Жыйырманчы кылымдын экинчи жарымында молекулярдык биология тармагындагы өнүгүүлөр клетканын ичиндеги миниатюралык дүйнө жөнүндөгү көз-карашты тамырынан өзгөрттү. Учурдагы өнүккөн технология менен адамдар клеткадагы кемчиликсиз жана комплекстүү механизмдерден кабардар болушту. Ошентип булардын кокустан же акырындап өзүнөн-өзү пайда боло албашын түшүнүштү. Клетканы түзгөн системалардын көпчүлүгү жарыктын көзгө көрүнгөн толкун узундугунун астында. Клетканын кээ бир бөлүктөрүн рентгендик кристаллография деп аталган алдыңкы ыкмалар менен гана изилдөө мүмкүн болууда.
Ал эми Дарвин теориясын чыгарган кезде ДНК сыяктуу бир молекуланын спиралдык түзүлүшүн жана маалымат мүмкүнчүлүгүн изилдөө мындай турсун, илим клетканын негизги түзүлүшүн да билбей турганчалык артта (примитивдик) эле. Жеймс Уотсон (Ja¬mes Wat¬son) менен Фрэнсис Крик ДНКнын спиралдык түзүлүшүн Дарвиндин Түрлөрдүн келип чыгышы аттуу китеби чыккандан болжол менен 100 жылдан соң аныкташты. Ал кезден бүгүнкү күнгө чейинки өнүгүүлөрдү Дарвин божомолдой алмак эмес эле. Бул жагынан караганда тамырынан жараксыз маалымат жана гипотезаларга таянган эволюция теориясынын ДНК сыяктуу илимпоздорду дагы деле таң калтырган бир түзүлүштү түшүндүрө албашы анык. Кембридж университетинен философ д-р Стивен К. Мейер (Step¬hen C. Me¬yer) учурдагы илимди Дарвиндин дооруна салыштырып жатып мындай дейт:
20-кылымдын акыркы жарымында молекулярдык биология менен биохимиядагы өнүгүүлөр клетка ичиндеги миниатюра дүйнө жөнүндөгү түшүнүгүбүздү тамырынан өзгөрттү. Жүргүзүлгөн изилдөөлөр жашоонун негизги бөлүктөрү болгон клеткалардын өз ичтериндеги процесстерди жөнгө салуу максатында маалымат сактаарын, жиберээрин жана тартипке салып колдоноорун аныктады... Учурда биологдор клеткалар жөнүндө «реалдуу убакыттуу таркатуучу компьютерлер» же «комплекстүү процессор системалары» деп сөз кылышууда... Дарвин албетте бул нерселерди эч билген эмес, булардын түбүн изилдөөгө да аракеттенген эмес. Мунун ордуна биологиялык эволюция теориясы менен жашоонун «бир канча жөнөкөй формадан» баштап, акырындап комплекстүүрөөк абалга келгенин түшүндүрүүгө аракеттенген... 1870- жана 1880-жылдары илимпоздор жашоонун келип чыгышына бир түшүндүрмө табуу абдан оңой деп ойлошкон. Жашоо көмүр кычкыл газы, кычкылтек жана азот сыяктуу жөнөкөй химикаттардын кошулушу менен оңой гана алынуучу протоплазма деп аталган бир заттан келип чыккан деп элестетишкен.»5
Бирок Дарвиндин мураскорлору болгон кээ бир илимпоздор атомдор кокустан өз башынча биригип комплекстүү жандыктарды пайда кылган деген көз-карашта. Өзгөчө акыркы 50 жыл ичиндеги молекулярдык генетика тармагындагы укмуштуу өнүгүүнү эске алсак, Дарвиндин пикирлеринин дагы эле келе жатышы абдан таң калыштуу. Бул өзү да бир эволюционист болгон Гарвард университетинен биолог жана генетик д-р Ричард Левонтиндин (Ric¬hard Le¬won¬tin) бир моюнга алуусунда да орун алат:
... эволюция бир чындык эмес, бир философия. Эң биринчиден материализм келет (априори) жана далил бул өзгөрбөс философиялык көз-карандылыктын жарыгында которулат...6
Эволюция теориясынын мураскорлору материализмге болгон көз-карандылыгы (жакындыгы) себебинен илим ортого койгон чындыктарды көбүнчө кабыл ала албай жатышат. Ушул себептен 19-кылымдын эскирген илим түшүнүгүн дагы эле өжөрдүк менен бүгүнкү күнгө алып келүүгө аракеттенишүүдө. Бирок чындыктар ушунчалык ачык болгондуктан, эч бир жалган (батыл) философия менен жабуу мүмкүн эмес. Куранда Аллах «акыйкатты жалган менен жараксыз кылуу үчүн күрөшкөндөр» (Кахф Сүрөсү, 56) болоорун билдирүүдө жана бир аятында минтип буюрууда:
Жок, Биз чындыкты батылдын үстүнө таштайбыз, ал (чындык) анын (батылдын) мээсин талкалайт. Бир карасаң, ал жок болуп кеткен болот. (Аллахка карата) Мындай сыпаттаганыңар үчүн силерге азап болсун. (Анбия Сүрөсү, 18)
Darwin'in DNA'dan Haberi Yoktu |
Darwin, teorisini ortaya atarken türlerin çeşitliliğinin mantığını açıklayamamıştı. Açıklayamazdı da, çünkü Darwin'in DNA'dan haberi yoktu. Darwin ne genetik, ne biyomatematik, ne de mikrobiyoloji biliyordu. Bu bilim dalları, Darwin'in yaşadığı dönemde var olmadığından zaten bunları bilmesine de imkan yoktu. Darwin, sahip olduğu kısıtlı imkanlar ile canlılardaki benzerliklere dayanarak hayali çıkarımlar yapmıştı. Yukarıdaki bilim dalları henüz ortaya çıkmadığından hücre hakkında bir çalışma yapmasına da imkan yoktu. Bu bakımdan evrim teorisinin iddialarının ortaya atıldığı dönem, cehaletin boyutlarını görmek açısından oldukça önemlidir. |
Эволюционисттик сценарий боюнча, мындан төрт миллиард жылдай мурда калп бир примитивдик дүйнө атмосферасында бир катар жансыз химиялык заттар реакцияга кирип, чагылгандардын, жер титирөөлөрдүн таасири менен аралашкан жана алгачкы жандуу клетка пайда болгон. Чынында болсо клетка калкы эң көп жана алдыңкы технологияга ээ бир шаардан да комплекстүүрөөк бир түзүлүшкө ээ. Клетканын ичинде энергия өндүрүүчү станциялардан протеин өндүрүүчү заводдорго, чийки заттарды ташуучу системасынан ДНКны которуучу код чечмелегичтерге, тыгыз жана үзгүлтүксүз байланыш системасына чейин көптөгөн түзүлүштөр кемчиликсиз бир уюшкандыкта тынымсыз иш-аракетте.
1. Çekirdek | 6. Golgi Cisimciği | 11. Hücre Zarı |
Hücrenin yapısındaki komplekslik, bir şehir merkezindeki yapılanmayı hatırlatır. Ancak hücredeki gözle görülmeyecek boyutlardaki düzen, insanın 100 trilyon hücresinin her birinde ayrı ayrı yer alır. |
Эволюционисттердин «клетка кокустан пайда болгон» деген пикирине ишенүү «болжол менен 10 миллион калкы бар Стамбул шаары; бүт имараттары, унаа жолдору, транспорт системалары, электр жана суу тармактары, заводдору, байланыш системасы ж.б. менен бирге, кокусунан, бороон, жер титирөө сыяктуу табият кубулуштары натыйжасында өзүнөн-өзү пайда болду» деп айткандай эле логикасыз жана күлкүмүштүү. Массачусетс технология институтунда (MIT) физика жана биология тармактарында изилдөөлөр жасаган Израилдик илимпоз проф. Жеральд Л. Шредер (Ge-rald L. Schroe¬der) клеткадагы тартипти мындайча сүрөттөйт:
Жашоону багыттаган реакциялардын татаалдыгы ушунчалык таң калыштуу... Адам денеси 1027 атомдон турган 75 триллион клетка орток жашоо гармониясы ичинде кыймылдаган, жакшы тартипке салынган бир машина же таң калтырарлык бир ири шаар сыяктуу иштейт. Ар бир клетканын жашоону пайда кылуу үчүн өз алдынча салым кошушу менен бирге, эки клетканын бир учурда бир кыймылды жасаганы сейрек кездешет. Бүт «башаламандыкка» карабастан, адам денесинде иштер арап чачына айланбайт.7
Астробиолог Карл Саган (Carl Sa¬gan) бир эволюционист болсо да, клеткадагы таң калыштуу тартип жөнүндө бир искусство шедевриндей сөз кылат:
Жандуунун клеткасы детальдуу жана комплекстүү бир архитектура керемети. Микроскоптон каралганда акылдан азгандай бир кыймылдар көрүлөт. Тереңирээк баскычта молекулалардын укмуштуу бир ылдамдыкта синтезделээри белгилүү. Дээрлик кандайдыр бир энзим секундасына 100 башка молекуланын синтезделишинде катализатор кызматын аткарат. Он мүнөттө метаболизмин уланта алган бир бактерия клеткасына тиешелүү массанын абдан көп бөлүгү синтезделген болот. Жөнөкөй бир клетка камтыган маалыматтын Британика энциклопедиясынын жүз миллион бетине тең 1012 бит маалымат камтый турганы божомолдонгон.8
Клетка ичиндеги ядро эң негизги генетикалык материал болгон ДНКны алып жүрөт. Клетка ичиндеги митохондриялар азык абалындагы глюкозаны энергия пакеттерине айлантат. Микро-тюбиктер клетканын бүт жагына созулат жана протеиндер муктаж болгон заттарды керектүү жерлерге алып барышы үчүн өтө маанилүү жолдорду пайда кылышат. Болгондо да денебиздеги миллиарддаган клетка бүт системаларын молекулалардан жасашат. Ошол эле учурда клеткалар өз ичтеринде тынымсыз кароо жана оңдоо иштерин жүргүзүшөт. Бир тараптан кызматтарын аткарып жатып, экинчи тараптан өздөрүн жаңылашат.9 Мындан тышкары, энергияларын да өздөрү алышат. Германия Федералдык физика жана технология институтунун башчысы проф. д-р Вернер Гитт (Wer¬ner Gitt) «биологиялык энергия айлануу системасы ушунчалык таң калыштуу жана акылдуулук менен жаратылгандыктан, энергия инженерлери муну таасирденүү менен гана карашат. Ушул күнгө чейин эч ким мынчалык алдыңкы миниатюралык жана абдан натыйжалуу механизмди туурай алган жок»10 деп, клетканын адам жасаган бир машинадан канчалык жогору экенине басым жасайт.
Илимпоз Говард Пет (Ho¬ward Peth) болсо Blind Fa¬ith: Evo¬lu¬ti¬on Ex¬po¬sed (Сокур ишеним: эволюциянын жүзү ачылды) аттуу китебинде жөнөкөй клетка деген бир нерсе жок экенин мындайча айткан:
Мурда клетка бир ядро менен цитоплазма «деңизи» ичиндеги башка бөлүктөрдөн турат деп кабыл алынчу. Бирок клетка ичинде көп жерлер бош эле. Эми болсо бир клетканын чындап эле «ок сыяктуу экенин», б.а. клетканын жана аны камтыган дененин жашоосу үчүн керектүү болгон маанилүү функционалдык бөлүктөргө толо экенин билебиз. Эволюция теориясы жашоо «жөнөкөй» бир клеткадан өрчүгөн деп эсептейт, бирок учурда илим жөнөкөй клетка деген бир нерсенин жок экенин көрсөтүүдө.11
Жыйынтыктасак, клеткалар – 19-кылымда Дарвин доорунда элестетилгендей, жөнөкөй ыйлаакчалар эмес, тескерисинче, 20-кылымда физик, астробиолог проф. Поль Дейвис (Pa¬ul Da¬vi¬es) айткандай, эң алдыңкы технологияга ээ компьютерлер же комплекстүү шаарлар сыяктуу.
1- Doku, | 4- Kromozomlar şeklinde paketlenmiş DNA şeritleri, |
İster bir çiçek, ister bir civciv isterse bir çocuk olsun, tüm canlıların her bir hücresinde, tüm vücudun detayları DNA üzerinde kodludur. |
5. William A. Dembski, James M. Kushiner, Signs of Intelligence, Brazoss Press, ABD, 2001, ss. 103-104; [Bölüm 8: Stephen C. Meyer, Word Games: DNA, Design and Intelligence].
6. Phillip E. Johnson, Defeating Darwinism By Opening Minds, InterVarsity Press, Illionis, 1997, s. 81.
7. Gerald L. Schroeder, Tanrı'nın Saklı Yüzü, çev. Ahmet Ergenç, Gelenek Yayınları, İstanbul, 2003, ss. 58-59.
8. Carl Sagan, "Life" in Encyclopedia Britannica: Macropaedia, 1974, ss. 893-894.
9. David S. Goodsell, The Machinery of Life, Springer-Verlag, New York Inc., 1993, s. 45.
10. Werner Gitt, In the Beginning was Information, 3. baskı, Almanya, 2001, s. 236.
11. Howard Peth, Blind Faith: Evolution Exposed, Amazing Facts Inc., ABD, 1990, s. 77.