Жашоонун эң түпкү бөлүгү болгон клетка жарык микроскобу менен гана изилдене алган 19-кылымда илимпоздор клетканы кара бир так сыяктуу көрүшкөн. Кээ бирлер клетканы ичи суюктукка толгон бир плазма дешсе, кээ бирлери болсо килкилдекке окшош бир зат деп ойлошкон. Ошол убакта колдонулган жана учурдагы мүмкүнчүлүктөргө салыштырылганда өтө примитивдүү бир каражат болгон жарык микроскобунда көргөн сүрөттөлүштөн улам клетканы өтө жөнөкөй бир зат деп ойлогон 19-кылым илимпоздору клетка кокустан жана өзүнөн-өзү пайда болгон деген бир теория чыгарылганда ал теорияны заматта кабыл алышкан.
1859-жылы “Түрлөрдүн келип чыгышы” аттуу китеби менен эволюция теориясын чыгарган Чарльз Дарвин жашоонун баштапкы дүйнө шарттарында өзүнөн-өзү жана кокустан пайда болгон жөнөкөй бир клеткадан эволюциялашып келип чыкканын айткан. Бул көз-караш боюнча, аң-сезимсиз жана жансыз атомдор сокур кокустуктар натыйжасында чогулуп, кемчиликсиз бир долбоорго жана жашоо үчүн керек болгон бүт өзгөчөлүктөргө ээ бир клетканы пайда кылышкан эле. Ошол эле сокур кокустуктар ал алгачкы клетканы кандайдыр бир жол менен эволюциялаштырып, убакыттын өтүшү менен компьютер инженерлерин, профессорлорду, искусство адамдарын, генийлерди пайда кылышкан эле.
Клетканын жана ичиндеги заттардын канчалык комплекстүү, детальдуу жана улуу бир долбоорго ээ экенин билбеген илимпоздордун көпчүлүгү мынчалык логикасыз жана сабатсыз пикирлерди камтыган эволюция теориясына аңкоолук менен ишеништи. Себеби бул теория бир тараптан 19-кылымда күчөгөн материалисттик көз-карашка бир Жаратуучунун бар экенин жокко чыгаруу менен жана «кокустук теориясын» сунуштоо менен маанилүү бир колдоо көрсөткөн.
Бирок 20-кылымдын өзгөчө экинчи жарымынан соң ылдам өнүккөн илим менен технология эволюция теориясынын илимий чындыктарга толугу менен карама-каршы, такыр жараксыз жана илимий далили жок, ойдон чыгарылган бир сценарий же илгерки замандын мифтерин эске салган бир калп экенин түшүнүүгө себеп болду. Анткен менен материалисттик пикирлерине жана бир Жаратуучунун бар экенин танууга таяныч болгон бул теориядан айрыла албаган кээ бир илимпоздор эволюция теориясын өжөрлүк жана фанаттык менен жакташып, адамдарга жашоонун келип чыгышын түшүндүргөн жалгыз илимий чындык деп айтып келишти.
Эволюционисттер көпчүлүк адамдардын илимий темаларда терең илимге ээ эместигинен жана күнүмдүк жашоодо мындай темаларда көп ойлонуу мүмкүнчүлүгүнүн да жоктугунан пайдаланышып, “эволюция гипнозун” жүргүзүштү. Эң акылга сыйгыс пикирлерин, эң калп теорияларын, көз бойомочулук менен даярдалган жасалма далилдерин, көптөгөн латынча сөздөр менен кооздогон алардын оюнда “өтө илимий, чындыгында болсо ичи бопбош болгон макалаларын, китептерин “эволюция анык чындык” деген калпка адамдарды ишендирүү үчүн колдонушту.
Учурда адамдардын көпчүлүгү эволюция теориясын далилденген илимий бир теория деп ойлошот. Эволюция теориясы айткан пикирлердин канчалык логикасыз жана акылга сыйгыс экенин болсо байкашпайт. Чындыгында болсо, клетка мындай турсун, клетканы түзгөн бир белок молекуласынын дагы канчалык комплекстүү бир долбоорго, канчалык детальдуу жана кылдат эсептелген бир планга ээ экенин, бир даана белок пайда болушу үчүн жүздөгөн шарттын, жүздөгөн молекуланын, ферменттин бир убакта бир жерде болушу керек экенин билген бир адам үчүн эволюция теориясы ишенүүгө такыр мүмкүн эмес, апачык тантырактык гана болуп калат. Бул китепте карала тургандай, бир даана белок молекуласы дагы кокустан пайда болушу эч мүмкүн эмес; акылдуу, аң-сезимдүү, илимдүү жана эрктүү бир кудурет тарабынан гана курулушу мүмкүн болгон кемчиликсиз бир түзүлүшкө ээ.
Албетте, кээ бир адамдар “белокту бизден жакшыраак тааныган илимпоздор кантип дагы эле эволюция теориясын жактап жатышат?” деп сурашы мүмкүн. Жогоруда да айтылгандай, эволюционисттер эволюцияны илимий бир теория болгону үчүн эмес, жаратылууну (креационизмди) жана бир Жаратуучунун бар экенин жокко чыгарганы жана материалисттик философияларына таяныч болгону үчүн жакташууда. Жана муну көп жолу моюндарына алышат. Мисалы, Сидней университетинен эволюционист антрополог Д-р Майкл Уолкер (Dr. Michael Walker) мындай дейт:
Көптөгөн илимпоз жана технология адисинин Дарвиндин теориясына тилдери менен кызмат кылышынын жалгыз себебинин бул теориянын бир Жаратуучунун бар экенин жокко чыгарышы экенин кабыл алууга мажбурбуз.1
Башка бир дүйнөгө таанымал эволюционист илимпоз Фред Хойл (Fred Hoyle) болсо жашоонун кокустан башталышынын мүмкүн эместигин мындайча мойнуна алат:
Баарынан мурда жашоонун кокустуктар натыйжасында пайда болуу ыктымалдыгы ушунчалык төмөн болгондуктан, мындай пикирди кабыл алуу логикасыз.2
Бул алдыңкы эволюционист илимпоздор да мойнуна алгандай, жашоо кокустан жана өзүнөн-өзү башталган деп айтуу логикага сыйбайт, жана бул илимпоздор Жаратуучунун бар экенин тануу үчүн гана мындай логикасыз пикирлерин жактай беришет.
Бул китепте сиз окуй турган маалыматтар жандыктардын курулуш материалдары болгон белоктор жөнүндөгү маалыматтын кичинекей бир бөлүгү гана. Бирок ал маалыматтардын бирөөсү дагы 150 жылдан бери уланып келген эволюция алдамчылыгынын канчалык логикасыз жана адам ишенгис экенин көрсөтүүгө жетиштүү.
Ар бир белок молекуласындагы кемчиликсиз долбоор, ар биринин өтө комплекстүү түзүлүшү, белок өндүрүшүндө колдонулган кереметтүү уюшкан жана кемчиликсиз ыкма, белоктордун арасындагы кызматтардын бөлүштүрүлүшү жана ар түрдүү түзүлүштөрүнүн өз кызматтарына шайкештиги жандыктардын эң майда бөлүкчөлөрүнүн дагы кокустан пайда боло албай турган даражада кереметтүү жаратылышта экенин көрсөтүүдө. Бүт ааламда, эң кичинекей бир белок молекуласын түзгөн бөлүктөрдөн эң ири галактикаларга чейин бүт нерселер улуу бир жаратуунун, чексиз бир акылдын жана кудуреттин эмгеги. Бүт бул нерселердин ээси болсо – баарыбызды жоктон бар кылып жараткан Улуу Раббибиз. Билимдүү жана мээлүү болгонуна карабастан, кээ бир адамдардын ушунчалык апачык бир чындыкты түшүнмөксөн болуп танышы болсо өзүнчө бир керемет. Куранда андай адамдарга мындай деп айтылат:
Силер кантип Аллахты танып (жокко чыгарып) жатасыңар?
Ал силерди өлүк кезиңерде тирилтти; кийин силерди кайра өлтүрөт,
кайра тирилтет жана кийин Ага кайтарыласыңар.
Силер үчүн жердегилердин баарын Ал жаратты.
Анан асманды максат кылып аларды жети асман кылып Ал жасады.
Жана Ал баарын билүүчү.
(Бакара Сүрөсү, 28-29)
Китепте колдонулган “долбоор” сөзүн туура түшүнүү маанилүү. Аллахтын кемчиликсиз бир долбоор жараткан болушу Раббибиз алгач план түзүп анан жараткан деген мааниге келбейт. Жерлердин жана асмандардын Рабби болгон Аллахтын жаратуу үчүн кандайдыр бир “долбоор” жасоого муктаждыгы жок экенин билүү керек. Аллахтын долбоорлошу менен жаратышы бир учурда болот. Аллах мындай кемчиликтерден жогору.
Аллах бир нерсенин же бир иштин болушун каалаганда, ал үчүн “Бол!” деп коюшу гана жетиштүү. Аяттарда мындай деп айтылат:
Бир нерсени каалаганда, Анын буйругу бир гана:
«Бол» деп айтуу; ал ошол замат болуп калат.
(Йасин Сүрөсү, 82)
Асмандарды жана жерди (өрнөксүз) жараткан.
Ал бир иштин болушун кааласа, ага «Бол» деп гана айтат,
ал ошол замат болуп калат.
(Бакара Сүрөсү, 117)