Геном – бир клетка же бир жандык ээ болгон генетикалык маалыматтардын жыйындысына берилген ат. Адам денесиндеги болжолдуу 100 триллион клетканын ар биринде кемчиликсиз орун алган ДНК молекуласындагы генетикалык маалыматтын анализин жасоо үчүн болжол менен 20 лабораторияда, жүздөгөн илимпоз, 10 жылдан ашуун эмгектеништи. «Адам геному долбоору» деп аталган жана 16 уюмдан турган эл аралык бир кеңештин башкаруусунда жүргүзүлгөн долбоордун максаты – адам клеткасындагы генетикалык маалыматтардын баарына аныктама берүү жана ДНКнын генетикалык тилде жазылган толук текстин окуу эле. Бул эл аралык долбоордун бөлүгү катары биологдор, химиктер, инженерлер, компьютер окумуштуулары, математиктер жана дагы көп тармактын адис илимпоздору адамдын дене өзгөчөлүктөрүн аныктаган бир биологиялык картаны чыгаруу үчүн эмгектеништи. Бүт бул аракеттерге карабастан, ДНК тизмегин жазуу (сактоо) технологиясы дагы эле абдан жай, жана бир эле адам хромосомасындагы ДНК тизмегин жазуу (сактоо) да чыгымы абдан жогору бир операция болууда. Адам геному долбооруна коротулган сумма болжол менен 2,7 миллиард долларды түзгөн.118 Бул сумма адамдын айга барып келиши үчүн коротулган акчадан көбүрөөк.
Адам ДНКсынын тизмегинин долбоору 2000-жылы аяктады. Бирок долбоордун акыркы вариантынын даяр болушу, каталардын оңдолушу жана боштуктардын толукталышы 2003-жылдын апрелинде мүмкүн болду. 13 жылга созулган Адам геному долбоорун Улуттук адам геному долбоору изилдөө институту, АКШ Энергия министрлиги жана Ден-соолук министрлиги координациялады. Адам геному долбоорунун максаттарынын кээ бирлери төмөнкүлөр:
* ДНКны түзгөн болжол менен 3 миллиард база жубунун тизилишин аныктоо.
* Алынган маалыматты изилдөөлөр үчүн колдонуу максатында маалымат банктарында сактоо.
* Алынган маалыматты анализ кыла алуу үчүн ыкма жана инструмент иштеп чыгуу.
* Гендер менен функциялары арасындагы байланыштардын табылышы.
* Гендердин хромосомаларда кантип бир бүтүн абалда иштээрин аныктоо.
* Генетикалык оорулардын негизин жана себептерин аныктоо.
Долбоордо колдонулган «ген картасы» ыкмасы – бул гендердин хромосомалардагы жайгашкан жерлерин көрсөтүлүшү. Ушундайча адам геномунун анатомиясы алынат. Көп гендердин жана башка генетикалык ишараттоочулардын бир-бирине салыштырмалуу бир хромосома бою тизилүү катарын картага салуу аркылуу бүт геном картасын чыгарууга болот. Генетикалык картага салуу геномдун математикалык анализи деген ат менен да белгилүү жана гендердин хромосомалардагы абалдарын табууда бир катар татаал статистикалык анализдер колдонулат. Бул картага салуу негизи адам денесинин функцияларын билүү үчүн керек. Ошентип Адам геному долбоорунун эң негизги максаттарынын бири катары генетикалык оорулардын негизи менен себептерин аныктоону көрсөтүүгө болот. Бул долбоордон алынган маалыматтар менен 4.000дей ДНКдан келип чыккан оорулардын аныкталышы, натыйжада жакынкы келечекте риски бар генетикалык ооруларга арналган атайын дарыларды чыгаруу менен ген дарылоосунун мүмкүн болоору божомолдонууда.
Genler bir kısım evrimcilerin iddia ettiği gibi bir komplekslik ölçüsü değildir. İnsanın 30.000 geni varken, pirinç bitkisinin 55.00 geni bulunması, bunun çok açık bir göstergesidir. |
Адам геномунун көлөмү кээде оңой гана туура эмес жоромолдонууда. Адамдардын чымындан 25 эсе көп ДНКга ээ болушунун себеби – адамдардын бир топ чоң жана комплекстүү болушу эмес. Себеби генетикалык маалыматтын саны менен биологиялык жактан комплекстүү болуу арасында байланыш жок. Мисалы, бир клеткалуу Paramecium caudatum 8,6 миллиард нуклеотидге ээ. Бул адам геномунан эки эседен көбүрөөккө чоң бир сан. Белгилүү болгон эң кенен генетикалык маалыматка болсо 670 миллиард нуклеотид менен бир клеткалуу Amoeba dubia ээ.119
Адам геному долбоорунда иштеген илимпоздор гендердин функцияларын жана араларындагы байланышты түшүнүү этабынын али башындабыз деп айтышууда. Себеби алынган жыйынтыктар эч күтүлгөндөй чыккан жок. Мисалы, бир чычканда же буудайда да адамдан узунураак ДНК бар. Бул болсо ДНКнын узун болушу менен организмдин комплекстүүлүгү арасында дайыма түз байланыш боло бербешин көрсөтүүдө. Бул темага биофизик Др. Ли Спетнер мындайча кайрылат:
Кээ бир организмдердин хромосомалары башкаларынын хромосомаларыныкынан көбүрөөк ДНКга ээ. Орган комплекстүүлүгүн өлчөө үчүн геномдогу ДНК саны жакшы бир ыкма деп ойлошуңуз мүмкүн, бирок бул такыр туура эмес. Адамдар кээ бир курт-кумурскалардан 30 эсе көбүрөөк ДНКга ээ болгону менен, адамдардагы ДНКдан эки эсе көбүнө ээ болгон курт-кумурскалар бар. ДНК көлөмү (саны) комплекстүүлүктү өлчөө үчүн ишенимдүү бир жол эмес.120
Башка жагынан, адамдын ген саны жөнүндөгү мурда алынган жыйынтыктардын да туура эмес экени аныкталган. Изилдөө башталганда илимпоздор адамда 50.000 менен 140.000 арасында ген бар деп болжогону менен, жасалган акыркы изилдөөлөрдө болгону 25.000 менен 30.000 тегерегинде ген аныкталган. Бул илим чөйрөлөрүн абдан таң калтырган. Адам геному долбоорун башкарган Фрэнсис С. Коллинс мындай дейт:
Адамдардын күтүлгөндөн аз гени бар экени аныкталды. Бул жерде ген деп белгилүү бир протеинди коддогон белгилүү бир ДНК тизмегинен сөз кылып жатам. Албетте, протеинди түзбөгөн РНК тизмектери да бар. Бирок бул аныктама боюнча, таң калаарлык абалда 30.000дей адам гени бар экени аныкталды. Бирок акыркы он беш жылдан бери 100.000 генден сөз кылып келгенбиз жана окуу китептеринде да ушундай жазылып келген. Бул бүт баары үчүн бир шок болду. Ал тургай кээ бирлери мындан катуу таасирленишти жана кайгыга түшүштү. Себеби адамдан мурда жөнөкөйүрөөк жандыктардын гендери да саналган эле жана мисалы, бир түр сөөлжандын 19.000, жапайы чөптүн 25.000 гени бар эле жана биз болгону 30.000 генге ээ элек. Андан да жаманы күрүч өсүмдүгүнүн генетикалык коду чечмеленгенде, 55.000 гени бар экени аныкталды. Бул эмне мааниге келет? Адамды жана күрүч өсүмдүгүн караган бирөө, албетте адам биологиялык жактан комплекстүүрөөк деп айтат. Бул жерде эч күмөн жок деп ойлойм. Анда, бир гана ген санына таянбаш керек. Андай болсо эмнелер болуп жатат?121
Бул жердеги кайгынын себеби мындай. Дарвинист илимпоздор көз-караштарын адам комплекстүүрөөк бир жандык, ошондуктан ген саны көбүрөөк деген логикага таяшкан. Бактерия (ачыткыч) клеткасында 6.000, мөмө чымынында 13.000, бир сөөлжан түрүндө 18.000, бир өсүмдүк түрүндө 26.000 ген болгонуна жараша, адам клеткасында, бир топ комплекстүү болушу себебинен, көбүрөөк санда ген болушу күтүлгөн. Бирок Адам геному долбоору догмалык бир логика болгон «организм комплекстүү болгон сайын ДНК жана ген саны көбөйөт» деген күтүүнү жокко чыгарган.
Ген сандары да, ДНК чоңдугу да эволюционисттер айткандай, бир «эволюция чынжырын» көрсөтпөөдө. Бирок эволюционисттер чынында аларга каршы болгон бул акыркы жетишкендиктерди бурмалоого жана «эволюциянын» далили сыяктуу көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Кээ бир медиа уюмдары болсо бул темада чала сабат болушу жана стереотипте болушу себебинен Адам геному долбоору «эволюцияга далил» чыгарды деп ойлошууда же ошондой көрсөтүүгө аракеттенишүүдө. Бирок долбоордон алынган илимий табылгалар дарвинизмге башка илим тармактары сыяктуу генетика тармагында да бүт эшиктерди жапты.
Адам геному долбоору менен адамзаттын ген картасы чыгарылгандан бери бул долбоордун жыйынтыктары бурмаланууда жана кээ бир эволюционист макала, тасмаларга материал болууда. Бул кабарларда шимпанзелердин гендери адам гендерине 98% окшош деп айтылууда жана бул эволюция теориясынын бир далили катары көрсөтүлүүдө. Чынында болсо бул сөздөрдүн эволюция көз-карашына эч салымы жок, тескерисинче булар бурмаланган жасалма далилдер.
Шимпанзе менен адам геномдору 98% окшош болсо да, мындан «адам 98% шимпанзе» деген жыйынтык чыгаруу акылсыздык. Себеби адамдын гени белгилүү санда башка бир топ жандыкка окшош. Мисалы, New Scientist журналында жарыяланган генетикалык анализдер боюнча, нематод сөөлжандары жана адам ДНКларында 75%дык бир окшоштук бар.122 Бирок бул адамдын 75% сөөлжан экенин көрсөтпөйт же экөөнүн арасында болгону 25%дык айырма бар деген мааниге келбейт. Мындай жыйынтыктар чыгаруунун логикасыздыгын кээ бир эволюционисттер да көрүшүүдө жана айтышууда. Мисалы профессор Стивен Жонс банан менен адам арасында 50%дык генетикалык окшоштук болууну көрсөтүүнүн адам 50% банан деген мааниге келбешин эскертүүдө. Себеби эки башка жандыктагы гендер бирдей болсо да, булардын толугу менен башкача иштеши мүмкүн экени да белгилүү. Мындан тышкары, гендердин кээде бирден көп функцияга тиешелүү болушу, кээде болсо бир функциянын бирден көп ген тарабынан башкарылышы гендер арасындагы математикалык айырмачылыкты абдан кеңейтүүдө.
Башка жагынан кээ бир протеиндерге жасалган анализдер болсо адамды бир топ айырмалуу жандыктарга жакын сыяктуу көрсөтүүдө. Кембридж университетиндеги изилдөөчүлөр жасаган бир эмгекте кургактыкта жашоочу жандыктардын кээ бир протеиндери салыштырылган. Таң калыштуу абалда болжол менен бүт мисалдарда адам менен тоок бир-бирине эң жакын тууган болуп чыккан. Кийинки эң жакын тууган болсо кескелдирик.123
Эволюционисттер «адам менен маймыл арасындагы генетикалык окшоштук» жөнүндө колдонгон башка бир мисал болсо адамда 46, шимпанзе менен гориллаларда болсо 48 хромосома болушу. Эволюционисттер хромосома сандарынын жакындыгын эволюциялык бир байланыштын көрсөткүчү дешет. Чынында болсо, эгер эволюционисттер колдонгон логика туура болгондо, адамдын шимпанзе менен бирдей жакындыкта бир тууганы болушу керек эле: «картошка». Себеби картошканын хромосома саны горилла жана шимпанзеники менен бирдей: 48. Башка жагынан жапайы коендун хромосома саны адамдыкы менен бирдей: 46.124 Бул мисалдар генетикалык окшоштук түшүнүгүнүн эволюция теориясына бир далил болбошун көрсөтүүдө. Себеби генетикалык окшоштуктар айтылган эволюция схемаларына туура келбөөдө, тескерисинче буларга толугу менен тескери жыйынтыктарды берүүдө.
Дарвинист медианын бул темада кылганы – бул маалыматтарды тандап колдонуп, алардын арасынан пропаганда материалын жасоо. Адам менен маймылдын орток бир атадан келгенин жактагандыктан, адам ДНКсы менен маймыл ДНКсы арасындагы окшоштукту алдыңкы планга чыгарышууда. Бирок эволюционисттердин он жылдардан бери уланткан 98%дык окшоштук пропагандасынын жараксыздыгын көрсөткөн кайра эле эволюционисттер тарабынан жасалган илимий изилдөөлөр да бар. Бирок булар бурмалоого таянган окшоштук көз-караштарынын тескерисинче, атайын кабар кылынбоодо же буларга абдан аз орун берилүүдө.
Eğer evrimcilerin iddia ettiği gibi, kromozom sayıları sözde evrimsel ilişkilere bir delil olsaydı, insanın şempanze ile aynı yakınlıkta bir akrabası olması gerekirdi: “Patates”. Çünkü patatesin kromozom sayısı goril ve şempanzeninkiyle aynıdır: 48. |
CNN'дин интернет бетинде 2002-жылдын 25-сентябрында жарыяланган "Humans, chimps more different than thought" (Адамдар, шимпанзелер элестетилгенден бир топ айырмалуу) темалуу макалада бул изилдөөнүн жыйынтыктары мындайча кабар берилген:
Жасалган жаңы генетикалык изилдөө боюнча, адамдар менен шимпанзелер арасында бир кездерде элестетилгенден бир топ көп айырмалар бар. Биологдор көп убакыт бою шимпанзелер менен адам гендери 98,5% окшош деп жакташты. Бирок Калифорния технология институтунан бир биолог бул жума жарык көргөн эмгегинде гендерди салыштыруу үчүн колдонулган жаңы бир ыкманын адамдар менен маймылдар арасындагы генетикалык окшоштуктун 95% гана экенин баяндады. Бул изилдөө адам ДНК тизмегиндеги 3 миллион база жубунан 780.000 даанасын шимпанзелердики менен салыштырган бир компьютер программасына таянган. Мурдакы изилдөөчүлөр тапкандан көбүрөөк бир-бирине окшобогон бөлүм табылды жана ДНК базаларынын эң аз 3,9% айырмалуу экени аныкталды. Бул аны түрлөр арасында болжол менен 5% генетикалык айырмачылык бар деген жыйынтыкка алып барды...125
Англиялык илимий журнал New Scientist болсо муну 2002-жылдын 23-сентябрында интернет кабарында "Human-Chimp DNA Difference Trebled" (Адам-шимпанзе генетикалык айырмачылыгы үч эсеге чыкты) темасы менен кабарлады:
Адам менен шимпанзе ДНКлары арасында жасалган жаңы салыштыруулар боюнча, мурда элестетилгенден көбүрөөк айырмалуубуз. Көп убакыт бою эң жакын туугандарыбыз менен генетикалык түзүлүшүбүздүн 98,5% окшошоору жакталды. Эми мунун туура эмес экени аныкталууда. Чынында генетикалык түзүлүшүбүздүн 95%дан азыраак бөлүгүн бөлүшөбүз, шимпанзелер менен арабыздагы айырмачылык биз ойлогондон үч эсе көбүрөөк.126
Жыйынтык катары, геном долбоору эволюция теориясы пайдасына эч бир ачылыш чыгарган жок. Тескерисинче, жандыктар арасында ДНК жана ген түзүлүшүнө таянып, бир «эволюциялык жашоо дарагын» түзүүнүн мүмкүн эмес экенин ортого койду жана дарвинизмге чоң сокку берди. Жандыктардын ДНК коддору 19-кылымдан бери адамдардын аң-сезимине бир чындыктай сиңирилген «жашоо дарагынын» бир ойдон чыгарылган нерсе экенин апачык көрсөтүүдө.
Дарвинизмге эч далилсиз байланган топтордун негизги максаты – элге илимий жаңылыктарды сунуу эмес, дарвинизмди жайуу гана. Бирок дарвинизм пропагандасынын бүт таянычтары бир-бири артынан табылган илимий ачылыштар менен күн өткөн сайын ээрип жок болууда. Натыйжада барган сайын көп адамдар эволюция теориясынын идеологиялык себептер менен улантылган бир калп экенин түшүнүп, жаратылуу (Аллахтын жаратканы) чындыгы ылдам жайылууда. Куранда Аллах мындайча билдирүүдө:
Жок, Биз чындыкты батылдын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал (батыл) жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
Адам геномунун эң таң калыштуу тараптарынын бири – бул дүйнөлүк масштабда илимпоздор ондогон жылдан бери изилдеп жатса да, генетикалык түзүлүш жөнүндөгү маалыматтарынын дагы эле жетишсиз болушу. Алдыңкы лаборатория технологиясы менен компьютерде анализ ыкмалары натыйжасында Celera фирмасындагы илимпоздор 26.500 адам генин аныктаган жана 13.000дейинин ордун болжол менен белгилешкен. Адам геному долбоору болсо башкача бир ыкма менен жалпы 31.778дей адам гени бар деп болжогон. Бул эки ыкма көрсөткөндөй, адамдар 30.000 менен 40.000 арасында генге ээ. Адам гендеринин комплекстүү түзүлүшү себебинен так санын аныктоо көп мүмкүн эмес.
1. DNA sarmalı | 3. Bilinen Dizilim |
On yıllardır yapılan araştırmalara rağmen, bilim adamları DNA gibi bir sistemin nasıl ortaya çıktığını açıklayamamaktadırlar. Hiç kuşkusuz DNA, Yüce Rabbimiz'in hücrede tecelli eden ilminin örneklerindendir. |
Адам геному долбоорунун божомолдору боюнча, ДНКнын протеин өндүрүшүнө тиешелүү буйруктарды коддогон бөлүктөрү колдорундагы ДНК тизмегинин 5%ынан азын түзүүдө. Генетикалык маалыматтын калган бөлүгү болсо генетикалык көзөмөл аймактарынан, хромосомалар менен байланыштуу маанилүү өзгөчөлүктөрдөн жана али эмне экени билинбеген ДНК бөлүктөрүнөн турат.127 Булардын баары адамдын генетикалык маалыматын толук түшүнүүдөн мурун дагы канчалаган көп изилдөө жасоо керек экенин көрсөтүүдө.
Илимпоздор генетикалык механизмдин кандайча иштешин аныктоого аракет кылып жатып, мынчалык кемчиликсиз бир системанын кантип пайда болгонун түшүндүрө алышпоодо. Harper's Magazine журналынын 2000-ж. санында «Геномдон кабарлар» темасында Arthur Cody генетикалык маалымат ичиндеги операциялардын бир «стимулдоо» процесстери экенин сүрөттөгөн соң мындай суроолорду узатат:
Стимулдоочуну стимулдаган ким? Эч ким билбейт. Эч ким чыгара турган бир теория да жок... «Стимулдоо» кызыктуу бир биологиялык кубулуш, иштин кантип ишке ашканын түшүндүрбөйт. Гомеотикалык генди (эмбрион өрчүшүн жөнгө салган ген) ишке кириштирген (кыймылдаткан) эмне? Чыныгы же теориялык эч бир жооп жок... Эч ким жоопту билбейт, жоопту кантип издеш керек экени жөнүндө да эч пикирлери жок... Бул процесс менен байланыштуу бүт баары толугу менен түшүнүксүз.128
Бул жерде автор сураган суроолордун албетте жообу бар: булардын баары Улуу Аллахтын илхамы менен ишке ашууда, миллиарддаган атом Раббибиздин каалоосу менен жандыктардын бардык функцияларын түзө турган абалда биригишүүдө. Адам геному долбоорунун жыйынтыкталышы менен бирге Аллахтын жандыктарды канчалык улуу бир жаратылыш менен жаратканын көрсөткөн «генетикалык маалыматтын» майда-бараттары адамзаттын көз алдына тартылды. Учурда бул долбоордун жыйынтыктарын изилдеген, бир адам клеткасында миңдеген энциклопедия бетин толтура турганчалык маалымат сакталганын окуган ар бир адам мунун канчалык улуу бир жаратылуу далили экенин түшүнүүдө. Бул чындыкты айткандардын бири – Адам геному долбоорунун лидери жана Улуттук адам геному долбоору изилдөө институтунун мүдүрү физик, генетик профессор Фрэнсис С. Коллинс. Проф. Коллинстин ою боюнча, 2005-жылы адам генетикасы изилдөөлөрүнө өмүр бою салымдарынан улам Адам генетикасы Америка коомунун эң жогорку сыйлыгы деп саналган «Allan сыйлыгы» берилген. Проф. Коллинс бир сөзүндө жасаган изилдөөлөрүнүн Аллахка болгон ишенимин бекемдегенин мындайча айткан:
Адам геному долбоорунун мүдүрү катары менин көз-карашым илимий жана диний дүйнө көз-караштары толугу менен бир-бирине туура келет, ал тургай түпкүрүндө бир-бирин толуктайт деген багытта... Адам геномунун кооздугу жана комплекстүү түзүлүшү таң калыштуу бир шедевр. Бул шедевр Аллах дайыма билген, бирок биз жаңы гана түшүнүп баштаган адамзаттын ар түрдүү өзгөчөлүктөрүн көрсөтүп, менин диний ишенимимди күчтөндүрүп гана жатат.129
Чын пейил менен караган ар илимпоз бул сөздөрдөн көрүнүп тургандай, дин менен илимдин туура келээрин, ааламдын Аллахтын далилдерине толо экенин кабыл алат. Бирок дарвинист-материалист медианын калпычы маанайы кабарларды тандап берүүдө да көрүнүп турат. Адам геному долбоорунун башчысы катары бул темада чыныгы сөз ээси болгон бир илимпоздун ДНКда көрүнгөн улуу тартипке болгон таң калуусу жана бир даана молекуланын ыйманынын күчтөнүшүнө кандайча себеп болгону жөнүндөгү сөздөрү медиага чыккан жок. Бирок Аллах жараткан тартиптеги апачык кемчиликсиздикти эч бир аракет менен жашыруу мүмкүн эмес. Аллах Куранда ыймандуулардын мамилесин мындайча билдирүүдө:
Ант болсун, аларда силерге, Аллахты жана акырет күнүн үмүт кылгандарга сонун бир өрнөк бар. Ким жүз бурса, шексиз Аллах Ганий (эч нерсеге муктаж эмес), Хамид (мактоого татыктуу). (Мүмтехине Сүрөсү, 6)
İnsan Genomu Projesinin Yöneticisi, Allah'a Nasıl İman Ettiğini Anlatıyor | |
İnsan Genomu Projesinin başındaki en yetkili kişi olan, ünlü bilim adamı Francis Collins, 27 yaşına dek bir ateist olarak yaşamış. Bazı hastalarının Allah'a imanları sayesinde büyük manevi güç kazandıklarını gören Collins, Allah'ın varlığına kanaat getirmeye başlamış. Genç bir doktorken, durumu kritik olan hastalarına imanın verdiği güçten nasıl etkilendiğini şöyle anlatmaktadır: “Neredeyse kurtulmaları mümkün olmayan, çok kötü hastalıklara yakalanmışlardı ve Allah'a karşı yakınmak yerine, inançlarına bağlı kalmak, onlar için büyük bir rahatlık ve güvence kaynağı idi... Bu durum oldukça enteresandır, şaşırtıcıdır ve insanı tereddüte düşürmektedir.”1 İlerleyen yıllarda DNA'daki “muazzam bilgi”yi gören Collins, kesin olarak ikna olmuş ve neden Allah'ın varlığına inandığını The Language of God (Allah'ın Lisanı) adlı bir kitapta açıklamıştır. Kitabında Yaratıcı'nın var olduğuna dair mantıklı bir temelin olduğunu ve bilimsel keşiflerin insanı “Allah'a yaklaştırmakta” olduğunu anlatıyor. The Sunday Times gazetesinin 11 Haziran 2006 tarihli sayısında, “I've Found God, Says Man Who Cracked the Genome” (Genomun şifresini Çözen Adam, 'Allah'ı Buldum' Diyor) başlıklı makalesinde şunları ifade ediyor: “Bizim zamanımızın en büyük trajedilerinden bir tanesi, bilim ve dinin savaşmak zorunda olduğu izleniminin yaratılmış olmasıdır. Ben bunu hiçbir surette gerekli görmüyorum ve bu spektrumun uçlarını meşgul eden cırtlak seslerin de, son 20 yıldır sahneye hakim oluşunu son derece hayal kırklığına uğratıcı buluyorum.... Bir keşif yaptığınızda, bu bilimsel bir çoşku anıdır, çünkü üzerinde araştırma yapmışsınızdır ve cevaba yaklaşmışsınızdır. Fakat bu an benim için, hiçbir insanın bilmediği, ancak Allah'ın ezelden beri bildiği bir şeyi şimdi idrak ettiğimden Yaratıcı'ya yakınlaştığım bir andır. İnsanoğlu ile ilgili her türlü bilgiyi ve sırrı taşıyan bu 3.1 milyar komutluk kitabı, ilk defa elinize aldığınızda, her bir sayfasını incelerken huşu hissetmekten kendinizi alamazsınız. Ben bu sayfalara baktığımda Allah'ın aklını görmekten kendimi alamıyorum.”2 1, 2- Steven Swinford; The Sunday Times, 11 Haziran 2006; http://www.timesonline.co.uk/article/0,,2087-2220484,00.html |
Адам геному долбоору жыйынтыкталган соң кээ бир массалык маалымат каражаттары эволюция теориясы ичине түшкөн туюктун андан бетер ачыкка чыгышына жолтоо болуу үчүн жаңылта турган кабарларды чыгарып, элге туура эмес маалымат берип башташты. Дарвинист-материалист маалымат каражаттары эң көп сөз кылган жана ар кандай ураан жана темалар менен сөз кылган нерселердин бири – бул ген картасынын табылышы адамдардын тагдырын өзгөртүшү мүмкүн деген ой-пикир. «Адам эми тагдырына жеңилбейт» сыяктуу сөздөрдүн адамдын ген картасы жөнүндөгү маалыматтар менен бирге сунулуп жатышы чоң бир катачылык. Себеби чынында адамдын ген картасынын чыгарылышы адамдын тагдырынын агымын эч өзгөртпөйт, себеби бул дагы адамдын тагдырында. Аллах Куранда бул чындыкты мындайча билдирет:
Аллах кааламайынча, силер каалай албайсыңар. Чынында Аллах билүүчү, өкүмдар жана даанышман. (Инсан Сүрөсү, 30)
Тагдыр – бул Аллахтын өтмүш жана келечектеги бүт окуяларды бир көз ирмемдей билиши. Аллах боло элек окуялардын да баарын алдын ала билет. Көп адамдар Аллахтын али боло элек окуяларды кандайча билээрин, б.а. тагдыр чындыгын түшүнө алышпайт. Чынында болсо адам али көрө элек окуя – ал үчүн боло элек бир окуя. «Натыйжасы белгисиз» деп сыпатталган бүт окуялар биз үчүн «белгисиз». Чексиз илим ээси Аллах убакыттан жана мейкиндиктен көз-каранды эмес; тескерисинче убакыт менен мейкиндикти Өзү жараткан. Ушул себептен Аллах үчүн өтмүш, келечек жана ушул учур баары бир. Аллах Кабатында биз азыр жашап жаткан жана келечекте боло тургандардын баары болуп бүткөн. Бүт адамдар Аллах алар үчүн жараткан тагдырга убактысы келгенде күбө болушат.
“Bizim, sizi boş bir amaç uğruna yarattığımızı ve gerçekten Bize döndürülüp getirilmeyeceğinizi mi sanmıştınız? |
Film karelerini eline alan bir insanın filmin başını, sonunu, arada gelişen olayları bir bütün olarak, tek bir anda görebilmesi gibi Allah da yaratmış olduğu tüm insanlarla ilg
Тасманын кадрлары колунда турган бир адамдын тасманын башын, аягын, ортодо болгон окуяларды толугу менен бир учурда көрө алышы сыяктуу, Аллах да Өзү жараткан бүт адамдар менен байланыштуу бүт нерседен кабардар. Бүт нерсени бир көз ирмем катары билген Аллах бул бир көз ирмемде, б.а. чексиз кыска убакытта түбөлүктүүлүктү, б.а. чексиз узун убакытты, жаратып күчүнүн чексиздигин бизге көрсөтүүдө. Ошондуктан ыймандуу адамдардын бул илимий жетишкендиктерге мамилеси – Куранда билдирилгендей, илимдин чыныгы жана жалгыз ээсинин Аллах экенин билүү:
Айтышты: «Сен Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында Сен – бүт нерсени билүүчү, өкүмдар жана даанышмансың.» (Бакара Сүрөсү, 32)
Аллах жашап өткөн бүт адамдардын жашоолорун бүт майда-бараттары менен бирге жараткан. Бир адам төрөлгөндөн өлгөнгө чейин башынан өткөрө турган оң же терс сыяктуу көрүнгөн бүт окуялар Аллахтын билиши менен ишке ашат. Энъам Сүрөсүндө жер бетинде болгон чоң-кичине бүт окуялардын Аллахтын каалоосу менен ишке ашаары мындайча айтылат:
Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте жазылуу. (Энъам Сүрөсү, 59)
Бул абал ар адамга жана ар окуяга тиешелүү. Эч кимдин Аллах ал үчүн жараткан тагдырга кийлигишиши, окуялардын агымына кандайдыр бир өзгөртүү киргизиши мүмкүн эмес. Мисалы, Аллах ар адамды белгилүү бир өмүр менен жараткан жана ар адамдын өлүм учурунун орду, убактысы жана кандайча болоору Аллах Кабатында белгилүү. Мисалы, бир адам чалдыга турган оору ал адамдын тагдырында ал төрөлөөрдөн миллиарддаган жыл мурдатан белгилүү. Ал оорудан айыгып айыкпашы да тагдырында белгиленген. Ал тургай, айыгышына себеп болчу докторлор, мээрман эжелер, оорукана, дарылар, дарылоо ыкмаларына чейин баары Аллах Кабатында алдын ала жазылган. Ошондуктан эгер бир адам айыкса, бул ал тагдырын өзгөрттү деген мааниге келбейт, тагдырында айыгаары жазылган деген мааниге келет. Аяттарда Аллах мындайча билдирет:
Силерди эң жакшы Раббиңер билет, кааласа силерге мээримдүүлүк кылат, кааласа силерди азаптайт. Биз сени аларга бир өкүл катары жөнөтпөдүк. Раббиң асмандар менен жердегилердин баарын эң жакшы билет... (Исра Сүрөсү, 54-55)
Эгер келечекте бир күнү бир адамдын өмүрү гендерине жасалган туура кийлигишүүлөр натыйжасында узарса, бул окуя да ал адам өз тагдырына кийлигишти маанисине келбейт. Мунун мааниси мындай: Аллах бул адамды узун өмүрлүү кылып жараткан жана ген картасынын чыгарылышын бул адамдын өмүрүнүн узун болушуна себепчи кылган. Ген картасынын табылышы да, бул адамдын гендер менен байланыштуу технологиялык өнүгүүлөр болгон бир доордо жашашы да, ал адамдын өмүрүнүн медициналык мүмкүнчүлүктөр менен узартылышы да анын тагдырында; баары Аллах Кабатында али ал адам бул дүйнөгө келе электе эле белгилүү.
