Белгилүү Болгон Эң Алдыңкы Маалымат Банкы: ДНК

Өнүккөн илим жандыктардын эч кокустуктар пайда кыла албай тургандай кемчиликсиз бир тартипке жана абдан комплекстүү түзүлүштөргө ээ экендигин көрсөттү. Бул болсо жандыктарды жогорку күч жана илим ээси Раббибиз жараткандыгынын апачык бир далили. Жаратуучубуз болгон Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу менен кокустуктарга таянган эволюция теориясы болсо чыккан күнүнөн бери эң кыйратуучу соккулардын бирин молекулярдык биология тармагындагы жетишкендиктерден алды. Себеби молекулярдык биология «жандуулуктун келип чыгышы жөнөкөй түзүлүштөргө таянат» деген дарвинисттик көз-караштарды талашсыз далилдер менен түп-тамырынан кыйратууда. Илимпоздор клетканын ичинде «молекулярдык машина» деп атаган комплекстүү түзүлүштөрдү түшүнгөн сайын булардын кокустуктар натыйжасында эч пайда болбошун апачык көрүшкөн.

cd

Бул түзүлүштөрдүн бири – 1950-жылдары электрондук микроскоптун табылышы менен ачылган, клетканын маалымат банкы ДНК. ДНК – ар бир клеткада жайгашкан, кереметтүү бир тартиптеги, ири бир молекула. Бул узун молекула тизмегинде ал клетканын жана ал клетка тиешелүү болгон жандыктын бүт физикалык жана химиялык түзүлүшүнө байланыштуу маалыматтар коддолгон. Бирок клетканын ичинде мындай маалымат банкынын болушу өзү жалгыз эч нерсеге жарабайт. Бул маалымат банкынын ичиндеги маалыматтар туура окулушу жана алынган маалыматка жараша өндүрүш жасалышы зарыл. Жансыз заттардын код жазышы, коддорду (шифр) чечмелеши, көп баскычтуу чараларды көрүшү, колундагы маалымат жабыр тартпашы үчүн система курушу мүмкүн эмес. Буларды топурактагы элементтерден түзүлгөн молекулалар өз башынча жасай албайт. Бирок дарвинисттер эволюция теориясына ушунчалык фанатизм менен жабышкандыктан, кийинки бөлүмдөрдө терең карала турган бул чындыктан баш тартышат. Бүт нерсенин кокустан пайда болгонуна өздөрүн жана башка адамдарды ишендирүү үчүн акылга жана логикага сыйбас, илимден абдан узак көз-караштарын өжөрдүк менен жакташат. Бирок Нобель сыйлыгынын ээси, биохимик жана ДНКны ачкан илимпоздордун бири Фрэнсис Крик (Fran¬cis Crick), өзү да эволюционист болгонуна карабастан, Li¬fe It¬self (Жашоонун өзү) аттуу китебинде чындыктарды мындайча кабыл алган:

Учурда колубуздагы маалыматтарга таянып чынчыл бир адам муну гана айта алат: бир мааниде жашоо кереметтүү абалда пайда болгон.2

Эволюционисттик көз-караштары менен белгилүү болгон Ричард Доукинс болсо клетка ичинде жашырылган бул комплекстүүлүк жөнүндө мындай дейт:

Физика китептери татаал болушу мүмкүн, бирок... бир физика китеби түшүндүргөн зат жана кубулуштар ал китептин авторунун денесиндеги жалгыз бир клеткадан жөнөкөй. Жана бул автор көпчүлүгү бир-биринен айырмалуу болгон, кылдат бир архитектура жана кемчиликсиз бир инженердик менен, бир китеп жаза ала турган жөндөмдөгү, иштеген бир машина абалындагы уюшкан триллиондогон клеткадан турат... Бир даана адам клеткасында Британика энциклопедиясынын отуз томун, ал тургай 3-4 эсе көбүн кампалай ала турган маалымат мүмкүнчүлүгү бар.3

20-25 жыл мурда столуңуздун үстүндө турган бир CD көрсөңүз, аны биринчи жолу көрсөңүз да, ал нерсе кокустан пайда болду деп эч айтмак эмессиз. Жупжука жана түптүз бир төгөрөк пластмасса бөлүкчөсүн көрсөңүз, анын түздүгүн карап бул белгилүү бир максатта даярдалган деген ойдо калмаксыз. Анын планын, өзүн жасап, столуңузга койгон адамды көрбөсөңүз да, металл жана пластмасса заттар өзүнөн-өзү, кокустан мындай тартиптүү формага келип калды демек эмессиз.

Анан бул буюмдун түзүлүшүн терең изилдедиңиз жана анын бетинде чуңкур жана дөңчөлөрдөн турган «0» жана «1» сандары менен коддолгон маалыматтар бар экенин түшүндүңүз дейли, анда кандай ойго келмексиз? Бир караганда төгөрөк жука бир нерседей көрүнгөнү менен, бул дискти бир стадиондой чоңойтсоңуз, бетиндеги чуңкурлар болжол менен бир кумчалык болот.4 Бүт бул чуңкур-дөңчөлөр текст, үн жана сүрөттөлүштү камтыган маалыматтардын коддолгон абалын түзөт. Бул төгөрөк буюмдун ичине ондогон китептик маалыматтын батырылышы, албетте, бул жерде акылдуу жана илимдүү адамдардын эмгеги бар экенин апачык көрсөтөт жана эч ким «жок, бул андай эмес» дебейт. Тескерисинче бул жерде жогорку бир технологиянын болушу (маалыматтардын кысылып сакталышы, коддолушу, корголушу сыяктуу баскычтар) ал CD'нин план, долбоор менен, бир максатты көздөп жасалганын далилдейт.

Бирок түз бир пластмасса бөлүкчөсүн кокустан пайда болушу мүмкүн эмес деп ойлогон кээ бир адамдар ДНКдагы кемчиликсиз жаратуу жөнүндө ошондой чынчылдык менен сөз кылышпайт. Миңдеген томдук энциклопедияны ээлей турган маалымат көзгө көрүнбөгөн бир жерге, эң идеалдуу батырылган жана коддолгон ДНК молекуласын кокустан пайда болгон дешет. Бир CD'ни жасаган жана ичине маалыматтарды жазган адамдын мээси да ДНКнын ичиндеги маалыматтар урматында иштеген клеткалардан турат. Мунун логикасыздыгы апачык көрүнүп турат. Бир CD ичиндеги маалыматтар адамга бирөөлөр тарабынан ошол жерге жазылган деген пикирди берген сыяктуу, мындан бир топ жогорку технология менен, кеңири масштабдуу бир маалымат банкын камтыган ДНК дагы жогорку бир акылдын, жаратуунун бар экенин көрсөтөт. Бул акыл – Улуу Раббибиздин чексиз акылы. ДНК дагы – жаратылышындагы улуулукту 20-кылымдын технологиясы менен түшүнүүгө мүмкүн болгон Аллахтын бир керемети. Раббибиз жараткан нерселеринин максатын бир аятта мындайча билдирет:

Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)

Булактар

2. Francis Crick, Life Itself: Its Origin and Nature, Simon & Schuster, New York, 1982, s. 88.

3. Richard Dawkins, The Blind Watchmaker, W. W. Norton & Co. New York, 1996, ss. 2-3, 115-116.

4. http://en.wikipedia.org/wiki/Compact_disc

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf