Көп адамдар жакшы деп ойлогон окуяларга кубанып, жаман же терс бараткандай көрүнгөн окуяларга кайгырышат. Бирок ыймандуу адамдардын минтип өзүн кыйнашы туура эмес болот. Аллах Куранда ар бир окуяны чын ыкластуу кулдарынын жакшылыгына жаратканын сүйүнчүлөп, алар үчүн эч качан кайгы жана кыйынчылык болбой турганын кабар берген.
Куранда айтылган бул чындыкты жүрөгүнө сиңирген бир адам дүйнө жашоосунда кандай гана окуяга туш болбосун, ага ыраазы болуп, ал окуянын артында жашырылган жакшылык менен сырларды көрө алат.
Кээ бир адамдар болсо канчалаган жылдар бою бул дүйнөнүн эмне үчүн жана кантип пайда болгонун эч ойлонбой, өмүрүн өткөрүшөт. Албетте, жүрөгүнөн мындагы кереметтердин жана кемчиликсиз тартиптин бир Жаратуучусу бар экенин билишет. Бирок дүйнө жашоосун сүйгөнү же чындыктарды кабыл алгысы келбегени үчүн Аллахтын бар экенин ойлонуудан качышат. Башына келген окуялардын баарын Аллахтын бир план жана даанышмандык менен жаратканын көрмөксөн болуп, аларды шанс же кокустук сыяктуу ойдон чыгарылган нерселер менен түшүндүрүүгө аракет кылышат. Бул болсо алардын окуяларга жакшылык менен карашына, башына келгендерден туура жыйынтык чыгарышына жолтоо болот.
Кээ бирлер болсо Аллахтын бар экенин билип, бүт ааламды жана адамды Аллахтын жаратканын түшүнүшөт. Жамгырды жаадыргандын, чагылганды чактыргандын же күндү чыгаргандын Аллах экенин билишет. Башкача болушу эч мүмкүн эмес дешет. Бирок күнүмдүк жашоодо башына келген окуяларды же кичинекейдей көрүнгөн майда-бараттарды Аллахтан көз-карандысыз, өз башынча болот деп ойлошот. Чындыгында болсо, үйлөрүнө кирген бир ууруну, буту чалынган бир ташты, жааган бир жамгырды, түшүм берген же түшүмсүз калган бир айдоо талаасын, оңунан жүргөн же зыян алып келген бир ишти, унутулуп күйүп калган бир тамакты да, баарын жараткан Аллах. Бул багытта адам ой жүгүртүүсүн болушунча кеңири алып, ойлонушу керек. Себеби ар бир окуяны, ар бир майда-чүйдөнү Аллах билип турат. Ар бир окуя өтө кылдат бир план менен Аллахтын чексиз акылы жана даанышмандыгы менен жаратылган. Адамдын бутуна чачыраган бир ылай тамчысынан жарылган бир дөңгөлөккө, теридеги бир бырыштан, бир ооруга же оңунан жүрбөй жаткандай көрүнгөн бир ишке, жазылган бир тексттен кичинекей бир сөзгө чейин бүт баарын атайын бир план менен Аллах адамдын алдынан чыгарат.
Адам бул дүйнөгө келгенден баштап анын башына келген жакшы же жамандай көрүнгөн бүт окуяларды Аллах жаратууда. Жашоону толугу менен жер жүзүнүн жалгыз өкүмдары болгон Аллах контрольдоп турат. Аллах кемчиликсиз, терең максат менен жана эң сонун кылып жаратуучу. Бул – Улуу Аллах жараткан тагдыр; Аллах жараткан тагдырдагы окуялардын арасынан бир бөлүгүн бөлүп бир тарапка коюп, аларды жакшы, калгандарын болсо жаман дегенге болбойт. Демек адам бул кемчиликсиздикти көрүп түшүнүп, Аллахтын акылынын эң кемчиликсиз натыйжаларды жаратаарын билип, ар бир окуяны жакшылыкка жорушу зарыл. Себеби Аллахка ыйман кылган жана ыйманы менен ар бир окуяны жакшылык көзү менен карап, жакшылыкка жоруган бир адам дүйнөдө да, акыретте да дайыма жакшылыктарга жолугат.