Ошол сыяктуу бул долбоор тегерегинде жасалган ачылыштар натыйжасында өлүмчүл оорудан айыккан бир адам да тагдырын жашап жаткан болот. Себеби бул адамдын тагдырында башына келген оорудан бул долбоор себебинен кутулуу жазылган. Түпкүрүндө адамдын ген картасынын чыгарылган болушу жана адамзаттын генетикалык программага кийлигишүү мүмкүнчүлүгүнө жетиши Аллах жараткан тагдырга каршы чыгуу маанисине келбейт. Тескерисинче ушундайча адамзат Аллах алар үчүн жараткан окуяларды көрүшүп, Аллах жараткан маалыматты ачышууда жана колдонушууда. Эгер бир адам бул илимий өнүгүүлөр урматында 120 жыл жашаса, бул Аллах ал үчүн алдын ала белгилеген бир өмүр, ошондуктан өмүрү ошончолук узун болот. Аллах ар адамдын өмүрүнүн Өзүнүн Кабатындагы бир китепте белгилүү экенин бир аятында мындайча билдирет:
Аллах силерди топурактан жаратты, кийин бир тамчы суудан. Кийин силерди жуп жуп кылды. Анын маалыматы болбостон, эч бир аялдын боюнда болбойт жана төрөбөйт да. Өмүр сүргөнгө өмүр берилиши жана анын өмүрүнөн кыскартылышы да сөзсүз бир китепте (жазылуу). Чынында бул Аллах үчүн оңой. (Фатыр Сүрөсү, 11)
Кыскача айтканда, «тагдырымды жеңдим», «тагдырымды өзгөрттүм», «тагдырга кийлигиштим» сыяктуу сөздөр тагдыр чындыгын билбөө сабатсыздыгынан келип чыккан сөздөр. Бир адамдын бул сөздөрдү колдонуп сүйлөшү да анын тагдырында алдын ала белгиленген. Адамдын бул сүйлөмдү каерде, качан, кайсы шарттарда колдоноору да Аллах Кабатында белгиленген. Аллах баарынан кабардар.
Аллах бүт нерсенин Кабатында бир китепте жазылуу экенин билдирген. Биз бул китепте жазылгандардын дал өзүн, эч кеми же ашыкчасы жок башыбыздан өткөрөбүз.
Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде пайда болгон ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Шек жок, бул – Аллах үчүн абдан жеңил. (Хадид Сүрөсү, 22)
Allah’ın emri, takdir edilmiş bir kaderdir. |
Генетикалык инженерия – бул бир жандыктан алынган гендерди изоляция кылуу, бул гендерди багыттоо жана башка бир жандыкка өткөрүү иштери жасалган тармак. Илимпоздор мунун урматында өнөр-жай калдыктарын сиңирүүчү бактерияларды өндүрө алышууда, жандыктарды клондой алышууда, ооруларга жана курт-кумурскаларга чыдамкай өсүмдүктөрдү ала алышууда. Бирок бул биотехнологиялык иш-аракеттер да, алар таянган генетикалык изилдөөлөр да эволюция теориясын колдобойт. Бул темадагы негизги жаңылыштыктар төмөнкүлөр:
Бул генетикалык иш-аракеттердин баарында гендерге абдан чоң бир кылдаттык жана көңүл койуу менен, б.а. «аң-сезимдүү кийлигишүү» жасалууда. Илимпоздор гендерди белгилүү бир максатка багыттаган, «аң-сезимдүү бир жөнгө салуучу» ролунда. Бул адамдар клетканын иштеши жөнүндө көп жылдар бою билим алып илимдүү болушкан. Иш-аракеттеринин баарын кылдаттык менен кылышып, контролдуу кийлигишүүлөрдү жасашууда. Болгондо да, мындай иш-аракеттер өнүккөн лабораторияларды, технологиялык шаймандарды колдонуу менен, бүтүндөй атайын «даярдалган» чөйрөлөрдө жасалууда. Биология профессору Уильям Д. Стэнсфилд (William D. Stansfield), өзү да бир эволюционист болсо да, мындай иш-аракеттердин эволюцияга далил боло албашын -лабораторияларда клетка синтездөө иш-аракеттеринен берген мисал менен- мындайча кабыл алган:
Жаратылууну жактагандар илимдин жөнөкөй химикаттардан чындап жандык ала алчу күндү чыдамсыздык менен күтүштү. Алар айтышууда жана ал сөздөрү акыйкат: мындай адам жасаган бир жашоо-формасы өндүрүлө алса да, бул табигый жашоо формаларынын ушуга окшош химиялык эволюциялык процесстер менен өнүккөнүн далилдей албайт.130
1- Yeni tercüme edilen proteinler, | 9- Gözenek, |
Эволюционисттик эмгектерде айтылгандай, генетикалык өзгөрүү менен жыйынтыкталган эксперименттер да эволюция теориясынын бир далили эмес. Себеби эволюция теориясы табиятта жандыктарды комплекстүүрөөк абалга алып келчү механизмдер бар жана ушул жол аркылуу бир жандык түрү башка бир жандык түрүнө айланат дейт. Ал эми генетикалык инженерия менен биотехнология тармагында жасалган эксперименттерде генетикалык өзгөрүүлөрдүн түрлөрдүн өзгөрүшүнө алып келишинин эч мүмкүн эмес экени аныкталган. Бирок кээ бир эволюционисттер бул чындыкты көрмөксөн болушууда жана кээ бир сөз оюндары менен эволюция теориясы лабораторияда далилденди деген сыяктуу калп сөздөрдү айтышууда.
Дагы бир жаңылыштык болсо – организмдерди генетикалык инженерия аркылуу өнүктүрүү мүмкүн экени эволюция теориясын тастыктайт деген көз-караш. Учурда биотехнология жана генетикалык инженерия тармагында өзгөчө дары же инсулин сыяктуу протеиндерди өндүрүүдө же кээ бир энзимдердин реакция ылдамдыктарын өзгөртүү сыяктуу тармактарда колдонулган ыкмалар эволюционисттер тарабынан эволюция теориясынын бир далилиндей көрсөтүлүүдө. Чынында болсо бул иш-аракеттердин эволюция теориясынын пайдасына бир далил болушу мүмкүн эмес.
Генетикалык инженерия иш-аракеттери «рекомбинанттык ДНК» технологиясынын өнүгүшү менен жүрөт. «Рекомбинант» сөзү мурда бар болгон түзүлүштөрдү (бул жерде гендерди) кайрадан бириктирүүнү түшүндүрөт. Демек эволюционисттер эң башта генетикалык инженериянын чийки заты болгон гендердин келип чыгышын түшүндүрүшү зарыл (ДНК керемети эволюция теориясын кантип жараксыз кылууда? бөлүмүн караңыз). ДНКнын келип чыгышы темасында толугу менен туюкта калган эволюционисттер генетикалык инженерияда колдонулган жана дарвинисттик көрсөтмөлөр менен даярдалган эмгектерден үмүт кылышкан. Бирок эволюция теориясы жандык түрлөрү туш келди (кокус) механизмдер менен гана пайда болгон деген пикирди жактаган көз-караш. Ошондуктан эволюционисттердин генетикалык инженерия менен байланыштуу пропагандасы эң башынан эле чирик. Себеби эволюционисттер генетикалык инженерия менен байланыштуу сөздөрүндө чоң бир парадокста калышууда.
Гендерди ар башка организмдер арасында алмаштыруунун мүмкүн болушу же бир жердеги гендерди кайрадан бириктирүү эволюциялык бир процесстин бар экенине далил катары көрсөтүлүүгө аракет кылынууда. Чынында болсо бул иш-аракеттердин материалы болгон гендер –мурдакы бөлүмдөрдө түшүндүрүлгөндөй- абдан комплекстүү түзүлүштөрү менен мындай туш келди бир процесстин болбогондугунун эң күчтүү далилдеринин бири.
Эволюционисттердин бул тармактагы иш-аракеттер менен байланыштуу пропагандаларындагы жаңылыштыктарынын бири – бул организмдер арасында алмаштыруу мүмкүн болгон орток гендер жандыктардын орток бир атадан келгенин далилдейт деген жаңылыштык. Дарвинист лаборатория изилдөөчүлөрү жандыктар арасында гендерди кантип алмаштыра алганын түшүндүргөн соң, «муну кыла алуудабыз, себеби биз колдонгон жандыктар орток бир атадан эволюцияланышкан» дегендей сөздөрдү айтышууда. Ушундайча өздөрүнүн гипотезаларына ылайык жасаган жоромолду бир далил сыяктуу көрсөтүп, терең маалыматы жок адамдарды жаңылтышууда. Чынында болсо орток тамыр орток ата гипотезасына далил болбойт. Ошол сыяктуу, ар түрдүү организмдер арасында гендерди алмаштыруунун мүмкүн болушу биологиялык түзүлүштөрдүн кокустуктар менен жана максатсыз табигый окуялар аркылуу эволюциялашканын далилдебейт. Ар башка организмдер арасындагы орток гендер объективдүү түрдө «орток тамырдын» көрсөткүчү катары гана кабыл алынышы мүмкүн. Орток тамыр жоромолу да апачык жаратылуу чындыгын колдойт.
Гендик инженерия менен байланыштуу жоромолдордо кезиккен башка бир жаңылыштык болсо – гендик инженерия «жаратуу иши» деген жаңылыштык. Аллахтын бар экенин жокко чыгарган материалисттер генетикалык инженерия иш-аракеттерин атеизм пропагандасына колдонушууда жана жасалган иштерди «жаратуу» деп жоромолдошууда. (Аллахты аруулайбыз.)
Бул жерде атеисттер түшүнгүсү келбеген нерсе – «жаратуунун» «жоктон бар кылуу» маанисине келиши. Жаратуу Аллахка гана тиешелүү. Ген инженериясы иш-аракеттеринде илимпоздор Аллах жараткан гендерге өзгөртүүлөрдү жасашууда же буларды Аллах жараткан жандыктар арасында алмаштырышууда. Бул иш-аракеттерде жандыктарды өнүктүрүү үчүн колдонулган генетикалык маалымат жандыктар ааламында ансыз да бар болгон маалымат.
Мисалы илимпоздор медузанын генин бир зебра балыгынын ДНКсына жайгаштырып, бул балыктын жарык чыгарышын же эчкинин ДНКсына жөргөмүштүн генин жайгаштырып, эчки сүтүндө жөргөмүш жиби өндүрүшүн камсыз кыла алышууда. Бирок пайда болгон жандыктар сырттан караганда жаңы бир катар өзгөчөлүктөргө ээ болушса да, бул жерде эч жаңы бир генетикалык маалымат пайда болгон жок, болгону ансыз да бар болгон маалымат жандыктар арасында орун которду.
Эгер илимпоздор келечекте бир күнү бир жандыкты түп тамырынан кайрадан түзүп өзгөртө алышса да, бул абал өзгөрбөйт. Молекулярдык биолог Майкл Дентон бул чындыкты мындайча баяндайт:
Келечекте эгер ген инженерлери жандуу системаларды протеинден бүт организмге чейин, түп тамырынан өзгөртүп кайра түзө алышса да, бул болгону негизги суб-системалардын көпчүлүгүндө дээрлик так программаланган, бир учурдуу өзгөрүүлөрдү талап кылган, пландуу башкарылган өзгөрүүлөр аркылуу болот.131
Жыйынтыктасак, эволюционисттердин генетикалык инженерия менен байланыштуу пропагандасы жараксыз. Тескерисинче, бул тармактагы иш-аракеттер ортого койгон пландуу башкарылган шарттар жана максаттуу өзгөрүүлөр менен жандыктардын кемчиликсиз бир тартипте жаратылганын көрсөтүүдө.
1. Genom | 3. Gen |
Gen mühendisliği çalışmalarında bilim adamları, Allah'ın yaratmış olduğu genler üzerinde değişiklikler yapmakta veya bunları Allah'ın yarattığı canlılar arasında aktarmaktadırlar. |
Копиялоо ишинде копияланышы пландалган жандыктын бир клеткасынан ДНКсы микроскоп астына алынат жана ошол түрдөгү башка бир жандыкка тиешелүү бир жумуртка клеткасынын ичине жайгаштырылат. Бул операция үчүн копияланышы пландалган жандыктын ДНКсы колдонулат. Анын артынан шок жасалат жана жумуртка клеткасынын бөлүнүп башташы камсыздалат. Бөлүнүүнү уланткан эмбрион ошол түрдөгү кандайдыр бир жандыктын жатынына жайгаштырылат жана өрчүп туулушу күтүлөт.
