Бул жерге чейин белок молекулаларынын өзгөчө түзүлүштөрү жана клеткада кантип өндүрүлөөрү жөнүндө сөз болду. Белоктордун кызматтарын караганыбызда болсо дагы көптөгөн жаратуу кереметин көрөбүз.
Oldukça büyük bir protein olan hemoglobin |
Канды жашоонун орду толгус бир бөлүгүнө айланткан касиеттеринин бири – бул анын ичиндеги белоктор. Бул белоктордун өз милдетин эң жакшы жасай ала турган жери – бул кан; себеби кан дененин бүт тарабына жете алган тамыр системасы менен ичиндеги бул өзгөчө белокторду денеде муктаждык болгон бүт аймакка жеткирет. Мисалы, кандагы эритроцит клеткаларында жайгашкан гемоглобин аттуу белоктор денедеги болжол менен 100 триллион клеткага күнүнө 600 литр кычкылтек ташышат.36
Гемоглобин өтө чоң бир белок жана эритроциттин 90%ы сыяктуу чоң бир бөлүгүн ээлейт. Кадимки шарттарда мынчалык чоң бир белок клетканын ичине бата албайт. Бирок эритроцит клеткасы канга аралашаардан мурда, гемоглобин белогун ташышы жана ал үчүн орун даярдашы керек экенин билгендей болуп, ичиндеги ядрону, митохондрияны, рибосомаларды жана башка органеллдерди сыртка чыгарып таштап гемоглобинге орун даярдайт. Бул сыртка чыгарылып ташталган органеллдер заматта дененин тазалоочулары болгон лейкоцит клеткалары тарабынан жок кылынат. Ошентип денеде акыр-чикир же керексиз эч кандай зат калбайт. Эритроциттер бүт органеллдерин сыртка чыгарып таштаган соң башка белок өндүрө алышпайт; ансыз да мунун кажети жок.37 Себеби эритроциттердин негизги кызматы – бул гемоглобинди канда ташуу жана аны денеде каалаган жерине алып баруу.
Гемоглобиндин эң негизги өзгөчөлүгү – бул кычкылтек атомдорун кармоо жөндөмү. Бул жөндөмдүү молекула кандагы миллиондогон молекула арасынан атайын кычкылтек молекулаларын тандап, аларды кармайт. Кычкылтек молекулаларын кармоо болсо өзгөчө бир жөндөмдү талап кылат, себеби туш келди кычкылтек молекуласына кошулган бир молекула кычкылданат жана ишке жараксыз болуп калат. Ушул себептен гемоглобин, уста бир аңчы сыяктуу, олжосуна эч тийбестен, аны бир аспап менен кармагандай кармайт. Гемоглобинге мындай касиетти анын өзүнө тиешелүү өзгөчө долбоору берет.
Гемоглобин төрт түрдүү белоктун кошулмасынан турат жана ал төрт белокто темир атомун алып жүргөн өзгөчө бөлүмдөр бар. Темир атомдорун алып жүргөн бөлүмдөр “гем топтору” деп аталат. Ушул гем топторундагы темир атому гемоглобинде кычкылтек кармала турган өзгөчө аспап ролун аткарат. Ар бир гем тобу бир кычкылтек кармай алат.38 Гем топтору тийбестен, темирди бир кармагыч аспаптай колдонуп кычкылтекти кармап, кыртыштарга жеткирип бериши үчүн молекуланын ичинде өзгөчө кабаттар менен бурчтар да бар. Бул өзгөчө кармануу учурунда бул бурчтар белгилүү көлөмдө өзгөрөт.39
1. Hemoglobin |
Aktif olan dokularda CO2 seviyesi yüksek olur. Hemoglobin bu dokulara ulaştığında dokulara O2 verme eğiliminde olur. Bu sayede hemoglobin, oksijen ihtiyacı olan dokulara anında oksijen verir ve onlardaki karbondioksiti alır. |
Биринчи гем тобу кычкылдекти кармаган соң гемоглобиндин түзүлүшүндө өзгөрүүлөр болот жана бул башка гем топторунун кычкылтекти кармашын жеңилдетет.40 Бул кармоо процессинде гемоглобин эгер кычкылтек менен түздөн-түз бириксе, б.а. кычкылданса "methemoglobinemia (метгемоглобинемия)" деп аталган бир оору келип чыгат.41 Бул оору теринин өңүн жоготуп көгөрүп башташына, дем алуунун оордошуна жана былжыр челдердин начарлашына себеп болот.
Бул жердеги ар бир маалымат кемчиликсиз бир долбоордун, алдын ала түзүлгөн бир пландын бар экенин көрсөткөн далилдер. Эритроциттердин гемоглобинге орун даярдоо үчүн өтө акылдуулук менен ичиндеги органеллдерди сыртка чыгарып ташташы, сыртка чыгарылып ташталган калдыктардын заматта даяр турган кызматкерлер тарабынан тазаланышы, гемоглобиндин кычкылтектен зыян көрбөй турган жана аны бузбастан клеткаларга жеткире турган өзгөчөлүктөргө ээ болушу – кемчиликсиз бир долбоордун натыйжасы. Аң-сезими, жаны, илими жок атомдордун чогулуп, кокустуктар натыйжасында мынчалык кемчиликсиз бир системаны долбоорлошу жана пайда кылышы эч мүмкүн эмес. Болгондо да, бул системаны куруу үчүн өтө маанилүү маалыматтарды билүү керек. Гемоглобин кычкылтектин бүт өзгөчөлүктөрүн билгендей жана ага кандай зыян тийгизээрин эсептегендей болуп, ага каршы чара көрөт жана эң ыңгайлуу жол менен кычкылтекти ташыйт. Андан соң ташыган кычкылтегин жеткирүү керек болгон жерлерге толук жеткирет. Гемоглобин деп аталган атом жыйындысынын кычкылтек молекулаларын таанып, тандашы болсо такыр башка бир маалыматты талап кылат жана бул дагы өтө кереметтүү бир окуя. Булардын баарынын кокустан болгон окуялар натыйжасында пайда болушу жана мынчалык кемчиликсиз бир системанын курулушу мүмкүн эмес. Болгондо да, бул курулган система бүт денеге толук төп келген жана эң идеалдуу абалда долбоорлонгон.
Дүйнөгө таанымал микробиолог Майкл Дентон (Michael Denton) Nature's Destiny аттуу китебинде гемоглобиндердин кемчиликсиз долбоору жөнүндө мындай дейт:
Метаболикалык деңгээли жогору болгон организмдер үчүн натыйжалуу бир кычкылтек ташуу системасы талап кылынат. Ушул себептен гемоглобиндей өзгөчөлүктөргө ээ бир молекула организм үчүн өтө маанилүү. Гемоглобиндин ордуна башка альтернативалар барбы? Белгилүү болгон кычкылтек ташуучу системалардын эч бири гемоглобиндин кычкылтек ташуудагы натыйжалуулугуна жакындай да алышкан эмес. Эрнест Болдуин “Сүт эмүүчүлөрдүн гемоглобиндери бул жагынан эң ийгиликтүү дем алуу белоктору” деген пикирин айткан... Далилдер төмөнкүнү көрсөтүүдө: гемоглобин – аба менен дем алган организмдер үчүн эң идеалдуу долбоорлонгон белоктор.42
Дентон да айткандай, гемоглобиндин мындай ташуу формасы мүмкүн болгон эң идеалдуу ташуу формасы, жана бир молекула жыйындысынын денедей караңгы, анын көлөмүнө салыштырмалуу укмуш чоң бир жердин ичинде мындай айырмалоону жасай алышы, кычкылтек молекуласын башка молекулалардан айырмалап ага эң ыңгайлуу жол менен кошула алышы өтө бийик бир акылдын жана долбоордун бар экенин көрсөтүүдө.
Hemoglobin oksijenle birleştiğinde birçok yapısal değişiklik geçirir. Solda hemoglobinin normal hali, sağda ise oksijenle bağlanmış hali görülmektedir. |
Адам денесиндеги кээ бир клеткалардын кыймылы зат алмашуунун жүрүшү жана өтө маанилүү функциялардын улантылышы жагынан абдан чоң мааниге ээ. Мына ушул маанилүү функцияны да бүт дене функцияларындагы сыяктуу кайра эле белоктор аткарышат. Кээ бир клеткалар дененин ичинде кыймылдоо үчүн колдонгон бул белоктор “тубулин” деп аталышат. Бул белоктор түзгөн жана клетканы сүздүргөн орган болсо – бул түкчөлөр. Ал түкчөлөр эки түрдүү болот; же кирпиктерге окшошот же камчы сыяктуу уруп кыймылды камсыз кылышат. Эгер клетка түкчөлөрү менен өзүн кыймылдатса, муну калактардын бир кайыкты кыймылдатышы сыяктуу түкчөлөрүн колдонуп жасашат. Мисалы, сперма аялдын денеси ичиндеги оор сапарын ушул түкчөлөр менен жүргүзөт.
Түкчөлөр кыймылдабай турган клеткалар тарабынан да колдонулушат. Мындагы максат болсо суюктуктагы башка клеткаларды кыймылдатуу. Түкчөлөрү бар клетка башка клеткалардын ортосунда кыймылдабай турат жана кыймыл абалындагы түкчөлөр суюктукту кыймылдаткысы келген клетканын бетин көздөй чачыратып аны жылдырышат.
Мисалы дем алуу каналдарындагы кыймылсыз клеткалардын ар биринде бир канча жүз түкчө бар. Түкчөлөрдүн көпчүлүгү бир учурда кыймылдашат. Мунун көрүнүшү илгерки кылымдарда колдонулган согуш кемелеринде калактарды бирдей тартууга окшошот. Бул кыймылы менен былжыр челдердин үстүнө суу ыргытышат жана аны тамактан жогору көздөй түртүшөт. Ушундайча дем алганда бул суюктуктун дем алуу каналына кирип кетишине тоскоол болушат. Көрүнүп тургандай, бул кыймыл алдын ала пландалган, өтө акылдуу жана аң-сезимдүү бир кыймыл. Былжыр челинин зыянын алдын алуу үчүн ал жердеги клеткалар керектүү органдарда жабдылышкан.
Мындан тышкары, бул белоктор баары чогуу чечим алууда жана бир клетканы белгилүү бир тарапка жөнөтүү үчүн чогуу кыймылдоодо. Араларында кемчиликсиз бир гармония менен тартип бар. Эч бир стереотипсиз ойлонгон бир адам мындай механизмдин жана уюшкан кыймылдын кокустан пайда боло албашын апачык көрөт.
Бул органдардын, б.а. түкчөлөрдүн түзүлүшү изилденгенде болсо алардагы өтө комплекстүү түзүлүш булардын баарынын чебер бир жаратуунун натыйжасы экенин көрсөтөт. Бирок электрондук микроскоп менен гана көрүү мүмкүн болгон кичинекей бир клетканын учундагы ипичке түкчөлөргө ушунчалык кемчиликсиз бир система менен өтө татаал түзүлүштөр батырылгандыктан, буларды аң-сезими жок атомдордун орток бир чечими менен жана кокустуктар натыйжасында пайда болгон деп айтуу эч мүмкүн эмес. Эми бул түкчөлөрдүн түзүлүштөрүн жалпысынан карап чыгалы...
1. tüycükler 2. hücre |
Bazı hücreler, kendilerini veya çevrelerindeki bazı cisimleri hareket ettirmeye yarayan tüycüklere sahiptirler. |
Түкчөлөр үстү кабыкча менен оролгон жипчелерден турат. Түкчөнүн кабыгы клетканын кабыкчасынын (мембрана) сыртында өнүккөн бир бөлүк; ушул себептен түкчөнүн ички тарабы клетканын ичине тийип турат. Эгер бир түкчө тикесинен бөлүнүп ичи электрондук микроскоп менен изилденсе, чыбык сыяктуу тогуз башка түзүлүштү көрөбүз. Бул жерде бир нерсеге көңүл буруу керек: бул түкчөлөрдүн бирөөсү сиздин бир тал чачыңызга да салыштыргыс даражада кичинекей. Бир тал чачыңыздын ичине да тогуз башка чыбыкты батыруу эч мүмкүн эместей көрүнсө да, клеткадай көзгө көрүнбөс кичинекей бир түзүлүштүн учундагы жүздөгөн кичинекей түкчөлөрдүн бирөөсүнүн ичинде тогуз башка чыбык жайгашкан. Ал чыбыктар микротюбдар деп аталат. Ал тогуз микротюбдун ар бири чырмалышкан эки катмардан турат. Болгондо да, тереңирээк изилдөөлөр бир катмардын он үч сымдан тураарын көрсөтүүдө.
Жогоруда да айтылгандай, булар клетканын учундагы кичинекей түктөрдүн ичиндеги тогуз чыбыктын майда-бараттары. Бул детальдар муну менен эле чектелбейт. Биринчисине уланган экинчи катмар болсо он сымдан турат. Түкчөнү түзгөн тогуз микротюб тубулин деп аталган белоктордон түзүлөт. Бир клеткада тубулин молекулалары цилиндр формасын пайда кылуу үчүн кирпичтердин үстү-үстүнө тизилиши сыяктуу кошулушкан.
Бул жерде кайра ой жүгүртөлү: бул сүйлөмдө белок молекулаларынын белгилүү бир форманы түзүү үчүн чогулушканы айтылды. Мындай сүйлөмдөрдү биология, биохимия, генетика жана ушул сыяктуу багыттардагы китеп, журналдарда көп жолуктурасыз. Бирок белок молекулалары жансыз атомдордун биригишинен пайда болот. Бул жансыз, аң-сезими, илими жана эрки жок, бир мээси, көзү жана угуу жөндөмү жок нерселер кантип алгач бир-бирин таап, анан бир цилиндр формасын пайда кыла алышат. Аларга башка тубулин молекулалары менен бир жерге чогулгула, анан цилиндр формасын түзө турган абалда тизилгиле деген буйрукту ким берет? Болгондо да, алар бул буйрукту кантип түшүнүп аткарышат? Анын үстүнө тубулин молекулалары туш келди тизилишкен эмес. Тизилүү формасы дизайны менен максатына эң ылайыктуу.
Клетканын ичинде кадимки шарттар камсыз кылынса (кальцийдин көлөмү нормалдуу болсо жана температура белгилүү бир деңгээлде болсо), кирпич кызматын аткарган тубулин белоктору микротюбдарды түзүү үчүн автоматтык түрдө чогулушат. Тубулин молекуласынын бир тарабынын бети экинчи тубулин молекуласынын арткы тарабын толуктай турган формада. Ошентип үчүнчү тубулин молекуласы экинчи тубулиндин артына жабышат. Төртүнчү үчүнчүнүн артына жана бул ушундайча уланат. Бир салыштыруу жасасак, бул үстү-үстүнө тизилген консерваларга окшош. Бирдей маркадагы продукттун консерваларын үстү-үстүнө тизгениңизде ылдыйкы консерванын үстүңкү тарабы менен үстүндөгү экинчи консерванын астыңкы тарабы бир-бирине толук отурат. Ошол сыяктуу экинчи консерванын үстү менен үчүнчү консерванын асты жагы бир-бирине толук кийилет. Консерва банкалары ушундайча жайгашканда кулап кетүү риски жоголот. Бирок башка башка маркалардагы продукттардын консерваларынын асты менен үстү жагы бир-бирине мындай төп келбегендиктен, үстү-үстүнө тизилиши чоң рискти жаратат жана кичинекей эле бир кыймыл болсо кулап түшүшөт. Ошондой эле, консерваларды тизип жатканда башка жакты каратып коюп койсоңуз да кулап түшөт. Б.а. биринчи консерванын үстү менен экинчи консерванын үстү бир-бирине кийилбегендиктен кайра эле кулап түшөт. Тубулин белокторунун жайгашуусундагы төп келүүчүлүк болсо консерва банкаларынан бир топ ачык-айкын. Бирөөсүнүн алдыңкы тарабы менен экинчисинин арткы тарабы бир-бирине толук кийилет.43
1. Mikrotüpler | 3. Mikrotüp |
Hücre tüycükleri eşsiz bir tasarıma sahiptir. Tüycükler diklemesine kesildiğinde çubuk şeklinde dokuz mikrotüp görülür. Bu dokuz mikrotüpten her biri ise içiçe geçmiş iki halkadan oluşur. Her bir halka ise on üç ayrı telden meydana gelir. |
Бул дизайнды ким жасаган? Тубулин белокторун өндүргөн клеткалар алдын ала сонун бир дизайн жана план түзүп, алардын эң бекем кантип бириге алаарын аныктаган болушу мүмкүнбү? Белоктор кандайдыр бир себептер менен ушундай өзгөчөлүктө өндүрүлдү деп элестетели, анда алардын аркасы аркасына эмес, бирөөсүнүн аркасына экинчисинин бети улана турган абалда тизилиши керек экенин аларга ким айткан? Жана белоктор бул буйрукту кантип түшүнүп, бир даанасы да ката кетирбестен ошондой абалда тизиле алышууда? Мектептердеги дене тарбия сабактарын эстесеңиз; 20 окуучуну башаламандыксыз бир жакты каратып жана окшош кылып тизүү да көп эмгек менен сабырдуулукту талап кылат. Аң-сезими жана акылы бар, ошондой эле, оң-солду түшүнгөн, белгилүү бир максатты көздөй кыймылдай алуу жөндөмүнө ээ болгон адамдар үчүн да бул бир эмгекти талап кылат; андай болсо май, углевод жана фосфор сыяктуу заттардан турган белоктор кантип муну өтө тартиптүүлүк менен, бир молекула да ката кетирбестен орундата алышууда?
Дагы бир жагдайды унутпаш керек: тубулин молекулалары айланаларындагы миллиондогон молекула арасынан өздөрүнө окшошторду таап, алардын жанына барышууда жана заматта өз катарларына турушууда. Тубулиндер микротюбдар менен оңой гана байланыш куруу жөндөмүнө ээ. Бирок микротюбдар бир-бири менен биригүү үчүн башка белоктордун жардамына муктаж. Б.а. түкчөнү түзгөн тогуз микротюб бир-бирине туташышы зарыл. Бир-бирине туташуу үчүн башка белокторго муктаж болушунун өтө маанилүү бир себеби бар; микротюбдар дене ичинде ар кандай кызматтарды аткарган белоктор. Ал кызматтарды аткаруу үчүн болсо жалгыздан жана байланышсыз болушу зарыл жана ушул себептен башка бир кызмат үчүн башка бир белокко туташмайынча эркин жүрө беришет. Бирок түкчөлөр пайда болушу үчүн ал жардамчы белоктор келишет жана эркин жана жалгыздан жүргөн микротюбдарды таап, бир-бирине кошушат. Бул окуяда да өтө акылдуу жана пландалган бир уюшкандык бар. Клетканын түкчөлөрү курулушу керек деп чечкен кээ бир белоктор түкчөлөр пайда болушу үчүн эмнелер керек экенин да билишип, ал материалдарды ээнбаш жүргөн жеринен чогултуп бириктиришет.
Түкчөлөрдүн электрондук микроскоп менен тартып алынган сүрөттөрүндө микротюбдарды бир-бирине карматкан ар түрдүү байланыштыруучулар бар экени көрүнгөн. Түкчөлөрдүн ортосундагы эки борбордо микротюбду бир-бирине карматкан көпүрө сыяктуу бир белок жайгашкан. Ошол эле учурда эки микротюбдан түкчөлөрдүн борборун көздөй бир бутак жайгашат. Натыйжада “нексин” деп аталган белок ар микротюбду жанындагыга карматат жана микротюбдардын бир-биринен үзүлүп чачырап кетпешин камсыздайт. Ар микротюбда мындан тышкары эки башка бутак бар. Алардын бири тышкы кол, экинчиси ички кол деп аталат. Биохимиялык анализдер ал бутактардын “динеин” деп аталган бир белокко ээ экенин аныктады. Динеиндин функциялары арасында клеткадагы мотор кызматын аткаруу жана механикалык бир күч пайда кылуу функциялары бар.
Эми бир канча бөлүктөн турган жана ар бөлүк экинчисин улуу бир усталык менен жана өтө акылдуу бир ыкма менен толуктаган бул түзүлүштү дагы бир жолу ойлонолу. Көзгө көрүнбөй турганчалык кичинекей бир жердин андан да кичине бир жеринде миллиондогон атом чогулуп ар түрдүү түзүлүштөрдү пайда кылышып, анан аларды кайра башка атомдордун жардамы менен бир-бирине монтаж кылууда. Мунун натыйжасында болсо өтө комплекстүү жана кантип иштеши төмөндө кыскача карала турган бир машина келип чыгууда.
1. Dynein hareket ediyor. | 5. dış çift mikrotübüller |
Tüycüklerin hareket sisteminde mikrotüpler kürek görevi görür. Dynein proteini ise motor görevi görür. Bu içiçe geçmiş kusursuz sistem gözle görülmeyecek kadar küçük bir yapının çok daha küçük bir parçasıdır. |
Сизге белгилүү болгон бир канча бөлүктөн турган бүт буюмдар же машиналарды ойлоп көрүңүз. Мисалы, бир компьютердин ичин ачканыңызда, бир канча схеманын, кабельдин, металлдын бир-бирине татаал туташканын көрөсүз. Балким булар бир караганда компьютер жөнүндө маалыматы жок бирөө үчүн эч маанисиз көрүнүшү мүмкүн. Бирок бир компьютер инженери бул татаал байланыштардын эмне ишке жараарын өтө жакшы билет. Мисалы бир эле кабель кем болсо же кичинекей бир сым туура эмес жерге уланса, компьютердин өз функцияларын аткара албашын билет. Ошондуктан компьютердин ичиндеги ар бөлүктүн компьютер өз функциясын аткарышы үчүн чоң мааниси бар. Ошол сыяктуу, клетканын түкчөлөрүн түзгөн ар бир бөлүк түкчөлөр өз функциясын аткара алышы үчүн чоң мааниге ээ. Бул түзүлүштөрдүн кандайдыр бирөөсү кем болгондо же түкчө клетка менен клетканын айланасындагыларды кыймылдата албай калат же болбосо түкчөлөр эч пайда боло албайт.
Биохимиктер кандайдыр бир бөлүк жок болгондо, түкчөлөрдө эмнелер болоорун эксперимент кылып көрүп аныкташкан. Мисалы, динеин белокторунун колдору үзүлсө, түкчөлөр кыймылдай алышпайт. Микротюбдар арасында көпүрө кызматын аткарган нексин белогу жок болгондо болсо, микротюбдар чечилип кетет жана ар бири бир-биринин ичинен өтүп башташат. Натыйжада түкчөлөрдүн түзүлүшү да бузулган болот. Көрүнүп тургандай, адам акылына сыйбас кичинекей бир жерде бир бөлүгүн да алып салууга мүмкүн эмес даражада комплекстүү бир система бар. Ар бир бөлүгү жашоонун уланышы жана клетканын кызматтары үчүн эсептелип долбоорлонгон бул системанын кантип иштээрин көргөндө, ар бир бөлүктөгү долбоордун маанисин мындан да жакшыраак түшүнөбүз.
Түкчөлөрдүн кыймылдарын суу үстүндө сүзүп бараткан бир кайыкка окшотсок болот. Бети сууга тийген жана түртүү күчүн камсыздаган микротюбдар калак кызматын аткарышат. Бир-бирине карманган тогуз чыбык араларындагы байланыштар урматында калактар сыяктуу кыймылдай алышат. Динеин белогунун колдору – моторлор, жана кыймыл системасын күч менен камсыздашат. Нексин колдору болсо байланыштарды түзөт жана мотордун күчүн бир микротюбдан башкасына өткөрүшөт. Мындай система бир кемени же бир клетканы кыймылдатса да айырмасы жок; бул кыймыл камсыздалышы үчүн көптөгөн бөлүк бирге болушу жана бир-бирине өтө төп келүүчүлүктө карманган болушу зарыл. Ар бир бөлүк өз ордуна коюлмайынча, ал бөлүктөр эч кандай ишке жарабайт. Темир калдыктар жаткан жерлер буга мисал. Кандайдыр бир темир калдыктар жыйнаган жердеги каражаттардын баары эч кандай ишке жарабайт. Бирок бир машина инженери ал калдыктар тобуна келип, ишине жарай турган бөлүктөрдү тандап, оюнда пландаган машинаны бир планга жараша монтаж кылганда болсо, бир ишке жараган, комплекстүү жана акылдын продуктусу бир машина келип чыгат.
Көрүнүп тургандай, ар бир тетиктин пайда болушу үчүн акыл менен аң-сезим керек болгон сыяктуу эле, белоктордун ишке жарактуу бир түзүлүштү пайда кылышы үчүн да акылга, аң-сезимге, долбоорго жана бир максатка муктаждык бар. Белоктор кандайдыр бир себеп менен пайда болду деп кабыл алсак дагы, алардын баарын бир клетканын ичине киргизгенибизде, чогулушуп түкчөлөр сыяктуу катасыз иштеген түзүлүштөрдү пайда кылаарын күтө албайбыз. Акылы бар бир заттын аларды уюштурушу жана максатка ылайык бириктириши зарыл.
Эволюция теориясы белоктордун пайда болушун да, ал белоктордун чогулуп комплекстүү жана бир бөлүгүн да алып салууга мүмкүн болбогон түзүлүштөрдү, машиналарды, моторлорду, маалымат банктарын, заводдорду пайда кылышын да эч түшүндүрө албайт. Кокустуктардын мынчалык комплекстүү жана кемчиликсиз системаларды пайда кылышы эч мүмкүн эмес. Ошондой эле, жандык клеткасындагы түкчөлөр сыяктуу эң кичинекей системалардын пайда болушу үчүн дагы жүздөгөн белоктун, ферменттин, молекуланын бир учурда бир жерде болушу шарт. Ал тургай, биохимиктер изилдөөлөрүндө клетканын кыймылына бул жерде сөз кылынбаган 200дөй белоктун да көмөк көрсөтөөрүн аныкташкан. Жүздөгөн белоктун бирөөсүнүн эле болбошу калгандарынын бир дагы ишке жараксыз болуп калышына себеп болот.
Tüycükler, kürekçilerin aynı anda kürek çekmeleri gibi aynı anda aynı yöne doğru hareket ederler. Bu sayede hücrenin hızlı hareketini sağlarlar. Aynı zamanda bazı maddeleri de belli bir yöne doğru itebilirler.Yukarıda fallop tüpünden rahme doğru kadının yumurta hücresini hareket ettiren tüycükler görülmektedir. |
Демек, жашоо баскыч баскыч жана акырындап аз-аздан өзгөрүүлөр натыйжасында пайда болгон деген пикирди жактаган эволюция теориясы түкчөлөрдүн пайда болушун такыр түшүндүрө албайт. Дарвиндин кара кутусу аттуу китеби менен эволюция теориясына өтө маанилүү сын-пикирлерди айткан жана китебинде белокторго жана клеткалардагы түкчөлөргө кеңири токтолгон микробиолог Майкл Бехе (Michael Behe) эволюция теориясынын түкчөлөр сыяктуу комплекстүү түзүлүштөр тарабынан кыйрашын жана чарасыздыгын мындайча айткан:
Биохимиктер түкчө жана камчы сыяктуу сыртынан караганда жөнөкөй көрүнгөн түзүлүштөрдү изилдеп баштаганда, укмуштуу бир комплекстүүлүктү көрүшкөн. Булар ондогон жана ал тургай жүздөгөн бөлүктөрдөн турат. Негизи биз бул жерде карабаган дагы көптөгөн бөлүк түкчөлөр иштеши үчүн керек. Керектүү тетиктердин саны көбөйгөн сайын, системаны чогултуудагы кыйынчылык да өсөт жана айтылып келинген кыйыр сценарийлер да туюкка кабылат. Дарвин да барган сайын көбүрөөк ката кетирип баштайт. Тиешелүү белокторго жасалган изилдөөлөр системанын татаалдыгын түшүндүрүүгө жетиштүү болгон жок. Маселенин кылдаттыгы чечилбестен, барган сайын андан да татаалдашкан. Дарвиндин теориясы түкчө же камчы жөнүндө эч нерсе айта албай калган. Сүзүү системаларындагы татаалдык дарвинисттердин муну негизи эч качан түшүндүрө албашын да көрсөтүүдө... Түкчө Дарвинге көйгөй жараткан системалардын бирөөсү гана.44
Майкл Бехе да айткандай, клеткаларды кыймылдаткан түкчөлөр дарвинизмдин жалган экенин көрсөткөн чындыктардын бирөөсү гана. Жандыктар түкчөлөр сыяктуу сансыз жаратуу кереметтери менен жабдылышкан. Ар бир жаратуу керемети болсо бизге Улуу Раббибиздин чексиз кудуретин, акылын, илимин, теңдешсиз жаратышын жана жаратуу чеберчилигин таанытат. Акылы жана абийири бар ар бир адам бул далилдерди көргөндө, Аллахтын бүт нерсенин жалгыз өкүмдары экенин түшүнөт:
Эгер акылыңарды иштете алсаңар, Ал чыгыштын да, батыштын да жана алардын арасындагы бүт нерселердин да Рабби... (Шуара Сүрөсү, 28)
Enzimler hücre içinde mitokondride üretilirler |
Жандыктардын денелеринде секунда сайын сансыз көп процесс ишке ашат. Ал процесстер ушунчалык детальдуу болгондуктан, ар баскычта бүт башаламандыкты көзөмөлдөөчү, тартипке салуучу жана окуяларды ылдамдатуучу «супер көзөмөлчүлөрдүн» кийлигишүүсүнө муктаждык бар. Бул супер көзөмөлчүлөр – ферменттер.
Ар бир жандуу клеткада ар бири өзүнө тиешелүү жумушун жасаган, мисалы ДНКнын копияланышына көмөкчү болгон, азыктарды майдалаган, азыктардан энергия өндүргөн, жөнөкөй молекулалардан чынжыр жасалышын камсыз кылган жана ушул сыяктуу сансыз функцияларды аткарган миңдеген ферменттер бар.
Ферменттер клетканын ичинде митохондрияда өндүрүлөт. Көп бөлүгү белоктордон турат, калгандары болсо витамин менен витамин сыяктуу заттар. Эгер ал ферменттер болбогондо, эң жөнөкөйүнөн эң татаалына чейин дээрлик эч бир функцияңыз иштемек эмес же дээрлик токтой турганчалык даражада жайламак. Кандай болсо да, эки абалдын тең натыйжасы өлүм менен аяктамак. Дем ала алмак эмеспиз, эч нерсе жей алмак эмеспиз, тамак сиңире алмак эмеспиз, көрө алмак эмеспиз, сүйлөй алмак эмеспиз, кыскасы, жашай алмак эмеспиз.
Anhidraz enziminin üç boyutlu görüntüsü |
Ферменттердин эң негизги кызматы – бул денедеги бир катар химиялык реакцияларды баштатып токтотуу жана аларды ылдамдатуу. Денедеги клеткалар функцияларын аткарып жатканда, ичтериндеги химикаттар реакцияга кириши зарыл. Химиялык реациялар башталышы үчүн болсо жогорку температура зарыл. Андай жогорку температура болсо жандуу клеткалардын өмүрүнө кооптуулук жаратып; клеткалардын өлүмүнө себеп болот. Мына ушул көйгөйдү ферменттер чечет. Жогорку температурага муктаж болбостон, ферменттер химиялык реакцияларды баштатат же ылдамдатат, бирок өздөрү реакцияга киришпейт. Ферменттердин клеткаларыбызда ишке ашкан окуяларды ылдамдатышына күнүмдүк жашоодон бир мисал бере алабыз: дем алып чыгарып жатканда көмүр кычкыл газынын каныбыздан тазаланышында кызмат кылган бир ферменттин урматында аба жетпей калбастан, өмүрүбүздү уланта алабыз. Себеби “ангидраз” аттуу бир фермент көмүр кычкыл газынын тазалануу процессинин ылдамдыгын 10 миллион эсе жогорулатат.45 Бул ылдамдык менен ферменттер мүнөтүнө 36 миллион молекуланы өзгөртүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Ферменттер, бир жагынан, өтө маанилүү реакциялардын эң ылдам ишке ашышын камсыздашып, экинчи жагынан, дене энергиясын эң үнөмдүү колдонушат. Эгер адам денесин бир завод, ичинде иштеген ферменттерди болсо заводдогу өндүрүш каражаттары деп элестетсек, мындай бир заводго энергия булагы чыдай албайт. Себеби 2000 түрдүү, триллиондогон машинанын кемчиликсиз мындай ылдамдыкта иштеши үчүн талап кылынган энергия өтө жогору. Ал мындай турсун, клетка ичиндеги жөнөкөй бир реакцияны лаборатория шарттарында жасоо үчүн эле өтө жогору температура менен өтө көп энергия колдонулушу талап кылынууда.46
Бирок клеткаларда үн чыгарбастан иштеген ферменттер дененин температурасы менен жана азыктардан алган энергия менен бүт кызматтарын кемчиликсиз орундатышат. Ушул өзгөчөлүктөрдүн өзү эле ферменттердин денеде болгон ар бир окуяны эч кемчиликсиз жана эң ылайыктуу абалга алып келүү үчүн долбоорлонгон жөндөмдүү элементтер экенин көрүүгө жетиштүү. Азыр сиз бул китепти окуп жатканыңызда да көптөгөн ферменттер денеңиздин ар бир бурчунда болуп жаткан реакцияларды көзөмөлдөөдө жана аларды клеткаларыңыздардын жашашын камсыз кыла турган ылдамдыкка жеткиришүүдө. Адам денесинде эмнелер болуп жатканынан кабары да жок, ал эми ферменттер болсо аларды билишет жана бүт процесстерге өтө маанилүү жана эң керектүү кийлигишүүнү да жасашат. Мындан тышкары, ар бир фермент денедеги белгилүү химиялык реакцияларды ылдамдатат. Эч бир фермент башка бир ферменттин ишин жасабайт, өз ишин адашпай билет. Себеби ар бир фермент өз кызматы үчүн өзгөчө жасалган.
1. Enzimlerden kaynaklanan aktivasyon enerjisi farkı |
Enzimler kendileri reaksiyona girmedikleri halde, reaksiyon için gerekli olan aktivasyon enerjisinin seviyesini düşürerek vücut içindeki reaksiyonları hızlandırırlar. Şekilde enzimler olmadan bir reaksiyonun hızının ne kadar düşeceği gösterilmektedir. |
Мисалы, ферменттердин көпчүлүгү нейтралдуу абалдагы суулуу чөйрөлөрдө эффективдүү боло алса, ашказанда азыктарды сиңирүү милдетин аткаруучу ферменттер кислоталуу чөйрөлөрдө гана эффективдүү боло алышат. Же шилекейде крахмалды мальтозага майдалаган амилаз ферменти азыкты тамак трубасы бою коштойт, бирок ашказанга жеткенде ал жердеги кислоталуу чөйрө бул ферментте таасирсиз кылып койот. Ансыз да ашказанга келгенде бул ферменттин жумушу бүткөн болот.
Ферменттердин формалары алар таасир берген затка толук төп келет. Фермент менен ал биригип таасир бере турган зат, үч өлчөмдүү татаал бир геометрияда, ачкыч менен кулпу сыяктуу бир-бирине дал келет. Дененин ичинде ферменттердин өзүнө туура келчү затты табышы жана барып ага кошулушу өтө акылдуу бир кыймыл-аракет болуп саналат. Болгондо да ферменттер дененин ар кайсы бурчунун бир жерине туруп алып, аларга туура келчү заттарды күткөн аңчыларга окшошот. Баары өзүнүн дизайнына жана өзгөчөлүктөрүнө эң ылайыктуу, эң туура жерде турат. Жабыр тарта турган же таасирин жогото турган чөйрөлөрдөн болсо алыс болушат. Бүт реакцияларды баштатуу же ылдамдатуу сыяктуу бир жоопкерчиликти алышы болсо өзүнчө ойлоно турган бир жагдай. Ферменттер эгер аларды токтотуучу бир фактор болбосо, денедеги бүт реакцияларды тынымсыз баштатып ылдамдатышат. Бул болсо, мисалы белгилүү бир белоктун талап кылынгандан ашыкча өндүрүлүшүнө же клеткадагы кээ бир тең салмактуулуктардын бузулушуна себеп болот. Ферменттин иш-аракеттерин жөнгө салган болсо – бул клетка. Клетка фермент токтошу керек деп чечкенде, кереметтүү бир акылдуулук жана пландоо менен ферментти “алаксытат”. Бул үчүн фермент кадимки шарттарда бириге турган затка окшош бир затты жөнөтөт жана фермент ал зат менен кошулат. Натыйжада ал “жасалма” зат ферментти белгилүү убакытка чейин алаксытып, керексиз иш-аракет жүргүзүшүнүн алдын алат. Бирок ал жасалма зат ферментти тутуу үчүн чыныгы заттар менен атаандашышы зарыл. Ушул себептен ферменттин мындай ыкма менен токтотулушу “конкуренттик ингибитор” (атаандашып токтотуучу) деп аталат. Жана фермент себеп болгон реакциянын натыйжасында келип чыгуучу продукт белгилүү бир деңгээлден төмөн түшкөнгө чейин ферменттин иш-аракеттери ушул алаксытуу ыкмасы менен токтотулат.
1. Enzim | 3. Ürün |
Enzimlerin yapıları, üzerinde etkili oldukları maddenin yapısı ile tam uyumludur. Bir yap-bozun parçaları gibi kolaylıkla birbirleri ile birleşebilirler. Vücut içinde enzimlerin kendilerine uygun olan maddeyi bulup bağlanmaları çok şuurlu bir harekettir. Yanda enzim ve maddenin birbirlerine bağlanışları şematik olarak gösterilmektedir. |
Бул баяндалгандар, албетте, бир жолу окуп өтүп кете турган кубулуштар эмес. Баарынан мурда муну эске салуу туура болот; жогоруда баяндалган эсептерди жасаган, чечимдерди алган, пландарды ишке ашыргандар – билим алган, аң-сезими бар, жоопкерчиликти сезген адамдар эмес, жансыз атомдордун биригишинен пайда болгон белоктор, майлар, углеводдор жана витаминдер. Клетка запастарды эсептеп көзөмөлдөп турган сыяктуу, өндүргөн заттардын санын эсептеп чыгууда жана өндүрүштү белгилүү убакытка чейин токтотуу керек деп чечкенде болсо, өндүрүштү токтотуу үчүн өтө акылдуу бир планды ишке ашырууда.
Клетканын ферментти алаксыта турган жасалма затты өндүрүшү жана аны дал керек учурда жөнөтүшү да өтө акылдуу бир кыймыл-аракет. Себеби бул жасалма заттар дайыма айланууда жүргөн болгондо, шашылыш өндүрүш керек болгон учурда ферменттерди алаксытып өндүрүшкө жолтоо болушмак. Бирок клеткалар дайыма убакытты туура эсептешет. Мынчалык уюшкан, акылдуу жана илим талап кылган кыймыл-аракеттердин катары менен, көзгө көрүнбөгөндөй кичинекей молекулалар тарабынан ийгиликтүү жасалышы Аллахтын кереметтүү жаратуусунун көрсөткүчтөрүнөн. Алардын баарынын Аллахтын буйругу менен кыймылдаары апачык бир чындык.
1. Normal Madde |
Enzimlerin reaksiyonları hızlandırmaları istenmediğinde, hücre, enzimi oyalamak için taklit bir madde gönderir. Bu taklit madde de, enzimle tam uyum sağlayacak özelliklerdedir. Bu olağanüstü şuurlu hareket, Allah'ın üstün yaratışının bir delilidir. |
Бүгүнкү күндө ферменттер, белоктор жана ушул сыяктуу түзүлүштөр менен байланыштуу детальдуу маалыматтар алынган сайын эволюция теориясынын жараксыздыгы жакшыраак көрүнүүдө. Бул микродүйнөдөгү түзүлүштөр илимпоздордун, кааласа да каалабаса да, жандууларда кемчиликсиз бир долбоор бар экенин кабыл алышына себеп болууда. Микробиолог Малкольм Диксон (Malcolm Dixon) бул илимпоздордун бирөөсү:
Фермент системасы мүнөт сайын химиктердин кыла албаганын кылууда... Бирөө табигый түрдө пайда болгон ферменттер жүздөгөн досу менен бирге кокустан өздөрүн өздөрү байкашкан деп чындап ойлой алабы? Ферменттер менен фермент системалары бирдей генетикалык механизмдер сыяктуу пробалуу таштар. Андан да терең изилдөөлөр жасалганда андан да терең детальдуу долбоору ачыкка чыгат.47
Ферменттердин кокустан пайда болбой турганчалык комплекстүү бир түзүлүшкө ээ экенин болсо белгилүү биохимик Майкл Питман (Michael Pitman) ыктымалдуулук эсептери менен мындай деп айткан:
Белгилүү болгондой, ааламда 1080 атом бар жана Биг Бенг (Big Bang) жарылуусунан бери 1017 секунда убакыт өттү. Жашоо уланышы үчүн болсо 2000 даана негизги ферментке муктаждык бар. Бул ферменттердин бирөөсүнүн эле кокустан пайда болушу үчүн 1020дан да көбүрөөк бир ыктымалдуулук зарыл. Алардын баарынын кокустан пайда болушу үчүн болсо 1040000 ыктымалдыкта бир ыктымалдык ишке ашышы керек. Мындай бир ыктымалдык ишке ашышы үчүн бүт ааламды органикалык бир аралашма деп элестетсек дагы, бул мүмкүн эмес.48
Бир эле ферменттин да кокустуктар натыйжасында өзүнөн-өзү пайда болушу, жогорудагы илимпоздор да айткандай, эч мүмкүн эмес. Иш жүзүндө бир даана ферментти жасоо үчүн 50 түрдүү фермент чогуу кызмат аткарат. Бир ферменттин бир даана аминокислотасын синтездөө үчүн болсо, мындан тышкары, 9 башка ферментке муктаждык бар. Ферменттери жок бир клетка болсо иш-аракеттерин жүргүзө албаганы үчүн жашай албайт. Бирок ферменттер болушу үчүн клеткадагы башка ферменттердин болушу шарт. Андай болсо башка ферменттер жок кезде алгачкы фермент кантип пайда болгон? Бул эволюционисттер эч жооп бере албай турган бир суроо.
Бирок эволюционисттердин көйгөйү муну менен эле бүтпөйт. Ферменттердин химиялык өндүрүү маселесинен тышкары, дагы бир өзгөчөлүгү бар; ферменттер пайда болгондо эгер талап кылынган шарттарда корголбосо, бат эле жок болушат же пассивдүү болуп калышат, б.а. ишке жараксыз болуп калышат.49 Натыйжада бир даана ферменттин да ишке жарактуу абалда бар боло алышы үчүн башка бүт ферменттердин, клетканын, системалардын жана түзүлүштөрдүн бар болушу шарт. Андай болсо алгачкы фермент кантип пайда болгон? Бул суроонун жообу апачык. Жандыктардын баары бүт молекулалары менен, клеткалары менен, фермент жана белоктору менен бирге бир убакта, толугу менен Аллах тарабынан жаратылган.
1. Bölünebilme yeteneği olan ana hücre | 3. B Hücresi |
Plazmada bulunan proteinlerin % 20'sini antikorlar oluşturur. Antikorlar kemik iliğinde üretilen B hücreleri tarafından üretilirler. Antikorların en önemli özelliği vücuda giren yabancı maddeleri tanımaları ve kısa sürede etkisiz hale getirmeleridir. |
Белгилүү болгондой, жандыктардын денелери өтө назик. Жашоонун уланышын камсыз кылган системалардын кичине эле өзгөрүшү же ал чөйрөгө кирген бир метрдин миллиарддан биринчелик кичинекей бир чоочун зат бүт системаны кыйратууга же өтө чоң зыян берүүгө жетиштүү болот. Мынчалык назик бир система кантип коргонууда? Ар бир жандыктын денесинде аны зыяндуу заттардан коргоо үчүн даяр турган жана өлкөлөрдүн коргоо системасындагы толук жабдылган аскердик күчтөр сыяктуу жабдылган бир коргонуу армиясы бар. Болгондо да, ал армия азыркыга чейин белгилүү болгон саны эң көп аскердүү бир армия. Денедеги болжол менен 100 триллион клетканын маанилүү бир бөлүгү “коргонуу системасы клеткалары” катары ушул армиянын аскерлерин түзөт. Бул клеткалар дененин бүт тарабына жеткен кандын ичинде болушат жана дененин ар бир миллиметр квадратын көзөмөлдөп турушат. Жана бул аскерлер өтө өнүккөн технологиялуу курал-жарактарды колдонушат. Коргонуу системасы клеткалары колдонгон ал көп түрдүү алдыңкы курал-жарактар – бул белок түрү болгон антителолор.
Дененин коргонуу армиясында мынчалык маанилүү ролду аткарган антителолор – бул тоголок формадагы белоктор. Ушул себептен ал белоктор тоголок белок маанисине келген “иммуноглобулин” (иммундук глобулин) деген ат менен аталышат. Клетка бетинде болгон бул белоктор көбүнчө кыскача “Ig” тамгалары менен көрсөтүлөт.
Антителолор жилик чучугунда өндүрүлгөн B клеткалары тарабынан өндүрүлүшөт, жана чоочун заттарга каршы колдонулган өтө көп түрдүү, атайын даярдалган курал-жарактар. Кээ бирлери лимфада эркин абалда жүрөт. Плазмадагы белоктордун 20%ын дене суюктуктарындагы антителолор түзөт. Ал белоктордун эң негизги өзгөчөлүгү – бул денеге кирген чоочун заттарды дененин өзүнө тиешелүү клеткалардан айырмалай алышы жана аларды кыска убакыт ичинде таасирсиз кылышы. Бул жерде бир суроого токтолуу керек: ал белоктор мынчалык оор бир ишти кантип аткара алышат? Белгилүү сандагы жансыз атомдун биригишинен пайда болгон бул белоктор кандайча болуп чоочун жана зыяндуу заттарды башкаларынан “айырмалай алышат”? Болгондо да, алардын кабылдаган нерселерин анализдей турган бир мээси же кабылдоо борборлору да жок.
1. Antijen |
Vücuda giren yabancı maddeleri yani antijenleri tanıyan antikorlar, düşmanı hemen sararak etkisiz hale getirirler. |
Антителолор денеге кирген чоочун заттарды тааныгандан тышкары, алар менен бириге алуу касиетине да ээ. Бул касиет урматында антителолор белгилүү молекулалар менен же дене чоочун деп билген молекула бөлүкчөлөрү менен, б.а. антигендер менен кемчиликсиз бир 3 өлчөмдүү кошулманы пайда кылышат. Антигендер – бул чоочун заттардын бетинде болуучу жана антитело өндүрүшүн баштатуучу эскертүүчү молекулалар. Дененин ичинде күзөттө жүргөн коргонуу клеткалары антигенди аныктаары менен коргонуу системасы коңгуроо кагат жана ошол замат денеге кирген чоочунга туура келүүчү антителолор өндүрүлүп башталат. Антиген менен ага ылайыкташтырылып өндүрүлгөн антитело бириккенде антиген-антитело комплекси түзүлөт жана антиген таасирсиз болуп калат. Антителолор антиген менен бириккенде пайда болгон реакциялар беш башка таасир жаратат. Булар кыскача төмөнкүлөр:
Antikorun (sağdaki) antijene bağlanışı (soldaki) |
Агглютинация: Антитело менен антигендер биригет жана натыйжада антигендердин иш-аракетине жолтоо жасалат.
Пресипитация (Чөгүү): Антитело менен антигендер бир комплексти пайда кылат жана бул кошулма аралашмадан бөлүнүп чөгөт.
Нейтралдашуу: Антитело чоочун заттын уулуу бөлүгүн жабат жана зыян тийгизишине тоскоол болот.
Ээритүү: Антитело антигенге кошулган соң клетка мембранасынын ээришине себеп болот. Клетканын түзүлүшү бузулгандыктан антиген таасирсиз кылынган болот.
Биригүү (интеграция) системасы: Бул система плазмада болот, бирок кадимки шарттарда активдүү абалда болбойт. Антиген-антитело биригүүсү бул системаны кыймылга келтирет. Натыйжада стимулданган бул система бир катар реакцияга кирет. Бул системанын ферменттери айланадагы оору пайда кылуучуларды жок кылат.
Коргонуу системасы жөнүндө берилген бул маалыматтар ойлонгон жана чындыктарга көзүн жумбаган адамдар үчүн өтө маанилүү кабарларды камтыйт. Биз эч качан байкабаганыбыз менен, денебиздеги бүт молекулаларыбыз тынымсыз иш-аракет жүргүзүшүүдө. Биздин ичибизге кирген бир затты билишибиз, аны таанып эң башынан ичкери киргизбей коюшубуз көбүнчө мүмкүн болбойт. Бирок бизди түзгөн кээ бир молекулаларыбыз муну өздөрүнүн милдети деп билишет жана бизди коргоо үчүн жабдылышкан. Эң башынан баштап кереметтүү окуяларга толгон бул коргоо процессинде алгач атомдор атомдорду таанып аларды аныкташууда. Зыяндуу атомдорду тааный алган, аларга каршы тиешелүү клеткаларды тааныган, душманга каршы эң натыйжалуу куралды заматта өндүрө алган, душманды заматта таанып кармай алгандар – булардын баары атомдордон турган аң-сезими жок белоктор менен молекулалар. Андай болсо аларга андай акылдуу кыймыл-аракеттерди жасаткан күч менен акыл кимге тиешелүү? Булардын баары жандыктардагы кемчиликсиз жаратуунун жалгыз ээси болгон Аллахка тиешелүү.
A. Antikorlar vücudun düşmanları ile farklı yöntemlerle savaşırlar. B. Antikorlar vücut içinde tespit ettikleri antijenleri etkisiz hale getirirler |
1. Alıcılar, |
Antikorlar işlevlerini çok farklı şekillerde yerine getirirler. şekilde de görüldüğü gibi, virüslerin, bakterilerin ve mantarların yüzeyine tutunurlar. Bu antijenlerin içine nüfuz ederek onları etkisiz hale getirirler. Bazen bakterileri önce biraraya toplarlar ve onları yok etmek için ön hazırlığı yapmış olurlar. Kimi zaman da virüslerin hücrelere bağlanma yerlerini bloke ederler. Böylece virüs hücrelere bağlanarak onları tahrip edemez. |
Башка бүт жаратуу кереметтери сыяктуу, коргонуу системасы да эволюционисттердин өтө маанилүү туюктарынын бири. 100 миллион түрдүү антитело өндүрө алган бул система биринчи жолу көргөн бир душманын да тааный алууда жана ага туура келүүчү антителону өндүрө алууда.50 Бул процесстин кантип жүрөөрү илимпоздор үчүн дагы эле бир сыр. Бирок бул системанын эч качан кокустуктардын натыйжасында пайда боло албашы апачык бир чындык. Калифорния университетинен биология профессору Кристофер Уиллс (Christopher Wills), өзү эволюционист болсо дагы, Гендердин кыраакылыгы аттуу китебинде коргонуу системасы жөнүндө мындай дейт:
Коргонуу системасы биология илиминдеги эң татаал жана эң провокациялуу илимий көйгөйлөрдүн бири. Миңдеген, миллиондогон жыл бою түрүбүздү олжо катары тандаган ооруларга каршы бул системанын бизди кантип коргогонун эми билебиз. Андан да жакшысы, бизди али жолуга элек ооруларга каршы да коргой алаарын ачтык. Иммундук системабыз бул ишти али жолуга элек молекулаларга да өзүнө тиешелүү бир жол менен улана алган бир катар белок аркылуу, иммуноглобулиндер аркылуу жасайт. Бул бизди эволюциядан сөз кылып жатканда качынгыбыз келген бир темага түртүп жаткан сыяктуу көрүнүүдө. Иммундук системабыз келечекти кантип көрө алууда жана жаңы ооруларга кол салышыбызга көмөкчү боло турган иммуноглобулиндерди кантип жасай алууда?51
Эволюционисттер бул суроого бир жооп бере алышпайт. Себеби эволюционисттердин “бул кантип пайда болгон?”, “бул кантип келип чыккан?” деген сыяктуу суроолорго бере алчу жалгыз жообу – бул “кокустуктар”. Бирок коргонуу системасы жана ага окшогон түзүлүштөр изилденгенде, булар кантип пайда болгон деген суроолорго “кокустан” деп жооп берүү өтө чоң бир акылсыздык болгондуктан, эволюционисттер же бул темаларга кирүүдөн качынышат, же болбосо чарасыз экенин моюндарына алышат.
Жандыктардын эң майда бөлүктөрүнө чейин Аллах тарабынан жаратылганы ушунчалык ачык көрүнүп турса да, эволюционист илимпоздордун бул чындыкты танышы улуу бир керемет. Аллах мындай адамдар жөнүндө Куранда төмөнкүчө кабар берет:
Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы?
(Жатындарга) куюлуп жаткан манини (сперманы) көрдүңөрбү?
Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы?
Силердин араңарда өлүмдү аныктоочу Бизбиз жана силерге окшошторду алып келип-алмаштырууда жана силерди азыр билбеген абалыңарда жасоодо Биздин алдыбызга эч ким өтө албайт.
Ант болсун, алгачкы куруу (жаратуу)ну көрүп-билдиңер; сабак алып-ойлонушуңар керек эмеспи? (Вакыа Сүрөсү, 57-62)
Antikor Silahlarının Çeşitleri |
Antikorların farklı çeşitleri, antijenlerin varlığını diğer savunma hücrelerine haber vermek ya da savaşın yok edici mücadelesini başlatmak için antijenlerle birleşmek gibi farklı görevler üstlenirler. Küçücük bir molekülün bu kadar çok görevi üstlenmesi ve başarıyla yerine getirmesi çok önemlidir. Bu moleküller böyle bir görevi neden üstlenmekte, nereden emir almaktadırlar? Her bir antikorun savunma sistemindeki önemini ve bu kadar küçük moleküllerin sorumluluk bilinçlerini anlamak için görevlerini genel olarak incelemekte fayda vardır. IgE Antikoru (Immun Globulin E)IgE Antikoru (Immun Globulin E) : IgE'ler de kanda dolaşan antikorlardır. Savaşçı ve bazı kan hücrelerini savaşa çağırmakla görevli olan bu antikorlar aynı zamanda alerjik reaksiyonlarda bulunurlar. Bundan dolayı da alerjik bünyelerde IgE sayısı yüksek olur. IgA Antikoru (Immun Globulin A):IgA Antikoru (Immun Globulin A): Gözyaşı, tükürük, anne sütü, kan, hava torbacıkları, mukozalar, mide ve bağırsak salgıları gibi vücudun antijenlerle savaştığı hassas bölgelerde bulunurlar. Bu bölgeleri hassas yapan ise, bakteri ve virüsler için böyle nemli ortamların elverişli olmasıdır. Yapı olarak birbirine benzeyen IgA'lar, vücutta mikropların girmesinin kolay olduğu bölgelere yerleşip o bölgeyi kontrol altında tutarlar. Bu stratejik olarak önemli bölgelere, güvenilir nöbetçi askerler yerleştirmeye benzer. Bebekleri anne rahminde hastalıklardan koruyan antikorlar, bebek doğduktan sonra da onları yalnız bırakmazlar ve koruyup kollamaya devam ederler. Bebeğin gerçekten de anneden gelecek yardıma ihtiyacı vardır. Çünkü yeni doğan her bebeğin vücudunda IgA antikorları bulunmaz. Işte bu devrede anneden emdiği sütün içinde bulunan IgA'lar, çocuğun sindirim sistemini birçok mikrobun etkisine karşı korur. Aynı IgG antikorları gibi bu antikor çeşidi de, bebek birkaç haftalık olduğunda, görev sürelerini tamamlamış olduklarından yok olurlar. Tüm bunlar son derece akılcı, planlı, önceden hesaplanmış ve önemli bir bilgiye sahip bir tasarımın sonuçlarıdır. Görüldüğü gibi, bebeğin gelişiminin ve korunmasının her aşaması düşünülmüştür. Gerektiği zaman bebeği korumak için hazır bulunan bu askerler, kendilerine ihtiyaç kalmadığında ise gereksiz yer işgal etmeyerek kaybolmaktadırlar. Hiçbir tesadüf, bu kadar kusursuz ve eksiksiz bir plan yapamaz, hiçbir tesadüf atom yığınlarına böyle söz geçiremez. Tüm bu koruma planının ve tasarımın sonsuz merhametli ve esirgeyici olan Allah'a ait olduğu apaçık bir gerçektir. IgM Antikoru (Immun Globulin M)IgM Antikoru (Immun Globulin M): Bu antikorlar, kanda, lenf bezlerinde ve B hücreleri üzerinde bulunurlar. İnsan vücudu herhangi bir antijenle karşılaştığında, bu düşmanla savaşmak üzere üretilen antikor IgM'dir. IgM molekülleri 5 IgG molekülünün birleşimidir. IgD Antikoru (Immun Globulin D):
IgD Antikoru (Immun Globulin D):IgD antikorları da kanda ve savunma hücrelerinin (B hücrelerinin) yüzeyinde bulunurlar. Tek başlarına davranamazlar. Belirli savunma hücrelerinin (T hücrelerinin) yüzeyine yerleşerek onların antijenleri yakalamalarını sağlarlar. IgG Antikoru (Immun Globulin G):IgG Antikoru (Immun Globulin G): IgG, vücutta en temel olan ve en fazla bulunan antikordur. Bütün antikorların % 70-75'ini oluşturur. Sentezlenmesi için birkaç gün yeterliyken ömürleri en az birkaç hafta, en çok birkaç yıl kadardır. Bu antikorlar kanda, lenf bezlerinde ve bağırsakta bulunurlar. Kanla birlikte dolaşır, doğrudan vücuda giren yabancı maddenin üstüne gider ve üstüne yapışırlar. Güçlü bir antibakteriyel ve antijen çökertici etkiye sahiptirler. Bakterilere ve virüslere karşı vücudu korur, zehirlerin asit özelliğini yok ederler. Bunun yanısıra hücrelerin arasına sıkışır, hücrelerin ve derinin içine sızan bakteri ve mikroorganik istilacıları hareketsiz hale getirirler. Bu kabiliyetleri ve boyutlarının küçük olması sayesinde, hamile bir kadının plasentasına girebilen tek antikordur. Bu sayede henüz savunma sistemi gelişmemiş bir bebeği yaşamın ilk aylarından itibaren enfeksiyonlara karşı koruyabilirler. Eğer antikorlar plasentaya geçebilecek özellikte yaratılmamış olsalardı, anne karnındaki bebek mikroplara karşı korumasız kalacaktı. Bu durumda da daha doğmadan ölüm tehlikesiyle karşılaşacaktı. Görüldüğü gibi, antikorlar çok çeşitlidir ve aralarında kusursuz bir işbölümü vardır. Her antikor, kendine düşen görevi eksiksiz olarak yapar. Peki aynı proteini, aynı amaç için farklı özelliklerle donatan, onlara vücut içinde neler yapacağını bildiren, görevine göre onu eğiten, bilgilendiren güç, irade ve akıl kime aittir? Bu proteinler, kendi kendilerine vücudu korumaya karar verip, yeni doğacak bebeği dahi unutmadan, mükemmel bir iş bölümü ve organizasyon kurmuş olabilirler mi? Gözü, kulağı, beyni, eli olmayan bu şuursuz proteinler, bir ordu kadar disiplinli ve itaatli olmayı nereden bilebilirler? Tüm bunları düşünen bir insan için üstün bir Yaratıcı olan Allah'ın varlığı apaçık bir gerçektir. |
36.Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s. 188
37. http://www.madsci.org/posts/archives/mar97/853519068.Cb.r.html – The Mad Scientists Network: Cell Biology
38.Curtis Barnes, Invitation to Biology, Worth publishers, Inc, New York 1985, s. 51
39. Prof. Dr. Engin Gözükara, İnönü Üniversitesi Tıp Fakültesi Biyokimya Ana Bilim Dalı Başk., Biyokimya, Nobel Tıp Kitabevleri, 1997, Üçüncü Baskı, Cilt 1, s. 176
40.Albert Lehninger L., Late University Professor of Medical Sciences, The Johns Hopkıns University David L. Nelson, Professor of Bıocemistry Unıverstiy of Wısconsın Madıson, Mıchael M. Cox Professor of Bochemıstry Universty of Wısconsın Madıoson, Principles of Biochemistry, Second Edıtıon, Worth Publshers New York, s. 189
41.http://www.britannica.com/bcom/eb/article/7/0,5716,53637+1+52330,00.html?query=methemoglobinemia
42.Michael Denton, Nature's Destiny, Free Press, New York, s. 201-202
43.Michael Behe, Darwin'in Kara Kutusu, Aksoy Yayıncılık, Haziran 1998, İstanbul, s.68
44.Michael Behe, Darwin'in Kara Kutusu, Aksoy Yayıncılık, Haziran 1998, İstanbul ,s. 80
45.Prof. Dr. Engin Gözükara, İnönü Üniversitesi Tıp Fakültesi Biyokimya Ana Bilim Dalı Başk., Biyokimya, Nobel Tıp Kitabevleri, 1997, Üçüncü Baskı, Cilt 1, s. 580
46.Prof. Dr. Engin Gözükara, İnönü Üniversitesi Tıp Fakültesi Biyokimya Ana Bilim Dalı Başk., Biyokimya, Nobel Tıp Kitabevleri, 1997, Üçüncü Baskı, Cilt 1, s. 579-580
47.Michael Pitman, Adam and Evolution, 1986, s. 144
48.Michael Pitman, Adam and Evolution, 1984, s. 148
49.Lester McCann, Blowing the Whistle on Darwinism, United States of America by Graphic Publishing Company, 1986, s. 70
50.Curtis Barnes, Invitation to Biology, Worth publishers, Inc, New York 1985, s.419
51.Christopher Wills, Genlerin Bilgeliği, Sarmal Yayınevi, Mart 1997, İstanbul, s. 151-152