Протеиндер – денеде көптөгөн өтө маанилүү кызматка ээ, чоң, комплекстүү молекулалар. Клеткадагы иштердин көпчүлүгүн аткарган протеиндер дене кыртыштарынын жана органдардын пайда болушу жана кызматтарын аткарышы үчүн керектүү. Протеиндер аминокислота деп аталган жүздөгөн, ал тургай, миңдеген кичинекей бөлүктөрдөн турат. Бир протеинди жасоо үчүн колдонулган 20 түр аминокислота бар жана ар протеин үч жүз менен миң арасы аминокислотанын комбинациясынан пайда болот.73 Аминокислоталардын тизилиши протеиндердин өзүнө тиешелүү үч өлчөмдүү формасын жана өзүнө тиешелүү кызматтарын аныктайт. Ошентип ар орган атайын ал үчүн өндүрүлгөн бул протеиндерди колдонот жана адамдын өмүрүн улантышын камсыз кылган системаларды иштетет.
Адам денесинде ар бири өз алдынча маанилүү болжол менен 200.000 түрдүү протеин кездешет. Протеиндерди түзгөн жыйырма аминокислота эгер туш келди чогулган болгондо, эч бир ишке жарабаган сансыз түрдөгү аминокислота тизмектери келип чыкмак. Бирок бул абдан өзгөчө тизилиштер адамдын жашоо функциялары үчүн керектүү протеиндердин пайда болушун камсыз кылат. Протеиндер өзүнүн өзгөчө тизилишине жараша, клетканын ар кайсы бөлүмдөрүндө курулуш материалы болушат жана ар кандай кызматтарды аткарышат. Мисалы, протеиндер биригип денедеги иш-аракеттерди ылдамдатуучу энзимдерди, оорулар менен согушкан антителолорду, органдардын иштешин жөнгө салуучу гормондорду пайда кылышат. Булардын ар бири дене үчүн өзгөчө жана сөзсүз керектүү бир мааниге ээ.
Тамак-аш аркылуу алынган протеиндер адам денесинде ошол түзүлүшү менен ишке жарабайт. Алгач клеткадагы атайын лабораторияларга алынып, ал жерде кичинекей молекулалар болгон аминокислоталарга бөлүштүрүлөт. Андан соң бул аминокислоталар клетка ДНКсында коддору турган 200.000дей протеин түрүнөн ошол учурда керектүү болгондорун түзүү үчүн жаңы тизилиштер менен бириктирилишет. Ар бир баскычы өзүнчө бир керемет болгон бул өндүрүш механизми «протеин синтези» деп аталат.
A. Gen | 1. RNA polimeraz | 4. Kromozom |
Protein sentezinin oluşabilmesi için, hücre içindeki tüm sistemlerin birlikte var olması gerekir. Bu sistemin parçalarından biri dahi eksik olduğunda, protein üretilemez ve dolayısıyla yaşam sürdürülemez. Bu durum, evrimcilerin tesadüf iddialarını çürüten delillerden sadece bir tanesidir. |
Протеиндердин синтези клеткалардын негизги кызматы. Себеби клетка ичинде дээрлик бүт ишти протеиндер жасайт. Адам денесиндеги он миңдеген түрдүү протеин керек болгондо оңдолот; эскиргенде болсо жаңылары менен алмаштырылат. Жаңы бир протеинди өндүрүү үчүн генетикалык маалыматта жайгашкан рецепттерге каралат жана керек болгон протеин ошого жараша өндүрүлөт. Протеиндердин өндүрүш планы ДНКдагы коддолгон буйруктарда майда-баратына чейин турат. Молекулярдык биолог Майкл Дентон ДНКдагы протеин өндүрүү планы жөнүндө мындай дейт:
ДНК жашоонун маалымат банкы жана бүт биологиялык маалыматтардын сакталчу борбору болсо, протеиндер жашоонун жандуу актерлору. Бул ааламдык куруучу машиналар же нано-башкаруучулар бир өлчөмдүү ДНК түшүн клетканын жандуу жана үч өлчөмдүү реалдуулугуна айлантышат. Протеиндер ДНКдагы буйруктарды окушуп, атомдор менен молекулаларды триллиондогон теңдешсиз, белгилүү тартиптерге кириши үчүн багытташат; клетканын өзүн жуптоо жана өзүн тартипке салуу кереметтерин ишке ашырышын камсыз кылышат.74
Адам күнүмдүк жашоосун улантып жатканда, денесиндеги 100 триллион клетканын дээрлик баарында, дайыма бул комплекстүү процесстер ишке ашат. Денедеги көбөйүү жана кан клеткаларынан тышкары, бүт клеткалар ар секунда сайын болжол менен эки миң протеин өндүрүп турушат. Өспүрүм бир адамдын денесинде болжол менен 100 триллион клетка күндүн ар саатында болжол менен 150.000.000.000.000.000.000 (150 квинтильон) даана аминокислотаны кемчиликсиз уюштуруп, протеин тизмектерин пайда кылат.75 Бул күн сайын, мүнөт сайын, секунда сайын ишке ашат. Проф. Жеральд Л. Шредер клетка ичиндеги бул көрүнүштү мындайча сүрөттөйт:
Клеткаларыбыз кыймылдуулук эч азайбаган бир шедеврлер. Жети күн, жыйырма төрт саат, ар секунда өндүрүлгөн эки миң протеин керек болгон жерлерге, так талап кылынгандай таркатылат. Бул жерде түн уйкуга кетүү деген нерсе жок.76
Жандыктардын жашоосу үчүн өтө маанилүү болгон протеиндердин клетка ичинде өндүрүлүшү үчүн дүйнөдөгү эч бир мисал менен салыштырылгыс комплекстүү жана тартиптүү, кемчиликсиз бир система бар. Бул комплекстүү өндүрүш заводунда бир дагы ката кетирилбейт. Кандайдыр бир баскычта келип чыккан кемчилик ошол замат коопсуздукту көзөмөлдөө системасы тарабынан оңдолот. Ошентип жандыктын жашоосун улантышын камсыздай турган протеиндер эч катасыз, кечикпестен, керектүү жерде жана формада өндүрүлүшөт.
Протеин өндүрүшүнүн дагы бир кереметтүү өзгөчөлүгү – бул абдан чоң ылдамдыкта ишке ашышы. Мисалы, 100 аминокислотадан турган бир протеин молекуласы E. co¬li бактериясынын клеткасы тарабынан 5 секундада синтезделет.77 Бул ушунчалык чоң ылдамдык болгондуктан, мындай ылдамдыкта бүт өндүрүш процессин кемчиликсиз толуктай алган бир завод жер бетинде жок. Бул ылдамдык жандыктар үчүн абдан маанилүү, себеби клеткаларда өмүр уланышы үчүн дайыма көптөгөн протеинге муктаждык бар. Молекулярдык биолог Дэвид С. Гудсел The Mac¬hi¬nery of Li¬fe (Жашоонун механизми) аттуу китебинде протеин синтезинин жандуулар үчүн мааниси жөнүндө мындай дейт:
Жашоону мүмкүн кылган эң негизги молекулярдык процесс – бул протеин синтези, себеби жашоонун дээрлик бүт тарабында протеиндер колдонулат. Протеин синтези бир-бири менен тыгыз байланыштуу реакцияларды камтыйт жана булардын көпчүлүгү кайра эле протеиндер тарабынан ишке ашырылат. Бул болсо биохимия жооп бере албаган табышмактардын бирин көрсөтөт. Кайсынысы биринчи болгон, протеиндерби, протеин синтезиби? Эгер протеиндерди өндүрүү үчүн кайра эле протеиндер керек болсо, бүт баары кантип башталган?78
Эволюционисттер үчүн бул суроого жооп берүү мүмкүн эмес. Себеби дарвинисттик стереотиптер алардын бул жердеги ачык чындыкты көрүшүнө, т.а. чынчылдык менен айтышына тоскоол болууда. Чынында болсо жаратылуу (Жаратуучунун бар экени) анык чындык: протеиндерди да, клетка ичинде чоң ылдамдык менен ишке ашкан протеин синтезин да бир учурда жараткан – бул Улуу Аллах. Раббибиз ар бир клеткабыздагы ДНКда коддолгон маалыматтарды себепчи кылуу менен протеин синтези сыяктуу өтө маанилүү процесстин катасыз улантылышына мүмкүндүк берген.
Протеин өндүрүшү учурунда көп протеин бир учурда кызмат кылат. Клеткалардын ичинде протеин өндүрүү үчүн керек болгон бүт бөлүктөр кемчиликсиз абалда чогуу иштешет. 80ден ашуун рибосома протеини, 20дан ашуун аминокислота кабарчысы болгон молекула, бир дюжинадан ашуун жардамчы энзим, 100дөн ашуун акыркы процесстерди ишке ашырган энзимдер, 40тан ашуун РНК молекуласы болуп болжол менен 300 макромолекула координациялуу абалда протеин синтезинде кызмат кылат.79 Чоң бир инженер тобу да кыйынчылык менен координация кыла алган бул кемчиликсиз өндүрүш системасы миллиметрдин миңден бириндей кичинекей бир жерде, мындан бир топ кичинекей жүздөгөн молекуланын көп аракети менен, жашоонун уланышын камсыз кылат. Бул өндүрүштө кызмат кылган молекулалардын бир даанасы эле болбосо, бүт өндүрүш чынжыры токтоп калат. Мынчалык пландуу жана коллективдик аң-сезим менен иштеген бир система бүт жандыктарды толук башкарып турган Аллахтын жаратуусу менен гана мүмкүн.
Протеин синтезинин кантип ишке ашаарына Протеин керемети (Protein Mucizesi) аттуу китебибизде терең орун берилген (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Harun Yahya, Protein Mucizesi, Araştırma Yayıncılık). Ушул себептен бул бөлүмдө бул өндүрүштүн негизгилерине гана токтолуу менен ДНКдагы маалыматтан кантип пайдаланылаарын карайбыз.
1. Taşıyıcı RNA (tRNA) Bir amino aside bağlanmış 2. Mesajcı RNA (mRNA) 3. Çekirdek Kopyalanmanın meydana geldiği yer | A)Ribozom mRNA şeridi üzerinde her hareket ettiğinde, yeni bir amino asit protein zincirine eklenir. Bir protein binlerce amino asit içerebilir. B) Genler hücre çekirdeğinde özel olarak korunur. Hücre çekirdeği dışına, sadece mRNA biçiminde kopyalar gönderilir. C) Her amino asit, kodon denilen üç bazın dizilimi ile kodlanmıştır. Resimde glisin amino asidi görülmektedir. |
Proteinlerin sentezlenmesi hücrelerin ana işidir. Çünkü hücre içinde neredeyse her işi proteinler yapar. Örneğin proteinler biraraya gelerek vücuttaki faaliyetleri hızlandıran enzimleri, hastalıklarla savaşan antikorları, organların çalışmasını düzenleyen hormonları oluştururlar. Bunların her birinin vücut için ayrı ve vazgeçilmez bir önemi vardır. İnsan vücudundaki on binlerce farklı protein, DNA'da yer alan tariflere göre üretilir. DNA'nın yalnız protein yapısındaki birtakım enzimlerin yardımı ile kopyalanabilmesi ve bu enzimlerin üretiminin de, ancak DNA'daki bilgiler doğrultusunda gerçekleşmesi, protein ve DNA'nın birbirine bağımlı olduklarını gösterir. Dolayısıyla DNA'nın kopyalanabilmesi için, en baştan hem proteinin hem de DNA'nın aynı anda var olmaları gerekir. Bu gerçek, canlılığın bir anda yaratıldığının açık bir ispatıdır. Proteinleri de, DNA'yı da aynı anda yaratan Yüce Allah'tır. |
Протеин өндүрүшү (протеин синтези) ДНКдагы генетикалык маалыматтын РНКга, ал жерден протеинге берилишин камсыз кылган «транскрипция» (РНК синтези) жана «трансляция» (полипептид синтези) деп аталган эки баскычта ишке ашат.
Биринчи кадам болгон транскрипция клетка ядросунда башталат жана жуп спиралдуу ДНКдагы генетикалык маалыматтын бир спиралдуу РНК молекуласы аркылуу ташылышы маанисине келет.
Протеин синтезиндеги экинчи кадам болгон трансляция болсо клетканын цитоплазмасында (клетканын ядро сыртындагы бөлүгү) ишке ашат жана РНКдагы генетикалык маалыматтын протеинге берилүү кубулушу.
Эми бул баскычтарды үстүртөн чогуу карайлы:
1- Çekirdek, |
DNA ve RNA moleküllerinin hücre içindeki görevleri birbirinden farklıdır. Her ikisi de vazgeçilmez öneme sahiptir. DNA bilgi saklamak için, RNA ise kopyalama, taşıma ve üretim aşamaları için en ideal yapıdadır. |
Нуклеиндик кислоталар клеткаларда эки түрдө болушат: ДНК (дезоксирибонуклеиндик кислота) жана РНК (рибонуклеиндик кислота) абалында. ДНК менен РНК клеткаларда башка башка кызматтарды аткарышат. РНК менен ДНК молекулалары арасындагы айырмалар жалпысынан төмөнкүлөр:
Түзүлүшүндөгү шекер айырмалуу:
РНК молекуласынын омурткасы ДНКдагы дезоксирибоздун ордуна, рибоз шекерине ээ.
Түзүлүшүндөгү база айырмалуу:
ДНКдагы тимин (Т) базасы ордуна, РНКда урацил (U) бар.
РНК кыскараак жана бир спиралдуу:
РНК ДНКга түзүлүшү жагынан окшоп кеткен бир полимер (көп сандагы молекула химиялык байланыштар менен тартиптүү туташып, пайда кылган кошулмалар) жана ДНК сыяктуу ал да маалымат алып жүрөт. Бирок РНК ДНКдан айырмаланып бир спиралдуу.
ДНК бекемирээк бир молекула:
РНК ар шекер молекуласында ашыкча бир кычкылтек атомуна ээ жана ар тимин базасында бир көмүртек атому кем. ДНКнын шекер молекулаларында кычкылтектин болбошу, б.а. ДНКнын дезоксирибоз шекер түзүлүшүнө ээ болушу аны РНКдан бекемирээк бир молекула кылат. Ошондуктан ДНК маалымат кампаланышы үчүн эң идеалдуу молекула жана клеткада узун мөөнөттө генетикалык маалыматты кампалоо үчүн абдан ылайыктуу. Чынында эле клетка ичинде жандыктын жашоосу жана бүт урпактардын уланышы үчүн маалыматтарды сактоо максатында ДНК жооптуу. Андан «жумшагыраак» болгон РНК болсо убактылуу ролдорду аткарат жана кыска мөөнөттүү маалыматтардын алып жүрүлүшүндө кызмат кылат.80
РНК батыраак реакцияга кирет:
Мындан тышкары, РНК ашыкча бир гидроксил (OH) тобуна ээ болгондуктан, ДНКдан оңойураак реакцияга кире алат жана ушул себептен жумшагыраак. Бул болсо генетикалык маалыматты сактоо үчүн РНКнын ДНКдай ылайыктуу эмес экенин көрсөтүүдө. Бир спиралдуу РНК молекуласынын комплекстүү 3 өлчөмдүү түзүлүшкө ыңгайлашы алышы урматында бекем жана жуп спиралдуу ДНК спиралы тарабынан ишке ашырыла албаган каталитикалык иштерди РНК ордуна жасай алат. (Каталитикалык таасир: бир заттын химиялык бир реакцияда, эч өзгөрүүсүз, реакциянын болушун же ылдамдыгынын өзгөрүшүн камсыз кылган таасири.) Мындай каталитикалык жөндөмдөрү урматында РНК молекулалары таң калыштуу химиялык түзүлүштөрүн өзгөртө алышат. Мисалы, клетка ядросундагы процесстер учурунда ДНК тизмегинин чоң бир копиясынан өздөрүн бир топ кичинекей кабарчы РНК тизмегине айлантышат. Кабарчы РНК болсо кийинчерээк рибосома тарабынан протеиндин аминокислота тизмегине айлантылат.81
ДНКдагы маалыматка жетүү оңой болот:
РНК молекуласы ДНК сыяктуу жуп спиралдуу түзүлүштө болгондо, РНКда бүгүлүүлөр болмок эмес, бул болсо протеиндер тарабынан таанылышына тоскоол болмок. Ошол эле учурда жуп спирал абалындагы бир РНК терең бир оюкка ээ болгондуктан, протеиндердин ага жетиши, ошондуктан коддуу маалыматтардын окулушу ДНКдан оорураак болмок.82 Б.а. протеиндер жуп спираль абалындагы РНКда база тизмектерин ДНКдагы сыяктуу оңой тааный албайт. Ошондуктан, генетикалык маалыматты сактоо үчүн ДНК бир тараптан бекемирээк, экинчи тараптан жетүү оңойураак болгондуктан РНКдан бир топ ыңгайлуураак.83
ДНК менен РНК өз кызматтары үчүн эң идеалдуу молекулалар:
РНК ядронун ичиндеги ДНКдан алган генетикалык маалыматты цитоплазмага (клетканын ядронун сыртындагы бөлүгү) алып барат, ал жерде кабар которулат. Бул эки молекула арасындагы айырмалар кызматтарын аткарышы үчүн бир шарт. ДНК клетка ичинде туруктуу жана жетүү оңой сыпаттарга ээ, тең салмактуу бир маалымат сактоо борбору. РНК болсо генетикалык маалыматтын которулушун камсыз кылуучу, өзгөрмө бир ташуучу. Молекулярдык биолог Майкл Дентон Na¬tu¬re's Des¬tiny (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде бул өзгөчөлүктөрдүн маанисине мындайча көңүл бурат:
... бүт далилдер буларда [ДНК менен РНКда] кандайдыр бир өзгөрүүнүн зыяндуу таасирлерге жол ачаарын жана белгилүү болгон башка эч бир полимердин ДНК менен РНК молекулаларынын химиялык жана физикалык касиеттерине ээ эмес экенин көрсөтүүдө.84
RNA Çeşitleri |
RNA (Ribonükleik asit), nükleotidlerin art arda yerleşmesiyle birleşmiş tek diziden oluşan yüksek kaliteli bir moleküldür. Hücrelerde DNA ile birlikte çalışarak protein sentezlenmesinde rol alır. Hücrede farklı görevlerde kullanılan RNA molekülleri vardır. 1) Mesajcı RNA (mRNA): Mesajcı RNA (mRNA), DNA üzerindeki şifreli genetik bilgiyi, protein sentezi mekanizmasına taşıyan aracı moleküldür. |
Мындан тышкары, бир спираль абалындагы РНК ДНК жуп спиралынан бир топ ийкемдүү. Көрүнүп тургандай, ДНК менен РНК молекулалары экөө тең өз функцияларын аткарышы үчүн атайын жаратылышкан. Алардын түзүлүшүндөгү болор болбостой көрүнгөн айырмалардын баары алардын кызматы үчүн абдан маанилүү жана бул детальдардын баары комплекстүү бир тартиптин бөлүгүн түзөт. Проф. Жеральд Л. Шредер ДНК-РНК механизминдеги комплекстүүлүк жөнүндө мындай дейт:
Жалгыз бир негизги клетка түзүлүшү, жалгыз бир негизги энергия булагы, жалгыз бир органелл жыйындысы бүт жандыктарда орток. Жана бул биримдикти жөнгө салган жалгыз бир система бар; жансыз иштетилбеген материалдарды алып, аларды жашаган, ойлонгон, тандай алган жандыктарга айланта турган абалда уюштурган ДНК-РНК командасы. Бул ортоктуктун адамдын кыял күчүн кыйнай турган даражада комплекстүү бир түзүлүшү бар.85
1- Amino asit, | 3- rRNA, |
Адамдын бул системага эч бир таасири жок. Адам али жалгыз бир клетка кезинде Улуу Раббибиз бул системаны көзгө көрүнбөгөн бир чоңдукта адамдын клеткаларына жайгаштырган. Аллахтын мээрими менен курчалган адам бүт нерседе, дайыма Ага муктаж абалда жашап жатат:
Айткын: Ал Аллах жалгыз. Аллах Самад (бүт нерсе Ага муктаж, Ал түбөлүктүү, эч нерсеге муктаждыгы жок). Ал төрөгөн эмес жана төрөлгөн эмес. Жана эч нерсе Ага тең эмес. (Ихлас Сүрөсү, 1-4)
Enzimler, ihtiyaç duyulan proteinlerin üretilmesi için, gerekli bilgiyi DNA'nın uzun zinciri üzerinde "bulur" ve sonra da bunu "okuyabilmek" için sarmal merdiven şeklindeki DNA'yı açıp ikiye ayırırlar. DNA'nın gerekli bölgesindeki bilginin bir kopyasını çıkarır, bu sırada gerekli olmayan kısımları atlayabilmek için DNA'yı bükerler. Tüm bu okuma bittiğinde ise, DNA'yı yeniden kapatıp eski haline getirirler. Tüm bu olağanüstü işlemleri, saniyenin binde biri gibi şaşırtıcı bir hızla yaparlar.1 Vücudunuzdaki her hücrede saniyede ortalama iki bin yeni protein üretildiğini düşünecek olursanız, enzimlerin ne kadar mucizevi özelliklere sahip oldukları daha iyi anlaşılacaktır. (1- Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 68. | |
1. Çekirdek | 6. Adenin |
Денеде кандайдыр бир протеинге муктаждык пайда болгондо, бул муктаждыкты көрсөткөн бир кабар өндүрүштү ишке ашыра турган клетканын ДНКсына алып барылат. Бул жерде көңүл буруу керек болгон абдан маанилүү бир жагдай бар: денеде кандайдыр бир протеинге муктаждык болгондо, кайра эле протеин болгон кээ бир кабарчылар каерге кайрылаарын билишип, муктаждык кабарын туура жерге, туура абалда жеткиришүүдө. Бул байланышты камсыз кылган протеин ал үчүн караңгы бир аалам болгон дененин ичинде жоголбостон жолун таап, ташып бараткан кабарды жоготпостон же кандайдыр бир бөлүгүнө зыян тийгизбестен ал жерге жеткирүүдө. Б.а. ар бөлүктө абдан чоң бир жоопкерчилик менен мамиле кылуу көрүнүп турат.
Клетка ядросуна келген кабар бир катар комплекстүү жана абдан уюшулган процесстен соң протеинге айланат. Протеин талабынын денедеги 100 триллион клеткадан түз клеткаларга жетиши, кабарды алган клетканын андан эмне талап кылынганын түшүнүп ылдам ишке киришиши жана кемчиликсиз бир натыйжа алышы илимпоздорду таң калтырган окуялар.
ДНК молекуласындагы генетикалык код ушундай жазылган; анын мазмунун, эмне мааниге келгенин жана өмүр бою адам денесине кандай таасир берээрин клетка өзү гана «биле алат». Бирок бул клеткалар аң-сезимсиз жана жансыз атомдордон турган жыйындылар. Жерде жана асманда бүт нерсени башкарып турган Улуу Раббибиздин багытташы менен адамдар жасай албаган процесстерди кемчиликсиз ишке ашырышат. Куранда Аллах мындайча буюрууда:
Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо). (Худ Сүрөсү, 56)
Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)
Протеин молекулалары бир үйдүн кирпич үстүнө кирпич коюлуп курулушу сыяктуу «блоктор абалында» өндүрүлөт. Ар түрдөгү протеин белгилүү бир калыпка жараша өндүрүлөт. Ар протеиндин өзүнө тиешелүү аминокислота тизмеги ДНКда жазылган маалыматтар тарабынан аныкталат. ДНК молекуласындагы генетикалык коддун чечмелениши жана жазылган маалыматтардан протеин өндүрүлүшү негизинен эки баскычта ишке ашат:
A. ÇEKİRDEK | C. SİTOPLAZMA |
1. DNA zinciri üzerinden mRNA oluşturulur. Bir proteini oluşturmak için 20 çeşit amino asit kullanılır. Her protein, 300-1.000 amino asitin kombinasyonundan meydana gelir. Yeni bir proteinin üretimi, genetik bilgide yer alan tarifler doğrultusunda gerçekleşir. |
Протеин өндүрүшүндө алгачкы баскыч – бул РНК синтези. Бул процесс ДНК спиралынын ачылышы менен башталат. ДНК молекуласындагы аденин, гуанин, цитозин жана тимин базалары маңдай-маңдайга келип кол кармашканда эки омуртканы бириктирип, спираль түзүлүштү пайда кылышкан. Транскрипция баскычында болсо бул базалар колдорун койо беришет жана ДНК молекуласынын жуп чынжырлуу түзүлүшү бир «сыдырма» сыяктуу ачылып баштайт.
ДНК ажырап баштаган сайын «РНК полимераз» деп аталган атайын бир протеин ДНК бетинде кыдырып аны окуп баштайт. Бул окуу учурунда ДНКдагы базаларга туура келген башка базалар бир-бирине кошулуп жаңы бир РНК өндүрүлөт. Өндүрүлгөн бул РНК – кабарчы РНК (mRNA). Кабарчы РНКнын ДНКдан айырмасы – аденин базасынын тушуна тиминдин ордуна «U» тамгасы менен көрсөтүлгөн «урацил» базасынын келиши. Мындан тышкары, бул базалар үчтүк топтор катары тизилишкен.
Өндүрүшү толукталган кабарчы РНК андан соң ДНКдан үстүнөн бөлүнүп бир катар процесс менен ар кандай оңдоолорго алынат. Бир скульптордун жасаган эстелигин эң майда-баратына чейин жонуп оңдошу сыяктуу, клетка да өндүрүлгөн «келбетсиз» РНКны оңдоо үчүн бир катар энзимди ишке салат.
Оңдоо иштери бүткөн кабарчы РНК андан соң ядродон чыгып «рибосома» деп аталган жана энергия өндүрүү станциясы болгон бир органеллге келип ага туташат. Кабарчы РНК молекуласынын бир өзгөчөлүгү – тизилген базалардын үчтүк топтор абалында бөлүнгөн болушу. Түзүлгөн бул үчтүк топтор «кодон» деп аталат. Ушундайча өндүрүлгөн кабарчы РНК рибосомага туташкан соң үчтүк топтор окулуп башталат.
Ташуучу РНК (tRNA) деп аталган дагы бир РНК түрү бар. Булардын протеин синтези учурундагы кызматы жаңы протеиндерди түзө турган аминокислоталарды ташуу. Ташуучу РНК кабарчы РНК же ДНК сыяктуу узун эмес; бетинде болгону 15-20 база катары бар. Башка бир өзгөчөлүгү болсо – бир-бири артынан катарга тизилген базалардын айлана түзө турган абалда туташышы. Ташуучу РНК катмарынын бетинде эки негизги аймак бар. Бул аймактардын биринчиси – ташый турган аминокислотанын таанылышын камсыз кылган аймак. Экинчи аймак болсо – ташуучу РНК кабарчы РНКга туташа турган, 3 даана база катарынан турган аймак. Бул аймак «антикодон» деп аталат.
1. DNA Sarmalı | 7. Kodon 2 | 13. Lösin |
Her farklı protein, belirli bir şablona göre üretilir. Her bir proteinin kendisine has amino asit dizilimi, DNA'da kayıtlı bilgiler tarafından belirlenir. Protein sentezi, DNA molekülündeki genetik şifrenin çözülmesi (translasyon) ve kayıtlı bilgilerden protein üretilmesi (transkripsiyon) olarak başlıca iki aşamada gerçekleşir. İnsanın ise bu sistem üzerinde hiçbir etkisi yoktur. Yüce Rabbimiz'in dilemesiyle, şuursuz atomlar kusursuz bir iş birliği ile hayati görevler yerine getirirler. |
Ташуучу РНК бетиндеги «антикодон» рибосома карманган кабарчы РНК бетиндеги «кодон» деп аталган 3түк топторго туташат. Ташуучу РНКлардын антикодондору кабарчы РНК бетиндеги кодондорго катары менен туташып жатып өздөрү менен бирге аминокислоталарды да алып келишкен болот. Ташуучу РНКлар катары менен кодондорго туташкан сайын алардын жонундагы аминокислоталар да бир-бирине туташып башташат. Жүздөгөн, миңдеген ташуучу РНК тизилгенде, жондорундагы аминокислоталар да тизилген болот. Тизилген ушул аминокислоталар бир-бири менен туташып, протеинди синтездеп башташат. Мына ушул кезде жумушу бүткөн ташуучу РНК жүгү жок абалда кабарчы РНКдан байланышын үзөт жана рибосомадан бөлүнөт (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Ha¬run Yah¬ya, Pro¬te¬in Mu¬ci¬ze¬si, Araş¬tır¬ma Ya¬yın¬cı-lık).
Mesajdaki Bilgilere Göre Protein Üretimi, Yaratılışın Delillerindendir | ||
1. Büyük Alt-Birim | 8. Ikinci Kodon | 15. Ayrılan Protein |
A) mRNA, ribozomun önce küçük, sonra büyük alt birimiyle iş birliği yapar.Bunun ardından ribozomun birimleri birbirlerine eklenir. B) Belirli bir tRNA, belirli bir amino asidi taşır. C) tRNA anti-kodonu, mRNA kodonuna bağlanır. D) Bir sonraki tRNA, taşıdığı amino asitle birlikte mRNA üzerinde konum almak üzere ilerler. E) Amino asitler peptid bağıyla bağlanırlar ve ilk tRNA ayrılır. F) tRNA'lar tarafından daha fazla amino asit taşındıkça, aşamalı olarak protein de uzar. G) Dur kodonu, protein sentezini durdurur ve protein bırakılır. H) Protein sentezinin ardından, ribozom birimleri ayrılır. I) Ribozomun, mRNA boyunca hareketinin özeti. | ||
Minyatür Boyutlardaki Dev Tesis | ||
Hücre içinde 200.000 çeşit protein üretebilecek donanım ve yapım planı mevcuttur. Üretilen proteinlerin aralarındaki işlevsel farklar ise, en az uçakla televizyonun arasındaki fark kadar büyüktür. Bu bakımdan hücrede gerçekleşen bu üretim çeşitliliğinin, en gelişmiş teknolojik ortamlarda bile benzeri yoktur. * Üretim emri veriliyor * Üretim için proje detayları alınıyor *Proje detayları kopyalanıyor *Ham maddeler üretim merkezine ulaştırılıyor *Proje detayları tercüme ediliyor * Üretim tamamlanıyor * Kalite kontrol * Ürün teslimatı yapılıyor Burada birkaç cümlede en genel hatlarıyla özetlediğimiz bu olay, gerçekte çok daha kompleks ara işlemler sonucunda gerçekleşir. Ayrıntılara inildikçe görülen mucizevi işlemler, aklın kavrama sınırlarının çok ötesindedir. Gözle görülemeyen, şuursuz moleküllerden oluşan hücre, nasıl olur da üretim ihtiyacı duyabilir? İhtiyaca göre üretim kararı nasıl alabilir? Karbon, hidrojen, oksijen, azot atomlarından oluşmuş moleküller nasıl öngörü sahibi olup tedbir alabilir? Elbette bu yeteneklerin sahibi şuursuz moleküller değildir, bu kararları hücreye yaptıran ve hücreyi bu karar doğrultusunda çalıştıran Yüce bir Güç vardır. Bu kusursuz sistemleri yaratan, her detayı olması gereken yere yerleştiren ve tüm bunların birbiriyle uyum içinde işlemesini sağlayan, tüm canlıların Yaratıcısı olan sonsuz ilim sahibi Allah'tır. |
Өндүрүш учурунда бир даана аминокислотанын туура эмес бир жерге уланышы протеинди ишке жарабас бир молекулага айлантууга жетиштүү. Бирок бул процесс бүт жандык клеткаларында кемчиликсиз иштейт. Ташуу кызматын аткарган ар ташуучу РНК алып келген ар бир аминокислотаны өндүрүш буйругунда көрсөтүлгөн жерге алпарат жана өндүрүш процессинин бузулбашын камсыздайт. Молекулярдык биолог Майкл Дентон бул жердеге кереметтүү тартипке мындайча көңүл бурат:
Эгер геном бетинде белгилүү аймактарды ишараттоо үчүн колдонулган максат тизмектер эч күмөн жаратпай турган абалда окшош эмес болбогондо, албетте хаос болмок. Геном ар кайсы тартмасында бир эле этикеткалар орун алган бир документ шкафына окшоп калмак.86
Аң-сезимсиз молекулаларда кездешкен бул кемчиликсиз дисциплина түшүнүгү, аң-сезим жана жоопкерчилик талап кылган кыймыл-аракеттер алардын жогорку акыл жана күч-кудурет ээси Аллахка моюн сунгандыгынын жана Анын башкаруусунда кыймыл-аракет жасагандыгынын бир көрсөткүчү. Куранда мындайча билдирилүүдө:
Айткын: Адамдардын Раббисинен коргоо тилеймин. Адамдардын Малигинен (Падышасынан), Адамдардын (чыныгы) Кудайынан. (Нас Сүрөсү, 1-3)
Ansiklopedinin Arasından Bir Kaç Satır Bilgiyi Bulup Çıkaran Enzim: | |
1.RNA molekülünü yapan protein: RNA polimeraz 2. Kopyalama ifllemi için gerekli di¤er kompleks proteinler | 3. Kopyalama işlemi için DNA şeritleri ayrılıyor. 4. RNA polimeraz, DNA boyunca hareket ediyor. |
Bir hücrede, belli bir proteinin üretilmesi gerektiğinde, RNA polimeraz isimli bir enzim, hücrenin bilgi bankası olan DNA'ya gider ve DNA'dan üretilecek proteinle ilgili bilgileri bularak kendisine bir kopyasını alır. Herşeyden önce, 3 milyar harften oluşan DNA molekülünün içinden, üretilecek proteinle ilgili gerekli harfleri seçip alması gerekmektedir. Polimeraz enziminin 3 milyar harften oluşan DNA molekülünün içinden, birkaç satırlık bir bilgiyi bulup çıkarması, 1.000 ciltlik bir ansiklopedinin herhangi bir sayfasına saklanmış, birkaç satırlık özel bir yazıyı hiçbir tarif olmadan o anda bulmaya benzer. Ancak bazen tek bir proteinle ilgili bilgiler, DNA'nın farklı bölgelerinde dağınık olarak bulunur. Bu nedenle, RNA polimeraz enzimi bilginin başladığı yerden bittiği yere kadar olan bölümün tamamını kopyaladığında, arada işine yaramayan yerleri de kopyalamış olur. Aralarda gereksiz bilgilerin bulunması ise, farklı ve işe yaramaz bir proteinin üretilmesine neden olacaktır. İşte bu aşamada "spliceosome" isimli enzimler yardıma gelirler ve büyük bir ustalıkla yüzbinlerce bilginin içinden gereksiz olanları kesip çıkartarak, kalan parçaları birbirlerine eklerler. RNA'nın kesilmesi işleminde, birkaç atomun birleşmesiyle meydana gelen moleküller, çok mucizevi bir davranış göstermektedirler. Adeta bir redaktör gibi çalışarak, yazıdaki eksikleri, hataları düzeltmektedirler. Bu atomlar, RNA polimeraz'ın hangi proteini üretmeye çalıştığını bilmekte, bu proteinin meydana gelmesi için gerekli ve gereksiz olan bilgiyi birbirinden ayırt edebilmekte, üstelik yüz binlerce bilgi arasında hiç hata yapmadan bu işi gerçekleştirebilmektedirler. Ayrıca, kendilerine her ihtiyaç olduğunda bunu hemen anlayarak hiç gecikmeden olay yerine gelip, görevlerine başlamaktadırlar. İnsan DNA'sında yer alan bilgilerin okunması için dünya çapında yürütülen İnsan Genomu Projesi (Human Genom Project) dahilinde, dünyanın önde gelen yüzlerce bilim adamı, en gelişmiş ve en yüksek teknoloji ile donatılmış laboratuvarlarda, 10 yılı aşkın süredir yoğun şekilde çalışarak DNA'daki bilgiyi okuyabilmiştir. Üstelik hangi harflerin hangi proteinin yapımı için kullanıldığını henüz belirleyememişlerdir. Buna karşın, vücudumuzda 100 trilyon hücrenin içinde, her an trilyonlarca RNA polimeraz enzimi, DNA'daki bilgiyi baştan sona okumakta ve üstelik kendisinden istenen bilgiyi eksiksiz, hatasız ve kusursuz bir şekilde çıkartıp verebilmektedir. Elbette bu olağanüstü olay, RNA polimeraz enzimini yaratanın ve ona bu yeteneği verenin herşeyin Yaratıcısı olan Yüce Allah olduğunun apaçık delilidir. |
Протеин синтезинин баскычтарын караганыбызда көңүл бурган жагдайлардын бири – бул бир даана протеин молекуласын өндүрүү үчүн жүздөгөн түрдүү протеин менен энзимге муктаждык болушу. Мындан тышкары көптөгөн молекула менен ион (электрдик заряддуу атом) да болушу керек. Андай болсо, алгачкы протеин кантип пайда болгон? Мына ушул суроо – эволюционисттерди жарга такаган эң негизги жагдайлардын бири. Эволюционист биолог Carly P. Has¬kings Ame¬ri¬can Sci¬en¬tist журналында жарык көргөн бир макаласында эволюциянын бул туюгун мындайча баяндайт:
... Бирок биохимиялык генетика урматында эволюция жөнүндөгү көптөгөн маанилүү суроого дагы эле жооп бериле элек... Бүт жандыктарда ДНК жупташуусу да, алардагы коддордун протеиндерге айлантылышы да абдан спецификалык жана ылайыктуу энзимдер урматында болууда. Ошол эле учурда бул энзим молекулаларынын түзүлүшү да түздөн-түз ДНК тарабынан аныкталат. Мына ушул чындык эволюцияда абдан сырдуу бир көйгөйдү жаратууда. Эволюция учурунда коддун өзү жана бул коддун ичинен протеиндердин синтезинде керек болгон башка энзимдер чогуу пайда болду бекен? Бул кошулмалардын кереметтүү татаалдыгы менен синтезделиши үчүн өз ара эч кемчиликсиз бир координациянын болушу талабын эске алганда, мындай убакыт дал келишинен сөз кылуу абдан тантык сөз болууда. Бул суроого Дарвиндин көз-караштарынан тышкары жооп издешибиз керек. Себеби бул абал атайын (пландуу) жаратууну жактаган абдан күчтүү бир далилди пайда кылууда.87
A. BAŞLA Emri B. DUR Emri 1- Protein üretimi başlıyor, | 2- Mesajcı RNA (mRNA), |
Protein molekülleri bir evin tuğla üstüne tuğla konularak inşa edilmesi gibi "bloklar halinde" üretilir. Akıl, şuur sahibi olmayan bir maddenin, bir başka şeyi denetleme, kontrol etme, işlere müdahelede bulunma gibi yetkilere sahip olamayacağı çok açıktır. Şuursuz atomları, olağanüstü bir düzen içerisinde görevlendiren ve bunları emrimize veren Yüce Rabbimiz Allah'tır. |
Бул илимпоз да айткандай, протеин синтези болушу үчүн клетка ичиндеги бүт системалар бирге бар болушу керек. Бул системанын бөлүктөрүнөн бири эле кем болсо, протеин өндүрүлө албайт жана натыйжада жашоо болбойт. Эволюционисттер болсо алгач протеиндер кокустан пайда болгон, анан протеиндер кокустан биригип клеткалар пайда болгон дешет. Бирок бул бөлүктөрдүн бири болбостон экинчисинин эч пайда болбошу апачык. Бул болсо, жогорудагы илимпоздун сөзүндө да айтылгандай, Аллахтын бүт жандыктарды, бүт системалары менен бирге жараткандыгынын ачык бир далили. Аллахтын кемчиликсиз жаратканы Куранда мындайча билдирилет:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)
Мындан тышкары, бул молекулалардын аң-сезимсиз атомдордон тураарын унутпоо, натыйжада төмөнкү суроолорду суроо зарыл. Акылы, аң-сезими жок бир зат кандайча болуп башка бир нерсени көзөмөлдөө, контролдоо, иштерге аралашуу сыяктуу жөндөмдөргө ээ боло алат? Буйруктарды жөнөтүп, белгилүү бир максатты көздөгөн абдан системалуу кыймыл-аракетти кантип кыла алат? Дарвинисттик көз-караштын таасирине кирген адамдар булардын баары сокур жана аң-сезимсиз кокустуктардын натыйжасында пайда болгон дешет.
Бирок клеткалардын бар экенин билбеген бул молекулалардын алар муктаж болгон протеиндерди өндүрүүнү өз жоопкерчилигине алышы, бул үчүн чечим алышы мүмкүн эмес. Шексиз, бул жердеги улуу акыл, илим жана аң-сезим талап кылган кызматтарды аң-сезимсиз атомдордун аныкташы мүмкүн эмес. Алар болгону өздөрү үчүн аныкталган кызматтарды кемчиликсиз аткарышат жана аларга бул милдетти тапшырган, аларды бул системанын бөлүгү кылып жараткан Аллахка моюн сунушат.
Бир Куран аятында мындайча билдирилет:
«Силердин Кудайыңар бир гана Аллах, Андан башка кудай жок. Ал илим жагынан бүт нерсени ороп-курчаган.» (Таха Сүрөсү, 98)
Tesadüfler, Planlı ve Organize Üretim Yapamaz |
Yukarıda gördüğünüz tablodaki harfler rastgele dizilmemişlerdir. Bu harfler aslında kanınızda oksijen taşımakla görevli hemoglobin proteininin tarifinin bir bölümüdür. Bu tarif, vücutla ilgili tüm bilgilerin bulunduğu DNA'da kayıtlıdır. Hemoglobin üretilmesi gerektiğinde, DNA'daki 3 milyar harf içinden bu harfler seçilir. Bu seçme işlemini, RNA polimeraz adındaki enzim yapar. Bu enzim o kadar dikkatli ve titizdir ki, hiçbir zaman okumada ve doğru harfleri seçme konusunda bir hata yapmaz. Her seferinde milyonlarca harf arasından doğru olanları seçer. Doğru harfleri seçerek, proteinin tarifini aldıktan sonra üretim için, hücre içindeki üretim merkezine, yani ribozoma gider. Ribozom da, bu tarifi aynı titizlikle dikkatlice okur, anlar ve hemen kusursuzca üretimi başlatır. Bu, son derece ileri teknolojiye sahip bir gökdelenin planının mimar ve mühendisler tarafından oluşturulduktan sonra, inşasının gerçekleştirilmesi için ilgili uzman ve teknisyenlere emanet edilmesi gibi planlı ve organize bir olaydır. Darwinistler ise, gözle görülmeyecek kadar küçük bir alanda oluşan bu yüksek seviyeli organizasyonun, tesadüfen oluştuğunu iddia ederler. Cansız, kör ve şuursuz atomlardan oluşan moleküllerin sürekli akıl göstererek, kusursuz bir planın ve düzenin yöneticileri ve uygulayıcıları olduğunu iddia ederler. Darwinizm'in bu iddialarına inanmak, çocuk masallarını gerçek sanmaktan daha mantıksız ve inanılmazdır. |
73. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 187.
74. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 172.
75. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 187.
76. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 214.
77. Albert L. Lehninger, David L. Nelson, Michael M. Cox, Principles of Biochemistry, 2. baskı, Worth Publishers, 1993, New York, s. 892.
78. David S. Goodsell, The Machinery of Life, Springer-Verlag, New York Inc., 1993, s. 45.
79. Albert L. Lehninger, David L. Nelson, Michael M. Cox, Principles of Biochemistry, 2. baskı, Worth Publishers, 1993, New York, s. 892.
80. David S. Goodsell, The Machinery of Life, Springer-Verlag, New York Inc., 1993, s. 17.
81. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 158.
82. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 157.
83. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 157.
84. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 159.
85. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, s. 73.
86. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 417.
87. Carly P. Haskings, "Advances and Challenges in Science", American Scientist, cilt 59, 1971, s. 298.