Эволюция теориясынын түбүндө материалисттик философия турат. Материализм зат (материя) гана бар деген гипотезага таянат. Бул философия зат түбөлүктөн бери бар, дайыма болот жана заттан башка эч нерсе жок дейт. Материалисттер бул пикирлерин колдоо үчүн «редукционизм» деп аталган бир логиканы колдонушат. Редукционизм – бул зат сыяктуу көрүнбөгөн нерселерди да негизи заттык факторлор менен түшүндүрүү мүмкүн деген көз-караш.
Муну түшүндүрүү үчүн акыл (аң-сезим) мисалын берели. Белгилүү болгондой адамдын акылы «кол менен кармала турган, көзгө көрүнө турган» бир нерсе эмес. Ал тургай, адам мээсинде бир «акыл борбору» да жок. Бул абал бизди сөзсүз «акыл заттан-өйдө бир түшүнүк» деген жыйынтыкка алып барат. Б.а. «мен» деген, ойлонгон, сүйгөн, толкунданган, ырахат алган же оору сезген жандык бир кресло, бир стол же бир таш сыяктуу заттык бир нерсе эмес.
Материалисттер болсо акылды «затка төмөндөтүүгө болот» дешет. Материалист көз-караш боюнча, биздин ойлонушубуз, сүйүшүбүз, сүйүнүшүбүз жана бүт башка сезимдерибиз түпкүрүндө мээбиздеги атомдор арасында ишке ашкан химиялык реакциялар гана. Бир адамды сүйүшүбүз мээбиздеги кээ бир клеткалардагы бир химиялык реакция, бир окуядан коркушубуз башка бир химиялык реакция. Атактуу материалист философ Карл Фогт (Karl Vogt) бул логиканы «боор өт суюктугун чыгарган сыяктуу, мээ ой-пикир чыгарат» деген акылсыз сөзү менен айткан.132 Чынында болсо, албетте өт суюктугу бир зат, бирок ой-пикирдин зат экенин көрсөтө турган эч бир далил жок.
Редукционизм бир ой жүгүртүү ыкмасы. Бирок ой жүгүртүү туура негиздерге таянышы да мүмкүн, туура эмес негиздерге да. Ошондуктан биз үчүн азыр маанилүү болгон суроо мындай: материализмдин негизги логикасы болгон «редукционизм» илимий маалыматтар менен салыштырылганда ортого кандай жыйынтык чыгат?
19-кылымдын материалист илимпоздору же ойчулдары бул суроого оңой гана «илим редукционизмди тастыктайт» деген жоопту берүүгө болот деп ойлошкон. Бирок 20-кылымдын илими такыр башка бир чындыкты чыгарды.
Бул чындык – табиятта бар болгон жана затка төмөндөтүү мүмкүн эмес болгон «маалымат».
Жандыктардын ДНКларында абдан масштабдуу бир маалымат бар экенине мурдакы бөлүмдөрдө токтолгон элек. Миллиметрдин жүз миңден бириндей кичинекей бир жерде бир жандык денесинин бүт физикалык детальдарын сүрөттөгөн бир «маалымат банкы» бар. Мындан тышкары, жандыктын денесинде бул маалыматты окуган, жоромолдогон жана ошого жараша «өндүрүш» жасаган бир система бар. Бүт жандык клеткаларында ДНКдагы маалымат ар кайсы энзимдер тарабынан «окулат» жана бул маалыматка жараша протеин өндүрүлөт. Денебизде секунда сайын керектүү жерге, керектүү түрдөгү миллиондогон протеиндин өндүрүшү ушул система менен ишке ашат. Бул система урматында өлгөн көз клеткаларыбыз кайра көз клеткалары менен, кан клеткаларыбыз кайра кан клеткалары менен жаңыланат.
Бул жерде материализмдин көз-карашын эстейли: ДНКдагы маалыматты, материалисттер айткандай, затка төмөндөтүүгө болобу? Же башкача айтканда, ДНКнын бир зат жыйындысы гана экенин жана ал камтыган маалыматтын заттын туш келди таасирлешүүсү менен пайда болгонун кабыл алууга болобу?
20-кылымда жасалган бүт илимий изилдөөлөр, эксперимент жыйынтыктары жана байкоолор бул суроого сөзсүз «жок» жообу берилиши керек экенин көрсөтүүдө. Себеби жашоо эч качан заттан гана турбайт. Алдыңкы илим теоретиги жана биофизик Хьюберт Йоки (Hubert Yockey) «бүт кабарлар сыяктуу жашоонун кабары (генетикалык код) да заттан-өйдө, бит жана байттар абалында өлчөнө алган маалымат мазмунуна ээ.»133 десе, илимпоз Дин Оверман (Dean Overman) бул жөнүндө мындай дейт:
Генетикалык код камтыган маалымат бүт маалымат же кабарлардагы сыяктуу, заттан жасалган эмес. Маани коддун символдору же алфавитинен келип чыккан бир өзгөчөлүк эмес. Генетикалык коддогу кабар же маани заттан-өйдө, жана аны физикалык же химиялык өзгөчөлүктөргө төмөндөтүүгө болбойт; материализм генетикалык коддогу маанини түшүндүрбөйт.134
Профессор Филипп Жонсон (Phillip Johnson) болсо мындай дейт:
Биринчиден, жашоо бир гана заттан турбайт, зат жана маалыматтан турат. Экинчиден, маалыматты затка төмөндөтүүгө болбойт, бирок заттын бүтүндөй башка бир түрү. Ушул себептен бир жашоо теориясы заттын тамырын гана эмес, ошол эле учурда маалыматтын көз-карандысыз тамырын да түшүндүрө алышы керек. Үчүнчүдөн, бир китеп же биологиялык бир клетканын ичиндеги белгиленген маалымат түрү кокустан же физикалык жана химиялык мыйзамдардын таасири менен өндүрүлүшү мүмкүн эмес.135
Илим теоретиги проф. Вернер Гитт да In The Beginning Was Information (Башында маалымат бар эле) аттуу китебинде жандуулукту бир гана зат менен түшүндүрүү мүмкүн эмес экенин айтат:
Зат менен энергия жашоонун негизги керектүү нерселери, бирок буларды жандуу менен жансыз системаларды айырмалоо үчүн колдонууга болбойт. Бүт жандуу нерселердин орток өзгөчөлүгү – бул алардагы маалымат, жана бул маалымат бүт жашоо процесстери менен байланыштуу өндүрүштөрдү жөнгө салат. Маалыматтын берилиши болсо бүт жашаган жандыктарда маанилүү роль ойнойт. Мисалы, бир канаттуу бир гүлдөн башкасына чаңча ташып баратканда, бул эң башта бир маалымат ташуу иши болот (генетикалык маалымат берилет); буга кошулган чыныгы материал болсо маанилүү эмес. Маалымат жашоо үчүн керек болгону менен, маалымат өзү жалгыз жашоону толук сүрөттөө үчүн жетиштүү эмес.136
Генетикалык коддун «заттан-өйдө» маалымат камтышы генетикалык код менен байланыштуу ойдон чыгарылган эволюция сценарийлеринин эң башынан жараксыз экенин көрсөтөт. Себеби бул сценарийлер эң башынан зат өзүн-өзү уюштуруп, генетикалык маалыматты жана кодду пайда кылган деген гипотезага таянат. Бирок заттын өз башынча код өндүрүшү мүмкүн эмес болгондуктан, генетикалык кодго байланыштуу бүт материалист түшүндүрмөлөрдүн да мааниси жок.
Мындан тышкары, ДНКдагы генетикалык тамгалардын тизилиши жашоо үчүн өтө маанилүү. Өзү жалгыз эч маани билдирбеген нуклеотиддер өзгөчө бир тизмекте тизилип, мааниси бар маалыматтарды алып жүрүүчү гендерди түзүшөт. ДНК ичиндеги бул маанилүү маалыматы менен табияттагы башка түзүлүштөрдөн белгилүү абалда айырмаланат. Профессор Филипп Жонсон ДНКнын бул өзгөчөлүгү жөнүндө мындай дейт:
... Бир компьютер программасы же бир китеп үчүн маалымат сакталган физикалык шарттар эмес, маалыматтын өзү маанилүү болгон сыяктуу, ДНКда да анын жазылышындагы химиялык заттар эмес, маалымат маанилүү. Бул ири чоңдуктагы комплекстүү маалымат болмоюнча метаболизма иштебейт жана көбөйүү баштала албайт.137
Жонсон бул сөздөрүндө айткандай, химиялык заттардын туш келди катарга тизилиши жандыктардын жашашы жана көбөйүшү үчүн керектүү шарттарды түзбөйт. Химиялык заттар ДНКдагы сыяктуу кеңири масштабдуу жана маанилүү бир маалыматты түзө турган абалда гана катарга тизилиши керек. Мынчалык чоң бир эркти атомдордон, молекулалардан издөө мүмкүн эмес. Бул маалыматтын булагы – бүт нерсенин илимине ээ, жерде жана асмандагылардын баарын жараткан Улуу Аллах. Атактуу теоретик физик Пол Дэвис (Paul Davies) генетикалык маалыматтын маани жагынан баалуулугун мындайча баяндайт:
... биологиялык маалыматтын айырмалоочу бир өзгөчөлүгү – мааниге толо болушу. ДНК ишке жарамдуу бир организмди куруу үчүн керектүү маалыматтарды кампалайт; алдын ала аныкталган, атайын бир продукт үчүн бир алгоритм (баскан жол) же көмүртек копия (дал өзү)... гендер сөзсүз бир нерсени коддойт жана символдойт. Бул жерде чыныгы табышмак – бул маалыматтын болушу эле эмес, сапаты.138
Пол Дэвис генетикалык маалыматтын тамырын «табышмак» деп айтышынын себеби – ДНКдагы маалыматты материалисттик жактан түшүндүрө албашы. Бирок материализм учурда жаратылуу алдында дагы бир жолу жыгылды. 20-кылымдын таанымал илим философторунан химик Майкл Полани (Michael Polanyi) болсо материалисттик түшүндүрмө жасай албашын айтат:
Бир ДНК молекуласы өрчүп жаткан бир клеткага маалымат берет. Ошол сыяктуу, бир китеп да маалымат берет. Бирок маалыматты берүүнү химиялык же физикалык принциптерге карап түшүндүрүүгө болбойт. Башкача айтканда, китептин иштешин химиялык терминдерге түшүрүүгө болбойт. ДНК генетикалык маалыматтын берилиши менен иштегендиктен, ДНК функциясын да химия мыйзамдары менен түшүндүрүүгө болбойт.139
Теоретик физик профессор Якоб Д. Бекенштейн (Jacob D. Bekenstein) Scientific American журналындагы «Голографиялык ааламдагы маалымат» аттуу макаласында маалыматтын мааниси жөнүндө мындай дейт:
Физикалык дүйнө эмнелерден турат деп кайсы бир адамдан сурасаңыз, сиз «зат менен энергия» деген жоопту алат болушуңуз керек. Бирок эгер инженериядан, биологиядан жана физикадан бир нерсе үйрөнгөн болсок, маалымат абдан маанилүү нерсе. Автомобиль заводундагы робот металл жана пластикадан турат, бирок кайсы бөлүктү эмне колдоноорун ж.б. айтуучу көп сандагы буйрук болбостон, пайдалуу эч нерсе жасай албайт. Денебиздеги клетка ичинде бир рибосома амино-кислоталардан турат жана ATP'нын ADP'га айланышынан келип чыккан энергиядан күч алат. Бирок клетка ядросундагы ДНКдан алынган маалымат болбостон протеин синтездей албайт. Ошол сыяктуу, физикадагы бир кылымдык жетишкендиктер бизге маалыматтын физикалык системаларда жана процесстерде абдан маанилүү бир элемент экенин үйрөттү.140
Эволюционисттердин сөздөрүн окуганыбызда кээде эволюция теориясынын жандыктардагы маалымат алдында туюкта калганын моюнга алышканын көрөбүз. Бул темадагы ачык сөздүү барктуулардын бири француз зоолог Пьер П. Грассе (Pierre-P. Grassé). Грассе материалист жана эволюционист болсо да, дарвинисттик теорияны жараксыз кылган эң маанилүү чындыктын жашоону түзгөн маалымат экенин кабыл алат:
Ар кандай жандуу организм кереметтүү даражада улуу бир «акылды» камтыйт. Бул адамдардын эң чоң архитектуралык эмгеги болгон чиркөөлөрдү куруу үчүн колдонгондон бир топ жогору бир акыл. Учурда бул акылды «маалымат» (информация) деп атайбыз, бирок мааниси ошол эле. Бул маалымат бир компьютерде программаланган эмес, бирок компьютердикинен бир топ тар жерге, ДНКдагы хромосомаларга же ар клеткадагы ар кандай органеллдерге батырылган. Бул «акыл» жашоонун «сөзсүз керектүү» бир шарты. Бирок мунун булагы эмне?... Бул биологдорду да, философторду да кызыктырган бир суроо жана илим муну эч чече алгыс абалда.141
Пьер П. Грассе «илим бул суроону эч чече алгыс абалда» деп айтышынын себеби – материалисттик болбогон эч бир түшүндүрмөнү «илимий» деп санагысы келбешинде. Бирок илим өзү материалисттик философиянын гипотезаларын жараксыз кылууда жана бир Жаратуучунун бар экенин далилдөөдө. Грассе же башка материалист илимпоздор бул чындыкка же көздөрүн жумушат же «илим муну түшүндүрө албайт» дешет. Себеби алар «алгач материалист, анан илимпоз» жана илим тескерисин далилдесе да, материализмге ишенүүнү улантышат.
ДНК менен байланыштуу бул чындык –генетикалык маалыматты зат жана энергия менен же табият мыйзамдары менен түшүндүрүүнүн эч мүмкүн эместиги- эволюция теориясынын алдында, жыгылбас бир дубал катары тура берет. Немец Федералдык физика жана технология институтунун башчысы проф. др. Вернер Гитт бул жөнүндө мындай дейт:
... Маалымат бүт нерсенин негизинде турган бир түшүнүк болгондуктан, заттын касиети боло албайт, ушул себептен анын тамырын (келип чыгышын) да заттык бир процесс менен түшүндүрүүгө болбойт... Маалыматтын негизги саны заттык эмес (акылдык) бир табияты. Заттын бир касиети эмес, ошондуктан таза материалдык процесстер маалыматтын булагы катары карала албайт... Заттын маалымат пайда кылышын камсыз кыла турган, белгилүү болгон бир дагы табият мыйзамы, физикалык процесс же материалдык окуя жок...142
Вернер Гитт башка бир сөзүндө болсо маалыматтын жаратуу менен гана пайда болушу мүмкүн экенин айтууда:
Биологиялык маалымат... абдан жогору бир сактоо тыгыздыгы болгондуктан, башка системалардан айырмалуу жана ушул себептен кереметтүү даражада уста түшүнүктөрдү камтыйт... Жашаган организмдерде бар болгон маалыматтын акылдуу бир булакка муктаж экени анык. Бул булак адам эмес жана ушул себептен жалгыз ыктымалдык – булардын бир Жаратуучусу бар экендиги.143
Göklerin ve yerin yaratılması ile onlarda her canlıdan türetip-yayması O'nun ayetlerindendir. Ve O, dileyeceği zaman onların hepsini toplamaya güç yetirendir. |
Вернер Гиттин сөздөрү, ошол эле учурда, акыркы 20-30 жыл ичинде өнүккөн жана термодинамиканын бир бөлүгү катары кабыл алынган «Маалымат теориясы» жеткен жыйынтыктар. Маалымат теориясы ааламдагы маалыматтын түзүлүшүн жана тамырын изилдейт. Маалымат теоретиктеринин көпкө созулган изилдөөлөрү натыйжасында алынган жыйынтык болсо мындай: «маалымат заттан башка бир нерсе. Затка эч төмөндөтүүгө болбойт. Маалыматтын жана заттын булагын өз-өзүнчө изилдөө керек.»
ДНКдагы маалыматтын булагы болсо материалисттер үчүн эч чыгылгыс бир туюк. ДНК молекуласында коддолгон маалыматтын булагын кандайдыр бир табигый механизм менен түшүндүрүү мүмкүн эмес. Бүт байкоо, эксперимент жана тажрыйбалар маалыматтын аң-сезимдүү бир жандыктан гана келээрин көрсөтүүдө. ДНКдагы маалымат болсо – бүт жандуулукту жараткан Улуу Аллахтын чыгармасы. Куранда Раббибиздин жаратуу чеберчилиги жана чексиз кудурети мындайча баяндалат:
Мына Раббиңер болгон Аллах ушул. Андан башка кудай жок. Бүт нерсенин Жаратуучусу, демек Ага кулчулук кылгыла. Ал бүт нерсенин үстүндө бир өкүл. Көздөр Аны көрө албайт; Ал болсо бардык көздөрдү көрүп турат. Ал Латиф, (баарынан) Кабардар. (Энъам Сүрөсү, 102-103)
Илим ортого койгон бул жыйынтыкты табият жагынан караганыбызда болсо абдан маанилүү бир жыйыныкка келебиз. Себеби табият, ДНК мисалындагы сыяктуу, кереметтүү бир маалыматка толо жана бул маалыматты затка төмөндөтүү мүмкүн эмес болгондуктан, демек заттан-өйдө бир булактан келүүдө.
Bu Kitap Yalnızca Mürekkep ve Kağıt Değildir |
Okumakta olduğunuz bu kitap, diğerleri gibi kağıttan, mürekkepten ve içindeki bilgiden oluşur. Dikkat edilirse, kağıt ve mürekkep maddesel birer unsurdur. Kaynakları da yine maddedir: Kağıt selülozdan, mürekkep ise çeşitli kimyasallardan yapılır. Ama kitaptaki bilgi, maddesel bir şey değildir ve maddesel bir kaynağı olamaz. Her kitaptaki bilginin kaynağı, o kitabı yazmış olan yazarın zihnidir. Ayrıca bu zihin, kağıt ve mürekkebin nasıl kullanılacağını da belirler. Bir kitap, önce o kitabı yazan yazarın zihninde oluşur. Yazar zihninde mantıkları kurar, cümleleri dizer. Bunları ikinci aşamada maddesel bir şekle sokar. Yani bir daktilo ya da bilgisayar kullanarak, zihnindeki bilgiyi harflere dönüştürür. Sonra da bu harfler matbaaya girerek kağıt ve mürekkepten oluşan kitaba dönüşürler. Profesör Phillip Johnson da bu örnek üzerinden DNA'nın kökenine şöyle dikkat çekmektedir: |
Bir kitabın edebi üslubunu ya da anlamını, mürekkebinin ya da kağıdın fiziksel özelliklerinden meydana gelen vasıflarıyla açıklamaya çalışmak, oldukça mantıksız olacaktır. Mesaj bir yazardan gelir; mürekkep ve kağıt ancak araçtır. Aynı şekilde DNA'da yazılan bilgi DNA'nın ürünü değildir. Bilgi nereden gelmektedirş Yazar olan kim ya da nedir?1 Buradan da şu genel sonuca varabiliriz: “Eğer bir madde bilgi içeriyorsa, o zaman o madde, söz konusu bilgiye sahip olan bir akıl tarafından düzenlenmiştir. Bu akıl tüm evreni yoktan var eden Yüce Rabbimize aittir.” 1- Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism by Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 73. |
Эволюция теориясынын учурдагы эң алдыңкы жактоочуларынын бири Жорж К. Уиллиамс (George C. Williams) көп материалист жана эволюционист көргүсү келбеген бул чындыкты кабыл алат. Уиллиамс материализмди көп жылдар бою күчтүү жактаган, бирок 1995-жылдагы бир макаласында «бүт нерсе – зат» деп кабыл алган материалист (редукционисттик) подходдун туура эмес экенин айтат:
Эволюционист биологдор эки башка тармакта эмгектенип жатышканын ушул күнгө чейин байкай алышпады; бул эки тармак зат менен маалымат... Бул эки тармакты «редукционизм» деп аталган формула менен эч бириктирүүгө болбойт... Гендер заттык объект болуудан көбүрөөк маалымат пакеттери... Биологияда гендер, генотиптер жана генофонддор сыяктуу түшүнүктөрдөн сөз кылганыңызда, маалымат жөнүндө сөз кылган болосуз, заттык объекттер жөнүндө эмес... Бул маалымат менен заттын пайда болуунун эки башка тармагы экенин көрсөтүүдө жана бул эки башка тармактын келип чыгышы (тамыры) да өз-өзүнчө изилдениши керек.144
20-кылымда илим ДНКдагы маалыматты, материалисттер айткандай, затка түшүрүү мүмкүн эмес экенин көрсөттү. Ошондуктан табияттагы маалыматтын булагы да материалисттер ойлогондон тескерисинче заттын өзү боло албайт. Маалыматтын булагы зат эмес, заттан-өйдө жогорку бир Акыл. Бул Акыл заттан мурда бар. Затты Ал жаратып, калыпка жана тартипке салган. Бул акылдын ээси бүт ааламдардын Рабби Аллах. Жандуулардын тамырында турган бул кереметтүү маалымат материалисттик философияны кыйратып, ааламдардын Рабби Аллахтын апачык бар экенине сансыз далилдерди койууда.
Ünlü Bilim Adamı Anthony Elew DNA’daki Kompleks Yapı Üzerine İman Etti |
“Elbette insanları etkiledim, bu yüzden vermiş olabileceğim büyük zararı gidermek istiyorum ve bunun için çaba göstereceğim.” (Anthony Flew) Bir dönemin ünlü ateist felsefecisi Anthony Flew, DNA'daki kompleks yapı üzerine, 66 yıl boyunca savunduğu ateizmin, çökmüş bir felsefe olduğunu kabul etti. 81 yaşındaki İngiliz felsefe profesörü Flew, 15 yaşında ateist olmayı seçmiş ve adını akademik alanda ilk olarak, 1950 yılında yayınladığı bir makaleyle duyurmuştu. Sonraki 54 yıllık sürede, eğitim vermekte olduğu Oxford, Aberdeen, Keele ve Reading Üniversiteleri ile ziyaret için bulunduğu çok sayıda Amerikan ve Kanada üniversitesinde, tartışmalarda, kitap, ders ve makalelerde ateizmi savundu. Ancak Flew, yakın bir dönem önce, bu yanılgısını terk ettiğini ve evrenin yaratılmış olduğunu kabul ettiğini açıkladı. The Sundays Times'ta yer alan haberde evrim teorisi ile ilgili şunları ifade etmektedir:Şuna ikna oldum ki ilk canlı maddenin, cansız maddeden evrimleşerek meydana gelmesi, ardından da olağanüstü komplekslikte bir canlıya dönüşmesi, açıkça söz konusu değildir.1 Bu köklü karar değişikliğinde etkili olan şey, modern bilimin yaratılış hakkında ortaya koyduğu açık ve kesin kanıtlardır. Flew, yaşamın bilgiye dayalı kompleksliği karşısında, canlılığın bilinçli olarak yaratıldığının farkına varmış ve bu inanç değişikliğinin temelinde yatan bilimsel sebepleri şu sözlerle açıklamıştır:Biyologların DNA araştırmaları, yaşam için gerekli düzenlemelerin neredeyse inanılmaz olan kompleksliğini ortaya koyarak, yaşamın temelinde bilinç bulunmuş olması gerektiğini gösterdi.2 Flew'un fikir değişikliğinde temel sebep olarak gösterdiği DNA araştırmaları, gerçekten de yaratılış gerçeğine dair çarpıcı gerçekler ortaya çıkarmıştır. DNA molekülünün sarmal yapısı, genetik koda sahip oluşu, tesadüfü reddeden hassas nükleotid dizilimleri, ansiklopedik miktarda bilgi depolaması ve daha birçok çarpıcı bulgu, bu molekülün yapı ve fonksiyonlarının yaşam için özel olarak ayarlandığını ortaya koymuştur. Uzun bir dönem ateizmi savunan Anthony Flew'un bilinçli yaratılışı kabul etmesi, ateizmin içinde bulunduğu çöküş sürecinde yaşanan son perdeyi yansıtmaktadır. Modern bilim, bir Yaratıcı'nın varlığını ortaya koymuş, böylece ateizmi devre dışı bırakmıştır.
Flew'u etkileyen bilim adamlarından Prof. Gerald Schroeder ise, Science Reveals the Ultimate Truth (Bilim Mutlak Gerçeği Ortaya Koyuyor) adlı kitabında, tüm evrende tecelli eden akıl ve bilgiden şöyle bahsetmektedir: Tek bir bilinç, evrensel bir akıl, tüm evreni kaplamaktadır. Atomaltı maddenin kuantum doğasını araştıran bilimin bulguları, bizi hayranlık uyandırıcı şu kabulün eşiğine getirmiştir: Tüm varlık, bu aklın bir dışa vurumudur. Laboratuvarlarda bunu, ilk başta enerji olarak ifade edilmiş, sonra madde formunda yoğunlaşmış bilgi olarak gözlemliyoruz. Atomdan insana kadar her bir parçacık, her varlık; bir bilgi ve akıl seviyesi ortaya koymaktadır.3 Gerek hücrenin işleyişi, gerek maddenin atomaltı parçacıkları üzerinde yapılan bilimsel araştırmalar, şu gerçeği inkar edilemez bir biçimde ortaya koymuştur: Evren ve yaşam, herşeye hakim, üstün akıl sahibi bir varlığın iradesiyle yoktan var olmuştur. Hiç şüphesiz, evreni her seviyede kuşatan bu bilgi ve aklın sahibi, üstün kudret sahibi Yüce Allah'tır. Allah bu gerçeği Kuran'da şöyle bildirmektedir: Doğu da Allah'ındır, batı da. Her nereye dönerseniz Allah'ın yüzü (kıblesi) orasıdır. şüphesiz ki Allah, kuşatandır, bilendir. (Bakara Suresi, 115) 1- Stuart Wavell, Will Iredale, “ Sorry, says atheist-in-chief, I do believe in God after all”, The Sunday Times, 12 Aralık 2004; http://www.timesonline.co.uk/article/0,,2087-1400368,00.html 2- Richard N. Ostling, “Lifelong atheist changes mind about divine creator”, The Washington Times, http://washingtontimes.com/national/20041209-113212-2782r.htm 3- Gerald Schroeder, The Hidden Face of God, Touchstone, New York, 2001, s. Xi. |
132. Encyclopædia Britannica, "Modern Materialism"
133. Hubert Yockey, "Information in Bits and Bytes", BioEssays, 1995, cilt 17, s. 85.
134. Dean L. Overman, A Case Against Accident and Self-Organization, Rowman & Littlefield Publishers, 1997, s. 37.
135. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism by Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 75.
136. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 88.
137. Phillip E. Johnson, Evrim Duruşması, Gelenek Yayıncılık, İstanbul, Aralık 2003, çev: Orhan Düz, ss. 33-34.
138. Paul Davies, The Fifth Miracle: The Search for the Origin and Meaning of Life, Simon & Schuster, 1999, s. 60.
139. Michael Polanyi, "Life Transcending Physics and Chemistry", Chemical & Engineering News, cilt 45, no. 35, 21 Ağustos 1967, s. 56.
140. Jacob D. Bekenstein, "Information in the Holographic Universe", Scientific American, 14 Temmuz 2003, s. 59.
141. Pierre P. Grassé, The Evolution of Living Organisms, 1977, s. 2.
142. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, ss. 47, 107.
143. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 97.
144. George C. Williams, The Third Culture: Beyond the Scientific Revolution, Simon & Schuster, New York, 1995. ss. 42-43.