7- Бөлүм Дүйнөнүн Эң Алдыңкы Копиялоо Технологиясы

Күнү-түнү, сизге эч сезилбестен, жашооңуз толук кандуу уланышы үчүн клеткаларыңызда кереметтүү бир кылдаттык жана жоопкерчилик сезими менен сансыз процесс ишке ашат. Бул процесстердин бири адамдын өрчүшүн, кыртыштарынын оңдолушун камсыз кылган клетка бөлүнүшү. ДНКнын копиялана алуу касиети урматында клеткалардын бөлүнүп көбөйүшү, жабыркаган кыртыштардын оңдолушу жана бул кезде ар жаңы клеткага генетикалык маалыматтын берилиши мүмкүн болот.

Адам денесиндеги бүт клеткалар бөлүнүп көбөйөт. Ар бөлүнүү учурунда клетка ядросундагы ДНКнын копиялануу жумушу адамды таң калтыра тургандай кемчиликсиз бир уюшкандык жана дисциплина ичинде ишке ашат. Адам денеси бир клеткадан экиге бөлүнөт жана бул бөлүнүү 2-4-8-16-32... катышы менен көбөйүшүн улантат. Клетка бөлүнүп жатканда жаңы клетка үчүн ДНКнын бир копиясын алуу керек болот. ДНК клетка бөлүнүшүнөн бир аз мурда өзүнүн бир копиясын чыгарат жана муну жаңы клеткага берет.

Клетканын бөлүнүшүнө жасалган байкоолор боюнча, клетка бөлүнөөрдөн мурда белгилүү бир чоңдукка жетиши зарыл. Бул белгилүү чоңдуктан өткөндө болсо бөлүнүү процесси программаланган негизде башталат. Клетканын формасы бөлүнүүгө ыңгайлашып чоюлуп баштаганда, ДНК да өзүн копиялайт.

Мунун мааниси мындай: клетка бир бүтүн катары бөлүнүү «чечимин алууда» жана клетканын ичиндеги бөлүктөр бул бөлүнүү чечиминин негизинде ишке киришишүүдө. Клетканын мындай коллективдик бир ишти жасай ала турган жөндөмгө өз башынча ээ болбошу анык. Бөлүнүү процесси Аллахтын буйругу менен башталат жана ДНК баш болуп клетканын бүт бөлүктөрү ошого жараша кыймылдашат.

Ичинде 3 миллиард тамгалык бир маалымат банкы бар ДНК молекуласы спираль формасындагы бир тепкичке окшошот. Копиялоо иши башталганда алгач «ДНК геликаз» аттуу энзим керектүү жерге келет жана ДНКнын спираль формасын бир сыдырма сыяктуу ачып баштайт. Мунун натыйжасында ДНКнын спираль абалында бир-бирине оролгон колдору бөлүнөт. «ДНК геликаз» дайыма өз убактысында кызматында жана өз милдетин кемчиликсиз, адашпастан жана ДНКга эч зыян тийгизбестен аткарат.

dna kopyalama

1. Kopyalama çatalı
2. DNA polimeraz
3. Astar RNA
4. Primaz

5. Okazaki parçacıkları yapılıyor
6. DNA ligaz
7. DNA polimeraz
8. Kopyalanmanın yönü

A) Helikazlar DNA sarmalını çözerler.
B) Tek-şerite bağlanan proteinler, çözülen DNA'yı sabitlerler.
C) Öncü şerit sürekli olarak DNA polimeraz tarafından oklar yönünde sentezlenir.
D) Primaz enzimi, kısa bir astar RNA şeridi sentezler. Bu şerit daha sonra, DNA polimeraz tarafından genişletilir.
E) DNA ligaz, parçaları büyüyen şeritle birleştirir.

DNA kopyalanmasındaki tüm elemanlar, Allah'ın emri ile hareket etmekte, Allah'ın kendilerine verdiği yetenek ile, böylesine kusursuz ve insan yaşamı için hayati bir işlemi gerçekleştirebilmektedirler.

ДНК молекуласы эми эки катарга бөлүнгөн болот. Эмки кезек «ДНК полимераз» энзиминде. Бул энзимдин кызматы ДНКнын экиге бөлүнгөн колдорун жаңы бир катар менен толуктоо. Бул үчүн ДНКнын ар бир катарын түзгөн ар маалыматтын тушуна туура келген маалыматты таап алып келет. Бул абдан кереметтүү жагдай. Атомдордон турган, аң-сезими жана акылы жок бир энзим ДНКнын жарым колун толуктоо үчүн керектүү маалыматтарды аныктап, аларды клетка ичиндеги тиешелүү жерлерден алып ордуларына жайгаштырууда. Бул жумуш учурунда кичинекей да ката кетирбей, 3 миллиард тамганы бир-бирден эң туура аныктап толуктоодо. Бул кезде башка бир полимераз энзими болсо ДНКнын экинчи жарымын ушул сыяктуу толуктайт. Булардын баары болуп жатканда, ДНК спиралынын бөлүнгөн эки бөлүгү бир-бирине кайра оролуп калбашы үчүн «спиралды кармоочу энзимдер» ДНКны учтарынан кыймылдатпай кармап турушат.

Ошентип эки ДНК катарынын тең экинчи жарымы ошол жердеги даяр материалдар менен толукталат жана эки жаңы ДНК молекуласы өндүрүлгөн болот. Операциянын ар баскычында энзим деп аталган жана өнүккөн роботтор сыяктуу иштеген адис протеиндер кызмат кылат. Өзгөчө бул баскычтар учурунда ишке ашкан, өзүнчө бир китеп темасы боло тургандай кенен, көптөгөн абдан комплекстүү процесстер бар.

dna kopyalama

1. Adenin
2. Sitozin
3. Timin
4. Guanin

5. Inşa Edilen Yeni Şerit
6. Yeni Bazlar
7. DNA çifte sarmalı
8. DNA çözülüyor

Hücrenin şekli bölünmeye uygun olarak yayvanlaşmaya başlarken, DNA da kendini kopyalar. Hücre bir bütün olarak bölünmeye "karar verir". Hücrenin içindeki tüm parçalar, bu bölünme kararına uygun olarak hareket eder. Hücrenin böylesine kollektif bir işi başaracak yeteneğe, kendi başına sahip olmadığı açıktır. Bölünme, kopyalama işlemlerinin her aşaması, herşeye hakim olan Yüce Allah'ın emri ile başlar ve gerçekleşir. (sağda)

Копиялоо учурунда келип чыккан жаңы ДНК молекулалары көзөмөлдөөчү энзимдер тарабынан көп жолу текшерилет. Кетирилген бир ката болсо (мындай ката абдан маанилүү болушу мүмкүн), ылдам аныкталат жана оңдолот. Катасы бар код жулунуп ордуна туурасы алып келинет жана жабыштырылат.

ДНКнын түзүлүшүн ачкан илимпоздор Жеймс Уотсон менен Фрэнсис Крик 1950-жылдары «Кемчиликсиз биологиялык принцип» деп атаган копиялоо процессин абдан жөнөкөйлөтүшкөн эле. Бирок учурда ДНКнын өзүн копиялашынын илимпоздорду айран-таң калтырган комплекстүүлүктө экени белгилүү болду. ДНКнын эң кичинекей катарын копиялоо үчүн да жыйырма түрдүү протеин менен энзим сөзсүз болушу зарыл.88 Проф. Вернер Гитт копиялоодогу кемчиликсиздикке мындайча токтолот:

ДНК ушундай бир түзүлүшкө ээ; клетка экиге бөлүнгөн сайын ДНК да өзүн копиялайт. Бөлүнгөн клеткалардын экөө тең бөлүнүү жана копиялоо процессинен соң сөзсүз бирдей генетикалык маалыматка ээ болот. Бул копиялоо кемчиликсиз.89

dna kopyalama

DNA'nın kopyalanabilme özelliği sayesinde hücrelerin bölünerek çoğalması, yıpranan dokuların onarılması ve bu esnada her yeni hücreye genetik bilginin aktarılması mümkün olur.

ДНК копияланышындагы эң кереметтүү тараптардын бири – булардын баарын атомдордон турган молекулалардын аткарышында. Аң-сезимсиз атомдордун биригишинен пайда болгон энзимдер ДНК спиралынын кем жагын аныктап, кем нерселерди тиешелүү жерлерде табат жана эң ылайыктуу жерлерге кошуп кереметтүү иш-аракеттерди жасашат. Аң-сезимсиз, акылы жана илими жок кичинекей нерселердин мынчалык комплекстүү, илим, аң-сезим жана акыл талап кылган иштерди кемчиликсиз жасашы Аллахтын теңдешсиз жаратуусун көрсөтүүдө. Булардын баары Аллахтын буйругу менен кыймылдашып, Аллах аларга берген жөндөм менен мынчалык кемчиликсиз жана адам жашоосу үчүн өтө маанилүү бир ишти аткарышууда. Аллах Куранда адамдын жаратылышындагы тартипти мындайча билдирет:

Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден бир тамчы суу эмес беле? Анан бир алак (эмбрион) болду, анан (Аллах аны) жаратты жана бир «көрктүү калып берди.» Ошентип андан эркек жана аял кылып жуп жасады. (Кыямат Сүрөсү, 36-39)

Копиялоодогу Теңдешсиз Ылдамдык

ДНК копияланышы учурундагы бүт бул иштер ушунчалык бат жасалат; мүнөтүнө 3.000 баскычтуу нуклеотид өндүрүлүп, секундасына болсо 50 база жубу копияланат.90 Бул кезде бүт баскычтар жооптуу энзимдер тарабынан кайра кайра текшерилет жана керектүү оңдоолор жасалат.

ДНКнын копиялоо ишинин канчалык чоң ылдамдыкта жасалаарын жакшыраак түшүнүү үчүн төмөнкү маалыматтар жардамчы болот: бир клетканын бөлүнүшү 20-80 мүнөткө созулат жана бул кезде ДНКдагы маалымат да копияланып көбөйтүлүшү зарыл. Б.а. ДНКдагы 3 миллиард маалымат 20-80 мүнөт арасында эч ката, унутуу же кемчилик кетирилбестен копияланышы керек. Бул бир китепкана толо маалыматтын же 1.000 китептин же бир миллион беттик тексттин ушунчалык кыска убакытта, эч ката жана кемчиликсиз копияланышындай кереметтүү окуя. Болгондо да бул ишти жасагандар – технологиялык каражаттар, жогорку технологиялуу ксерокопия машиналары эмес, кээ бир атомдордун бир-бирине уланышы менен түзүлгөн энзимдер.

Чоң ылдамдык менен өндүрүлгөн жаңы ДНК молекуласында сырткы таасирлер натыйжасында кадимки шарттарга салыштырмалуу көбүрөөк ката кетиши ыктымал. Бул жолу клеткадагы рибосомалар ДНКдан келген буйрукка ылайык ДНК оңдоо энзимдерин өндүрүп башташат. Ошентип ДНК өзүн-өзү коргоого алган болот.

Клеткалар да адамдар сыяктуу туулат, көбөйөт жана өлөт. Бирок клеткалардын өмүрү алар түзгөн адамдын өмүрүнөн бир топ кыска. Мисалы алты ай мурда денеңизди түзгөн клеткалардын бүгүн көпчүлүгү өлгөн. Бирок өз убагында бөлүнүп ордуна жаңыларын калтырган үчүн сиз азыр өмүрүңүздү улантып жатасыз. Ошондуктан клеткалардын көбөйүшү, ДНКнын копияланышы сыяктуу окуялар адамдын өмүрү үчүн кичинекей да ката болбошу керек болгон өтө маанилүү процесстер.