Жогоруда айтылган бул улуу акыйкатка Курандын көп аяттарында көңүл бурулган. Ошондуктан тагдырды унутуу чоң жаңылыштык болот. Аллах жараткан тагдыр бирөө гана жана эч өзгөрбөйт. Кээ бир адамдар тагдырды «кырсыктан сооротуу (жубатуу)» сөзүндөй эле көрүшөт. Ыймандуулар болсо тагдырды эң туура түшүнүп, тагдырдын алар үчүн эң жакшысы экенин билишет.
Тагдыр – мусулман үчүн башынан аягына чейин кемчиликсиз даярдалган, терең максаттарга жана жакшылыктарга толо бир бейиш даярдыгы. Ыймандуунун бул дүйнөдө кабылган ар бир кыйынчылыгы бейиште түбөлүккө чейин ала турган ырахатынын, кубанычынын булагы болот. «... Кыйынчылык менен бирге бир жеңилдик бар» (Инширах Сүрөсү, 5) аяты да бир тараптан ушул чындыкка ишарат кылат. Ыймандуу адамдын көрсөткөн сабыры менен эр жүрөктүгү өтө сонун сый-жакшылыктар менен түбөлүккө чейин сыйланган абалда тагдырга жазылган.
Бир ыймандуу адам кээ бир окуяларга кайгырып, санаа тартышы мүмкүн. Буга ошол учурда ал окуянын тагдырда жазылганын, бүт баарын Аллахтын жаратканын унутушу себеп болот. Ага «бул окуяны Аллах бир жакшылык менен жаратты» деп айтылса, эгер ошол учурда ою алагды болбогон болсо, чындыктарды көрүп, көңүлү тынчыйт. Ошондуктан мусулман ар бир окуянын тагдырда экенин дайыма эстеп, башкаларга да эстетип турушу керек.
Аллах эзелтен (эң башында) жакшылык жана терең максат менен даярдаган окуяларга ишенип, алардын жакшы тараптарын, сырларын түшүнүүгө аракет кылышы зарыл. Ар бир адам Аллахтын каалоосу менен бул чындыктарды түшүнө алат. Балким окуялардагы сансыз жакшылык менен даанышмандыктардын баары бир караганда көрүнбөшү мүмкүн; бирок эгер бир окуя болгон болсо, анын мусулман үчүн Аллах жараткан жакшылык жана даанышмандык менен бирге болгонун билүү керек.
Тагдыр – бул Аллахтын өткөн чактан келечекке чейин, болуп өткөн жана боло турган бүт окуяларды бир көз ирмемдей билиши. Бул Аллахтын бүт нерселерди, жандыктарды жана окуяларды толук башкарып тураарын көрсөтөт. Адамдар жашоосундагы окуяларды баштарына келгенде гана биле алышат. Аллах болсо алардын баарын али боло электе да билет. Аллах үчүн өткөн чак, ушул учур жана келечек – баары бир. Баары Аллахтын илиминде жана колунда. Себеби алардын баарын Раббибиз жараткан.
«Эч күмөнсүз, Биз бүт нерсени тагдыр менен жараттык» (Камер Сүрөсү, 49) аяты менен да айтылгандай, дүйнөдөгү бүт нерсенин бир тагдыры бар. Кээ бир адамдар тагдырдын иштөөсүндөгү кемчиликсиздикти жана ал тартиптин артында Аллахтын чексиз кудуретинин тураарын ойлонушпайт. Кээ бирлер болсо тагдырды адамдарга гана тиешелүү бир темадай карашат. Бирок, үйүңүздөгү буюмдан жолдо көргөн бир ташка, куураган бир чөпкө же мөмө берген бир бутактан дүкөндө турган бир банкага чейин ааламдагы жандуу, жансыз бүт нерселердин Аллах Кабатында белгиленген бир тагдыры бар. Жана ар бир буюм же ар бир жандык үчүн жаратылган тагдырды да чексиз акылдуу Аллах белгилеген.
Адам түз же кыйыр түрдө көргөн нерселеринин, күбө болгон окуялардын, уккан сөздөрүнүн баары – адамдын дүйнө жашоосундагы «бир бүтүн» өмүрүнүн бир бөлүгү. Ааламдагы чоң же кичине ар бир окуя бир максат менен болот. Эч бир гүл кокустан ачылып, кокустан соолубайт. Же эч бир адам кокустан төрөлүп, кокустан өлбөйт. Эч бир адам жаңылыштык менен же контрольсуз ооруп калбайт. Эгер бир жакшылыкка же жамандыкка кабылса, ал эч качан кокустан болбойт. Ар бирин адамды жаратып жатканда Аллах атайын белгилеп, жараткан.
Аллах Куранда «Кайыптын ачкычтары Анын Кабатында, Андан башка эч ким кайыпты билбейт. Кургактыкта жана деңиздеги бүт нерсени Ал билет. Анын кабары болбостон, бир жалбырак да түшпөйт; кара жер койнундагы бир даана дан болсун, бардык суулуу же кургак нерселер болсун (бардыгынын кабары) Анык китепте бар» (Энъам Сүрөсү, 59) аяты аркылуу жердин же океандардын километрлеген тереңинде болгон окуялардан бир жалбырактын түшүшүнө чейин ааламда болуп жаткан ар бир кыймыл-аракеттин бир тагдыр менен ишке ашаарын кабар берген.
Бирок көп адамдар тагдырдын ар бир көз ирмемин Улуу Аллахтын жаратканын билишпейт. Кээ бирлер кантип жаратылганын, өмүр бою аларга келип жаткан бүт жакшылыктардын кантип пайда болгонун да эч ойлонгон эмес. Кээ бирлер болсо жашоо менен өлүмдү Аллах жараткан, бирок жашоонун ичиндеги окуялар кокустан болот деп ойлошот.
Бирок Куранда «Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде (өзүңөрдө) болуп жаткан ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Эч күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан оңой» (Хадид Сүрөсү, 22) деген аят аркылуу башыбызга келген ар бир окуяны, ар бир майда-баратты Аллахтын атайын бир даанышмандык жана акыл менен пландаганы кабар берилген. Адамдын бул маанилүү чындыкты түшүнүшү өтө маанилүү. Себеби дүйнөдөгү ар бир нерсенин тагдырын чексиз акылдуу жана чексиз илимдүү Аллах белгилөөдө. Ошондуктан ар бир майда-барат эч кемчиликсиз пландалып, эң даанышмандык менен жаратылууда. Бул чындыкты түшүнгөн бир адам жашоонун ар бир көз ирмеминен; жакшыдай көрүнгөндөрдөн да, жамандай көрүнгөндөрдөн да өтө ыраазы болот. Себеби Аллахтын чын ыкластуу кулдары үчүн тагдырды эң сонун кылып жаратканын билет. Аллах жакшы деген бир нерсе жөнүндө адамдын терс күмөн санашынын өтө туура эмес болоорун түшүнөт. Мындай ыймандык түшүнүк окуяларга жакшылык көзү менен карашына жана окуялардагы жакшылык менен даанышмандыктарды байкашына шарт түзөт.
Адам кыйынчылыктарга туш болгондо, башына келген окуяны Аллах жараткан жок, башка бирөө буга себеп болду деп ойлошу болсо анын тагдырды түшүнбөгөнүн көрсөтөт. Жамандыктай көрүнгөн ар бир окуя негизи – бир «тагдыр сабагы». Бүт нерсени сөзсүз даанышмандык жана жакшылык көзү менен баалоо керек. Чоң же орто, маанилүү же маанисиздей көрүнгөн ар бир окуя тагдырда даанышмандык жана акыл менен жаратылган. Кээ бир адамдар баштарына көп келген, каалабаган окуяларды терстик дешет. Бирок терстикте да жакшылык менен даанышмандык бар. Адам терстик деп ойлойт, бирок тагдырда ошол окуянын дал ошондой ишке ашышы эң туурасы болот.
Адамдарды кайгырткан, тынчсыздандырган, аларды ачууланткан, кыйнаган, терстик, жамандык деп аталган окуялардын сыры менен жакшылыктарын Аллах бир учурда баарын көрсөтсө, адам кайгыруунун канчалык туура эмес экенин заматта түшүнөт. Ыймандуу бир адам ал жакшылыктарга кайгыруу мындай турсун, тескерисинче өтө кубанат. Ошондуктан адам тагдырда, б.а. Улуу Аллах даанышмандык жана максат менен жараткан окуяларда дайыма жакшылык жана даанышмандык издеп, ушул түшүнүктө кубанып жашоого милдеттүү.
Жакшылыктай көрүнгөн окуяларда жамандык, жамандыктай көрүнгөн окуяларда жакшылык болушу мүмкүн экенин билүү...
Жогоруда Аллахтын чексиз акылдуу экенин жана дүйнө жашоосунда болгон ар бир окуяны атайын бир план жана тагдыр менен, жакшылык жана сыр менен жаратканын айттык. Бул жерде дагы бир жагдайды түшүнүү керек: Аллах жараткан окуялардын кайсынысында жакшылык, кайсынысында жамандык болушу мүмкүн экенин бир гана Аллах билет. Себеби Аллахтын акылы чексиз, адамдыкы болсо чектүү. Адам окуялардын сырттан көрүнгөн бөлүгүн гана көрүп, аларга өз түшүнүгүнө жараша гана баа берет. Чектүү акылы жана түшүнүгү менен кээде жакшылык болгон бир окуяны жамандык, жамандыкка толо бир окуяны болсо жакшылык деп ойлошу мүмкүн. Ошондуктан туураны көрүү үчүн ыймандуу бир адам Аллахтын чексиз акылы менен илимине моюн сунуп, ар бир окуяга жакшылык көзү менен карашы шарт. Аллах бир аятында адамдарга мындай деп билдирет:
... (Кээде) бир нерсени жаман көрүшүңөр мүмкүн. Чынында ал силер үчүн жакшылык (болот). Ошондой эле (кээде) силер жакшы көргөн нерсе өзүңөргө жамандык болуп чыгат. Аллах билет, силер билбейсиңер. (Бакара Сүрөсү, 216)
Аллах бул аятта билдиргендей, адам өзү үчүн өтө жакшы деп ойлогон бир окуя анын дүйнө жана акыретте азапка кабылышына себеп болушу мүмкүн. Же зыянга учурайм деп ойлоп качкан бир окуя ал адамга жакшылык, береке, молчулук жана бейпилдик алып келиши ыктымал. Булардын баарынын чыныгы маалыматы бир гана Аллах Кабатында жашырылган. Жамандыктай да, жакшылыктай да көрүнгөн окуялардын баары Аллахтын каалоосу менен болот.
Аллах ким үчүн эмнени кааласа, ошол болот. Куранда «Аллах сага бир зыян тийгизе турган болсо, Андан башка эч ким аны сенден кетире албайт. Жана эгер сага бир жакшылык кааласа, Анын мол берешендигин эч ким артка кайтара албайт. Кулдарынан каалаганына андан жеткирет. Ал кечиримдүү, боорукер.» (Йунус Сүрөсү, 107) аяты аркылуу да бул маанилүү чындык эске салынган.
Ошондуктан Раббибизден бизге келген ар кандай окуя, жакшылыктай көрүнсө да, жамандыктай көрүнсө да, негизи биз үчүн жакшылык болот. Жогоруда да айтылгандай, окуялардын жыйынтыгын убакыт менен мейкиндиктен көз-каранды адамдар эмес, убакыт менен мейкиндиктен көз-карандысыз, убакытты, мейкиндикти, окуяларды жана адамдарды да бир учурда жараткан Аллах белгилейт (тереңирээк маалымат үчүн караңыз: Харун Яхья, Убакыттын жоктугу жана тагдыр).