Бир катар адамдар өмүрлөрүнүн көп бөлүгүн күнүмдүк жашоонун агымы ичинде, кокустуктар натыйжасында болуп жатат деп ойлошот. Бирок мындай түшүнүк өтө чоң бир жаңылыштык. Бир адамдын рак болушу же бир жол кырсыгында жакынынан айрылышы сыяктуу чоң окуялардан, жеген тамагы, кийген кийимине чейин бүт баары – ал адамдын тагдырында белгиленген өзгөчө окуялар. Бүт бул окуяларды адамды сыноо үчүн эң майда-чүйдөсүнө чейин Аллах жаратып жаткан болот.
Ыймандуулар менен ыймансыздар арасындагы эң негизги айырма ушул жерде келип чыгат. Ыймандуулар өз баштарына келген окуяларга да, айланаларында болуп жаткандарга да такыр башкача көз-караш менен карашат. Бул – Куранда Аллах буйругандай ойлонуп, ар бир окуяга сыноо көзү менен кароо. Ошондуктан ыймандуулар башына келген ар бир окуяда сыналып жатканын билип, Аллахты ыраазы кыла тургандай мамиле көрсөтүүгө аракет кылышат.
Ал эми Куран адеп-ахлагы менен жашабаган адамдардын көпчүлүгүнүн жетүүнү көздөгөн ар кандай максаттары бар. Ал максаттар көбүнчө жакшы университетте окуу, бактылуу үй-бүлө куруу, балдарын үйлөндүрүү, ийгиликтүү бир бизнесмен болуу, жогору бир кызмат ордуна жетүү, бай жана абройлуу бир адам болуу сыяктуу максаттардын тегерегинде болот. Бул саналгандардын баары кадыресе максат-каалоолор, бирок кээ бир адамдардын бул каалоолорго жетүүнү өмүрүнүн эң негизги максатына айландырып алышы туура эмес болот. Андай адамдардын бүт пландары менен аракеттери ошол тар максатты көздөйт. Себеби ал адамдар жашоо ушул дүйнө менен гана бүтөт деп ойлошот. Бирок мындай күмөн өтө чоң бир жаңылыштык. Бир адам өмүр бою каалаганынын баарына жеткен болсо да, аягында өмүрү бир күнү бүтөт. Жана чыныгы түбөлүк жашоого, акыретке кадам таштайт. Ошондуктан дүйнөнүн убактылуу кооздуктарына жетүүнү гана көздөп өткөрүлгөн өмүр, Аллахтын каалоосунан тышкары, текке кеткен бир өмүр болот.
Болгондо да, мындай өмүрдү өзүнө максат кылып алган бир адамдын дүйнөдө да каалагандарына толук жетиши мүмкүн эмес. Аллах жараткан мыйзам боюнча, дүйнөдөгү буюмдар, нерселер убакыттын өтүшү менен эскирип, бузулат. Убакыттын эскиртүүчү таасири бүт нерсеге таасир берет. Мисалы, өтө кооз, жыты сонун бир мөмө бир канча күндөн кийин адам жегис болуп калат; канчалаган жыл эмгектенип алынган бир үй аягында эскирип, колдонулбас абалга келет. Жана эң негизгиси дүйнөдөгү бүт нерселер сыяктуу адам денеси да убакыт ичинде тездик менен картайат. Убакыттын эскиртүүчү таасирин жана дененин картайышын бүт адамдар башынан өткөргөнгө мажбур. Чачтардын агарышы, белгилүү бир жаштан соң клеткалардын өлүп башташы, денедеги муундардын ооруп башташы, теринин бырышышы жана дагы көптөгөн алааматтар адамдын өлүмгө жакындаганын эскертүүчү апачык далилдерден.