Бул жердеги таң калыштуу бир жагдай – бул ДНКнын өндүрүшүн да камсыз кылган, түзүлүшүн да текшерген бул энзимдердин кайра эле ДНКда жазылган маалыматтарга жараша, ДНКнын буйрук жана көзөмөлүндө өндүрүлгөн протеиндер болушу. Бул жерде бир-бири менен өтө тыгыз байланыштуу кереметтүү бир система бар; мындай бир системанын баскыч баскыч ишке ашкан кокустуктар менен мындай абалга келиши эч мүмкүн эмес. Себеби энзим болушу үчүн ДНК болушу, ДНК болушу үчүн болсо энзим болушу, экөө болушу үчүн болсо клетка бүт органеллдери менен бирге толугу менен бар болушу керек.

Бул жерге чейин кыскача каралган маалыматтардан да көрүнүп тургандай, денеңиздеги бүт бөлүктөр өз милдеттерин кемчиликсиз жана ийгиликтүү аткарышууда. Аллах эң чоңунан эң кичинесине чейин сансыз атомду жана молекуланы өмүрүбүздү толук кандуу улантышыбыз үчүн кызматыбызга берген. Аллах бир аятта мындайча кабар берет:

... Шексиз, Аллах адамдарга (чексиз) жакшылык кылуучу. Бирок адамдардын көпчүлүгү шүгүр кылышпайт. (Момун Сүрөсү, 61)

Ар клетка бөлүнгөн сайын ДНКнын бир копиясы алынышы керек экенин ойлонгон, ДНКнын эң ыкчам жана эч катасыз копияланышын башкарган, кетирилген каталардын ыкчам оңдолушу үчүн укмуштуу бир уюштурууну жасаган күч, акыл, эрк жана илим кимге тиешелүү? Мынчалык комплекстүү жана кемчиликсиз бир тартипти кокустан түзүлгөн деп айтуу акылга да, логикага да эч туура келбейт. Ааламдагы бүт атомдорду жана керектүү бүт шарттарды аткарсаңыз, ДНКнын копияланышын жасаган системаны кокустан пайда кыла албайсыз. Мынчалык кемчиликсиз бир системаны жараткан жана миллиондогон жылдан бери жаратууну уланткандын чексиз илим, акыл жана кудурет ээси Аллах экени айдан ачык. Бул чындык бир Куран аятында мындайча билдирилет:

Асмандардагы жана жердегилердин баары Аллахтыкы. Аллах бардык нерселерди курчап турат. (Ниса Сүрөсү, 126)

Копиялоо Каталарынын Оңдолушу

Бир клетка бөлүнгөндө, хромосомалар өздөрүн копиялап жатканда кээде каталар пайда болот. Генетикалык маалыматтагы каталардын кийинки урпактарда чогулуп көбөйүшүнүн алдын алуу үчүн ар жандыкта бул каталардын көпчүлүгүн аныктап оңдоочу бир механизм бар. Эгер бул механизм болбогондо, жандыктардын генетикалык түзүлүшү бузулмак, жана ал түр тукум курут болушу мүмкүн эле.

Мындай каталарды азайтуу үчүн клетка ошол эле учурда оңдоочу кызматын аткарат. Бирок бул оңдоодон соң да бир эки ката калышы мүмкүн. Бул каталар анчалык олуттуу эмес. Клеткадагы мындай көзөмөл механизми урматында копиялоо учурунда бир миллиарддан бир менен жүз миллиарддан бир арасында абдан төмөн бир ката үлүшүнө жетишилет. Жүз миллиарддан бир катаны 50 миллион бет текстте кетирилген бир даана катага окшотууга болот. 50 миллион бетти болсо 100 профессионалдуу жазгыч өмүр бою эч тынымсыз жазганда гана араң жазып бүтө алат.91 Ядролук физик Жеральд Л. Шредер клетканын ичинде сапат көзөмөл системасындагы акылга мындайча көңүл бурат:

Бул системадагы акыл абдан усталыкта. Мен бир протеиндин бир спиралды ачууну кантип үйрөнгөнү жөнүндө же ДНК полимераздын кантип пайда болгону, же ишке аралашышы керек экенин кантип билээри жана туура базаны таап кантип уланаары жөнүндө гана айтып жаткан жокмун. Буларда бир сыйкырчылык көрсөтмөсүн элестеткен жана түшүндүрүүнү талап кылган кереметтүү нерселер бар. Бирок менин «абдан акылдуулук менен» деген сөзүмдүн мааниси мындай: ар жаңы копияланган катар копияланган катарына спираль абалында туташат жана мунун урматында сапат көзөмөлүнөн жооптуу протеиндер жаңы копияланган катарды баштапкыдан (оригиналдан) келгенге түз салыштырып текшерүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Абдан эстүүлүк менен! Эгер жаңы пайда болгон эки катар бир-бирине туташканда жана эки баштапкы катар да баштапкы абалына кайра кайтканда, жасалчу сапат көзөмөл системасы бир топ оор жана бир топ натыйжасыз болмок.92

Апачык көрүнүп тургандай, ДНКда жана ДНК буйруктары менен иштеген бүт системаларда эч бир кокустук менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес таң калыштуу акылдуу, чаралуу окуялар ишке ашууда. Булардын бир тартип менен программаланышын болсо бүт нерсени билүүчү, бүт нерсени башкарган бир Жаратуучунун бар экени менен гана түшүндүрүүгө болот. Бул Жаратуучу мээрими менен бизге жашоо берген, илими менен бүт нерсени ороп курчаган Улуу Аллах.

dna onarımı

1. Hasar onayı için, özel bir protein DNA'yı inceler.
2. Özel bir protein, hasarlı kısmın bir tarafını keserken, bir enzim de diğer tarafı keser.
3. DNA'nın hasar yeri, özel bir enzim tarafından gevşetilip açılır.
4. Bir başka protein, çözülen DNA'yı sabit tutabilmek için, sağlam şerite bağlanır.
5. Hasarlı DNA

DNA onarımı esnasında, birçok protein görev alır. Bunların her biri olağanüstü bir iş birliği, kusursuz bir uyum ile hareket eder.

Өтө Маанилүү Кызматка Ээ ДНК Энзимдери

Энзимдер бир реакцияга таасир бергенде, бир топтун жогорудан ылдый тоголонушу менен төмөндөн жогору тоголонушу арасындагы айырмага окшош бир таасир берет. Энзимдер биохимиялык реакцияларды миң эседей ылдамдата алышат.93 Адам клеткасынын ичинде 3.500дөн ашуун энзим бар. Булардын бир же бир нечесинин кем болушу болсо клетка ичиндеги иш-аракеттердин толугу менен башаламандыкка учурашына себеп болот. Бул болсо клетканын талкаланып бузулушуна, б.а. жандуулуктун жок болушуна алып келет (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Hayat Boyu Çalışan Mucize Makine: Enzim (Өмүр бою иштеген керемет машина: энзим)).

ДНК энзимдеринин эң негизги кызматтарынын бири – бул ДНК молекуласынын копияланышына көмөкчү болуу. Бир энзим молекуласын башка протеин молекуласынан айырмалаган жалгыз айырма – анын үч өлчөмдүү формасы. Эгер энзимдер анын өзгөчөлүктөрүн аныктаган мындай атайын үч өлчөмдүү формага ээ болбогондо, клетка ичиндеги процесстер, мээден органдарга жиберилген маалыматтар жана клетка ичиндеги көзөмөлдөр болмок эмес, натыйжада клеткаларды жашатуу үчүн керек болгон көп процесстер жасала алмак эмес. ДНКнын копияланышы учурунда каталарды оңдоочу энзимдердин болбошу да тиешелүү гендин функциясын жоготушуна же каталуу өндүрүш жасап ракты башташына себеп болушу мүмкүн эле.

ДНК Копияланышында Кызмат Кылган Энзимдер

* ДНК Спиралын Сыдырма Сыяктуу Ачуучу: ДНК Геликаз

DNA helikaz

DNA helikaz

Жогоруда да айтылгандай, копиялоо иши башталганда, алгач «ДНК геликаз» аттуу энзим тиешелүү жерге келет жана ДНК спиралын бир сыдырмадай ачып баштайт. Мунун натыйжасында ДНКнын спираль формасындагы бир-бирине оролгон колдору бөлүнөт. ДНК геликаз секунда сайын 1.000 нуклеотид жубун ача алуу жөндөмүнө ээ.

