Жыйынтык ДНК Улуу Раббибиздин Жаратуу Чеберчилигинин Бир Мисалы

Бул китеп бою сөз кылынган ДНКнын иш-аракеттерин жана клетка ичинде болуп жаткандарды мындай бир ойлонолу: клетканы түзгөн молекулалардын мээлери жок, бирок чогулуп ийгиликтүү чечимдерди алышып, абалга жараша стратегия жүргүзүшүп, коркунучтарга каршы чараларды көрүшүүдө. Эс тутумдары жок, бирок достору менен душмандарын таанышып, ошого жараша мамиле кылышып, керектүү менен керексизди, пайдалуу менен пайдасызды айырмалашууда. Бир тараптан иш-аракеттерин жасашып, экинчи тараптан ысырапка, кирдегенге жол бербей, натыйжалуу иштешүүдө жана жумуштан соң айланаларын тазалашууда. Башка жагынан, тынымсыз кабарлашып, гармониялуу бир командалык иш алып барышууда; орток бир чечим алып иш-аракет кылышып, качан каерге барышы керек экенин, кайсы маселени кантип чечиши керек экенин билишүүдө. Клетка ичинде ар кандай тартиптерди орнотушууда; маалымат кампалап, керек болгондо бул маалыматты колдонуп, копиялап, которушууда... Булардын баарын уктабастан, эс албастан абдан ыкчам жасашууда. Кыскасы, сиз жасай албаган иштерди укмуштуу бир ийгилик менен, жогорку бир акылдуулукта жасашууда. Булардын баарын жасаган – бул аба, топурак же суудагы сыяктуу атомдордон турган аң-сезимсиз молекулалар. Аллахтын каалоосу менен гана бул атомдор жашоону пайда кылуу үчүн белгилүү бир тартипте чогулушуп, Улуу Раббибиздин башкаруусу менен аң-сезимдүү кыймыл-аракеттерди жасашууда.

Чарльз Дарвин болсо 19-кылымдын сабатсыздыгы менен жашоого мындайча караган: «абдан жөнөкөй бир башталыштан чексиз эң кооз жана эң кереметтер пайда болду жана азыр эволюциялашып жатышат.»245 Дарвин жеке каттарында да аммиак жана фосфор туздары, жарык, температура, электр энергиясы ж.б. бар кичинекей, ысык бир көлмөдө жашоонун өзүнөн-өзү пайда болгонун айткан эле.246 Дарвин үчүн жашоонун тамыры ушунчалык жөнөкөй эле. Бирок Дарвинди ээрчигендер бул формуланы –ал тургай, андан да өнүктүрүлгөн абалдарын- көп жолу жасап көрүшсө да, бир жандыктын кичинекей бир бөлүгүн да ала алышкан жок. Дарвинисттер бул формуланы каалашынча материал менен, каалагашынча убакыт бою кайталаса да, жыйынтык баары бир өзгөрбөйт. «Жашоону Аллах жараткан» дегенден башка бир жыйынтыкка эч качан жете алышпайт. Эч шексиз, Дарвин да «ДНКны билгенде», мынчалык чоң бир илимий катанын астына колун коймок эмес.

Бирок Дарвинди сокурдук менен ээрчиген көп илимпоз дагы эле жашоонун келип чыгышына кыялдануу менен карашууда. Албетте, бул кыялдар дарвинисттерге ар жолкусунда капалануу алып келген. Себеби дарвинизм эч качан бир илим болгон эмес. Көп илим тармактары бар, бирок дарвинизм кыялдарга, стереотиптерге жана жалгандарга гана таянган бир философия.

manzara

Ey insan, gerçekten sen, hiç durmaksızın Rabbine doğru bir çaba harcayıp durmaktasın; sonunda O'na varacaksın.
(İnşikak Suresi, 6)

Акылы жана абийири бар ар бир адам денесиндеги кемчиликсиз системалардын аң-сезимсиз атомдор тарабынан өзүнөн-өзү пайда боло албашын кабыл алат. Аллахтын уруксаты жана маалыматы болбостон, бир адамдын басышы же сүйлөшү мындай турсун, ал адамдын бир даана клеткасындагы бир молекула бөлүгүнүн кыймылдашы да мүмкүн болбойт. Адам денесиндеги триллиондогон клетканын ар биринде үзгүлтүксүз иштеген системалар адамга Аллахтын чексиз акылын, илимин, күчүн, жаратуусундагы чексиз кемчиликсиздикти көрсөтүүдө. Болгондо да, чексиз мээримдүү Раббибиздин бар экендигинин далилдери бул кичинекей молекулада –ДНКда- эле эмес, ааламдын ар чекитинде көрүнүп турат. Бир Куран аятында мындайча билдирилет:

Айткын: «Асмандар менен жердин Раббиси ким?» Айткын: «Аллах.» Айткын: «Андай болсо, Аны таштап өздөрүнө да пайда да, зыян да бере албаган бир катар досторду (кудайларды) тутунуп алдыңарбы?» Айткын: «Эч көрбөгөн (сокур) менен көргөн (парасаттуу адам) тең боло алабы? Же караңгылыктар менен нур тең боло алабы?» Же Аллахка Ал жараткан сыяктуу жаратуучу ортоктор табышып, бул жаратуу өз ойлорунда бир-бирине окшоштубу? Айткын: «Аллах бүт нерсенин жаратуучусу жана Ал жалгыз, каардуу (Каххар).» (Рад Сүрөсү, 16)

Айтышты:
«Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

Булактар

245. Leslie Orgel, "The Origin of Life on the Earth", Scientific American, Ekim 1994, s. 77.

246. Leslie Orgel, "The Origin of Life on the Earth", Scientific American, Ekim 1994, s. 77.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf