Ар доордо ыймансыздар Курандын «... Бирок адамдардын көпчүлүгү ыйман кылышпайт» (Рад Сүрөсү, 1) деген аятында айтылгандай, жер жүзүндөгү адамдардын көпчүлүгүн түзөт. Ыймансыздар дайыма мусулмандардан сан жагынан көп болушат. Ошондуктан бул акылсыз жана аңкоо адамдар өздөрүн дайыма туура жолдобуз деп ойлошот. Материалдык күчү менен санынын ыймандуулардан көп болушу аларга ишенимдүүлүк сезимин берет. Ошондуктан окуяларга дайыма тышкы көрүнүшүнө карап баа берген караңгы адамдар өздөрүнүн жогорулугуна жүз пайыз ишенишет. Бирок алар билбеген өтө улуу бир чындык бар, ал – Аллахтын ыймандууларга убадасы менен колдоосу:
... Аллах каапырларга ыймандуулардын зыянына эч качан жол бербейт. (Ниса Сүрөсү, 141)
Аллах жогорудагы аятында көңүл бургандай, бүт нерсени ыймандуулардын пайдасына кылат жана аларга ар кандай жолдордон колдоо көрсөтөт. Инширах Сүрөсүндө мусулман үчүн ар кандай кыйынчылык менен бирге жеңилдиктин да жаратылаары жөнүндөгү сыр кабар берилген. Ооруну жараткан Аллахтын шыпааны да жаратышы сыяктуу, ар бир кыйынчылыктын жанында жеңилдик болот. Бул чындык төмөнкүчө кабар берилген:
Демек, чындыгында кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. Чындыгында, кыйынчылык менен бирге жеңилдик бар. (Инширах Сүрөсү, 5-6)
Аллахтын мындай колдоосу менен жардамын ыймандуулар гана билишет. Жана алар өмүр бою баштарына эмне гана келбесин, Аллахтын дайыма ыймандуулардын велиси (досу) жана жардамчысы экенин билип, бейпилдик жана ишенимдүүлүк сезиминде болушат. Аллах кулдарына мындай убада берген:
Аллах силердин душмандарыңарды жакшыраак билүүчү; бир вели (эң ишенимдүү бир дос) катары Аллах жетет, бир жардамчы катары да Аллах жетет. (Ниса Сүрөсү, 45)
Ыймансыздар менен эки жүздүүлөр болсо көп нерселерден коркушат. Аллахка гана ыйман кылбаганы, Ага шерик кошкону, бүт окуяларды жана бүт нерселерди ээнбаш деп ойлогону үчүн дайыма коркуп, тынчсызданып жашашат. Бул Аллах ыймандууларга каршы күрөшкөндөрдүн жүрөгүнө салган бир коркуу:
Раббиң периштелерге вахий кылган эле: «Күмөнсүз, Мен силер мененмин, ыймандууларга бекемдик кошкула, ыймансыздардын жүрөгүнө күчтүү бир коркуу салам...» (Энфал Сүрөсү, 12)
Аллахтын жардамы менен колдоосу мусулмандын бүт өмүрүн камтыйт. Тарых бою Аллах ыймандууларга ар кандай жолдор менен жардамын жеткирген. Кээде пайгамбарларына кереметтер берген; кээде мусулмандарга көрүнбөгөн аскерлер жана периштелер менен, ал тургай, табигый кубулуштар менен колдоо көрсөткөн; кээде болушу эч мүмкүн эместей көрүнгөн окуяларды болтурган. Куранда кабар берилген мындай мисалдардын кээ бирлери төмөнкүдөй:
Эй ыйман келтиргендер, Аллахтын силерге берген нематын (сый-жакшылыгын) эстегиле. Силерге душман аскерлери келген эле; Биз алардын үстүнө бир шамал жана силер көрбөгөн аскерлер жөнөткөн элек. Аллах кылгандарыңарды көрүүчү. (Ахзаб Сүрөсү, 9)
Силер Раббиңерден жардам сурап жаткан элеңер, Ал: «Күмөнсүз, Мен силерге бири-биринин артынан миң периште менен жардам беремин» деп жооп берген эле. (Энфал Сүрөсү, 9)
Бет маңдай келген эки топто силер үчүн ант болсун бир аят (сабак) бар. Бир топ Аллах жолунда согушуп жаткан эле, экинчиси болсо каапыр эле, алардын көзүнө маңдайындагылар алардан эки эсе көп көрүнүп жаткан. Аллах ушундайча каалаганын жардамы менен колдойт. Күмөнсүз, мында көрө алгандар үчүн чындыгында бир сабак бар. (Али Имран Сүрөсү, 13)
Ыймансыздар ыймандууларга каршы жүргүзгөн күрөшүндө ар кандай тымызын ыкмаларды колдонушат. Андай ыкмалардын эң көп колдонулгандарынын бири – бул ыймандууларга каршы биригип, аларга ар кандай тузактарды куруу. Сан жагынан көп болуп, тузактарын тымызын курушканы үчүн ийгиликке жетебиз деп ойлогон ыймансыздар план түзүп жатканда эки кишинин үчүнчүсүнүн, үч кишинин төртүнчүсүнүн Улуу Аллах экенин унутушат. Аллахтын адамдарга күрөө тамырынан да жакыныраак экенин болсо такыр билишпейт. Чындыгында болсо, Аллах жашырышса да, ачык айтышса да, «ичтеринде жашыруун тургандын баарын билет». Ыймансыздардын ыймандууларга каршы ойлогон ар бир ойун, курган ар кандай тузагын, түзгөн ар бир планын да Аллах толук билет.
Эң негизгиси, бүт нерсени билген Аллах Куранда ыймансыздар курган тузактардын баарынын башынан бузулганын кабар берген. Канчалык ойлонуштурулган, канчалык тымызын, канчалык чоң болбосун, ыймандууларга каршы курулган бүт тузактарды бүт нерсенин Жаратуучусу Аллахтын кулатаары Куранда төмөнкүчө кабар берилет:
... Чындыгында Аллах каапырлардын тузактарын текке кетирүүчү. (Энфал Сүрөсү, 18)
Чындыгында алар тузак курушту. Бирок алардын тузагы тоолорду ордунан кыймылдата турган болсо да, Аллах Кабатында аларга даярдалган тузак (жаза) бар. (Ибрахим Сүрөсү, 46)
Ошондой эле, Аллах мындай тузактардын чын ыкластуу кулдарына зыян тийгизбей турганын, ал тузактардын баарынын аларды кургандардын өзүнө кайтаарын да кабар берген:
... Чындыгында тузак өз ээсинен башкасын ороп-курчабайт. Эми алар мурдакылардын сүннөтүнөн башкасын күтүп жатышабы? Сен Аллахтын сүннөтүндө (мыйзамында) эч кандай өзгөрүү көрө албайсың жана сен Аллахтын сүннөтүндө эч кандай бир артка кайтуу да көрө албайсың. (Фатыр Сүрөсү, 43)
Бул жерде белгилей кетчү эң негизги жагдай мындай: ыймандуулар Аллахтын бул убадасына (каапырлардын тузактарын текке кетириши) толук ишенишет. Аллахтын жардамынын дайыма алар менен бирге экенин билип, Аллахка тобокел кылып (таянып) жашашат. Башынан бери айтылып келе жаткандай, Аллахка болгон ушундай таянычынан улам башына келген ар кандай окуянын жакшы тараптары менен сырларын көрө алышат, же көрө албаса да ар кандай окуянын ыймандуулар үчүн сөзсүз бир жакшылык менен бүтөөрүнө анык ишенишет.
Мусулмандар «жамандыктай» көрүнгөн окуяларды да жакшылык көзү менен карап, Аллахка таянуунун сыйлыгын дайыма эң сонун алышкан. Аяттарда мындай деп айтылат:
Алар адамдар аларга: «Силерге каршы адамдар чогул(т)ушту, эми алардан корккула» дешкенде, ыймандарын көбөйткөндөр жана: «Аллах бизге жетет, Ал кандай сонун векил (өкүл, таяныч)» дегендер. Мындан улам аларга эч бир жамандык тийбестен, бир молчулук (берешендик) жана Аллахтан бир сый-жакшылык менен артка кайтышты. Алар Аллахтын ыраазылыгын көздөштү. Аллах өтө берешен (жоомарт). (Али Имран Сүрөсү, 173-174)
Бир нерсени эске салуу керек: кээде сыртынан караганда сырткы көрүнүштө ыймансыздар жеңишке жеткендей көрүнүшү мүмкүн. Чындыгында болсо, бул Аллахтын ыймандууларга болгон бир сыноосу гана болот. Ушундайча чын ыкластуу ыймандуулар менен жалкоолук кылгандар бир-биринен бөлүнүшөт. Тобокел кылган (Аллахка таянган), сабыр кылган жана окуяларга жакшылык көзү менен караган мусулмандар, эч күмөнсүз, Аллахка болгон ишеними менен туруктуулугун апачык көрсөтүшөт. Ушул себептен дүйнөдө жана акыретте Аллахтын ыраазылыгына жетип, жеңишке жете тургандар дайыма ыймандуулар болот:
Ким Аллахты, Анын Пайгамбарын жана ыймандуу адамдарды дос (вели) тутса, албетте Аллахтын тараптарлары гана жеңишке жетишет. (Маида Сүрөсү, 56)