2- Бөлүм Жандуулуктун Маалымат Булагы: ДНК

Бүт жандуулардын негизги генетикалык заты болгон ДНК – кийинки бөлүмдөрдө тереңирээк каралгандай оролгон тепкичтерге окшош бир түзүлүштөгү, абдан узун бир молекула. Бүт жандууларда (адамдар, гүлдөр, канаттуулар, чымындар, ал тургай бактерияларда) ДНК бар. ДНК жандуу клеткасынын өзгөчөлүктөрү жана тартиптүү иштеши менен байланыштуу керектүү бүт маалыматтарга ээ. Ошондой эле, жандуунун кандай көрүнүштө болоору, кандай түзүлүшкө ээ болоору, кантип чоңойоору, органдарынын кантип иштеши жөнүндөгү бүт маалыматтар ДНКда алдын ала аныкталган абалда турат. Мисалы, бир адамдын ДНКсы анын бою, көзүнүн өңү жана дене түзүлүшү менен байланыштуу бүт майда-баратты, дененин кайсы коркунучтардан кантип коргоноору, клетканын курулуш материалдары болгон протеиндерди кантип өндүрөөрү сыяктуу маалыматтарды камтыйт. Бир гүлдүн ДНКсы болсо гүлдүн жыты, түсү, тикендеринин түзүлүшү, жалбырактарынын формасы, сабынын жоондугу жөнүндөгү миллиондогон майда-бараттуу маалыматты коддолгон абалда сактайт. ДНК молекулалары ар жандуунун кантип курулаарын жана кантип иштээрин аныктаган масштабдуу пландар, долбоорлор сыяктуу кызмат аткарат.

Адам өзүнөн бир топ акылдуу бул молекуланы ар бир клеткасында алып жүрөт. Мисалы, азыр бул саптарды окуган көздөрүңүздөгү ар клетканын ичинде ДНК тизмеги пакеттелген абалда турат. Китептин беттерин барактаган манжаларыңыздагы ар бир клеткада, жүрөк клеткаларыңызда, сөөк клеткаларыңызда, кыскасы, денеңизди түзгөн ар бир клеткада ДНК молекуласы бар. Болгондо да адам жашашы үчүн дайыма иш үстүндө. Илим теоретиги проф. д-р Вернер Гитт ДНКдагы маалымат масштабынын кереметтүүлүгү жөнүндө мындай дейт:

Протеин коддоочу бөлүмдөрүнөн сырткары, ДНК ошол эле учурда сансыз өлчөмдө структуралык жана функционалдык маалыматтарды камтыйт. Сакталган маалымат митохондрия жана рибосома сыяктуу кичинекей органеллдердин жасалышы үчүн керектүү болгон сыяктуу эле, чоң органдардын (мисалы, жүрөк, бөйрөктөр, мээ сыяктуу) жана жандуунун бүт денесинин курулушу үчүн да керектүү коддорду камтыйт. Ушул күнгө чейин эч ким өтө таң калыштуу комплекстүү болгон бул системаны чечмелей алган жок.12

kas ve iskelet sistemi

1- Kas sistemi,
2- İskelet sistemi.

Bu sistemlerin tüm detayları DNA'daki genetik bilgide kayıtlıdır.

Проф. Гитт көңүл бургандай, ДНКдагы маалыматтардын таасир чөлкөмү абдан кенен. ДНК тышкы көрүнүштү эле аныктабайт; ошол эле учурда клеткалар, органдар жана системалар масштабында миңдеген ар кандай окуяны пландайт. Аллах ДНКда сактаган маалыматтар урматында денебизде ишке ашкан окуялардын аз бир бөлүгү жалпысынан төмөнкүлөр:

*Сөөктөр дал болушу керек болгон жерде, формада жана чоңдукта өрчүшөт; баш сөөгү, кабыргалар, бел сөөгү, омурткалар баары белгилүү бир максатты көздөгөн кызматка, өзгөчө бир формага жана жоондукка ээ. Мисалы, омурткалар ичинен мааниси абдан зор жүлүн өтө алчу идеалдуу формага ээ. Ошол сыяктуу баш сөөгү мээни, кабыргалар өпкө жана жүрөктү коргоо үчүн атайын калыпка салынган. Булардын баарынын гармониялуу өрчүшү да ДНКда жазылган пландын бир бөлүгү.

*Адам денесинде 206 башка башка сөөк бөлүгү бир бүтүндөй кыймылдай турган абалда бир-бирине булчуңдар менен туташышкан. Бул булчуңдардын тепкичтен түшүп-чыга алууну, чуркоону, ийилип өйдө болууну камсыздай турган ийкемдүүлүгү менен кыймыл жөндөмү да ДНКда жазылган. Аллах ДНКда аныктап койгон маалыматтар урматында булчуңдар биздин каалообузга жараша кыймылдайт. Ушундайча адам суу чынысын кармай алат, китеп беттерин барактай алат, креслодо кулабастан отура алат же бир топ килограмм салмактагы пакеттерди көтөрүп жүрө алат.

eklemler

İnsan vücudunun esnekliğini mümkün kıla, eklemlerin yapısı da, DNA’da kodludur.

*Сөөктөрдүн арасындагы сүртүлүүгө тоскоол болгон кемирчектер болсо формасы, түзүлүшү жана жайгашышы жагынан абдан өзгөчө кыртыштар. Мисалы, тизелердеги кемирчектер тампон кызматын аткарып, ондогон килограмм салмагындагы дене оордугун сезбестен көтөрүп жүрүүнү камсыздайт. Булардын детальдуу планы да ДНКда жазылган.

*Болжолдуу 100000 км узундуктагы, ичинде өтө маанилүү бир суюктук болгон канды ташуучу тамырлар денедеги бүт чекитке жетип, бүт кыртыштардын кан менен азыктанышын камсыздашат. Тамырлар клеткаларга дайыма таза кан жана кычкылтек алып барып, бир тараптан кирдеген канды чогултушат. Жүрөктүн өзгөчө насостоо системасы менен ортоктошуп иштеген жана кээ бирлери бир тал чачтан ичке болгон тамырлар көз жумгучунан манжа учуна, мээден бөйрөктөргө чейин, кыскасы дененин бүт тарабына канды жеткиришет.

*Нервдердин бир тармак сыяктуу денени капташын, дененин нервдер аркылуу кабылдаган өзгөрүүлөргө ылдам реакция беришин жана бүт бөлүктөрүнүн жалгыз бир дене сыяктуу иштешин камсыздашат.

*Денедеги болжолдуу 200 башка башка түрдөгү клеткалардын баары түпкүрүндө бирдей механизмдерге ээ болгонуна карабастан, ар кандай кызматтарды аткарышат. Мисалы, бир боор клеткасы миллисекундалар (секунданын миңден бири) ичинде 500 түрдүү химиялык процессти жасаса, бир жүрөк клеткасы өмүр бою электр энергиясын өндүрө алат.

*Адамдын отурган жеринен туруп басышы, тик турушу, дем алышы, көздөрүн ачып-жумушу, кыскасы өмүрүн улантышы үчүн керектүү болгон энергияны өндүрүү да клеткада жазылган пландын бир бөлүгү. Клеткалардын баары желген азыктардан эң көп энергияны кантип ала алышаарын жана бул энергияны эң натыйжалуу кантип колдоноорун ушул план урматында билишет.

*Өзү да эттен турган ашказандын эттерди сиңирүүчү кислоталарды чыгарып жатып өзүн талкалабаган бир системага ээ болушу, кесилген терини оңдоодо кандын уюшу үчүн 20дай энзимдин ишке киришиши – ДНКда жазылган чаралардын бир канчасы гана.

*Клеткалар арасындагы жогорку бир байланыш системасы болгон жана бүт дене тең салмактуулуктарын жөнгө салган гормондук система да ДНКда аныкталган маалыматтардын негизинде иштейт. Денеде кайсы заттардын канчалык колдонулаары, ашыкчасынын кантип кампаланаары же денеден кантип чыгарылаары да ушул белгилүү пландын ичинде.

*Мындан тышкары, ДНК иммундук системадагы клеткалар арасы маалымат алмашуунун кантип жасалаарын да аныктайт. Мисалы, жара сымал бир кыртышта бузулуу болгондо, иммундук системага тиешелүү реакциялар башталат. Коргонуу клеткалары, жарадан кирген микропторго каршы кол салуу үчүн эң кыска убакыт ичинде жерди аныкташат. Анан коркунуч пайда кылган абалды анализ кылып, микропторго каршы согушту баштоочу кабарларды жөнөтүшөт.

dolaşım ve sinir sistemi

1- Dolaşım sistemi,
2- Sinir sistemi.

Bu sistemlerin de, yapılarından, görevlerine her türlü bilgi, DNA'da mevcuttur.

Дагы ал жөнүндө китепканалар толо маалымат жазуу мүмкүн болгон адам денесинин билинген жана билинбеген кылдат тартиптери ДНК деп аталган маалымат банкында жазылуу бир пландын бөлүктөрү. Кыскасы, ДНКлар жандууларда архитектор, инженер, жыт эксперти, ботаник, лаборант, ички архитектор, чийгич-конструктор, сүрөтчү, доктор жана дагы көптөгөн санап бүткүс чебер искусство адамы жана илимпоздун кызматын аркалаган бир пландоо борбору катары кызмат кылышат. Бул саптарды окушуңуз, көрүшүңүз, дем алышыңыз, ойлонушуңуз, кыскасы, жашашыңыз үчүн дайыма кызмат кылып жаткан бул молекулаларды Улуу Раббибиз Аллах жаратып жатат жана дайыма башкарып турат. Бул чындык бир Куран аятында мындайча билдирилет:

«Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым. Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргоодо).» (Худ Сүрөсү, 56)

ДНКдагы маалыматтарды абдан жөнөкөй бир мисал болгон бир китепке салыштыралы. Бир китептин өзүнөн-өзү пайда болушунун мүмкүн эмес экени анык чындык. Бул кандайдыр бир жол менен мүмкүн болду десек да, ал китепте жазылгандардын кандайдыр мааниси бар маалыматтарды камтышы такыр мүмкүн болбойт. Проф. Филлип Жонсон (Phil¬lip John¬son) ушул мисалдын негизинде туш келди кокустуктардын мындай күчү, жөндөмү, акылы жок экенин айтат:

... тамгаларды, боштуктарды, тыныш белгилерин туш келди бириктирүү менен кадимки узундуктагы мааниси бар жана логикалуу бир китепти пайда кылуунун эч мүмкүн эмес экенине дээрлик бүт адамдар кошулат. Ал тургай, «башында сөз бар эле» деген сыяктуу бир сүйлөмдүн тамгалардын жана сөз боштуктарынын туш келди аралашып чачылышы натыйжасында келип чыгышы да такыр мүмкүн эмес.13

Шексиз, ДНКда жазылган маалымат «башында сөз бар эле» сүйлөмүнө эч салыштырылгыс комплекстүү бир түзүлүшкө ээ жана бул комплекстүү түзүлүштүн өзүнөн-өзү же «кокустан» пайда болгон болушу такыр мүмкүн эмес. Болгондо да, миллиондогон жылдан бери миллиарддаган жандыктагы триллиондогон ДНК кемчиликсиз бир система менен коддолуп, көзгө көрүнгүс кичинекей бир жерге батырылып, эң акылдуу жол менен колдонулууда. Демек адамды да, анын клеткасын да, ДНКсын да кемчиликсиз пландап тартипке салган бир Жаратуучу бар. Ал Жаратуучу чексиз кудуреттүү Аллах. Мунун тескерисин жактоо чындыктарды, акыл жана логиканы четке кагуу дегенди билдирет.

Бирок тамгалардын өзүнөн-өзү тизилип үч кичинекей сөздү да жазышы мүмкүн эмес экенин токтолбостон айта турган көп адамдар «миллиарддаган атомдун бир-бирден өзгөчө бир тизмек менен биригип китепканалар толо маалыматка ээ бир молекуланы пайда кылышы «кокустуктар» натыйжасында болгон» деген калпты эч каршы чыкпастан угушууда. Мунун жалгыз себеби – бул дарвинизмге далилсиз, фанаттык жабышуу. Мындай фанатизм мээлүү кээ бир адамдардын апачык болгон Жаратуу чындыгын көрүшүнө тоскоол болуп, аларды эч акылга сыйбас ишенимдерге багыттоодо. Бул стереотиптен кутулган, акыл жана абийири менен ойлонгон ар бир адам ДНК сыяктуу чексиз бир маалымат банкынын Аллахтын жаратышы менен гана пайда болушу мүмкүн экенин апачык көрөт.

Аларга: «Аллах түшүргөндү ээрчигиле» деп качан болбосун айтылганда, алар: «Жок, биз аталарыбыз кылган нерсени (салтты) ээрчийбиз» дешет. Аталарынын акылы эчтекеге жетпес жана туура жолду таба албаган болушсачы? Чындыктан баш тартуучулардын (каапырлардын) мисалы кыйкырып-өкүрүүдөн башка эч нерсе укпастан (уккан же кыйкырган нерсесинин маанисин билбеген жана тынымсыз) айкырган (бир айбан) мисалы сыяктуу. Алар – дүлөй, тилсиз, көр; ошондуктан акыл жүгүртүп (чындыкка) жете алышпайт. (Бакара Сүрөсү, 170-171)

manzara

Булактар

12. Werner Gitt, The Wonder of Man, Christliche Literatur-Verbreitung e.V., Almanya, 1999, s. 76.

13. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism by Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 73.

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
doc
pdf