Мурдакы бөлүмдөрдө терең каралган кабылдоолор дүйнөсү – электрдик сигналдар аркылуу пайда болгон жасалма бир дүйнө. Бул сигналдарды жоромолдоп, аларды тааныган бир досубузга, кооз бир гүлгө, учу-кыйырсыз бир табиятка, апабызга, көчөдө ойноп жүргөн балдарга, сүйкүмдүү бир мышык баласына айланткан мээбизби?
Илимий мааниде сигналдардын мээде жоромолдонушу туура. Материалисттер ушуга таянуу менен биз мээнин ичиндеги нейрондор ганабыз, жана жашаган дүйнөбүз бул нейрондордун өз ара байланышынын бир натыйжасы дешет. Ойлонгон, күлгөн, кубанган, алдындагы адамды тааныган, жоромол жасай алган жандыкты, ДНКны ачкан материалист эволюционист физик Фрэнсис Крик айткандай, «бир нейрон жыйындысы» дешет.83 Бир материалист үчүн адамдын кантип ойлонгону жана кабылдоолордон кантип маани чыгарганы маанилүү эмес. Маанилүү эмес, себеби буларды түшүндүрө албайт. Анын ою боюнча, баары материалдык жактан каралышы керек. Чынында болсо бул – адамдарды Аллах ишениминен алыстатуу үчүн чыгарылган чоң бир жалган.
Муну тереңирээк түшүндүрүү үчүн мээни жалпысынан тааныштыруу туура болот.
Адам мээси дүйнөнүн эң комплекстүү түзүлүштөрүнүн бири. Жаңы төрөлгөн бир наристенин мээси 100 миллиард нерв клеткасына ээ. Бул сан бир мээ ээ боло ала турган эң көп нейрон (нерв клеткасы) санына барабар. Адам мээсинде нейрон саны эч качан көбөйбөйт, убакыт өткөн сайын жалаң азайат. Нейрондор нерв системасынын эң негизги жана кызмат кылуучу элементтери. Ар нейрон башка нейрондор менен миңден он миңге чейин байланыш түзөт. Булар бириккен жерлер болсо синапс деп аталат. Бул чекиттер маалымат алмашылчу жерлер. Профессор Рамачандрандын ою боюнча, «мээ активдүүлүгүнүн ыктымал пермутациялары менен комбинациялары жер жүзүнүн башталышындагы белгилүү болгон бүт бөлүкчөлөрдүн санынан ашат.»84
Мээдеги бир нерв клеткасы клетканын метаболизмин (зат алмашуусун) улантышы, протеиндерди сиңириши жана клеткалардагы операциялардын жасалышы үчүн керектүү бүт жардамчыларга ээ.
Бир нейрондон сансыз бутактарга бөлүнгөн тинтүүрлөр (мурутчалар) чыгат. Булар дендрит деп аталат. Дендриттердин жашоодогу эң чоң кызматы – бул башка нейрондордон келген электромагниттик кабарларды алуу жана кабарларды тиешелүү клеткаларга алып баруу. Дендриттер клеткадан бөлүнгөн жерде салыштырмалуу жоон, бирок кийинчерээк ондогон, ал тургай, жүздөгөн бутактарга бөлүнөт. Бир топ ичкеришет жана ар жолкусунда андан да ичкеришет. Дендриттердин саны клетканын функциясына жараша өзгөрөт.
Beyindeki nöronlar, diğer nöronlarla binden on bine kadar bağlantı yapar. Bunların birleştiği noktalara sinaps adı verilir. Bu noktalar bilgi alışverişinin yapıldığı yerlerdir. Beynin bu alışverişinin muhtemel permütasyonları ve kombinasyonları, yeryüzünün başlangıcındaki tüm parçacıkların sayısını geçmektedir. |
Нейрондон чыккан дагы бир бутак бар. Бул аксон деп аталат. Анын кызматы башка нейрондорго маалымат ташуу. Бул маалымат электрдик заряд абалында болот. Мээде өзгөчө нейрохимикаттар үчүн сактоо кампалары бар. Бул кеселер кабарларды тизмектеги кийинки клеткага ташуу үчүн химикаттарды чыгарышат. Ушундайча нейрондор маалыматты аксондору аркылуу кийинки нейронго өткөрүшөт. Б.а. башка нейрондон келген маалыматты дендриттер алат, аксондор болсо башка нейрондорго өткөрөт. Аксондор бир метрге чейин узарышы же миллиметрдин ондон бириндей кичинекей болушу мүмкүн.
Мээде канча типтеги нейрон бар экени так белгилүү эмес, божомолдор боюнча 50 түр нейрон бар.85 Формаларындагы, чоңдугундагы, байланыш типтериндеги жана нейрохимиялык курамындагы айырмачылыктарга карабастан, бүт нейрондор дээрлик бирдей формада маалымат ташышат. Бир-бири менен электрохимиялык бир тилде сүйлөшүшөт. Бир нейрондон чыккан жана башкасы тарабынан алынган маалымат оң заряддуу атомдор же иондор тарабынан пайда кылынган электрдик сигналдар катары алынышат. Булар өзгөчө оң заряддуу натрий жана калий иондору жана терс заряддуу хлорид иондору.86 100 миллиард нейрондун баары бир канча миңден 100 миңге чейин нейрон менен байланыш түзөт. Жалпы бир эсептөө боюнча жетилген бир адам мээсинин 100 триллион синапс (байланыш чекитин) пайда кылаарын айтууга болот.87
Крейг Хемилтон бул жөнүндө мындай дейт:
Бүгүнкү күнгө чейин иштеп чыгылган эң комплекстүү тармак кайсысы? Эгер интернет деп ойлосоңуз, дагы болжоп көрүңүз. Жүз миллиард нейрондон турган электрохимиялык матрица урматында адам мээси интернеттин кооз бир жөргөмүш торундай эле көрүнүшүн камсыздоодо. Ар бир нейрондун 50000 башка нейрон менен байланышы бар экени эске алынса, бул жалпы жүз триллион байланыш маанисине келет.88
Bilgisayarlar, beynin mükemmel sisteminin yalnızca bir taklididir. Beyinde tek bir bit'lik bilgi, anında tam 100.000 nörona yayılabilmektedir. Dolayısıyla beyin, bilinen en hızlı bilgisayardan yüz binlerce kat daha hızlıdır. Günümüz teknolojisi ile bunu gerçekleştirmek ise imkansızdır. |
Бир нейрондогу маалыматты өткөргөн аксон башка нейрондун дендритине жеткен чекиттеги боштук, б.а. синапс бир сантиметрдин миллиондон бириндей.89 Ошондуктан, аксон менен дендриттер бир-бирине тийбейт. Байланыш секунданын миңден биринде ишке ашат. Кээ бир нейрондор бир канча дендрит абалында бутактайт. Кээ бирлери болсо дээрлик бир токой пайда кыла турганчалык көп дендритке ээ. Эгер бир адам мээсиндеги байланыштарды санайм десе, ар бирин бир секундада санаса, баарын санап бүтүшү 3 миллион жылга созулат. Бул болжол менен 42000 адам урпагы дегенди билдирет.90 The New Yorker гезити жазуучуларынан Корнелл университетинен Диана Акерман An Alchemy of Mind (Мээнин (акылдын) алхимиясы) аттуу китебинде бул комплекстүү система жөнүндө төмөнкү детальдарды берген:
Канчалык мүмкүн эместей көрүнсө да, ааламдагы жылдыздардын санындай көп мээ клеткасы байланышына ээбиз. Жок дегенде бизге көрүнгөн ааламды айтып жатам, себеби ченөөгө мүмкүн болгон ааламдын 96%ы бизге көрүнбөйт. Бир саамга эле космостун чексиздигин элестетиңиз... Андан соң мээнин ичиндеги микроскопиялык кыймылдуулукту ойлонуңуз. Кадимки бир мээ 100 миллиард нейронду камтыйт жана дене кычкылтегинин төрттөн бирин күйгүзөт. Болжол менен 1,5 килограммдай эле болгону менен, дене калорияларынын көп бөлүгүн сарптайт. 10 Ваттык бир чырактай электр энергиясын колдонот. Мээнин бир кумдан чоң эмес бир чекитинде 100 000 нейрон болжол менен бир миллиард синапс менен иштеп өз кызматын аткарат. Бир эле мээ кабыгында (мээ кыртышы) 30 миллиард нейрон ар бири 1 дюймдун (1 дюйм = 2,54 см) миллиарддан бириндей чоңдуктагы 30 триллион синапста кезигет.91
Берилген бул маалымат боюнча, эгер секунда сайын мээ кабыгында пайда болгон жалгыз синапсты санай турган болсок, муну 32 жылда санап бүтүрө албайбыз. Эгер ыктымал нейрон чынжырларын (мээде ага келген сигналдарды ар кандай жоромолдогон жана баалаган борборлор) да эске ала турган болсок, гипер-астрономиялык бир сан келип чыгат: 10дун артында эң аз бир миллион нөл.92
Бул темадагы эң таң калыштуу чындыктардын бири болсо – кереметтүү сандарга ээ бир адам мээсинин эч качан башка бир адамдын мээси менен бирдей болбошу. Бир жумуртка эгиздердики да бирдей болбойт. Б.а. бул таң калыштуу комплекстүүлүктөгү система Аллахтын каалоосу менен ар адамда башка башка жасалган жана ар кандай формада пайда болгон. Бирок комплекстүүлүгү ошол бойдон.93
Компьютерлер мээнин кемчиликсиз системасын тууроо аркылуу өндүрүлүүдө. Компьютер технологиясында эң ири фирмалардын бири IBM'дин тажрыйбалуу технология адиси Керри Бернштейн мээнин көп тараптан компьютер долбоорлоодо тууралганын, бирок мээдеги долбоордун ошондой сапатта копиялоонун колдогу эч бир технология менен мүмкүн эмес даражада комплекстүү экенин айтууда. Бернштейн бул жөнүндө мындай дейт: «Мээде кереметтүү бир параллельдүүлүк бар. Б.а. бир бит маалымат бир убакта толук 100 000 нейронго таркай алат. Натыйжада мээ белгилүү болгон эң ылдам компьютерден жүз миңдеген эсе ылдам болууда. Биз болсо муну электроникада жасай албайбыз.»94 Ошондуктан мээни компьютерге окшотуу абдан жөнөкөй жана мээнин жогорку кубаттуулугу жөнүндө жетиштүү даражада далил болбогон бир окшотуу болот. Рокфеллер университети нейроилимдер институтунун башчысы, Нобель медицина сыйлыгынын ээси Джеральд М. Эдельман (Gerald M. Edelman) бул жөнүндө мындай дейт:
Эң биринчиден, бир катар мурдатан аныкталган сигналга ээ магниттик компьютер бөлүгү сыяктуу, дүйнө мээге алдын ала сунулган эмес. Бирок ошентсе да ... мээ үйрөнүүгө жана эс тутумга ортомчулук кылат жана ошол эле учурда дене функцияларын жөнгө салат. Нерв системасынын көрүү, үн ж.б. сыяктуу ар түрдүү сигналдарды кабылдоо категорияларын ишке ашыруу жана буларды мурдатан белгиленген бир кодсуз логикалуу класстарга бөлүү жөндөмү абдан өзгөчө жана компьютерге эч салыштырып болбойт. Бул категорияга бөлүү операциясынын кантип ишке ашырылаары алигече толук аныктала алган жок...95
Мээдеги система чыныгы мааниде кемчиликсиз. Бирок бул жерде айткандарыбыз нейрондордун өз ара таасирин, аксон менен дендриттердин комплекстүү бир система ичинде маалыматты алып өткөрүшүн камтууда. Мээдеги «тышкы дүйнө» жана адамды адам кылган өзгөчөлүктөрдүн булагы каерде? Сокур жана аң-сезимсиз атомдордун биригишинен пайда болгон нейрондор жана алар түзгөн мээ мынчалык жогорку бир аң-сезимдин булагы боло алабы? Профессор Вилайанур С. Рамачандран бул жөнүндө төмөнкүлөрдү айтууда:
Жалпы ишеним ушундай болсо да, аң-сезимдик жашообуздун бүт байлыгын – бүт сезүүлөрүбүздү, сезимдерибизди, ойлорубузду, амбицияларыбызды, сүйүүбүздү, ишенимдерибизди, ал тургай ар бирибиздин өзгөчө жана жеке эгобузду – башыбыздын ичинде, мээбиздин ичиндеги кичинекей килкилдек бөлүкчөлөрдүн бир иш-аракети катары кароо мени таң калтырган.96
Бул абал материалисттер үчүн таң калыштуу, себеби материалисттер адамды адам кылган бүт нерселерди, адамдын сүйүнүчүн, тынчсызданууларын, ишенимдерин, адамдын жеке эгосун мээсинин ичинде бир жерлерде издешет. Бир досун көргөндө адамды кубанткандын, бир күчүктү көргөндө адамдын ичин уйгу-туйгу кылган сезимдин, адамдын чечим алуу, ишенүү, сезүү, толкундануу, сүйүнүү, кайгыруу сыяктуу сезимдеринин булагы нейрондор дешет. Бирок мээнин ичине кирип нейрондорду изилдеген илимпоздор жана неврологдор булардын эч биринин булагын мээнин ичинен таба алышкан эмес. Мына ушул себептен жаңы аныктама беришкен жана адамды адам кылган нерселердин булагы «аң-сезим» дешкен. Андай болсо, аң-сезим деген эмне жана материалисттер аны түшүндүрө алышканбы?
Dış dünya ve insanı insan yapan özellikler beynin neresindedir?Kör ve şuursuz atomların birleşmesiyle meydana gelen nöronlar böylesine yüksek bir bilincin kaynağı olabilir mi? Kuşkusuz ki olamaz. Bunların kaynağı, yalnızca insan ruhudur. |
Fred Alan Wolf, bu soruyu şu şekilde cevaplamaktadır:
Эгер көргөн көздөрүбүз эмес болсо, капкараңгы бир жерде көзгө, көз торчосуна, карекке, көз нервдерине муктаж болбостон, түркүн түстүү бир гүл бакчасын көргөн жана андан ырахат алган ким?
Кулакка муктаж болбостон, электрдик сигналдарды тааныштарынын үнү катары уккан, бул үндөрдү укканда кубанган, бул үндөрдү тааныган ким?
Эч бир жыт кирбеген мээнин ичинде мештеги кекстин жытын сезген, андан ырахат алган ким?
Бир гүлдү көргөндө андан ырахат алган, бир мышык баласын көргөндө аны сүйгөн, эч бир колго, манжаларга жана булчуңга муктаж болбостон мышыктын жүндөрүн сылап жатканын сезген ким?
Нерв клеткаларынан гана турган, бир канча жүз граммдык бир кесим эт жашообуздун, кайгылардын, кубануулардын, достуктардын, туруктуулуктун, ак пейилдиктин, толкундануунун себеби боло алабы?
Эгер булардын себеби мээ эмес, булардын баарын кабылдаган жандык болсо, анда кабылдаган ким?
Тышкы дүйнөнү кабылдаган, мээбиздеги «кичинекей адамбы»?
Кванттык физиктер айткан «байкоочубу (кароочу)»?
Бул байкоочу мээнин ичинде бир жерлердеби?
Андай эмес болсо, анда каерде?
Фред Алан Вольф бул суроого мындайча жооп берет:
Бир байкоочунун кванттык физика көз-карашы жагынан эмне кылаарын билебиз. Бирок кимдин же эмненин чыныгы байкоочу экенин билбейбиз. Бул жооп табууга аракет кылбадык деген мааниге келбейт. Изилдедик. Башыңыздын ичине кирдик. Бүт жакты карадык, байкоочу делген бир нерсени табуу үчүн. Эч ким жок эле. Мээде эч ким жок эле. Мээнин кабык (үстүңкү бет) аймактарында эч ким жок эле. Астыңкы кабык аймактарында же чет аймактарда да эч ким жок эле. Байкоочу деп айтууга боло турган эч ким жок эле. Бирок анткен менен, тышкы дүйнөнү байкап жатканда биз байкоочу делген нерсенин тажрыйбаларын жашайбыз.97
Илимпоздор эми мээнин кабылдоолордун булагы эмес экенин, бир ортомчу кызматын гана аткараарын түшүнүштү. Ошондой эле, илимпоздор көп кылым мурдагы ишеним болгон «мээнин ичиндеги кичинекей адам» түшүнүгүнөн да толугу менен алысташты. Илимпоздор «байкоочу» деп атаган эгонун мээден көз-карандысыз экенин апачык көрүштү. Алар эми кабылдоолордун булагынын адам аң-сезими экенин билип калышты.
Роберт Лоуренс Кун (Robert Lawrence Kuhn) Closer to Truth (Чындыкка жакыныраак) аттуу китебинде муну мындайча сүрөттөйт:
Эмне үчүн кээ бир физиктер кокустан адам ойун (мээсин, акылын) мынчалык изилдеп башташты? «Кээ бирлер ойдун чыныгы реалдуулук» экенин жана заттын болсо жалганчы бир элес болушу мүмкүн экенин ойлоп башташты. Мынчалык акылдуу адамдын ушунчалык таң калыштуу спекуляцияларды чыгарышына түрткү боло турган даражадагы ойдун иш-аракеттери менен байланыштуу болгон тема эмне? Мунун себеби белгилүү деңгээлде биздин реалдуулукту кабылдообузду түбөлүк өзгөртө турган эки негизги теориянын кызыктай таасирлери: кванттык механика субатомдук бөлүкчөлөр деңгээлине белгисиздик киргизди, салыштырмалуулук болсо ааламдын чоң масштабында убакыт менен мейкиндикти бириктирди. Бирок физика теориялары ойдо (мээде) болуп жаткандарды түшүндүрө алабы? Атомдордун кыймылдары адамдардын кыймыл-аракеттерин аныктай алабы? Ааламдын түзүлүшү биздин кандай ойлоноорубузду, сезээрибизди жана билээрибизди сүрөттөй алабы?98
Бир адамдын жашашы, кабылдашы, сүйүүсү, сүйүнүчү, кайгысы, ойлору, кыскасы, адамды адам кылган өзгөчөлүктөр, албетте, атомдордун кыймылдарынын бир натыйжасы эмес. Тышкы дүйнөнү кабылдап байкай алган, адамга адам болуу өзгөчөлүгүн берген нерсе адамдын мээсинен көз-карандысыз бир нерсе. Адамдын бир нерсени байкай алышы, бир нерсени анализ кыла алышы, ойлоно алышы, тандоо жасай алышы жана башка бүт адамдык өзгөчөлүктөрү үчүн заттык ар кандай түшүнүктөн тышкары бир түшүндүрмө талап кылынат. Бир эволюционист болгонуна карабастан, ал тургай, «Дарвиндин бульдогу»99 деп эскерилгенине карабастан, Томас Гекслинин (Thomas Huxley) төмөнкү сөздөрү жалындуу бир материалисттин да чындыктарды байкашы мүмкүн экендигинин маанилүү бир далили:
Аң-сезим сыяктуу таң калыштуу бир нерсенин өз ара таасирдешүү абалындагы нерв кыртышынын бир натыйжасы болушу – Аладдин лампасын сүрткөндө ичинен жиндин чыгышы сыяктуу түшүндүрүү мүмкүн эмес бир нерсе.100
Май, суу жана протеиндерден турган бир түзүлүштүн адам эгосун түзүшү, адамды кабылдоочу, ойлонуучу, сүйүнүүчү, реакция берүүчү, мактануучу, толкундануучу бир жандыкка айлантышы, албетте, мүмкүн эмес. Материалисттердин пикирлери кабылдоолордун мээден көз-карандысыз экени жөнүндөгү чындык натыйжасында бүтүндөй кыйрады. 20-кылымдын алдыңкы физиктеринен Сэр Рудольф Пелерис (Sir Rudolf Peleris) бул жөнүндө мындай дейт:
Адамдын бүт функциясын – маалымат жана аң-сезим да кошо- физика шарттары менен түшүндүрүүгө аракет кылган сунушуңардын эч жактай турган тарабы жок. Бул жерде бир нерселер кем.101
Питер Рассел болсо бизге тиешелүү заттык дүйнө аң-сезимдин гана продукту дейт:
Биз билген бүт нерсенин, «сыртта» деп кабылдаган бүт материалдык дүйнөнүн, бул окуянын бир бөлүгү, аң-сезимде пайда кылынган бир сүрөттөлүш экенин түшүнгөнүбүздө, чындыктын биздин күнүмдүк көрүнүшүбүздүн бүтүндөй тескериси экенин түшүнөбүз. Билишибиз боюнча зат – аң-сезим чыгарган бир нерсе... Ушул себептен реалдуулуктун табияты – аң-сезим. Мейкиндик, убакыт, зат, энергия –биздин сезимдерибиз менен пайда болгон катуу дүйнө- аң-сезимдин ичинде пайда болууда. Бул кереметтүү дүйнөнүн негизи зат эмес, аң-сезим.102
Биз реалдуулук деп атоого аракет кылган нерсе негизи аң-сезимге таянат. Түс, үн, жыт, даам, убакыт, зат, кыскасы дүйнөдө биз кабылдаган өзгөчөлүктөрдүн баары аң-сезимдин ичиндеги бир калып жана өзгөчөлүк. Аң-сезимибиз урматында ааламдагы бүт нерсени түшүнө алабыз. Бирок аң-сезимди тышкы дүйнөдөн көрө албайбыз. Питер Рассел мунун себебин мындайча түшүндүрөт:
Аң-сезимди байкоо жүргүзгөн дүйнөбүздө көрө албашыбыздын себеби – бул аң-сезимдин мээбизде пайда болгон сүрөттөлүштүн бир бөлүгү болбошу.103
Питер Рассел да айткандай, тышкы дүйнөнү кабылдаган аң-сезимибиз байкоо жүргүзүлгөн тышкы дүйнөнүн ичинде эмес. Ошондуктан, аны көрүп анализ кыла албайбыз. Рассел аң-сезимди бир кино экранга чагылтылган нурга окшотот. Кинодо көрсөтүлгөн окуя ичинде экранга жарык нурларынын гана чагылып жатканына эч бир далил жок. Адам экрандагы сүрөттөлүштөрдү гана көрөт. Бирок ансыз эч бир сүрөттөлүш болбогон нурдун өзү байкалбайт дагы. Аң-сезим да ушул сыяктуу, биз көргөн заттык дүйнөнүн ичинде болбогондуктан, кол менен кармап, көз менен көрө турган бир мүнөзгө ээ эмес.
Диана Акерман (Diane Ackerman) аң-сезимге мындайча аныктама берген:
... Мээ жымжырт, караңгы жана дудук. Ал эч нерсе сезбейт. Ал эч нерсени көрбөйт... Мээ өзүн тоолордун арасына же космоско ыргыта алат. Мээ бир алманы кыялданат жана муну чыныгыдай сезет. Чындап эле, мээ кыялданган бир алмасын көргөнүнөн абдан кыйынчылык менен айырмалайт...
Мээ аң-сезим эмес... Бир мааниде, машинанын ичиндеги элес.104
“O, sizi tek bir nefisten yaratandır. (Sizin için) Bir karar (kalış) ve emanet (olarak konuluş) yeri vardır. Kavrayabilen bir topluluk için ayetleri birer birer açıkladık.” |
ADNAN OKTAR:... İki gözle insanlar baktığında gördüğünü zannediyorlar, ama göz görmez normalde. Gözün sadece kamera görevi vardır, fotoğraf makinesinin görevi ne ise veya video kameranın görevi ne ise gözün görevi de budur. Göz görmez, beynin içindeki görme merkezi görür. Asıl göz odur. İnsanın içindeki göz, bu gözün gözü yok, ama görüyor. Yani bu çok acayiptir. Bakın, orada bir göze ihtiyaç olması gerekiyor. Fakat elektriği görüntü olarak görüyor bu göz. Fakat ortada bir göz yok. İşte bu görünmeyen göze ruh diyoruz biz. Ses de öyledir. Ses dalgaları gelir kulağımıza, örs, çekiç, üzengiden geçer titreşim olarak. O titreşim elektrik enerjisine döner, gelir beynimize. Beynimizde o elektrik akımını ses olarak duyan bir kulak vardır. Ama bu kulak bizim bildiğimiz gibi bir kulak değildir. Yani görünmeyen bir kulak vardır. O görünmeyen kulak gerçek kulaktır. Her insanın kulağı sağırdır. Kulak sadece sesi iletmeye yarayan bir araç, bir mekanizmadır, kulak hiçbir şekilde duymaz. Her kulak sağırdır, duymaz. Beynin içindeki kulak duyar... Algı da, şimdi bak ben buraya dokunuyorum, masa sert.
Bu sertlik algısı beynimin içinde oluyor benim, ben masada olduğunu zannediyorum. Görüntünün 3 boyutlu olmasından kaynaklanıyor bu. Parmak uçlarımda onu hissettiğime dair bilgi beynimin içinde oluşuyor. İnsanlar parmak ucunda hissettiklerini zannederler. Parmak ucunda olmuyor olay, beynin içinde olur. Mesela bir yemek yediğimizde, farz edelim kavun yiyor, "ne kadar lezzetliymiş kavun" diyor. Beyninin içerisinde o tadı hisseder, ağzında hissetmez. Diyor ki "ağzıma tatlı geldi" diyor "tadı hoş geldi" diyor. "Acı geldi" diyor veyahut "ekşi geldi" diyor. Ağzında hiçbir insan tadı hissedemez. Hep beyninde hissederler. Ama ağzında hissettiğini zannederler. Mesela koku da; hiçbir şekilde burunda o kokuyu hissetmeyiz. İnsanlar hep burunlarıyla kokuyu aldıklarını zannederler. Hiçbir şekilde öyle olmaz. Beynin içindeki burun kokuyu alır. Sadece havadaki o kimyasal gazlar burnunun üstündeki sinir hücrelerine gelir, onlara dokunduğunda o elektrik enerjisine dönüşür ve beyne gider. Beyinde onu koklayan bir burun vardır. Oradaki o elektriği koku olarak alan bir burun var. Yani beynin içine ne gül girer, ne karanfil girer, gül, karanfil dışarıda ama gülü ve karanfili içeride koklayan bir ruh vardır. Bakın, gül olmadığı halde gülü koklar o, elektrik akımını gül olarak koklar, elektrik akımını karanfil olarak koklar, bu gerçek dünyada şu an o kadar bilinmiyor. Milyonda birdir bu konuyu bilenler. (30 Aralık 2009 tarihli röportajdan / www.a9.com.tr)
Бул жерге чейин биз кабылдаган тышкы дүйнөнүн аң-сезимдин ичинде пайда болгон бир көлөкө (элес) дүйнө гана экенин жана заттык нерселердин өзүн көрүп, кармай албашыбызды далилдеп көрсөттүк. Ушул чындыктардын негизинде материалисттик философия жактаган «абсолюттук зат» түшүнүгү бүтүндөй жараксыз болуп калды. Бирок ошого карабастан, түшүндүрүү керек болгон маанилүү бир суроо турат. Питер Рассел бул суроону мындайча койгон:
Илимпоздор комплекстүү нейрон тармагынын кандайча аң-сезимдүү бир тажрыйбаны камсыз кыла алганын сурашууда. Аң-сезим сыяктуу заттык эмес бир нерсе кантип заттык дүйнө сыяктуу аң-сезимсиз бир нерседен пайда боло алат? Бул маалыматтардын нерв тармагын бойлой комплекстүү калыптандырылышынын бир натыйжасыбы? Нейрондордун ичиндеги микропробиркалардын кванттык дал келүүчүлүк (когеренттүүлүк) таасирлеринин натыйжасыбы? Же башка бир нерсеби?...105
Ki o, yarattığı her şeyi en güzel yapan ve insanı yaratmaya bir çamurdan başlayandır. Sonra onun soyunu bir özden (sülale’den). Basbayağı bir sudan yapmıştır. Sonra onu ‘düzeltip bir biçime soktu’ ve ona Ruhundan üfledi. Sizin için de kulak, gözler ve gönüller var etti. Ne az şükrediyorsunuz? |
Бул эки реалдуулукту бир-биринен бөлгөнүбүздө, бул суроо тескерисинче болуп калат: зат, мейкиндик, убакыт, түс, үн, калып жана башка биз сезген бүт өзгөчөлүктөр кантип аң-сезимде пайда болууда? Мээнин ичинде муну пайда кылган ыкма кайсы?
Бул чындап түшүндүрмө талап кылган маанилүү бир суроо. Аң-сезим эмнеден жасалган? Аң-сезимде бүт бул кыймылдуу дүйнөнү пайда кылган эмне? Бул суроо азыркы 21-кылымда илимпоздор дагы эле жообун издеп жаткан, ал жөнүндө китептер жазылган, конференциялар уюштурулган, чечүүгө аракет кылган, бирок эмнегедир чечүү жолун айтуудан тартынган бир суроо. Аң-сезимдин булагы эмне деген суроо жөнүндө жазылган жүздөгөн китеп, макала жана сансыз илимпоздун жоромолу бул жөнүндө күтүлгөн жоопту берген жок. Аң-сезим темасы 21-кылымдын эң чоң табышмактарынын бири катары кабыл алынган жана бул темадагы дээрлик бүт изилдөөчү, жазуучу, профессор бул теманы түшүндүрүү мүмкүн эмес экенин айтуу менен сөзүн баштап, кайра ошону менен сөздөрүн бүтүрүшкөн. Джеффри М. Шварцтын төмөнкү сөздөрү буга бир мисал:
... Физикалык мээ иш-аракеттерин мээ кубулуштары менен байланыштыруу чоң бир илимий жеңиш болгону менен, мээ жөнүндө изилдөө жасаган кишилердин көпчүлүгүн канааттандырган жок. Себеби неврологдор да, философтор да нейрондордун кыймыл-аракеттеринин кандайча болуп субъективдүү сезилген акыл-эстик абалдарды пайда кылганын канааттандырарлык түшүндүрө алган жок. Тескерисинче, нейробиолог Роберт Доти (Robert Doty) 1998-жылы «нейрондордун кыймыл-аракет формасынын кантип субъективдүү аң-сезимге айланаары табышмагынын адамзаттын негизги сыры бойдон кала бергенин» айткан.106
Муну чындап эле түшүндүрүү мүмкүн эмеспи? Же илимпоздор түшүнгүсү келбеген, күтпөгөн бир чындыкка ишарат кылып жатабы? Кванттык физиканы жактоочу илимпоздор көп жылдар бою кабыл алып келген материализмдин таасири астындабы? Же алардын чындыкты көрүшүнө тоскоол болгон бир себеп барбы?
Аң-сезим темасы, албетте, түшүндүрүлгүс эмес. Мээнин ичиндеги сүрөттөлүштү «көрүп жатам» деген, мээнин ичиндеги үндөрдү «угуп жатам» деген, өзүнүн бар экенин билген аң-сезимдүү нерсе – бул Аллах адамга берген рух. Материалисттик көз-караш мына ушул чындыктын ачыкка чыгышынан, бул чындыкты адамдардын түшүнүшүнөн тартынууда. Материалист илимпоздордун «дагы эле чечилбеген аң-сезим» сөздөрүнүн түпкү себеби ушул. Рухтун абсолюттук бар экени, рухту адамга Аллахтын бергени алардын бүт материалисттик ишенимин жана пикирлерин астын-үстүн кылып, кыйратууда. Канчалык «түшүндүрүлгүс» мөөрүн басууга аракет кылышпасын, аң-сезимдин булагынын рух экени, адамга тиешелүү реалдуулуктун, «мен менмин» деген жандыктын рухуна тиешелүү экени анык жана талашсыз бир чындык. Аллах Куранда адамдын алгач денесин жаратканын, андан соң ага «рухунан үйлөгөнүн» билдирген:
Раббиң периштелерге айткан эле: «Мен кургак бир ылайдан, калыпка салынган бир балчыктан бир адам жаратамын. Ага бир калып бергенимде жана ага рухумдан үйлөгөнүмдө ылдам ага сажда кылып (жерге) жыгылгыла.» (Хижр Сүрөсү, 28-29)
Аң-сезим темасын изилдеген илимпоздор кабыл алып, моюнга алышы керек болгон эң негизги чындык ушул. Стэнфорд университетинин зат таануу жана инженериясы профессору Уильям Тиллер (William Tiller) бул чындыкты кабыл алган илимпоздордон:
Менин моделим боюнча, байкоочу – бул төрт катмардуу биологиялык дененин ичиндеги рух. Ушул себептен ал машинадагы элес сыяктуу.Көзгө муктаж болбостон көрө алган, кулакка муктаж болбостон уга алган, мээге муктаж болбостон ойлоно алган – адамдын «руху».107
Bilinç konusu, materyalist bilim adamlarının empoze etmeye çalıştıklarının aksine açıklamasız değildir. Kendi varlığının şuurunda olan bilinç sahibi varlık, Allah'ın insana vermiş olduğu ruhtur. Materyalistler her ne kadar bunu inkar etmek isteseler de, şuurlu bir insan, sahip olduğu üstün ruhun hiç tartışmasız farkında olacaktır. |
ADNAN OKTAR:... Bazı insanlar kasım kasım kasılıyor; "ben yaptım, ben ettim" diyor. Beyninin içerisinde şu kadarcık (mercimek kadar) yerde Allah ona görüntü olarak gösteriyor. Mercimek kadar yerdedir, "ben yaptım, ben ettim" diyenler. Tamamını Allah yaratır. İnsan hiçbir şey yapamaz. Ama tabi, "ben yaptım" diye konuşmada onu zahiren söyler. Yoksa tamamını Allah yapar. Mesela "buraya gel" diyorsun. Buraya gel demeyi Allah yaratır. Geldim diyen insanın sözünü de Allah yaratır ve alır senin karşına Cenab-ı Allah getirir, onu görürsün. Mesela, ben şimdi buraya bu içeceği koyuyorum, içiyorum bunun tamamını Allah yaratır beynimin içerisinde. Onun tadını, görüntüsünü, kokusunu Allah yaratır. İstese tadını kaldırabilir, hiçbir şey hissetmem. Kokusunu da kaldırsa yine kokusunu hissetmem. Görüntüsünü kaldırırsa zaten her şey biter, hiçbir şey hissedemem. Bir de dokunma duyusunu kaldırırsa artık tamam, sadece boşluk kalır hiçbir şey kalmaz.