Улгайуудан сырткары, адам өмүрү эң жакшы ыктымалдык менен орточо 60-70 жылга созулат; бирок алдынан чыккан көптөгөн окуялар менен бул процесс андан да кыскарышы мүмкүн: жол кырсыгы, өлүмгө себеп болчу бир оору сыяктуу факторлор адам өмүрүнүн эч күтүүсүз аякташына себеп болушу ыктымал. Мурдакы бөлүмдө да айтылгандай, адам канчалык өлүмдү ойлобогонго, аны унутканга аракет кылбасын, өзүнүн да ажалы бир күнү сөзсүз келет. Дүйнөнүн эң сулуу адамы болсо да, эң байы же эң атактуусу болсо да, ар бир адам сөзсүз өлүмгө жолугат. Бүт өмүрүн сарптап жыйнаган мал-мүлкү, балдары, достору аны өлүмдөн сактап кала албайт. Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Айткын: «Албетте, силер качкан өлүм, күмөнсүз силерге келет. Кийин кайыпты да, аныкты (күбө болунганды) да билген (Аллах)ка кайтарыласыңар; Ал силерге кылгандарыңарды кабар берет.» (Жума Сүрөсү, 8)
Булардын баары бир гана акыйкатты көрсөтөт; дүйнө жашоосу убактылуу жана адамдын чыныгы мекени эмес. Демек адамдын чыныгы максаты бул дүйнө эмес, акырет болушу керек. Аятта мындай деп айтылат:
Силерге берилген нерселердин баары дүйнө жашоосундагы убактылуу пайдалануу гана. Аллах Кабатындагы болсо жакшыраак жана мөөнөтү жагынан узун. (Ал болсо) ыйман кылып Раббилерине таянгандар (тобокел кылгандар) үчүн. (Шура Сүрөсү, 36)
Дүйнө жашоосунун убактылуу экени жана адам денесинин сөзсүз өлөөрү ушунчалык апачык көрүнүп турат; демек өтө маанилүү бир нерсе жөнүндө ойлонуу керек. Бул – адамдын жаратылуу максаты. Аллах Куранда дүйнө жашоосун жаратуу максатын төмөнкүчө кабар берген:
Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал бийик жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү. (Мүлк Сүрөсү, 2)
Аллах Курандагы көптөгөн аяттар аркылуу адамдын жаратылуу максатынын Өзүнө кулчулук кылуу экенин жана дүйнө жашоосунун жакшы менен жамандардын бири-биринен бөлүнүшү үчүн бир сыноо мекени катары жаратылганын билдирген. Бул жөнүндөгү бир аят төмөнкүчө:
Албетте, Биз жер бетиндегилерди ага бир кооздук кылдык; алардын кайсысынын жакшыраак иш-аракет кылаарын сыноо үчүн. (Кехф Сүрөсү, 7)
Адам өмүр бою тынымсыз сыналып турат, эч нерсе кокустан болбойт. Эгер адам буларды түшүнбөй, окуялар Аллахтан көз-карандысыз, өзүнчө болуп жатат деп ойлосо, анда өтө чоң ката кетирет. Себеби жашоонун агымында болуп жаткан окуялардын баары негизи Аллах ал кишиге жашатып жаткан сыноолор болот. Жана адам ал сыноого жооп кылып жасаган мамилерине, кылган иштерине жооп берет. Ал иштери менен кулк-мүнөзү анын түбөлүк жашоодогу абалын аныктайт. Чоң же кичине эч нерсенин кокустан болбошун, баарынын Аллах тарабынан ал адамдын тагдырында белгиленген окуялар экенин адам эч качан унутпаш керек. Адам бул чындыкты унутпаса эле, башына келгендердин баарынын ал үчүн жакшылыктарга толо экенин да унутпайт. Себеби бүт баары Аллахтын каалоосу менен болот. Демек, адам окуялардагы жакшылыктарды жана сырларды көрүү, кыскасы бүт нерсени «жакшылыкка жоруу» үчүн эң биринчиден дүйнө жашоосунун сыноо мекени экенин унутпашы зарыл.
Аллах ар бир адамды ар кандай окуяларды жана адамдарды себепчи кылып, ар түрдүү жолдор менен сынайт. Бирок бул жерде муну да айта кетүү керек: Аллах чексиз адилеттүү жана кулдарына өтө Халим (өтө жумшак); адамга күчү жетпей турган бир жоопкерчилик жүктөбөйт. Бул Аллахтын бир убадасы:
Эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйбүз; колубузда акыйкатты айта турган бир китеп бар жана алар эч бир адилетсиздикке туш болушпайт. (Мүминун Сүрөсү, 62)
Ыйман келтирип, чын ыкластуу иштерди жасагандар бейиштин калкы. Биз эч кимге күчү жеткенден ашыкчасын жүктөбөйбүз. Ал жерде (бейиште) түбөлүк жашашат. (Аьраф Сүрөсү, 42)
Дүйнө жашоосунда адамдын башына келген ар кандай оор сыноолор, оорулар, кырсыктар, материалдык жана руханий кыйынчылыктар жана башкалар анын көтөрө ала турган күчүнүн чегинде болот. Бирок адам жакшы мүнөз менен сабырдын ордуна, шайтандын мүнөзү болгон баш көтөрүүнү жана шүгүрсүздүктү тандаса, анда бул өзүнүн тандоосу болот жана андай мамилеси үчүн жооп берет.
Кээ-кээде башына келген окуяларда адам эми мындан чыгуунун жолу жок, баары бүттү, бул мен өтө албай турган кыйынчылык деп ойлошу мүмкүн. Ал окуяда бир жакшылык болушу мүмкүн экенин унутуп, сүйлөнүп, ачууланып башташы мүмкүн. Бирок алар негизи шайтандан келген куру санаалар гана болгон болот. Чын ниеттүү бир момун (мумин, ыймандуу адам) башына келген окуя кандай гана болбосун, сөзсүз жакшы мүнөз менен кабыл алып, сабыр кыла ала турган бир жагдайга туш болгонун билиши керек. Үмүтсүздүккө түшүү болсо шайтандан келген бир азгырык болот. Аллах кулдарына Менин мээримимден үмүт үзбөгүлө деп буйруган:
Алар чындыгында Аллахтын каалаганына ырыскыны көбөйтүп-жайаарын жана (каалаганына) азайтаарын билишпейби. Эч күмөнсүз мында, ыйман кылган бир коом үчүн чындап аяттар бар. (Менден аларга) Айткын: «Эй өз зыянына чектен чыккан пенделерим. Аллахтын ырайымынан үмүт үзбөгүлө. Күмөнсүз, Аллах бүт күнөөлөрдү кечирет. Себеби Ал кечиримдүү, боорукер.» Азап силерге келип калаардан мурда Раббиңерге кайткыла (бурулгула) жана Ага моюн сунгула. Кийин силерге жардам берилбейт. (Зүмер Сүрөсү, 52-54)
Аллахтын жогорудагы аяттарда билдирген буйругуна моюн сунуп, жакшылык көзү менен караган адам аяттарда айтылгандай жакшылыкка жолугат; үмүт үзгөн болсо жападан жалгыз жана жардамчысыз калат. Аллах Анын мээриминен ыймансыздардын үмүт үзөөрүн төмөнкүчө кабар берген:
Аллахтын аяттарын жана Ага жолугууну «жокко чыгарып, тангандар»; мына ошолор Менин мээримимден үмүт үзүшкөн; жана мына ошолор оор азапка туш болушат. (Анкебут Сүрөсү, 23)
... Аллахтын мээриминен үмүт үзбөгүлө. Себеби каапырлар коомунан башкалар Аллахтын мээриминен үмүт үзүшпөйт. (Йусуф Сүрөсү, 87)
Ыймандуу адам Аллахтын буйругуна ылайык эч качан үмүтсүздүккө түшпөй, башына келген окуяларды тереңирээк ойлонушу зарыл. Башына бир кыйынчылык келгенде төмөнкүлөрдү ойлонушу керек: бул сыноо учурунда өзүнүн эр жүрөктүгүн, сабырын, боорукердигин, акылдуулугун, туруктуулугун, берилгендигин, сүйүүсүн, жан аябастыгын бул дүйнөдө көрүп, негизи өзүнө өзү күбө болуп жаткан болот. Эсинде калган маалыматтары менен акыретке барганда, ушундай жакшы мүнөзү жана мамилеси үчүн бейиштин берилгенин түшүнүү ага өзүнчө бир ырахат тартуулайт. Кыйынчылыктарды көргөн жан (напси) алардын ордуна бейиште берилген жеңилдиктер менен сый-жакшылыктарды абдан жакшы билип-сезет жана натыйжада өтө күчтүү ырахат алат. Муну унутпаш керек: кыйынчылыкты билбеген жеңилдиктин эмне экенин түшүнө албайт; түшүнсө да кыйынчылыкты билген адамдай терең сезе албайт. Ошондуктан ыймандуунун дүйнөдө башынан өткөргөн ар бир кыйынчылыгы акыретте өзүнө чоң бир ырахат булагы болот.
Мындан тышкары, дүйнөдө сабырдуу, акылдуу, оңойлоштуруучу, тең салмактуу, токтоо, кечиримдүү, боорукер, бүт нерсени сүйгөн, мыкты мүнөздүү болуунун өзүнчө, терең бир ыймандык ырахаты бар. Бир ыймандуу мындай сонун мүнөздөрдү өзүндө көргөндө абдан ырахат алат; башка ыймандуулар андан алган ыймандык ырахатты сезгенде болсо, андан да өзүнчө бир ырахат алат. Мындай ырахат алуу, ыраазылык жана сонун сезимдер Аллахтын уруксаты менен бейиште түбөлүккө уланат.
Курандан кабарсыз адамдардын орток өзгөчөлүктөрүнүн бири; аларга жакшылык келип же бейпил жашаган кезде муну өзүм себептүү деп ойлошуп, текебердикке кабылышат. Баштарына бир жамандык келгенде болсо ошол замат күнөөлөй турган бирөөлөрдү издешет. Чындыгында болсо, Аллах чексиз адилеттүү жана ар кандай жамандык адамдын өзүнөн болот. Аятта мындай деп айтылат:
Сага кандай жакшылык келсе Аллахтан, кандай жамандык келсе ал өзүңдөн болот... (Ниса Сүрөсү, 79)
Куранда ыймансыздардын окуяларга туура эмес баа беришине мисалдар берилген. Мисалы, Фараон менен айланасындагылар башына жамандык келгенде аны Аз. Муса менен анын жанындагылардын кара мүртөздүгүнөн дешкен, бирок чындыгында чыныгы кара мүртөз жана жамандар өздөрү болушкан. Бул Аьраф Сүрөсүндө төмөнкүчө кабар берилген:
Аларга бир жакшылык келгенде «Бул биз үчүн» дешип; аларга бир жамандык келгенде (аны болсо), Муса менен жанындагылардын бир кара мүртөздүгү катары жоромолдошчу. Кабарыңар болсун, Аллах Кабатында чыныгы кара мүртөздөр өздөрү, бирок алардын көпчүлүгү билишпейт. (Аьраф Сүрөсү, 131)
Жогорудагы мисалдан көрүнүп тургандай, динден алыс адамдар кандай жагдай болсо да, күнөөлөй турган кишилерди издешет. Өздөрүнүн кылган жамандыгы менен чыккынчылыгын көрмөксөн болуп, жакшы адамдарды жаман деп күнөөлөгөнгө аракет кылышат. Бирок жогорудагы аятта да көңүл бурулгандай, чыныгы жамандыктын булагы – бул өздөрү. Эгер мындай адамдар жакшыны жаман, жакшылыкты жамандык деп жоромолдоп жатышса, анын бирден бир жооптуусу да өздөрү болот.
Адамдар өмүр бою келечеги үчүн, эртеңки күнү же бир саат кийинкиси үчүн ар кандай пландарды түзүшөт. Ал пландар кээде пландагандай ишке ашат, кээде болсо күтүүсүз окуялар себептүү ишке ашпай калат. Динден алыс адамдар муну кокустан болду деп ойлошот.
Чындыгында болсо пландалган программалар да иштебейт, күтүүсүз бурулуштар да болбойт. Ал план ишке ашса да, ашпаса да, бир адамдын башына келген окуялардын баары – ал адамдын тагдырында Аллах алдын ала белгилеген окуялар гана. Бир аятта айтылгандай, «Асмандан жерге чейин бүт иштерди Ал ороп тартипке салат...» (Сажда Сүрөсү, 5). Жана дагы бир аятта айтылгандай, «Аллах бүт нерсени тагдыр менен жараткан.» (Камер Сүрөсү, 49).
Ар бир адам негизи өзүмдүн пландагандарым болуп жатат деп ойлосо да, чындыгында Аллах ал үчүн белгилеген тагдырды жашап жаткан болот. Ошондуктан адам бир нерселерди кылып тагдырымды өзгөртүп жатам деп ойлосо да, негизи тагдырындагы нерселерди ойлоп жаткан болот. Өмүрүнүн эч бир көз ирмеми тагдырынын сыртында эмес. Кома абалында жатып өлгөн адам тагдырында болгону үчүн өлөт, бир канча айдан соң комадан чыгып, айыгып кеткен киши да тагдырында болгону үчүн кутулат.
Тагдырды толук түшүнө албаган адам үчүн болсо бүт окуялар туш келди болуп жаткан кокустуктардын натыйжасы болуп саналат. Ал адам ааламдагы бүт нерсе ээнбаш кыймылдап жүрөт деп ойлойт. Ошондуктан башына жаман нерсе келгенде аны «шанссыздык» (жолу болбоо) деп атайт.
Бирок адамдын акылы жана ой жүгүртүүсү өтө чектүү; болгондо да адам убакыт жана мейкиндик менен чектелген бир жандык. Адамдын башына келген бүт бардык окуяларды болсо убакыт менен мейкиндиктен көз-карандысыз, «чексиз акылдуу» Аллах пландоодо. Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Жер жүзүндө болгон жана силердин напсиңерде болуп жаткан ар кандай нерселердин (окуялардын) баарын Биз жаратуудан мурда бир китепте (жазып) койгонбуз. Күмөнсүз, бул – Аллах үчүн абдан оңой. (Хадид Сүрөсү, 22)
Бул улуу акыйкат алдында адам бүт окуялардын жакшылык катары жаратылганын билип, Аллах ал үчүн белгилеген тагдырга моюн сунушу гана керек. Чындап ыйман кылган адамдар өмүрлөрүндөгү бүт нерсени Аллах белгилеп койгон бир тагдырга моюн сунаарын, бир максат менен жаратылганын билип жашашат. Натыйжада чыныгы жакшылыкка жетишет. Ыймандуулардын мындай сонун мүнөзү жана бекем моюн сунуучулугу Куранда төмөнкүчө айтылат:
Айткын: «Бизге Аллах биз үчүн жазгандарынан башка, эч качан эч нерсе келбейт. Ал – биздин Мевлабыз (Досубуз). Жана момундар (ыймандуулар) бир гана Аллахка тобокел кылышсын (таянышсын). (Тообо Сүрөсү, 51)
Адам жакшылык катары караса да, жамандык катары караса да боло турган нерсени токтотууга күчү жетпейт. Жакшылык катары көрсө утат; жамандык катары көрсө, өзүнө зыян тийгизгенден башка эч нерсеге жете албайт. Адамдын бушайман болгон сөздөрдү айтышы же ачууланып, арызданышы тагдырындагы бир секунданы да өзгөртпөйт. Ошондуктан кулдун бир гана милдети бар: Аллахтын чексиз адилетине жана ал үчүн белгилеген тагдырга моюн сунуп, бүт окуяларды жакшылык көзү менен карап, жүрөгүнөн ыраазы болуп «тагдырын көрүү».
Шайтандын өтө жакшылыкты билбеген жана козголоңчу экени бизге Куранда кабар берилген. Анын адамдарга оңдон, солдон, алдыдан жана арттан келээрин, адамдарды туура жолдон адаштыруу үчүн ар кандай жолго бараарын да аяттардан көрө алабыз. Шайтандын бул жеке максатына жетүү үчүн колдонгон эң негизги оюндарынын бири – бул адамдын башына келген окуялардагы жакшылыктарды көрүшүнө жолтоо болуп, Аллахка карата шүгүрсүз жана козголоңчу болушуна себеп болуу. Курандагы сонун адеп-ахлакты түшүнө албаган, динден алыс жашаган, акыретти унутуп өмүрлөрүн бош максатта өткөргөн адамдар шайтандын бул тузагына түшүшөт.
Шайтан мындай адамдардын өзгөчө сезгич жерлерин таап, ошол тараптардан жүрөктөрүнө азгырык салганга аракет кылат; аларды Аллахка жанаАл белгилеген тагдырга каршы чыгууга чакырат. Мисалы, бир адам кошунасы жол кырсыгына кабылганда, ага бул окуя тагдырда болчу деп оңой эле эскерте алат. Ал тургай, «берилген садакаңар бар экен, негизгиси өзүңөрдү Кудай сактаптыр» деген сыяктуу сөздөр менен аны жоошутканга аракет кылат. Бирок өзү же үй-бүлөсү мындай окуяга кабылганда андай токтоолук кыла албайт. Шайтан азгырган напсисинин оюнуна алданып, ачууланууну оңой көрөт. Себеби окуялардын жакшылык тарабын көрүүгө аракет кылуу, Аллахка моюн сунуу жана тобокел кылуу (таянуу) абийирдин иши. Эгер адам абийирин жетиштүү деңгээлде колдонбосо, мындай окуяларда дайыма туура эмес мамиле көрсөтөт.
Шайтан ар кандай темада анын жакшылыкты көрүшүнө тоскоол боло алат. Азгырык берүү өзгөчөлүгүн адамдын кылган иштериндеги жакшы тараптарды көрсөтпөө үчүн да колдонот. Мисалы, Аллах ыраазылыгы үчүн жакшы бир тарапка акчасын корото турган бир ыймандууга келечек коркуусун берип, байлыгың азайат, өзүң кыйынчылыкта каласың деген сыяктуу сезимдерди бергенге аракет кылат. Шайтандын мындай тузагы бир аятта төмөнкүчө кабар берилген:
Шайтан силерди кедейлик менен коркутат жана силерге жаман-уятсыздыкты буйрук кылууда. Аллах болсо силерге Өзүнөн кечирим жана көп жакшылык убада кылууда. Аллах (ырайымы) кеңири, билүүчү. (Бакара Сүрөсү, 268)
Бирок булардын баары куру санаалар. Шайтандын бүт мындай тымызын пландары чын ыкластуу ыймандууларга эч таасир тийгизбейт. Себеби ыймандуу сооптуу иштерге акча коротууда дүйнө жашоосундагы бейпилдиги менен кызыкчылыгын максат кылбайт. Чыныгы максаты муктаждарга жардам берүү аркылуу Аллахтын ыраазылыгына, мээримине жана бейишине жетүү болот. Ошондуктан шайтан ыймандууларды мындай азгырыктар менен алдай албайт. Шайтандын ыймандууларды азгыра албашын Аллах Куранда кабар берген:
Эгер сага шайтандан бир күүлөө (азгырык) келсе, ошол замат Аллахка корголон. Себеби Ал угуучу, билүүчү. (Аллахтан) Коркуп-тартынгандарга шайтандан бир азгырык жеткенде (алгач) жакшылап ойлонушат (Аллахты зикир кылып, эстешет), анан кийин карасаң, байкап түшүнүшкөн болот. (Аьраф Сүрөсү, 200-201)
Бул жерге чейин айтылгандардан да көрүнүп тургандай, шайтан жакшылыктан тосууда негизинен эки тараптан адамдарга келет. Биринчиси; жакшы бир иш-аракетке тоскоол болуу үчүн колунан келгендин баарын жасап, адамдарды дүйнөнүн кооздугуна гана буруп, азгырууга аракет кылат. Экинчиси болсо; окуялардагы жакшылыктарды жана сырларды көрүшүнө жолтоо болгонго аракет кылат. Өзгөчө адамдарга бир кыйынчылык келгенде ал окуяларды «жамандыктай» көрсөтүп, адамдарды Аллахка каршы чыгарганга аракет кылат.
Бирок, Аллах адамга санап бүтө алгыс көп сый-жакшылыктарды тартуу кылган. Төрөлгөндөн өлгөнгө чейин дайыма чексиз жакшылыктарды берүүдө. Ошондуктан Аллахты дос жана таяныч туткан ыймандуулар башына келген бир окуянын сырын ошол учурда түшүнбөсө да, Аллахка таянып ишенишет жана аягында сөзсүз бир жакшылык болот деп сабыр кылышат. Кандай абалга гана түшпөсүн, эч ачууланып, арызданышпайт. Өтө кыйындай көрүнгөн бир абалда болушса да, бул абалдын аягында алардын пайдасына айланаарын билишет. Жана Аллахтын уруксаты менен баштарына келген оор окуя балким акыретте кутулууга жеткире турган өтө маанилүү бир бурулуш чекити болот.