ДНКнын колдору бөлүнгөндө, колдор бир-бирине оролушуна тоскоол болуу үчүн «спиралды кармоочу энзимдер» эки колду тең кармап турушат.

ДНК геликаз сыдырманы ачып жатып, бир чекитте кокустан токтойт. Токтогон чекиттер – бул керектүү маалыматтын чектери. Энзимдер маалыматтын каерден башталып каерден бүтөөрүн билген сыяктуу чоң бир усталык менен кыймыл-аракет кылышат.

* Жаңы ДНК Катарларын Өндүрүүчү: ДНК Полимераз

DNA polimeraz

DNA polimeraz

Кезек «ДНК полимераз» энзиминде. Бул энзимдин кызматы болсо – жогоруда айтылгандай, ДНКнын экиге бөлүнгөн колдорун экинчи бир кол менен толуктоо. Бул үчүн ДНКнын бир колун түзө турган, ар маалыматтын тушуна ылайыктуу маалыматты таап алып келет.

ДНК полимераз жаңы катарларды кемчиликсиз толуктай турган абалда өндүрөт. Мурдакы катардагы цитозин дайыма жаңы катарда гуанин менен жупташат. Аденин болсо дайыма тимин менен жана тимин болсо аденин менен жупташат. Бирок укмуштуу ылдамдык менен ишке ашкан бул жупташуу учурунда кээде бир канча ката кетет. Мисалы, ДНК полимераз адениндин тушуна бир жерде тиминди эмес, гуанинди жайгаштырат. Мындай катачылыктар кээде өтө кооптуу болот. Мисалы, гемоглобиндин түзүлүшүндөгү алтынчы аминокислота эгер «валин» деп аталган башка бир аминокислотага алмаштырылса, протеинде жипчелер пайда болот жана эритроциттердин оролушуна тоскоол болуп, «орок клетка анемиясы» деп аталган ооруга жол ачат.94

Базалардын жупташуу учурундагы химиялык тандоочулугу ушунчалык күчтүү болгондуктан, 100.000 базада бир катага гана уруксат берилет. Мындан тышкары, ДНК полимераз да каталарга абдан сезгич. Эгер туура эмес бир база жупташуусу болсо, ошол замат жок кылынат жана ордуна туура база жайгаштырылат. ДНК полимераз жумушун бүткөн соң башка бир оңдоочу энзим жаңы түзүлгөн ДНК катарында ката калып калбаганын текшерет.

* Каталарга Карата Абдан Сезгич: ДНК Нуклеаз

Бул энзим бир редактор (текстти оңдоочу киши) сымал ДНКдагы катаны аныктайт жана ката тамганы чыгарып таштайт. Бирок мунун натыйжасында ДНК спиралында бир боштук пайда болот. Бул көйгөй менен болсо башка бир энзим алектенет.

* ДНКдагы Үзүктөрдү Оңдоочу: ДНК Лигаз

ДНК нуклеаз аныктаган туура эмес жерди алып таштаганда, ДНК спиралында жаралган боштук «ДНК лигаз» аттуу энзим тарабынан оңдолот. Эң аягында алынган кемчиликсиздик урматында миллиард нуклеотидде болгону бир катага жол берилет. Бул ката үлүшү компьютерлердин көзөмөлүндөгү кандайдыр бир маалымат системасынын эсе эсе өйдө. Миллиардда бир ката миңдеген китепти копиялап жатып бир гана ката кетирүү маанисине келет.95 Бул чоңдук көзгө көрүнбөгөн бир жерде канчалык кереметтүү бир көзөмөл механизмасы бар экенин бизге көрсөтөт.

* ДНКнын Түйүн Болбостон Чечилишин Камсыздоочу: Топоизомераз

ДНК катарлары өз узундугунан миңдеген эсе кичине жерлерде пакеттелген. ДНК бул кичинекей жерде кыймылдап жатканда, бул формасынан улам көп маселелерге кабылат. Мисалы, ДНК спиралы андагы маалыматты окуу үчүн ачылып жатканда, төмөн жактагы аймактар барган сайын тыгыздашат жана пайда болгон бул басым сырткы чыгарылышы зарыл. Бул бир жипти түзгөн жипчелерди бир-бирден тартып алууга окшошот. Мындайда жиптин ылдый тарабында башаламандыктар болот. Клетка бөлүнүп жатканда да мына ушундай көйгөйдүн чоңу болот. Клетка бөлүнөөрдүн алдында ядродо ДНКнын 46 катарынан эки копия болот. Ар бир катар алгач жазылып (бөлүнүп), анан бөлүнүп бала клеткаларга кетиши керек.96

Топоизомераз деп аталган ДНК энзимдери клетка үчүн ири масштабдагы бул көйгөйдү чечишет. Бир топоизомераз ДНК спиралынын бир катарын бөлүп, ДНКнын жазылышын жана жумшарышын камсыз кылат. Ошентип ашыкча катуу оролуудан келип чыккан басым жумшартылган болот. Бул катар кийинчерээк бириктирилет жана жуп спираль мурдакы абалына кайтат. Бул иштердин баары абдан кылдаттыкты талап кылат. Аллахтын мээрими менен бүт бул системалар бизге сезилбестен, кызматтарын кемчиликсиз аткарышат жана ДНК спиралдарында сакталуу турган генетикалык маалыматты коргошот.

ДНК Менен Энзимдердин Кемчиликсиз Кызматташтыгы

dna enzimleri

1. Topoizomeraz
2. Orijinal DNA Sarmalı
3. Kopya DNA SArmalı
4. Helikaz

5. Polimeraz
6. Ligaz
7. Polimeraz

Бул процесстер адам денесиндеги 100 триллион клетканын ар биринде, күн сайын орточо 20.000 жолу ишке ашууда.97 Ар энзим качан, каерде болушу керек экенин, кайсы этапта кийлигишиши керек экенин билет. Ар энзимдин кезеги белгилүү. Ар бири өз ара эмгек бөлүнүшүнө кемчиликсиз бир координация ичинде моюн сунушат. Бул системада кичинекей бир кемчилик, кечигүү болбойт. Антпесе ДНК ишке жарабас бир молекула жыйындысына айланат жана денеде олуттуу зыяндарга жол ачышы мүмкүн.

dna enzimleri

1. Şeker
2. Fosfat
3. Adenin
4. Guanin
5. Sitozin

6. DNA polimeraz
7. DNA Helikaz
8. DNA Polimeraz
9. Sitozin
10. Timin

DNA'nın hem üretimini sağlayan hem de yapısını denetleyen enzimler, DNA'da kayıtlı olan bilgilere göre, DNA'nın emir ve kontrolünde üretilmiş proteinlerdir. Ortada iç içe geçmiş öyle muhteşem bir sistem vardır ki, böyle bir sistemin kademe kademe tesadüf eseri meydana gelmesi, hiçbir şekilde mümkün değildir. Çünkü enzimin olması için DNA'nın olması, DNA'nın olması için de enzimin olması gerekir.

ДНК энзимдери эволюционисттердин кокустан жана баскыч баскыч пайда болуу пикирлерин толугу менен жок кылган жаратылуу мисалдарынын бири. Себеби ДНК копиялануу үчүн бул энзимдерге муктаж. Бирок бул энзимдерди түзгөн маалыматтар болсо ДНКда сакталган. Ошондуктан энзимдер пайда болушу үчүн ДНК, ДНК өмүрүн улантышы үчүн болсо энзимдер болушу шарт. Алигече бирөөсүнүн да пайда болушун түшүндүрө албаган эволюция теориясы үчүн эки комплекстүү түзүлүштүн бир учурда пайда болуу шарты абдан чоң бир маселе.