Beynimin içinde Allah dokunma hissi meydana getirdiği için, ben bunu elimde var zannediyorum. Şu an mesela ben parmağımla dokunduğumdan adım gibi eminim. Ama böyle bir şey yok. Beynimin içindeki histen kaynaklanıyor. Beynime parmak uçlarımdan gidiyor, sinir uçları alıp götürüyor dokunma hissini, sinir bayağı uzun yol alıyor gidiyor, gidiyor, gidiyor, beynimden içeri giriyor, şuur merkezinde dokunma hissini meydana getiriyor.
"Ben dokundum" diyorum, halbuki öyle bir şey yok. Dokunma hissi orada olmuyor, beynimin içinde oluyor. Ben parmağımın ucunda olduğunu zannediyorum. Mesela biz burada şimdi oturuyoruz değil mi, adımız gibi eminiz, bütün algıların tamamı beynimizin içinde oluyor. Ses, konuşma uzaktan geliyor gibi görünüyor, halbuki üç boyutlu olarak, beynimin içinde yaratılıyor. Çünkü beyne giden sinir koparıldığında hiçbir şekilde duyamayız. Bağlandığında da anında duyarız. Ama insanlar bu gerçeği pek düşünmek istemiyorlar, ben de ara ara anlatıyorum, daha sonra ben bu gerçeği insanların tam anlayacağı gibi tarif edeceğim ve hiç kaçıp kurtulacakları gibi olmayacak. (03 Kasım 2010 tarihli röportaj, www.a9.com.tr / www.harunyahya.tv)
Өмүр сүрүшүңүздүн эки гана жолу бар: биринчиси бүт баарын керемет эместей кабыл алып жашоо. Экинчиси болсо бүт баарын кереметтей көрүп жашоо. Мен экинчисине ишенем.108 Альберт Эйнштейн
Рухтун бар болушу материалисттер кылымдардан бери күрөшүп келген динсиздик (атеизм) принцибин илимий жактан жок кылууда. Рухтун бар болушу материализмди өлтүрүүдө, Аллахтын абсолюттук бар экенин көрсөтүүдө. Кабылдагандын, көргөндүн, уккандын, кубангандын, бир гүлдүн жытынан ырахат алгандын, музыка угуудан ырахаттангандын бул денеден көз-карандысыз бир рух экенин билүү бүт адамдардын Аллахтын алдындагы жоопкерчилигин билип жашашын талап кылат. Бүт жандыктар кокустан бир-биринен эволюциялашып келип чыккан жана натыйжада адам менен шимпанзенин атасы бир деген эволюция теориясы рух чындыгын кабыл алуу натыйжасында жер менен жексен болот. Натыйжада материалисттер кылымдар бою ар кандай пропаганда, маалымат каражаттары жана «мээ чайкоо» ыкмалары менен түзгөн материалисттик дүйнө тартиби жана көз-карашы рухтун илим тарабынан кабыл алынышы менен астын-үстүн болот.
Materyalistlerin yüzyıllar boyunca çeşitli propaganda, yayın ve beyin yıkama yöntemleriyle meydana getirdikleri materyalist dünya düzeni ve görüşü, ruhun varlığı ve bilimsel kabulü ile altüst olmuştur. |
Материалист илимпоздор адамды адам кылган өзгөчөлүктүн адамдын руху экенин билишет. Бирок жогорудагы себептерден улам билбейбиз дешет.
Фред Алан Вольф муну мындайча баяндайт:
Учурда Аллах, илим жана рухтун бир-бирине туура келишин түшүндүрүүнө аракеттенген, эң акыркы жарык көргөн китептердин көпчүлүгүн изилдегенде төмөнкү чындыкты ылдам байкайсыз: Рух, ал ээ болгон эң негизги өзгөчөлүктөрүнө (булар ыйыктык жана өлүмсүздүк) жана негизги максатына (аң-сезим бар болушу үчүн керек экени) маани берилбестен, заттык бир процесс катары түшүндүрүлүүгө аракет кылынууда же алдыңкы планга чыккан китеп аттарына карабастан, эч качан талкууланбоодо.109
Илимпоздордун сөздөрүнөн да көрүнүп тургандай, илим материализмди гана негиз алган бир түшүнүккө айланган. Илимди жамынып жасалган иш-аракет болсо ачыкка чыккан чындыкты кабыл алуунун ордуна, анын материализмге ылайыкташтырылган формасын кабыл алуу болуп калган. Натыйжада учурдагы абал абдан парадоксалдуу. Себеби илим адам аң-сезими менен байланышта адам көрүп, сезген бүт материалдык дүйнөнү жокко чыгарууда, бирок «илимге» жамынуу менен бул илимий чындык артка ташталууда.
Калифорния университетинен элементардык бөлүкчөлөр физиги Фред Алан Вольф, бир илимпоз катары, илимдин кандай болушу керек экенин мындайча сүрөттөйт:
Илимдин ар кайсы баскычтарынан чыккан жана мени чындап тынчсыздандырган нерсе өз текебердигим болгон. Менин илимий көз-карашыма туура келбеген башкалардын пикирлерине маани бербей абдан текебердик кылыптырмын. Дүйнөнү кыдырып жергиликтүү элдер жана адамдар менен таанышып убакыт өткөргөндө, текебердигимин туура эмес экенин түшүндүм. Х.Г. Уэллс аңгемесинде айтып берген адам сыяктуу илимий жактан сокур бир өлкөдө бир көздүү адам хан боло алат. Негизи чыныгы сокур мен элем. Илимий маалыматтар жагынан жетишсиз элем. Илимий көз-караштарымдан көз-каранды болгон сайын көрө албай жаттым. Мен бүт нерсени көрөм деп ойлочумун, бирок чынында эч нерсени көрө албай жаттым. Ушул себептен мурда чындык деп ойлогон нерселерди таштоого мажбур болдум жана ошентип ал адамдар көрө алгандарды мен да көрдүм. Аягында бул жаңы көз-карашка ээ болгонумда илимге көз-карашым бүтүндөй өзгөрдү. Ошентип илимди бир инструмент катары гана көрүп баштадым; ааламдагы жалгыз маанилүү же бар нерсе катары эмес. Илим адам болуунун эмне мааниге келээрин тереңирээк изилдөөбүзгө жардамчы боло турган бир инструмент. Бирок биз буга али жете албадык деп ойлойм. Али ойгоно элекпиз деп ойлойм. Азыр дагы эле баарыбыз уктап жатабыз жана тынымсыз бизди ичинде турган саздан куткарышы үчүн ойубузга механикалык түрдө ишенип түш көрүп, үмүт кылып, каалоодобуз. Жүрөгүбүз менен рухубузду мээбиз менен бирге колдонгондо гана илим жаңы бир дүйнө тартибине ыңгайлашып баштайт.110
Şüphesiz Biz insanı, karmaşık olan bir damla sudan yarattık. Onu deniyoruz. Bundan dolayı onu işiten ve gören yaptık. Biz ona yolu gösterdik: (artık o) ya şükredici olur ya da nankör. Şüphesiz, göklerin ve yerin yaratılmasında, gece ile gündüzün ard arda gelişinde, insanlara yararlı şeyler ile denizde yüzen gemilerde, Allah’ın yağdırdığı ve kendisiyle yeryüzünü ölümünden sonra dirilttiği suda her canlıyı orada üretip yaymasında, rüzgarları estirmesinde, gökle yer arasında boyun eğdirilmiş bulutları evirip çevirmesinde düşünen bir topluluk için gerçekten ayetler vardır. |
Фред Алан Вольф бул жерде басым жасаган чындык – бул илим ааламдагы жаратылууну түшүнүү үчүн бир инструмент гана экени жөнүндөгү чындык. Бул улуу жаратуу болсо Аллахка гана тиешелүү. Бүт нерсенин ээси, жалгыз чыныгы Зат – бул Аллах. Адам мээси менен илимди колдонуу аркылуу Аллахтын жараткандарын көрө алат, аларды ача алат, алардагы чеберчилик менен жогорулукту түшүнө алат. Илим Аллахтын чыгармаларына жетүү жана алардагы детальдарды көрө алуу үчүн бир инструмент гана.
Бул чындыкты түшүнгөн башка бир жазуучу болсо What is Enlightenment? журналынын редакторлорунан Крейг Хэмилтон:
Жылдар өткөн сайын динден алыс бир түшүнүк менен тарбияланып чоңойгонума карабастан, өзүмдү руханий бир изденүүгө арнадым жана кыска убакыт ичинде илим менен байланыштуу окуу китептеринде сүрөттөлгөндөн бир топ терең бир реалдуулукту сезип баштадым. Маани, максат жана сырларга толо бул дүйнө байкалып баштаган сайын, илим бүт реалдуулукту түшүндүрө алат деген пикирди кабыл алуум кыйындап баратты.
Эволюционист биологдордун балдарыбызды максатсыз бир ааламда жашап жатканына ишендирүү үчүн нео-дарвинизмдин али далилденбеген догмаларын колдонгонун билемин жана дагы бир жолу илимге болгон симпатиямды жоготуудамын.111
Материалист илимпоздордун да бул чындыкты байкашы маанилүү. Себеби «кабылдаган ким?» суроосунун бир гана жообу бар жана бул жооп эми физикалык бир мааниге ээ: кабылдаган – бул Аллах адамга берген рух. Адамдар муну билмейинче же билмексен боло берген сайын, аң-сезим менен байланыштуу жасалган изилдөө жана түшүндүрмөлөрдүн эч бир мааниси болбойт. Кванттык физика берген далилдер көрсөткөн чындык апачык көрмөксөндүккө алынган болот. Адамды адам кылган нерсенин материалисттер айткан ар кандай материалдык түшүнүктөн жогору экени анык. Буга материалдык бир түшүндүрмө издөө чындыкты бүтүндөй көрмөксөн болуу дегенди билдирет жана убакытты текке кетирет.
Мээбиздеги сүрөттөлүштү рухубуз көрөт. Мээбиздеги жыттарды, даамдарды алган, бирөөгө тийгенде аны сезген, маңдайыбыздагы адамдын сөздөрүн уккан – бул рухубуз. Кабылдагандын мээ эмес экенин сансыз далилдер менен түшүндүрдүк, жана бул учурда илимий далилденген бир чындык. Атактуу философ Бергсон айткандай, «дүйнө сүрөттөрдөн жасалган, бул сүрөттөр биздин аң-сезимибизде гана бар; мээнин өзү болсо бул сүрөттөрдүн бирөөсү».112 Демек көргөн, сүйүнгөн, ойлонгон, боор ооруган, тамактын даамын сезген, ырахат алган, жумшакты сезген – рухубуз гана. Адамды адам кылган касиет адамдын өз денесинен көз-карандысыз бир нерсе. Бир пейзажды кароодон ырахат алган, кичинекей бир чыйырчыкка боор ооруган, бир тамактын даамын байкаган, сонун бир музыка угуудан ырахаттанган, кыйын чечимдерди ала алган, ойлонуп туураны таба алган, өз эгосун изилдеген жана жыйынтыктар чыгарган – бул адам ээ болгон рух.
