Жыйынтык

Ыймандуулар ар бир окуяны эң майда-чүйдөсүнө чейин Аллахтын жаратканын жана баарынын тагдырда алдын-ала белгиленген окуялар экенин билип, тагдырга толук моюн сунуп жашашат. Албетте, ыймандуулар да өмүр бою көптөгөн кыйынчылыктарды жана ар кандай сыноолорду башынан өткөрүшөт. Бирок эч качан «аттиң мындай болгондо», «мындай кылсам, жакшыраак болмок» деген сыяктуу сөздөрдү айтышпайт жана мындай куру санааларга түшүшпөйт. Окуялардын маңызында балким эч билбеген бир сыр жана жакшылык бар экенине толук ишенишет. Натыйжада көңүлдөрүнө жакпаган, кыйынчылыктай көрүнгөн учурларда да көңүлдөрү өтө тынч болот.

Ал эми бул сырды билбеген ыймансыздар болсо чоң же кичине болсун, жаман деп ойлогон ар кандай окуяда өтө кайгырышат. Жашоолорун көбүнчө бактысыздык менен үмүтсүздүк ээлейт. Чындыгында болсо, адам табияты дайыма анын бейпил, көңүлү тынч жашашын талап кылат. Себеби кайгы, стресс жана капалануу адамга дене жагынан да, руханий жактан да көп зыяндар алып келет. Аллахка таянып ишенбеген жана ар бир окуяга жакшылык көзү менен карабаган адамдын кайгырып, капаланышы жана стресске түшүшү ал кишини оройт. Келечектен коркуу, өлүмдөн коркуу, ооруп калуудан коркуу, байлыгынан ажырап калуудан коркуу сыяктуу коркуулар эч бүтпөйт.

Адам бүт окуяларды Аллахтын сөзсүз бир жакшылык жана максат менен жаратканын билип жашаганда гана кутулууга жетет. Ыймандуу адам башына келген ар кандай окуяны Аллахтын бир жакшылык жана терең максат менен жаратканын билгенде гана, Аллахка чындап тобокел кылат (өзүн тапшырат). Чыдоо менен эмес, сонун бир сабыр менен сабырдуулук кылса, кулчулук милдетин туура аткарган болот. Коопсуздукка, бейпилдикке жана күч-кубатка жетүү Аллахтын кудурети менен келчү нерсе. Дуба жана тобокелдик менен, бүт нерсени Аллахтан күтүү – ыймандуунун сыпаты.

Ыйман бул дүйнөдө бейиштин эшиги алдында турганда ар кандай окуяларга жолугуп, сыналат. Ал окуяларда Аллахтын мээримине, ыраазылыгына, бейишине жеткире турган мыкты мамилесин көрсөткөн, тозоктон тартынган, Аллахтан корккон жана жакшылыктарды көргөн, өзү көрө албаса да, ар бир окуянын жакшы тараптарын Аллахтын билээрин билген бир адам.
Аллах Андан коркуп тартынган кулдарынын тагдырларында белгиленген, сөзсүз баштарына келе турган бир окуяны аяттарда төмөнкүчө кабар берген:

Раббилеринен коркуп-тартынгандар бейишке топ топ киргизилишти. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (бейиштин) кароолчулары айтышты: «Силерге салам болсун, кош жана таза келдиңер. Түбөлүк туруучулар катары ага киргиле.» (Алар) Айтышты: «Бизге берген убадасында бекем болгон жана бизди бул жерге мураскор кылган Аллахка мактоолор болсун. Бейиштен каалаган жерибизде конок боло алабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди жасагандардын сыйлыгы – кандай сонун. Периштелердин да Арштын айланасын торошкон абалда Раббилерин мактоо менен аруулап жаткандыгын көрөсүң. Араларында чындык менен өкүм чыгарылды жана: «Ааламдардын Раббисине мактоолор болсун» деп айтылды. (Зүмер Сүрөсү, 73-75)

Айтышты: «Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин
эч кандай илимибиз жок. Чындыгында,
Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Киришүү
  • Бүт Нерсени Жакшылыкка Жоруу
  • Караңгы Адамдардын Окуяларга Көз-Карашы
  • Жакшылыктарды Көрө Алуунун Жолдору
  • Ыймандуулар Үчүн Ар Бир Окуяда Жакшылык Бар
  • Окуялардагы Жакшылыктарды Көрүүгө Жолтоо Болгон Себептер
  • Пайгамбарлардын Жана Ыймандуулардын Өмүрлөрүнөн Мисалдар
  • Аллахтын Ишенгендерге Убадасы Жана Жардамы
  • Жыйынтык