Киришүү

Өткөн өмүрүңүздү карап, ушул күнгө чейин башыңызга келгендерди эстесеңиз, он жылдарга созулган окуялардын негизи бир канча мүнөттөн ашпай турганын көрөсүз. Бир кездерде өтө маанилүү деп ойлогон, кээде толкундануу менен, кээде тынчсыздануу менен, кээде болсо кызыгуу менен күткөн окуяларыңыздын баары эми сиз үчүн бир эскерүүгө гана айланган. Алардан бул дүйнөгө тиешелүү эсиңиздеги маалыматтар гана калган. Бирок ал убакыт ичинде айткан ар бир сөзүңүз, жасаган ар бир ишиңиз, ичиңизден ойлонгон ар бир оюңуз Аллах Кабатында сакталуу турат.

Ар бир адам сөзсүз туш боло турган өлүм менен бирге бул маалыматтар алдыңызга төгүлөт. Сиздин эсиңизде бир канча мүнөттөй гана калган өмүрүңүз Аллах Кабатында сизге ар бир көз ирмеми менен, мүнөт мүнөт, бир секундасы да калбай, толук көрсөтүлөт.
Эгер өмүрүңүздү Аллахтын жашооңузду толук башкарып тураарын жана эмне максатта жаратканын билип өткөргөн болсоңуз, башыңызга келген бүт окуяларды жакшылакка жоруп, Аллахтын тагдырыңызды сиз үчүн эң жакшы боло тургандай кылып жаратканын түшүнсөңүз, анда сизди күткөн жыйынтык кайра эле жакшылык болот.

Себеби өлүмдөн соң адам кабыла турган эки гана ыктымалдык бар; эгер адам өмүрүн Аллах ыраазы боло турган кулк-мүнөз менен өткөрсө, түбөлүк бир кутулууга жетет, андай кылбаган болсо түбөлүк бир азапка туш болот. Аллах ыраазы боло турган кулк-мүнөз болсо мындай: адам бүт нерсенин Андан келгенин билип, дайыма ар кандай шартта Ага шүгүр кылып, бүт өмүрүн ар бир окуяда бир жакшылык бар экенине ишенип өткөрүшү керек.
Адамдын башына келген бүт окуялардан ыраазы болушу, ар бир окуяда бир жакшылык бар экенине ишениши жана дайыма Аллахка шүгүр кылып жашашы болсо өтө оңой. Аллахтын улуулугун жана кудуретин түшүнгөн ар бир адам сөзсүз ошентип жашайт. Бул үчүн адамдын жашап жаткан дүйнөсүн жана ал дүйнөдөгү бүт нерсени жараткан Раббибизди таанып, Аны кудуретин жакшылап түшүнүшү жетиштүү болот.
Адам бул дүйнөгө келгенден баштап башына келген окуялардын баарын, уккан ар бир сөзүн, көргөн нерселеринин баарын Улуу Аллах жараткан. Аллах чексиз кудуреттүү, чексиз акылдуу, чексиз адилеттүү жана чексиз даанышман.

Куранда «Эч күмөнсүз, Биз бүт баарын тагдыр менен жараттык» (Камер Сүрөсү, 49) аяты менен кабар берилгендей, Аллах бүт нерсени белгилүү бир план жана максат менен жаратат. Аллахтын мындай чексиз кудурети жана улуулугу алдында адам болсо өтө чектүү жана алсыз болуп калат.
Жашаш үчүн Аллахтын ага мүмкүнчүлүк беришине жана жакшылыктар тартуулашына муктаж. Акылы менен түшүнүгү Аллах ага үйрөткөн нерселерди гана түшүнүүгө жетет. Ошондуктан, Аллахтын чексиз акылына жана чексиз даанышмандык менен жараткан тагдырына моюн сунуу адамдын негизги бир муктаждыгы. Ар бир башына келген окуяда Аллахтын бүт ааламдын жана бүт жандыктардын өкүмдары экенин билип, ал көрө албаган, биле албаган окуяларды Аллахтын көрүп билээрин, ал уга албаган үндөрдү Анын угаарын, жана ал кабарсыз болгон өткөн жана келечектеги бүт окуяларды Раббибиздин билээрин ойлонуп, Аллахтын бүт окуяларды эң даанышмандык менен, эң жакшы боло тургандай кылып жаратканын түшүнөт. Бул чындыкка ишенүү аны өмүрүнүн ар бир көз ирмемине шүгүр кыла алууну билген бийик кулк-мүнөздүү кылат. Башкача айтканда, адам ушундай ыйман себептүү уккан ар бир үнүнө, көргөн ар бир көрүнүшкө, башына келген ар бир окуяга, кыскасы, өмүрүнүн ар бир көз ирмемине «жакшылык көзү менен карайт» жана натыйжада жашоону эң чыныгы жана эң туура түшүнгөн болот.

Жана аятта «Биз ага жолду көрсөттүк; (эми ал) же шүгүр кылуучу болот же шүгүрсүз» (Инсан Сүрөсү, 3) деп кабар берилген варианттардын арасынан эң туурасын тандап, жашоонун эң жакшы натыйжасын алат жана Аллахтын уруксаты менен эң жакшы жашоого, түбөлүк бейиш жашоосуна жетүүнү үмүт кылат.

Бул китептин максаты – адамдарга өмүрдү, ар бир көз ирмемди, ар бир окуяны жакшылыкка жоруп жашоонун сонун экенин көрсөтүү, жана тагдырдын ар бир секундасына жакшылык көзү менен кароонун адамга дүйнө жана акыретте алып келе турган жакшылыктарын эстетүү. Ошондой эле, адамдын жакшылыктарды көрүшүнө тоскоол болгон пардаларды ачып, туура эмес жашоодон кутулушуна көмөкчү болуу.

Адамды тагдырынын ар бир көз ирмемине тили менен эле эмес, жүрөгү менен да «мында да бир жакшылык бар» дей ала турган, башына келген кыйынчылыктарга чыдап эмес, чын жүрөктөн моюн сунуп, ыраазылык менен сабыр көрсөтө ала турган бир кулк-мүнөзгө үндөө. Тагдырдын кемчиликсиз жаратылганын эске салуу менен, бүт ыймандууларды Аллахтын чексиз акылына моюн сунуп, дайыма жакшы маанайда жашоого чакыруу.