5- Бөлүм ДНК Молекуласындагы Код Илими

Денеңиздин ар клеткасында дүйнөдө эч ким сүйлөбөгөн бир тилде жазылган, кереметтүү бир маалымат казынасы сакталган. Бул тилдин алфавити төрт тамгадан гана турат жана ар тамга «база» же «нуклеотид» деп аталган химиялык бир молекула. «Кодон» деп аталган генетикалык сөздөр ушул тамгалардан турат. Төрт тамгалуу бул ДНК тили аденин, тимин, гуанин жана цитозин молекулаларынын A, T, G жана C тамгаларынан турат. Ядродогу маалымат банкында жайгашкан маалыматтар ушул төрт тамгалуу алфавит менен коддолгон. Жүздөгөн A, T, G, C тамгалары бириккенде, узун, мааниси бар сүйлөмдөр келип чыгат. Бул сүйлөмдөр денедеги процесстердин кантип иштээрин сүрөттөгөн, алар менен байланыштуу буйруктарды камтыган «гендер». Бул тамгалардын миллиондогону болсо маани бере турган абалда катарга тизилип, ДНК молекуласын түзүшөт. Молекулярдык биолог Дэвид С. Гудселл (Da¬vid S. Go¬od¬sell) Our Mo¬le¬cu¬lar Na-tu¬re (Молекулярдык табиятыбыз) аттуу китебинде ДНК молекуласы жөнүндө мындай дейт:

ДНК балким молекулалардын эң коозудур, бирок сейрек бир китеп сыяктуу чыныгы кооздугу сыртында эмес, ичинде колдонулган сөздөрдө жашырылган.66

Адамдын бүт дене өзгөчөлүктөрү бул атайын тил аркылуу коддолуп клетка ядросуна кампаланган. Жандыктын дене формасы, ар органдын кызматы жана бул органдардын иштөө тартиби, клетка ичинде өндүрүлүшү керек болгон протеиндердин генетикалык коддору, өндүрүлчү протеиндердин санын башкаруу сыяктуу өтө маанилүү иштер ДНКда коддолгон. Коддолуп жазылган бул ири эмгек адам али бир клетка кезинде эле адамдын бүт денеси жөнүндөгү маалыматка ээ. Б.а. али адам калыптана электе эле денесинин ар тараптуу планы жалгыз бир молекула бетинде даяр турган болот.

Клетка ядросундагы кампаланган маалыматтардын коддоо системасын түшүндүрүүдө ДНКны түзгөн нуклеин кислоталарын тамга окшоштурууну улантабыз. Бул тамгалар мурдакы бөлүмдө каралгандай экиден жупташуу менен бирден баскычтарды түзүшөт. Бул баскычтар болсо үстү-үстүнө тизилип, «гендерди» пайда кылышат. ДНК молекуласынын бир бөлүгү болгон ар бир ген адам денесиндеги белгилүү өзгөчөлүктөрдү башкарат. Моюн узундугу, көздүн түсү, мурундун, кулактын, баш сөөгүнүн формасы сыяктуу сансыз өзгөчөлүк гендердин буйругу менен пайда болот. Бул гендерди бетинде A-T-G-C тамгаларынан түзүлгөн тексттери бар бир китеп барактарына окшотууга болот.

Адам клеткасындагы ДНКларда болжол менен 30.000дей ген бар. Ар бир ген, протеин түрүнө жараша, саны 1.000 менен 186.000 арасында өзгөргөн нуклеотиддердин өзгөчө бир катарга тизилишинен түзүлөт. Бул гендер адам денесинде кызмат кылган болжол менен 200.000дей протеин коддорун сактайт жана бул протеиндердин өндүрүшүн көзөмөлдөйт. Бул 30.000 ген камтыган маалымат ДНКдагы жалпы маалыматтын 3%ын гана түзөт. Калган 97%дык бөлүк болсо бүгүнкү күндө белгисиз. Бирок бул бөлүмдө клетканын иш-аракеттери жөнүндөгү абдан маанилүү маалыматтар аныкталган (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: ДНК керемети эволюция теориясын кантип жараксыз кылууда? бөлүмү)

Гендер хромосомалардын ичинде жайгашкан. Ар адам клеткасынын (көбөйүү клеткаларынан тышкары) ядросунда 46 хромосома бар. Ар бир хромосоманы ген барактарынан турган бир томго окшотсок, клеткада адамдын бүт өзгөчөлүктөрүн камтыган 46 томдук бир «клетка энциклопедиясы» бар дегенге болот. Бул клетка энциклопедиясы жогоруда айтылгандай толук 920 томдук Британника энциклопедиясы камтыган маалыматка теңдеш.

Ар адамдын ДНКсындагы тамгалардын тизилиши башка башка. Ушул күнгө чейин жер бетинде жашаган миллиарддаган адамдын бардыгынын бир-биринен башка башка болушунун себеби ушунда. Органдардын негизги түзүлүш менен функциялары бүт адамдарда бирдей. Бирок бүт адамдар ушунчалык кылдат өзгөчөлүктөр менен жана өзгөчө жаратылгандыктан, бүт адамдар жалгыз клетканын бөлүнүшү менен пайда болгонуна жана бирдей негизги түзүлүшкө ээ болгонуна карабастан, миллиарддаган ар башка көрүнүштө адамдар пайда болууда.

ДНКдагы тамгалардын тизилиш катары адамдын түзүлүшүн бүт майда-чүйдөсүнө чейин аныктайт. Бой, көз, чач жана теринин өңү сыяктуу өзгөчөлүктөрдөн тышкары, денедеги 206 сөөктүн, 600 булчуңдун, 10.000 угуу нерви тармагынын, 2 миллион оптикалык нерв тармагынын, 100 миллиард нерв клеткасынын, 130 миллиард метр узундуктагы тамырлардын жана 100 триллион клетканын пландары бир даана клетканын ДНКсында бар. Канадалык илимпоз Дениз О'Лери (Deny¬se O'Le¬ary) ДНКдагы маалымат жөнүндө мындай дейт:

Маалыматтын эң таң калыштуусу ДНКда жазылган эмгек. Кайталанган бир тизмек жок. Бирок башк маалымат менен байланыштуу бир тизилүү бар жана өтө комплекстүү. Мисалы, мышыктын эмбрионундагы ДНК эмбрион бир мышык баласына айланышы үчүн абдан комплекстүү буйруктарды камтыйт.67

Эми булар жөнүндө ойлонолу: бир сөз да аны жазган бир адам болбостон пайда болбойт, анда адам клеткасындагы миллиарддаган тамга кантип пайда болгон? Бул тамгалар кантип мынчалык кемчиликсиз жана комплекстүү бир дененин теңдешсиз планын түзө турган бир тартипте, бир маанини туюнта турган абалда катары менен тизилген? Эгер бул тамгалардын тартибинде кичине эле өзгөрүү болгондо, колуңуздун манжалары бутуңузда, көзүңүз курсагыңызда жайгашышы мүмкүн эле же башыңыз артты караган болушу ыктымал эле. Колдоруңуз абдан кыска же узун, же эриндериңиз жабышкан болушу мүмкүн эле. Азыр толук кандуу бир адам катары өмүр сүрүп жатсак, бул Улуу Раббибиздин каалосу менен гана. Аллах ар адамдын ДНКсындагы тамгалардын тартибин буга себепчи кылган. Бир аятта Аллах мындайча буюрууда:

Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу, «калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы. Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда. Ал – Азиз, Хаким. (Хашр Сүрөсү, 24)

ДНК Молекуласы Коддолгон Кабарларды Камтыйт

ДНК молекуласындагы атомдордун өзгөчө тизилиши максимум кодду минимум жерде алып жүрө турган жогорку касиетте жаратылган. ДНК молекуласында жазылган генетикалык код клетка ядросуна химиялык формулалар менен жазылган. Бирок бул код компьютерде да, кагазда да эмес. Кодду түзгөн ар бир «тамга» - негизи белгилүү химиялык касиеттерге ээ жана үч өлчөмдүү өзгөчө бир түзүлүшкө ээ молекула. Химия профессору Артур Эрнест Уилдер-Смит (Art¬hur Er¬nest Wil¬der-Smith) бир китебинде ДНК молекуласындагы кабарга мындайча көңүл бурат:

Бүт биологиялык клеткалар клетка ядросундагы ДНК молекулаларында коддолгон абалдагы программа тарабынан башкарылышат... Бүт химиялык метаболизма код тарабынан алдын-ала программаланган... Мындай бир системаны теориялык жактан түшүндүрүү үчүн талап кылынган, абдан узун түшүндүрмөлөрдөн качынуу үчүн генетикалык код системасынын негизги өзгөчөлүктөрүн бри канча салыштыруу менен түшүндүрөбүз. Бүт дүйнө адамдары тарабынан кабыл алынган тез жардам чакырыгы – бул «SOS». Бул чакырык коддолгон маалыматты камтыйт жана аны ...- - -... (үч чекит, үч сызык, үч чекит) абалында да көрсөтүүгө болот. Бул жердеги чекиттер менен сызыктар Морзе алфавитинин эки тамгасын көрсөтөт. Алфавитибиздеги «S» тамгасы «…» менен, «O» тамгасы болсо «- - -» менен көрсөтүлөт. Морзе алфавитин ар кандай ыкмаларды колдонуу менен сактоого жана берүүгө мүмкүн. Мисалы, бул тамгаларды бир кагаз бетине жазууга болот, шекер менен торттун бетине тартууга болот, же бир учак түтүнүн колдонуу менен асманга ушул тамгаларды жазууга болот... Берилген кабар жана маалымат бир эле болот, кандай чөйрөдө берилсе да «SOS» деген сөз айтылат. Морзе кодундагы чекиттер менен сызыктарды бир жип бетинде да көрсөтүүгө болот. Сызыкты чоң бир түйүн менен, чекитти болсо кичирээк бир түйүн менен көрсөтсө болот. Бул учурда Морзе коду менен жазылган кабарды берүү үчүн кагаз талап кылынбайт. Бир жип да жетет. Ушуга окшош бир системаны колдонуу менен, так жана жуп түйүндөрдү камтыган бир жипти колдонуу менен Гетенин «Фауст» эмгегин жазууга болот.68

Бул сөздөрдөн да көрүнүп тургандай, маалыматтын мазмуну анын берилүү формасынан көз-карандысыз. Ошондуктан ДНКдагы базалардын катары эле эмес, ДНК камтыган коддолгон маалымат, кабар да маанилүү. Илимпоз Ричард Милтон ДНКдагы кабардын коддолушундагы кылдат тартипке мындайча көңүл бурат:

... Бир программадагы бардык буйруктар бир жактан компьютер жабдыгына заматта таасир бериши, экинчи жактан программанын башка бөлүктөрүнө таасир бериши үчүн программист тарабынан абдан кылдат ойлонулушу зарыл. Компьютер системасы иштеши үчүн программист буйруктарды жазуу үчүн колдонгон тамгалар менен сандар программа тилинин тил түзүлүшүнө жана сөздөрүнө ылайык абдан так жазылышы керек. Болор болбос бир ката да бүт баарын бузушу мүмкүн. Мисалы, 1977-жылы НАСАнын (NA¬SA) Ca¬pe Ca¬na¬ve¬ral'ден бир спутникти учурушу ал абага көтөрүлгөндөн кыска убакыт өткөн соң кырсык менен аяктаган. НАСА инженерлери кийин жасаган иликтөөдө бул кырсыкка компьютердин жол көрсөтүү системасындагы бир ката себеп болгону аныкталган: жол көрсөтүүчү программада жөнөкөй бир үтүр унутулуп калган эле. Эң жөнөкөй тилде – мисалы, ba¬sic- эң жөнөкөй бир компьютер ишин программалоону каалаган бир адам көйгөйдү түшүнөт. Сөз тизмегинде болор болбос бир ката кетирсеңиз, бир тамганы таштап кетсеңиз, бир чекитти же бир боштукту эле унутуп кетсеңиз, программа иштебейт. Ошол сыяктуу ар бир нуклеотид сөзсүз туура тартипте жазылышы керек жана түйүлдүк өмүрүн улантышы үчүн ДНК молекуласында сөзсүз керектүү жеринде болушу зарыл. Адамдардагы, жаныбарлардагы жана өсүмдүктөрдөгү негизги функционалдык бузук көрүнүштөр бир даана ДНК молекуласынын же бул молекуладагы бир даана нуклеотиддин жоголушу же орун которушу себебинен келип чыгат.69

DNA molekülünde,

1- nm: nanometre (milimetrenin bir milyonda biri),
2- DNA sarmalı,
3- nükleozomu oluşturan histonlar ve DNA şeridi,
4- paketlenmiş şekildeki nükleozom,

5- kromozom kesitinin uzatılmış hali,
6- kromozom kesitinin sıkıştırılmış hali,
7- kromozom.

DNA molekülünde, atomların kendine has dizilimi, maksimum şifreyi, minimum alanda taşıyabilecek üstün bir yaratılışa sahiptir.

Массачусетс технология институтунан маалымат теориясы жана расмий тилдер тармагында адис проф. Мюррей Эден (Mur¬ray Eden) «Бар болгон эч бир расмий тил сүйлөмдөрдү билдирген символ тизилишинде туш келди өзгөрүүлөргө толеранттуулук көрсөтпөйт. Маани дээрлик дайыма бузулат. Кандайдыр бир өзгөрүү синтаксистик жактан эрежелерге туура келиши зарыл.»70 деп бир тилдин символдору туш келди аралаштырылганда маанинин дайыма бузулаарын айткан. Андан соң бул эреженин генетикалык маалыматты түзгөн ДНК тилине да тиешелүү экенин айтат.

Булардын баары ДНКдагы маалыматтын кокустан пайда болушу мүмкүн эмес экенин көрсөтүүдө. Эволюционисттердин мындай ойдон чыгарылган сөздөрүнө каршы «криптология» деп аталган жана маалыматтын коопсуздугун камсыздаган математикалык код билимин да мисал берүүгө болот. Бул илим тармагынын максаттарынын бири – маалыматтын окулушуна жана өзгөртүлүшүнө тоскоол болуу. Мисалы, бир хакер (уруксатсыз башка бирөөнүн компьютер тармагына кирген адам) интернетте эки адам арасындагы байланышты көрүшү жана бул байланышта жөнөтүлгөн маалыматтарды өзгөртүшү мүмкүн. Демек маалыматтын мазмунун коргоо, оригиналдуу жазмаларды сактоо да маанилүү. Жибериле турган маалыматтын коопсуздугу канчалык маанилүү болсо, колдонулган коддоо ыкмасы да ошончолук маанилүү болот жана татаалдашат. Бул үчүн маалыматтарды бүт адамдар оңой гана түшүнө алышынын алдын алган атайын программалар колдонулат. Бул программаны белгилүү адамдар гана окуй алышат жана өзгөртө алышат. Тиешесиз адамдардын кийлигишүүсүнө тоскоол болуу үчүн болсо маалыматтардын тууралыгы коопсуздук системалары менен тастыкталат.

Генетикалык маалымат болсо адам жашоосуна түздөн-түз таасир эткендиктен, эч өзгөрбөшү зарыл. Бирок мынчалык маанилүү бир маалымат казынасынын клетка ичинде сакталуу турганын илимпоздор элүү жылдай мурда гана байкашты. Бирок адам алгач жаратылгандан бери бул баалуу маалымат ядронун ичинде коргоо астында жана өзгөчө бир код менен коддолгон. Бул молекула менен байланыштуу бүт майда-бараттар Аллахтын теңдешсиз жаратуу мисалдарына толо. ДНК бизге төмөнкү суроолордун жоопторун ойлондурушу керек:

  • - Кемчиликсиз бир дене жасай турган маалыматтын ээси ким?
  • - Маалыматты жандуу бир кыртыш ичинде ким сактоодо?
  • - Мынчалык масштабдуу маалыматты тырмактай бир жерге ким, кантип батырууда?
  • - Бул маалыматтын маанилүү экенин билип, ким коргоого алган?
  • - Маалыматты ким коддоодо жана мунун котормосун ким жасоодо?
  • - Маалыматты чечмелөө учурунда кемчилик кетпеши жана бузулуу болбошу үчүн ким чара көрүүдө?
  • - Маалыматтын башка урпактарга берилиши жана бул үчүн кандай ыкма колдонулушу керек экенин ким билүүдө?
  • - Кыртыштар жаңыланган сайын жана клеткалар бөлүнүп көбөйгөн сайын, бул маалыматты жаңы клеткаларга ким, кантип копиялоодо?

Дагы канчалаган бет созууга мүмкүн болгон бул суроолордун баары бизди улуу акыл жана илим ээси Жаратуучубуздун бар экенине алып барат. ДНК «...Бүт нерсени «бекем жана өз ордунда жасаган» Аллахтын чеберчилиги...» (Немл Сүрөсү, 88). Куранда Аллах адамдын жаратылышындагы тартиптүүлүктү мындайча билдирет:

Оо инсан, сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду? Ал сени жаратып, келбетиңди келиштирген эле. Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган. (Инфитар Сүрөсү, 6-8)

DNA'daki Bilgi Hazinesi Hayali Evrim İddialari ile Açiklanamaz

DNA molekülü Dünya üzerindeki her canlı için "okunması gereken" bir eserdir, bu bilgiler olmaksızın ne bir hayvanın ne bir bitkinin ne de bir insanın hayat bulması mümkün değildir. Kol ve bacakların, gözün yapısı, beynin işleyişi, kalp ve damar sistemlerinin uyumu, savunma sistemi tümüyle DNA içerisindeki bilgi hazinesi kullanılarak çalışır hale gelebilir. Dolayısıyla, bir canlının varlığından söz etmek için, DNA molekülünün mevcut olması gerekir. Hücresinde DNA bulunmayan bir penguenden, kediden veya balıktan bahsetmek mümkün değildir.

Demek ki, canlılığın ilk yaratıldığı andan itibaren hücrelerinin içinde ömür boyu tüm vücut faaliyetlerini yönlendirecek bilgi hazinesinin de yerleştirilmiş olması gerekir. Evrim teorisinin iddia ettiği gibi yavaş ve aşamalı bir gelişim süreci ise söz konusu değildir. DNA molekülündeki bilgi hazinesi, Allah'ın insanlar üzerinde ve yeryüzünde tecelli eden rahmetinin açık bir delilidir. Yüce Rabbimiz Allah her canlının ihtiyacını en iyi bilendir. Kuran'da bir ayette şöyle buyurulmaktadır:

... O, sizi daha iyi bilendir; hem sizi topraktan inşa ettiği (yarattığı) ve siz daha annelerinizin karnında cenin halinde bulunduğunuz zaman da. Öyleyse kendinizi temize çıkarıp-durmayın. O, sakınanı daha iyi bilendir. (Necm Suresi, 32)

kitap
Bir Eserden Bahsedildiğinde, Tesadüf Kavramının Anlamı Kalmaz

Yazılı bir eser söz konusu olduğunda, akla hemen içerdiği bilgiyi tespit eden yazarın kim olduğu sorusu gelir. Tüm dünyada tanınan ve ilgi uyandıran bir eserin "kendi kendine" yazıldığını, "tesadüfler sonucu" meydana geldiğini iddia etmek söz konusu bile olamaz. Her kelimesinin her satırının, eserin yazarı tarafından kaleme alındığı konusunda herkes hemfikirdir. Hücrenin çekirdeğinde özel bir koruma altına alınmış DNA üzerindeki bilgi hazinesinin de, bir Sahibi ve Yaratıcısı vardır. Kuran'da, "De ki: 'Sizi inşa eden (yaratan), size kulak, gözler ve gönüller veren O'dur. Ne az şükrediyorsunuz?'" (Mülk Suresi, 23) ayetiyle, insana her türlü özelliğini verenin ve yaratanın Allah olduğu bildirilmiştir.

Бир жандыктын бүт дене функциялары жөнүндө эмнелерге муктаж экенин түшүндүргөн бир эмгек жазылышы үчүн ал эмгектин ээси бул жандыктын дене түзүлүшүн бүт майда-чүйдөсүнө чейин билиши, атом жана молекула деңгээлинде клетка иш-аракеттеринин кандайча жүрөөрүн толугу менен билиши жана ымыркай кезинен өлгөнгө чейин өткөрө турган ар дооруна тиешелүү жеке муктаждыктарын өлчөө менен аныкташы зарыл. Раббибиз Аллах бул маалыматтардын жалгыз ээси жана адамды «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салган». (Абаса Сүрөсү, 19)

Ошондой эле, бир эле адамдардын эмес, жер бетиндеги бүт жандыктардын; бактерия, вирус, курт-кумурска, аттар, өсүмдүктөрдүн да клеткаларында өздөрүнө тиешелүү ДНКлары бар экенин унутпаш керек. Баарынын ДНКсынын ичиндеги маалыматтар ал жандыктын дене түзүлүшүнүн детальдуу планын жана муктаждыктарына тиешелүү өзгөчө маалыматтарды камтыйт. Жер бетинде миллиондогон жандык түрү бар экенин эске алсак, анда бул маалыматтын көлөмү менен масштабын жакшыраак түшүнөбүз. Ар жандыкты эң башынан бүт муктаждыктарына жараша маалыматтар менен жабдыган жана бул маалыматты клеткаларынын ичине жайгаштырган, ар башка түрлөр үчүн башка башка ДНК тизмектерин жараткан – бул Улуу Раббибиз.

4 Алфавиттүү ДНК Тилинен 20 Алфавиттүү Протеин Тилине Которуу

Мурдакы бөлүмдөрдө айтылгандай, клетка ичиндеги маалымат банкы ДНКдагы A, T, G жана C тамгалары менен көрсөтүлгөн төрт химиялык база менен коддолгон. Бирок ДНКда жазылган бул маалыматты колдоно алуу үчүн 4 тамгалуу ДНК тилинен 20 тамгалуу протеин тилине которуу зарыл. ДНКдагы маалымат ушул которуу иши натыйжасында гана протеиндер үчүн бир маанини туюнтат. Атактуу химик проф. Уилдер Смит эки тил арасында котормо жасаган бир системанын татаалдыгына мындайча көңүл бурат:

Бир тилден башка тилге которууну компьтерде программалоо эң татаал нерселердин бири. Котормо канааттандырарлык деңгээдде болушу үчүн компьютерге кеңири масштабдуу жана абдан комплекстүү программаларды кылдаттык менен жүктөө керек. Америкалыктар орусчадан англисчеге автоматтык которуу жасоо үчүн миллиондогон доллар коротушкан. Жыйырма жылдык эмгектенүүдөн соң дагы эле көз-карандысыз сөздөрдү камтыган орусча текстти, машинанын иштешин тынымсыз көзөмөлдөгөн жакшы бир котормочу болбостон, англисчеге которо алчу бир машина жасалган жок. Фразаларды бир тилден башкасына машина менен которуу ушунчалык оор бир жумуш болгондуктан, машинанын алдын ала программаланышы баары бир жетишсиз болууда.71

Dört Harften Oluşan Çeşitlilik Bir Yaratılış Mucizesidir
rna

1. Metiyonin (amino asit)
2. t RNA
3. anti-kodon
4. m RNA
5. tRNA ayrılıyor

6. Peptid bağ oluşuyor
7. Prolin (amino asit)
8. Ribozom bir sonraki üçlüye doğru hareket ediyor
9. İkinci peptid bağ oluşuyor

10. Sistein (amino asit)
11. Ribozom ilerliyor
12. Üçüncü peptid bağ oluşuyor
13. Arginin (amino asit)

Bu grafikte RNA kodlarını oluşturan ve 4 harfle (A-C-G-U) simgelenen nükleik asitler, 20 harfli protein diline çevriliyor. Taşıyıcı RNA'daki bilgilere dizilen amino asitler, birbirine bağlanarak hücre için gerekli bir protein oluşturuyor.

Vücuttaki 100 trilyon hücrenin her birinin çekirdeğinde bulunan DNA adlı molekül, insan vücudunun eksiksiz bir yapı planını içerir. Bir insana ait bütün özelliklerin bilgisi, dış görünümünden iç organlarının yapılarına kadar DNA'nın içinde özel bir şifre sistemiyle kayıtlıdır. DNA'daki bilgi, bu molekülü oluşturan dört özel molekülün diziliş sırası ile kodlanmıştır. Nükleotid (veya baz) adı verilen bu moleküller, isimlerinin baş harfleri olan A, T, G, C ile ifade edilirler. İnsanlar arasındaki tüm yapısal farklar, bu harflerin diziliş sıralamaları arasındaki farktan doğar. Bu, dört harfli alfabeden oluşan bir tür bilgi bankasıdır.

Бул жерден да көрүнүп тургандай, эки тил арасында кемчиликсиз жана туура бир котормо жасоо техникалык бир программа аркылуу мүмкүн эмес көрүнүүдө. Ал эми ДНК тилинин протеин тилине кантип которулаары ДНКда алдын ала программаланган жана бул система миллиарддаган адамдын триллиондогон клеткасында кемчиликсиз иштөөнү улантууда. Канадалык илимпоз Дениз О'Лери болсо 4 тамгалуу ген тили менен 20 тамгалуу протеин тили арасындагы болушу күтүлгөн байланыш татаалдыгына мындайча токтолот:

Адам геному жөнүндө билгендерибиз төмөнкүлөр: гендерибиз комплекстүү комбинациялар ичинде бирге иштешет. Бизди жандуу кармаган ар клеткадагы процесстерди ишке ашырган механизмдер болгон таң калыштуу көп түрдүү протеиндерди жасоону башкарып жатып тынымсыз бир-бири менен сүйлөшүшөт. Иштин татаалдыгы гендердеги 4 курулуш материалы ордуна протеиндердин 20 курулуш материалы бар.72

Бирок кыйынчылык катары сүрөттөлгөн бул абалга карабастан, жер бетиндеги бүт жандыктарда ДНК тили менен жазылган коддуу рецепттер туура окулат, которулат жана колдонулат. Клетканын ичиндеги бул акыл жандыктарды жараткан жана мээрими менен жаратууну уланткан, бүт нерсенин ээси жана өкүмдары болгон Улуу Раббибизге тиешелүү. Куранда мындайча билдирилет:

Раббиңдин Улуу ысымын тасбих кыл, Ал жаратты, «бир тартип ичинде калып берди». (Аъла Сүрөсү, 1-2)

(Аллах) Аны эмнеден жаратты? Бир тамчы суудан жаратып, аны «бир эсеп-өлчөм менен калыпка салды.» (Абаса Сүрөсү, 18-19)

Булактар

66. David S. Goodsell, Our Molecular Nature, Springer-Verlag, New York, 1996, s. 36.

67. Denyse O'Leary, By Design or By Chance?, Castle Ovay Books, Kanada, 2004, s. 173.

68. A. E. Wilder-Smith, The Natural Sciences: Know Nothing of Evolution, T. W. F. T. Publishers, ABD, ss. 78-79.

69. Richard Milton, Shattering the Myths of Darwinism, Park Street Press Rochester, ABD, 1992, s. 170.

70. M. Eden, "Inadequacies of Neo-Darwinian Evolution as a Scientific Theory," Mathematical Challenges to the Neo-Darwinian Interpretation of Evolution, Wistar Institute Press, Philadelphia, 1967, s. 11.

71. A. E. Wilder-Smith, The Natural Sciences: Know Nothing of Evolution, T. W. F. T. Publishers, ABD, s. 97.

72. Denyse O'Leary, By Design or By Chance?, Castle Ovay Books, Kanada, 2004, s. 55.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf