Чоңдугу адам акылына жакшы сыйбаган аалам жаралгандан бери назик тең салмактуулуктар жана улуу бир тартип ичинде эч адашпастан кыймылын улантууда. Бул кереметтүү ааламдын кантип пайда болгону, каякка баратканы, ичиндеги тартип жана тең салмактуулукту камсыз кылган мыйзамдардын кандайча иштээри болсо ар доордо адамдарды кызыктырган жана дагы эле кызыктырып келатат. Илимпоздор бул темаларда сансыз изилдөөлөрдү жасап, көптөгөн гипотеза жана теорияларды чыгарышты. Ааламдагы тартип жана долбоорду акылы жана абийири менен баалаган илимпоздор үчүн кемчиликсиз тартипти түшүндүрүү абдан оңой болгон. Себеби бул кемчиликсиз долбоордун бүт ааламды башкарган жогорку кудурет ээси Аллах тарабынан жаратылганы ойлонгон жана акыл жүгүрткөн адамдар үчүн апачык көрүнүп турган бир чындык. Аллах бул ачык чындыкты Куран аяттарында да кабар берген:
Шек жок, асмандардын жана жердин жаратылышында, түн менен күндүздүн алмашышында таза акыл ээлери үчүн чындыгында аяттар (белгилер) бар. (Али Имран Сүрөсү, 190)
Бирок жаратылуу далилдерин көрмөксөн болууга аракеттенген илимпоздор көп жылдардан бери эч түгөнбөгөн бул суроолорго жооп берүүдө абдан кыйналып келишүүдө. Илимий чындыктарга толук карама-каршы келген теорияларын жактоо үчүн демагогияларга, эч бир илимий таянычы жок чындыкка сыйбас гипотезаларга, абдан кыйналганда болсо көз бойомочулуктарга да баруудан тартынбай келишет. Бирок 21-кылымга кирип жаткан ушул күндөрдө илим чөйрөсүндөгү ар бир өнүгүү, ачылыш бизди жалгыз бир чындыкка алып барууда: аалам улуу бир кудурет жана чексиз илим ээси Аллах тарабынан жоктон жаратылган.
Sir Fred Hoyle |
«Аалам кантип пайда болду?» суроосу адамдар кылымдардан бери жооп издеген бир суроо. Тарых бою миңдеген аалам модели, миңдеген теория чыгарылган. Бирок бул теориялар изилденгенде баарынан түпкүрүндө эки моделдин бирин жактаганы көрүнөт. Булардын биринчиси учурда эч кандай илимий таянычы жана жарактуулугу калбаган түбөлүк аалам, б.а. ааламдын башталгычы жок деген көз-караш, экинчиси болсо учурда бүт илим тармактары тарабынан кабыл алынган ааламдын чоң бир жарылуу менен жоктон жаратылганы жөнүндөгү чындык.
Учурда такыр жараксыз болуп калган биринчи модель «аалам чексиз, чексиз мурдатан бери бар, түбөлүк бар болот жана азыркыдай кала берет» деп жактаган. Бул түбөлүк аалам көз-карашы байыркы Грецияда өнүгүп, кийинчерээк ренессанс менен бирге кайрадан жанданган материалисттик философиянын бир натыйжасы катары Батыштын илим чөйрөсүнө кирген эле. Ренессанстын маңызы байыркы Грек философторунун эмгектерин изилдөө эле. Ошентип материалисттик философия жана бул философия жактаган түбөлүк аалам түшүнүгү философиялык жана идеологиялык максатта чаң баскан китеп койгучтардан чыгарылып, илимий бир чындык сыяктуу адамдарга сунулду.
Карл Маркс, Фридрих Энгельс сыяктуу материалисттердин материалисттик идеологияларына абдан маанилүү бир фундамент болгон бул көз-карашты кош колдоп жакташы бул моделдин азыркы кылымга алып келинишинде эң маанилүү факторлордун бири болду.
20-кылымдын алгачкы жарымына чейин маанилүү болгон «түбөлүк аалам» модели боюнча, ааламдын эч кандай башталышы да, аягы да жок эле. Аалам жоктон жаратылбаган сыяктуу, эч качан жок да болмок эмес эле. Материалисттик философиянын да негизин түзгөн бул теория боюнча, аалам туруктуу (статикалык) бир түзүлүштө эле. Бирок кийинчерээк алынган илимий ачылыштар бул теориянын толугу менен туура эмес экенин жана илимге сыйбастыгын ортого койду. Аалам түбөлүктөн бери келе жаткан эмес эле; бир башталышы бар эле жана жоктон жаратылган эле.
Аалам түбөлүк, б.а. бир башталышы жок деген көз-караш дайыма атеизмдин жана Аллахты жокко чыгарып адашкан идеологиялардын тамыры болгон. Себеби алардын ою боюнча, ааламдын бир башталышынын болбошу ошол эле учурда бир Жаратуучу да жок деген мааниге келет эле. Бирок илим көп өтпөстөн материалисттердин бул пикиринин туура эмес экенин жана ааламдын Чоң жарылуу (Big Bang – Биг Бенг) деп аталган бир жарылуу менен жоктон жаратылганын далилдери менен ортого койду. Жоктон пайда болуу болсо бир эле мааниге келмек: «Жаратылуу». Б.а. бүт аалам чексиз кудуреттүү Аллах тарабынан жаратылган эле.
Атактуу англиялык астроном Сэр Фред Хойл (Sir Fred Hoyle) да бул теориядан тынчсыздангандардын арасында эле. Хойл "steady-state" (туруктуу абал) аттуу теориясы менен ааламдын кеңейип жатканын кабыл алуу менен бирге, аалам масштаб жана убакыт жагынан түбөлүктүү деп жактаган. Бул модель боюнча, аалам кеңейген сайын зат керектүү санда, кокустан, өзүнөн-өзү пайда болуп баштаган. «Түбөлүк аалам» көз-карашын колдоо үчүн абдан мажбурлоочу түшүндүрмөлөр менен чыгарылган бул теория илимий жактан далилденген Биг Бенг теориясына толугу менен карама-каршы эле. Алар бул чындыкка көгөрүп каршы турушту, бирок бардык илимий ачылыштар аларды калпка чыгарып, чындыктарды бир-бирден алардын көзүнө сайды.
The universe came into existence out of nothing with a Big Bang. The present perfect system of the universe came about because of the scattering of all particles and forces that were formed in great harmony and order from the first moment of this big explosion. |
According to the Doppler effect, if a galaxy stays at a constant distance from the earth, the spectra of light waves will appear in the "standard" position (top). If the galaxy is moving away from us, the waves will seem stretched and red shifted (middle). If the galaxy is moving towards us, the waves will seem squashed up and blue shifted (bottom). |
20-кылымда астрономия тармагында абдан чоң өнүгүүлөр башталды. Алгач 1922-жылы орус физик Александр Фридманн (Alexandre Friedmann) ааламдын туруктуу бир түзүлүштө эмес экенин аныктады. Эйнштейндин жалпы салыштырмалуулук теориясына таянган Фридманн кичинекей бир өзгөрүүнүн да ааламдын кеңейишине же кысылышына алып келээрин эсептеди. Бельгиянын эң атактуу астрономдорунан Жорж Леметр (Georges Lemaitre) болсо бул эсептөөлөрдүн маанисин түшүнгөн алгачкы киши болгон. Ал бул эсептөөлөрдөн ааламдын бир башталышы бар жана бул башталыштан бери тынымсыз кеңейип келе жатат деген жыйынтык чыгарган. Леметр айткан абдан маанилүү дагы бир нерсе бар эле: анын ою боюнча, бул башталыш учурдагы жарылуудан калган бир радиация болушу керек эле жана муну аныктоо мүмкүн эле. Леметр башында илим чөйрөсү тарабынан көп колдоо таппаган бул түшүндүрмөлөрүнүн тууралыгына ишенген. Ансыз да ааламдын кеңейип баратканы жөнүндө башка далилдер да бир-бирден ачыкка чыгып жаткан. Ушул туштарда Эдвин Хаббл (Edwin Hubble) аттуу америкалык астроном ири бир телескобу менен асманды изилдеп жатып жылдыздардын алыстыгына жараша кызыл түскө айланган бир жарык чыгарганын аныктады. Хаббл Калифорния Моунт Уилсон байкоо үйүндө жасаган бул ачылышы менен туруктуу абал теориясын чыгарган жана жылдар бою аны жактаган бүт илимпоздорду таймашка чакырып, ошол учурдагы аалам түшүнүгүн тамырынан чайпаган.
a) Edwin Hubble b) The analysis of the light of the two stars of Alpha Centauri over a period of time showed a series of changes in their spectra. The way the red and blue shifts vary revealed a picture of two stars completing orbits around each other once every 80 years. c) Albert Einstein, during a visit to the Wilson Observatory, where Edwin Hubble made his observations. |
Хабблдын бул жыйынтыгы байкоо жасалган чекитти көздөй кыймылдаган нурлардын спектринин кырмызыны көздөй, байкоо жасалган жерден алыстаган нурлардын спектринин кызылды көздөй жылып жатканына таянган. Б.а. Калифорния Моунт Уилсон байкоо үйүнөн изилденген асман телолору дүйнөбүздөн алыстап баратышкан эле. Бул байкоолор андан соң жылдыз менен галактикалардын бизден эле эмес, бир-биринен да алыстап баратканын ортого койгон. Бүт бул асман телолорунун бир-биринен алыстап баратышы ааламдын кеңейип баратканын дагы бир жолу далилдеген. Бул өнүгүүлөр жөнүндөгү кызыктуу бир жыйынтыкты Дэвид Филькиндин (David Filkin) "Stephen Hawking's Universe" аттуу китебинен берели:
«... Леметр эки жыл өтпөстөн күтпөгөн бир кабар алды. Хаббл галактикалардан келген нурдун кызылды көздөй жылганын байкаган эле жана Допплер таасири боюнча бул аалам кеңейип баратат деген мааниге келмек. Эми убакыт гана керек эле. Эйнштейн ансыз да Хабблдын эмгектерине кызыгып жүргөн жана Моунт Уилсон Байкоо үйүндө аны зыярат кылууну ниет кылып жүргөн. Леметр болсо ошол туштарда Калифорния технология институтунда бир конференция уюштурду жана Эйнштейн менен Хабблды чогуу бир бурчка такай алды. Өзүнүн «алгачкы атом» теориясын баскыч баскыч түшүндүрүп, бүт ааламдын «кечээси жок бир күнү» жаратылганын айтты. Керектүү бүт математикалык эсептөөлөрдү жасаган эле. Леметр сөзүн бүткөндө укканына ишене албады. Эйнштейн өйдө туруп, ошол учурда уккандарынын «ошол күнгө чейин уккан эң сонун жана эң көңүл тойгузуучу жоромол» экенин айтып, «космостук туруктуулукту жаратуунун жашоосунун эң чоң катасы экенин» мойнуна алган эле.1
Дүйнөнүн тарыхтагы эң маанилүү илимпозу катары кабыл алынган Эйнштейнди ордунан ыргып тургузган бул чындык – ааламдын бир башталышы бар деген чындык эле.
Ааламдын кеңейиши жөнүндөгү байкоолор көбөйгөн сайын жаңы көз-караштар да чыга берди. Бул чындыкка таянган илимпоздор, Леметр да айткандай, убакыттан артты көздөй кеткенде, тынымсыз кичирейген, кичирейген жана аягында бир чекиттей болуп калган бир аалам моделине кез келишти. Математикалык эсептөөлөр ааламдын бүт материясын (затын) ичине камтыган бул «жалгыз чекиттин» абдан күчтүү тартылуу күчү себебинен «нөл көлөмгө» ээ болоорун көрсөткөн. Аалам нөл көлөмгө ээ болгон ошол чекиттин жарылышы менен пайда болгон эле жана бул жарылуу «Биг Бенг» (Чоң жарылуу) деп аталган.
Биг Бенг көрсөткөн маанилүү бир чындык бар эле: нөл көлөм «жоктук» деген мааниге келгендиктен, аалам «жок» кезден «бар» болуп калган. Бул болсо ааламдын бир башталышы бар деген мааниге келген жана ушундайча материализмдин «аалам түбөлүктөн бери бар» деген гипотезасы жараксыз кылынган.
George Smoot |
Ааламдын чоң бир жарылуудан соң пайда болуп баштаганы тастыкталган соң астрофизиктер изилдөөлөрүн ылдамдатышты. Жорж Гамовдун (George Gamov) ою боюнча, аалам бул жарылуу менен пайда болгон болсо, жарылуудан калган жана ааламдын бүт тарабына бирдей тараган бир радиация болушу керек эле.
Бул гипотезадан кийинки жылдары бүт илимий ачылыштар толугу менен Биг Бенгди тастыкташты. 1965-жылы Арно Пензиас (Arno Penzias) жана Роберт Уилсон (Robert Wilson) аттуу эки изилдөөчү бул толкундарды кокустан байкап калышты. «Космостук фон радиациясы» деп аталган бул радиация космостогу белгилүү бир булактан таркаган кандайдыр бир радиациядан башкача эле. Кереметтүү бир орток багыттуулук бар эле. Башкача айтканда, жергиликтүү бир булактан чыккан эмес эле, б.а.
George Gamov |
белгилүү бир булагы жок эле, бүт ааламга таркаган бир радиация эле. Ошентип көптөн бери ааламдын бүт тарабынан бирдей өлчөмдө жылуулук толкундары абалында аныкталган бул радиациянын Биг Бенгдин алгачкы учурларынан калганы аныкталды. Болгондо да бул чоңдук илимпоздор мурда эсептеген санга абдан жакын эле. Пензиас жана Уилсон Биг Бенгдин бул далилин эксперимент жолу менен биринчи көрсөткөн кишилер болгондуктан, Нобель сыйлыгын алышты.
Жорж Смут (George Smoot) жана НАСАдагы бир командасынын Пензиас менен Уилсондун эсептерин тастыкташы космоско жөнөтүлгөн COBE спутниги урматында болгону сегиз мүнөттү алды. Космостогу так сканерлер алган жыйынтыктар Биг Бенг үчүн жаңы бир жеңишти да алып келген. Сканерлер Биг Бенгдин алгачкы кездериндеги ысык жана тыгыз чөйрөнүн калдыктарынын тууралыгын тастыкташкан. COBE Биг Бенгдин тууралыгын далилдери менен тастыктаган эле жана илим чөйрөлөрү бул ачык чындыкты кабыл алууга мажбур эле.
Башка бир далил болсо космостогу суутек менен гелий газдарынын көлөмүн өлчөө натыйжасында келип чыккан. Бул боюнча, ааламдагы суутек-гелий газдарынын катышы Биг Бенгден калган суутек-гелий катышынын теориялык жактан эсептелген санына абдан окшош чыккан.
The launch of the COBE satellite further substantiated that the universe was formed as a result of a big explosion. |
Бул далилдердин ортого чыгышы Биг Бенгдин илим дүйнөсүндө толук кабыл алынышы менен жыйынтыкталды. Атактуу илимий журнал Scientific American 1994-жылдын октябрь айындагы санында «Биг Бенг модели кылымыбыздын кабыл алынган жалгыз модели» деп айткан.
The gigantic horn antenna at Bell Laboratories where Arno Penzias and Robert Wilson discovered the cosmic background radiation. Penzias and Wilson were awarded the Nobel Prize for this discovery in 1978. |
Көп жылдар бою «түбөлүктүү аалам» көз-карашын жактагандар да муну бир-бирден моюнга алып башташкан. Фред Хойл менен бирге көп жылдар бою туруктуу (статикалык) абал теориясын жактаган Деннис Скиама (Dennis Sciama) Биг Бенг чындыгы алдындагы алсыздыгын төмөнкүчө айткан:
Туруктуу абал теориясын жактагандар менен аны сынаган жана менимче аны жыгууну үмүттөнгөн байкоочулар арасында бир кездерде абдан күчтүү бир күрөш бар эле. Ал кезде менин да бир катышым бар эле. Себеби чындык экенине ишенгеним үчүн эмес, чындык болушун каалаганым үчүн «туруктуу абал» теориясын жактагам. Теориянын жараксыз экенин жактаган далилдер пайда болуп баштаган сайын Фред Хойл бул далилдерди тосуп алууда лидер рольду аткарды. Мен да аны коштоп, бул душман далилдерге кантип жооп берүүгө болот деп ой толгодум. Бирок далилдер чогулган сайын эми оюндун бүткөнү жана туруктуу абал теориясын бир четке таштоо керек экени анык боло баштаган.2
Өнүккөн илим ортого койгон бардык далилдер менен бирге «түбөлүктүү аалам» түшүнүгү да тарыхка аралашты. Андан соң болсо андан да маанилүү суроолор пайда болду. Бул чоң жарылуудан мурда эмне бар эле? «Жок» болгон ааламды «бар» абалга алып келген кайсы күч эле?
Чоң жарылуудан мурда эмне бар эле деген суроонун бир гана жообу бар. Бул – албетте, асмандарды жана жерди улуу бир тартип менен жараткан, улуу күч-кудурет ээси Аллах. Көптөгөн илимпоздор, ыймандуу болсун же болбосун, бул чындыкты кабыл алууга мажбур. Илимий платформада бул чындыкты кабыл алышпаса да, сөздөрү арасындагы моюнга алган сөздөрү алардын бетин ачып коюуда. Мисалы, мурдалары атеист болгон, бирок кийин Аллахтын бар экенин кабыл алган таанымал философтордон Энтони Флю (Anthony Flew) өтмүштө моюнга алуунун адам маанайына жакшы таасир берээрин айтып, сөзүн мындайча уланткан:
Моюнга алуу адам маанайына жакшы таасир берет дешет. Мен да бир нерсени моюнга аламын: Биг Бенг модели бир атеистке абдан азап берет. Себеби илим диний булактар тарабынан жакталган бир көз-карашты далилдеди: ааламдын бир башталышы бар деген көз-карашты.3
Англиялык материалист физик Х. П. Липсон (H. P. Lipson) сыяктуу кээ бир илимпоздор болсо Биг Бенг теориясын кааласа каалабаса кабыл алууга мажбур экенин моюнга алышат:
Менимче, мындан да алга кетүүгө жана кабыл алуу мүмкүн болгон жалгыз түшүндүрмөнүн жаратылуу экенин тастыктоого мажбурбуз. Мунун мен да кошо көп физик үчүн абдан жагымсыз экенин билем, бирок эгер эксперименттик далилдер бир теорияны колдоп жатса, ал теорияны бизге жакпаган үчүн эле жокко чыгарбашыбыз керек.4
Жыйынтыктасак, илим материалист илимпоздордун алдына каалашса да, каалашпаса да бир гана чындыкты коюп жатат: зат (материя) жана убакыт чексиз кудуреттүү, асмандарды, жерди жана ал экөө арасындагыларды кемчиликсиз жараткан бир Жаратуучу, бүт нерсеге Кудуреттүү Аллах тарабынан жаратылган.
Аллах жети асманды жана жерден да алардын окшошун жаратты. Буйрук булардын арасында токтобостон түшүп турат; силердин чынында Аллахтын бүт нерсеге кудуреттүү экенин жана чынында Аллахтын илими менен бүт нерсени курчаганын билишиңер, үйрөнүшүңөр үчүн. (Талак Сүрөсү, 12)
Биг Бенг модели адамзаттын ааламды таанышына көмөкчү болуу менен бирге абдан маанилүү дагы бир кызмат аткарган. Жогоруда сөз болгондой, мурда атеист болгон бирок кийин жаратылууну кабыл алган атактуу философ Энтони Флю айткандай, Биг Бенг менен бирге «илим диний булактар тарабынан жакталган бир көз-карашты далилдеген.»
Бул чындык – «ааламдын жоктон жаратылганы» жөнүндөгү чындык. Бул илим ачкандан миңдеген жыл мурда Аллах адамдарга жол көрсөтүүчү катары түшүргөн ыйык китептерде кабар берилген.
Бүт Аллахтан келген китептердин арасында бузулбаган жалгыз китеп болгон Куранда болсо ааламдын жоктон жаратылышы да, бул жаратылуунун абалы жөнүндө да маалыматтар берилген. 14 кылым мурда вахий кылынган бул маалыматтар 20-кылымдын илимий ачылыштарына абдан окшош.
Эң биринчиден ааламдын «жок» кезден «бар» абалга келгени Куранда мындайча кабар берилет:
(Аллах) Асмандарды жана жерди эч нерсени өрнөк албастан жараткан... (Энъам Сүрөсү, 101)
Мындан 14 кылым мурда адамдардын аалам жөнүндөгү маалыматтары абдан чектүү кезде Куранда билдирилген башка бир чындык болсо – бул Биг Бенг теориясы ортого койгондой, бүт ааламдын абдан кичинекей бир көлөмдө биригип турган абалдан бөлүнүп кеңейүүнүн натыйжасында пайда болгондугу:
Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)
Бул аяттын Арапча оригиналында абдан маанилүү бир сөз тандоосу бар. Аяттын «бир-бирине жабышкан (бириккен)» деп которулган «ратк» сөзү Арапча сөздүктөрдө «бир-бирине аралашкан, бөлүнбөс абалда, аралашкан» маанилерине келет. Б.а. толук бир бүтүндү түзгөн эки зат үчүн колдонулат. Аяттагы «бөлдүк» сөзү болсо Арапча «фатк» этиши; бул этиш «ратк» абалындагы бир заттын жарып, талкалап сыртка чыгышы маанисине келет. Мисалы, уруктун өнүп, топурактан сыртка чыгышы ушул этиш менен айтылат.
Бул маалымат менен аятты кайра карайлы. Аятта асмандар менен жердин ратк абалында экени айтылууда. Андан соң бул экөө фатк этиши менен бөлүнүшкөн. Б.а. бири экинчисин жарып сыртка чыккан. Чындап эле Биг Бенгдин башталышын эстегенибизде космостук жумуртка деп аталган чекиттин ааламдын бүт затын камтыганын көрөбүз. Б.а. бүт нерсе, тагыраак айтканда, бүт «асмандар жана жер» бул чекиттин ичинде ратк абалында. Андан соң бул космостук жумуртка абдан күчтүү жарылып, ушундайча заттар фатк болгон, б.а. жумуртканы жарып сырткы чыгуу менен бүт ааламды пайда кылышкан.
Куранда кабар берилген башка бир чындык болсо – бул илим тарабынан 1920-жылдардын аягында гана аныкталган ааламдын кеңейип баратышы. Жогоруда айтылгандай, Хабблдын жылдыздардын жарык спектринин кызылга жылышын байкашы менен биринчи жолу ачыкка чыккан бул чындык Куранда мындайча кабар берилет:
Биз асманды «улуу бир күч менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз. (Зарият Сүрөсү, 47)
Кыскача айтканда, заманбап илимий ачылыштар бир тараптан материалисттик догманы жокко чыгарып, экинчи тараптан болсо Куран аяттары аркылуу кабар берилген чындыктарды дагы бир жолу тастыктоодо. Себеби аалам, материалисттер ойлогондой, заттын ичиндеги бир катар кокустуктар менен эмес, Аллахтын жаратышы менен пайда болгон, жана Аллахтан келген маалымат – албетте, ааламдын жаралышы жөнүндөгү эң туура маалымат.
Биг Бенг теориясы дагы бир жолу көрсөткөндөй, Аллах ааламды жоктуктан жараткан. Бул чоң жарылуу бүт тараптан адамды ойго салган, кокустуктар менен түшүндүрүүгө мүмкүн эмес бир кылдат эсептерге жана детальдарга толо.
Жарылуунун ар бир көз ирмеминдеги температура, атом бөлүкчөлөрүнүн саны, ошол учурда ишке аралашкан күчтөр жана бул күчтөрдүн кубаты абдан так чоңдуктарда болушу керек. Бул чоңдуктардын бирөөсү эле талап кылынгандан башкача болгондо, бүгүн биз жашап жаткан аалам пайда болмок эмес. Аталган чоңдуктардын кандайдыр бирөөсүнүн математикалык жактан нөлгө жакын бир өлчөмгө эле өзгөрүшү ааламдын кыйрашына жетиштүү.
Кыскача айтканда, аалам жана анын курулуш материалы болгон атомдор Чоң жарылуунун артынан эле Аллах жараткан ушундай тең салмактуулуктар урматында жоктон бар болуп баштаган. Илимпоздор ошол учурда ишке ашкан окуялардын кечиликсиз так убакыттарда болгонун жана андагы физика эрежелеринин тартибин түшүнүү үчүн сансыз изилдөөлөрдү жасашкан. Учурда бул темада эмгектенген бардык илимпоздор кабыл алган чындыктар төмөнкүлөр:
«0» кези: зат да, убакыт да болбогон жана жарылуу ишке ашкан бул «учур» физикада t (убакыт) = 0 учуру деп кабыл алынууда. Б.а. t=0 учурунда эч нерсе жок. Жаратылуу башталган бул «учурдун» мурдасын сүрөттөө үчүн ошол кездеги физика мыйзамдарын билишибиз керек. Себеби азыр бар болгон физика мыйзамдары жарылуунун алгачкы учурларында жараксыз болгон.
Физика түшүндүрө алган окуялар эң кичинекей убакыт бирдиги болгон 10-43 секундадан башталат. Бул адамдын акылына эч сыйбаган бир убакыт бирдиги. Биз элестете да албаган бул кичинекей убакыт аралыгында эмнелер болгон болду экен? Физиктер бул учурда ишке ашкан окуяларды толук майда-баратына чейин түшүндүрө алчу бир теорияны алигече чыгара алышкан жок.5
Себеби илимпоздордун колунда эсептөөлөрдү жасай алуу үчүн керектүү материал жок. Математика жана физика мыйзамдарынын аныктамалары ушул чекте такалып калган. Б.а. ар бир майда-бараты абдан так тең салмактуулуктарга таянган бул жарылуунун мурдасы да, бул алгачкы учурлары да физика жана адамдын түшүнүү мүмкүнчүлүгү жете албаган бир табиятка ээ...
Убакыт болбогон бир учурдан башталган бул жаратылуу көз ирмем сайын зат ааламынын жана физика мыйзамдарынын пайда болушун камсыз кылган. Эми бул жарылууда абдан кыска мөөнөт ичинде улуу бир тактык менен ишке ашкан окуяларга бир көз жүгүртөлү:
Жогоруда да айтылгандай, физикада бүт нерсе 10-43 секунда кийинкисинен баштап эсептеле алат жана ушунча убакыттан соң гана энергия менен убакытты сүрөттөөгө болот. Жаратылуунун бул учурунда температура 1032 (100.000.000.000.000.000.000.000.000.000.000) K барабар. Салыштырсак, күндүн температурасы миллиондор менен (108), күндөн абдан чоң жылдыздардын температурасы болсо болгону миллиарддар менен (1011) айтылат. Учурда аныктала алган эң жогорку температуранын миллиард даражалар менен чектелгенин эске алсак, 10-43 учурундагы температуранын канчалык чоң экенин элестетүүгө болот.
10-43 секундалык бул учурдан бир баскыч алга жылып, секунданын 10-37 болгон убакытка келебиз. Бул эки мөөнөт арасындагы аралык бир-эки секунда сыяктуу бир убакыт эмес. Секунданын квадрильон жолу квадрильондо бириндей бир убакыт интервалы жөнүндө сөз болуп жатат. Температура дагы эле абдан жогору болуп 1029 (100.000.000.000.000.000.000.-000.000.000) K барабар. Бул баскычта али атомдор жаратыла элек.6
Following moment "0" when no matter or time existed and when the explosion occurred, the universe, and its building blocks, the atoms, were created out of nothing within a great scheme. | |
a) 3 MINUTES: Protons and neutrons form atomic nuclei. | |
1) Electrons captured | 10) Antiquark |
Дагы бир кадам таштап 10-2 секундалык учурга киребиз. Бул аралык бир секунданын жүздөн бири дегенди билдирет. Бул убакыт периоду ичинде температура 100 миллиард даражада. Бул учурда «алгачкы аалам» калыптанып баштаган. Али атом ядросун түзгөн протон жана нейтрон сыяктуу бөлүкчөлөр көрүнбөйт. Ортодо электрон менен анын карама-каршысы болгон позитрон (анти-электрон) гана бар. Себеби ааламдын ал кездеги температурасы жана ылдамдыгы ушул бөлүкчөлөрдүн гана пайда болушуна мүмкүндүк берет. Жоктуктан соң жарылуу ишке ашкандан 1 секунда да өтпөстөн, электрон менен позитрондор пайда болгон.
Бул учурдан соң пайда боло турган ар бир атом бөлүкчөсүнүн качан пайда болоору абдан маанилүү. Себеби учурдагы физика мыйзамдары пайда болушу үчүн ар бир бөлүкчө атайын бир учурда пайда болушу керек. Кайсы бөлүкчөнүн мурда пайда болоору абдан маанилүү. Бул катарда же убакытта кичине эле өзгөрүү болгондо, аалам бүгүнкү абалына келмек эмес.
Эми бир саамга ойлонолу.
Чоң жарылуу теориясы ааламды түзгөн бүт материянын (заттардын) жоктуктан пайда болгонун көрсөтүү менен Аллахтын бар экендигинин бир далилин ортого койду. Бирок муну менен эле чектелбеди, Чоң жарылуудан соң али 1 секунда да өтө электе атомдун түзүүчүлөрүнүн да жоктон пайда болгонун көрсөттү. Бул бөлүкчөлөрдүн таң калыштуу тең салмактуулук жана тартибине көңүл буруу керек. Алдыда тереңирээк каралгандай, ушул тең салмактуулуктар урматында аалам бүгүнкү абалында, жана ушул тең салмактуулуктар урматында биз бейпил гана жашап жатабыз. Кыскача айтканда, чоң бир хаос жана тартипсиздикти пайда кылышы күтүлгөн бир жарылуудан соң кемчиликсиз бир тартип, биз «физика мыйзамдары» деп атаган өзгөрбөс мыйзамдар пайда болгон. Бул болсо, Чоң жарылуу да кошо, ааламдын жаратылышынан бери ар бир көз ирмемдин кемчиликсиз пландалганын бизге далилдөөдө.
Эми калган жерибизден уланталы.
Do you not see that everyone in the heavens and everyone on the earth prostrates to Allah, and the sun and moon and stars and the mountains, trees and beasts and many of mankind? But many of them inevitably merit punishment. Those Allah humiliates will have no one to honour them. Allah does whatever He wills. (Surat al-Hajj: 18) |
Бир баскычтан соң 10-1 секундачалык бир убакыт өткөн бир учурга келебиз. Бул кезде температура 30 миллиард даражада. t=0 учурунан бул учурга келгенге чейин али 1 секунда да өтө элек. Бирок атомдун башка бөлүкчөлөрү болгон нейтрон менен протондор эми пайда болуп баштады. Кийинки бөлүмдөрдө кемчиликсиз түзүлүшү карала турган нейтрон менен протондор мына ушундайча жоктуктан «көз ирмемден» да кыска бир убакыт ичинде жаратылышкан.
Жарылуудан кийинки 1-секундага келели. Бул учурдагы массанын тыгыздыгын караганыбызда дагы эле абдан чоң бир санды көрөбүз. Эсептөөлөр боюнча бул кездеги массанын (материянын) тыгыздыгы бир литрге 3,8 миллиард килограммды түзгөн. Миллиард килограмм деп айтылган бул санды арифметикалык жактан аныктоо жана бул санды кагаз бетинде көрсөтүү оңой. Бирок бул чоңдукту толук түшүнүү мүмкүн эмес. Бул сандын чоңдугун оңойураак көрсөтүү үчүн абдан жөнөкөй бир мисал бере турган болсок; «Гималайлардагы Эверест чокусу бул тыгыздыкта болгондо, ээ болгон тартылуу күчү менен дүйнөбүздү бир заматта жутуп салмак» десек болот.7
Кийинки убакыт аралыгынын эң негизги өзгөчөлүгү болсо – бул температуранын абдан төмөн деңгээлде болушу. Аалам эми болжол менен 14 секундалык өмүргө ээ жана температура болсо 3 миллиард даражада жана абдан кереметтүү бир ылдамдык менен кеңейишин улантууда.
Суутек жана гелий ядролору сыяктуу тең салмактуу атом ядролору пайда болуп баштаган учур да мына ушул учур. Б.а. бир протон менен бир нейтрон алгачкы жолу чогуу тура ала турган бир шартты таба алышкан. Массасы бар менен жок арасында болгон бул эки бөлүкчө кереметтүү бир тартылууну пайда кылуу менен, ошол кереметтүү таркалуу ылдамдыгына каршы туруп башташкан. Абдан аң-сезимдүү, башкарылган бир процесс жүрүп жатканы белгилүү. Абдан чоң бир жарылуудан соң улуу бир тең салмактуулук, так бир тартип пайда болууда. Протондор менен нейтрондор биригип, заттын курулуш материалы болгон атомду пайда кылып башташкан. Бирок бул бөлүкчөлөрдүн затты пайда кылуу үчүн керектүү тең салмактуулуктарды камсыздай турган бир күчкө жана аң-сезимге ээ болушу, албетте, мүмкүн эмес.
Бул процесстен кийинки периоддо ааламдын температурасы 1 миллиард даражага төмөндөгөн. Бул температура күндүн борбордогу температурасынан 60 эсе чоң. Алгачкы учурдан ал кезге чейин өткөн убакыт болгону 3 мүнөт 2 секунда гана. Эми фотон, протон, анти-протон, нейтрино жана антинейтрино сыяктуу атом-асты бөлүкчөлөр көп санда. Бул периоддо бар болгон бардык бөлүкчөлөрдүн саны жана бир-бирине болгон таасирлери абдан критикалуу. Б.а. кандайдыр бир бөлүкчөнүн санындагы кичинекей эле өзгөрүү булар аныктаган энергия деңгээлин бузат жана энергиянын затка айланышына тоскоол болот.
The Hydrogen Atom |
Мисалы, электрон менен позитрондорду карайлы: электрон менен позитрон бириккенде энергия пайда болот. Ошондуктан экөөсүнүн тең саны абдан маанилүү. Айталы 10 бирдик электрон менен 8 бирдик позитрон туш болду. Бул учурда 10 бирдик электрондун 8 бирдиги кайра эле 8 бирдик позитрон менен реакцияга кирет жана натыйжада энергия пайда болот. Натыйжада 2 бирдик электрон эркин калат. Электрон ааламдын курулуш материалы болгон атомду түзгөн бөлүкчөлөрдүн бири болгондуктан, аалам пайда болушу үчүн бул периоддо керектүү санда электрон болушу шарт. Жогорудагы мисалга карап ойлонсок, кезиккен электрон менен позитрондордон, эгер позитрондордун саны көбүрөөк болгондо, натыйжада ачыкка чыккан энергиядан электрондун ордуна позитрондор ашып калмак жана зат ааламы эч пайда боло алмак эмес. Позитрон менен электрондордун саны барабар болгондо, анда энергия гана чыкмак жана заттык ааламга тиешелүү эч нерсе пайда болмок эмес. Бирок электрон санынын ашыкча болушу кийин протондордун санына барабар боло турган абалда абдан так бир өлчөө менен жөнгө салынган. Себеби кийин пайда боло турган атомдо электрон менен протон сандары бир-бирине барабар болот.
Чоң жарылуудан соң пайда болгон бөлүкчөлөрдүн саны мына ушунчалык так бир эсеп менен аныкталган жана натыйжада заттык аалам пайда боло алган. Проф. Др. Стивен Вайнберг (Steven Weinberg) бул бөлүкчөлөр арасындагы реакциянын канчалык критикалык экенине төмөнкүчө басым жасаган:
Ааламда алгачкы бир канча мүнөттө чындап эле дал бирдей санда бөлүкчө жана каршы бөлүкчө пайда болгон болгондо, температура 1.000.000.000 даражанын астына түшкөндө, булардын баары жок болмок жана радиациядан башка эч нерсе калмак эмес. Бул ыктымалдуулукка каршы абдан жакшы бир далил бар: бар болушубуз. Бөлүкчө жана каршы бөлүкчөлөр жок болгон соң учурдагы ааламдын затын түзүү үчүн бир нерселер калышы үчүн позитрондордон бир аз көбүрөөк протон жана каршы нейтрондордон бир аз көбүрөөк нейтрон болушу керек эле.8
Башталыштан ушуга чейин жалпысынан 34 мүнөт 40 секунда өттү. Ааламыбыздын өмүрү эми жарым саатка барабар. Температура миллиард даражалардан түшүп, 300 миллион даражага жеткен. Электрондор менен позитрондор бир-бири менен сүзүшүп энергия чыгарууну улантышат. Эми атомду түзө турган бөлүкчөлөрдүн саны зат ааламынын пайда болушуна мүмкүндүк бере турган деңгээлде тең салмактуулукка келишкен.
Жарылуунун ылдамдыгынын салыштырмалуу жайлашы менен бирге дээрлик массасы да болбогон бул бөлүкчөлөр бир-биринин таасирине кирип башташат. Алгачкы суутек атому бир электрондун бир протондун орбитасына кириши менен пайда болот. Бул процесс менен бирге ааламда биз кезиккен негизги күчтөр менен таанышкан болобуз.
Steven Weinberg |
Адам акылына сыйбас бир пландын жемиши болгон жана түзүлүшү абдан кылдат тең салмактуулуктарга курулган бул бөлүкчөлөрдүн кокустуктар натыйжасында биригип, болгондо да баарынын бирдей кыймыл-аракетти жасашы албетте мүмкүн эмес. Бул кемчиликсиздик муну изилдегендердин баарын абдан маанилүү бир чындыкка алпарат. Бул жерде улуу бир «жаратылуу» жана бул жаратылуунун ар бир көз ирмеминде теңдешсиз бир көзөмөл бар. Себеби жарылуудан соң пайда болгон ар бир бөлүкчөнүн белгилүү бир убакытта, белгилүү бир температурада жана белгилүү бир ылдамдык менен пайда болушу шарт. Коңгуроого коюлган бир саат сыяктуу иштеген бул система иштеп баштоодон мурда бул кылдат жөнгө салуулар менен бирге программаланган. Б.а. чоң жарылуу жана анын натыйжасында пайда болгон кемчиликсиз аалам жарылуу башталаардан мурда пландалган жана андан соң процесс башталган.
Ааламды пландаган, долбоорлогон жана башкарган – бул, албетте, бүт нерсенин Жаратуучусу болгон улуу Аллах.
Бул жаратуу бир гана атомдо эмес, ааламдын чоң кичине бүт нерсесинде көрүнүп турат. Башында бир-биринен жарык ылдамдыгы менен айрылып алыстаган бул бөлүкчөлөрдөн бир гана суутек атомдору пайда болгон эмес, учурдагы аалам камтыган бардык кереметтүү системалар, башка атомдор, молекулалар, планеталар, күндөр, күн системалары, галактикалар, квазарлар ж.б. кереметтүү бир план, өлчөө жана тең салмактуулук ичинде катары менен пайда болушкан. Бир даана атомдун пайда болушу үчүн керектүү бөлүкчөлөрдүн кокустан биригиши, так тең салмактуулуктарды пайда кылышы да мүмкүн эмес болуп турганда, планеталардын, галактикалардын, кыскача айтканда, ааламдын жашоосун камсыз кылган бүт системалардын баарынын бир-бирден кокустуктар натыйжасында пайда болуп, тең салмактуулуктарга жеткенин жактоо толугу менен акылсыздык жана логикасыздык болот. Бул теңдешсиз долбоор бүт ааламдын Жаратуучусу болгон Аллахка тиешелүү.
The Helium Atom |
Пайда болушу өз башынча бир керемет болгон суутек атомун башка атомдордун пайда болушу ээрчиген. Бирок бул жерде ойго «башка атомдор эмнеге карап пайда болушту, эмне үчүн бүт протон менен нейтрондор суутек атомун гана пайда кылышкан жок, бөлүкчөлөр кайсы атомдон канчалык пайда кылуу керек экенин кантип чечишти?...» сыяктуу суроолор келет. Бул суроолордун жообу бизди бир эле жыйынтыкка алып барат: суутектин жана андан соң башка бүт атомдордун пайда болушунда улуу бир кудурет, башкаруу жана план бар. Бул башкаруу жана план адам акылына жакшы сыйбаган, ачык бир «жаратуу» бар экенин көрсөткөн өзгөчөлүктө. Чоң жарылуу менен пайда болгон физика мыйзамдары арадан өткөн болжолдуу 17 миллиард жылдык убакытта эч өзгөргөн эмес. Болгондо да, бул мыйзамдар ушунчалык так эсептер натыйжасында жаратылгандыктан, бүгүнкү чоңдугунан миллиметрге башкача болсо, бүт ааламдагы түзүлүштү жана тартипти астын-үстүн кыла турган натыйжаларга жол ачышы мүмкүн. Бул жерде атактуу физик Проф. Стивен Хоукингдин (Stephen Hawking) бул жөнүндөгү сөздөрү кызыктуу. Хоукинг баяндалган кубулуштардын негизи биз түшүнө алгандан бир топ кылдат эсептер үстүнө курулганын мындайча айтат:
Эгер Биг Бенгден бир секунда кийин кеңейүү чоңдугу 100.000 миллион көбөйтүү миллиондо бирге аз болгондо, аалам кеңейүүнү токтотуп, өз ичине чөгүп кетмек.9
Ушунчалык так эсептер үстүнө курулган Чоң жарылуу убакыттын, мейкиндиктин жана заттын өзүнөн-өзү пайда болбогонун, бүт нерсенин Аллах тарабынан жаратылганын апачык көрсөтүүдө. Себеби жогоруда баяндалган кубулуштардын ээн баш кокустуктар натыйжасында пайда болушу жана ааламдын курулуш материалы болгон атомду пайда кылышы эч мүмкүн эмес.
Бул темада изилдөө жасаган көп илимпоздор да ааламдын жаратылуусунда чексиз бир күчтүн бар экенин жана анын улуулугун кабыл алышкан. Атактуу астрофизик Хью Росс (Hugh Ross) ааламдын Жаратуучусунун бүт чен-өлчөмдөрдүн үстүндө экенин мындайча түшүндүрөт:
Убакыт – кубулуштар ишке ашкан чен-өлчөм. Эгер убакыт жарылуу менен бирге пайда болгон болсо, анда ааламды пайда кылган себептин ааламдагы убакыт жана мейкиндиктен толугу менен көз-карандысыз болушу керек. Бул бизге Жаратуучунун ааламдагы бүт чен-өлчөмдөрдөн жогору экенин көрсөтөт. Ошондой эле, Жаратуучунун, кээ бирөөлөр жактагандай, ааламдын өзү эмес экенин жана ааламды курчаганын, ааламдын ичиндеги эле бир күч эмес экенин далилдейт.10
Биг Бенгдин эң негизги өзгөчөлүгү – бул теория менен адамдардын Аллахтын кудуретин жакшыраак түшүнүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушунда. Ичиндеги бүт заттар менен бирге бир ааламдын жоктон пайда болушу Аллахтын кудуретинин эң чоң далилдеринен. Жарылуу учурундагы энергиянын кылдат тең салмактуулугу болсо Аллахтын илиминин чексиздигин ойлонтууга багытталган абдан чоң бир ишарат.
Ааламдагы физика мыйзамдарынын Чоң жарылуудан кийин пайда болгонун айтып өткөн элек. Бул мыйзамдар учурда заманбап физика кабыл алган «төрт негизги күчтүн» айланасында чогулат. Бул күчтөр ааламдагы бүт тартипти жана системаны түзүү үчүн Чоң жарылуунун артынан эле, алгачкы атом бөлүкчөлөрү пайда болгондон баштап жана атайын белгиленген убактарда пайда болушкан. Атомдор, б.а. зат ааламы ушул күчтөрдүн таасири менен гана бар боло алган жана ааламга абдан тартиптүү бир план менен таркалышкан. Бул күчтөр: жердин тартылуу күчү деп аталган массанын тартуу күчү, электромагниттик күч, күчтүү ядролук күч жана алсыз ядролук күч. Булардын баарынын күчү жана таасири бир-биринен айырмалуу. Күчтүү жана алсыз ядролук күчтөр атомдун түзүлүшүн гана аныкташат. Берки эки күч, б.а. жердин тартылуу күчү жана электромагнит болсо атомдордун арасындагы байланышты жана натыйжада бүт заттык нерселер арасындагы тең салмактуулукту аныкташат. Жер бетиндеги мындай кемчиликсиз тартип бул күчтөрдүн абдан так чоңдукта болушунун бир натыйжасы. Эң кызыктуу жагдай болсо бул күчтөр бир-бирине салыштырылганда көрүлөт. Себеби Биг Бенгден соң пайда болгон жана ааламга таркаган заттар араларында абдан чоң айырмалар болгон ушул күчтөргө жараша аныкталган. Бул күчтөрдүн чоңдуктарын бир-бирине төмөнкүчө салыштырууга болот:
Бул негизги күчтөр кемчиликсиз бир күч таралышы менен зат ааламынын пайда болушуна шарт түзүшөт. Күчтөр арасындагы бул катыш ушунчалык так бир тең салмактуулукта курулгандыктан, ушул катышта болгондо гана бөлүкчөлөргө талап кылынган таасирди бере алышат.
1. Carbon -14: 6 protons, 8 neutrons |
Китептин башынан бери атомдун баскыч баскыч кантип жаратылганын жана бул жаратылуудагы так тең салмактуулуктарды карадык. Өзүбүз да кошо, айланабызда көзүбүзгө көрүнгөн бүт нерсенин атомдордон тураарын жана бул атомдордун болсо көптөгөн бөлүкчөлөрдөн тураарын көрдүк. Бир атомдун ядросун түзгөн бүт бөлүкчөлөрдү чогуу кармап турган күч эмне болду экен? Ядрону чогуу (чачыратпай) кармап турган жана физика мыйзамдары билген эң кубаттуу күчтү түзгөн бул күч – «күчтүү ядролук күч».
Strong nuclear force: 15 |
Бул күч атомдун ядросундагы протондордун жана нейтрондордун чачырабастан чогуу турушун камсыз кылат. Атомдун ядросу ушинтип түзүлөт.
Бул күчтүн кубаты ушунчалык жогору болгондуктан, ядронун ичиндеги протондордун жана нейтрондордун дээрлик бир-бирине жабышып турушуна шарт түзөт. Ушул себептен бул күчтү алып жүргөн абдан кичинекей бөлүкчөлөр латын тилинде «жабыштыргыч (клей)» маанисине келген «gluon» деген ат менен аталышат. Бул жабышуунун күчү абдан так жөнгө салынган. Бул жабыштыргычтын күчү протондордун жана нейтрондордун талап кылынган аралыкта турушун камсыз кылуу үчүн атайын белгиленген.
Бул күч бир аз күчтүүрөөк болгондо, протондор менен нейтрондор бир-биринин ичине кирмек, бир аз алсызыраак болгондо болсо, чачырап, таркап кетишмек. Мына ушул күч Чоң жарылуунун алгачкы секундаларынан бери атомдун ядросунун пайда болушу үчүн керектүү жалгыз мааниге ээ.
Күчтүү ядролук күч сыртка чыкканда, канчалык кыйратуучу күчкө ээ экенин бизге Хиросима менен Нагасакидеги тажрыйбалар көрсөткөн.
Алдыдагы бөлүмдөрдө тереңирээк карала турган атом бомбаларынын мынчалык таасирдүү болушунун жалгыз себеби – бул атомдун ядросунда сакталган ушул күчтүн сырткы чыгышы.
Ушул учурда жер бетиндеги тартипти камсыздаган эң маанилүү факторлордун бири – бул атомдун өз ичинде тең салмактуу бир түзүлүштө болушу. Бул тең салмактуулук урматында заттар бир заматта бузулуп кетпейт жана адамдарга зыян бере турган нурларды чыгарбайт. Атом бул тең салмактуулугун ядросундагы протондор менен нейтрондор арасындагы «алсыз ядролук күчтүн» урматында сактайт. Бул күч өзгөчө ичинде ашыкча нейтрон жана протон болгон ядролордун тең салмактуулугун камсыз кылууда маанилүү бир роль ойнойт. Бул тең салмактуулукту камсыз кылууда керек болсо бир нейтрон протонго айлана алат.
Бул процесс натыйжасында ядродогу протон саны өзгөргөндүктөн, эми атом да өзгөрүп, башка бир атом болуп калат. Бул жерде жыйынтык абдан маанилүү. Бир атом талкаланбастан, башка бир атомго айланган жана затын (материясын) коргоп калган болот. Мына ушундайча жандыктар ээн баш абалда айланага таркап адамдарга зыян бере турган бөлүкчөлөрдөн келчү коркунучтардан бир коопсуздук кемери менен корголгондой корголгон болушат.
Бул күчтүн ачылышы физика дүйнөсүндө бир чыйыр ачты. Ар бир телонун өзүнүн түзүлүшүнө жараша бир «электрдик зарядга» ээ экени жана бул электрдик заряддар арасында бир күч бар экени аныкталды. Бул күч карама-каршы электрдик заряддуу бөлүкчөлөрдүн бир-бирин тартышын, бирдей заряддуу бөлүкчөлөрдүн болсо бир-бирин түртүшүн камсыз кылат. Мунун урматында бул күч атомдун ядросундагы протондор менен айланасындагы орбиталарда жүргөн электрондордун бир-бирине тартылышын камсыздайт. Мына ушундайча атомду түзгөн эки негизги бөлүк болгон «ядро» менен «электрондор» бирге болуу мүмкүнчүлүгүн алышат.
Бул күчтүн кубатынын кичине эле башкача болушу электрондордун ядронун айланасынан чачырап, таркап кетишине же ядрого жабышып калышына себеп болот. Бул эки учурда тең атомдун, жана натыйжада зат ааламынын пайда болушу мүмкүн эмес. Бирок бул күч алгач пайда болгондон бери ээ болгон чоңдугу урматында ядродогу протондор менен электрондорду атомдун пайда болушу керек болгон, эң ылайыктуу күчтө тартат.
Supreme design and perfect order prevail in the entire universe governed by these fundamental forces. The Owner of this order is, beyond doubt, Allah, Who created everything flawlessly out of nothing. Isaac Newton (1642-1727), the father of modern physics and celestial mechanics, who is recognized as "one of the greatest scientists who ever lived" draws attention to this fact: |
Бул күч биз сезе алган жалгыз күч болсо да, ал жөнүндө абдан аз маалыматыбыз бар. Биз жердин тартылуу күчү деп билген бул күчтүн чыныгы аты «гравитациялык күч». Күчү башка күчтөргө салыштырмалуу эң төмөн болгону менен, абдан чоң массалардын бир-бирин тартышын камсыздайт. Ааламдагы галактикалардын, жылдыздардын бир-бирлеринин орбиталарында турушунун себеби – ушул күч. Дүйнөнүн жана башка планеталардын күндүн айланасында белгилүү бир орбитада кала алышынын себеби да – гравитациялык күч. Биз ушул күчтүн урматында жер бетинде басып жүрө алабыз. Бул күчтүн кубатында бир азайуу болсо, жылдыздар ордунан жылып, дүйнө орбитасынан чыгат, биз болсо жердин бетинен космос мейкиндигине чачылабыз. Кичинекей бир көбөйүү болсо жылдыздар бир-бирин сүзүп, дүйнө күнгө жабышат жана биз болсо жердин астына чөгөбүз. Булардын баарынын ыктымалдыгы төмөн сезилиши мүмкүн, бирок бул күчтүн учурдагы кубатынан бир саамга эле башкача болушу бул жыйынтыктарга туш болуу үчүн жетиштүү.
Бул багытта изилдөө жасаган бүт илимпоздор сөз кылынган негизги күчтөрдүн абдан кылдаттык менен аныкталган болушунун ааламдын бар болушу үчүн сөзсүз керектүү бир шарт экенин кабыл алышууда.
Атактуу молекулярдык биолог Майкл Дентон (Michael Denton) Nature's Destiny: How the Laws of Biology Reveal Purpose in the Universe (Табияттын тагдыры: биология мыйзамдары ааламдагы максатты кандайча көрсөтүүдө) аттуу китебинде бул чындыкка мындайча басым жасайт:
Эгер гравитациялык күч бир триллион эсе күчтүү болгондо, анда аалам абдан кичинекей бир жерде болмок жана өмүрү да абдан кыска болмок. Орточо бир жылдыздын массасы азыркыдан бир триллион эсе кичинекей болмок жана өмүрү да бир жылдай эле болмок. Башка тараптан, эгер гравитациялык күч биразга эле алсызыраак болгондо, эч бир жылдыз же галактика эч пайда боло алмак эмес. Башка күчтөр арасындагы тең салмактуулуктар да абдан назик «эсептелген». Эгер күчтүү ядролук күч биразга эле алсыз болгондо, анда ааламдагы жалгыз тең салмактуу элемент суутек болмок. Башка эч бир атом боло алмак эмес. Эгер күчтүү ядролук күч электромагниттик күчкө салыштырмалуу биразга эле күчтүүрөөк болгондо, анда ааламдагы жалгыз тең салмактуу элемент ядросунда эки протону бар бир атом болмок. Мындай учурда ааламда эч суутек болмок эмес, жана жылдыздар жана галактикалар эгер пайда болушса да, азыркы түзүлүштөрүнөн такыр башкача болмок. Кыскасын айтканда, эгер бул негизги күчтөр жана өзгөрүүчүлөр азыр ээ болгон маанилеринин дал өзүндөй мааниге ээ болушпаса, эч бир жылдыз, супернова (supernova), планета жана атом болмок эмес. Жашоо да болмок эмес.11
Атактуу физик Пол Дейвис (Paul Davies) болсо ааламдагы физика мыйзамдарынын бул белгиленген өлчөмдөрүнө болгон таң калуусун мындайча билдирет:
Жана адам космологияны изилдеген сайын керемет улам даанараак абалга келет. Ааламдын башталышы жөнүндөгү акыркы ачылыштар кеңейип бараткан ааламдын таң калыштуу бир кылдаттык менен тартипке салынганын ортого койууда.12
Бүт ааламда бул негизги күчтөрдүн үстүнө курулган улуу бир долбоор жана кемчиликсиз бир тартип өкүм сүрүүдө. Бул тартиптин Ээси албетте бүт нерсени кемчиликсиз абалда жоктон бар кылган Аллах. Эң төмөн күч менен жылдыздарды орбиталарында кармаган, эң күчтүү күч менен кичинекей атомдун ядросун аралаштырган – бул ааламдардын Рабби Аллах. Бүт күчтөр Ал койгон «өлчөмдөргө» жараша кыймылдайт. Аллах ааламдын жаратылуусундагы тартипке, «белгилүү бир өлчөм менен» эсептелген тең салмактуулуктарга бир Куран аятында мындайча көңүл бурган:
Асмандардын жана жердин мүлкү Ага тиешелүү; (Анын) баласы жок. Мүлктө Анын шериги жок, бүт нерсени жаратып, аны тартипке салган, белгилүү бир өлчөм менен жараткан. (Фуркан Сүрөсү, 2)
1. David Filkin, Stephen Hawking's Universe:The Cosmos Explained, Basic Books, October 1998, pp. 85-86
2. Stephen Hawking's A Brief History of Time A Reader's Companion (Edited by Stephen Hawking; prepared by Gene Stone), New York, Bantam Books, 1982, p. 62-63
3. Henry Margenau, Roy Abraham Vargesse, Cosmos, Bios, Theos, La Salla IL: Open Court Publishing, 1992, p. 241
4. H. P. Lipson, "A Physicist Looks at Evolution", Physics Bulletin, vol. 138, 1980, p. 138
5. Taşkın Tuna, Uzayın Sırları (The Secrets of Space), Boğaziçi Yayınları, p.185
6. Colin A. Ronan, The Universe Explained, The Earth-Dwellers's Guide to the Mysteries of Space, Henry Holt and Company, pp. 178-179
7. Taşkın Tuna, Uzayın Sırları (The Secrets of Space), Boğaziçi Yayınları, p.186
8. Steven Weinberg, The First Three Minutes, A Modern View of the Origin of the Universe, Basic Books, June 1993, p. 87
9. Stephen W. Hawking, A Brief History of Time, Bantam Books, April 1988, p. 121
10. Hugh Ross, The Creator and the Cosmos, How Greatest Scientific Discoveries of the Century Reveal God, Colorado: NavPress, Revised Edition, 1995, p. 76
11. Michael Denton, Nature's Destiny:How The Laws of Biology Reveal Purpose in the Universe, The New York: The Free Press, 1998, pp. 12-13
12. Paul Davies, The Accidental Universe, Cambridge: Cambridge University Press, 1982, Foreword