Окуяларды жакшылыкка жоруу негизи көп адамдар билген бир сөз. Көп адамдар күнүмдүк жашоосунда көп жолу «мында да бир жакшылык бар» же «бир жакшылык бардыр» деген сыяктуу сөздөрдү айтышат. Бирок бул көбүнчө ооз көнүп калгандыктан же бул сөздөр эл арасында салтка айланып калгандыктан айтылат. Болбосо, ал адамдар жакшылыкка жоруунун эмне мааниге келээрин же бул түшүнүктүн күнүмдүк жашоодогу ордун билишпейт. Ал тургай, кээ бирлер бул сөздүн жөн эле сөз эмес, жашоодо өзүнүн мааниси бар экенин да билишпейт.
Бирок адам жакшы же жаман, оң же терс сыяктуу көрүнгөн бүт окуяларды, эмне гана болбосун, сөзсүз жакшылыкка жорушу Аллахка болгон чын ниеттүү ыймандан келип чыккан бир кулк-мүнөз жана ыймандан келип чыккан бир жашоо формасы болуп саналат. Жана бул чындыкты түшүнүү адамга дүйнөдө жана акыретте бүт сый-жакшылыктардын эшигин ачып, адамдын жашоосуна бейпилдик менен эсенчилик алып келет.
Бир ыймандуунун эч нерсеге кайгырбай, пессимизмге түшпөшү анын ыйманды туура түшүнгөнүн көрсөтөт. Башына келген окуяларга жакшылык көзү менен карабай, дайыма тынчсызданып, үмүтсүз маанайда жашоо, терс окуялар болот деп күтүү, кайгырып сезимдерге алдыруу болсо таптаза, ачык бир ыйманды бүдөмүк түшүнүүнүн белгиси болот. Мындай бүдөмүктү эч кечиктирбей алып салып, үзгүлтүксүз ыйман кубанычын жашоонун бир мүнөзүнө айландыруу керек. Аллахка ыйман кылган бир адам терс же туура эместей көрүнгөн бир окуяга кабылганда, негизи мунун ал үчүн сөзсүз эң жакшысы экенин билиши зарыл. «Терстик», «кааланбаган нерсе», «аттиң» сыяктуу сөздөрдү болсо сабак алуу максатында гана колдонушу шарт. Б.а. «бул окуянын бир жакшы тарабы бар, бир максаты бар, бирок эмки жолу бул катаны кылбайын, азыр үйрөнгөндөй туурасын кылайын» деген көз-карашта болушу керек. Кайра ошол эле кыйынчылыкка кабылса же ошол эле катаны кетирсе, кайра эле бир жакшылык жана бир максат менен жаратылганын эч унутпай, «эмкисинде туурасын кылайын» деп ниет кылышы зарыл. Ал тургай, бир эле окуя бир канча жолу кайталанса да, ошондо да мусулман үчүн мында бир жакшылык бар экенин билиши керек; себеби бул Аллахтын мыйзамы жана Аллахтын мыйзамы эч качан бузулбайт.
Бир адам Аллахтан келген жакшылык менен даанышмандыктын эч тынымсыз уланаарын билгенде көңүлү тынчтанып, бир калыптуу болот. Бул акыйкатты түшүнүү дүйнөдө ыймандуу үчүн чоң бир сый-жакшылык болот. Динден алыс, Аллахка ишенбей жашаган адам дайыма азап ичинде болот; бүт окуяларды өзүнүн зыянына деп жоромолдойт. Жана ошол себептүү дайыма кыйналып жашайт. Ыймандуу адам болсо окуялардын түпкү максаты менен жакшылык тараптарын көрүп, кубанып жашайт.
Мына ушул себептен орто бир мамиледе болуу, башына келген окуяларды жакшылыкка да, жамандыкка да жоруп, азап тартуу акыретте ыймандууну өтө уялтышы мүмкүн. Ушунчалык ачык жана жөнөкөй бир чындыкты жалкоолук жана капылеттик себебинен түшүнмөксөн болуу, жүрөк менен акылга толук кабыл алдырбоо акыретте жана дүйнөдө азап ичинде жашоого себеп болушу мүмкүн. Аллах даярдаган тагдырдын бүтүндөй кемчиликсиз жаратылганын билүү керек. Миллиондогон окуядан турган бул бүтүндө жакшылык көзү менен караган адам үчүн жакшылыктар жана терең даанышмандыктар гана бар. Ыймандуу бир адам эрки менен акылын колдонуп эч бир окуяда шайтандын тузагына түшпөйт. Окуянын абалы, кишилери, күнү, орду кандай гана болбосун, баарынын бир жакшылык экенин унутпайт. Өзү да ошол учурда ал жакшылыкты байкай албашы мүмкүн, бирок эң негизгиси бүт нерсенин жакшылык менен жаратылганына толук ишенүү керек.
Бирок адам табияты шашма болгондуктан, кээде башына келген окуядагы жакшылыкты ошол замат көргүсү келиши мүмкүн. Эгер аны ошол учурда көрө албаса, өзүнүн зыянына боло турган нерселерде кежир мамиле жасашы ыктымал. Куранда адамдын мындай шашма тарабы төмөнкүдөй кабар берилген:
Адам жакшылыкка дуба кылгандай жамандыкка да дуба кылат. Адам өтө шашма. (Исра Сүрөсү, 11)
Бирок адам өзү туура жана жакшы деп ойлогон нерселерде өжөрлөнүп, аларга жетүүгө шашылып, ошолорду эңсей бербей, Аллах алдынан чыгарган окуялардагы сырлар менен жакшылыктарды көрүүгө аракет кылышы зарыл. Мисалы, бир адам материалдык байлыгынын көбөйүшүн өтө каалап, ал үчүн аракет кылып жаткан болушу мүмкүн. Бирок канча аракет кылса да көпкө чейин, ал тургай, эч качан бул ишке ашпашы ыктымал. Муну өзүнүн зыянына деп ойлогон адам болсо жаңылат. Албетте, бүт адамдар Аллах ыраазылыгы үчүн колдонуу максатында мал-мүлккө бай болоюн деп дуба кылышы мүмкүн. Бирок бул кечигип жатса же эч ишке ашпай жатса, мында чоң жакшылыктар бардыр. Балким руханий жактан белгилүү деңгээлге жетилбей туруп, байлыкка жетүү адамды Аллахтын жолунан адаштырып, шайтандын тузагына түшүрүшү мүмкүн. Мындай нерсенин артында адам жакынкы келечекте көрө турган же акыретте гана түшүнө турган ушул сыяктуу дагы көптөгөн жакшылыктар жашырылган болушу ыктымал. Дагы бир мисал катары, бир ишкер өз ишинде чоң ийгиликке жете турган өтө маанилүү бир чогулушка катыша албай калышы мүмкүн. Бирок балким ал чогулушка барса жолдо бир кырсыкка кабылышы же чогулуш башка бир шаарда болсо бараткан учагы кулап түшүшү ыктымал эле.
Албетте, булар жалпы мисалдар жана ар бир адам өмүрүндө ушул сыяктуу окуяларга кабылган болушу мүмкүн. Бир караганда терстей көрүнгөн окуялардын көптөгөн жакшы тараптарын көргөндүр. Бирок адам бир караганда терстей көрүнгөн мындай окуялардын жакшы тарабын али түшүнө элек болушу да ыктымал. Себеби жогоруда да айтылгандай, адамдын бир окуядагы жакшылыкты кыска убакыт ичинде көрүшү шарт эмес. Адам балким бир окуянын жакшы тарабын канчалаган жылдан кийин билиши мүмкүн же эч билбей калышы да мүмкүн. Балким Аллах ал кабылган кыйынчылыктын жакшылыгын ага акыретте көрсөтөт чыгаар. Ошондуктан Аллахка таянган жана тагдырга моюн сунган бир адам ар кандай окуяны –сырын түшүнсө да түшүнбөсө да- жакшылык көзү менен баалап, бүт нерседен ыраазы болушу керек.
Бирок муну да айта кетүү керек: «жакшылык көзү менен кароо» окуяларды көрмөксөн болуу, кайдыгер болуу же ашыкча оптимист болуу деген мааниге келбейт. Тескерисинче, ар бир адам башына келген окуяларда колунан келген бүт чараларды көрүп, бүт жолдорду жасап көрүүгө милдеттүү. Окуянын бул тарабын да сөзсүз эске алуу керек, себеби караңгы элдерде ар кандай түшүнүктөрдү чыгарган адамдар да бар. Мисалы, караңгы элдерде окуяларга өтө кайдыгер мамиле кылган белгилүү бир топ болот жана алар бүт окуяларга ашыкча оптимист карашат. Мындай адамдарды көбүнчө эл арасында «жашоону кызгылт (розовый) көз айнек менен карайт» дешет. Мындай адамдар окуяларга кайдыгер мамиле кылганы үчүн жана чара көрүү ордуна жаш баладай оптимист мамиледе болгону үчүн акылдуу нерселерди жасашпайт. Мисалы, олуттуу бир оорууң бар деп диагноз коюлган киши «эч нерсе болбойт» деп жүрө берсе, оорусу андан да күчөйт. Же үйү тонолуп кетсе да чара көрбөй жүрө берген киши башка ууруларга да өз колу менен мүмкүнчүлүк түзүп берген болот.
Албетте, мындай жаш балача мамиленин бул китепте айтылган жакшылыкка жоруу жана тобокелдик (Аллахка таянуу) түшүнүктөрү менен эч байланышы жок. Мындай мамилелер ашыкча кайдыгерлик болот. Мындай модельдеги акылмандыктан алыс адамдардын тескерисинче, ыймандуулар бир окуяга карата колдорунан келген болгон аракетин жасап, керектүү иштерди орундатышат; б.а. «кыймыл-аракет менен дуба» кылышат. Бирок ал иш-аракеттерди жасап жатып, бүт иштин натыйжасынын Аллах каалагандай болоорун да эч качан унутушпайт.
Куранда бул акыйкатты түшүнгөн пайгамбарлардын жана чын ыкластуу ыймандуулардын өмүрлөрүнөн мисалдар келтирилип, кыйынчылыктар учурундагы Аллахка болгон таянычтары адамдарга өрнөк көрсөтүлгөн. Ал мисалдардын бири – Аз. Худдун Кудайды танган коомунун коркутууларына берген, жана Аллахка болгон таянычы менен баш ийүүчүлүгүн көрсөткөн жообу. Аяттарда мындай деп айтылат:
«Эй Худ» дешти. «Сен бизге апачык бир далил (керемет) менен келген жоксуң жана биз сенин сөзүң менен кудайларыбызды таштабайбыз. Сага ыйман кылбайбыз (ишенбейбиз) дагы.» «Биз: «Кээ бир кудайларыбыз сени өтө жаман уруптур» деген сөздү гана айтабыз.» Ал айтты: «Аллахты күбө келтирем, силер да күбө болгула, чындап мен силердин шерик кошкондоруңардан алысмын.» «Андан башка (кудайлардан). Эми силер мага баарыңар чогуу каалаган тузагыңарды кургула, анан мага убакыт да бербегиле.» «Мен чындыгында, менин да Раббим, силердин да Раббиңер болгон Аллахка тобокел кылдым (таяндым). Ал маңдайынан кармап-көзөмөлдөбөгөн эч бир жандык жок. Сөзсүз менин Раббим туптуура бир жол үстүндө (туптуура жолдогуну коргойт). «Ошого карабай жүз бурсаңар, анда силерге жөнөтүлгөн нерсемди жеткирдим (түшүндүрдүм). Раббим болсо силерден башка бир коомду ордуңарга жаратат. Силер Ага эч нерсе менен зыян бере албайсыңар. Чындыгында менин Раббим бүт нерсени көзөмөлдөп-коргоочу. (Худ Сүрөсү, 53-57)