Жыйынтык

Албетте, дүйнөдө бир адамдын жаратылгандыгынан жана Улуу Аллахты таанышынан маанилүүрөөк нерсе жок. Бул китепте ар бир адам үчүн жашоодо эң маанилүү болгон ушул теманы түшүндүрүүгө аракет кылдык.

Бирок ушул жерде бир жагдайды белгилей кетүү туура болот; бир адам ааламдын жана өзүнүн жаратылганын түшүнүшү үчүн негизи өтө көп деле маалымат талап кылынбайт. Бир жаш бала да, бойго жеткен адам да өзүнүн абийири менен акылынын чегинде жаратылганын түшүнө алат. Бул жөнүндө Куранда кабар берилген Аз. Ибрахим (ас)дын сөзү өтө сонун бир мисал болот.

Аз. Ибрахим (ас) Аллахка ишенбеген, путтарга (идолдорго) сыйынган бир коомдо жашачу. Ага Аллахтын бар экени жөнүндө эч нерсе үйрөтүлбөсө да, акылы жана абийири (жүрөгү) менен жаратылганын, болгондо да асмандарды жана жерди жараткан Аллах тарабынан пайда кылынганын түшүнгөн. Куранда бул мындайча баяндалат:

Түн асманды каптаганда бир жылдызды көрүп: «Ушул менин Раббим» деди. Бирок (жылдыз) жоголгондо: «Мен жоголуп-кетчүлөрдү сүйбөйм» деди. Анан айды (айланага жарык чачып) чыгып жатканын көргөндө: «Бул менин Раббим» деп, бирок ал да жоголгондо: «Ант болсун» деди, «Эгер Раббим мени туура жолго салбаса, чындап адашкандардан боломун.» Анан күндү (айланага нур чачып) чыгып жатканын көргөндө: «Мына ушул менин Раббим, бул эң чоң» деди. Бирок ал да жоголуп кеткенде, коомуна: «Эй коомум, чындыгында мен силердин ширк (шерик) кошуп жаткандарыңардан алысмын» деди. «Чындыгында, мен бир муваххид (Аллахтын жалгыздыгына ишенген) катары жүзүмдү асмандарды жана жерди жаратканга бурдум. Жана мен мушриктерден (Аллахка шерик кошкондордон) эмесмин.» (Энъам Сүрөсү, 76-79)

Аз. Ибрахим (ас)дын өрнөк мамилесинен да көрүнүп тургандай, акылы жана абийири бар, «заалымдык жана текебердик себебинен баш тартпаган» ар бир адамдын ааламдын жаратылганын; болгондо да өтө улуу бир тартип жана гармония менен жаратылганын түшүнө ала турган жөндөмү бар.

Албетте, көз алдыга тартууланган ушунча далилге карабай, «Аллах жок» деген адамдардын абалы акылы жана абийири бар адамдар үчүн өтө таң калыштуу болот. Куранда Аллахтын жаратуу күчүнө ишенбегендер жөнүндө мындай деп айтылган:

Эгер таң кала турган болсоң, чыныгы таң кала турган нерсе – бул алардын: «Биз топуракка айланганда, чындап биз кайрадан тирилтилебизби?» деген сөздөрү. Мына ошолор Раббилерин тангандар, мына ошолор моюндарына (оттон) шакектер кийгизилгендер жана мына ошолор ичинде түбөлүк кала турган оттун достору. (Рад Сүрөсү, 5)

Бул китепте айтылгандар сиз үчүн өмүрүңүздөгү эң маанилүү нерсе. Балким буга бүгүнкү күнгө чейин анчалык маани бербей, ал тургай, бул жөнүндө эч ойлонгон эмес чыгаарсыз. Бирок, ишенип коюңуз, сизди жараткан Аллахты таануу бүт баарынан өтө маанилүү жана биринчи кезекте турат.

Анын сизге бергендерин бир ойлоп көрүңүз; өмүр сүрүшүңүз үчүн атайын жаратылып, бүт майда-бараттары ойлонуштурулган бир дүйнөдө жашап жатасыз. Бул дүйнөгө келүү үчүн жана бул тартипти жасоо үчүн эч нерсе кылган жоксуз; сиздин буга эч бир салымыңыз болгон жок. Бир күнү көзүңүздү ачып, ушунча сый-жакшылыктардын ичинде болуп калдыңыз. Көрө аласыз, уга аласыз, сезе аласыз...

Аллах ушундай жаратууну каалаганы үчүн гана баары ушундай болду. Бир аятта мындай деп айтылат:

Аллах силерди энеңердин курсагынан эч нерсе билбеген абалыңарда чыгарды жана шүгүр кылышаар деп угуу, көрүү (сезүү органдарын) жана көңүлдөр берди. (Нахл Сүрөсү, 78)

Аятта да айтылгандай, колуңуздагы бүт нерсени сизге берген жана ичинде жашап жаткан бүт ааламды жараткан бир гана Аллах. Демек, келиңиз сизди Жаратканга моюн сунуңуз жана берген бүт сый-жакшылыктары үчүн Ага шүгүр кылыңыз, ошентип чексиз утукка жете аласыз. Эгер мындай кылбасаңыз, жакшылыкты билбеген болосуз жана Аллахтын каалоосу менен түбөлүккө улана турган бир азапка өзүңүздү таштайсыз...

Ишенип коюңуз, Аллах бар жана сизге өтө жакын...

Ар бир кылганыңызды көрүп, билип турат жана ар бир сөзүңүздү угат...

Жана ишенип коюңуз, сиз да кошо бүт адамдар абдан жакында Улуу Раббибиз Аллахка сурак беришет...

Айтышты:
«Сен – Улуксуң, бизге үйрөткөнүңдөн башка биздин эч кандай илимибиз жок. Чындыгында, Сен – бардык нерсени билүүчү,
өкүмдар жана даанышмансың.»
(Бакара Сүрөсү, 32)

БӨЛҮШҮҮ
logo
logo
logo
logo
logo
Жүктөөлөр
  • Баш Сөз
  • Кириш Сөз
  • Жоктон Бар Болуу
  • Асмандардагы Жана Жердеги Далилдер
  • Илимпоздор Аллахтын Далилдерин Тастыкташууда
  • Илимий Чындыктар Жана Куран Керемети
  • Аллах Улук
  • Эволюция Жаңылыштыгы
  • Аллахты Жокко Чыгарып Жаңылган Философиялар
  • Аллахка Ишенбеген Коом Моделинин Зыяндары
  • Убада Кылынган Чыныгы Мекен: Акырет
  • Зат Жөнүндө Башкача Бир Көз-Караш
  • Убакыттын Салыштырмалуулугу Жана Тагдыр
  • Жыйынтык