Эволюционисттер кабылган мындай чарасыздык эволюционист илимпоз Фред Хойл жана Чандра Викрамасингх тарабынан мындайча моюнга алынат:

... Жашоо кокус бир башталышка ээ эмес. Ааламдагы бардык маймылдарды бир-бирден жазуу машинасына отургузсаңыз жана бул маймылдар туш келди машинанын баскычтарын басышса, бул маймылдардын бирөөсүнүн да Шекспирдин бир эмгегин пайда кылышы такыр мүмкүн эмес. Ал тургай, тажрыйбада туура эмес эксперименттерди салуу үчүн талап кылынган акыр-чикир чакаларынын жетпеши себебинен да бул мүмкүн эмес. Бул жандуу заттарга да тиешелүү. Жашоонун жансыз заттан өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы үчүн 1 санынын жанына 40.000 даана нөл коюңуз. Жашоонун жансыз заттан өзүнөн-өзү пайда болуу ыктымалдыгы мына ушул сандан бирге барабар... Эгер адам социалдык ишенимдеринен улам же «илим эволюцияга ишениши керек» деген тенденциядан улам стереотиптүү абалга келбесе, бул жөнөкөй эсеп Дарвинди жана бүт теорияны көмүү үчүн жетиштүү деңгээлде ыктымалсыз бир сан. Бул планетада да, башкасында да эч кандай баштапкы бир аралашма жок эле жана жашоонун башталышы туш келди болгон эмес, демек белгилүү бир максатты көздөгөн бир акылдын натыйжасы.98

Мынчалык оор иштерди жасаган энзимдер аң-сезими, акылы бар жандыктар эмес. Демек чечим алуу, аларды аткаруу, алдын-ала пландоо, башаламандыктарга тоскоол болуу, кемчиликсиз бир тартип үчүн чара көрүү, каталарды аныктоо, каталарды оңдоо, түзөтүү сыяктуу аң-сезим жана акыл талап кылган кыймыл-аракеттерди бул аң-сезимсиз атом жыйындылары кантип жасашууда? Эволюционисттер артына жашынган «кокустук» түшүнүгү мынчалык комплекстүү бир механизм алдында бүт маанисин жоготот. Ошондуктан сокур кокустуктар жандуулуктун келип чыгышы жөнүндө эч бир илимий жооп боло албайт. Акылы жана абийири бар адамдардын баары сокур жана аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында мынчалык аң-сезимдүү, пландуу процесстердин кезеги менен ишке ашпашын, кемчиликсиз жасала албашын кабыл алат. Куранда Аллахтын бар экенин жокко чыгаргандардын чындыктарга тирешиши мындайча билдирилет:

Алар: «Бизди сыйкырлоо үчүн эмне керемет (аят) алып келсең да, баары бир биз сага ишенбейбиз.» дешти. (Аьраф Сүрөсү, 132)

Бул системанын бүт элементтеринин кемчиликсиз абалда, бир заматта «пайда болгон» болушу зарыл экенин апачык чындык. Бул алар жаратылган деген мааниге келет. Адамдар түшүнө албай, окуп жатканда да оюн жыйнап толук аңдай албаган бул процесстер – Аллахтын каалоосу менен, аң-сезимсиз атомдор дайыма оңой гана жана ийгиликтүү аткарган кызматтар. Аллах Куранда мындайча буюрат:

Себеби Ал алгач жараткан, (кийин тирилтип) кайтаруучу. Ал абдан кечиримдүү, абдан сүйүүчү. Арштын ээси; Мажид (абдан Улуу). Каалаганынын баарын жасап-ишке ашыруучу. (Буруж Сүрөсү, 13-16)

Булактар

88. L. R. Croft, How Life Began, Evangelical Press, İngiltere, 1988, s. 37.

89. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 90.

90. http://users.rcn.com/jkimball.ma.ultranet/BiologyPages/D/DNAReplication.html

91. Lee M. Spetner, Not By Chance, Shattering The Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, ss. 38-39.

92. Gerald L. Schroeder, The Hidden Face of God, The Free Press, New York, 2001, s. 206.

93. http://en.wikipedia.org/wiki/Enzyme

94. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, ss. 40-41.

95. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, s. 42.

96. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, ss. 39-40.

97. http://users.rcn.com/jkimball.ma.ultranet/BiologyPages/D/DNArepair.html

98. Fred Hoyle, Chandra Wickramasinghe, Evolution from Space, Simon & Schuster, New York, 1984, s. 148.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf