмүштөгү шарттар тарабынан башкарылууда. Сүргүндөр сыяктуу, эч бир милдетибиз же эч бир тандообуз жок.3
Amit Goswami |
Чынында болсо, адамды Аллах жараткан. Адам максатсыз жана жоопкерчиликсиз бир жандык эмес, материалисттердин тескерисинче аң-сезимсиз бир машина эмес. Адам Аллахтын алдында жоопкерчиликтүү бир жандык жана бүт кылгандарынан акыретте суракка алынат.
Адамдарды бул чындыктан алыстатууга аракеттенген материалисттик логика байыркы грециядан бери тарыхтын бүт доорлорунда ушул эле түшүнүк менен тарых сахнасынан орун алышкан. Бирок бул ишеним 19-кылымда чындап жайылып, тамырлаган бир пикир системасына айланды. 19-кылымда классикалык физиктердин көпчүлүгү заттын негизги элементтери бильярд топтору сыяктуу, жансыз, бөлүнбөгөн атомдордон турат жана ааламдагы кемчиликсиз тартип менен комплекстүүлүктүн булагы атомдордун туш келди кыймылдарынын бир натыйжасы деп ойлошкон. Алардын ою боюнча, жер бетиндеги жашоо да кошо, бүт нерсе аң-сезимсиз бир процесстер менен кокустан пайда болгон. Атомдор аң-сезимсиз биримдиктер курушкан жана учурда биз көрүп жаткан кемчиликсиз өзгөчөлүктөрү менен дүйнөнү, ал тургай, акылы жана аң-сезими бар бизди пайда кылышкан. Материалисттер бул пикирлерди чыгаруу менен адамдын бир Жаратуучу тарабынан жаратылбаганын жана заттык бир нерсе гана экенин адамдардын аң-сезимине сиңирүүнү каалашкан. Бирок адамдын кемчиликсиз система жана механизмдер менен, кереметтүү бир акыл күчү менен жаратылганы апачык чындык. Жер бетинде материалисттер айткандай аң-сезимсиз жана акылсыз окуялар, мунун натыйжасында пайда болгон аң-сезимсиз түзүлүш жана системалар жок. Бүт нерсе кээде адамдын акылы жетпей тургандай комплекстүүлүк жана артыкчылыктарды көрсөтөт, жана бул детальдар эч кандай кокус кийлигишүүгө орун бербей турганчалык даражада кемчиликсиз. Жер бети кереметтүү жаратуу далилдерин көрсөтө турган сыпатта.
Ушул чындыктарга карабастан, материалисттер аң-сезимсиз атомдор бүт нерсенин негизи деген пикирде көшөрүштү. Материалисттердин ою боюнча, бүт нерсенин себеби болгон атом кандай нерсе?
Атом бир жагынан караганда бир боштук жана бул чынында туура. Муну мындайча түшүндүрсөк болот: нейтрон менен протондордон турган атом ядросун 1 мм диаметрлүү бир ийненин учундай чоңдукта деп элестетсек; ядронун айланасында айланган электрон бул ядродон толук 100 метр алыста бир жерде болот.4
Ядро менен электрондор арасындагы бул чоң аралык ичинде болсо боштук гана бар. Эч нерсе, эч зат жок бул 100 метрлик боштук чыныгы мааниде бир «боштук». Мына ушул себептен адистердин атомду бир боштук катары кабыл алышы бир жагынан туура. Англиялык физик Сэр Артур Эддингтон (Sir Art¬hur Ed¬ding¬ton) айткандай, «зат көбүнчө элес сыяктуу бош жерден турат.»5
Тагыраак айтканда, атомдун 99,9999999%ында эч нерсе жок.
Калифорния университетинен элементардык бөлүкчөлөр физиги Фред Алан Вольф (Fred Alan Wolf) атом жөнүндөгү бул чындыкты мындайча түшүндүргөн:
... биз жашаган планетадагы жашоонун, ааламдын канчалык бош экенин ойлогонубузда, бир сюрприз экенин түшүнө алабыз. Негизи ааламдын 99%ынан көбү эч нерсе! Ааламдын тынчсыздандыра турганчалык ылдамдыкта кеңейип баратканын эске алсак, мурда эч болбогондой көп боштук пайда болот! Буга мындайча кароо бизде таң калыштуу бир урматты пайда кылат, атом-асты (субатомдук) бөлүкчөлөрдүн микродүйнөсүн эске алганыбызда, абал андан да жаман болот. Мындайча айтканда, эч нерсе жок.6
20-кылымдын баштарында бүт нерсенин эң кичине бөлүгү деп кабыл алынган атомдун ичинде ири бир боштук бар экени, бул боштуктун ичинде болсо бир ядро жана анын айланасында айланган электрондор бар экенин белгилүү эле. Заттын да, атомдун да, анын ичиндеги негизги бөлүкчөлөрдүн да функциялары жалпысынан гана түшүнүлгөн эле. Атом ядросунда, 10-18 метрлик бир жерде, б.а. сантиметрдин миллиондон биринин, миллиондон биринин, миллиондон биринчелик бир жерде эмне бар эле? Илимпоздор муну билишчү эмес.
1960-жылдары илимде абдан маанилүү бир ачылыш болду. Протондун ичинде «кварк» деп аталган бөлүкчөлөр бар экени аныкталды. Бул укмуш кичинекей бөлүкчөлөр протондун оң заряддуу жана нейтрондун зарядсыз болушу себебинен. Кийинчерээк жасалган изилдөөлөр натыйжасында атомдун 0,0000001'ин түзгөн көлөмдүн ичинде укмуштуу бир дүйнө бар экени аныкталды.
Материалисттер атомдун терең ичине кирген сайын жана заттын эң кичинекей курулуш материалынын укмуштуу детальдарын көргөн сайын, бул жөнүндөгү теорияларын өзгөртүү менен чара табууну көздөштү. Бүт ааламдын аң-сезимсиз (плансыз), туш келди пайда болушу үчүн атомдордун эле эмес, атомдун ичиндеги дүйнөнүн, б.а. субатомдук бөлүкчөлөрдүн бөлүкчө кыймылдарынын да кандайча пайда болгонун түшүндүрүшү керек эле. Зат гана бар деген пикир материалисттик көз-караштагы ордун сактап кала берди. Кванттык физика ачылганга чейин...
Allah yaratmayı başlatır…sonra onu iade eder, |
Isaac Newton |
Физикалык дүйнөнүн жасалуу формасы рухтун бар экенине ишарат кылууга жетиштүү. Мен рухту тапкан жерлер кванттык механиканын иштеши же кванттык физика деп айта алабыз, булар физикалык дүйнөнүн артында рух менен байланыштуу бир негиз бар болушу мүмкүн экенин көрсөтүүдө. 7 (Калифорния университетинен таанымал элементардык бөлүкчөлөр физиги Фред Алан Вольф)
Исаак Ньютондун ою боюнча, жарык «corp¬pus¬cu¬le (корпускула)» деп аталган бир зат агымы эле. Бүтүндөй бөлүкчөлөрдөн турат эле. Б.а. кванттык физика ачылганга чейин кабыл алынган салттык Ньютон физикасынын негизи «жарык бир бөлүкчө жыйындысы» дегенге таянып келди. 19-кылым физиктеринен Джеймс Клерк Максвелл (Ja¬mes Clerk Max¬well) болсо жарыктын толкун кыймылын көрсөтөөрүн айткан. Кванттык теория физиканын бул эң чоң талашын жараштырды.
1905-жылы Альберт Эйнштейн жарык кванттарга, б.а. энергия пакетчелерине ээ деген пикирин айтып чыкты. Бул энергия пакетчелери фотон деп аталган. Бөлүкчө деп аталса да, фотондор, 1860-жылдары Джеймс Клерк Максвелл айткандай, толкун кыймылына барабар абалда байкалып жаткан. Ошондуктан жарык толкун менен бөлүкчө арасында бир өтүш сыяктуу эле.8 Бирок бул Ньютон физикасы жагынан абдан парадокстуу көрүнүш эле.
Max Planck |
Эйнштейнден кийин немец физик Макс Планк (Max Planck) жарык жөнүндө изилдөөлөрдү жасап, жарыктын толкун абалында да, бөлүкчө абалында да болоорун айтты жана бүт илим дүйнөсүн таң калтырды. Кванттык теория деген ат менен чыгарган бул теория боюнча, энергия түз жана үзгүлтүксүз эмес, кесик, үзүк жана чекиттик пакетчелер абалында жайылат эле. (Квант сөзү латын тилинде «сан», физикада болсо «бөлүкчө» маанисине келет.) Бул пикир Планк туруктуусу катары математикага кирди. Квант кубулушунда жарык зат касиетин да, толкун касиетин да көрсөтөт. Фотон деп аталган затты космосто толкун да жандап жүрөт. Б.а. жарык космосто баратканда толкун сыяктуу, алдынан тоскоолдук чыкканда болсо активдүү бир бөлүкчө сыяктуу кыймылдайт. Башкача айтканда, жарык алдынан бир тоскоолдук чыкканга чейин бир энергия абалына келип, бир тоскоолдукка туш болгондо болсо заттык бир касиети бар сыяктуу кум дааналары сымал бөлүкчөлөр абалына келишет. Бул теория Планктан соң Альберт Эйнштейн, Нильс Бор, Луи де Бройль, Шредингер Эрвин, Вернер Гейзенберг, Поль Дирак жана Вольфганг Паули сыяктуу илимпоздор тарабынан иштеп чыгылды. Булардын баары бул чоң ачылыш үчүн Нобель сыйлыгын алышты.
Амит Госвами жарыктын бул жаңы ачылган касиети жөнүндө мындай деген:
Жарык толкун катары көрүлө турган учурларда бир эле убакта эки же андан көп жерде болуу жөндөмүнө ээ болот. Бир кол чатырдын тешиктеринен өтөт жана таралуу касиетин көрсөтөт. Бирок жарыкты бир фотопленкада кармаганыбызда, бөлүкчөлөр сыяктуу аралыктуу жана чекит чекит бир өзгөчөлүк көрсөтөт. Демек, жарык бөлүкчө да, толкун да болушу керек. Парадокс, туурабы? Сөз эски физиканын калканычтарынын бири жөнүндө: бирден көп жоромолго орун жок, так бир түшүндүрмө. Сөз ошондой эле объективдүүлүк түшүнүгү жөнүндө болууда: жарыктын табияты, б.а. жарыктын эмне экени ага кандайча байкоо жүргүзгөнүбүздөн көз-карандыбы? 9
Илимпоздор эми заттын жансыз, көр жана түшүнүксүз бөлүкчөлөр экенине ишенбей калышты. Башкача айтканда, кванттык физика материалисттик бир мааниге ээ эмес эле. Себеби заттын маңызында заттык эмес бир нерселер бар эле. Эйнштейн, Филипп Ленард жана Комптон жарыктын бөлүкчө түзүлүшүн изилдеп жатканда, Луи де Бройль болсо толкундардын түзүлүшүн изилдеп баштаган. Бройльдин ачылышы укмуштуу эле. Жасаган изилдөөлөрү натыйжасында субатомдук бөлүкчөлөрдүн да толкун касиеттери көрсөтөөрүн байкаган. Электрон, протон сыяктуу бөлүкчөлөрдү да толкун узундугу коштоп жүргөн. Б.а. материализм абсолюттук зат деп аныктама берген атомдун ичинде, материалисттердин ишениминин тескерисинче, зат эмес, негизи бар болбогон энергия толкундары бар эле. Атомдун ичиндеги бул кичинекей бөлүкчөлөр, жарык сыяктуу, каалаганда толкун сыяктуу кыймылдап, каалаганда болсо бөлүкчө касиетин көрсөтүп жатышкан. Б.а. материалисттик жоромол боюнча атомдун ичинде «абсолюттук абалда бар болгон зат», материалисттердин күтүүлөрүнүн тескерисинче, кээде көрүнүп, кээде жок болуп жаткан. Бул маанилүү ачылыш биз чыныгы дүйнө деп ойлогон сүрөттөлүштөрдүн «көлөкө нерселер» экенин, заттын физикадан бүтүндөй алыстаганын жана метафизикага багыт алганын көрсөткөн.10
1. Bir ampulün sıcak teli gibi sıcak objeler bize ışık verir. |
20. yüzyılın başlarında Max Planck, ışığın hem dalga hem de parçacık özelliği gös-terdiği değerlendirmesini yaparak "kuantum teorisini" ortaya attı. |
Физик Ричард Фейнман (Ric¬hard Feyn¬man) субатомдук бөлүкчөлөр жана жарык менен байланыштуу бул чындыкты мындайча түшүндүргөн:
«Электрондор менен жарыктын кандайча кыймылдаарын эми билебиз. Кандай кыймылдайт дейсизби? Бөлүкчө сыяктуу кыймылдайт десем туура эмес түшүнүккө жол ачкан болом. Толкун сыяктуу кыймылдайт десем да ошондой. Алар өздөрүнө тиешелүү, өзгөчө абалда кыймылдашат. Илимде муну «кванттык-механикалык кыймыл» деп атоого болот. Бул мурда биз көргөн эч нерсеге окшобогон бир кыймыл түрү... Бир атом бир жаанын учуна асылып термелген бир салмактуу нерседей кыймылдабайт. Борборду орогон бир булут же туман катмарына да көп окшобойт. Биз мурда көргөн эч нерсеге окшобогон абалда кыймылдайт. Жок дегенде мындай жөнөкөйлөтсө болот: электрондор кандайдыр мааниде фотондор сыяктуу кыймылдашат; экөөсү тең бирдей «ажайып». Кандай кыймылдаганын түшүнүү кыялдануу күчүн талап кылат; себеби сиз түшүнө турган нерсе билгендериңиздин баарынан айырмалуу... Мунун эмне үчүн мындай экенин эч ким билбейт.»11
Булардын баарын жыйынтыктасак, кванттык механиктер заттык дүйнөнүн бир иллюзия экенин айтышкан.12 Макс Планк Физика институтунун (Max Planck Ins¬ti¬tu¬de of Physics) башчысы проф. Ханс Петер Дюрр (Hans-Pe¬ter Dürr) муну мындайча жыйынтыктаган:
Зат эмне болсо да, заттан жасалган эмес.13
Gerçekten sizin Rabbiniz, altı günde gökleri ve yeri yaratan, sonra arşa istiva eden Allah'tır. Gündüzü,durmaksızın kendisini kovalayan geceyle örten, güneş'e, Ay'a ve yıldızlara Kendi buyruğuyla baş eğdirendir. Haberiniz olsun, yaratmak da emir de (yalnızca) O'nundur. Alemlerin Rabbi olan Allah ne yücedir. |
1920-жылдары эң атактуу физиктер Поль Дирактан Нильс Борго, Альберт Эйнштейнден Вернер Гейзенбергге чейин баары кванттык эксперименттердин жыйынтыктарын чыгаруу үчүн алектенди. Аягында 1927-жылы Брюссельдеги бешинчи Сольвей физика конгрессинде бир физиктер тобу –Бор, Макс Борн, Поль Дирак, Вернер Гейзенберг жана Вольфганг Паули- Кванттык механиканын Копенгаген жоромолу деп аталган жалпы пикирге келишкен. Бул ат топтун лидерлигиндеги Бор иштеген жер эле. Бор кванттык теория айткан физикалык чындыктын бир системага тиешелүү биз ээ болгон маалымат экенин жана бул маалыматка таянып чыгарган божомолдорубуз экенин айткан. Анын ою боюнча, биздин мээбиздеги бул «божомолдор» «сырттагы» чындык менен байланышсыз эле. Б.а. «ичибиздеги дүйнө» Аристотельден бери физиктер кызыгып келген негизги тема болгон «сырттагы чыныгы» дүйнө менен байланышта эмес эле. Физиктер бул көз-караш менен байланыштуу эски пикирлерин ташташып, кванттык түшүнүктүн физикалык системада «биздин маалыматыбызды» гана чагылдыраары жөнүндө жалпы пикирге келишкен.14 Башкача айтканда, биз кабылдаган материалдык дүйнө биздин мээбиздеги маалыматтар менен гана бар болот эле. Б.а. сырттагы заттын өзүн эч качан көрүп, сезе албайбыз.
Kuantum fiziğine göre maddenin varlığı, bir "algılayanın" varlığına bağlıdır. Dolayı-sıyla, biz Ay'a bakmadığımız zaman Ay olarak gördüğümüz cisimden yayılan dalgalar söner ve dalga artık zaman-mekan kavramı içinde var olmaz. Kuantum fiziğine göre, gözlemci olmadığı sürece, Ay gökyüzünde değildir. |
Джеффри М. Шварц Копенгаген жоромолунан чыккан жыйынтыкты мындайча сүрөттөгөн:
Физик Джон Арчибальд Уилер айткандай: «Эч бир окуя байкоо жасалмайынча, бир окуя эмес.»15
Кыскасы, кванттык механиканын бүт салттык жоромолу бир «кабылдоочунун» бар экени жөнүндө эле.16
Амит Госвами бул чындык жөнүндөй мындай деген:
Мындай суроо узаттык дейли: жогору карабасак да, ай дагы эле ордунда турабы? Ай түпкүрүндө бир кванттык объект болгондуктан (бүтүндөй кванттык объекттерден тургандыктан), физик Дэвид Мермин да айткандай, жок деп жооп беришибиз керек.
Бар болгон нерселердин заттык дүйнөсү байкоочулар түзгөн нерселерден көз-карандысыз деген күмөн, балким, эң негизги жана бала кезибизде аң-сезимибизге сиңген эң тымызын күмөн болуш керек. Бул күмөнгө кыйыр далилдер бар. Мисалы, биз айды караганыбызда, анын эсептелген орбитасында турат деп күткөн жерден көрөбүз. Натыйжада биз аны карабасак да, убакыт-мейкиндик түшүнүгү ичинде ай сөзсүз ал жерде бар деп ойлойбуз. Кванттык физика болсо бул мындай эмес дейт. Биз айды карабаганыбызда, абдан кичине санда болсо да, айдын ыктымал толкундары таркайт. Биз аны караганыбызда, толкун ошол замат өчөт жана толкун эми убакыт мейкиндик түшүнүгү ичинде болбой калат. Идеалисттик бир метафизикалык гипотезаны айтуу түшүнүктүүрөөк болот: эгер аны караган аң-сезимдүү бир адам жок болсо, убакыт мейкиндик түшүнүгү ичинде бир дагы нерсе (объект) жок.17
Zihin ve Beyin |
Бул албетте биздин кабылдоо дүйнөбүзгө тиешелүү. Албетте, сырткы дүйнөдө айдын бар экени анык. Бирок биз караганда, айдын өзүбүздүн кабылдоо дүйнөбүздөгү көрүнүшүн гана көрөбүз.
Калифорния университетинен невролог жана психиатрия профессору Джеффри М. Шварц болсо кванттык физика көрсөткөн бул чындык жөнүндө The Mind and The Bra¬in (Акыл (аң-сезим) жана мээ) китебинде мындай дейт:
Кванттык физикадагы байкоо анык айтыла албоодо. Классикалык физикада (Ньютон физикасы) байкалган системалар аны байкаган жана изилдеген бир аң-сезимдин болушунан көз-карандысыз, өзүнчө бар. Бирок кванттык физикада байкоо натыйжасында гана физикалык бир чоңдуктун чыныгы бир мааниси болот.18
Джеффри М. Шварц кээ бир физиктердин бул жөнүндөгү жоромолдорун кыскача минтип жыйынтыктаган:
Яков Броновски (Ja¬cob Bro¬nows¬ki) "The As¬cent of Man" аттуу китебинде айткандай: «физика илимдеринин бир максаты заттык дүйнөнүн толук бир көрүнүшүн берүү эле. 20-кылымда физикадагы эң чоң ийгиликтердин бири болсо бул максатка жетүүнүн мүмкүн эмес экенин далилдөө болду.»20
Гейзенбергдин ою боюнча болсо, объективдүү чындык «буу болуп учуп кетти». 1958-жылы мындайча моюнга алган: «кванттык теорияда математикалык жактан формулага салынган табият мыйзамдары эми түздөн-түз бөлүкчөлөр менен байланыштуу эмес, бөлүкчөлөр жөнүндөгү маалыматыбызга байланыштуу.»
İnsanın Yükselişi |
Бор болсо «физиканын милдети табияттын кандай экенин таба алуу деп ойлоо туура эмес. Физика табият жөнүндө биздин эмне айтаарыбыз менен байланыштуу.» деген.19
"What the Ble¬ep Do We Know" (Биз эмне билебиз?) даректүү тасмадагы конок физиктерден Фред Алан Вольф болсо бул чындыкты мындайча түшүндүргөн:
Заттарды түзгөндөр көбүрөөк заттар эмес. Заттарды түзгөндөр – пикирлер, түшүнүктөр жана маалымат.20
80 жылга созулган адам мээси аткара алган эң кызыктуу жана кылдат эксперименттерден соң анык жана илимий далилденген кванттык физикага карама-каршы бир дагы көз-караш жок. Жасалган эксперименттер берген жыйынтыктарга сунуштала турган бир карама-каршы көз-караш да жок. Кванттык теорияга жүздөгөн тараптан мүмкүн болгон ар кандай эксперимент жасалып, илимпоздор чыгарган ар кандай тесттен (текшерүүдөн) өткөн.21 Сансыз илимпозго Нобель сыйлыгын алып берди жана дагы эле алып берүүдө. Шартсыз жалгыз чындык катары кабыл алынган Ньютон физикасы алып келген эң негизги түшүнүктү, абсолюттук зат түшүнүгүн жок кылды. Мурдакы физиканын колдоочулары, «зат – жалгыз жана чыныгы нерсе» деп ишенген материалисттер кванттык физика алып келген «затсыздык» чындыгы алдында чындап тайсалдап калышкан. Эми алар бүт физика мыйзамдарын метафизика ичинен издөөгө мажбур. Бул чоң шок 20-кылымдын баштарында материалисттерди, азыр бул саптар менен сүрөттөөгөн мүмкүн эмес даражада, чоң бир шок кылды. Кванттык физик Брайс Девитт (Bryce De¬witt) жана Нейл Грэм (Ne¬ill Gra¬ham) бул абалды мындайча сүрөттөшөт:
Заманбап илимдин эч бир ачылышы адам аң-сезимине кванттык теориянын пайда болушунан тереңирээк бир таасир жасаган жок. Кылымдар бою пайда болгон ой-пикир калыптарынан запкы чеккен мурдакы муундун физиктери жаңы бир метафизиканы кучактоого мажбур болушту. Бул жаңы багыт себеп болгон азап бүгүнкү күнгө чейин уланды. Негизинен физиктер олуттуу бир жоготууга туш болушту: чындыкка болгон жакындыгы.22
Fred Alan Wolf |
Субатомдук бөлүкчөлөрдүн бул кызыктуу касиетин көрсөткөн эң негизги эксперимент – бул жуп тешик эксперименти. Бул эксперимент жарык менен электрондун толкун сыяктуу кыймылдаарын, экөөсүнүн тең бирдей кызыктай касиетке ээ экенин көрүү үчүн жасалган. Бул жерде муну жакшыраак түшүнүү үчүн эксперимент электрондун ордуна кумдар менен жасалган деп кабыл алынган.
Чоң бир бөлүкчө булагын, мисалы бир кум үйлөгүчтү бир дубалдын алдына койолу. Бетинде эки тешик болсун. Дубалдын экинчи тарабында болсо бул эки тешик ичинен өткөн бөлүкчөлөрдү караган бир экран болсун. Бөлүкчөлөр булактан чыгып, тешиктен өтүп, экранды сүзүшөт. Көптөгөн бөлүкчөнүн тешиктердин ичинен өтүп, экранды сүзүшүн карап турган соң, экран бетинде эки топ абалында чекиттер пайда болгонун көрөбүз. Биринчи топ биринчи тешиктен келген бөлүкчөлөр: экинчи топ болсо экинчи тешиктен келгендер. Окуя биз күткөндөй болгон.
Эки экспериментти башкача жасап көрдүк дейли. Бул эксперимент чөйрөсүн белгилүү бир зат менен толтуралы, мисалы суу. Кумдардын ордуна бир толкун шайманын колдонолу. Бул шайман ал жерди кыймылдатсын жана тынымсыз бүт тарапты көздөй суу толкундарын пайда кылсын. Толкундар бөлүкчөлөр сыяктуу белгилүү бир аймак менен чектелбейт. Чөйрөнүн бүт тарабынан таркашы мүмкүн. Натыйжада бир эле учурда эки тешиктен тең өткөн толкундар бир жерде таркап, бир-бирине кезигип, бир-биринин кыймылына тоскоол болушат. Бир толкундун башы башкага кезиккенде бир-биринин таасирин жок кылышат. Толкун таасири жоголот жана суу бетинде бир тегиздик калат. Мындай тоскоол болуу – толкундардын эң негизги касиети.
1. Dedektör |
Thomas Young'un çift yarık deneyi, ışığın ve elektronun dalga gibi davrandığını göstermek için yapılmıştır. Eğer kum tanecikleri bir kaynaktan fırlatılıp iki yarıktan geçirilirse, karşıdaki ekranda iki eşit desen oluşacaktır. Bunu elektronlarla denediğimizde yine aynı sonucun oluşmasını bekleriz. Ancak sonuç beklendiği gibi olmamaktadır. Elektronlar, karşıdaki ekranda dalgaların oluşturduğu gibi bir desen oluşturmaktadır. Bu durum, maddeyi oluşturan elektronların maddesel özellik göstermediklerinin kanıtıdır. |
Эксперимент электрондорго жасалганда, кумдардагы сыяктуу көп сандагы атом тобунун экранды сүзүшү ордуна, электрондордун бир-бирине тоскоол болгону байкалган. Башкача айтканда, бөлүкчө катары кабыл алынган электрондор күтүлгөндөй болгон эмес. Ошондуктан, электрондор тоскоол болуу касиетинен улам толкун касиетине ээ, бөлүкчө эмес. Бирок электрондор толкун да боло алышпайт, себеби бөлүкчөлөр сыяктуу, экранды үзгүлтүктүү топтор абалында сүзүшкөн. Натыйжада байкоо электрондордун булактан чыкканда жана экранга жеткенде бөлүкчө, ал эми анын арасындагы бүт жерде толкун экенин көрсөткөн. Бул чынында абдан кызыктай көрүнүш.23
Бул эксперименттик далил материализмди жок кылган. Материализм боюнча, ар бөлүкчө сөзсүз космосто белгилүү бир жерде зат абалында бар. Ошондой эле материализм боюнча, бир электрон бир аралык бою бир каттамда жүрүшү керек жана багыты белгисиз толкун сыяктуу эки аралык арасында кыймылдабашы керек. Бирок жыйынтык материалисттер күткөндөй болгон жок.
Бул жерде айтылган толкун сууда пайда болгон толкун сыяктуу физикалык мааниге ээ эмес. Бул жердеги толкун – электрон толкундары. Бул толкундар биздин физикалык дүйнөбүздөгү үч өлчөмдүү чөйрөдө эмес.
Бул толкун түшүнүгүн таанымал физик Фред Алан Вольф мындайча сүрөттөйт:
Кванттык физиктер бир кубулуштун ыктымалдыгын аныктаганда, бир сан эсептешет. Бул сан кванттык толкун функциялары деп аталган эки математикалык функциянын көбөйтүндүсүнөн келип чыгат... Бул толкун функциялары убакыт жана мейкиндик ичинде кыймылдаган чыныгы бир толкундар сыяктуу кабыл алынышат. Бирок негизи булар чыныгы толкун эмес, толугу менен элес. Булар магниттик талаа же жердин тартылуу талаасы сыяктуу бир аймак эмес. Аларды өлчөөгө болбойт. Массасы же энергиясы жок. Булар биздин аң-сезимибизде жана кыялыбызда гана бар. Б.а. биз байкаган чыныгы заттык нерселер сыяктуу заты жок...
Убакыт шакектерин башкарган динамика мыйзамдары бизге тиешелүү бир окуяны пайда кылат. Б.а. бир убакыт шакеги пайда кылынганда, билип же билбестен «сыртта» катары башыбыздан өткөргөн дүйнө биздин аң-сезимибизде жана заттык чогуу көрүп жатабыз деп ишенген реалдуулукта пайда болот.24
Фред Алан Вольфтун ою боюнча, электрондор менен байланыштуу анык жана илимий чындык – бул аны биз билген физикалык же математикалык түшүнүктөр ичинде түшүнүү мүмкүн эместиги. Бирок биз ансыз да сырттагы реалдуулукту эч качан көрүп, биле албайбыз. Кабылдоолорубуздан (сезүү органдарыбыздан) ары өтүп, сырткы дүйнөнүн өзүнө эч жете албайбыз.
Жуп тешик экспериментин бүт субатомдук бөлүкчөлөргө жасоого болот. Бирок жыйынтык өзгөрбөйт. Себеби кванттык механика бүт ааламга тараган. Миллиондогон атом биригип чоң бир нерсени же бир адамды пайда кылганда, сөз болгон «тоскоол болуу таасирин» байкоо ыктымалдыгы төмөндөйт. Бирок бул кванттык механика эми жараксыз деген мааниге келбейт. Болгону бул процесс эми байкалбай калат. Ошондуктан бул чындык бүт затка тиешелүү. Вашингтон университетинен математик Томас МакФарлейндин (Tho¬mas McFar¬la¬ne) ою боюнча, кванттык механикада күнүмдүк жашообузда биз көргөн чоң нерселер да чынында зат катары бар болгон нерселер эмес. Фарлейндин ою боюнча, зат катары бар болгон дүйнө көрүнүшү болгону бир иллюзия.25
Кванттык механиктер илимий далилдеген нерсе – бул заттык дүйнөнүн тыгыздаштырылган бир толкун абалында бар экени. Кванттык механиктердин ою боюнча, адамды жаңылткан эң чоң көйгөй болсо – биздин кабылдоолорубузда бар болгон дүйнөдө абдан реалдуу сезилген детальдар, тактык жана тунуктук. Чынында болсо сырттагы дүйнө бизге эч качан жетпейт. Биз сырттагы реалдуулукту, сырттагы зат дүйнөсүнүн өзүн эч качан көрө албайбыз. Биздин аң-сезимибизде (мээбизде) пайда болгон бир дүйнө бар жана биздин кабылдоолорубуз аркылуу пайда болсо да, бул дүйнө абдан тунук, даана болууда. Күнүмдүк жашообуз сырттагы реалдуулукка абдан карама-каршы бир көрүнүш берүүдө. Бул жерде мындай суроо пайда болот: физикалык чындыктардыбы же бизге туура жана тунук көрүнгөндөрдүбү туура катары кабыл алышыбыз керек? Томас МакФарлейн бул суроого бир салыштыруу жасоо менен жооп берүүгө болот дейт.
МакФарлейн айткандай, бүгүнкү илимпоздор бул жоопту табуу үчүн мындан 300 жыл мурдага барып, «жер түз» деп ишенген адамдарга жолукту деп элестетсек болот. Илимпоздор алардын катасын оңдоо үчүн аларга сылыктык менен «туура эмес ойлоп жатасыңар, жер негизи тоголок» дешет. Алар болсо илимпоздордон эмне үчүн мындай акылсыз пикирге келдиңер деп сурашат. Илимпоздор болсо аларга ошол доордун шарттары жана маалыматы менен өз гипотезаларын далилдей турган бир дагы далил келтире алышпайт. Бирок алар азыркы адамдарга бүт эксперименттерине таянып жана аны менен байланыштуу далилдерди келтирип жердин түз экенин өз ойлорунда түшүндүрүшөт. Ал тургай, жер бетин ченөө жана жол карталарын жасоо үчүн планета геометриясы түшүнүгүн колдонушат жана күнүмдүк жашоосунда буга карама-каршы эч нерсе табышпайт. Ошол сыяктуу кең бир талааны же деңизди караганда эч кандай кыйшайуу көрүнбөйт дешет жана жердин тоголок экенин далилдей турган бир дагы далил жок дешет. Натыйжада «жер тоголок» деген пикир бир калп сыяктуу болуп калат. Илимпоздор эч нерсени далилдей албай, убакыт машинасына түшүп, азыркы заманга кайтышат.26
МакФарлейндин ою боюнча, досторубузду жердин тоголок экенине ынандыра албашыбыздын себеби – албетте, дүйнөгө салыштырмалуу абдан кичинекей болушубуз. Экспериментибиз географиялык жактан кичинекей бир аймак менен чектелгендиктен, жер, чынында андай болбосо да, түз (тегиз) сымал көрүнүүдө. Башкача айтканда, жердин көрүнгөн түздүгү негизи чыныгы бир түздүк эмес, себеби жер түз эмес. Бирок бул жер чоң болгондуктан жаңылтуучу бир түздүк. Жердин тоголок экенин далилдөө үчүн күнүмдүк тажрыйбабыздан ары чыгышыбыз керек. Мисалы, бир учак менен жерди айланып учушубуз мүмкүн же бир космос кемеси менен космоско чыгышыбыз мүмкүн. Бирок күнүмдүк тажрыйбабыз менен чектелгенибизде, түздүктүн бир иллюзия экени жөнүндө бир дагы далилибиз жок. Ошол сыяктуу, жердин түз экенине ишенбөө үчүн бир себеп да жок. МакФарлейн бул мисалды берген соң сөзүн мындайча улантат:
Эгер адамдар өтмүштө чындык жөнүндө мынчалык алданышкан болсо, биз азыр алданбай жатканыбызды кантип биле алабыз? Көрүнүп тургандай, биздин учурдагы чыныгы көз-карашыбыздын күнүмдүк тажрыйбаларыбызга туура келиши аларды чындыкка айлантпайт. Биздин тажрыйбабыздын бир чеги болгондуктан, балким заттык дүйнө пикирибиз чындап бир иллюзиядыр. «Жер түз» деген пикирдин бир иллюзия болушу сыяктуу.27
Çift yarık deneyi ile kanıtlanmış olan şey, elektronların bildiğimiz fiziksel ve matematiksel kavramlarla anlaşılmasının imkansız oluşudur. Ancak bizler za-ten dış dünyadaki gerçeklikle hiçbir zaman bir bağlantı içinde olamayız. Algı-larımızın bize gösterdiklerini aşarak, dış dünyanın aslına ulaşmamız müm-kün değildir. |
Кванттык механика бизге көрсөткөн жыйынтык мындай: зат материалисттер айткандай абсолюттук жана түбөлүктүү эмес. Заттын башы жана аягы жок эмес болгон сыяктуу эле, айланабызда көзгө көрүнгөн нерселер да атом жыйындылары гана эмес. Кванттык физика боюнча зат материалисттер эч ойлобогон чоңдуктар ичинде сыпатын өзгөртүп, заттын маңызынын бир энергия формасы экени илимий далилденди. Материализм кванттык физика көрсөткөн чындыктар натыйжасында илимий жактан анык кыйрады.
Пол Дэвис жана Джон Гриббин жаңы физиканын материализмди бүтүндөй жок кылганын мындайча айтышат:
Материализмге өмүр берген илим болгон физиканын ошол эле учурда материализмдин өлүмү үчүн бир сигнал экенин айтуу туура болот. 20-кылым бою жаңы физика бир катар таң калыштуу өнүгүүлөр менен материалисттик доктринанын негиздерин жок кылды. Алгач Ньютондун мейкиндик жана убакыт жөнүндөгү божомолдорун жок кылган салыштырмалуулук теориясы келди... жана кийинчерээк кванттык теория келди жана биздин зат көрүнүшүбүздү бүтүндөй өзгөрттү.28
Физик Фред Алан Вольф болсо материализмди эми илимпоздордун да таштаганын мындайча кабар берет:
Көп илимпоздор да кошо көпчүлүгүбүз жаңы объективдүү материализмди кабыл албайбыз. Жүрөгүбүздүн тереңинде, бизден мурдакы алхимиктер сыяктуу, бүт ааламдан жооптуу нерсенин материализмден бир топ бай бир нерсе экенине ишенебиз.29
Stephen M. Barr |
Материализмдин кыйрашы эмне жыйынтыкка алып келет? Адамдардын көпчүлүгүн жаңылткан, алардын Аллахтын бар экенине ишенүүсүнө тоскоол болгон эң чоң себептердин бири – бул алардын зат абсолюттук нерсе деген күчтүү ишеними. Сырткы дүйнөнү кабылдоолорунун жыйындысы катары кабыл алуунун ордуна, көргөн нерселеринин баарынын абсолюттук реалдуусун көрүп жаткандай мамиледе болушат. Материализм сунган заттын бар болушундагы максатсыздыкты өздөрүнө да тууралашат жана дүйнөдөгү жашообуздун максаты жок деп ойлошот. Аллахтын бар экендигинин далилдерин көрө алышпайт жана ишенүү үчүн Аллахтын да (Аллахты аруулайбыз) заттык бир нерсе катары аларга көрүнүшүн күтүшөт. Нерселердин, жандыктардын жаратылбаганына ишенишет жана ошондуктан бир Жаратуучунун бар экенин эч кабыл алгылары келбейт.
Материализм шылтоосуна жамынуунун түпкү максаты – негизи Аллахтын абсолюттук Затын жана Аллахтын жаратышын жокко чыгарууга аракет кылуу. Материализмдин кыйрашы бул шылтоону толук жок кылып, Аллахтын абсолюттук бар экенин бүт далилдери менен көрсөттү.
Делавэр университети Бартол изилдөө институтунун элементардык бөлүкчөлөр физиги Стивен М. Барр бул чындыкты мындайча баяндайт:
Илим бизди ушундай бир укмуштуу окуянын ичине түрттү. Курал-жарактар менен эмес; телескоптор менен жана бөлүкчө ылдамдаткычтар менен жабдылган жана терең математиканын ишараттары жана символдору менен сүйлөгөн илим бизге такыр башка жээктерди жана бизге абдан жат болгон фантастикалуу жерлерди алып келди. Биз ааламды изилдөөнү уланткан сайын сапардын аягына келгенибизде эми бир-бирден бизге тааныш болгон чек таштарын жана эң эски үйүбүздүн планын түшүнүп баштадык. Чындыкты табууга аракет кылган бул сапарыбыз эң аягында бизди Аллахка багыттоодо.30
Заттын өзүн көрүп жатабыз деп ойлоо бир күмөн гана. Кабылдоолорубуз менен түшүнө алган бул дүйнөдө буга бир дагы далил жок. Биз өз кабылдоолорубуздагы дүйнөнү гана көрүп, уга алабыз. Сырттагы заттык дүйнөнүн өзүнө жетишибиз мүмкүн эмес. Ааламдын башы жана аягы жок эмес, бир башталышы жана бир аягы бар. Ааламдын эч бир чекитинде материалисттер айткандай бир «максатсыздык» жок. Бүт аалам жана анын ичиндеги бүт нерсе бир максат менен жаратылган. Булардын баары көрсөткөн бир гана жыйынтык бар: ааламдын ар чекитинде жаратылуу бар. Жаратылган эмгектер болсо бир топ жогору бир күчтүн, бир Жаратуучунун бар экенин көрсөтөт. Ал Жаратуучу – бүт ааламдарды ороп курчаган Улуу Аллах.
Материалисттердин бул чындыкка каршы күрөшүшүнүн эми эч мааниси жок. Себеби заманбап физика бүтүндөй алардын зыянына жыйынтыктарды берди.
Аллах аяттарында мындайча билдирет:
İnsanların büyük bir kısmını aldatan en büyük sebeplerden biri, maddenin tek mut-lak varlık olduğuna kesin kanaatleridir. Bu bakış açısıyla, materyalizmin sunduğu mad-denin var oluşundaki amaçsızlığı kendilerine de uygular ve dünyaya geliş amaçlarının olmadığını zannederler. Allah'ın varlığının delillerini göremez ve materyalizm büyüsü içinde saplanıp kalırlar. Oysa asıl gerçek şudur: Tüm evren ve bunun içindeki her varlık, bir amaç uğruna yara-tılmıştır. Yüce Rabbimiz olan Allah, var olan her şeyi yoktan yaratan, tüm alemleri sarıp kuşatandır. |
Биз асманды, жерди жана ал экөөсү арасындагыларды бир оюн жана алаксуу болсун деп жаратпадык. Эгер бир оюн жана алаксуу кылгыбыз келгенде, муну Өз Кабатыбыздан кылаар элек. Кыла турган болсок, ошондой кылмакпыз. Жок, Биз чындыкты батылдын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. Асмандарда жана жерде ким бар болсо (баары) Аныкы. Анын жанындагылар Ага ибадат кылуудан текеберленишпейт жана чарчашпайт. |
ADNAN OKTAR:.... Mekanı da anlayamıyor bazı insanlar zamanı da anlayamıyorlar. Yani epey bir insan anlayamıyor. Her bakan insan beyninin içindeki görüntüyü görür. Mesela televizyonda bizi seyreden kardeşlerimizin hepsi televizyonlarını seyrederken beyinlerinin içindeki televizyonu seyrediyorlar, odadaki televizyonu seyredemezler. Odadaki televizyon simsiyah karanlıktır ve saydamdır, çünkü, dışarıda ışık yok, dalga boyu var yani dalga var sadece. Renk de yok dışarıda. Dolayısıyla televizyonun neyini seyredecek o zaman, simsiyah karanlık. Ve televizyon cihazı da saydamdır. Atomun yapısından dolayı, yani elektron, nötron, proton, çekirdeğin birbirlerinden uzak olmasından kaynaklanan, teknik nedenlerden dolayı madde saydamdır. Ama beynimiz onu saydam olarak algılamıyor bütün olarak algılıyor ve ayrı dalga boylarını da renk olarak algılıyor. Kırmızı, yeşil, mavi, mor. Tamamen dalga boyu. Ses de öyle, dışarıda ses yoktur, çıt yoktur dışarıdaki televizyonda. Bunu da kim söylüyor biliyor musunuz? Bütün dinsizler söylüyor bu söylediğimi. Ve, bütün Müslüman alimler söylüyor. Bir gerçektir bu, bilimsel bir gerçektir. Bunun aksini hiç kimse savunamaz. Modern bilimin bize gösterdiği açık gerçeklerdir.
Bilim adamları diyor; "insan duygularının sınırlarını, maddenin hakikatini büyük bir korkuyla fark etti" diyor. Yani modern fiziğin gelişmesiyle dünyanın gerçeğini anladı insanlar. Bambaşka bir hakikatle karşılaştılar. Maddenin hiç tahmin ettikleri gibi bir şey olmadığını anladılar. Madde saydam, madde simsiyah. Güneş mesela, pırıl pırıl zannediyorlar Güneş'i. Güneş simsiyahtır, karanlıktır ve dedikleri gibi de sıcak değildir. Diyorlar ki işte şu kadar milyon derece sıcaklığı var, algıdan kaynaklanıyor. Bir başkasına göre de buz gibi soğuktur Güneş, acayip soğuktur, kemikleri donar gitse. Acayip soğuk gelir.
Sıcak, soğuk, tatlı, ekşi bütün bu kavramlar beynin algılamasından kaynaklanıyor. Allah'ın yaratmasıyla oluyor, algıdır. Mesela birisine ekşi olan birisine acı olur, mesela bazı hastalar bazı yiyeceklerin tadını bizim aldığımız gibi almazlar bambaşka alırlar, mesela acı alır şekerin tadını. O acı olarak hisseder, biz şeker tadı olarak hissederiz. Beyni öyle algılıyor onun. Dünyada çok nadir insan tarafından biliniyor bu. Bilmek de istemiyorlar korkuyorlar ne hikmetse. (03 Kasım 2010 tarihli röportaj / www.a9.com.tr / www.harunyahya.tv)
ADNAN OKTAR:... Hayal vehim, materyalizme karşı anlatılacak en önemli delillerdendir. Lenin bu konuyu duyduğunda adamın şafağı atıyor; "sakın" diyor, "yaratılışçılarla bu konuya girmeyin, bu konuya girerseniz batarsınız, yapacağınız hiçbir şey kalmaz" diyor, "sakın onlarla bu konuya girmeyin tartışmayın" diyor. Lenin'in en çekindiği konudur, Marksistlerin en çekindiği konudur maddenin hakikati, maddenin beyinde algılanma şekli. Çünkü küçük, mercimek kadar bir yerde sonsuz alemi görüyoruz, sonsuz alemi yaşıyoruz. Marksizm'in, Leninizm'in hiç açıklayamayacağı bir şey; ruh. Onu kim seyrediyor? Görüntüyü kim seyrediyor tam renkli olarak, sesi kim duyuyor? Dokunma hissini duyan kim? Tat alma hissini duyan kim? Leninizm'in, Marksizm'in işte en ızdırap duyduğu, çökmelerine neden olan en mühim konulardan birisi de budur. Big Bang teorisi bir, bu iki, Darwinizmin çöküşü üç.
Big Bang ile zamanın bir başlangıcı olduğu, maddenin başlangıcı olduğu ortaya çıktı, o çok ağır geldi onlara, oradan bir darbe yediler. İkinci olarak; maddenin hakikati ve ruh, ruhu açıklayamıyorlar çünkü. Çünkü gören biri var, rengi biliyor adam, ışığı algılıyor. Işık beynin içinde oluşuyor, renk de beynin içinde oluşuyor, dışarıda renk ve ışık yok. Bu, bilimsel olarak hiç açıklanamayacak bir şey, çünkü metafizik üstü metafizik, hiç açıklanacak gibi değil. Laboratuvara girecek bir konu da değil, incelenebilecek konu da değil. Çünkü insan beynin içine giremiyor. Mesela sesin duyulması; en kaliteli müzik aletinden daha net duyuyoruz sesi. En kaliteli televizyondan, en kaliteli sinemadan daha güzel bir görüntü var beynimizin içinde, çok çok kaliteli. İki gram etten oluşuyor bütün bu makine. Mesela en kaliteli televizyonu alıyorsunuz yine bulanık, iki boyutlu, üç boyutlu daha hala yapamadılar. Yapsa bile binlerce alet edevattan oluşuyor, binlerce mühendis yapıyor, buna rağmen yine yapamıyorlar. Yaptığında da görüntüsünü sadece oluşturuyor. Görüntüyü görecek kim? O ayrı bir konu. Görüntüyü görecek varlığı yapmak zaten imkansız, yani ruhu yapmak imkansız. Bir de görüntüyü gören var.
Allah hem görüntüyü göreni yapmış, hem de dünyanın en kaliteli televizyonundan, sinemasından daha kaliteli halde üç boyutlu olarak yapmış. O kadar kaliteli üç boyutlu ki; gerçek mi, hayal mi insanlar fark edemiyorlar. Hangi insan şimdi bizim televizyondaki görüntümüzün hayal olduğunu söyleyebilir? Televizyon ne kadar uzakta diyorsun? 2 metre. Halbuki beynin içinde televizyon, beyninin içinde bizi seyrediyor haberi yok bir çok kişinin. Bu mühim hakikati bir kısım insanlar kısmen anlıyor, bir kısmı detaylı anlıyor, bir kısmı anlamazlıktan geliyor. İyi anlayanı çok etkiler bu, çok muhteşem bir şeydir, çok büyük bir olaydır, çok derin bir olaydır. Bu sırrı işte 2012'lerden sonra insanlar anlamaya başlayacaklar. Maddenin hakikati bilinecek, maddenin gerçeğini görecekler inşaAllah. (29 Eylül 2011 tarihli röportajdan / www.a9.com.tr / www.harunyahya.tv)
ADNAN OKTAR: ...Darwinistler, materyalistler görenin, duyanın kim olduğunun farkında değiller. Yani onlar zaten onu devreden çıkartıyor, hiç önemli görmüyorlar. Şimdi beyine elektrik gidiyor, biri beyinde görüyor. Asıl gören o zaten. Duyan biri var. Kulaksız duyan, gözsüz gören, değil mi? Ve düşünen biri var. Asıl insan budur.
Darwinistler bu konunun hiç üzerinde durmuyorlar. Maddenin hakikatini anlamazlıktan geliyorlar. Görüntünün beyinde oluştuğunu anlamazlıktan geliyorlar. Mesela internette, bilgisayarda yazıyı okuyan bir adam, beyninin içindeki yazıyı okur. İnternette şu an bizi izleyen, beyninin içindeki görüntüyü izliyor. Bilgisayarı asla izleyemez. Bilgisayar dış dünyada var, ama saydam ve karanlıktır. O kişi beyninin içindeki renkli bilgisayarı izliyor. Bilgisayarda hiçbir şekilde renk olmaz bir kere. İkincisi, saydamdır. Üçüncüsü, ışıksız. Zifiri karanlıktır. Dolayısıyla dışarıdaki bilgisayar hiçbir işe yarayabilecek gibi değil o anlamda. Beynimizde Allah'ın oluşturduğu bilgisayar esastır. Evrimciler bunu bilir mi? Bilir. Düşünür mü? Düşünmez. Çünkü bilimsel olarak inceliyorlar, araştırıyorlar. Bunun var olduğunu hiçbiri inkar etmez. Bana bir tane evrimci getirin, "bu böyle değildir" desin. Hepsi kabul ediyor. Ama düşünüyor mu? Düşünmek istemiyorlar.
Evrimci olmak için bir kere, işine gelmeyen her yerde sürekli düşünmeme sanatı gerekir. Evrim, yalan söyleme sanatıdır. Fakat bir de aynı zamanda düşünmeme sanatıdır. Çok ustaca düşünmeme, çok ustaca yalan söyleme sanatının adına Darwinizm denir. Bak, çok ustaca düşünmemek ve çok ustaca yalan söylemek. Sözlükleri de değiştirmek lazım aslında. "Darwinizm nedir?" dediğinde, bakın herkes sözlüğünde bunu değiştirsin. Darwinizm deyince iki nokta üst üste koyacaksınız, "çok kapsamlı yalan söyleme sanatıdır, çok kapsamlı düşünmeme sanatıdır." Ondan sonra açıklamalar devam edebilir. İlk ve net anlamı, tam karşılığı budur. Bunun böyle olduğunu da herkes bilir. "Darwinizm nerede yalan söyledi?" derlerse bize, ben onlara en az ama en az üç bin maddelik liste vereyim. Yalanın en çok kullanıldığı pagan dinidir.
Putperestlerde en fazla üç beş yalan olur. "Put yarattı" diye yalan söyler, o kadar. Bunların putunda binlerce yalana ihtiyaç oluyor. Darwinizm yalanla beslenen bir puttur. Onun gıdası budur. Puta sürekli yalan atmaları gerekiyor. O put yalana doymaz. Yalan olmadan da hayatını devam ettiremez Darwinizm putu. Onun için onun mabedine girenler, sürekli ona yalan atarlar, önüne. O da sürekli onları yer. (14 Ağustos 2010 tarihli röportaj / www.a9.com.tr / www.harunyahya.tv)
1- Stanley Sobottka, A Course in Consciousness, http://faculty.virginia.edu/consciousness/
2- Stephen M. Barr, Retelling the Story of Science, Mart 2003 http://www.firstthings.com/ftissues/ft0303/articles/barr.html
3- Amit Goswami, The Self-Aware Universe "How Consciousness Creates the Material World", Tarcher / Penguin Books, 1995, s. 12
4- Taşkın Tuna, Ol Dedi Oldu "Big Bang'in Nefes Kesen Öyküsü", Ekim 2005, Şule Yayınları, s. 59
5- Peter Russell, The Primacy of Consciousness, http://www.peterussell.com/SP/PrimConsc.html
6- Fred Alan Wolf, The Spiritual Universe "One Physicist's Vision of Spirit, Soul, Matter and Self", Moment Point Press, 1999, s. 99
7- Can Science Seek to Soul, http://www.closertotruth.com/topics/mindbrain/113/113transcript.html
8- George Gilder http://www.taemag.com/issues/articleid.17078/article_detail.asp
9- Amit Goswami, The Self-Aware Universe "How Consciousness Creates the Material World", Tarcher / Penguin Books, 1995, s. 31
10- David Pratt http://www.theosophy-nw.org/theosnw/science/prat-mat.htm
11- Richard Feynman, The Character of Physical Law, Türkçe bask: Fizik Yasalar Üzerine, TÜBİTAK Yaynlar, s. 149-151 - http://www.zamandayolculuk.com/cetinbal/kopenhag.htm
12- Thomas J. McFarlane, "The Illusion of Materialism" http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
13- Peter Russell, The Primacy of Consciousness, http://www.peterussell.com/SP/PrimConsc.html
14- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 272-273
15- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 274
16- Roger Penrose, The Road to Reality, Alfred A. Knopf, 2006 s. 1031
17- Amit Goswami, The Self-Aware Universe "How Consciousness Creates the Material World", Tarcher / Penguin Books, 1995, s. 59-60
18- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 264
19- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 274
20- What the Bleep Do We Know?, Belgesel film, yönetmen: William Arntz, Betsy Chasse
21- Nick Herbert, Temel Bilinç, Ayna Yayınevi, 1999, s. 146
22- Nick Herbert, Temel Bilinç, Ayna Yayınevi, 1999, s. 143
23- http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
24- Fred Alan Wolf, Mind into matter "A New Alchemy of Science and Spirit", 2001, Moment Point Press, s. 105
25- http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
26- http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
27- http://www.integralscience.org/materialism/materialism.html
28- Paul Davies and John Gribbin, The Matter Myth "Dramatic Discoveries That Challenge Our Understanding of Physical Reality", Touchstone books, 1992, s. 14
29- Fred Alan Wolf, Mind into matter "A New Alchemy of Science and Spirit", 2001, Moment Point Press, s. 6-7
30- Stephen M. Barr, Retelling the Story of Science, http://www.firstthings.com/ftissues/ft0303/articles/barr.html