Кээ бир адамдар башына келген окуяларды өздөрүнүн логикасы менен «жакшы же жаман» деп белгилүү категорияларга бөлүшөт. Минтип категорияга бөлүүдө өздөрүнүн көнүмүш адаттары менен элдин адат-салтына таянышат. Окуяларга карата мамилеси да окуянын күчүнө же абалына жараша өзгөрөт, бирок коому тарабынан белгиленген калыптар тегерегинде болот.
Ар бир адамдын жаш кезинен баштап келечек жөнүндө бир катар пландары болот. Бирок окуялар дайыма эле адамдар ойлогондой же пландагандай боло бербеши мүмкүн. Күтүлбөгөн, эч күтүүсүз окуялар кээ-кээде ар бир адамдын башына келиши ыктымал. Кээде бүт баары дал ошол адам каалагандай болуп жатып, кээде болсо бир караганда терстей көрүнгөн бир канча окуя катары менен башына келиши мүмкүн. Ден-соолугу өтө чыңдай көрүнгөн бир адам бир заматта өлүмчүл ооруга чалдыгышы мүмкүн же бир кырсык натыйжасында ден-соолугунан ажырашы ыктымал. Же өтө бай бир адам эч күтүүсүз, бир заматта бүт мүлкүнөн ажырап калышы мүмкүн.
Көбүнчө адамдар өмүрүндө болуп турган ушул сыяктуу өйдө-төмөндөргө ар кандай жооп көрсөтүшөт. Окуялар алар каалагандай болуп, алардын кызыкчылыгына бир зыян тийгизбеген учурда кубанышып, күтүүсүз окуяларга кабылганда болсо, ошол замат нааразы болушат же баш көтөрүүгө чейин барышат. Окуялардын маанилүүлүгүнө жана жыйынтыгына жараша нааразылыгы ан сайын күчөйт.
Мындай мүнөздү караңгы коомдордун көпчүлүгүнөн көрүүгө болот. Бирок мындай адамдардын кээ бирлери нааразы болуп турса да, ал окуяларга «бир жакшылык бар чыгаар» деген сыяктуу сөздөрдү айтпай коюшпайт. Бирок ал адамдардын мындай сөздөрү –жогоруда да айтылгандай- толугу менен оозу көнүп калганы үчүн же коомдо адатка айланганы үчүн гана айтылат. Көп адамдар башына келген окуяларда чындап өзү айткандай бир жакшылык издешпейт.
Кээ бирлери болсо зыянсыз же кичинекей деп ойлогон терстиктерге «бир жакшылык бардыр» дешет, бирок чоң же кызыкчылыктарына маанилүү зыян алып келе турган окуяларга кабылганда жакшылык жөнүндө эч айтпай калышат. Мисалы, жумушуна баратып автобуска жетпей калган же машинасы бузулган бир киши мындай кичинекей бир окуяга «бир жакшылык бардыр» деп көп маани бербеши мүмкүн. Бирок ушул себептен улам башчысынан жаман сөз угуп же ишинен айдалса, анда ошол замат арызданып баштайт. Же арзан бир сааты жоголсо «бир жакшылык бардыр» деген бир адам бриллиант шакегин жоготкондо өзүн жогото турган даражага келиши мүмкүн. Бул чек «алсыз жери» деп аталат жана бүт адамдардын сөзсүз «алсыз жерине тийе турган бир чекити» бар. Адам жакшылык көзү менен карай турган же сабыр кыла турган кичинекей окуялар бар, бирок укмуш чоң бир окуяга туш болгондо ар кандай терс мамилелерди жасоону өзүнүн эң табигый укугу катары көрөт.
Кээ бир адамдар болсо «жакшылык көзү менен кароо» түшүнүгүн сооротуу максатында гана колдонушат. Адамдын окуяларга жакшылык көзү менен карашынын чындыгында эмне мааниге келээрин билбейт дагы. Муну кыйынчылыкка кабылган же зыянга учураган достордун бир-бирин сооротуу үчүн чыгарган нерсеси деп ишенишет. Мисалы, банкрот болгон бир таанышын же класстан көчпөй калган бир курбусун сооротуу керек болгондо «мейли эми, бир жакшылык бардыр» же «болоор иш болду, жакшылыкка жоруу керек» деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Мындай окуя өз башына келгенде болсо эч жакшылыктан сөз кылышпайт. Бул абал алардын айткан сөзүнүн маанисинен толук кабарсыз экенин көрсөтөт.
Мындай адамдардын терс сыяктуу көрүнгөн бүт окуяларда бир жакшылык болушу мүмкүн деп ойлонбошунун себеби алардын ишениминин түп-тамырынан бузук болушунда. Адамдын өмүр бою башына келген бүт окуяларды Аллах жаратканын, ар бир иштин белгилүү бир тагдыр менен иштээрин жана дүйнө жашоосунун бир сыноо жери экенин түшүнбөшү «жакшылык көзү менен карашына» чоң бөгөт болот.
Ошондуктан эмки бөлүмдө эң биринчиден бүт окуяларда сөзсүз бир жакшылык бар экенине ишенүү жана ал жакшылыктарды көрө алуу үчүн билүү керек болгон кээ бир маанилүү акыйкаттарга токтолобуз.