Киришүү

Адамзат ичинде жашап жаткан дүйнөдө «эмне», «кантип» жана «кандайча» деген сыяктуу көп суроолордун жообун издеп келет, бирок бул суроолорго жооп издөөдө абдан аз алга жыла алууда. Адам ичинде жашап жаткан кереметтүү тартип жана тең салмактуулук жөнүндө өзүнө «эмне үчүн?» деген суроону сурамайынча чындыкка жете албайт.

Бул китепте жандуу-жансыз бүт нерсенин негизи болгон «атомду» карайбыз. Атом жөнүндө эмнелердин, кантип жана кандайча ишке ашканын караган соң, «эмне үчүн» деген суроонун жоопторун издейбиз. Биз издеп жаткан абсолюттук чындыкка мына ушул суроонун жообу алып барат.

19-кылымдын биринчи жарымынан бери көптөгөн илимпоздор атомдун сырларын ачуу үчүн түнү-күнү эмгектеништи. Атомдун формасын, кыймылын, түзүлүшүн жана башка өзгөчөлүктөрүн ортого койгон бул эмгектер «заттын башы жана аягы жок (түбөлүктүү)» деп кабыл алынган классикалык физиканы тамырынан жыкты жана заманбап физиканын негиздерин койду. Бул эмгектер ошол эле учурда бир катар суроолорду да жаратты.

space

Бул суроолорго жооп издеген көп физиктер изилдөөлөрдүн натыйжасында бүт ааламдагы сыяктуу атомдо да кемчиликсиз бир тартип, бекем бир тең салмактуулук жана кемчиликсиз бир долбоор бар экенин көрүштү.

Бул чындык 14 кылым мурда Аллах Кабатынан түшүрүлгөн Куранда да айтылган. Куран аяттарынан апачык көрүнүп тургандай, бүт аалам кемчиликсиз бир тартипте иштеп жатат. Себеби жер, асман жана ал экөөсү арасындагылар чексиз бир күч жана акыл ээси Аллах тарабынан жаратылган.

Аллах жараткан нерселердин баары эч кемчиликсиз, жана катасыз бир тартип ичинде иштеп жатат. Эң таң калыштуусу – бул кээ бир адамдардын өз денелери да кошо көргөн, уккан жана билген бүт нерсесинде кездешкен чексиз кереметтен таасирленбеши жана бул кереметтүү детальдар «эмне үчүн» мага көрсөтүлүп жатат деген суроонун жообун эч ойлоп койбошу.

Колуңуздагы «Атом керемети» аттуу бул китеп, илимий бир теманы карап жатканы менен, көнүмүш болгон илимий китептерден башка бир максатта даярдалган. Бул эмгек жандуулардын да, жансыздардын да фундаменти (курулуш материалы) болгон, теңдешсиз өзгөчөлүккө ээ «атомду» «эмне», «кантип» жана «кандайча» суроолорунун жооптору менен карап, «эмне үчүн» деген суроонун жообуна эшик ачууда. Бул эшиктен өткөндө болсо Аллахтын акылынын, илиминин улуулугу жана жаратышынын бүт нерселерди ороп тураары апачык көз алдыга тартылат.

Аллах... Андан башка илах (сыйынууга татыктуу зат) жок. Ал – тирүү, Кайуум. Аны уйкусуроо жана уйку тартпайт. Асмандарда жана жерде эмне бар болсо, баары Аныкы. Анын уруксаты болбостон, Анын кабатында шапаат кылуучу ким? Ал алдыңардагыны жана артыңардагыны билет. (Алар болсо) Ал каалагандан сырткары, Анын илиминен эч нерсени түшүнүп-аңдай алышпайт. Анын күрсүсү бардык асмандарды жана жерди курчап турат. Аларды коргоо Ага оор эмес. Ал – абдан улук, абдан бийик. (Бакара Сүрөсү, 255)