Пайгамбарлардын жана жанындагы чын ыкластуу мусулмандардын өмүр баянын караганыбызда, бул куттуу адамдардын өмүрлөрүнүн ыймансыздар менен пикирдик күрөш ичинде өткөнүн көрөбүз. Бул адамдар кээде бир караганда зыяндарына сыяктуу көрүнгөн көп окуяларга туш болушкан. Мына ушул жерде пайгамбарлар менен аларды ээрчиген ыймандуулардын эң негизги мүнөздөрүнүн бирин көрөбүз: шарттар кандай гана болбосун, баштарына келген окуялардын Аллахтан келгенин билген моюн сунуучу, бейпил жана Аллахка таянган токтоо мүнөздөрү...
Аллахтын элчилери менен чын ыкластуу ыймандуулар оор учурларда Аллахтын жардам берээрине толук ишенип, бүт нерсенин сөзсүз ыймандуулардын пайдасына болоорун билип жашашкан жана дайыма ушундай ишенимде болушкан. Аллахка болгон терең ыйманынан келип чыккан мындай мыкты мүнөзү бүт мусулмандар үчүн да сонун өрнөк болот.
Куранда кабар берилгендей, тарых бою ыймандуулар аларды тосууга аракет кылган, ал тургай, аларды туура жолдон буруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонгон ыймансыз, атеист коомдорго жана эки жүздүүлөргө жолугушкан. Ыймансыздардын ыймандууларга сындаган, көңүлгө тийе турган сөздөрдү айтканы жана ар кандай жалааларды (өзгөчө жинди, жалганчы, сыйкырчы, кара жолтой, уятсыз сыяктуу жалааларды) жапканы Куранда баян кылынган:
Ант болсун, мал-мүлктөрүңөр жана жандарыңар менен сыналасыңар жана силерден мурда китеп берилгендерден жана (Аллахка) шерик кошуп жаткандардан албетте абдан кыйноо берүүчү (сөздөр) угасыңар. Эгер сабыр кылып, тартынсаңар (бул) буйруктарга болгон бекемдиктен. (Али Имран Сүрөсү, 186)
Жогорудагы аятта ыймандуулардын зыянына сыяктуу көрүнгөн жалган жалаалардын алар үчүн негизи бир жамандык эмес, тескерисинче бир жакшылык экенине басым жасалган. Башка бир аятта Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болгон бир окуя мисал келтирилип, бул мындайча баяндалат:
Чындыгында ойдон чыгарылган бир калп менен келгендер силердин араңарда чогуу жүргөн бир коом; силер аны өзүңөр үчүн бир жамандык деп ойлобогула, тескерисинче ал силер үчүн бир жакшылык. Алардын ар бирине топтогон күнөөсүнөн (бир жаза) бар. Алардан (куру дооматтын) чоңун алганга (жасаганга) болсо чоң бир азап бар. (Нур Сүрөсү, 11)
Эч күмөнсүз, өткөн замандарда ыймандуулардын башына келген мындай окуялар аларды тынчсыздандырып, коркутуу жана өздөрүнүн негизсиз динине кайтаруу үчүн ыймансыздардын колдонгон тактикалары болгон. Бирок ыймандуулар мындай чабуулдардын дайыма алардын жакшылыгына айланаарына жана аягында өздөрүнүн туура жолдо экендигинин белгилүү болооруна толук ишенишкен. Ошондуктан жалган жалааларга жана акараттарга дайыма эң акылман жоопторду беришкен, жана сабыр кылып Аллахка таянуу керек экенин, ошондо гана ийгиликке жете алышаарын унутушкан эмес.
Өткөн замандардагы ушул мисалдар сыяктуу мындан соң да мусулмандар дайыма Аллах жараткан тагдырга моюн сунуп, ар бир окуянын жакшылык менен бүтөөрүн билип, Аллахка таянышы өтө маанилүү. Буга жеткен ыймандуу дүйнөнүн эң чоң утуштарынын бирине жетет. Себеби Аллах аяттарында Ага таянгандарга (тобокел кылгандарга) жардам берээрин, жана алардын эч качан «жардамсыз» калбай турганын төмөнкүчө кабар берген:
Эгер Аллах силерге жардам берсе, силерди эч ким жеңе албайт жана эгер силерди жападан жалгыз жана жардамсыз таштаган болсо, андан соң силерге ким жардам берет? Демек ыймандуулар бир гана Аллахка тобокел кылышсын.» (Али Имран Сүрөсү, 160)
Ыймансыз коомдор тарых бою ыймандуулардын Аллах жолунда болушун, дин менен жашашын жана адамдарды динге чакырышын өздөрүнүн негизсиз (жалган) динине бир коркунуч катары көрүшкөн. Ошондуктан көбүнчө ыймандууларды алсыздатуу үчүн жогоруда айтылгандай жалган жалааларды колдонушкан. Алардын жетишсиз экенин көргөндө болсо коркутуу, камоо, кыйноо жана мекендеринен мажбурлап сүрүү сыяктуу ар кандай жолдорду кылып көрүшкөн.
Ыймандуулардын ал адамдар менен болгон күрөштө кээде жаман мамилелерге кабылышы ыймансыз коомдун чектен чыккандыгынын бир көрсөткүчү. Бирок ыймандуулар мындай мамилелерге дайыма жакшылык көзү менен карап, башында жамандай көрүнгөн окуяларда Аллахтын өтө жакшы натыйжа каалаганын билишет. Чыныгы жакшылыкка жетүүнүн кыйын учурларда сабыр кылууну жана Аллахка таянууну талап кылаарын жакшы билишет. Аллах мусулмандардын мындай мыкты мүнөзүн бир аятында төмөнкүчө кабар берген:
... Бирок жакшылык Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман кылган; мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга берген; намазды туптуура окуган, зекетти берген жана убадалашканда убадаларына тургандар менен кыйынчылыкта, ооруда жана согуш күчөгөн учурларда сабыр кылгандар(дын иш-аракеттери). Мына ошолор чынчылдар жана такыбалар (Аллахтан корккондор) да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 177)
Ахзаб Сүрөсүндө Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болгон бир окуяны ойлонгонубузда да мындай сырлардын кээ бирлерин көрө алабыз. Ал окуяда ыймансыздар тарабынан бүт тараптан курчоодо калган ыймандуулардын сыналып, катуу чайпалышканы кабар берилген. Ошондой оор сыноо шартында эки жүздүүлөр менен «жүрөктөрүндө оорусу барлар» (карасанатайлар) ар кандай шылтоолор менен качып өздөрүнүн чыныгы жүзүн көрсөтүшкөн.
Ушундай оор учур аркылуу ыймандуулардын арасында көптөн бери жашынып келген, «жүрөктөрүндө оорусу бар» адамдар менен эки жүздүүлөр ашкере болушкан. Адам денесинде тымызын чоңойгон бир рак сыяктуу чогулган топ ушундай кыйынчылык учурунда тарап кеткен. Аллахтын ыймандууларга болгон мээрими менен колдоосу ачык көрүнгөн. Бул окуяда эки жүздүүлөрдүн тескерисинче, ыймандуулар ал кыйынчылыктагы чоң жакшылыктарды көрүп, Аллахтын аяттарын башынан өткөрүп жатканы үчүн ыймандары күчтөнүп, Аллахка болгон жакындыгы өскөн:
Ыймандуулар (душман) топторун көргөндө болсо айтышты: «Бул Аллах жана Элчиси бизге убада кылган нерсе; Аллах жана Элчиси туура айткан.» Жана (бул) алардын ыймандарын жана (Аллахка) жакындыктарын гана көбөйттү. (Ахзаб Сүрөсү, 22)
Бул мисалдан көрүнүп тургандай, оор кырдаал ыймандуулар үчүн чоң жакшылыкка айланса, ал жакшылыкты түшүнө албаган карасанатай адамдардын ан сайын ыймансыздыкка түртүлүшүнө себеп болуп, алардын зыянына айланган. Ошондой эле, бул окуяда ыймандуулар жамандардан тазалангандан тышкары, дагы бир жакшылык катары аларга зыян тийгизүүгө аракет кылган ыймансыздардын бүт аракеттери да текке кеткен. Ахзаб Сүрөсүндө ыймансыздар эч бир жакшылыкка жете албай, кекенип, кыжырданган бойдон артка кайтканы төмөнкүчө кабар берилген:
Аллах ыймансыздарды (каапырларды) кекенген ачуулары менен артка кайтарды, алар эч бир жакшылыкка жете алышкан жок... (Ахзаб Сүрөсү, 25)
Керек болгондо бүт мал-мүлкүн таштап көчүү Куранда кабар берилген бир ибадат. Ошондуктан Аллах жолунда хижрат кылган мусулмандар өз мекендерин таштоого мажбур болушун дайыма жакшылык көзү менен карашкан. Себеби Куранда айтылгандай, хижрат кылгандар Аллахтын мээримин үмүт кыла ала турган адамдар арасында саналган:
Эч күмөнсүз, ыйман кылгандар, хижрат кылгандар жана Аллах жолунда жехд кылгандар (аракет кылгандар); мына ошолор Аллахтын мээримин үмүт кыла алышат. Аллах кечиримдүү, боорукер. (Бакара Сүрөсү, 218)
Караңгы адамдардын түшүнүгү менен караганда, бир адамдын элдин кысымчылыгы менен үйүнөн, мекенинен чыгарылышы же тааныбаган бир жерге сүрүлүшү – бүт өмүрүн астын-үстүн кыла турган бир окуя. Бирок эң биринчиден муну айта кетүү керек, Аллахтын динин четке каккандардын көпчүлүгүнөн терс мамиле көрөөрү ансыз да ыймандууларга алдын ала кабар берилген. Ошондуктан мусулмандар диниңерди таштагыла деп мажбурланганда, негизи Аллахтын аяттары көрүнүп жаткан болот. Ошондуктан хижрат кылган же мекендеринен мажбурлап сүрүлгөн ыймандуулар дайыма буга кубануу менен карашкан. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда жашаган сахабалардын жогорку адеп-ахлагы менен Аллахка тобокелдиги (таянычы) мунун эң сонун мисалдарынан.
Алар Пайгамбар Мырзабызды (сав) ээрчигенде Аллахтын алардан ыраазы болоорун үмүт кылышканы үчүн ар кандай кыйынчылыкка даяр болушкан. Мусулмандардын жакшылыгы үчүн мекендеринен эч ойлонбой чыгышып, бүт дүнүйө мүлктөрүн таштай алышкан. Аллах алардын мындай мыкты мүнөзүнүн жана окуяларга жакшылык көзү менен карашынын бир сыйлыгы катары аларга түбөлүк бейиши менен мээримин убада кылган. Албетте, Аллахтын убадасы сөзсүз болот:
Раббилери аларга (дубаларын кабыл алып) жооп берди: «Күмөнсүз, Мен эркек болсун, аял болсун, силерден бир (сооптуу) иш кылгандын ишин текке кетирбейм. Силер бири-бириңерденсиңер. Хижрат кылгандардын, мекендеринен сүрүлүп-чыгарылгандардын жана (Менин) жолумда кыйноого кабылгандардын, согушуп өлтүрүлгөндөрдүн сөзсүз жамандыктарын жашырам жана аларды астынан дарыялар аккан бейиштерге киргизем. (Бул) Аллах Кабатынан бир акы (сооп). (Ал) Аллах, акынын (сооптун) эң сонуну – Анын Кабатында.» (Али Имран Сүрөсү, 195)
Хижрат кылган мусулмандардын акыреттеги чексиз сыйлыктан тышкары, дүйнөдө да молчулук жана жакшылык менен сыйланаары Куранда төмөнкүчө сүйүнчүлөнгөн:
Аллах жолунда хижрат кылган жер жүзүндө жашай турган көп мекен да табат, береке (жана бардарчылык) да. Аллахка жана Элчисине хижрат кылуу үчүн үйүнөн чыккан, кийин ага өлүм келген адамдын сооп-сыйлыгын, күмөнсүз, Аллах берет. Аллах кечиримдүү, мээримдүү. (Ниса Сүрөсү, 100)
Зулумдукка туш болгон соң, Аллах жолунда хижрат кылгандарды дүйнөдө күмөнсүз сонун кылып жайгаштырабыз; акырет сыйлыгы болсо чоңураак. Билишсе кана. Алар сабыр кылгандар жана Раббилерине тобокел кылгандар (таянгандар). (Нахл Сүрөсү, 41-42)
Аз. Мухаммед (сав) бүт башка пайгамбарлар сыяктуу өмүр бою көптөгөн кыйынчылыктарга туш болуп, ал учурлардагы сабыры жана тобокелдиги (Аллахка таянычы) менен мусулмандарга сонун өрнөк болгон. Куранда айтылган бир окуя Аз. Мухаммед (сав)дын мыкты мүнөзүн жана Раббибизге болгон бекем тобокелдигин өтө жакшы баса көрсөткөн.
