Ар бир адамдын жашоосунда кыйын учурлар деп айтканга боло турган учурлар бар. Куран адеп-ахлагынан алыс жашаган адамдардын көпчүлүгү мындай учурларды кайгырып, капаланып өткөрүшөт. Ачууланып, түнөрүп, адамдар менен талашып-тартышышат. Мунун жалгыз себеби болсо – китептин башынан бери айтылып келе жаткандай, ал кишилердин дин алып келген мыкты кулк-мүнөздөн алыс болушу. Аллахка жана Ал жараткан тагдырдын кемчиликсиздигине ыйман кылбаганы үчүн башына келген окуялардын, тарткан кыйынчылыктарынын артында бир сыр жана жакшылык көрө алышпайт. Ыйман кылбаганы үчүн ансыз да дүйнөдө өткөргөн ар бир көз ирмеми алардын зыянына иштейт. Алар болсо ошонун кыйынчылыгы менен азабы ичинде өмүр сүрүшөт.
Ыймандуулар болсо Аллах дүйнө жашоосунда алар үчүн жараткан кыйынчылыктардын бир сыноо экенин билишет. Андай сыноолордун чын ыкластуу (чын ниеттүү) мусулмандар менен «жүрөктөрүндө оорусу бар» жана чындап ыйман кылбаган кишилердин айырмаланышы үчүн атайын жаратылганын билишет. Себеби Аллах мусулмандарды сөзсүз сынаарын жана чынчылдар менен чынчыл эместерди бир-биринен ажыратаарын Куранда төмөнкүчө убада кылган:
Же силер Аллах араңардан жехд кылгандарды (аракет кылгандарды) аныктап-айырмалабастан жана сабыр кылгандарды да аныктап-айырмалабастан бейишке киребиз деп ойлодуңарбы? (Али Имран Сүрөсү, 142)
Аллах таза эмести тазадан айырмалаганга чейин ыймандууларды силер турган абалыңарда таштап койбойт... (Али Имран Сүрөсү, 179)
Бул жөнүндө Куранда Пайгамбарыбыз (сав) доорунда болуп өткөн мындай окуя мисал берилген:
Эки топ жолуккан күнү силердин башыңарга келген Аллахтын уруксаты менен гана болду. (Бул Аллахтын) ыймандууларды айырмалашы; мүнафыктык (эки жүздүүлүк) кылгандарды да аныкташы үчүн эле... (Али Имран Сүрөсү, 166-167)
Бул аяттар негизи ушул кезге чейин айтылгандарды түшүндүрүүдө. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда мусулмандар кыйын шарттарга туш болуп, сырттан караганда бир катар кыйынчылыктарды тартышкан. Сырттан караганда ыймандуулар оор бир күрөш ичинде сыяктуу көрүнгөн. Бирок аяттарда билдирилгендей, бул окуя да Аллахтын уруксаты менен болуп, ыймандууларга зыян тийгизүүгө аракет кылган мүнафыктардын (эки жүздүүлөрдүн) белгилүү болушуна себеп болгон. Б.а. жыйынтыгы ыймандуулар үчүн –ар дайымкы сыяктуу- жакшылыкка айланган.
Ыймандуулар бул аяттарда кабар берилген чындыктарды билгени үчүн жамандай көрүнгөн бир окуяны же кыйынчылык учурун чын ниетин, Улуу Аллахка болгон жакындыгын жана таянычын көрсөтүүнүн сонун бир мүмкүнчүлүгү катары баалашат. Дүйнөдө кыйынчылыктар менен да, сый-жакшылыктар менен да сыналаарын эч унутушпайт. Мындай сонун мүнөзү жана моюн сунуучулугу үчүн Аллах жамандай көрүнгөн окуяларды жана кыйынчылыктарды чын ыкластуу кулдарынын пайдасына айлантат.
Алдыда адамдар күнүмдүк жашоосунда жолугушу ыктымал болгон кээ бир кыйынчылыктардан, дүйнө жашоосундагы сыноолордон сөз кылынат. Максат – ыймандуулар үчүн кыйынчылыктай көрүнгөн окуялардын артында жашырылган жакшылыктарды, дүйнөдө жана акыретте кыйынчылыктарга сабыр кылуунун ыймандууларга алып келе турган жакшылыктарын эстетүү.
Адамдардын көпчүлүгүнүн жашоосундагы эң негизги максаттарынын бири – бул бай болуу. Жашоосунда өтө маанилүү орунду ээлеген бул максатка жетүү үчүн ар кандай жолду жасап көрүшөт жана эч нерседен тартынышпайт. Адамдардын мал-мүлккө мынча маани бериши Куранда «күчтүү арзуу» жана «дүйнө жашоосунун өзүнө тартуучу кооздугу» деп айтылган. Аяттарда мындайча билдирилет:
Аялдарга, балдарга, сандык сандык жыйылган алтын жана күмүшкө, күлүк көркөм аттарга, айбанаттарга жана түшүмдөргө болгон күчтүү арзуу адамдарга «кооз жана өзүнө тартуучу» көрсөтүлдү. Булар – дүйнө жашоосунун жалган кооздуктары. Чыныгы барыла турган сонун мекен – Аллахтын кабатындагы (мекен). (Али Имран Сүрөсү, 14)
Мал-мүлк жана балдар дүйнө жашоосунун өзүнө тартуучу кооздугу; туруктуу салих (чын ыкластуу жакшы) иштер болсо Раббиң Кабатында сообу жагынан жакшыраак, үмүт кылуу жагынан да жакшыраак. (Кехф Сүрөсү, 46)
Аллах башка бир аятында болсо динден алыс жашаган адамдар жөнүндө «Мал-мүлктү «бир жыйноо каалоосу жана ач көздүк менен» сүйөсүңөр» (Фежр Сүрөсү, 20) деп билдирген. Бул аяттан да көрүнүп тургандай, караңгы (Курандан алыс) адамдар болгон аракети менен мал-мүлк жыйнагысы келет. Себеби мал-мүлккө бай болуу динди негиз тутпаган коомдордо өйдөлүктүн эң негизги көрсөткүчү болуп саналат. Андай туура эмес модельде бай адам сыйланып, урмат көрөт жана баркталат. Адамдар байлыкка жеткенде өтө чоң күчкө жеттим деп ойлошот. Ошондуктан бүт адамдардын эң негизги каалоолорунун бири өтө бай болуу болуп эсептелет.
Караңгы адамдардын мал-мүлктү жана байлыкты мынчалык сүйүшү өмүр бою алардан айрылып калуу коркуусун да алып келет. Мындай туура эмес түшүнүктөгү кээ бир адамдар мал-мүлкү кандайдыр бир себеп менен колдорунан алынса, толук үмүтсүздүккө түшүп, Аллахка баш көтөрүп башташат. Мал-мүлкүнүн азайышынын бир сыноо экенин эч билбегени үчүн өтө чоң зыянга учурадым деп кайгырат.
Бирок Аллах Куранда ыймандуу кулдарына колуңардан чыккандар үчүн кайгырбагыла жана силерге берилген сый-жакшылыктар үчүн кубанып-көппөгүлө деп буйруган (Хадид Сүрөсү, 23). Аллах аяттарында адамдарды токтоолукка жана жакшы кулк-мүнөзгө чакырат. Бир адамдын мал-мүлкү көбөйгөндө көбүшү, азайганда болсо үмүтсүздүккө түшүшү Аллахка жасалган шүгүрсүздүк болот.
Бирок окуяларды өздөрүнүн туура эмес түшүнүгү менен баалаган караңгы коомдун адамдары мал-мүлктөн ажыраганда кайгырууну кадыресе нерседей көрүшөт. Мисалы, бир адам өмүр бою иштеп жыйнаган байлыгынан бир табигый кырсык себебинен бир канча секундада ажырап калышы мүмкүн. Же көпкө акча чогултуп алган кооз үйү бир өрттүн себебинен бат эле адам жашагыс болуп калышы ыктымал. Дүйнө жашоосунун бир сыноо мекени экенин жана мындай окуя менен сыналып жатканын билбеген бир адам мал-мүлкү бир заматта колунан алып коюлганда башына келгенге түшүнбөй, терс мүнөз көрсөтүп баштайт.
Динден алыс адамдар мал-мүлктөн ажыроону ушундай туура эмес көз-караш менен караганы үчүн, бул окуянын жакшы тарабы болушу мүмкүн эмес деп ойлошот. Ушундай көз-карашта болуп, Аллахка таянбаганы үчүн чындап эле бул окуя алардын зыянына болот.
Ал эми жакшылык көзү менен караган адамдар үчүн болсо абал такыр башкача. Мал-мүлкүнөн ажыроонун ошол учурда билинбеген көптөгөн сырлары жана жакшы жактары бар. Балким Аллах ошол аркылуу байлыкка көөп, бой көтөрүп дүйнө жашоосунун утурумдук кооздуктарына алданган кулдарына бир эскертүү жасап жаткандыр. Аларга бүт күчтүн Өзүнө тиешелүү экенин, Ага гана кайрылуу керек экенин эскертип жаткандыр. Же ошол кыйын учурда сабыр кылган, Аллахка таянган кулдарына дүйнөдө жана акыретте андан да жакшысын берип, алар билбеген бир жакшы келечек белгилеп койгондур. Дүйнө жашоосунун убактылуу кызыкчылыктары ордуна чексиз акырет жашоосундагы сансыз сый-жакшылыктарды аларга бериши мүмкүн; дүйнөнүн убактылуу сый-жакшылыктары менен акыреттин чексиз сый-жакшылыктары салыштырылганда, чексиз акырет сый-жакшылыктарынын жакшыраак экени анык.
Мындай окуялардын бул дүйнөдө да көптөгөн жакшылыктары болушу мүмкүн. Мисалы, бир адам жаңы сатып алган машинасы менен кырсыкка кабылып, машинасы оор залака көрсө, анда да сөзсүз бир жакшылык болот. Аллах балким ал адамды андан да чоң бир кырсыктан же башына келе турган жаман бир окуядан сактагандыр. Акылдуу бир адам башына келген ал окуяны бир эскертүү катары кабыл алып, тообо кылат жана Аллах жараткан тагдырга толук моюн сунат.
Бакара Сүрөсүнүн 216-аятында Аллах «жамандыктай» көрүнгөн кээ бир нерселердин адамдарга жакшылык алып келиши мүмкүн экенин кабар берген. Ошондой эле, бул аятта адамдар жакшы көргөн нерселердин аларга «жамандык» болушу мүмкүн экени да кабар берилген. Куранда бул жөнүндө сараңдык кылган бай ыймансыздар мисал келтирилген. Ыймансыз адамдардын сараңдыкты «акылмандык» деп ойлошу жана Аллах жолунда колдонбогон байлыктарын өзүмө пайда алып келет деп ойлошу өтө чоң бир жаңылыштык. Себеби Аллах мындай байлыктын өз ээсине «жамандык» алып келээрин жана акыретте аларга азап берээрин Куранда билдирген:
Аллах мол берешендиги менен берген нерселеринде сараңдык кылгандар муну өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун. Жок; бул алар үчүн жамандык. Кыямат күнү сараңдык кылгандары менен моюндарынан байланышат... (Али Имран Сүрөсү, 180)
Касас Сүрөсүндө болсо Аллах көп байлык берген, бирок ал байлыкка көөп, чектен чыккан Карундун окуясы баяндалат. Айтылган эскертүүлөрдү укпаганы үчүн кыйратылган Карундун абалы адамдарга сабак болуп саналат. Карундун абалы Куранда мындайча кабар берилет:
... Биз ага ушундай казыналар бергенбиз; анын ачкычтарын (көтөрүү) чоң бир топко оор келчү. Ага коому мындай деген эле: «Эсирип-көөп сүйүнбө, себеби Аллах эсирип-кубангандарды сүйбөйт. Аллахтын сага бергендери менен акырет үчүн аракет кыл, дүйнөдөн да өз үлүшүңдү (насибиңди) унутпа. Аллах сага берешендик кылгандай, сен да берешендик кыл жана жер жүзүндө бузукулук издебе. Себеби Аллах бузукулук кылгандарды сүйбөйт.» (Ал) Айтты: «Бул мендеги бир илим себептүү мага берилди.» Чындап Аллахтын андан мурдакы урпактардан күчү жагынан андан күчтүүрөөк жана адам саны жагынан (андан) көбүрөөк адамдарды кыйратканын билбейт беле. Кылмышкер-күнөөкөрлөрдөн күнөөлөрү суралбайт. (Касас Сүрөсү, 76-78)
Аяттарда айтылгандай, Карун колундагы байлыгын өзүнө жакшылык алып келет деп ойлоп, колундагылар менен көөп, бой көтөргөн. Бирок аягында кыйроого туш болгон.
Ыймандуулар болсо «мал-мүлккө» бул жерге чейин айтылган караңгы түшүнүктөн такыр башкача көз менен карашат. Куранда буйрулгандай жашаган бир ыймандуу үчүн бай болуу өмүрүндө өтө маанилүү орунду ээлебейт.
Байлыкты сүйүү, ач көздүк кылып байлык жыйноо сыяктуу караңгылыкка тиешелүү нерселер ыймандууларда болбойт. Себеби ыймандуу адам бүт өмүрүн Аллахтын ыраазылыгына жетүүгө арнайт. Ушул себептен мал-мүлкүн да Аллах жолунда колдонот жана напсисинин өзүмчүл каалоолоруна эч алданбайт; дүнүйөлүк кызыкчылыктарды эмес, дайыма акыреттеги сый-жакшылыктарды көздөйт. Мына ушундай ыймандуулар Аллах Кабатында жогору кылынган. Жана Аллах аларга Куранда мындай сүйүнүчтүү кабар берген:
Эч күмөнсүз, Аллах ыймандуулардан жандарын жана мал-мүлктөрүн акысына аларга бейишти берүү үчүн сатып алган. Алар Аллах жолунда согушушат, өлтүрүшөт жана өлтүрүлүшөт; бул Тооротто, Инжилде жана Куранда Анын үстүндөгү чыныгы убада. Аллахтан да убадасына бекемирээк ким бар? Демек кылган бул соодаңардан улам сүйүнүп-сүйүнчүлөшкүлө. Улуу «кутулуу жана бакыт» мына ушул. (Тообо Сүрөсү, 111)
Бул чындыкты түшүнгөн пайгамбарлар, элчилер, чын ыкластуу ыймандуулар тарых бою аларга сый-жакшылык катары берилген мал-мүлктүн негизи Раббибиз Аллахка тиешелүү экенин билип жашашкан, жана бүт байлыктарын Аллахтын ыраазылыгына жетүү максатында колдонушкан. Мисалы, аятта айтылгандай, ыймандуулар «... мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга» (Бакара Сүрөсү, 177) бере турган кулк-мүнөздө жана боорукер болушкан. Ошондой эле, ыймандуулар кээ бир адамдардай болуп эл көзүнө эмес, тескерисинче «... Аллахтын ыраазылыгына жетүү жана ыймандарын бекемдеп-күчтөндүрүү үчүн гана» (Бакара Сүрөсү, 265) садака кылышат. Ошондуктан мал-мүлкү азайганда караңгы адамдардай болбой, тескерисинче, анын Аллахтын бир сыноосу экенин билип, сабыр кылышат жана жакшылык көзү менен карашат. Аллахка ишенгендердин мындай учурдагы мамилеси Куранда төмөнкүчө айтылган:
Айткын: «Эй мүлктүн ээси Аллахым, каалаганыңа мүлк бересиң жана каалаганыңдан мүлктү кайра аласың, каалаганыңды жогору кылып, каалаганыңды төмөндөтөсүң; жакшылыктар Сенин колуңда. Чындыгында Сен бүт нерсеге кудуреттүүсүң.» (Али Имран Сүрөсү, 26)
Аллахка ишенгендер ыймансыздардын мал-мүлктөрүнүн аларга дүйнөдө жакшылык эмес, тескерисинче азап алып келээрин өтө жакшы билишет. Бул Улуу Аллахтын убадасы. Аятта мындай деп айтылат:
Демек алардын мал-мүлктөрү менен балдары сени суктантпасын; Аллах булар аркылуу аларды дүйнө жашоосунда азаптоону жана жандарынын каапырлык ичинде кыйынчылык менен чыгышын гана каалайт. (Тообо Сүрөсү, 55)
Караңгы коомдогу адамдар дайыма келечек жөнүндө пландарды түзүп, ал пландарынын дайыма алар ойлогондой болушун күтүшөт. Ошол себептен кокус бир ооруга чалдыкканда же күтүүсүз кырсыкка кабылганда бир заматта бүт жашоолору астын-үстүн болот. Себеби курган пландарында оору же кырсык сыяктуу окуяга эч орун беришпейт. Ал тургай, көпчүлүгү ден-соолугу чың кезде –күн сайын миңдеген адамдардын башына келип турган- мындай окуяларга кабылышы мүмкүн экенин ойлонушпайт дагы.
Ошондуктан караңгы адамдар мындай жагдайга кабылаар замат сүйлөнүп, кайгырып башташат. «Эмне үчүн менин башыма мындай окуя келди?» деген сыяктуу тагдырга толук карама-каршы келген мамиле көрсөтүшөт. Мындай көз-караштагы, динден алыс жашаган адамдар бир оору же кырсык учурунда Аллахка таянып, ал окуяга жакшылык көзү менен карай алышпайт.
Тагдырды түшүнө албаган мындай адамдар башына келген бир оорунун себеби катары бир гана вирустар менен микробдорду көрүшөт. Ошол сыяктуу, бир жол кырсыгына кабылганда, машинаны жакшы айдабаган адам гана буга себеп болду деп ойлошот. Бирок чындык башкача. Ооруга себеп болгон ар кандай микроорганизм же адамга зыян берген ар кандай унаа, ар кандай адам – бул Аллах себеп кылып жараткан нерселер. Жана алардын эч бири ээн баш эмес; баары Аллахтын контролунда гана кыймылдашат. Эгер бир вирус себебинен бир адам оор бир ооруга чалдыкса, бул Улуу Аллахтын каалоосу менен болгон болот. Эгер бир машина бир адамды сүзүп аны майып кылса, бул дагы Аллах жараткан тагдырдагы бир окуя болот. Бир адам эмне гана кылбасын, аларды өзгөртө албайт; тагдырынан бир көз ирмемди да алып сала албайт. Себеби тагдыр бүтүн бойдон жаратылат. Жана чексиз кудуреттүү Аллахка моюн сунуп, Анын чексиз акылына жана мээримине ишенип таянган адам үчүн оору да, кырсык да, башка жамандыктай көрүнгөн окуялар да аягы жакшылык менен бүтө турган убактылуу сыноолор болот. Аллахка ыйман кылып, Ал жараткан тагдырга моюн сунган адамдардын мындай кыйынчылык жана оору учурларындагы жакшы мамилеси жана жакшы мүнөзү эң маанилүү нерсе.
Оорулар менен кырсыктар ыймандуулар үчүн сабыры менен кулк-мүнөзүнүн сонундугун көрсөтүүнүн убактысы жана Аллахка жакындоонун өтө маанилүү бир мүмкүнчүлүгү болуп саналат. Аллах Куранда кыйынчылык учурунда көрсөтүлө турган сабырдын маанисин айтып жатканда, оору учурларын да белгилеген:
... Бирок жакшылык Аллахка, акырет күнүнө, периштелерге, Китепке жана пайгамбарларга ыйман кылган; мал-мүлктү жакшы көргөнүнө карабастан, аны жакындарга, жетимдерге, жакырларга, жолдо калганга, тилемчиге жана кулдарга берген; намазды туптуура окуган, зекетти берген жана убадалашканда убадаларына тургандар менен кыйынчылыкта, ооруда жана согуш күчөгөн учурларда сабыр кылгандар(дын иш-аракеттери). Мына ошолор чынчылдар жана такыбалар (Аллахтан корккондор) да ошолор. (Бакара Сүрөсү, 177)
Жогоруда да айтылгандай, аятта ооруган учурлардын да айтылганы маанилүү. Жаны кыйналып турган адам жакшы мүнөздө болушу үчүн алардын баарынын сыноо экенин; ооруну да, шыпааны да бир гана Аллахтын жаратаарын ойлонушу керек. Эгер адам оорусундагы же башына келген кырсыктагы жакшылыктар менен сырларды ойлонсо, аларды ошол учурда көрө албаса да ал кыйынчылыктан өтө чоң пайда алат. Дүйнөдө убактылуу кыйноо тартат, бирок Аллахтын уруксаты менен акыретте Раббибизге чын жүрөктөн моюн сунганы үчүн Анын чексиз жакшылыгы менен сыйланаарын үмүт кыла алат.
Бирок бул чындыкты жүрөгү менен түшүнүп, ушундай окуяга кабылганда жакшы мүнөз көрсөтө алуу өтө маанилүү. Ал үчүн болсо бүт оорулардын бир максат менен жаратылаарын эч унутпаш керек. Аллах кааласа адам эч качан оорубайт, эч жаны кыйналбайт. Бирок эгер адам мындай кыйынчылыкка кабылса, ал кыйынчылыктын бул дүйнөнүн убактылуулугун жана Аллахтын чексиз кудуретин түшүнүшү жагынан көптөгөн терең сырлары бар экенин билиши зарыл.
Бул бөлүмдө ал сырлардын бир канчасына токтолуп, оору же кырсык сыяктуу учурларда чын ниеттүү бир ыймандуунун моюн сунуучулугунун кандай болушу керек экенин карайбыз.
Ооруганда адамдын ошол күнгө чейин бир жакшына турган денеси көзгө да көрүнбөгөн вирустар менен микробдордон жеңилет. Жана белгилүү болгондой, көп оорулар алсыздыкка, ар кандай жердин оорушуна себеп болот. Ал тургай, кээ бир оору түрлөрүндө адам төшөктөн да тура алгыс даражада алсыз болуп калат же денеси ошончолук катуу ооруйт. Микроскопиялык бир вирустун денесин мынчалык алсыздатылышына жолтоо боло албаган адам мындай учурларда өзүнүн алсыздыгын жана Аллахка канчалык муктаж экенин бир топ жакшы түшүнөт. Натыйжада ден-соолугу чың кезде бой көтөрүп, текеберденген, колундагы байлык, бийлиги менен мактанган адам балким убагында жакшылап ойлонбогон бул чындыкты байкашы мүмкүн. Бүт нерсенин Жаратуучусу Раббибиздин чексиз кудуретин жакшыраак түшүнүшү ыктымал.
Күнүмдүк жашоодо көбүнчө адамдар ден-соолукта болуунун канчалык чоң жакшылык экенин ойлонушпайт. Көп убакыт бою оорубаган жана натыйжада кыйналып, бир жери сыздабаган адам буга көнүп калат. Бирок күтүүсүз бир ооруга чалдыкканда ден-соолукта болуунун Аллахтын бир сыйы экенин түшүнөт. Себеби бир нерсенин кадырын аны жоготкондо же андан айрылганда жакшыраак түшүнөбүз. Белгилүү Ислам аалымы Саид Нурси да айткандай, «суук болбосо жылуулук билинбейт, андан ырахат алынбайт. Курсак ачпаса, тамак ырахат бербейт. Оору болбосо ден-соолуктун ырахаты болбойт. Б.а. бүт нерсе карама-каршысы менен түшүнүлөт жана кадыры билинет.»
Көп адамдар өтө олуттуу бир ооруга чалдыкканда же бир органынан айрылганда, муну бир жамандыктай көрүшү мүмкүн. Чындыгында болсо, балким ал кишинин оорусу дарт катары, балээ катары эмес, акыретте кутулууга жетип, бир гана Аллахка бурулушу үчүн бир себепчи катары ага берилгендир. Себеби олуттуу бир ооруга чалдыккан адамдын көзү бир топ ачылат. Жаны кыйналганда адам көнүмүш маанайдан, б.а. капылеттиктен чыгып, жашоонун маанисин жана акыретти көбүрөөк ойлонуп башташы ыктымал. Ал адам дүйнөгө байлануунун маанисиздигин жана өлүмдүн канчалык жакын экенин түшүнөт. Бүт өмүрүн эч нерсени ойлонбой, капылеттикте өткөрүүнүн ордуна, эч күтүүсүз ооруга чалдыкканда балким акырет жашоосунун жана Аллахтын ыраазылыгына жетүүнүн маанисин түшүнүп, түбөлүк жашоосунда кутулууга жетиши мүмкүн.
Олуттуу бир оорунун денедеги белгилери көбөйгөн сайын көп адамдар дайыма ойлонуудан качкан өлүмдү ойлонуп баштайт жана адам чын жүрөктөн Аллахка дуба кылып, ден-соолук сурайт. Өмүр бою эч дуба кылбаган бир адам да катуу ооруга кабылганда, Аллахка жалбарышы мүмкүн. Раббибизге өтө чын ыкластан дуба кылышы, жана ушул себептен Аллахка жакындыгы өсүшү ыктымал. Жана эгер ал адам айыкканда да ошондой чын ыклас менен дубаларын улантса, ден-соолугу чыңыганда шүгүрсүздүк кылбаса, башына келген оору ал үчүн чоң бир жакшылыкка, б.а. ыкластуу өмүр сүрүшүнө себепчи болгон болот.
Аллах Куранда мындай кыйын учурларда Өзүнө кайрылган адамдарды кабар берген. Аяттарда мындай деп айтылат:
Адамга немат-жакшылык бергенибизде, жүз буруп, бурулуп кетет; ага бир жамандык келгенде болсо, ал көп (көп жана терең терең) дуба кылуучуга айланат. (Фуссилет Сүрөсү, 49-51)
Адамга бир жамандык келгенде, жатып алып да, отуруп да же турганда да Бизге дуба кылат; ал жамандыкты андан алып койгонубузда болсо, ага тийген зыянга Бизди эч (жардамга) чакырбаган сыяктуу болуп бурулуп кетет. Чектен чыккандарга кылган иштери мына ушундай кооздолгон. (Йунус Сүрөсү, 12)
Адамдарга бир зыян келгенде, «чын көңүлдөн толук моюн сунуп», Раббилерине дуба кылышат; анан Өзүнөн аларга бир мээрим бергенде болсо, ошол замат бир тобу Раббилерине шерик (ширк) кошушат. (Рум Сүрөсү, 33)
Бирок жогорудагы аяттардан көрүнүп тургандай, адамдын кыйынчылык учурунда дуба кылышы жетиштүү болбойт; Аллахтын алдында алсыздыгын түшүнгөндө дуба кылган сыяктуу, ага жакшылык берилгенде да, Аллахка жакын болушу керек. Ошентип оору жана кыйынчылык ага кабылган кишинин алсыздыгын түшүнүп, тообо кылышына жана калган өмүрүн Аллахка моюн сунуп өткөрүшүнө себепчи болот.
Буга чейин да айтылгандай, оорулардын бир максаты – дүйнө жашоосунда адамдардын сабырларын жана Аллахка болгон таянычын (тобокелдигинин) сыноо. Ыймандуулар бир ооруга чалдыкканда, Аллахка карата туруктуулугу, Ага таянуусу жана сабыры менен караңгы адамдардан айырмаланышат. Себеби кыйын учурларда жакшы кулк-мүнөздө болуу Аллахтын ыраазылыгына туура келет жана акыретте ага чоң сыйлык берилет деп үмүт кылышат. Ооругандан мурда Аллахка толук моюн сунбаган киши болсо балким оору себептүү ушундай жакшы касиеттерге жетип, убактылуу дүйнө жашоосундагы кыска убакытка созулган кыйынчылыктар үчүн түбөлүк бейиш жашоосунун сый-жакшылыктарына жетиши мүмкүн.
Аз. Ибрахимдин оору менен байланыштуу чын ыкластуу дубасы ыймандуулар үчүн сонун бир өрнөк. Ал дуба аяттарда төмөнкүчө кабар берилет:
«Ооруганда мага шыпаа берген – Ал (Аллах). Мени өлтүрө турган, кийин тирилте турган да – Ал.» (Шуара Сүрөсү, 80-81)
Дагы бир сонун өрнөк болсо – Аз. Айубдун кыйналган учурдагы мамилеси жана мыкты кулк-мүнөзү. Куранда айтылышынча, Аз. Айубга оор бир кыйынчылык келген, бирок ал ошол кыйын учурда Аллахка өтө бекемдик жана туруктуулук көрсөтүп, башкаларга өрнөк болгон. Ушул себептен Аз. Айуб – Аллахка ишенип, таянган жана моюн сунган мамилеси менен Куранда макталган бир пайгамбар.
Куранда кабар берилишинче, Аз. Айуб ал кезде, мындан тышкары, шайтандын терс азгырыктарына да кабылган. Шайтан анын кыйын абалда калганынан пайдаланып, аны Аллахка таянуудан алыстатканга аракет кылган. Оору же бир кыйынчылык учурунда кээ бир адамдар көңүлүн жакшы топтой албаганы үчүн, шайтандын азгырыктарына оңой кириши мүмкүн; бирок Аз. Айуб Аллахка чын көңүлдөн моюн сунган бир пайгамбар катары шайтандын мындай тузагына түшкөн эмес. Кыйналганын чын жүрөктөн Аллахка айтып, Андан жардам сурап дуба кылган. Куранда Аз. Айубдун өрнөк дубасы мындайча кабар берилет:
Жана Айубду да эсте. Ал Раббисине: «Мени бул дарт (жана оору) ороп алды. Өзүң ырайымдуулардын эң ырайымдуусусуң.» деп дуба кылды. Анан Биз анын дубасын кабыл кылып, аны дарттан арылттык... (Анбия Сүрөсү, 83-84)
Аллах анын мындай чын ниеттүү дубасына жооп берип, «Шафи» (шыпаа берүүчү) сыпаты менен эмненин ага шыпаа болоорун Аз. Айубга кабар берген. Аяттарда мындай деп айтылат:
Пендебиз Айубду да эстегин. Ал: «Шайтан мага оор бир кыйноо жана азап жеткирди окшойт» деп Раббисине кайрылган эле. «Бутуңду кыймылдат. Мына жууна турган жана иче турган муздак» (суу деп вахий кылдык). Кабатыбыздан ага бир мээрим жана акылы тазалар үчүн бир сабак катары үй-бүлөсүн жана алар менен бирге дагы ошончону тартуу кылдык. «Жана колуңа бир десте (сап) алып, аны менен ур жана антыңды бузба.» Чындыгында Биз анын сабыр кылуучу экенин көрдүк. Ал кандай сонун кул (пенде) эле. Себеби ал (дайыма Аллахка) кайрылган адам эле. (Сад Сүрөсү, 41-44)
Аз. Айуб башына кыйынчылык келгенде Раббибизге болгон таянычы, жакындыгы жана сабыры менен мыкты мүнөзүнүн сыйлыгын, эч күмөнсүз, толугу менен алган (эң туурасын Аллах билет). Өзүнөн кийинки бүт мусулмандарга да мындай терең тобокели (Аллахка таянычы) менен сонун өрнөк болгон.
Караңгы элдерде адамдардын эң көп тартынган нерселеринин бири – бул ката кетирүү. Себеби ката кетирген киши эл алдында уят болуп, көбүнчө шылдыңдалат. Же өзү үчүн маанилүү деп ойлогон кээ бир мүмкүнчүлүктөрдөн ажырайт. Ошондуктан караңгы коомдо жашаган адамдарда ката кетирүү «коркунучтуу бир түштөй» эле болуп калган.
Ал эми Куран адеп-ахлагында болсо такыр башкача. Эң биринчиден, ыймандуулар эч кимди кетирген катасына карап баалашпайт. Ката кетирген кишинин да бир адам экенин, табиятынан катага жакын экенин билип, ага боорукердик жана мээрим көрсөтүшөт.
Ошондой эле, ыймандуу адам өзү ката кетиргенде болсо, түз ниети менен ойлонуп өзүнүн катасын түшүнөт, жана Аллах коркуусу менен жүрөгү ага багыт көрсөтөт. Катасын оңдоого аракет кылат. Чексиз мээримдүү Аллахка дуба кылып, кечирим сурайт.
Ыймандуунун ката кетиргенде сезген бушаймандыгы да ал үчүн бир жакшылык болот. Себеби бул бушаймандык – караңгы адамдардыкындай өзүн кыйнаган бир бушаймандык эмес, ал катаны кайра кетирбейм деген чечим. Мындайда ыймандуунун тагдырга моюн сунуп, өзүн тапшырып, бүт окуялардын тагдырында экенин билиши өтө маанилүү. Натыйжада Аллахка болгон жакындыгы алда канча өсөт.
Караңгы адамдардын ишеними боюнча, бир адамдын башына келчү эң жаман окуялардын бири – бул жакындарынын же өзүнүн өлүмү. Өлүмгө жакындоо же бир жакынынан айрылуу эң корккон нерселеринин башында турат. Өлүм жөнүндө көп сөз кылбай, башка темаларга эртерээк өтүп кетүүгө аракет кылышат. Караңгы адамдардын туура эмес түшүнүгү боюнча, балким көп эле нерселерге жакшылык көзү менен караганга болот, бирок бир адамдын өлүмүндө эч бир жакшылык болбойт.
Динден алыс жашаган адамдардын өлүмгө болгон көз-карашы дайыма окшош болот жана башка көз-караш эч ойлоруна келбейт. Мындай адамдар өлүмдү бир «жок болуу» катары көрүшөт жана акырет жашоосунан күмөн санашат. Динден алыс адамдар үчүн дүйнө жашоосу – алардын колундагы жалгыз өмүр. Ошондуктан алардын ою боюнча, өлгөндө бул мүмкүнчүлүк толук колдон кетет жана өлгөн адамдын артында бир гана кайгы калат. Өзгөчө абдан жакшы көргөн бир жакыны көз жумган бир адам ичинен сөзсүз абдан кайгырып, кыйналат. Ал тургай, бир жакыны жаш кезинде көз жумган болсо, Аллахка жана тагдырга арызданып, баш көтөрөт. Бирок динден алыс жашаган мындай адамдар өтө маанилүү чындыктарды унутушкан болот:
Эң биринчиден, жер жүзүндөгү адамдардын эч бири өз каалоосу менен бул дүйнөгө келген эмес. Адамдардын эч бири өз эрки менен өмүр сүрүп баштаган эмес. Бүт адамдардын өмүрү Аллахтын колунда; бүт адамдар Улуу Аллах белгилеген убакта жана Анын каалоосу менен жашоого келген. Асмандардын, жердин жана ал экөөнүн арасындагы жандуу, жансыз бүт нерсенин ээси Аллах каалаган адамынын жанын каалаган жол менен жана каалаган убакта алат. Аллах тагдырда белгилеп койгон ал убакытты эч ким артка же алдыга жылдыра албайт. Бул чындык Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
Аллахтын уруксаты болмоюнча, эч бир жан (напси) үчүн өлүм жок. Ал мөөнөтү аныкталып коюлган бир жазуу. Ким дүйнөнүн пайдасын (сообун) кааласа, ага андан беребиз, ким акырет сообун кааласа ага ошондон беребиз. Биз шүгүр кылгандарга абдан жакында сыйлык беребиз. (Али Имран Сүрөсү, 145)
Ошондой эле, адам өлүмдөн алыстоо үчүн канчалаган чараларды көрсө да, өз оюнда өтө коопсуз көргөн жерлерге жашынса да, өлүмдөн кача албайт. Эч күтпөгөн бир абалда бул дүйнө менен коштошушу мүмкүн. Ошол сыяктуу, бир жакыны өлбөшү үчүн канчалык аракет кылса да, ал тургай, бүт дүйнөнүн мүмкүнчүлүктөрүн жумшаса да бул каалоосуна –Аллах кааламайынча- жете албайт. Бир аятта өлүмдүн бүт тараптан адамды табаары төмөнкүчө айтылган:
Каерде болсоңор да, өлүм силерди табат; бийик жерде бекем курулган сарайларда болсоңор дагы... (Ниса Сүрөсү, 78)
Ошондуктан адам өлүмдөн качып же жакындарын качырууга аракет кылуунун ордуна, өлүмдөн кийинкиси үчүн даярдык көрүп, сүйгөн адамдарынын да акыреттеги түбөлүк жашоо үчүн даярдык көрүшүнө себепчи болушу зарыл.
Акыретке ишенбеген же акырет ишеними алсыз адамдардын өлүм жана өлүмдөн кийинки жашоо жөнүндөгү көз-карашы өтө туура эмес болот. Ушул себептен жогоруда айтылгандай, өлүмдү жакшы бир окуя катары эмес, бир кырсыктай көрүшөт. Өлгөн кишини кайра эч качан көрбөйм жана ал топурак болуп жок болду деп ойлошот.
Бирок, өлүм бир жок болуу эмес; тескерисинче адамдардын чыныгы мекени болгон акырет жашоосуна өтүшүнө бир себепчи. Адамдар дүйнөдө кылган жакшылык жана жамандыктарынын акысын ала турган сурак күнүнө жакындатуучу бир окуя. Жана сөзсүз бүт адамдар өлүмгө кабылып, түбөлүк мекен акыретке өтүшөт. Бул кээ бир адамдарга жаш кезде келсе, кээ бир адамдарга улгайганда келет. Бирок жыйынтыгында эч бир адам жер жүзүндө түбөлүк калбайт; адам күн сайын өлүмгө бир аздан жакындай берет. Ушул себептен өлүмдөн качууга аракет кылуу, өлүмдү ойлонбоо, өлүмдү бир кырсыктай көрүү өтө чоң акылсыздык болот.
Кээ бир кишилер болсо акыретке ишенем десе дагы, баары бир өлгөн адамдын артынан ыйлоону жана кайгырууну табигый нерседей көрүшөт. Чындыгында болсо, Аллах чексиз адилеттүү. Өлгөн киши Раббибизге сурак берет жана дүйнөдө кылгандарынын баарынын сыйлык же жазасын толук алат. Ошондуктан Аллахка жана акырет күнүнө ишенген, дүйнө жашоосунда Раббибиз каалагандай өмүр сүргөн ар бир адам үчүн өлүм чексиз сонун бир жашоонун эшиги болот. Ыймандуулар үчүн өлүм – бул түбөлүк кутулуунун башталышы. Бирок жер жүзүндө бой көтөрүп, акырет жок деп, Аллахка сурак берээрин унуткан караңгы адамдар үчүн өлүм түбөлүк бир азаптын эшиги болот. Ошондуктан андай адамдардын өлүмдү бир жакшылык катары көрүшү мүмкүн эмес.
Мындай бүтүндөй карама-каршы түшүнүктөр себебинен бир ыймандуунун өлүмүнө кабылган башка ыймандуулардын мамилеси караңгы адамдардын мамилесинен такыр башкача болот. Себеби караңгы адамдардын ишеними боюнча эң жаман окуя деп эсептелген өлүм ыймандуулар үчүн бир жакшылык себепчиси катары көрүлөт. Ыймандуулар өлүмгө Улуу Аллахтын төмөнкү аятынын негизинде карайт:
Ант болсун, эгер Аллах жолунда өлтүрүлсөңөр же өлсөңөр, Аллахтан келген бир кечирим жана мээрим алардын бүт жыйнап жаткандарынан жакшыраак. (Али Имран Сүрөсү, 157)
Бул аяттан көрүнүп тургандай, ыймандуулардын жашоосу да, өлүмү да жакшылык болот. Өзгөчө Аллах жолунда бир жумуш кылып жатып өлгөн ыймандуулар үчүн Аллах Кабатында атайын бир даража бар. Ошондуктан шейиттик даражасы негизи бир ыймандуу үчүн кадыр-барк болот, жана акыреттеги сыйлыгын көбөйтө турган жакшы окуя. Акырет жашоосун максат кылган жана Аллахтын ыраазылыгына жетүү максатында жашаган бир ыймандуунун Аллах жолунда шейит болушу анын кадыр-баркын абдан көтөрөт. Куранда кабар берилген бул сүйүнүчтүү кабарды билген ыймандуулар башка бир ыймандуу Аллахтын ыраазылыгына жетүү үчүн аракет кылып жатып өлсө, эч кайгырышпайт. Тескерисинче, ал ыймандуу адамдын өлүмүндөгү жакшылыктарды көрүп, кубанышат. Албетте, эң жакшы нерсе – бул Аллахтын ыраазылыгына жана бейишине жетүү. Узун жана жакшы өмүр сүргөн, бүт ибадаттарын орундаткан, мисалы, калп айтпаган, жакшылык кылууну жактырган, адилеттүү, зекетин берген, орозосун кармаган, 5 убак намазын калтырбаган, Аллах койгон чектерден чыкпаган бир ыймандуунун Аллах Кабатында даражасы бийик болот деп үмүт кылууга болот.
Ал эми ыймансыз элдердин баарынын бир жаңылыш ою бар: бул – аларга берилген өмүр канчалык узун болсо, ошончолук жакшы болот деген көз-караш.
Төмөнкү аятта Аллах бул жөнүндөгү чындыкты апачык баян кылган:
Ал каапырдыкка адашкандар аларга берилген мөөнөттү эч өздөрү үчүн жакшылык деп ойлошпосун, Биз аларга күнөөлөрү андан да көбөйсүн деп гана убакыт берүүдөбүз. Алар үчүн басмырлоочу бир азап бар. (Али Имран Сүрөсү, 178)
Бүт идеалдары менен өмүрлөрүн дүйнө жашоосунун убактылуу пайдаларына жетүүгө арнаган караңгы адамдар өмүрлөрү канчалык узун болсо, ошончолук көп дүнүйөлүк нерселерден пайдалана алабыз деп ойлошот. Ушундайча Аллахты жана акырет күнүн толук унутуп жашаган мындай адамдар бошко короткон убактысынын акырет жашоосу үчүн канчалык чоң мааниге ээ экенин түшүнүшпөйт. Бирок, жогорудагы айтта да айтылгандай, өздөрү үчүн жакшылык деп ойлогон бул мөөнөт толугу менен алардын зыянына иштейт.
Бул мисал жөнүндө ойлонгон адам жакшылык жана жамандык дегенди кандай түшүнүү керек экенин, Аллахтын «жакшылык деп ойлогонуңар жамандык, жамандык деп ойлогонуңар жакшылык» (Бакара Сүрөсү, 216) болушу мүмкүн деген өкүмүн бир топ терең түшүнө алат.