Жандыктардын жашоосун улантышында өтө зор мааниге ээ болгон белоктордун клетка ичинде өндүрүлүшү үчүн дүйнөдөгү эч бир өндүрүш системасына салыштырылгыс комплекстүүлүк жана тартипте, кемчиликсиз бир система бар.
Бул комплекстүү өндүрүш системасында эч кандай катага жол берилбейт. Кандайдыр бир баскычта пайда болгон бир кемчилик заматта ишенимдүү көзөмөл системасы урматында оңдолот. Ошентип жандыктын жашоосун улантышын камсыз кылган белоктор эч үзгүлтүккө учурабастан, дал керек убакта, дал керек болгон жерде жана формада өндүрүлөт.
Белок өндүрүшүнүн дагы бир кереметтүү өзгөчөлүгү – бул өтө чоң ылдамдыкта болушу. Мисалы, 100 аминокислоталуу бир белок молекуласы E. coli бактериясынын клеткасы тарабынан 5 секундада синтезделет. Бул ушунчалык чоң бир ылдамдык болгондуктан, мындай ылдамдыкта бүт өндүрүш процессин кемчиликсиз бүтүрө ала турган бир завод жер бетинде жок. Бул ылдамдык жандык үчүн өтө маанилүү, себеби клеткаларда жашоо уланышы үчүн ар дайым көптөгөн белокко муктаждык бар.17
Белок өндүрүшү учурунда болсо көптөгөн белок бир учурда кызмат кылышат. Клеткалардын ичинде белок өндүрүшү үчүн керектүү бүт бөлүктөр эч кемчиликсиз чогуу иштешет. 80ден ашуун рибосома белогу, 20дан ашуун аминокислота кабарчысы болгон молекулалар, ондон ашуун жардамчы фермент, 100дөн ашуун акыркы иштерди аткарган ферменттер, 40тан ашуун РНК молекуласы болуп жалпысы болжол менен 300 макромолекула бир координация ичинде белок синтезинде кызмат кылат.18 Көп сандагы бир инженерлер тобу да кыйынчылык менен координация кыла ала турган мындай кемчиликсиз өндүрүш миллиметрдин миңден бириндей кичинекей бир жерде, андан бир топ кичинекей жүздөгөн молекуланын тынымсыз иш-аракети менен жашоонун уланышын камсыз кылат. Бул өндүрүштө кызмат кылган молекулалардын бирөөсү эле болбосо бүт өндүрүш процесси үзгүлтүккө учурайт. Бул белок өндүрүшүнүн жандыктардагы “кыскартууга мүмкүн болбогон комплекстүү” түзүлүштөрдүн бири экендигинин бир көрсөткүчү. Б.а. мындай бир системанын ичинен бир эле тетик алып салынса, бүт түзүлүш бузулат. Мисалы, өндүрүштү бүтүрүүчү жана өндүрүлгөн жаңы белокту эркиндикке чыгаруучу элементтин (белоктун) болбошу белок өндүрүшүн бузууга жетиштүү. Мынчалык пландуу жана жалпы акылдуулукту көрсөткөн система Аллахтын жаратышы менен гана мүмкүн.
Ар бир баскычы улуу бир илим, долбоор жана акыл менен курулган бул жаратуу кереметиндеги кээ бир таң калыштуу детальдарды алдыда окуй аласыз.
Бирок бул процесстерди окуп баштаардан мурда өтө маанилүү бир чындыкты эскертип кетүү туура болот. Алдыда сиз окуй турган өндүрүш элементтери – клетка ичиндеги органеллдер менен молекулалар. Ал молекулалардын түзүлүшүн изилдегенде болсо алдыбызга андан да бир топ кичинекей болгон аминокислоталар менен алардын негизин түзгөн аң-сезимсиз, жансыз атомдор чыгат. Көмүртек, суутек, кычкылтек, азот сыяктуу атомдордун биригишинен пайда болгон бул топтор алардан эч күтүлбөгөн бир акыл жана аң-сезимдүүлүк менен адамдар жасай албаган иштерди жасашат.
Бирок, андай болсо аң-сезимсиз атомдорго аң-сезимдүү кыймылдарды жасаткан, атомдорду атом профессорлорунан да ийгиликтүү кылган эмне? Алдыда бул ийгиликтин жансыз, аң-сезимсиз атомдордун жана молекулалардын өзүнө тиешелүү эмес экени, бүт бул нерселердин “асмандан жерге чейин бүт иштерди башкарган” Аллахтын кудурети менен кыймылдаары баян кылынат.
Денеде кандайдыр бир белокко муктаждык пайда болгондо ал муктаждыкты билдирүүчү бир кабар өндүрүштү жасай турган клеткалардын ядролорундагы ДНК молекуласына жеткирилет. Бул жерде көңүл буруу керек болгон өтө маанилүү бир жагдай бар; денеде кандайдыр бир белок муктаждыгы болгондо, өздөрү да белок болгон кээ бир кабарчылар каерге кайрылышы керек экенин билип, бүт денеде тиешелүү жерди табышып, муктаждык кабарын туура жерге туура жеткире алышууда. Бул байланышты камсыз кылуучу белок ал үчүн караңгы бир коридор болгон дененин ичинде адашпастан жолуп таап, өзүндөгү кабарды жоготпостон же кандайдыр бир бөлүгүнө зыян тийгизбестен ал жерге жеткирет. Б.а. ар бир бөлүктө өтө улуу бир жоопкерчилик сезими бар.
Клетка ядросуна келген кабар бир катар комплекстүү жана өтө татаал уюштурулган процесстен соң белокко айланат. Белок талабынын денедеги 100 триллион клеткадан туура клеткаларга жетиши, кабарды алган клетканын андан эмне талап кылынганын түшүнүп ошол замат ишке киришиши жана кемчиликсиз натыйжа алышы – адамды таң калтырган окуялар. Себеби бул жерде аң-сезими, акылы, илими жана эрки бар адамдардан турган бир топ жөнүндө эмес, фосфор, көмүртек, май сыяктуу заттардан турган аң-сезимсиз жана көзгө да көрүнбөй турган кичинекей нерселер жөнүндө сөз болууда. Бул молекулалардын өз алдынча чечим чыгаруу, түшүнүү жана аныктоо сыяктуу күчү жана эрки жок. Бүт молекулалар сыяктуу, Аллах аларга берген өзгөчө форма жана илхам менен кыймылдашып, ушундай акылдуу иштерди жасашат.
Буйрук алынган соң эң алгач өндүрүлүшү талап кылынган белок жөнүндөгү маалыматтар ДНКдан алынат.
1. Adenin | 4. Sitosin | 7. Azot Atomu | 9. Oksijen Atomu |
Yukarıdaki şekilde vücudumuzun bilgi bankası olan DNA'nın yapısı görülmektedir. DNA molekülü 4 farklı nükleotidin farklı sıralamalarla ardarda gelerek dizilmesinden oluşur. Bu moleküllerin sıralamaları canlıların kullanacağı tüm proteinlerin yapısıyla ilgili bilgileri oluşturur. |
1. RNA polimeraz enzimi |
Bir protein üretileceği zaman, RNA polimeraz isimli enzim, DNA'dan, üretilecek protein için gerekli olan bilgileri seçer ve kopyalar. Enzim dediğimiz bir atom topluluğunun, böyle bir bilinç göstermesi kuşkusuz büyük bir mucizedir. |
Денебизде кызмат кылган бүт белокторго тиешелүү маалыматтар клетка ядросунда жайгашкан ДНК молекуласында кампаланат. Б.а. бир белок өндүрүлөөрдө ал белок жөнүндөгү маалыматтар ДНКдан алынат. Бирок бул үчүн ДНКнын керек болгон белок жөнүндөгү маалыматты толук жана туура түшүнүшү жана туура маалыматты бериши зарыл. Өндүрүш кыла турган бир химиктин ал өндүрүш учурунда ага керектүү болгон чийки заттарды жана өндүрүштү жасоо үчүн муктаж болгон бүт техникалык маалыматтарды жооптуу бир жерге кайрылып талап кылышы сыяктуу... Бир химик муну тиешелүү киши же уюмдан жазуу же сөз түрүндө талап кылат; ДНКдан да бир белок формуласын талап кылуу үчүн атайын бир тил колдонулат. Бул тил 4 тамгадан турган бир алфавитке ээ.
ДНК молекуласы 4 түрдүү нуклеотиддин ар кандай катарда тизилишинен пайда болот. Ал төрт түрдүү нуклеотид базалык молекулаларынын аттары менен аталышат; А (аденин), G (гуанин), C (цитозин) жана T (тимин). Бул молекулалардын тизилиши жандык колдоно турган бүт белоктордун түзүлүшүнүн кандай болушу керек экени тууралуу маалыматты түзөт. Б.а. ар адамдын клеткаларындагы ДНКда ага тиешелүү бүт өзгөчөлүктөрдү түзгөн белоктордун маалыматы 4 тамгалуу бир алфавит менен жазылган жана ал маалыматтар бир китепкана толо энциклопедияга бата турганчалык көп.
Миллиметрдин миңден биринен да кичинекей бир жерде мындай томдогон энциклопедияга бата турган маалыматтын коддолушу өзүнчө бир керемет. Бул маалымат текстке айландырылганда 500дөн беттик 1000 энциклопедия узундугунда болот; мынчалык чоңдукта бир эмгек али жазыла элек. Бул коддоо дүйнөгө белгилүү Британника энциклопедиясынан 20 эсе узун.19 Учурда маалымат сактоо үчүн өтө жогорку сыйымдуу компьютер чиптери долбоорлонду. Дагы эле ар кандай коддоо системалары менен бул сыйымдуулукту жогорулатуу үчүн өтө көп чыгымдуу иш-аракеттер уланууда. Бирок ДНК молекуласында белок маалыматтарынын коддолушу жер жүзүндө өндүрүлгөн эч бир технологияга салыштыргыс жогорку сыйымдуулук менен жасалган. Ээлеген кичинекей жеринде максимум маалыматты коддоо жөндөмүнө ээ.20 Мынчалык кемчиликсиз бир маалымат кампалоо системасын кокустан пайда болгон деп айтуу болсо чоң бир акылсыздык.
Клетка ичиндеги иштердин үзгүлтүккө учурабашы, муктаждыктын туура канааттандырылышы, кыскасы клетканын жашоосун улантышы үчүн туура белок өндүрүлүшү өтө маанилүү. Ушул себептен кайсы белок өндүрүлүшү керек экени жөнүндөгү кабар алынган соң ДНКдан туура маалыматтын тандалып алынышы зарыл. Бул тандоону ким жасайт?
Өтө маанилүү болгон бул өндүрүштү жасоо үчүн керектүү болгон чийки зат көп жылдарга созулган билим алуудан соң, көп жылдарга созулган бир илимий тажрыйбасы бар, тажрыйбалуу, акылдуу, көрө алган, уга алган бир илимпоз эмес, аң-сезимсиз атомдордун биригишинен түзүлгөн бир молекула. Бул өтө маанилүү тандоо ишин кемчиликсиз бир түзүлүшкө ээ бир белок РНК полимераз ферменти орундатат. Бул фермент аткарган иш өтө татаал. Баарынан мурда, 3 миллиард тамгадан турган ДНК молекуласынын ичинен өндүрүлө турган белокко тиешелүү керектүү тамгаларды тандап алышы зарыл. Полимераз ферментинин 3 миллиард тамгадан турган ДНК молекуласынын ичинен бир канча саптык бир маалыматты таап чыгарышы 1000 томдук энциклопедиянын кандайдыр бир бетине жазылган, бир канча саптык атайын бир текстти эч жол көрсөтүүсүз ошол учурда табууга окшошот.
DNA'nın sahip olduğu bilgi olağanüstü bir bilgidir. Bu, 1 nanometrelik yani metrenin milyarda birinden daha az bir alana, 20 ciltlik bir ansiklopedinin sığdırılması anlamına gelir. İnsanın ise, böyle bir bilgi depolama sistemini üretebilmesi bir yana, tam olarak kavrayabilmesi dahi mümkün olmamıştır. DNA'daki bu bilgi depolanması ile aynı prensibi kullanmaya çalışan bilgisayar teknolojisi sayesinde, bilgileri depolayan mikroçipler üretilmiştir. Ancak bu mikroçiplerin, DNA'daki kapasiteye yaklaşmaları söz konusu dahi değildir. |
Бул ой жүгүртүлө турган маанилүү бир жагдай. Белгилүү болгондой, адам ДНКсында орун алган маалыматтарды окуу үчүн дүйнөлүк масштабда жүргүзүлгөн Адам геному долбоору (Human Genom Project) алкагында дүйнөнүн алдыңкы жүздөгөн илимпозу эң өнүккөн жана эң жогорку технология менен жабдылган лабораторияларда 10 жылдан бери күнү-түнү эмгектенип, ДНКдагы маалыматтын бир бөлүгүн окуй алышты. Болгондо да көп бөлүгүн окуй гана алышып, кайсы тамгалардын кайсы белок же ген үчүн колдонулганын дагы эле аныктай алышпады. Ал эми, денебиздеги 100 триллион клетканын ичинде ар саам триллиондогон РНК полимераз ферменти болсо ДНКдагы маалыматты башынан аягына чейин окуп, ал тургай, андан талап кылынган маалыматты кемчиликсиз, катасыз чыгарып бере алууда. Бул чоң бир ылдамдык, жөндөм, акыл, маалымат, изилдөө, аң-сезим талап кылган милдетти аркалаган нерсе болсо – аң-сезимсиз атомдордун биригишинен түзүлгөн бир молекула. Эволюционисттердин мындай бир системанын чагылгандардын, жер титирөөлөрдүн таасири менен кокустуктар натыйжасында пайда болгонун айтышы болсо өтө таң калыштуу көрүнүш.
Полимераз ферментинин өндүрүлө турган белокко тиешелүү маалыматты ДНК молекуласынан тапкан соң өтө маанилүү дагы бир кызматы бар. Эми дагы бир маанилүү акылдуулук алааматын жана жөндөмдү көрсөтүп, ал маалыматты өндүрүш боло турган жерге бара турган кылып копиялашы зарыл.
İnsanoğlu yıllardır en ileri teknolojiyi kullandığı halde DNA'yı okumayı 2000 yılında başarabilmiştir. Oysa gözle görülemeyecek kadar küçük, gözü, beyni, eli olmayan proteinler milyarlarca yıldır bu işlemi her an kusursuzca yapmaktadırlar. |
DNA'dan protein bilgilerinin kopyalanması | |
1. Çekirdek | 4. mRNA |
A. Adenin | T. Timin, |
Буйуртма кагазынын, б.а. ДНКдан алынган маалыматтын туура копияланышы өтө маанилүү. Себеби өндүрүш бою колдонула турган бүт маалыматтар ушул буйуртма кагазынан окулат. Ал кагаздын копияланышы учурунда кетирилген бир ката дагы жандыктын өлүмүнө себеп болушу мүмкүн. Мисалы, канда кыртыштарга кычкылтек ташуу милдетин аткарган гемоглобин белогунун аминокислота тизмегиндеги 600 аминокислотанын бир даанасынын ордунун алмашып кетиши гемоглобиндин таптакыр башка бир түзүлүштө болуп калышына жана өз милдетин аткара албашына себеп болот. Натыйжада бузук гемоглобиндер кычкылтек ташый албагандыктан эритробластикалык анемия деп аталган өлүмгө алып барчу оору келип чыгат.
Копиялоо иши башталышы үчүн өтө маанилүү бир тоскоолдуктан өтүү керек. ДНК молекуласынын тепкич сыяктуу бир-бирине оролгон колдору копиялоо жасалышы үчүн бөлүнүшү зарыл. Бул бөлүү ишинде кайра эле РНК полимераз ферменти кызмат аткарат. РНК полимераз коддоло турган гендин башталышынан 35 тамга мурдасына карманып, оролгон тепкич сыяктуу болгон ДНКнын тепкичтерин бир сыдырманы ачкандай ачат. Бул ачуу өтө ылдам жасалат. Ушунчалык ылдам болгондуктан, андан улам ДНКнын ысып күйүп кетүү коркунучу пайда болот. Бирок система ушунчалык кемчиликсиз пландалып жаратылгандыктан, бул коркунуч да эске алынган. Алдын ала алынган бир катар чаралардын урматында күйүп кетүү коркунучунун алды алынат; атайын бир фермент коркунучту билген сыяктуу, барып ДНКнын ачылган спиралынын эки учун кармап андай сүртүнүүгө жол бербейт. Жана башка атайын ферменттер ДНКнын ачылышы учурунда бир-бирине оролушунун алдын алышат. Бул ферменттер болбосо “кабарчы РНК” деп аталган буйуртма кагазынын копияланышы мүмкүн болбойт. Себеби сыдырма сыяктуу ачылган ДНК спиралынын колдору копиялоо иши башталбай жатып бир-бирине оролуп калат жана сүртүнүүдөн улам ДНКнын түзүлүшү бузулат. Көрүнүп тургандай, ар бир баскычта ондогон фермент менен белок кызмат кылууда жана баары бир-бири менен тыгыз гармонияда өз кызматтарын кемчиликсиз орундатышууда.
Бул жерде дагы бир жолу эске салып кетүү пайдалуу: бул маалыматтарды окуп жатканда, буларды кылгандардын белгилүү сандагы атомдун биригишинен пайда болгон аң-сезими жок молекулалар экенин унутпаш керек. Фермент дагы, белок дагы ушундай молекулалар. Ал молекулалардын ар бири улуу бир илим менен жана жоопкерчилик сезими менен өз кызматтарын орундатышууда.
Мындай атайын чаралардан соң дагы бир канча тоскоолдуктан өтүү керек. Мисалы, максатталган белоктун аминокислота тизмегин камтыган маалымат чоң ДНК молекуласынын кандайдыр бир жеринде болушу мүмкүн. Ар кайсы жердеги маалыматтарды, б.а. аминокислота тизмегин ишарат кылган коддорду копиялоо үчүн полимераз ферменти эмне кылат? ДНКны үзүп ала албайт, керек эмес коддордун үстүнөн аттап кете албайт. Бир линия менен түз жолун улантканда болсо керексиз маалыматтарды да копиялайт жана максатталган белок пайда болбойт.
Бул көйгөйдү чечүү үчүн укмуш акылдуу дагы бир окуя болуп өтөт жана ДНК копиялоо ишине жардам беришим керек деп ойлонгон сыяктуу, бүгүлүп, керек эмес код тизмеги турган бөлүмдү сыртты көздөй ийет. Ошентип катары менен окулушу керек болгон, бирок ортодо башка коддор да болгону үчүн бир-биринен алыста турган код тизмектеринин учтары бир-бирине туташат. Натыйжада копиялоо керек болгон коддор бир линия болуп калат жана полимераз ферменти буйуртма кагазын өндүрүлө турган белок үчүн оңой гана копиялай алат.
Yanlış Kopyalama Kanser Sebebi | |
Son zamanlarda kanser araştırmacıları kanser oluşumunda hücre içinde yanlış üretilen proteinlerin önemli rol oynadığını ortaya çıkardılar. DNA'nın kopyalanması sırasında yanlış kopyalanan genler yanlış proteinlerin üretilmesine neden olurlar. Bu buluş ilk defa mesane kanseri araştırmalarında ortaya çıktı. Bu bölgedeki hücrelerde DNA'da bulunan 5000 basamaklı özel bir genin tek bir basamağında yanlış kodlanmasının hücreyi bozduğu anlaşıldı. (Robert A. Weinberg, One Renegade Cell, How Cancer Begins, s. 42, 1998 Basic Books,1st Ed.New York) Bu hatalı genlerin üreteceği proteinler yanlış bilgilerle üretildikleri için, hücreye yarar sağlayacağına zarar vermektedirler. |
Кээде керексиз коддорду аттап кетүү үчүн башка бир ыкма дагы колдонулат. Ал ыкмада болсо РНК полимераз ферменти керексиз коддор да кошо генди башынан аягына чейин копиялайт. Андан соң ал жерге келген ферменттери “сплайсосом” ферменттери керексиз коддорду бир шакектей кылып “бүктөп, алып салышат”. Бул үчүн ал ферменттер колдорундагы рецепт менен ДНКдан копияланган маалыматтарды салыштырып, керексиздерди аныкташы зарыл. Сиздин колуңузга тамгаларга толо упузун эки тизме берилсе жана алардын арасынан керексиздерди аныктап алып сал дешсе, ал үчүн экөөсүн жакшылап карап, сап сап текшеришиңиз керек. Бул үчүн тамгаларды таанып, талап кылынган маалыматтын эмне экенин билип, эмнени эмне үчүн кылып жатканыңызды билишиңиз зарыл. Ушул себептен кандайдыр бир биология китебинде же даректүү тасмада “тандап, бүгөт жана алып салат” деген сыяктуу бир сүйлөмдү көрүү адамдарды жаңылтпаш керек. Себеби бул жерде салыштыруу жасаган, аныктаган, изилдеп, бөлгөн, тандаган, бүккөн жана алып салган – бул көмүртек, кислота жана фосфат сыяктуу жансыз жана аң-сезими жок заттардын биригишинен пайда болгон мээси жок, көрбөгөн, укпаган заттар.
1. Orjinal DNA parçası | 3. Ayrılacak parçalar belirleniyor | 4. Ayrılma |
Bazen bir proteine ait bilgi DNA'nın farklı yerlerinde olabilir. Böyle bir durumda RNA polimeraz enzimi geni baştan sona kopyalar. Ve daha sonra "spliceosome" isimli enzimler gelerek istenmeyen bölgenin iki ucunu birbirine değdirecek şekilde kopyalanan zinciri bükerler. Bu işlemin sonucunda istenmeyen ve bükülen bölge zincirden kopartılıp atılır. Bu işlemlerin yerine getirilmesi için enzimlerin büyük bir şuur ve akıl göstermeleri gerekir. Ellerindeki reçetedeki milyonlarca harf içinden gerekli olanları hatasızca tespit edip ayıklayabilecek kadar dikkatli olmalıdılar. Şuursuz atomlardan oluşan küçük bir molekülün böyle olağanüstü bir akıl göstermesi sonsuz kudret sahibi olan Allah'ın varlığını ve yaratışındaki mükemmelliği gösterir. |
ДНКдан буйуртма кагазынын копияланышы учурунда ишке ашкан таң калыштуу жана кереметтүү окуялар булар менен да бүтпөйт. Копиялоону бирөө токтотушу зарыл, антпесе полимераз ферменти генди башынан аягына чейин копиялайт. Белокту коддогон гендин аягында ал гендин бүткөнүн көрсөткөн бир кодон бар. (ДНКдагы кодду түзгөн нуклеотиддердин ар бир үчтүк тобу кодон деп аталат.) РНК полимераз токтотуучу кодонго келгенде, копиялоо ишин токтотушу керек экенин түшүнөт жана белок үчүн керектүү кабарды алып жүргөн кабарчы РНК менен ДНКдан бөлүнөт. Бирок бул жерде өтө кылдат болушат. Себеби кабарчы РНК клетка ядросунан чыгып, өндүрүш жасала турган рибосомага барганга чейин бир топ жолду басып өтөт. Бул сапар учурунда кабар эч жабыркабашы зарыл. Ушул себептен клетка ядросунан кээ бир атайын ферменттердин коргоосу астында чыгат.
Клеткада белок өндүрүшү үчүн керектүү болгон маалымат ДНКдан табылган жана копияланган соң эми ал маалымат белок өндүрүлө турган завод рибосомаларга жеткирилиши керек. Ар бир клеткада бар болгон бул органеллдер ядродогу ДНКдан өтө алыста жана клетканын бүт цитоплазмасына (клетка ичиндеги суюктукка) тараган абалда. Бул заводдорго өндүрүш буйуртмалары кемчиликсиз жана өтө бат жеткирилиши зарыл. Кабарчы РНК (mRNA) жолунан адашпастан жана клетканын ичиндеги көптөгөн органелл менен молекула арасында эч ойлонбостон рибосоманы табат. mRNA рибосоманы тапканда анын сырткы бөлүгүнө бир линия абалында жайгашат. Ошентип өндүрүшү максатталган белоктун аминокислота тизмегине тиешелүү маалымат өндүрүш борборуна туура жеткен болот. Бир белоктун өндүрүлүшү үчүн копияланган mRNA эмне кылуулары керек экени, качан башталып качан бүтүшү керек экени жөнүндөгү маалыматтарды да алып жүрөт. Ошондуктан бул буйрук рибосомага жеткенде, өндүрүлө турган белок үчүн керектүү болгон аминокислоталардын рибосомага алып келиниши үчүн клетканын башка аймактарына кабарлар жөнөтүлүп башталат.21
Белок өндүрүшүндөгү кемчиликсиз уюшкандык кереметтеринин бири ушул жерде ишке ашат.
Белоктун маалыматтарын алып жүргөн кабарчы РНК рибосомага жайгашкан соң башка бир РНК түрү болгон “ташуучу РНК” (tRNA) ишке киришет. Бул РНК молекуласы болсо ДНКдагы маалыматтарга карап өндүрүлөт. Ал РНКлар белок өндүрүшүндө чийки зат катары колдонула турган аминокислоталарды рибосомага ташуу үчүн гана милдеттендирилген үчүн ташуучу деп аталышат. Ал РНКлар бир заводдогу өндүрүшкө чийки зат ташуучу атайын ташуучу каражаттар сыяктуу. Бирок бул атайын ташуучу РНКлардын ташуу системасында өтө башкача бир өзгөчөлүк бар.
1. Çekirdek | 5. Amino asit molekülü tRNA'ya bağlanır |
Üretilecek proteinin bilgisi mRNA ile hücrenin çekirdeğinden ayrılarak üretimin yapılacağı yere, yani ribozoma gelir. Bu arada gereken malzemeler de tRNA'lar tarafından ribozoma getirilmeye başlar. |
Мурда да айтылгандай, ар жандык клеткасында 20 түрдүү аминокислота бар. Мына ушул 20 түрдүү аминокислотанын, б.а. чийки заттын ар бири өзүнө тиешелүү өзгөчө бир ташуу каражаты тарабынан ташылат.22 Аминокислоталардын аларды ташый турган tRNA'га карманышы да бир катар татаал процесстер натыйжасында ишке ашат. Ар аминокислота түрүн активдештирүүчү өзгөчө бир фермент бар. Ошол фермент бир тараптан аминокислотаны активдештирсе, экинчи тараптан аминокислотанын tRNA'га карманышын камсыздайт. Демек ферменттин (аминокислота синтетаз) аминокислотага да, tRNA'га да кармана турган түзүлүштө болушу зарыл. Көрүнүп тургандай, ар бир баскычта тыгыз байланыштагы көптөгөн процесс менен кызмат аткарган көптөгөн бөлүктөр бар. Булардын бирөөсү эле болбосо, жандык өлүмгө да алып барчу даражада жабыркашы мүмкүн. Мисалы, аминокислоталарды активдештирүүчү жана tRNA'га кармануучу бул өзгөчө ферменттер болбосо, белок синтези үчүн керектүү болгон аминокислоталар рибосомаларга жеткириле албай калат. Ошондуктан бүт бул система алдын ала пландалышы жана муктаждык болгон материалдар да аныкталып, бул система менен бирге жаратылышы зарыл.
Рибосомага tRNA тарабынан алып келинген ар бир аминокислота mRNA аныктаган өндүрүш линиясында белгилүү жерлерде иштетилиши керек. Өндүрүш боюнча бир эле аминокислотанын туура эмес жерде иштетилиши белокту ишке жараксыз бир молекула кылып коюуга жетиштүү. Бирок бул процесс бүт жандуу клеткаларда катасыз иштейт. Ташуу кызматын аткарган ар бир tRNA алып келген ар бир аминокислотаны өндүрүш буйругунда көрсөтүлгөн жерге алып барат жана өндүрүш процессинин бузулбай жүрүшүн камсыздайт. Өндүрүш буйругу болсо белгилүү болгондой mRNAда жазылуу. Бул аң-сезими жок молекулалардагы кемчиликсиз дисциплина түшүнүгү, аң-сезимдүү жана жоопкерчиликтүү экенин көрсөткөн иш-аракеттер – ар биринин бийик бир акыл жана кудурет ээси Аллахка моюн сунгандыгынын жана Анын башкаруусу менен кыймылдагандыгынын апачык бир көрсөткүчү.
Protein sentezi sırasında DNA'yı oluşturan alfabenin, proteini oluşturan alfabeye tercüme edilmesi gerekir. Örneğin soldaki yazı sağdaki protein diline çevrilmelidir. |
Эми буйуртма, б.а. өндүрүлө турган белокко тиешелүү маалымат менен керектүү чийки заттар даяр. Буйуртма кагазы өндүрүштө бир линияны бойлой жайгаша турган бүт машиналарга жеткирилген болот. Өтүү керек болгон дагы бир маселе бар. Өндүрүш маалыматы, б.а. буйуртма, жогоруда айтылгандай, ДНКда өзгөчө бир тилде жазылган. Жана өндүрүш ушул өзгөчө тилде жазылган маалыматка ылайык жасалышы керек. Бирок чийки зат катары колдонулган аминокислоталардын тизилиши башка бир тилде. Бул маселени мындайча түшүндүрүүгө болот. Буйуртма кагазындагы буйрук ДНКны түзгөн коддун тили, б.а. 4 тамгалуу бир алфавиттен турган өзгөчө бир тилде жазылган. Өндүрүлө турган белоктордун тили болсо 20 тамгалуу бир алфавиттен турган башка бир тил. (белокторду түзгөн аминокислоталар 20 түрдүү болгону үчүн.) Тилдеги айырма сыяктуу, ДНКдан келген өндүрүш маалыматы аминокислоталар түшүнө турган тилде эмес. Натыйжада ДНКдан келген маалыматка кайсы аминокислотанын туура келээрин түшүнө алуу үчүн ДНКдагы тил беркисине которулушу керек.
Рибосома заводу жашоонун көйгөйсүз уланышы үчүн бул маселени эч кемчиликсиз чечүүчү бир механизм менен жабдылган. Муну чечүү жолу катары өндүрүш учурунда заводдо, б.а. рибосомада эки башка тил арасындагы котормону жасоочу бир котормо системасы жаратылган. Кодон-антикодон ыкмасы деп аталган бул которуу системасы учурдагы эң алдыңкы компьютер борборлорунан бир топ жакшы, бул эки тилде адистешкен бир котормочудай иштейт. ДНКнын өзгөчө тили менен жазылган төрт тамгалуу белок маалыматтарын 20 тамгадан турган белок тилине которот. Ошентип кайсы аминокислоталардын катарга тизилээрин айткан болот. Натыйжада максат кылынган белоктун туура өндүрүлүшүн камсыз кылат. Ылдыйда терең каралган бул которуу ишинин катасыздыгы терең мааниге ээ. Бир клетканын, натыйжада жандыктардын жашоосу үчүн керектүү миңдеген белоктун өндүрүлүшүндө бир же эки гана катага жол берилиши мүмкүн. Адамзат жасаган эч бир технологиялык продукт же өз тармагында адис жана өтө көңүл койгон бир адам белок сыяктуу болжол менен 200 романга тең бир текстти мынчалык катасыз жана кемчиликсиз которуп жаза албайт.23
Бул ыкма урматында которуу системасы аминокислоталарды бириктирген өндүрүш борборунун эч ката кетирбешин камсыздайт. Рибосомадагы бириктирүү борборуна алдын ала жайгашып буйуртма кагазын алып жүргөн mRNA менен бир учунда аминокислота алып жүргөн tRNA кулпу-ачкыч сыяктуу жолугушушат. mRNA'дагы ар үч тамга бир “кодон”, б.а. бир кулпу болуп саналат. tRNA'нын үч өлчөмдүү формасы “кошуу” ишаратына окшошот. Бул “кошуу” ишаратына окшогон түзүлүштүн үстүңкү учуна аминокислота карманат. Ташуучу РНКнын бул кулпусун ача ала турган өзгөчөлүктөгү астыңкы учу болсо бир антикодон, б.а. бир ачкыч катары анын тушуна өтөт. Рибосома өндүрүш үчүн колдонгон бул өзгөчө которуу системасы урматында белоктор кемчиликсиз абалда бир чынжырдай өндүрүлөт. Которуу системасы бул ыкма менен бирге эң жакшы иштей алышы үчүн рибосома ар бири жалпылай гармония ичинде иштеген жүздөн ашык жардамчы молекулаларды колдонот. Ал молекулалар өндүрүш жүрүп жаткан жерге жөнөтүлгөн өзгөчө РНКлар, жана алардын көпчүлүгү өзгөчө белоктор.24 Ал РНКлардын эң негизгилери кабарчы РНК рибосомага алып келген өндүрүш маалыматын ташуучу РНКнын түшүнүшүн жана башка бир тилде окулушун камсыз кылган “рибосомалык РНК”. Даярдалган бул механизмдердин баары которуу ишинин катасыз жасалышы жана натыйжада туура белоктун өндүрүлүшү үчүн кемчиликсиз иштешет.
1. Amino asite bağlandığı yer | 3. Anticodon |
DNA dilinin protein bilgilerine dönüşmesi için, mRNA ile tRNA, anahtar ve kilit gibi karşı karşıya gelirler. mRNA'daki her üç harf bir kilit sayılır. tRNA'nın bu kilidi açabilecek özellikte olan alt ucu da bir anahtar olarak tam karşısına geçer. |
Өндүрүштүн эң негизги процесси – бул, албетте, аминокислоталардын катасыз бириктирилиши. Бул бириктирүү ишин пайда кылган окуялар кыскача төмөнкүдөй:
Белок синтези учурунда ишке ашкан бул окуялардын белгилүү убакыт аралыктары менен болушу зарыл эмес. Бирок бүт процесстер кемчиликсиз өтө ылдам жасалат. Мисалы, көбүнчө mRNA жипчесинин берки учу дагы эле ДНКга уланган абалда буйуртманы копиялоону улантып жатканда, берки жактан которуу иши жасала берет.27 Ал тургай, бир даана mRNA жипчеси ар башка жерде өндүрүш башталышы үчүн бир канча ар кайсы рибосомага, б.а. заводго улана алат жана буйуртма бере алат. Жана ар бир рибосома бир эле mRNA жипчесинде буйуртманы, башка бир аминокислота чынжырын өндүрө алат. Ошол сыяктуу белокторго тиешелүү буйуртмалар mRNA тарабынан бир эле ДНК молекуласынын бирден көп жеринде копиялана алат.28 Өтө комплекстүү жана көп баскычтуу бир процессти бир учурда бир канча жерде жүргүзө алуу зор бир көңүл коюуну жана жөндөмдү талап кылат. Болгондо да, бир дагы ката кетирбөө шарт. Акылы жана аң-сезими бар бир адамдын бир учурда канча жумушка көңүл койо алаарын, бир учурда канча продуктту даярдоо ишине катыша алаарын ойлогонубузда, бул молекулалардын бийик жөндөмдүүлүгүн жакшыраак түшүнөбүз.
a. Amino Asit | e. Büyük Ribozomal Parça | h. Küçük Ribozomal Parça | k. Amino Asitler |
A. DNA'dan kopyalanan protein bilgisi mesajcı RNA (mRNA) 1. Amino asitlerin birleştirileceği bölgeye, yani ribozoma önce üretim bilgisini taşıyan mesajcı RNA gelir. Ardından amino asit hammaddelerini taşıyan taşıyıcı RNA'lar da bu bölgeye gelir. 2. "Kodon-antikodon" metodu sayesinde, tercüme sistemi birleştirme işlemi sırasında hata yapılmamasını sağlar. Bu metoda göre mesajcı RNA ile bir ucunda amino asit taşıyan taşıyıcı RNA anahtar-kilit gibi karşı karşıya gelirler. Mesajcı RNA'daki her üç harf bir "kodon" yani kilit sayılır. Taşıyıcı RNA'nın bu kilidini açabilecek özellikte olan ucu da anti-kodon yani anahtar olarak tam karşısına geçer. 3. Mesajcı RNA ile taşıyıcı RNA'nın karşı karşıya geldiği yerde ribozomal RNA devreye girer. Ribozomal RNA'nın iki özel bölümü vardır. Ribozomal RNA'nın küçük bölümüne mesajcı RNA, büyük olana da taşıyıcı RNA yerleşir. tRNA ve mRNA'nın bağlanacakları bölümde uyuşmalarını sağlayacak özel mekanizmalar vardır, bu nedenle yerlerine kolaylıkla yerleşirler. Bu, çok önemli bir konudur. Herşeyden önce ribozom daha ilk yaratılırken, tRNA ve mRNA'nın varlığından haberdar olan, onların özelliklerini ve ribozomu bir amaç için kullanacaklarını bilen bir güç, ribozomda uygun yerleri de yaratmıştır. Bunların aşama aşama meydana gelen tesadüfi değişikliklerle bu kadar kusursuz bir uyum göstermeleri kesinlikle mümkün değildir. Ayrıca bu detaylı tasarım ve ince hesaplar bu kadarla da kalmaz. Taşıyıcı RNA'ların bağlandığı bölüm için de iki özel kısım bulunur. 25 Bu iki kısmın birincisini ribozoma yeni gelen tRNA kullanırken diğerini işi bittiği için ribozomdan ayrılacak olan tRNA kullanır 4. Tercüme işleminin başlaması için siparişin üzerinde bulunan "başlatma kodonu" adı verilen özel bir kodonun karşısına, taşıyıcı RNA tarafından üretilmek istenilen proteinin ilk amino asiti getirilir. Ribozom, üretilecek proteine ait bu ilk kodonun bilgisini almadan üretime başlamaz. Bütün proteinlerin başlatma kodonu aynıdır; metiyonin. 26 5. Birleştirme merkezinin bu başlatma kodonunu tanımasından sonra her protein için özel belirlenmiş olan "kodonlar" yani "sipariş bilgileri" birbiri ardınca okunmaya, yani tercüme edilmeye başlar. 6. İlk olarak başlatma kodonu tercüme birimi olan ribozomal RNA'daki küçük bölüme bağlanır. Sonra ribozomal RNA sipariş bilgisini taşıyan mRNA üzerinde bu kodonu geçerek hareket eder. 7. Aynı anda tRNA, üzerinde yazılı antikodon şifresi ve taşıdığı amino asitle beraber ribozomdaki yerini alır.İşi biten amino asit ile ribozoma yeni gelen amino asit birbirlerine peptid bağı ile bağlanırlar. 8.Sonra ilk gelen tRNA ribozomu terk eder ve ikinci tRNA kendisine bağlı olan iki amino asitle beraber birinci kısımdan ikinci kısma geçer. |
n. Peptid Bağı | p. Oluşan Protein Zinciri | s. Durduma Kodonu |
9. Ribozoma gelen bir sonraki tRNA, yine tRNA'ların bağlandığı büyük bölümün birinci kısmına bağlanır. Birinci ve ikinci tRNA'nın amino asitleri, bu yeni gelen üçüncü tRNA'nın amino asidine bağlanır. 10-Bu bağlanma işlemi olduktan sonra ikinci tRNA da ribozomdan ayrılır. 11- Aynı anda birinci kısımda bulunan üçüncü tRNA da kendisine bağlı olan üç amino asitle beraber ikinci kısma hareket eder. Ribozomal RNA bu işlemlere mRNA iplikçiğindeki sipariş boyunca devam eder. 12. Bu işlem ribozomal RNA'nın mRNA'daki durdurma kodonunu tanıyınca sonra erer. |
Эми бир саамга ойлонолу; бул жерде кыскача баяндалган бул система кокустан пайда болгон болушу мүмкүнбү? Б.а. аң-сезими жок миллиондогон атомдор чогулуп, мынчалык жогорку аң-сезимдүүлүктү талап кылган бир системаны долбоорлоп, анан ал үчүн табият кубулуштарынын кокустан аларга тийип, бул системаны пайда кылышын күткөн болушу мүмкүнбү? Бүт ааламдагы бардык атомдор бир жерге чогулуп, ал атом жыйындысына физикалык жана химиялык кандай гана процесс жасалбасын, аң-сезими жок, илими жок, эрки жок атомдордун мынчалык кемчиликсиз бир системаны уюштурушу эч мүмкүн эмес.
Болгондо да, бул жогорку уюшкандык муну менен эле чектелбейт. Себеби али акыркы текшерүүлөр жасала элек. Өндүрүш бүткөн соң жасала турган акыркы жумуш – бул пайда болгон аминокислота чынжырынын катарынын жана башка өзгөчөлүктөрүнүн өндүрүшү максатталган белоктун тизилишине туура келип келбешинин текшерилиши.
Жогоруда да айтып кеткендей, клеткалар муктаж болгон белоктордо кичине эле бир ката кеткенде клетка ичиндеги көптөгөн механизм иштей албай калат. Натыйжада клетка жашоосун уланта албайт жана ал тургай, көбүнчө жандыктын өзүндө да олуттуу оорулар келип чыгат. Учурда көптөгөн оорунун тукум куучу себептерден келип чыгаары белгилүү жана анын себеби бул баскычтардын бирөөсүндө кетирилген каталар. Клетка менен белоктор болсо, бул процесстердин жандык үчүн канчалык маанилүү экенин билгендей болуп, өтө кылдат болушат жана синтез учурунда белгилүү баскычтарда аларды кайра кайра текшеришет.29
Бир даана белоктун өндүрүшү учурунда жасалышы керек болгон текшерүү иши үчүн бир канча фермент иштейт. Ал ферменттер бир заводдун сапат текшерүү бөлүмү сыяктуу. Себеби ар бир фермент продукт жөнүндө терең маалыматка ээ болушу жана өндүрүштүн ар бир баскычынан кабардар болушу зарыл. Антпесе, чыккан продуктту жакшылап текшере албайт. Эң кызыгы, өндүрүлгөн белокторду кайра эле белоктор текшерет. Өзүнүн жеке бир эрки болбогон атомдордон турган бул молекулалардын өздөрүнүн жөндөмүн да билүү жана таануу мүмкүнчүлүгү жок. Ансыз да алар бул система тартиптүү иштегенде гана ал чөйрөдө жашай алышат. Андай болсо аң-сезими жок атомдордон турган белоктор бул текшерүүнү кантип жасашат? Алардагы акыл, аң-сезим, илим жана уюшкандыктын чыныгы ээси ким? Албетте, бул суроолордун жообу апачык. Ар бир атом Аллах жараткан түзүлүшкө жана формага ылайык кыймылдайт.
Бүт бул текшерүүлөр жасалып бүткөн соң эми белок колдонууга даяр. Белоктор колдонула турган жерди көздөй жолго чыгат.
Өндүрүштүн бул баскычына чейинки долбоор инженериясы белок колдонула турган жерге жеткенге чейин уланат. Өндүрүлгөн өтө баалуу белок молекулалары эч жабыркабастан колдонула турган жерге чейин жеткирилиши керек. Бирок кантип?
Бул суроонун жообу болсо алигече толук ачыла элек. Бирок белгилүү болушунча бул процесс адамды таң калтыра турган даражада комплекстүү.30
Клетканын ичинде өндүрүлгөн белоктор өндүрүлгөн жерде таштап коюлбайт. Мындай болсо тынымсыз өндүрүш жасаган, бирок өндүргөндөрү бош туруп калган бир система пайда болмок. Бирок, жандыктардагы бүт башка системалардагы сыяктуу, белок өндүрүшүндө да кемчиликсиздик бар. Натыйжада өндүрүлгөн ар бир белок колдонула турган же колдонулчу убакытка чейин сактала турган тиешелүү жерге өтө өзгөчө ыкмалар менен ташып барылат. Мисалы, клетканын сыртына жөнөтүлө турган белоктор, энергия өндүрүүгө жооптуу органелл болгон митохондрияда колдонула турган белоктор, ядродо колдонула турган белоктор ар башка механизмдерди колдонуу аркылуу өз орундарына жөнөтүлүшөт. Белоктордун ташылышында кызмат аткарган бул өзгөчө механизмдер менен жолдор белоктордун “максатталуу системалары” деп аталат.31 Кайсы белоктун каякка бараарын билиши өзүнчө бир керемет, бирок бара турган жерине жараша ташуу унаасынын аныкталышы, пакеттелиши, ташуу учурунда жабыркабашы үчүн ферменттердин көмөкчү болушу андан да таң калыштуу бир керемет.
1. Kaba endoplazmik retikulum, | 6. lizozom |
Protein üretildikten sonra da hücre içindeki yoğun faaliyet devam eder. Protein ya özel taşıyıcılarla hücre dışına çıkarılır ve vücutta kullanılacağı yere götürülür ya da ihtiyaç duyulana kadar depolanmak ve paketlenmek üzere golgi cisimciğine bırakılır. |
Бул темада көп жылдар изилдөөлөр жасаган жана ал эмгектери менен 1999-жылы Нобель сыйлыгын алган Дэвид Сабатини (David Sabatini) менен Гюнтер Блобель (Günter Blobel) жаңы өндүрүлгөн белоктордун көздөгөн жерине жетүү үчүн өзгөчө бир аминокислота тизмегинен турган бир “сигнал тизмегин” алып жүрөөрүн жана көздөгөн жерине жеткенде болсо ал сигналдардан ажыраарын өтө таң калуу менен ачышкан.32 Бул сигнал урматында бир максатты көздөй жолго чыккан белок сапар учурунда көп жардамга муктаж болот. Жаңы өндүрүлгөн көптөгөн белок клетка ичинде көптөгөн молекулярдык машинага кезигет. Ал машиналардын кээ бирлери белокту кармайт жана жетиши керек болгон жерге чейин жеткирет. Мисалы, эндоплазмалык ретикулум менен Гольджи аппараты белокторго бара турган жерине чейин багыт берүүчү маанилүү органеллдер. Мисалы, “garbagease” белогу өндүрүлгөн соң 0,00025 сантиметр квадраттык бир сапар кылат. Цитоплазмадан лизосоманы көздөй болгон бул сапарда коопсуздук камсыздалышы үчүн ондогон түрдүү белоктун кызмат аткарышы зарыл.33
Сиз ордуңузда отурганда бүт клеткаларыңыздын бир учурда бүт бул иштерди жасап, канчалык алек болуп жатканын бир ойлоп көрүңүз. Бир клетка жүздөгөн машинаны колдонуп жасаган бул өндүрүштү триллиондогон клеткаңыз бир учурда жасап жатса да, денеңизде эч бир кыймылды сезбейсиз жана эч бир үндү укпайсыз. Болгондо да, үстүртөн негизгилери баяндалганда эле көптөгөн бетти ээлеген, сөз менен айтып бергенде болсо көп саат убакыт алган бул өндүрүш 10 секундага же эң көп бир-эки мүнөткө гана созулат. Көңүл буруу керек болгон дагы бир жагдай бар: бул система көзгө көрүнбөгөн кичинекей бир жерде иштейт. Жашоо кокустан пайда болгон белоктордон келип чыккан деген пикирди, бүт жаратуу далилдерине карабастан, улантууга аракеттенген эволюционист илимпоздор чындыгында мынчалык комплекстүү бир жаратуу өрнөгү алдында кокустуктун эч кандай мааниси жок экенин билишет. Эволюционист биолог проф. Муаммар Билге (Muammer Bilge) бир даана кокустукка да жол бербей турган даражада кемчиликсиз иштеген бул системанын алдындагы эволюционисттик чарасыздыкты мындайча айткан:
Бүт бул натыйжаларды талап кылынгандай камсыздай алган, өзү үчүн кооптуулук жана жоготуу пайда кылбаган, туюк көчөлөргө кирбеген клеткада белок синтези өнөр-жайы, десек болот, өтө кемчиликсиз бир уюшкандык менен жана кемчиликсиз бир алдын ала пландалуу менен жасалууда... Клеткада булардын баары ушундай болот. Бирок кантип мындайга жетишилүүдө? Али муну толук түшүнө албадык. Болгону натыйжаларды гана көрө алуудабыз жана ал натыйжаларды камсыз кылган кемчиликсиз уюмдун кээ бир жерлерин гана байкай алуудабыз.34
Эволюционист илимпоздор байкоо жана изилдөөлөрү учурунда көргөн кереметтүү долбоор алдында дайыма ушул сыяктуу “өтө кемчиликсиз бир уюшкандык”, “кемчиликсиз бир алдын ала көрүү (пландоо)” сыяктуу сөздөрдү колдонушат. Бирок мындай кемчиликсиздиктин кантип пайда болгонун өз теориялары менен түшүндүрө алышпайт. Муну өздөрү да билишет жана ушул себептен бул кереметтүү окуялардын кантип пайда болгону жөнүндө “али муну түшүнө албадык” деп чарасыздыктарын айтышат. Чындыгында болсо, аң-сезими жок атомдордун мынчалык кемчиликсиз бир өндүрүш системасын уюштуруп, ишке ашыра албашы апачык көрүнүп турат. Ар бир атомдун Аллахтын акылы, илхамы жана күчү менен кыймылдаары анык чындык.
Bir proteinin üç boyutlu görünümü |
Белок синтезинин баскычтарын караганыбызда көңүлүбүздү бурган бир жагдай – бул бир даана белок молекуласын өндүрүү үчүн жүздөгөн түрдүү белок менен ферментке муктаждык болушу. Булардан тышкары дагы көптөгөн молекула менен ион да даяр турушу керек. Андай болсо алгачкы белок кантип пайда болду?
Мына ушул суроо эволюционисттердин эң негизги чыга албас туюктарынын бири. Эволюционист биолог Карли П. Хаскингс (Carly P. Haskings) American Scientist журналында жарыяланган бир макаласында эволюциянын бул туюгун мындайча айткан:
... Бирок биохимиялык генетика урматында эволюция менен байланыштуу көптөгөн маанилүү суроолорго алигече жооп табыла элек... Бүт жандыктарда ДНКнын жупташуусу да, алардагы коддордун белокторго айландырылышы да өтө спецификалык жана ылайыктуу ферметтер урматында болот. Ошол эле учурда ал фермент молекулаларынын түзүлүштөрү да толугу менен түздөн-түз ДНК тарабынан аныкталат. Мына ушул чындык эволюцияда өтө сырдуу бир маселени жаратууда. Эволюция процессинде коддун өзү менен ал коддун ичинен белоктордун синтезинде керектүү болгон башка ферменттер чогуу пайда болушкан бекен? Бул кошулмалардын укмуштуу татаалдыгын жана синтезделиши үчүн араларында эч үзгүлтүккө учурабаган бир координациянын болуу мажбурлугун эске алганда, мындай убакыт дал келүүчүлүгү жөнүндө сөз кылуу өтө тантырактык болуп калууда. Бул суроого Дарвиндин пикирлеринен тышкары, башка жактан жооп издешибиз керек. Себеби бул жагдай атайын жаратууну көрсөткөн өтө күчтүү бир далилди түзүүдө.35
Бул илимпоз да айткандай, белок синтезделиши үчүн клетка ичиндеги бүт система толугу менен бар болушу зарыл. Бул системанын бөлүктөрүнүн бирөөсү эле кем болсо, белко өндүрүлө албайт жана натыйжада жашоо улантыла албайт. Эволюционисттер болсо алгач белоктор, анан белоктордун туш келди биригишинен клеткалар пайда болгон дешет. Бирок бул бөлүктөрдүн бирөөсү болмоюнча экинчисинин пайда боло албашы апачык көрүнүп турат. Бул болсо, Хаскингс да мойнуна алгандай, Аллахтын бүт жандыктарды бардык системалары менен бирге жараткандыгынын ачык бир далили. Аллахтын кемчиликсиз жаратуусу Куранда мындайча кабар берилет:
Ал – Аллах, Ал – жаратуучу, кемчиликсиз бар кылуучу,
«калып жана келбет» берүүчү. Эң сонун ысымдар Аныкы.
Асмандарда жана жердегилердин баары Аны тасбих кылууда.
Ал – Азиз, Хаким.
(Хашр Сүрөсү, 24)
17. Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s.892
18.Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s.892
19.Aaldert Mennega, "Reflections on The Scientific Method" in Creation Research Society Quarterly, Haziran 1972, s. 36;
20.Werner Gitt, In The Beginning Was Information, Christliche Literatur- Verbreitung e.
5. , CLV Bielefeld Germany, 1997, s. 95-96
21."Cells Energy Use High for Protein Synthesis" in Chemical & Engineering News, Ağustos, 20, 1979, s. 6
22.Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s. 905
23.Mahlon B.Hoagland, Hayatın Kökleri, Tübitak Popüler Bilim Kitapları 12. Basım, Mayıs 1998, s.31
24.Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s. 892
25.Curtis Barnes, Invitation to Biology, Worth publishers, Inc, New York 1985, s .191
26.Prof. Dr. Engin Gözükara, İnönü Üniversitesi Tıp Fakültesi Biyokimya Ana Bilim Dalı Başk., Biyokimya, Nobel Tıp Kitabevleri 1997, Üçüncü Baskı, Cilt1., s. 621,
27.Curtis Barnes, Invitation to Biology, Worth publishers, Inc, New York 1985, s. 191
28.Curtis Barnes, Invitation to Biology, Worth publishers, Inc, New York 1985, s .191
29."Cells Energy Use High for Protein Synthesis" in Chemical & Engineering News, Ağustos, 20, 1979, s. 6
30.Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s. 929
31.Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s. 929
32.Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s.929
33.Michael Behe, Darwin'in Kara Kutusu, Aksoy Yayıncılık, İstanbul, Haziran 1998, s. 113
34.Prof. Dr. Muammer Bilge, Hücre Bilimi, Cerrahpaşa Tıp Fakültesi Fizyoloji ve Biyofizik Kürsüleri, 3. Baskı, s. 131-132
35.Carly P. Haskings, "Advances and Challenges in Science", American Scientist, 59 (1971), s. 298