Пайгамбарыбыз (сав) Меккеден чыкканда мушриктер аны өлтүрүү максатында артынан куугунга түшүшкөн. Пайгамбар Мырзабыз алардан жашынуу үчүн бир үңкүргө кирген, бирок мушриктер ал үңкүрдүн эшигине чейин келишкен. Ушундай оор учурда Пайгамбарыбыз (сав) жанындагы ыймандуу досуна кайгырба деп, ага Аллахка тобокел кылууну эскерткен:
Силер Ага (пайгамбарга) жардам бербесеңер, Аллах Ага жардам берген. Каапырлар экөөнүн бири абалда Аны (Меккеден) чыгарышкан эле; экөөсү үңкүрдө турушканда курдашына мындай деген эле: «Кайгырба, албетте Аллах биз менен бирге.» Ушундайча Аллах Ага «бейпилдик жана ишеним сезимин» түшүргөн эле, Аны силер көрбөгөн аскерлер менен колдоп, каапырлардын сөзүн (каапырчылыкка чакырыктарын) төмөн кылган эле... (Тообо Сүрөсү, 40)
Эч күмөнсүз, куттуу Пайгамбарыбыздын (сав) өмүрү коркунучта турганда коркпой, кайгырбай, тынчсызданбай турушунун жалгыз себеби – Аллахка болгон ишеними жана Ал тагдырда жараткан бүт окуялардын жакшылыкка толо экенин билиши эле. Натыйжада эч зыян көрбөй, Мединага жеткен жана Ислам тарыхында өтө маанилүү бир бурулуш чекити болгон хижрат болуп бүткөн.
Аз. Мусанын тарых бою жашап өткөн эң чектен чыккан адамдардын бири болгон Фараон менен болгон күрөшү Куранда терең баяндалган. Аз. Мусанын Аллахтын динине чакырышына Фараон коркутуп-үркүтүү менен жооп берген. Ыймандууларды чыныгы динден буруу үчүн ар кандай жолду колдонгон Египет өкүмдары Фараондун алдындагы Аз. Мусанын бийик адеп-ахлагы жана тобокелдиги ааламдарга өрнөк боло турган деңгээлде. Ал доорду Куран аяттарынын негизинде төмөнкүдөй сүрөттөөгө болот: бир тарапта Фараон – өлкөнүн башчысы жана сырттан караганда бүт күч колунда турган киши; экинчи тарапта болсо жанында аз гана адамы менен Аз. Муса турган... Окуяларды сырттан көрүнгөн тарабы менен баалаган, чындык ким тарапта болсо ошол эмес, ким күчтүү болсо ошол жеңет деп ойлогон караңгы түшүнүк Фараонду бул күрөштө сөзсүз жеңишке жетет деп ойлогон болушу мүмкүн. Бирок минтип ойлогондор өтө чоң жаңылыштыкка түшүшкөн. Себеби Аллах мындай деп өкүм берген:
Аллах жазып койгон: «Ант болсун, Мен жеңишке жетишем жана элчилерим да.» Чындыгында, Аллах – эң улук күч-кубат ээси, күчтүү жана баарынан жогору. (Мүжаделе Сүрөсү, 21)
Аллах пайгамбарларына болгон бул убадасын орундатып, Аз. Мусаны Фараондон жогору кылган. Аны бир тууганы Аз. Харун менен жана Өз жардамы менен колдогон. Ошондой эле, Аллах Аз. Мусага ар кандай кереметтерди берип, аны менен сүйлөшүү аркылуу аны башка адамдардан жогору кылган. Куранда адамдарга өрнөк болушу үчүн баян кылынган бул күрөш ыймандуулардын зыянына сыяктуу көрүнгөн бир жагдайдын Аллахтын каалоосу менен бир заматта кантип тескериге айланганын апачык көрсөтөт.
Ал окуялардын бири төмөнкүчө болгон: Фараон менен армиясы Египеттен качкан Аз. Мусаны жана жанындагы ыймандууларды кармоо үчүн жолго чыгышкан. Фараон аларды көргөндө ыймандуулар деңизге келип калышкан. Мына ошондогу Аз. Мусанын сөздөрү өтө маанилүү. Аз. Муса алдында деңиз, артында болсо Фараон армиясы турганда, Аллахтын жардамынын келээрине ишенип, бийик адеп-ахлагын көрсөткөн. Куранда бул окуя төмөнкүчө кабар берилет:
Ошентип (Фараон менен аскерлери) күн чыгаарда аларды кууп жөнөштү. Эки топ бири-бирин көргөндө, Мусанын адамдары: «Чындап кармалдык» дешти. Муса: «Жок» деди. «Күмөнсүз, Раббим мени менен бирге; мага жол көрсөтөт.» Анан (Биз) Мусага: «Асаң менен деңизди ур» деп вахий кылдык. (Урду жана) Деңиз ошол замат экиге бөлүндү да ар бир бөлүгү чоң бир тоодой болду. Беркилерди да ал жерге жакындаттык. Мусаны жана анын жанындагыларды куткардык. Кийин беркилерди сууда чөктүрдүк. Албетте, мында бир аят бар. Бирок алардын көпчүлүгү ыйман келтиришпейт. Жана эч күмөнсүз, сенин Раббиң күчтүү жана улуу, боорукер. (Шуара Сүрөсү, 60-68)
Бул жерде негизги көңүл буруу керек болгон жагдай мындай: Аз. Муса оор, татаал күрөштө окуяларга дайыма Аллахтын жардамынын жанында экенин билип, башына келген окуялардын баарын жакшылыкка жооруган жана эң кыйын учурда да Аллахка таянып, Ага жакындыгын жана моюн сунуучулугун көрсөткөн.
Ыймандуулар үчүн «жамандыктай көрүнгөн» окуялардын жакшылыкка айланышы жөнүндө Куранда берилген эң сонун мисалдардын бири болсо – бул Аз. Йусуфтун өмүрү. Аз. Йусуф бала кезинен баштап башына келген ар кандай окуяда токтоолук жана Аллахка жакындыгы менен өзгөчөлөнгөн. Кыйын учурлардагы тобокелдиги менен чын ыкластуу бир ыймандуунун кандай болушу керектигине эң жакшы өрнөктөрдүн бири болгон. Өзүнө Аллахты дос туткан Аз. Йусуф бүт нерсенин «досунан» келээрин билип, ар кандай окуяда бир жакшылык издеген. Ошондуктан өмүрүндө башына келген ар кандай сыноону бир мүмкүнчүлүк катары көрүп, дайыма токтоо жана тобокелдүү мүнөздө болгон.
Аз. Йусуф кабылган адилетсиздиктердин биринчиси бир туугандары тарабынан жасалган. Аз. Йусуфка көрө албастык кылган бир туугандары аны бир кудукка таштап, аталары менен үйүнөн алыстатышкан. Аллах бир жолоочу кербенди себепчи кылып, Аз. Йусуфту бул тузактан куткарган. Жолоочу кербен бала курактагы Аз. Йусуфту кудуктан чыгарып өздөрү менен кошо ала кетишкен. Андан соң Йусуф пайгамбарды Египеттин алдыңкыларынын бирөөсү сатып алып үйүнө киргизип алган. Аз. Йусуфтун сулуулугунан улам кожоюнунун аялы болсо аятта айтылгандай, «аны менен болгусу келген». Аз. Йусуф болсо аны никесиз байланышка мажбурлаган аялдан качкан. Бийик адеп-ахлак өрнөгү болгон Аз. Йусуф дагы бир адилетсиздикке туш болуп, бул жолу аялдын куру дооматы менен айыпталган. Жүргүзүлгөн иликтөөдө Аз. Йусуфтун күнөөсүз экени далилдери менен көрүнүп турганына карабастан, аны зынданга салууну чечишкен:
Анан аларда (Йусуфтун тазалыгына байланыштуу) далилдерди көрүшкөн соң, сөзсүз аны белгилүү бир убакытка чейин зынданга таштоо (пикири) үстөм болду. (Йусуф Сүрөсү, 35)
Көрүнүп тургандай, Аз. Йусуф намысын (тазалыгын) сактаганы үчүн жалган жалаага калган. Ал жалаанын натыйжасында көп убакыт бою зынданда калган Аз. Йусуф камактагы жашоонун ар кандай кыйынчылыгына сабыр кылып Аллахка таянган. Аз. Йусуф зынданда көп мөөнөт жаткан, бирок Куранда айтылгандай тагдырына толук моюн сунуп, бийик адеп-ахлагы менен бүт ыймандууларга өрнөк болгон. Муну билүү керек: Аз. Йусуф өмүр бою көрсөткөн сабырынын, тобокелдигинин (Аллахка таянычынын) жана бүт нерсени жакшылыкка жоруунун сыйлыгын дүйнөдө да, акыретте да эң сонун алган.
Аллах көп окуяларды себеп кылып Аз. Йусуфка дүйнөдө өтө чоң байлык жана өкүмдарлык берген. Аз. Йусуфтун бүт башына келген окуяларды жакшылыкка жорушу жана Раббибизге болгон дубасы Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Атасын жана апасын тактыга чыгарып отургузду; ал үчүн сажда кылышты. Мындай деди: «Эй ата, бул мурда көргөн түшүмдүн жорулушу. Чындыгында, Раббим аны чындыкка айлантты. Мага жакшылык кылды, себеби мени зындандан чыгарды. Шайтан мени менен бир туугандарымдын арасын бузган соң, (Ал) чөлдөн сиздерди алып келди. Күмөнсүз, менин Раббим каалаганын абдан кылдат тартипке салып, чара көрүүчү. Чындыгында Ал билүүчү, өкүмдар жана даанышман.» «Раббим, Сен мага мүлктөн (бир үлүш жана аны башкаруу мүмкүнчүлүгүн) бердиң, сөздөрдү жоромолдоодон (бир илим) үйрөттүң. Асмандардын жана жердин Жаратуучусу, дүйнөдө жана акыретте менин велим (досум) – Сенсиң. Мени мусулман кылып жанымды ал жана мени салихтердин (ыкластуу пенделериңдин) катарына кош.» (Йусуф Сүрөсү, 100-101)
Эч күмөнсүз, бул кысса (баян) ыймандуулардын чын ниеттүү тобокелдигинин артынан сыйлык алаарына сонун бир мисал. Чын ыкластуу бир ыймандуу да Аз. Йусуф сыяктуу бүт окуялардын максаттарын, жакшылыктарын көрүүгө, түшүнүүгө аракет кылышы керек. Аллахка таянып, Ага корголонуп, ушундай илимди, ушундай түшүнүктү тилеши зарыл. Ыймандуу киши адамдарды күн сайын кайгыга салган чоң же кичине окуялардын же өтө маанилүүдөй көрүнгөн окуялардын эч качан ыймандуунун зыянына болбошун унутпашы керек. Бул Аллахтын тагдыр мыйзамына карама-каршы келет. Аллах ар бир окуяны сөзсүз ыймандуунун пайдасына жаратат. Аллах ыймандуунун жүрөгүнө окуянын жакшылык тарабы менен сырын илхам кылышы мүмкүн, бул зор бир сый-жакшылык. Бирок Аллах илхам кылбаса да, мусулман сабыр кылып, «сөзсүз жакшылык бар» дей алышы керек. Себеби бул Аллахтын ыраазылыгына ылайыктуу бир мамиле болот.