Эң биринчиден, копиялоо менен эволюция түшүнүктөрү аныктамасы жагынан бүтүндөй айырмалуу. Эволюция теориясы жансыз зат кокустуктар натыйжасында жандыктарды пайда кылган деген пикирге таянат (бул пикирдин ишке ашуу мүмкүнчүлүгүнө байланыштуу эч бир далил жок). Копиялоо болсо жандуу клетканын генетикалык материалын колдонуу менен ал жандыкты копиялоо. Ансыз да бар болгон бир клетка колдонулат жана биологиялык бир процесс лаборатория чөйрөсүнө алынып, жасалма ыкмалар менен кайталанат. Б.а. ал жерде эволюциянын негизги көз-карашы болгон «кокус» (туш келди) бир процесс же «жансыз затка жан кириши» сыяктуу бир жагдай жок.
Чынында копиялоо иши эволюцияга эч далил болбойт, тескерисинче эволюцияны тамырынан кыйраткан бир биология мыйзамынын айдан ачык бир далили. Бул мыйзам атактуу илимпоз Луи Пастер (Louis Pasteur) 19-кылымдын аягында тапкан «жашоо жашоодон гана келет» принциби. Бул ачык чындыкка карабастан, копиялоонун эволюцияга далил катары көрсөтүлүшү – бир катар медиа аркылуу жүргүзүлгөн чоң бир көз бойомочулук жана калп.
1. Klonlanacak hayvandan hücre alınması | 5. Çekirdeksiz yumurta |
A) Yumurta hücrelerinin alınması: C) Olgunlaşma: D) Enjeksiyon: |
1. Metil | 9. Histon |
D) Füzyon (birleştirme): E) Aktivasyon (harekete geçirme): F) İmplantasyon (yerleştirme): | |
Klonlama tekniği, tamamen bilinçli insanların denetiminde yapılır ve her aşama çok hassas kontrol altında gerçekleştirilir. Bu yöntem, evrim teorisine hiçbir şekilde destek sağlamaz. Çünkü klonlamada, -canlıların yaratılışında olduğu gibi- tesadüfi süreçlere yer yoktur. |
Бирок өзгөчө акыркы 30 жыл ичинде ар кандай илим тармактарындагы өнүгүүлөр жандыктардын пайда болушун кокустук түшүнүгү менен түшүндүрүүнүн мүмкүн эместигин көрсөттү. Эволюционисттердин илимий каталары жана бир тараптуу жоромолдору далилденип, эволюция теориясын илим чегинде жактоо мүмкүн эмес болуп калды. Бул чындык болсо кээ бир эволюционисттерди ар кандай изденүүлөргө түрттү. «Жандуулуктун копияланышы», ал тургай, жакынкы өтмүштө «пробиркадан наристе» сыяктуу илимий өнүгүүлөрдүн эволюцияга далил имиш сыяктуу пропаганда кылынышынын себеби мына ушунда.
Копиялоо жөнүндө адамдар туура эмес түшүнгөн дагы бир нерсе – бул алардын копиялоону «адам жаратуу» деп түшүнүшү. Чынында болсо копиялоо эч качан мындай мааниге келбейт. Копиялоо ансыз да бар болгон жандуу бир көбөйүү механизмине ансыз да бар болгон бир генетикалык маалыматты кошуу гана. Бул операцияда жаңы бир механизм да, жаңы бир генетикалык маалымат да чыгарылган эмес. Бар болгон бир жандыктын, мисалы койдун генетикалык маалыматы алынып, эне койдун жатынына жайгаштырылууда жана эне тууй турган жаңы баланын генетикалык маалыматы алынган койдун «бир жумуртка эгизи» болушу камсыздалууда. Мунун эволюция теориясы менен да, «адам жаратуу» түшүнүгү менен да эч бир байланышы жок.
Бир адамды же башка кандайдыр бир жандыкты жаратуу, б.а. жоктон бар кылуу Аллахка гана тиешелүү. Илимий жетишкендиктер да бул жаратуунун адамдар тарабынан ишке ашырылышынын мүмкүн эмес экенин көрсөтүп, бул чындыкты тастыктоодо. Бир аятта мындайча буюрулууда:
Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) Жаратуучу. Ал бир иштин болушун кааласа, ага «БОЛ» деп гана айтат, ал ошол замат болуп калат. (Бакара Сүрөсү, 117)
Жыйынтыктасак, коомго илим атынан айта турган сөзү калбаган эволюционисттердин калктын сабатсыздыгынан пайдалануу менен теорияны жашатууга аракет кылышы ал теориянын илимий тараптан чарасыздыгын гана көрсөтүүдө. Башка бүт илимий жетишкендиктер сыяктуу «копиялоо» да жандуулуктун жаратылганына жол көрсөткөн абдан маанилүү бир илимий жетишкендик.
118. http://www.genome.gov/11006943
119. W.-H. Li, D. Graur, Fundamentals of Molecular Evolution, Sinauer Associates, Inc., Sunderland, 1991, s. 209.
120. Lee Spetner, Not By Chance, Shattering the Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 28.
121. Francis S. Collins, "Faith and the Human Genome Project", Perspectives on Science and Christian Faith, cilt. 55, no. 3, Eylül 2003, s. 146.; http://www.asa3.org/ASA/PSCF/2003/PSCF9-03Collins.pdf
122. Karen Hopkin, "The Greatest Apes", New Scientist, 15 May 1999, no. 2186, s. 26.
123. New Scientist, cilt 103, 16 Ağustos 1984, s. 19.
124. http://en.wikipedia.org/wiki/List_of_number_of_chromosomes_of_various_organisms
125. http://lists.ibiblio.org/pipermail/monkeywire/2002-September/000250.html "Human, Chimps More Different Than thought", The Associated Press, 24 Eylül 2002.
126. Andy Coghlan, "Human-chimp DNA Difference Trebled", New Scientist, 23 Eylül 2002; http://www.newscientist.com/news/news.jsp?id=ns99992833
127. J. C. Venter, et. al., "The Sequence of the Human Genome," Science, cilt 291, 2001, ss. 1304-1351.
128. Wayne Jackson, "Mapping the Human Genome: Does It Prove Evolution?", Christian Courier, 1 Nisan 2001; http://www.christiancourier.com/feature/april2001.htm
129. Francis S. Collins, "Faith and the Human Genome Project", Perspectives on Science and Christian Faith, cilt. 55, no. 3, Eylül 2003, s. 142.; http://www.asa3.org/
ASA/PSCF/2003/PSCF9-03Collins.pdf
130. William D. Stansfield, The Science of Evolution, Macmillan, New York, 1983, 8. baskı, ss. 10-11.
131. Michael Denton, Nature's Destiny, Free Press, 1998, s. 321.