Bilinç, bedenin herhangi bir yerinde saklı değildir. İnsan, tüm materyalist kavramların dışında bir şeydir. İnsan metafiziktir, sahip olduğu ruh ile insan vasfı kazanır. Bu ruh, yalnızca Rabbimiz olan Yüce Allah'a aittir. |
Кванттык физиканын ачуучуларынан атактуу физик Эрвин Шредингер бир эле материалдык дененин кабылдоо (элес) дүйнөсүн түшүндүрө албашын мындайча сөз кылат:
...Балаңыздын ага жаңы бир оюнчук алганыңызда сизге туура күлүмсүрөгөнүндөгү жаркыраган, кубанган көздөрүн эстеңиз жана анан доктор сизге бул көздөрдөн эч нерсе таркабаганын түшүндүрсүн. Чынында алардын (көздөрдүн) объективдүү түрдөгү жалгыз сезүү мүмкүн болгон функциясы – бул тынымсыз сүзгөн жарык кванттарын кабыл алуу. Чынында! Ажайып бир чындык! Анда (бул чындыкта) бир нерселер кемдей көрүнүп жатат...113
Адамдын ойлорун, сын-пикир жөндөмдөрүн, чечим алуу механизмдерин, сүйүнүч, толкундануу, капалануу сыяктуу сезимдерин мээдеги нейрондордун кыймылдарынын бир натыйжасы деп ойлоо акылга туура келеби? Аң-сезимсиз атомдор чогулуп сүйүнүүнү, кайгырууну, даамды, достукту, маектен ырахат алууну биле алабы? Аң-сезимсиз атомдор чогулуп мээни изилдеген, ал жөнүндө жоромолдор жасаган, аң-сезим жөнүндө ой жүгүрткөн жана бир жыйынтык чыгарууга аракет кылган илимпоздорду пайда кыла алышабы? Адамды адам кылган, ага тышкы дүйнөнү кабылдаткан – денесинин ичинде айланып жүргөн электрдик сигналдар ганабы?
Бир нерсенин чечимин алган, бир нерсени сагынган, бир нерсени жактырган, бир нерсенин кооздугуна суктанган мээдеги кайсы нейрон? Эгер булардын баарын аң-сезим ишке ашырып жатса, анда аң-сезим мээдеги кайсы нейрондо? Орду каерде? Кайсы химиялык реакция аң-сезимди пайда кылууда? Кайсы химиялык реакция бир адамдын алманы жактырышын, шпинатты жактырышын чечүүдө? Эгер бүт баары мээнин ичинде болуп жатса, анда кайсы нейрон ойлонуп жатат? Чечим алган кайсысы? Чечимдеринен улам толкунданган нейрон каерде? Материалисттер булардын баарына жооп бериши керек. Эгер «бүт нерсенин булагы аң-сезим» деген жыйынтыкка жетишкен болсо, анда мээнин ичинде аң-сезимдин ордун көрсөтүшү керек. Эгер бүт баары заттан гана турган болсо, анда аны көрсөтүшү зарыл. Эгер аны көрсөтө алышпаса, демек адам бир нейрон же атом жыйындысы эмес. Аң-сезим турган жер мээнин жашыруун бир бөлмөсү эмес. Аң-сезим дененин кандайдыр бир жеринде жашырылган дагы эмес. Адам бүт матералисттик түшүнүктөрдөн жогору, тышкары бир нерсе. Адам метафизикалык нерсе, өзүндөгү рух менен адам касиетине ээ болот. Бул рух Аллахка гана тиешелүү.
Фрейддин кесиптештеринен таанымал Швейцариялык психиатрист Карл Юнг бул жөнүндө мындай деген:
... Илимдин баары бүт маалымат ичинде тамырланган рухтун бир функциясы. Рух бүт ааламдык кереметтердин эң чоңу, бир нерсе катары ал дүйнөнүн conditio sine qua non'у (болбосо болбос шарт – зарыл талап). Батыш дүйнөсүнүн (абдан азынан башкалар) бул нерсеге мынчалык аз маани бергендей көрүнүшү абдан таң калыштуу.114
İnsan, Allah'ın Ruhu'na sahip bir varlıktır. ve sonsuz olan bu ruhtur. İnsan, ölümü ile birlikte bedenini dünyada bırakacak ama ruhu sonsuz varlığını ahirette sürdürecektir. |
Адам өзүндөгү рух менен намыс, сүйүү, урмат, достук, туруктуулук, чынчылдык сыяктуу түшүнүктөргө ээ болгон, ой жүгүртө алган, пикирлерге каршы чыга алган бир жандык. Манжабыздын учундагы бир клетка ойлонуп чечим алуу, кайгырып кубануу сыяктуу жөндөмдөргө ээ боло албаган сыяктуу, мээдеги ушуга окшош түзүлүшкө ээ нейрондордун да мындай метафизикалык касиеттерге ээ болуу мүмкүнчүлүгү жок. Бул бүт адамдар оңой гана көрө алчу, илимий далилдерсиз эле оңой гана түшүнө алчу бир чындык. Материалисттер да бул чындыкты билишет. Бирок материалисттик стереотиптери, илим материалдык нерселерден гана турат деп ойлоо жаңылыштыгы аларды чындыктарды бурмалоо жолуна түртүүдө. Бирок материализмди жактоо үчүн кабыл алган нерселери олуттуу бир логикасыздыкка алып келүүдө. «Ойлорубуз атомдорубуздун натыйжасы» деген бир адамдын түштөрүн чындык деп ойлогон же акылга сыйгыс жомокторду чыгарып, анан аларга ишенген бир адамдан эч айырмасы жок. Бирок материалисттер эмнегедир Аллахтын бар экенин кабыл алуунун ордуна, ошентип уят болууну туура көрүшүүдө.
Чындык мындай: адам Аллах ага берген рух менен кабылдаган, ошол рух менен ойлонгон, ошол рух менен сүйлөгөн, сүйүнгөн, бактылуу болгон, чечимдер чыгарган, өлкөлөрдү башкарган, элдерге өкүмдар болгон бир жандык. Адам Аллахтын рухуна ээ бир жандык жана бул рух түбөлүктүү. Дене бул дүйнө үчүн бир инструмент гана. Адам өлгөндө денесин бул дүйнөдө калтырат, бирок руху жашай берет. Андан соң жашоосун улантчу жери же түбөлүк бейиш, же болбосо түбөлүк тозок болот.
Даражаларды көтөрүүчү Арштын ээси (Аллах) «чогулуу жана жолугушуу» күнүн эскертип-коркутушу үчүн Өз буйругунан болгон рухту кулдарынан каалаганына түшүрөт. Ал күнү орто жерге чыгышат. Алардан эч нерсе Аллахтан жашыруун калбайт. (Аллах сурайт:) «Бүгүн мүлк кимдики? Жалгыз, Каххар Аллахтыкы.» Бүгүн ар бир напси өз чогултканынын натыйжасын алат. Бүгүн зулумдук жок. Шексиз, Аллах эсепти бекем кылуучу. |
Тарых бою материалисттер Улуу Раббибиздин бүт нерсенин Жаратуучусу жана Ээси экенин жокко чыгара алуу үчүн «зат абсолюттук нерсе» деген калпка болушунча жабышышкан. Заттын маңызы менен байланыштуу түшүндүрмөлөр мына ушул себептен абдан маанилүү. Себеби бул маалыматтар кылымдар бою улантууга аракет кылынган бул калптын жараксыз экенин далилдөөдө. Заттын копиясын гана көрүп, сезе алаарыбызды түшүнүү адамдын эттен-сөөктөн гана турган бир зат жыйындысы эмес, руху жана аң-сезими бар бир жандык экенин түшүнүүгө себеп болот. Адамдагы бул рух менен аң-сезимди болсо Улуу Раббибиз жараткан жана адам Аллахка тиешелүү бир кул. Ошондуктан жерлердин жана асмандардын өкүмдары болгон жалгыз Зат – бул Улуу Раббибиз гана.
Бул болсо Аллахтын кудурети, өкүмдарлыгы жана чеберчилигиндеги кемчиликсиздикке карата чоң таң калууну ойгото турган бир чындык. Аллах кемчиликсиз жана сансыз детальга ээ ири ааламды сыртта да зат катары жаратууда жана ар адамдын мээсинде да өз-өзүнчө жана бир элес абалында гана жаратууда. Ар адамдын мээсиндеги бул элес ичинде ааламдагы бүт детальдар үзгүлтүксүз жана кемчиликсиз тынымсыз жаратылууда. Аллахтын бул жаратуусу ушунчалык кемчиликсиз болгондуктан, элес гана экени анык болуп турса да, эң майда бөлүктөрүнө чейин бүт баары ушунчалык чыныгы жана ынандырарлык көрүнүүдө. Раббибиздин бул жаратуусунда эч кандай кемчилик жок. Акылын колдонбогон адамдар бул кемчиликсиздикке алданып, заттын өзүн көрүп жатам деп ойлошууда жана көргөн сүрөттөлүшүнүн элес болушу мүмкүн экенине бир саамга да күмөн санашпоодо.
Булардын баарын көргөн болсо рухубуз. Жер бетиндеги миллиондогон адам ар саам ага көрсөтүлүп жаткан сүрөттөлүштү көрүүдө. Ушул сүрөттөлүштөр менен кубанып, ойлонуп, чечим алууда. Адам булардын баарын руху менен гана жасай алат. Бул рух болсо Раббибиз Өз рухунан үйлөгөн бир бөлүк. Бул болсо жалгыз абсолюттук Заттын бул рухтун чыныгы ээси болгон Улуу Раббибиз экенин апачык көрсөтүүдө. Аллахтын Заты, кудурети жана күчү бүт нерсени жана бүт тарапты орогон. Биз кабылдаган, зат деп кабыл алынган бүт нерселер чынында Раббибиз жараткан бир сүрөттөлүш. Бул сүрөттөлүштү көргөн болсо – Аллах Өз рухунан жараткан жандыктар.
Аллах бир аятында мындайча билдирет:
Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. |
Адам Раббибиздин жаратуусундагы бул кереметти жана кабылдаган дүйнөнүн өзүн көрүп түшүнө алуу үчүн Аллахка дуба кылышы зарыл. Себеби булардын баарын Аллах жараткан жана каалаганда буларды адамга түшүндүрө турган дагы бир гана Ал. Бул чындыкты түшүнгөн илимпоздордон Питер Рассел бул чындык жөнүндө мындай дейт:
Менин реалдуулугум жалгыз реалдуулук деп ойлойм. Бирок кээде айланамдагыларды көрүүнүн башка жолдору да бар экенин түшүнөм. Бирок мунун эмне экенин билбейм. Өз алдымча муну түшүнө албайм; жардамга муктажмын. Бирок жардам үчүн каякка кайрыла алам? Башка адамдар да мендей ойго кабылышкан. Мен жардам үчүн кайрыла турган жер булардан бир топ терең, материалисттик түшүнүктөн ары бир аң-сезим деңгээли – Аллахтын Өзү. Жардамды Аллахтан сурашым керек. Бул үчүн дуба кылуум зарыл.»115
Заттын маңызын түшүнгөн адам Аллахтан башка күчү бар бир жандык жок экенин да анык түшүнгөн болот. Бул түшүнүк болсо адамдын өзүнө бир гана Аллахты Кудай тутунуп, чын ыклас менен Раббибизге багытталышына себеп болот. Себеби рухтун бар экенин түшүнүү адамдын Аллахка кул болушуна тоскоол болгон бүт материалисттик пикирлерди жараксыз кылат. Адам Аллахтан башка Кудай тутуна турган башка эч нерсе жок экендигинин анык бир чындык экенин көрөт. Натыйжада дүйнө жашоосу жөнүндө ага сунулган материалисттик түшүндүрмөлөргө ишенбейт. Бул түшүнүк менен бирге дүйнөгө болгон ач көздүк, материалдык кызыкчылыктарга таянган амбициялар, текебердик каалоосу жана кызыкчылык күтүүлөрү токтойт. Бүт нерсе элес болгон бир дүйнөдө текеберденүүнүн, ач көздүк кылуунун, мактануунун, материалдык артыкчылыкка жетүүнүн эч мааниси жок экенин түшүнөт. Адамдын жалгыз максаты Аллахты ыраазы кылуу жана чыныгы түбөлүк жашоону жашай турган акыретте бейишке жетүү үчүн аракеттенүү болот.
Аллахтын Улуу заты бүт жерди жана бүт нерсени орогон. Адам дүйнө жашоосунда көргөн, сезген чоң-кичине бүт детальдар Раббибиздин акылынын, чеберчилигинин, кудуретинин, бар экендигинин бир далилдери. Бирок материалисттик философиянын таасиринде калып, затты абсолюттук нерсе деп ойлогон адамдар бүт бул кемчиликсиздикти таңуулай турган материалдык бир нерсени издешет. Бул дагы бир элес ичинде жашап жатканын түшүнбөөчүлүктөн болот. Бүт нерсени ороп курчаган, убакыт жана мейкиндиктен көз-карандысыз жана Улуу жалгыз Зат – Раббибиз гана. Аллах бир аятта бул чындыкты мындайча билдирет:
Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрөт... (Энъам Сүрөсү, 103)
Аллах биздин ичибизди, тышыбызды, көз-караштарыбызды, ойлорубузду жана бүт денебизди ороп турат. Аллахтын кабарысыз эч нерсе кыла албайбыз, эч бир сөз айта албайбыз, дем дагы ала албайбыз. Заттын биз үчүн бир элес гана экени жана рухтун бар экени бул ачык чындыкты анык көрсөтүүдө. Жалгыз абсолюттук Зат болгон Улуу Раббибиз адам үчүн бир элес катары жараткан дүйнөнү жана рухунан үйлөгөн адамды, албетте, толук билет. Бул Аллах үчүн абдан оңой. «Тышкы дүйнө» деп ойлогон элестерди көрүп жатканыбызда, б.а. жашап жатканыбызда бизге эң жакын болгон – айланадагы элес нерселер жана адамдар эмес, Раббибиз. Аллах бир аятында мындайча буюрат:
Ант болсун, адамды Биз жараттык жана напсисинин ага кандай азгырыктарды берип жатканын билебиз. Биз ага күрөө тамырынан жакыныраакпыз. |
Бир адам эгер заттын өзүн көрүп жатам деп ишенип, менин денем да заттан турат деп ойлосо, анда чоң жаңылыштыкка түшөт жана бул улуу чындыкты байкай албайт. Аллах асманда же менден алыста деп ойлойт (Аллахты аруулайбыз), Аллахтын ага өз денесинен да жакыныраак экенин түшүнбөйт. Ал эми сырттагы затка эч жете албашын, бүт нерсенин мээдеги (ойдогу) копиялар экенин түшүнгөндө, эми ичи, тышы, машинасы, менден алыста деп ойлогон күн, жылдыздар жалгыз тегиздикте болуп калат. Аллах аны толук орогон жана ага чексиз жакын. Аллах бул чындыкты «Эгер Менин пенделерим сенден Мен жөнүндө сурашса, (айткын) Мен (аларга) абдан жакынмын...» (Бакара Сүрөсү, 186) аяты менен кабар берген.
Адамдын бул чындыкты билип жашашы абдан маанилүү. Муну билбеген адам сыноо үчүн гана жөнөтүлгөн убактылуу дүйнө жашоосун чыныгы жашоо деп ойлоп, бүт амбиция, күтүүлөрүн жана жыргалдарын бул дүйнөдө жашашым керек деп ойлойт. Заттын өзүн көрүп, сезип жатам деген бекем ишеними аны Аллах ишениминен алыстатышы жана өлүп акыретте Аллахтын алдына бараарын унуттурушу мүмкүн. Дүйнөнү абсолюттук деп ойлоп бул элес, алдамчы кооздуктарды топтойм деп жатып акыретте абдан чоң кайгыга туш болушу мүмкүн. Аллах Куранда бул чындык жөнүндө адамдарды мындайча эскерткен:
Абайлагыла; алар Жаратуучуларына жолугуу жөнүндө терең шектенишүүдө. Абайлагыла, чындыгында Ал бардык нерсени ороп-курчоочу. (Фуссилет Сүрөсү, 54)
Тышкы дүйнө биз үчүн бир элес абалында гана жаратылат жана биз булардын баарын Аллахка тиешелүү рухубуз менен көрөбүз. Бул чындыкты түшүнгөн ар адам жаратылган бүт нерселердин Аллахка тиешелүү экенин түшүнөт жана Раббибиздин бул улуу жаратуусунун сырларын түшүнүүгө аракеттенет. Дүйнө жашоосунун ага көрсөтүлгөн көрүнүштөр аркылуу жашалган бир сыноо гана экенин; чыныгы жашоонун болсо түбөлүк акыретте жашалаарын түшүнөт. Дүйнө жашоосунун убактылуу бир элес гана экенин түшүнгөн соң, материалдык эч заты жок экенин түшүнгөн дүйнөгө жана дүйнөнүн кооздуктарына болгон жакындыктан да баш тартат. Чыныгы сүйүүсүн, жакындыгын бүт нерсенин жалгыз жана чыныгы ээси, Заты бүт нерсени курчаган, чексиз кудуреттүү Раббибизге арнайт. Болгон аракети жана ач көздүк менен элестен гана турган дүнүйөнү жыйноонун логикасыздыгын түшүнөт. Бүт нерсенин жана түбөлүктүүлүктүн чыныгы ээси Раббибиздин ыраазылыгына жетүүгө аракеттенет. Аллахтын сүйүүсүнүн, ыраазылыгынын жана бейишинин элес катары жаратылган дүйнөдөгү эч нерсеге алмаштыргыс баалуу экенин түшүнөт.
Dünya hayatında yaşadıklarımız sadece Allah'ın bizim için yarattığı imtihanın bir parçasıdır. Bizim sorumluluğumuz ise, bunlar karşısında Allah'ın en razı olacağı umulan ahlakı gösterebilmektir.. |
Бул чындыкты түшүнүү менен бирге эч баркы жок убактылуу дүйнө жашоосу үчүн жулунуп кайгыруу, кызыкчылык алуу үчүн аракеттенүү, ал үчүн заалымдыкка, таш боордукка баруунун ордуна, чексиз жакшылык-нематтар каалаганда адамга тартууланган бейиш жашоосуна жетүүнү максат кылат. Ага берилген кыска өмүрүн эң сонун кулк-мүнөздө болуп, эң жакшы иштерди кылуу менен өткөрүүгө аракет кылат. Бүт нерсенин өзүнө жана эң сонунуна акыретте жетүүнү үмүт кылат жана ал түбөлүк жашоодо бушайман болбош үчүн мүмкүн болушунча эң көп аракетин жумшайт. Раббибиздин кудуретин жакшылап түшүнгөн сайын, Аллахтын бейиште чексиз жакшылык, ал эми тозокто чексиз бир азап жаратканын түшүнөт.
Бүт дүйнөсүнүн элес нерселерден тураарын жана Улуу Раббибиздин гана чыныгы экенин түшүнгөн бир адам үчүн дүйнөнүн убактылуу нерселери баркын жоготот. Эң коркунучтуу, эң кайгылуу деп ойлогон окуяларга карата бүт көз-карашы өзгөрөт. Себеби бүт баары Раббибиздин башкаруусунда, Аллахтын каалоосу менен жаратылган элес нерселерден жана элес окуялардан турат. Түштөн ойгонгондо түшүбүздөгү кайгылар, кыйынчылыктар бүт маанисин жоготкон сыяктуу, бул элес дүйнөдөгү окуялар, кайгылар, кыйынчылыктар да маанисиз. Дүйнө жашоосунда башыбыздан өткөргөндөрүбүз Аллах биз үчүн жараткан сыноонун бир бөлүгү гана жана биздин милдетибиз – булардын алдында Аллах эң ыраазы боло турган кулк-мүнөздө болуу. Бул сыноо ичинде жаратылган элес көрүнүштөр акыретте затын жана маанисин бүтүндөй жоготот. Буларга карата көрсөтүлгөн мамилелер, Аллах ыраазылыгы үчүн жасалган ыкластуу амалдар гана калат. Адам бул чындыкты азыр түшүнсө да, түшүнбөсө да, акырет жашоосунун башталышы менен бирге дүйнөдөгү бүт нерсенин элес гана экенин, чыныгы акыйкаттын болсо Раббибиз жана Ал жараткан акырет экенин түшүнөт. Бир аятта бул мындайча билдирилет:
Бул дүйнө жашоосу –бир ойун жана «өзүнө тартуучу бир алаксуу» гана. Чындыгында, акырет мекени болсо – чыныгы жашоо ошол. Билишсе кана. (Анкебут Сүрөсү, 64)
Адам телевизор көрүп жатканда, ал жердеги каармандардын баарынын элес экенин билген; алардын кылганына ачууланбаган, башына келгендерге кайгырбаган сыяктуу, дүйнө жашоосунда да мындай жаңылыштыкка түшпөшү керек. Себеби дүйнө жашоосу телевизор экранынан көргөн бир кино сыяктуу тынымсыз бизге көрсөтүлүп жаткан сүрөттөлүштөрдөн турат. Түшүндө бир адамга ачууланып кыйкырган же башына келген окуяларга кайгырган бир адам ойгонгондо керексиз эле кайгырып, ачууланганын түшүнгөн сымал абал бул дүйнө жашоосуна да тиешелүү. Адам заттын өзүн эч качан көрүп, сезбешин дүйнөдө түшүнсө да, акыретте түшүнсө да, акыр аягында тынчсызданып, кыйналганынын эч маанисиз, бош экенин байкайт. Бул сүрөттөлүштөр бир сыноо үчүн гана жаратылууда. Булардын бир элес экенин түшүнүп, Аллахтын ыраазылыгын көздөө жана ушул максатта жашоо зарыл.
Аллах адам үчүн сүрөттөлүштөн гана турган бул дүйнөнү сыноо үчүн гана жаратканын аяттарында мындайча кабар берет:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон бекем (күчтүү) арзуу инсандарга «сулуу жана өзүнө тартуучу» кылынды. Булар – дүйнө жашоосунун жалган көркөмдүктөрү. Чыныгы барыла турган сонун жер – Аллахтын кабатындагы (мекен). Билип койгула, дүйнө жашоосу жалаң гана бир ойун, «жагымдуу бир алаксуу», бир кооздук, өз араңарда бир мактануу, мал-мүлк жана бала-чаканы «көбөйтүү каалоосу» гана. Бир жамгыр мисалындай. Ал (жамгыр) өстүргөн эгин эккендердин көңүлүнө жагат, кийин куурайт. Бир карасаң, сапсары болгон болот, кийинчерээк болсо ыпыр-сыпырга айланат. Акыретте болсо оор азап; (же) Аллахтан бир кечирим жана бир ыраазычылык бар. Дүйнө жашоосу – алдоочу бир кооздуктан башка нерсе эмес. |
Дүйнө жашоосун чыныгы жашоо элестеткендердин абалын болсо Аллах Куранда мындайча кабар берет:
Каапырлар болсо; алардын амалдары түптүз бир талаадагы закымга окшойт; суусаган аны бир суу деп ойлойт. Аягында ага жеткенде эчтеке таба албайт жана жанында Аллахты табат. Анын эсебин толугу менен берет. Аллах эсепти абдан так тутуучу. (Нур Сүрөсү, 39)
Адамдар дүйнө жашоосундагы колундагылардын чынында бир элес экенин түшүнгөндө, жөн эле кайгырып жулунганын, убакыттарын текке кетирип өздөрүн алаксытканын, материалдык каалоо жана максаттарына керексиз маани бергенин түшүнүшөт. Текебердик кылган адамдардын бир заматта элес жандыктар экенин түшүнөт жана жөн эле текеберденгенин байкайт. Бүт нерсени жараткан Аллахка моюн сунушу керек экенин түшүнүп, бейпил жана сонун өмүр сүрөт. Өздөрүн адамдарга далилдеши, алардын көзүнө кандай көрүнөөрүн сынашы керек эмес болот, адамдарга карата кекенүү, жек көрүү, кызганычтык сыяктуу терс сезимдерди сезбейт. Бүт нерсенин элес гана экенин билген адамдар элес нерселер менен атаандашпайт, бир-бирине ушул себептен кекенип, душман болушпайт. Бүт адамдар өзүн бир гана Аллахка тапшырган бир чөйрөдө кичипейилдик, моюн сунуу, боорукердик, сүйүү жана чын ыкластуулук орун алат.
Адам бүт бул чындыктарды бул дүйнөдө кабыл алгысы келбесе да, өлүмгө туш болгондо жана өлгөн соң акыретте кайра тирилтилгенде, бүт баарын анык көрөт. Ал күнү, аятта айтылгандай, адамдын «көрүү күчү күчтүү болот» (Каф Сүрөсү, 22) жана адам бүт баарын даана түшүнөт. Эгер дүйнөдөгү өмүрүн элес максаттардын артынан чуркоо менен өткөргөн болсо, ал жерде эч жашабаган болгонумда деп калат. Куранда билдирилгендей, «Аттиң ал (өлүм бүт баарын) токтотуп бүтүргөндө кана. Мал-мүлкүм мага эч пайда бере алган жок. Күч-кудуретим жок болуп кетти» (Хакка Сүрөсү, 27-29) деп бушайман болот.
Жалгыз акыйкат заттын Раббибиз экенин дүйнөдө түшүнгөндөр бул чындык менен бирге акыретте чоң бушаймандыкка кабылуудан да кутулган болот. Дүйнө жашоосунда ага берилген өмүрдү Аллахты ыраазы кыла алуу, Раббибиз каалагандай жашап Анын буйруктарын аткаруу үчүн колдонушат. Дүйнөгө маани берүүнүн маанисиз экенин, бейпилдик, бакубаттык жана бакытты дүнүйөлүк максаттарга алдырбастан, Аллах үчүн гана жашоонун алып келээрин түшүнүшөт. Бул улуу бир немат-жакшылык жана чоң бир жеңилдик. Адамды кыйнаган калпычы амбициялар, калпычы күтүүлөр, бар деп ойлоп кудай тутунган идолдор (Аллахты аруулайбыз) бүтүндөй жоголот. Бүт нерсени жана бүт тарапты ороп курчагандын жалгыз Раббибиз экенин түшүнүшөт. Аллахка моюн сунуп, эң чоң бейпилдикке жеткен болушат. Бир аятта дүйнөдө жасалма кудайлар тутунган адамдар менен бир гана Аллахты Кудай тутунган адам арасындагы айырма мындайча кабар берилет:
Аллах (Ага шерик кошкондор үчүн) бир мисал берди: өз ара ынтымаксыз жана пикир келишпес, аны талашкан көп ээлери бар бир адам менен жалгыз бир адамга баш ийген бир адам. Бул экөөсүнүн абалы бирдей болмок беле? Мактоолор Аллахка тиешелүү. Жок, алардын көпчүлүгү билишпейт. (Зүмер Сүрөсү, 29)
Аллахка ишенген бир адам үчүн заттын маңызы жөнүндөгү чындыкты билүү жана муну терең ойлонуу абдан маанилүү. Себеби Аллахтын бүт нерсени жана бүт тарапты курчаганын билген бир адам Аллахка карата өмүрүнүн ар бир саамында чынчыл мамиледе болот. Ар саам өлүшү мүмкүн экенин, бул дүйнөнүн бүтөөрүн жана чыныгы акырет жашоосуна бараарын унутпайт. Муну билүү жана ошого жараша мамиле кылуу адамга чексиз сулуулуктарды жана немат-жакшылыктарды алып келе турган улуу утук.
Бир материалист үчүн заттык дүйнөнү эч качан көрүп, сезе албашыбызды түшүнүү чоң бир кыйроо. Бир материалист үчүн Аллах берген бир рух менен жаратылгандыгыбыз жана бизге тиешелүү бүт материалдык дүйнөнүн ушул рухка көрсөтүлгөн сүрөттөлүштөр экени, анын туура эмес материалисттик көз-карашы боюнча, коркунучтуу нерсе. Себеби бир материалист үчүн зат бир «кудай» (Аллахты аруулайбыз). Материалисттер өздөрү түзгөн жасалма «материализм» дининде затка сыйынат (Аллахты аруулайбыз), жер бетинде максатсыздык, плансыздык жана кокустуктар бар деп ишенишет. «Жаратылганы» жөнүндөгү чындыкка каршы чыга алуу үчүн бир башталыш жана бир аягы бар экенин жокко чыгарышат. Түшүндүрүүгө мүмкүн эмес абалда ааламдын башы жана аягы жок деген жаңылыштыкты жакташат. Бир адамдын да, бир куштун да, бир сөөлжандын да кыймылдарынын булагы аң-сезимсиз процесстер деген калпты айтышып, булардын баары материалисттик дүйнөнүн натыйжалары дешет. Материализмдин бул туура эмес ишеними боюнча, адамдын ички дүйнөсүндө кабылдаган, ойлонгон, чечим алган бир жандык жок. Бүт нерсе адамды түзгөн «заттардын», б.а. аң-сезимсиз клеткалардын, органеллдердин жана атомдордун натыйжасы. Кыскасы, материализмдин жасалма дүйнөсүндө заттан башка нерсеге орун жок. Материализмдин мындай логикасынын эң негизги себеби болсо – бул Аллах ишенимине каршы чыга алуу, Аллахка жана акыретке ыйман келтирүүдөн качууга аракет кылуу.
Материалисттер Аллахтын бар экенине ыйман келтирбөө үчүн өз ойлорунда айткан эң чоң таяныч жана далили – бул заттын бар экендиги. Бирок бул китеп бою баяндалгандар илимий жактан далилденген бир чындыкты, б.а. сыртта бар болгон заттын биз үчүн бир копия катары гана бар экенин апачык көрсөтүүдө. Бүт бул маалыматтар менен материализмдин колундагы эң чоң далил апачык жоголууда.
Заттын маңызы жөнүндөгү чындык мына ушул себептен материалисттерди абдан тынчсыздандырууда.
Заттын маңызы темасы илгери белгилүү бир канча ойчул жана илимпоз көрүп байкаган жана айткан бир түшүнүк болсо, учурда дүйнө тарыхында биринчи жолу ушунчалык так жана анык бир чындык катары түшүндүрүлүүдө. Чоң жана далилденген илимий ачылыштар менен актуалдуу абалга келген бул теманы илим көрмөксөн боло албайт, материалист илимпоздор болсо жокко чыгара алышпайт. Кванттык физика ортого койгон чындыктардын негизинде материалисттердин жалгыз таянычы болгон зат Аллах адам үчүн жараткан кабылдоо дүйнөсүндө бир элеске айланды. Бүт дүйнөнү жана бүт денебизди курчаган эң конкреттүү деп саналган нерсе бир заматта абстракттуу түшүнүккө айланды. Материалисттер Аллах ишенимине каршы колдоно алабыз деп ойлогон эң чоң далил бүт бул илимий маалыматтар негизинде бир заматта жок болду. Бир эле атомдор, молекулалар жок болгон жок. Үйлөр, машиналар, ири кемелер, асмандар, тоолор, планеталар, космос жана адамдын өз денеси бүтүндөй элеске айланды. Материалисттер өздөрүнө идол жана кудай тутунган (Аллахты аруулайбыз) зат пикири эми бүттү.
Эми материализм кармана турган эч бир далил жок. Материалисттер өз ойлорунда Аллахка каршы күрөшүп жатканда, күч алып, таянган заттын өзү эми түшүндүрүлгүс болуп калды.
Бул Аллах каапырларга курган кереметтүү бир тузак. Аллахка каршы күрөшө алам деп ойлогондор бул чындыктын натыйжасында абдан ишенген жана кебелбес деп ойлогон жасалма идолдорунун адам үчүн бир элеске айланганын түшүнүштү. Абдан күчтүү деп ойлогон материализм көз-карашынын эң негизги, түпкү таянычын жоготушту. Аллахтын чексиз күч-кудурети апачык көрүнүп турат. Албетте, алар курган бүт тузактар жок болот жана кыйрайт.
Алар (ишенбегендер) бир план курушту. Аллах да (буга каршы) бир план курду. Аллах план куруучулардын эң жакшысы. (Али Имран Сүрөсү, 54)
Аллахтын кереметтүү тартиби аркылуу бүт колундагыларынан айрылган материалисттер дүйнө жашоосунда жокко чыгарган акыретке эртеби-кечпи барышат жана бүт башка адамдар сыяктуу Раббибиздин алдында сурак беришет. Дүйнөдө затты кудай тутунгандар (Аллахты аруулайбыз) акыретте бир түштөн ойгонгонун түшүнүшүп, дүйнөдө бир элес үчүн күрөшүшкөнүн аңдашат. Бирок акыреттеги бушаймандык артка кайтарылгыс бир бушаймандык болот.
Аллах Куранда мындайча буюрат:
Ал жерде бири-бири менен урушуп, талашып, айтышат: «Ант болсун Аллахка, биз чындыгында апачык адашуу ичинде болчу экенбиз. Себеби силерди (калпычыларды) ааламдардын Раббисине тең тутчубуз. Бизди кылмышкер-күнөөкөрлөр гана адаштырды. Эми биз үчүн шапаатчы да жок, жакын бир дос да жок. Биздин дагы бир жолу (дүйнөгө кайтышыбыз мүмкүн) болуп, ыйман келтиргендерден боло алганыбызда кана.» Чынында мында бир аят-далил бар, бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришкен эмес. |
Бул дүйнөдө жашап турганда адамдын туура жолду көрүүгө жана Аллахка багытталууга дагы эле мүмкүнчүлүгү бар. Өмүр бою материализмге ишенип келүү өлгөнгө чейин ушул жаңылыштыкта болуу керек дегенди билдирбейт. Өлгөн жана топуракка көмүлгөн бир философия үчүн күрөшүү, адамдын жалгыз мүмкүнчүлүгү болгон дүйнө жашоосун ага коротушу – акылы жана абийири бар адамдын иши эмес. Эң негизгиси чындыктарды көргөн соң ага каршылык көрсөтпөш, өлгөндө ансыз да апачык көрүнө турган бул чындыкты кеч боло электе түшүнүш керек.
ADNAN OKTAR: ... (Cennette) sistem tamamen değişiyor. Fizik ve kimya kanunlarını tamamen değiştiriyor Allah, ayet var. "Yepyeni bir yaratılışla yaratacağım" diyor Allah. Bizim alıştığımız sistem ile değil. Nasıl rüyamızda biz yemek yediğimizde, ne kadar yemek yersek yiyelim doyar mıyız, doymayız, orada da öyle işte. Yani Allah'ın bir sırrı var, ben onu zaman zaman anlatıyorum, bir yönü ile anlatıyorum, maddenin hakikatini anlatıyorum. Madde dışarıda vardır, ama görüntü olarak vardır. Saydam bir madde olarak vardır, cam gibi saydamdır ve yoğunlaşmış enerji olarak vardır madde dışarıda. Enerjinin yoğunlaşmasından oluşur ve saydam ve siyah-beyazdır. Renk yoktur dışarıda. Bizim beynimizde renkli görüyoruz. Cennette de, bir şeyi hayal ettiğimiz an, anında oluşur. Mesela sen şimdi zihninde bir portakal hayal ettiğinde hemen oluşuyor mu? Beyninde, istersen oluşturursun. Mesela bir şehir düşünüyoruz, kafamızda hemen şehir manzarası oluşuyor. Binalarıyla, yollarıyla, yani hiç hayatta görmediğimiz bir şeyi bir anda beynimizde meydana getirebiliyor muyuz? Mesela, Paris'te bir sokak düşüneceğim diyorsun, kafanda anında oluşturuyorsun. Pencere pervazlarına kadar bütün detayları ile oluşur anında. Güzel bir meyveyi, güzel bir sofrayı kafanda canlandırdığında hemen oluşur hatta insan hemen yutkunur. İşte cennette de öyledir. Onu Allah zaten dünyada özellikle yaratıyor. Yani sistemi anlamamız için yaratıyor. Cennette de kuşu görüyorsun, kızarmış halini düşünüyorsun, hemen o kızarmış hali oluşur karşında. Bu sistem dünyada şu an var zaten Ama çok flu olarak var. Cennette net olarak olmuş oluyor sistem. Sonra o kuş, mesela kemiklerine bakıyorsun, toparlanmış olarak hayal ettiğinde hemen toparlanıp, uçuyor. Oradaki eşya, madde her şey hareketlidir. Zaten normal hali de budur aslında, böyle olması lazım. Yani bu dünyadaki sistem olağanüstü halidir.
Dünyada tozun oluşması, kirin oluşması mucizedir, olmaması lazım normalde, mucize olarak oluyor Adetullahta madde asla yaşlanmaz, ölmez ve kirlenmez ve hastalanmaz. Hastalanma mucize olarak oluyor. Şimdi rüyasında bir insan mikrop kapıyor, hastalanıyor. Makul mü bu? Mikrop olmadığı halde hastalanıyor adam. Mesela araba geliyor, çarpıyor rüyasında, adam hastanelik oluyor, kafası-gözü yarılıyor, cankurtaran ile hastaneye götürüyorlar, var mı öyle bir şey, yok. Cennette Allah bunun benzeri bir sistemi yaratacak. Ama tabii her zaman dışarıda bir maddenin aslı vardır, her zaman vardır. Ama bir gölge varlık olarak vardır. Yani bir yoğun enerji olarak vardır. Fakat biz asla ve kesinlikle onun asıl gerçeğini göremeyiz, Allah görür. Biz, Allah'ın bize gösterdiği kadarını görürüz. Mesela Dawkins "laboratuvara girdim, araştırma yapıyorum" diyor. Kafasının içindeki, Allah'ın ona gösterttiği laboratuvarın dışında hiçbir yere giremez o. Dışarıdaki laboratuvarı da Allah yaratır, yani o yoğunlaşmış enerjiden meydana gelen laboratuvarı. Fakat o, onun aslını asla göremez. Allah'ın ona gösterttiği görüntüsünü görebilir. Ama Allah dışarıda "Ben yarattım" diyor. Dışarıda bir varlığı vardır. (15 Ocak 2010 tarihli röportaj / www.a9.com.tr / www.harunyahya.tv)
ADNAN OKTAR:... Proteinin molekül yapısından da haberi yok bazı insanların. Proteinin oluşması için başka bir proteine ihtiyaç var. Bu ne demek biliyor musun? İmkansız demektir. Bütün bilim adamları, bütün Darwinistler bilir ki protein çok kapsamlı, geniş bir moleküldür. Dışarıda herhangi bir kimyasal maddeyle karşılaştığında hemen bozulur molekül yapısı, çok naziktir. Muhafaza edilmesi için hücre içinde olması gerekiyor ve hücre tarafından proteinlerce imal edilmesi gerekiyor. Böyle bir durumda sen oturmuşsun "tesadüfen olur" diyorsun. Bunlar ne anlatıyor? "Amerika'da bir gün bir protein tesadüfen oldu" diyor. "Sonra Fransa'da da oldu bir tane" diyor. Bir rüzgar savurmuş o proteini, öbür proteinin yanına getirmiş. Protein proteine tavşan gibi bakar, bir şey olmaz. "Venezuella'da da bir protein oldu" diyor. Artık sağ el, sol el onlara girmiyorlar. "O da rüzgarla geldi, yanına yanaştı" diyor. Bak, bir proteinin tesadüfen meydana gelmesi zaten imkansız, sen diyorsun ki; "yüz binlerce protein bir araya geldi, durduk yere hücreyi oluşturdular." Havadan uçmuşlar, bir araya gelmişler; toprağın altından, biri havadan, biri karadan, her biri ayrı ayrı tesadüfen olmuş.
Hepsinin olması bilimsel olarak mümkün değil. Sıfır ihtimal. Sonra da bir araya gelmiş o tozlar, birleşip birdenbire canlanmışlar. Sonra portakalları, meyve ağaçlarını, bilim adamlarını meydana getirmişler. Bilim adamları da şehirleri meydana getirmiş. Sonra birdenbire ruh oluşturmaya karar vermiş madde. Birdenbire görmeye başlamış. Madde birdenbire duyma kararı almış, birdenbire görme kararı almış. Ama önce kulak, göz yapmış. Bir işe yaramıyor başlangıçta. Çünkü ruh olmadan gözün, kulağın hiçbir işlevi olmaz. "Başlangıçta ruh yoktu, sırf madde vardı" diyor. Sonra beden göz yapmış.
Peki, ruh yoksa, gözü ne yapsın beden? Zaten görmeyecek, bir işine yaramayacak. "Kulak yaptı" diyor. Duymuyorsa niye yaptı kulağı? "Dil yaptı" diyor. Tatmayacaksa dil niye olsun? Dokunma, onu hisseden biri olmadıktan sonra dokunmanın ne anlamı var? Niye dokunma hissi olsun? ... Maddenin hakikatini kavramaya çalışın. Beynimizin içinde meydana gelen bu renkli, üç boyutlu görüntüye bir bakın. Kim gösteriyor size bu görüntüyü, kim seyrediyor bu görüntüyü? Onlara bir bakın. Ufkunuz dar olmasın. Akılcı bakın olaylara, samimi bakın. Allah var. (12 Mart 2012 tarihli röportaj / www.a9.com.tr / www.harunyahya.tv)
83- http://www.bbc.co.uk/radio4/reith2003/lecture1.shtml
84- V. S. Ramachandran, A Brief Tour of Human Consciousness, PI Publishing, 2004, s. 2-3
85- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 103-104
86- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 103-104
87- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 110-111
88- Craig Hamilton, What is Enlightenment?, sayı 29, Haziran-Ağustos 2005, s. 79
89- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 105
90- Diane Ackerman, An Alchemy Of Mind "The Marvel and Mystery of Mind", Scribner Books, 2005, s. 37-38
91- Diane Ackerman, An Alchemy Of Mind "The Marvel and Mystery of Mind", Scribner Books, 2005, s. 41
92- Gerald M. Edelman ve Giulio Tontoni, A Universe of Consciousness "How Matter Becomes Imagination", Basic Books, 2000, s. 38
93- Gerald M. Edelman ve Giulio Tontoni, A Universe of Consciousness "How Matter Becomes Imagination", Basic Books, 2000, s. 47
94- MSNBC, "Beyin Bilgisayarlara Ders Öğretiyor" başlğyla verilen 6 Ağustos 2002 tarihli haber
95- Gerald M. Edelman ve Giulio Tontoni, A Universe of Consciousness "How Matter Becomes Imagination", Basic Books, 2000, s. 47-48
96- V. S. Ramachandran, A Brief Tour of Human Consciousness, 2004, PI Publishing, s. 3
97- What the Bleep Do We Know?, Belgesel film, yönetmen: William Arntz, Betsy Chasse
98- Robert Lawrence Kuhn, Closer To Truth "Challenging Current Belief”, McGraw-Hill, 2000, s. 35
99- http://www.age-of-the-sage.org/philosophy/huxley_darwins_bulldog.html, http://www.pbs.org/wgbh/evolution/library/02/2/l_022_09.html
100- Steven Pinker, How The Mind Works, Norton Publishing, 1999, s. 132
101-http://www.firstthings.com/ftissues/ft0303/articles/barr.html
102- Peter Russell, The Spirit of Now, http://www.peterussell.com/Reality/realityart.html
103- Peter Russell, The Spirit of Now, http://www.peterussell.com/Reality/realityart.html
104- Diane Ackerman, An Alchemy Of Mind "The Marvel and Mystery of Mind", Scribner Books, 2005, s. 5
105- Peter Russell, The Primacy of Consciousness, http://www.peterussell.com/SP/PrimConsc.html
106- Jeffrey M. Schwartz, Sharon Begley, The Mind and The Brain "Neuroplasticity and the Power of Mental Force", Regan Books, 2003, s. 28
107- What the Bleep Do We Know?, Belgesel film, yönetmen: William Arntz, Betsy Chasse
108- http://www.spiritsite.com/writing/kattar/part6.shtml
109- Fred Alan Wolf, The Spiritual Universe "One Physicist's Vision of Spirit, Soul, Matter and Self", Moment Point Press, 1999, s. 9
110- Robert Lawrence Kuhn, Closer To Truth "Challenging Current Belief”, McGraw-Hill, 2000, s. 58
111- Craig Hamilton, What is Enlightenment?, sayı 29, Haziran-Ağustos 2005, s. 64
112- http://www.kurtuluscephesi.com/sozluk/politzer10.html
113- Erwin Schrödinger, Yaşam Nedir?, Bilim Dizisi 13, Evrim Yayınları, 1999, s. 154
114- Erwin Schrödinger, Yaşam Nedir?, Bilim Dizisi 13, Evrim Yayınları, 1999, s. 150
115- Peter Russell, From Science to God "A physicist's Journey into the Mystery of Consciousness", New World Library, 2002, s. 96