4- Бөлүм ДНКдагы Кереметтүү Маалымат Сактоо Жөндөмү

Учурда маалымат сактоо тармагындагы технологиялык өнүгүүлөр таң калыштуу деңгээлде. Компьютер катуу дисктери (hard disc), CD'лер, дискеталар, флеш дисктер жана башка технологиялык продукттар күн сайын андан да өнүккөн, андан да ыңгайлуу болуп чыгып жатат. Компьютер фирмалары минимум жерде максимум маалымат жабыркабастан кантип сакталат; бул маалымат керек болгондо сакталган жерден эң ыкчам кантип кайра алынып колдонулат дегендей суроолорго жооп издөөдө. Бир CD'ге бир канча энциклопедиялык маалымат батканы менен, ал колго бата турганчалык бир көлөмгө ээ. ДНКнын маалыматты миниатюра кылуу, б.а. кысуу жөндөмү болсо учурдагы технологиядан алда канча жогору, кереметтүү деңгээлде. Салыштырсак, Лос Анджелес, Түштүк Калифорния университетинен Леонард Адлемандын (Leo¬nard Ad¬le¬man) эсептөөлөрү боюнча, бир грамм ДНК эле бир триллион CD'ге тең маалымат сактай алат.38 Бул болсо маалыматтын ДНК бетинде бир CD'ге салыштырмалуу миллион эсе миллион жолу натыйжалуу сакталганын көрсөтүүдө.39

Адам ДНКсынын көлөмү бир миллиметр кубдун миллиардда бириндей (3 x 10-9 mm3) кичинекей.40 Ж.Г. Симпсондун (G. G. Simp¬son) ою боюнча, ушул күнгө чейин жашап өткөн бардык жандыктардын бүт өзгөчөлүктөрү маалымат абалында ДНКга жүктөлсө, болгон ДНК көлөмү бир чай кашыктын кичине бир бөлүгүн араң ээлемек. Ал тургай, дагы ушул күнгө чейин жазылган бүт китептерди сактай турганчалык орун калмак.41

Жаңы бир технология тармагын түзгөн «ДНК компьютерин» ачкан киши Др. Леонард Адлеман болсо клетка жана ДНКдагы механизм жөнүндө мындай дейт:

Эгер клетканын ичине карасак биз жасай албай турган укмуштуу машиналарды көрөбүз. Бул кереметтүү бир жабдык кутусу.42

Бирок дарвинисттердин ою боюнча, клетканын ичиндеги он миңдеген томдук китепке тең ири маалымат банкы «кокустан» өзүнөн-өзү пайда болгон. Бир калптын үстүнө башкасын айта берген дарвинисттер боюнча, бир стадиондо толтура турганчалык ири бир китепкананын бүт маалыматтары көзгө көрүнбөгөн, кичинекей бир жерге кокустуктар натыйжасында, эч жабыр көрбөстөн батырылган. Дарвинисттер ушундай бир ойду жакташууда. Бирок клетка да, анын маалымат банкы болгон ДНК да аң-сезимсиз атомдордун кокустан чогулушу натыйжасында пайда боло албайт. Жандыктардын эч кичине бөлүктөрү да белгилүү бир максатты көздөп жаратылган жана ар бири кокустан эч пайда болбой турганчалык комплекстүү түзүлүштөр. Сидней университетинен биология профессору Майкл Жорж Питман (Mic¬ha¬el Ge¬or¬ge Pit¬man) жашоонун жансыз заттардын жыйындысы эмес экенин айтып, немец философ Шопенгауэрдин төмөнкү сөздөрүн эске салат:

... Ар бир организм бүт бөлүктөрү боюнча жандык жана алар эч качан, эң кичине бөлүктөрүндө да, жансыз заттардын бир жыйындысы гана эмес.43

ДНКдагы маалымат көлөмүн сан менен айта турган болсок, 3-5 микрон (микрон: миллиметрдин миңден бири) диаметриндеги бир клетканын ичине жалпы 4 метр узундуктагы ДНК молекуласы батырылып пакеттелген. 100 триллион клетканын ар бириндеги ДНК коддору катарга тизилгенде болсо, келип чыккан узундук күнгө 600 жолу барып-келүү узундугуна барабар.44 Илимий макалалары менен таанылган молекулярдык биолог проф. Жерри Бергман (Jerry Berg¬man) бир мисал менен ДНКдагы инженерияга мындайча басым жасайт:

Сизден 230 километр узундукта эки башка кыл (леска) алып, аны жуп спираль кылып, андан соң бир баскетбол тобунун ичине бата турган абалда пакеттешиңиз талап кылынган болсун. Ошондой эле, бул жуп спираль сыдырма сыяктуу ачылып копиялана турган болсун... анан копияланган бөлүк сыртка алып чыгылсын жана бул процессте кылдар (лескалар) эч бир-бирине аралашпасын. Бул мүмкүнбү? Бул күн сайын денеңиздеги миллиарддаган клеткада ишке ашууда. Баскетбол тобун адам клеткасы көлөмүнө кичирейткениңизде, жип эки метрге жакын бир ДНК чынжырына айланат... ДНК пакеттөө процесси бир жагынан комплекстүү жана кылдат бир процесс, экинчи жагынан ДНКнын узундугун 1 миллион эсе кыскарта алганы үчүн абдан натыйжалуу.45

Молекулярдык биолог Майкл Дентон болсо ДНКнын маалымат батыруу жөндөмүнүн укмуштуулугу жөнүндө мындай дейт:

... Клеткалардын өтө комплекстүү нерселер экени анык. Клеткадагы комплекстүүлүк бир реактивдүү лайнердегиден бир топ жогору... реактивдүү лайнердеги комплекстүүлүк адам көзүнө көрүнбөгөн бир чаң кыпынына пакеттелген сымал. Мынчалык комплекстүү бир нерсенин мынчалык кичинекей жерге кантип батырылганын түшүнүү абдан кыйын. Болгондо да, кыпындай бул реактивдүү лайнер эч кыйналбастан өзүн көбөйтө алууда.46

dna - ansiklopedi

ДНКнын маалымат сактоо жөндөмү ушунчалык натыйжалуу болгондуктан, бир адамга тиешелүү бардык маалыматтар болгону бир граммдын бир канча триллиондо бириндей жерге батууда.47 Йель университетинен проф. Жорж Гейлорд Симпсон боюнча, жер бетинде жашап өткөн 1 миллиард жандыкка тиешелүү маалымат оңой гана бир тоголок туздун ичине батат.48 Улуттук адам геномун изилдөө институту башчысы, физик жана генетик проф. Фрэнсис С. Коллинс болсо ДНК жөнүндөгү изилдөөлөрү натыйжасында мындай дейт:

Уотсон менен Крик ДНКнын жуп спиралдуу түзүлүшүн тапкандан бери элүү жыл өттү. Эми ДНКга жазылган маалыматтын кылдаттыгы жөнүндө ойлонуу абдан керемет... Бул санариптик код адам денесиндеги ар клеткада оңой гана копиялана алчу, абдан чоң көлөмдө маалыматтын сакталышына мүмкүндүк берүүдө. Жуп спираль абалындагы ДНК база жуптарынан түзүлгөн жана клетка ядросундагы адам геному ичинде булардан үч миллиард даанасы пакеттелген абалда турат... Бул үч миллиард тамга адам денесиндеги бардык биологиялык өзгөчөлүктөрдү багыттай алат.49

Таанымал молекулярдык биолог Майкл Дентон болсо «биологиялык маалыматтын клетка ядросунун кичинекей көлөмү ичинде пакеттелишине мүмкүндүк берген ДНКнын пакеттөө касиеттеринин» адам үчүн атайын пландалганын айтат.50 ДНК мындай кысуу жөндөмүнө ээ болбогондо, клетканын тартипсиз ДНК жипчелерин камтый турган абалда бир топ чоң болушу керек болмок. Бирок клеткалардын чоңураак болушу мүмкүн эмес. Себеби клетканын кычкылтек менен азык булактары клетканын азыркыдай диаметричелик аралыкта натыйжалуу.51 Бул жагынан клетканын чоңдугу, натыйжада ДНКнын кысуу (батыруу) жөндөмү адам үчүн абдан зор мааниге ээ.

Бул кереметтүү пакеттөө системасы ДНК молекуласынын жыйрылуу жана узун спиралдар түзүү жөндөмдөрү урматында мүмкүн болууда. Бул узун спиралдар болсо бүктөлүп, тыгыз жайгашкан, тартиптүү спиралдардын пайда кылышат. Ошентип ар клетканын ядросунда алдыңкы бир инженерияга ээ пакеттөө технологиясын көрөбүз. Улуу Раббибиз клеткаларыбызда жараткан бул пакеттөө системасы менен миллиондогон километрдик ДНК тамгасы көзгө көрүнбөгөн бир көлөмдө сакталуу турат.

Адам Клеткасындагы Ири Энциклопедия

ДНКда сакталган маалыматтын көлөмү кереметтүү. Көзгө көрүнбөгөн бир ДНК молекуласында толук бир миллион энциклопедия бетин толтура турган көлөмдө маалымат бар. Көңүл буруңуз; толук 1.000.000 энциклопедия бети... Башкача айтканда, ар бир клетканын ядросунда адам денесинин функцияларын башкарууга жарай турган, бир миллион беттик маалымат коддолгон. Бул чоңдукту мындай бир мисал менен жакшыраак элестетүүгө болот: дүйнөнүн эң ири энциклопедияларынын бири болгон 23 томдук «Британника энциклопедиясынын» да болгону жалпы 25 миң бети бар. Демек кереметтүүлүк апачык. Микроскопиялык клетканын ичиндеги, андан дагы бир топ кичинекей бир ядродо миллиондогон маалыматты камтыган дүйнөнүн эң ири энциклопедиясынан 40 эсе чоң бир маалымат кампасы сакталуу турат. Бул болсо 920 томдук, дүйнөдө эч теңдеши жок ири бир энциклопедия дегенди билдирет. Алынган жыйынтыктар боюнча, бул ири энциклопедия болжол менен 5 миллиард түрдүү маалыматка ээ. Ушул акыркы эки сөздү кайталайлы; «маалыматка ээ»...

Мына ушул жерде токтоп, оозубуздан оңой гана чыккан бул эки сөз жөнүндө ойлонушубуз керек. Бир клетканын ичинде миллиарддаган маалымат бар деп айтуу оңой. Бирок бул жерде бир компьютер же китепкана жөнүндө эмес, болгону протеин, май жана суу молекулаларынан турган, миллиметрден 100 эсе кичинекей бир жер жөнүндө сөз болуп жатат. Бул кичинекей молекула жыйындысы ичинде миллиондогон маалымат мындай турсун, бир маалыматтын сакталышы да абдан таң калыштуу керемет. Болгондо да, салыштыруу үчүн колдонулган «китеп», «энциклопедия» сыяктуу түшүнүктөр маалымат сактоочу, жансыз жана кыймылсыз булактар. Ичиндеги маалыматтар окулушу жана буйруктар ишке ашырылышы үчүн аң-сезимдүү бирөөгө муктаждык бар. Бирок ДНК жөнүндө сөз болгондо, маалымат сактоочу эле эмес, бул маалыматты колдонгон, ишке ашырган жандуу бир маалымат булагынан сөз кылган болобуз.

Көзгө көрүнбөгөн, диаметри миллиметрдин миллиардда бириндей болгон, атомдордун катарга тизилиши менен түзүлгөн бул чынжыр мындай маалыматка жана эстутумга кантип ээ боло алат? Бул суроого муну да кошолу: денеңиздеги 100 триллион клетканын ар бири бир миллион бетти жатка билет, а сиз мээлүү жана аң-сезимдүү бир адам катары өмүр бою канча энциклопедия бетин жаттай аласыз? Бул суроолордун баары абийири жана акылы бар адамдардын баарын клетка улуу бир акылдын, улуу бир илимдин чыгармасы деген чындыкка алып барат. Эволюционисттер айткандай кокустуктар менен миллиарддаган клеткадан турган бир жандык мындай турсун, бир даана клеткадагы ДНК да пайда болушу мүмкүн эмес. Бүт нерсенин Жаратуучусу – Улуу Аллах. Бир Куран аятында Аллах мындайча буюрат:

Алар Аллахтын кудуретин жакшы түшүнө алышкан жок. Шексиз, Аллах кудуреттүү, Азиз (Улуу). (Хаж Сүрөсү, 74)

Днкдагы Компьютерлерден Алдыңкы Маалымат Сактоо Технологиясы

Учурда көп өлчөмдө маалымат сактала алчу эң алдыңкы технология – бул компьютерлер. Мындан 50 жыл мурда үйдүн бөлмөсүндөй чоң бир компьютер сактаган маалыматты учурда кичинекей «дисктер» сактай алышат... Бирок ДНК менен компьютерди салыштырганыбызда, адам мээси кылымдар бою топтогон илими жана көп жылдарга созулган аракеттери натыйжасында иштеп чыккан бул акыркы технологиянын ДНКнын маалымат сактоо сыйымдуулугуна али жакындай албаганын көрөбүз.

dna - bilgisayar

Teknoloji harikası bilgi paketçikleri: DNA en gelişmiş bilgisayar çiplerinden çok daha ileri düzeyde saklama kapasitesine sahiptir.

ДНКнын туурасы болгону миллиметрдин эки миллиондо бириндей. Мынчалык ичкелигине жана 4 метр узундугуна карабастан, ДНК спиралдары бир-бирине чырмалышпайт. Өзгөчө түзүлүшү урматында клетканын ядросунда кемчиликсиз кабатталган ДНК – теңдешсиз бир инженерия долбоорунун мисалы. Компьютер инженерлери үчүн болушунча кичине жерде болушунча көп санда маалымат сактоо – негизге максаттардын бири. Учурда жер бетинде белгилүү болгон эң жогорку деңгээлдеги маалымат сактоо сыйымдуулугу ДНК молекуласына тиешелүү.52 Майкрософт программа жазуу фирмасынын башчысы Билл Гейтс The Ro¬ad Ahe¬ad (Алдыдагы жол) аттуу китебинде мындай дейт:

  • Адам ДНКсы бир компьютер программасына окшош, бирок биз ушул күнгө чейин өндүрө алгандарыбыздан абдан абдан өнүккөн.53

Атактуу америкалык философ проф. Дэниел Деннет (Da¬ni¬el Den¬net) Dar¬win's Dan¬ge¬ro¬us Ide¬a (Дарвиндин кооптуу көз-карашы) аттуу китебинде ДНКдагы маалымат тыгыздыгын мындайча сүрөттөйт:

  • Компьютер доорунун «инженердик кереметтерине» көнүп калсак да, ДНК жөнүндөгү чындыктарды түшүнүү абдан кыйын. Молекула масштабындагы бул машиналар копиялоо жасашат. Ошол эле учурда түзөтүүчүлүк кызматын аткарган энзимдер укмуштуу бир ылдамдык менен каталарды оңдошот. Алар жасаган иштин көлөмүнө дагы эле супер компьютерлер да жете алышкан жок. Биологиялык макро молекулалардын сактоо сыйымдуулугу учурдагы мисалдарынын бир топ даража жогорусунда.54

ДНКдагы коддордун тизилиши компьютер системасындагы сан тизмегине окшош. Компьютерде сандар бир сүрөттү, мисалы бир компьютер оюнун иштеткен буйруктарды же бир китептин текстин сактай алат. ДНКдагы коддор болсо жаңы протеиндерди өндүрүүгө жарай турган маалыматты сактайт.55 Бирок эч бир компьютер инженери көзгө көрүнбөгөн бир жерде толук бир миллион энциклопедия бетинчелик маалыматты сактаган ДНКны туурай албайт. ДНК кокустуктар натыйжасында пайда болгон деп айтуу – эң алдыңкы бир компьютер кокустан пайда болгон деп айтуудан бир топ эсе акылсыздык. ДНК Аллахтын улуу жаратышынын далилдерин апачык көрсөтүүдө. Аллах Куранда теңдешсиз жаратаарын мындайча билдирүүдө:

Асмандарды жана жерди эч нерсени өрнөк албастан жараткан... (Энъам Сүрөсү, 101)

Днкдагы Ири Маалымат Сыйымдуулугун Көрсөткөн Таң Калыштуу Салыштыруулар

ansiklopedi

Илимпоздор адамдагы генетикалык маалыматтын көптүгүнө басым жасоо үчүн өлчөө бирдиктерин колдонуунун ордуна, ар кандай салыштырууларды колдонушууда. ДНКдагы маалымат сыйымдуулугунун масштабына басым жасаган мисалдардын кээ бирлери төмөнкүлөр:

*** Адам геномундагы маалыматты алфавитти колдонуу менен жазуу мүмкүн болгондо, ар бири 1000 бет болгон жана ар бетинде 3000 тамга орун алган 1000 даана китепке батмак.56

1000 китеп х 1000 бет х 3000 тамга = 3.000.000.000 тамга ( 3 миллиард тамга)

*** Адам геномундагы үч миллиард генетикалык тамга жалгыз бир сапка жазылганда, Түндүк уюлдан Экваторго чейин жетмек. Күнүнө сегиз саат, жылына 220 күн текст жазуучу машинада иштеген бир киши мүнөтүнө 300 тамга жазуу ылдамдыгы менен иштесе, бул ишти бүткөрүүгө толук 95 жылы кетмек.57

*** Эгер генетикалык маалымат текстке айлантылганда, 160 беттик китептерден 12000 даана керек болмок. 16 МВ (мегабайт: компьютерде 1 миллион даана эң кичинекей маалымат бирдиги) сыйымдуу компьютер чиптерине салыштырганда болсо, адамдын ДНК тизмеги мындан 1400 эсе көбүрөөк маалымат сактай алат.58

*** Эгер 2 мм диаметрлүү ийненин көзү ДНК молекуласынын жоондугуна ээ бир жипчеге айланганга чейин чоюлганда, Экватордон 33 эсе узун болмок.59

*** ДНКдагы маалымат бир китепкананы толтура турган 100 даана 30 томдук энциклопедия жыйнагын батыра турганчалык сыйымдуулукка ээ.60

*** ДНКдагы маалыматтар китептер абалында үстү-үстүнө тизилгенде, китептердин бийиктиги 70 метр болмок. Же бул маалыматтар менен 200гө жакын 500 беттик телефон маалыматтары китебин толтуру мүмкүн болмок.61

*** Адам денесиндеги бардык клеткалардын ДНКлары түздөлүп, биринин учуна экинчиси улантылса, болжол менен 50 миллиард километр узундукка ээ болот. Бул узундук жерден күн системасынын сыртына чыгууга жетмек. Жарык денебиздеги бүт ДНКларды кыдырып чыгышы үчүн болжол менен 2 күн талап кылынмак.62

*** Генетика адиси профессор Жером Лежен боюнча, жер бетинде жашаган бүт адамдарга тиешелүү генетикалык маалыматты бир канча аспирин таблеткасынын чоң эмес ДНКга сактоого болот.63

*** Адамдын бир даана клеткасындагы ДНКда толук 1 миллион энциклопедия бетин толтура ала турган көлөмдө маалымат бар. Бир адам өзүнүн генетикалык маалыматын окуйм десе буга өмүрү жетпейт. Күн сайын 24 саат бою, тынымсыз секундасына бир ДНК кодун окуй турган болсо, мунун аягына чыгуу үчүн 100 жыл талап кылынмак.

*** ДНК молекуласындагы маалыматтын чоңдугун элестете алуу үчүн, бир ийне көзүнө бата турган көлөмдө ДНКңыз бар дейли. Эми бул маалыматтын 160 беттен турган китептерге жазылганын элестетиңиз. Мынчалык кичинекей көлөмдөгү бир ДНК ичинде 160 беттик бул китептерден 15 триллиону (15 х 1012) батмак. Эгер мынчалык китеп колуңузда болгондо жана баары биринин үстүнө экинчиси тизилгенде, жер менен айдын арасындагы аралыктын (384.000 км) 500 эсесинчелик аралыкка созулмак. Же бул китептер жер бетинде жашаган орточо 6 миллиард адамга бирдей таратылганда, ар адамга 2500 китептен тиймек.64

Бул мисалдар менен түшүндүрүлүүгө аракет кылынган учу-кыйырсыз маалымат ар клетканын ядросунда, көзгө көрүнбөгөн бир жерде сакталуу турат. Ири бир китепканага тең маалыматты сактаган ДНКнын болжол менен 100 триллион клеткада болушу бул китепканадан 100 триллион копия болушу дегенди билдирет. Бул маалымат казынасын адамзат жеткен маалымат деңгээлине салыштыргыбыз келсе, мисал бере турган эч нерсе таба албайбыз. Анан бул чоңдукту жер бетинде учурда жашап жаткан 6 миллиард адам жана жашап өлгөн миллиарддаган адам санына көбөйтсөк, биз эч элестете албаган, учу-кыйырсыз көлөмдө бир маалымат келип чыгат. Болгондо да, бул жерде бир гана адамзаттын генетикалык маалыматы жөнүндө сөз болууда. Бул чоңдукка жер бетинде жашап өткөн миллиондогон жандык түрлөрүнүн генетикалык маалыматын кошсок, абдан укмуштуу бир чоңдук келип чыгат. Ар кандай маалыматтын ээси Улуу Раббибиздин ДНКда чагылган илими «кокустук» көз-караштарын жер менен жексен кылууда. Бир аятта мындайча буюрулат:

Жок, Биз чындыкты батылдын (жалгандын) үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)

ДНК Чексиз Илим Жана Акыл Ээси Аллахтын Чеберчилигинин Мисалдарынан

manzara

Эволюция теориясынын негизги көз-караштары «сокур кокустуктарга» таянат, бирок кокустук маалымат пайда кылбайт. Бир күнү ракты дарылаган бир дарынын формуласы жазылып турган бир кагаз табылса, ал илимпозду эртерээк табуу, ал тургай, ага сыйлык берүү үчүн бүт тиешелүү органдар жандалбаска түшүшөт. Эч ким «бул текст кагазга сыя төгүлүп кетип пайда болуп калбады бекен?» деп эч ойлобойт. Акылы бар, логикалуу ойлонгон ар адам бул текстти химия, физиология, онкология (рак ооруларын изилдөөчү илим тармагы) жана фармакология (дарыларды изилдөөчү илим тармагы) тармактарында адистешкен бирөө жазган деп ойлойт.

Эволюционисттердин ДНКдагы маалыматтын булагын «кокустуктар» менен түшүндүрүүгө аракет кылышы – бул текст кокустан пайда болду деп айтуудан бир топ эсе логикасыз көрүнүш. Себеби ДНКда денедеги 100 миң түрдүү протеиндин ар бирине тиешелүү детальдуу молекулярдык формулалар жана буларды өндүрүү учурунда аткарыла турган буйруктар жазылган. Мындан тышкары, башка клеткалар менен байланышта баш ийиле турган байланыш протоколдору, ал үчүн колдонулчу кабарчы гормондордун өндүрүш пландары жана ушул сыяктуу сансыз түрдөгү башка маалыматтар да ДНКда жазылуу.

ДНК жана анын ичиндеги учу-кыйырсыз маалымат өзүнөн-өзү пайда болду деп айтуу келесоолук болот. Адам геному долбоорун алып барган Ce¬le¬ra Ge¬no¬mics фирмасынын бул тармактагы эң негизги адистеринин бири Жен Майерс (Ge¬ne Myers) ДНКдагы маалыматтын кереметтүүлүгү жөнүндө мындай дейт:

Биз да дагы эле түшүнө элекпиз... метафизикалык, табияттан жогорку бир нерсе бар. Мени чындап таң калтырган жашоонун архитектору... Система таң калыштуу даражада комплекстүү... Бул жерде [ДНКда] кереметтүү бир акыл бар. Минтип ойлонуу илимге сыйбайт дегенге ишенбейм. Башкалар ошентип ойлошу мүмкүн, бирок мен эмес.»65

Китептин эмки бөлүмдөрүндө орун алган ДНКнын келип чыгышы жөнүндөгү эволюционисттик көз-караштар «чечилбеген бир сыр» деген сыяктуу сөздөргө толо. Кээде, жогоруда көрүлгөндөй, ДНКдагы кереметтүүлүк жогорку бир акыл сөзү менен түшүндүрүүгө аракет кылынууда. Кээ бир илимпоздор айта албаган, бирок таң калган бул акыл менен илим Улуу Раббибиз Аллахтын чексиз акылынын жана чексиз илиминин бир чагылышы. Бир Куран аятында мындайча буюрулат:

Аллах – асмандардын жана жердин Нуру. Анын нурунун мисалы, чырак турган бир текче сыяктуу. Чырак – шишенин ичинде, шише болсо кудум эле каухар жылдызы. Ал (чырак) чыгышта да эмес, батышта да эмес (ар дайым нур тийип турган) берекеттүү зайтун дарагы(нын майы) менен жагылат. Анын майы (тунуктугунан улам) от тийбесе деле нур тараткандай болот. (Ал) Нур үстүнө нур (чачат). Аллах каалаган пендесин Өз Нуруна багыттайт. Аллах адамдарга (ушундай) мисалдарды келтирет. Аллах бүт баарын Билүүчү. (Нур Сүрөсү, 35)

Footnotes

38. John Whitfield, "Physicists Plunder Life's Tool Chest", Nature, 24 Nisan 2003.

39. Carl Wieland, "The Marvellous 'Message Molecule'", Creation, Eylül 1995, cilt. 17, no. 4, ss. 10–13; [New Scientist, 26 Kasım 1994, s. 17.]

40. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.

41. Michael Denton, Evolution: A Theory in Crisis, Burnett Books, London, 1985, s. 334; [G. G. Simpson, "The History of Life", Evolution of Life, University of Chicago Press, Chicago, 1960, s. 135.]

42. John Whitfield, "Physicists Plunder Life's Tool Chest", Nature, 24 Nisan 2003.

43. Michael Pitman, Adam and Evolution, River Publishing, London, 1984, ss. 26-27.

44. http://www.ntvmsnbc.com/news/13800.asp

45. Dr. Jerry Bergman, “Divine Engineering: Unraveling DNA's Design”, Koinonia House Online; http://www.khouse.org/articles/technical/19971201-143.html

46. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, ss. 212-213.

47. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 154.

48. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 154.

49. Francis S. Collins, "Faith and the Human Genome Project", Perspectives on Science and Christian Faith, cilt. 55, no. 3, Eylül 2003, ss. 145-146.

50. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 381.

51. Michael J. Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, 1998, s. 154.

52. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.

53. Billl Gates, The Road Ahead, Penguin, London, 1996, s. 188.

54. Daniel C. Dennett, Darwin's Dangerous Idea, Touchstone, New York, 1996, s. 151.

55. David S. Goodsell, The Machinery of Life, Springer-Verlag, New York Inc., 1993, s. 14.

56. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.

57. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.

58. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.

59. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.

60. Carl Wieland, "The Marvellous 'Message Molecule'", Creation, Eylül 1995, cilt 17, no. 4, ss. 10–13.

61. http://www.ntvmsnbc.com/news/13800.asp

62. Lee Spetner, Not By Chance, Shattering the Modern Theory of Evolution, The Judaica Press Inc., 1997, s. 30.

63. Carl Wieland, "The Marvellous 'Message Molecule'", Creation, Eylül 1995, cilt 17, no. 4, ss. 10–13; [Jérôme Lejeune, Anthropotes (Revista di studi sulfa persona e la famiglia), Istituto Giovanni Paolo 11, Rome, 1989, ss. 269-270.]

64. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 75.

65. Tom Abate, "Human Genome Map Has Scientists Talking About the Divine Surprisingly Low Number of Genes Raises Big Questions", San Francisco Chronicle, 19 Şubat 2001.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf