Ааламдагы эч бир буюмдун, болуп жаткан эч бир окуянын, эч бир мыйзамдын бош жана максатсыз эместигин акылы жана абийири бар ар бир адам түшүнө алат. Биз жашап жаткан ааламдын келип чыгышы, мурдакы бөлүмдөрдө да айтылгандай, өтө кылдат тең салмактуулуктарга таянат. Бүт тарабынан ЖАРАТЫЛГАНЫ эч күмөнсүз бир акыйкат катары далилденген аалам максатсыз жаратылган болушу мүмкүнбү?
Албетте, жок.
Ойлоп көрүңүз, миллиарддаган галактика ичинде бир чаңчалык да орун ээлебеген жердин бетинде жашаган адамдардын да кылган ар бир ишинин бир максаты бар; андай болсо ааламдын баарын максатсыз пайда болгон деп айтуу канчалык логикалуу болот?
Аллах адамдарга эч максатсыз жаратылбаганын кабар берген:
«Биз силерди бош бир максат үчүн жаратты жана чындыгында Бизге кайра кайтпайбыз деп ойлодуңар беле?» (Мүминун Сүрөсү, 115)
Чоң жарылуудан атомдорго, атомдордон галактикаларга жана галактикалардан дүйнөбүзгө чейин уланган кереметтүү окуялар урматында бүгүн жер жүзүндө жашоо бар. Болгондо да, бул жашоо үчүн керектүү бүт муктаждыктар өтө кылдат пландалып, эң мыкты жаратылган; асманда керектүү бүт энергияны камсыз кылуучу күн, жердин астында сактап коюлган булактар, бүт тарабы миллиондогон түрдүү өсүмдүк жана жаныбарлар менен жабдылган бир дүйнө...
Бирок бул жерге чейин айтылган ушунча кереметтүү кубулуштарга карабастан, дагы эле кээ бир адамдар Улуу Аллахты жок дешүүдө. Бир спермадан адам кебетесине келүүнү кадыресе көргөн мындай кишилер, Куранда айтылгандай, өлүмдөн кийин тирилтилээрине ишенбей, ар кандай логикасыз сөздөрдү айтышат. Атеисттердин бузук логикасын жана аларга берилген жоопту Аллах Куранда мындайча билдирген:
Өзүнүн кантип жаратылганын унутуп, Бизге бир мисал берип; (мындай) деди: «Чирип-талкаланганда бул сөөктөрдү ким тирилтет экен?» Айткын: «Аларды алгачкы жолу жаратып-кураган тирилтет. Ал ар түрдүү жаратууну билет.» (Йасин Сүрөсү, 78-79)
Аллах ааламдагы бүт нерселерди белгилүү бир максат менен жараткан жана «Ал, амал (иш-аракеттер) жагынан кайсыңардын жакшыраак болоорун сыноо үчүн өлүмдү жана жашоону жаратты. Ал жогору жана кудуреттүү, абдан кечиримдүү.» (Мүлк Сүрөсү, 2) аяты аркылуу адамдын жаратылуу максатын кабар берген. Бул аяттан да көрүнүп тургандай, бул дүйнө бир сыноо мекени жана убактылуу. Бүт адамдардын да, дүйнөнүн да убактысы Аллах Кабатында белгиленген бир аягы бар. Адамдар аларга берилген кыска өмүрдү Аллах белгилеген жана Куранда аларга билдирилген чектерге ылайык жашоого милдеттүү. Бул жерде кылгандарынын акысын болсо акыретте алышат.
Адамдар арасында Аллахты жокко чыгарган системаларды жайылтууга аракет кылган кишилер дүйнөдө аларды ээрчигендерге азаптуу жашоо сунушташат. Жана ал кишилер акыретте да арттарынан ээрчиткен адамдардын азабына себеп болушат. Болгондо да, дүйнөдө аларды ээрчиген акылсыз адамдарга көрсөткөн жылуу мамилесин ал жакта эч качан көрсөтүшпөйт. Тескерисинче, ал жерде азаптан кутулуу үчүн «Зулумдук кылган ар бир жан жер жүзүндөгүлөрдүн баары аныкы болсо аны (азаптан кутулуу үчүн) сөзсүз садака кылып бермек...» (Йунус Сүрөсү, 54) деген аятта билдирилгендей, өзүн гана куткаруу аракетинде болушат. Бул дүйнөдө атеизмге жол башчылык кылган кишилердин акыреттеги мамилеси башка аяттарда да адамдарга кабар берилген:
... Ар бир үммөт кирип жатып бир тууганын (өзүнө окшогонду) каргайт. Баары бир-биринин артынан ал жерде чогулганда, эң акыркылар эң алдыңкылар үчүн: «Раббибиз, мына ушулар бизди адаштырды; ошондуктан оттон эсе эсе көп бир азап бер» дешет. (Аллах болсо:) «Баары үчүн эсе эсе. Бирок силер билбейсиңер» дейт. (Анда) Алдыңкылар кийинкилерге: «силердин бизден бир артыкчылыгыңар жок, кылгандарыңар үчүн азапты таткыла» дешет. (Аьраф Сүрөсү, 38-39)
Көрүнүп тургандай, адамдардын атеизмде алдыңкылардан же арткылардан болушу алардын абалын көп деле өзгөртпөйт. Аягында эки топ тең бактысыздыкка туш болуп, дүйнөдө кылган күнөөлөрү себептүү түбөлүк азапка татыктуу болушат. Аллах Куранда мындай кишилердин кыямат күнүндөгү, сурак күнүндөгү жана тозоктогу маанайын, андагы шарттарды жана алардын тарта турган азабын терең сүрөттөгөн.
Аллах Куранда кыямат күнү жөнүндө «... Ал жарчы «бейтааныш, көрүлбөгөн» бир нерсеге чакырган күнү...» (Камер Сүрөсү, 6) деп билдирет. Б.а. ал күнкү коркуу мурда эч көрүлбөгөн бир коркуу болот.
Ал убакытка адамдар жумушунда иштеп жатканда, үйүндө уктап жатканда, телефондо сүйлөшүп жатканда, китеп окуп жатканда, күлүп жатканда, ыйлап жатканда же баласын мектепке калтырып жатканда кокустан кармалышы мүмкүн. Болгондо да, бул кармалуу эч бир адам дүйнөдөгү жашоосу бою эч туш болбой турган үрөй учурарлык бир кармалуу болот.
Кыямат Сурдун үйлөнүшү менен башталат (Мүдессир Сүрөсү, 8-10). Бул үн дүйнөнүн бүт тарабынан угулганда, Аллах ага берген мөөнөттү Анын ыраазылыгы үчүн колдонбогондор катуу коркууга туш болушат. Аллах Куранда ал күнү боло турган коркунучтуу окуяларды төмөнкүчө билдирет:
... Аларга убада кылынган (чыныгы азап) (кыямат) сааты. Ал саат кутулууга болбой турган коркунучтуураак бир балээ жана азаптуураак. (Камер Сүрөсү, 46)
Аяттарда айтылышынча Сур үйлөнгөн соң катуу жер титирөө жана кулактарды жара тургандай бир күркүрөө болот. Бүт тарапты каптаган жер титирөөнүн күчүнөн тоолор титиреп, астындагы топурак менен бирге жылып баштайт (Зилзала Сүрөсү, 1-8).
Тоолор ушаланып, бир кум жыйындысына айланат (Вакыа Сүрөсү, 5).
Адамдар ошол кезге чейин баалаган нерселеринин канчалык маанисиз экенин ошондо өтө жакшы түшүнүшөт. Өмүр бою ач көздүк кылып, артынан түшкөн материалдык байлыктары бир заматта жок болот.
Бирок Ал бүт нерсени кыйратып көмгөн балээ (кыямат) келгенде. Ал күнү адам эмне үчүн эмгек кылганын ойлонуп түшүнөт. Көрө алгандар үчүн тозок да көрсөтүлүп коюлган болот. (Назиат Сүрөсү, 34-36)
Ал күнү таш, топурак жана аскалардан турган тоолор да түркүн түстүү түктөрдөй болуп айланага чачылат (Каариа Сүрөсү, 5). Адам бул күчтүн табияттын күчү эмес экенин ошондо түшүнөт. Себеби ал күнү табият да жер менен жексен болот. Ал күнү бүт окуялар өтө коркунучтуу жана үрөй учурарлык болот. Адам, жаныбар, табият баары коркуу астында калат. Адамдар деңиздердин атылып ашып баштаганын (Инфитар Сүрөсү, 3) жана ашып-ташкан деңиздердин оттой күйгөнүн көрүшөт (Таквир Сүрөсү, 6).
Асмандар да жер жүзү менен бирге чайпалып, ошол кезге чейин эч болуп көрбөгөндөй бөлүнүп ээрип баштайт. Ал күнү адамдар көпкөк көрүп көнүп калган асман башкача кейипке келип, ээриген бир металлдай көрүнүп калат (Меариж Сүрөсү, 8). Кыямат күнү асманда айлананы жарык кылган бүт нерсенин карарып баштаганы көрүлөт; күн көр кылынып (Таквир Сүрөсү, 1), ай жарылып (Камер Сүрөсү, 1), күн менен ай жакындатылып бириктирилет (Кыямат Сүрөсү, 9).
Ал күндүн үрөй учурган коркунучунан кош бойлуу аялдардын боюнан түшөт. Жаш балдардын чачтары коркуудан агарат (Мүземмил Сүрөсү, 17). Жаш балдар апаларынан, аялдар күйөөлөрүнөн жана үй-бүлөлөр бир-биринен качышат. Аллах Куранда мунун себебин төмөнкүчө кабар берген:
Бирок кулактарды жарчудай болгон ошол күркүрөгөн күн келгенде, ал күнү киши өзүнүн бир тууганынан качып калат. Апасы менен атасынан дагы, жубайынан жана балдарынан дагы. Ал күнү ар бир адамдын өзүнө жете турган иши бар. (Абаса Сүрөсү, 33-37)
Кыямат күнү жогоруда айтылган окуялар болгон соң «Сур» экинчи жолу үйлөнөт. Бул адамдар кайрадан тириле турган күндүн башталышы болот. Ал күнү жердин бети жүздөгөн, миңдеген жыл мурда көмүлгөн жерден чыгып тик туруп калган адамдарга толот. Ал күнү адамдардын тирилүүсү жана андан улам таң калган көрүнүшү Куранда кабар берилген:
Сур үйлөндү; ошентип алар кабырларынан (тирилтилип) Раббилерин көздөй (топ-топ болуп) барышат. Мындай дешет: «Аттиң, уктап жаткан жерибизден бизди ким тирилтип-тургузду? Бул Рахман (болгон Аллах)тын убадасы, (демек) жөнөтүлгөн (пайгамбар)лар туура айтышкан экен». Ал болгону бир ачуу кыйкырык гана; анан алардын баары чогулуп алдыбызга алып келинишет. Мына бүгүн эч кимге (эч) бир нерседе зулумдук кылынбайт жана силер да кылгандарыңардын акысын аласыңар. (Йасин Сүрөсү, 51-54)
Ал күнү бул адамдар дүйнө жашоосунда ойлонбогон, түшүнгүсү келбеген жана качып жашынган нерселеринин баары ачык көрүнүп калат. Танып же качууга эч мүмкүнчүлүк калбайт.
Жүздөрүн байкуштук каптап, коркуудан баштары алдыга ийилип калган бул адамдар кабырлардан чыгып бир жерге чогулганда, жер бир заматта жарык болуп, ар бир адамдын китеби ага берүү үчүн жанына алып келинет.
Өтө көп санда адам чогулган бул күнү ыймандуулардын абалы менен каапырлардын абалы, албетте, башка башка болот. Куранда бул төмөнкүчө айтылган:
Эми китеби оң колуна берилген адам: «Алгыла, китебимди окугула. Себеби мен чынында суракка кабылам деп ойлогом (түшүнгөм)» дейт. Эми ал ыраазы боло турган бир жашоо ичинде. (Хакка Сүрөсү, 19-21)
Китеби сол колуна берилген болсо; ал айтат: «Аттиң мага китебим берилбей эле койгондо кана. Сурагымды эч билбесем кана.» «Аттиң ал (өлүм бүт баарын) токтотуп бүтүргөндө кана. Мал-мүлкүм мага эч пайда бере алган жок. Күч-кудуретим жок болуп кетти» (Хакка Сүрөсү, 25-29)
Жана ал күнү эч ким кыпынчалык да адилетсиздикке туш болбойт. Ар бир адам дүйнөдө кылгандарынын акысын (сыйлыгын же жазасын) толук алат. Каапырлар үчүн өтө кыйын болгон бул күн алардын түбөлүктүү тозок жашоосу белгилүү болгон күн болот.
Өмүр бою Аллахты жокко чыгаргандардын жана бош иштерге чакыргандардын артынан ээрчигендердин сурак күнү эмнелерге туш болоору төмөнкү аяттарда да апачык айтылган:
Суръа (сур) чалынды (үйлөндү), анан Аллах каалагандан башка асмандардагылар жана жердегилер сүзүшүп-кулашты. Кийин ал дагы бир жолу чалынды, эми алар тик болуп карап турушат. Жер Раббиңдин нуру менен жаркырады; китеп койулду; пайгамбарлар жана күбөлөр алып келинди жана араларында чындык (адилеттик) менен өкүм чыгарылды, алар адилетсиздикке кабылышпайт. Ар бир напсиге (адамга) кылганынын толук акысы берилди. Ал алардын кылганын жакшыраак билүүчү. (Чындыктан) Баш тартуучулар тозокко бөлүк бөлүк айдалышты. Аягында ал жерге келишкенде, эшиктери ачылды жана аларга (тозоктун) кайтаруучулары айтышты: «Силерге Раббиңердин аяттарын окуган жана бүгүнкү күнгө жолугаарыңарды (айтып) силерди эскерткен элчилер келишпеди беле?» Алар: «Ооба.» дешти. Бирок азап сөзү каапырлардын башына акыйкат болду. Мындай дешти: «Ичинде калуучулар катары тозоктун эшиктеринен (ичкери) киргиле. Текеберленгендердин конок жери канчалык жаман.» (Зүмер Сүрөсү, 68-72)
Адамдын аны жаратып, ага жан берген Аллахка баш көтөрүшү эң чоң кылмыш болот. Аллахка кул болуу үчүн жаратылган адам жаратылуу максатына баш ийбегенде, кылган кылмышына ылайык бир жазага да, албетте, татыктуу болот. Бул жаза бериле турган жер болсо – ТОЗОК.
Адамдардын көпчүлүгү мас сыяктуу болуп, бул оор жазаны эч ойлонбой жашашат. Мындай мастыктын эң негизги себептеринин бири – бул алардын Аллахтын чексиз кудуретин толук түшүнө албагандыгы. Себеби көп адамдар Аллахты мээримдүү, боорукер, кечиримдүү ысымдары менен гана ойлонот жана Ага карата сезүү керек болгон терең коркууну сезишпейт. Бул болсо мындай адамдардын Аллахтын буйруктары менен насааттарына кулак салбашына себеп болот. Аллах Куранда адамдарга бул коркунуч жөнүндө өзгөчө эскертүү берет:
«Эй адамдар, Раббиңерден коркуп-тартынгыла жана ушундай бир күндүн азабынан коркуп-тартынгыла; (ал күнү эч) бир ата баласы үчүн бир нерсе бере албайт жана (эч) бир бала да атасы үчүн бир нерсе бере турган (абалда) болбойт. Күмөнсүз, Аллахтын убадасы акыйкат чындык. Дүйнө жашоосу силерди алданып калууга түртпөсүн жана алдамчы(лар) да силерди Аллах менен алдашпасын.» (Локман Сүрөсү, 33)
Ооба, эң сонун ысым жана сыпаттардын ээси Аллах боорукер, мээримдүү, кечиримдүү. Бирок унутпаш керек, Аллах ошол эле учурда чексиз адилеттүү, Каххар (Каардуу), Жаббар (каалаганын мажбурлап болсо да жасатат), Аллах ыймандууларга жакын, бирок мушриктерден, каапырлардан жана мүнафыктардан (эки жүздүүлөрдөн) алыс, Мүнтаким (өч алуучу), жана тозок Анын бул сыпаттары биз билген мааниде эң даана көрүлө турган жер болот.
Адамдарда эмнегедир бул жөнүндө туура эмес бир ишеним бар; «өлүмдөн кийин дүйнөдө кылган күнөөлөрүбүздүн жазасын тартуу үчүн тозокко барабыз, бирок жаза бүткөндө бейишке кайтабыз жана түбөлүккө ал жерде калабыз» деп ойлошот. Бирок Аллах аяттарында бизге тозок жашоосунун да бейиш жашоосунун да түбөлүккө уланаарын жана алардын ичинен –Аллахтын каалоосунан тышкары- эч кимдин чыкпай турганын кабар берет:
Мындай дешти: «Саналуу күндөрдөн башка, от бизге эч тийбейт.» Айткын: «Аллах Кабатынан бир убада алдыңарбы? Аллах эч убадасынан кайтпайт. Же болбосо, Аллах жөнүндө билбеген бир нерсени айтып жатасыңарбы?». Жок; ким бир жамандык кылып, күнөөсү аны курчаган болсо, (эми) алар отто калышат, ал жерде түбөлүк жашашат. Ыйман келтирип, ыкластуу амалдарды кылгандар болсо бейиш калкы болуп, ал жерде түбөлүк жашашат. (Бакара Сүрөсү, 80-82)
Адамдар ал жерде от, ысык, караңгы, түтүн, тардык, сокурдук, кысылуу, ачкалык-суусоо, тикен, ириң, кайнак суу, олеандр (заккум) өсүмдүгү сыяктуу дүйнөдө эч жактырбаган нерселерге туш болушат. Ошондой эле, денесин кыйнаган азаптардан тышкары, жүрөктөрдү каптаган руханий азап да тартышат (Хумаза Сүрөсү, 5-9). Аллахтын бар экенин унуткан адамдардын башына келчү тозоктогу окуялар аяттарда терең баяндалган. Аяттар адам үчүн мунун канчалык маанилүү экенин көрсөтөт. Себеби тозок азабы дүйнөдөгү эч бир кыйынчылыкка салыштырылгыс оор азап. Аллах Куранда каапырларды күтүп турган бул коркунучтуу жыйынтыкты төмөнкүчө билдирет:
Жок; ант болсун ал «хутамага» ташталат. «Хутаманын» эмнелигин сага эмне кабар берет? Аллахтын тутантылган оту. Ал жүрөктөрдүн үстүнө көтөрүлүп чыгат. Ал алардын үстүнө жабышат; (өздөрү болсо) жерге сайылып-көтөрүлгөн устундарда (байланышат).» (Хумаза Сүрөсү, 4-9)
Ал күнү ушундай жүздөр бар; «басмырланып уят кылынган.» Иштеп, пайдасыз чарчаган. Кызыган бир отко айдалышат. Кайнаган суудан ичирилишет. Алар үчүн (уулуу) тикенден башка тамак жок. Тойгузуп-салмак да бербейт, ачкалыктан да сактабайт. (Гашия Сүрөсү, 2-7)
Чындыгында Биз каапырларга чынжырлар, темир шакектер жана алоолоп күйгөн бир от даярдадык. (Инсан Сүрөсү, 4)
Мына ушул кылмышкер-күнөөкөрлөр калп деген тозок. Алар өтө катуу кайнатылган суу арасында айланып-жүрүшөт. (Рахман Сүрөсү, 43-44)
Каапырлар болсо, алар үчүн тозок оту бар. Алар өлүп кутулушу үчүн чечим да чыгарылбайт, алардын азабы да жеңилдетилбейт. Биз ар бир шүгүрсүздү (жакшылыкты билбегенди) мына ушинтип жазалайбыз. Ичинде алар (мындайча) жалбарышат: «Раббибиз, бизди чыгар, кылганыбыздан башка салих (ыкластуу) бир иш кылалы.» Силерге ал жерде (дүйнөдө) сабак ала турган адам сабак алганчалык (узун) өмүр бербедикпи? Силерге эскертүүчү да келген болчу. Андай болсо (азапты) таткыла; эми заалымдар үчүн бир жардамчы жок. (Фатыр Сүрөсү, 36-37)
Ал тозокту көздөй сүрүлүп-топтоло тургандар; мына ошолор мекени өтө жаман, жолдон адашкандар. (Фуркан Сүрөсү, 34)
(От) Аларды алыс бир жерден көргөндө, алар анын каардуу ачуусу менен уңулдаганын угушат. Колдору моюндарына байлануу, тар бир жерге ташталганда, ал жерде жок болууну каалап-чакырышат. Бүгүн бир жок болууну чакырбагыла, көп (жолу) жок болууну каалап-чакыргыла. (Фуркан Сүрөсү, 12-14)
Эми эч бир напси (жан) кылгандары үчүн аларга көз кубанта турган эмнелердин (сансыз нематтардын) жашырылганын билбейт. (Сажда Сүрөсү, 17)
Аллахка болгон ыйманы (ишеними) жана Ага көрсөткөн моюн сунуучулугу себептүү ыймандууларга бейиш убада кылынган. Бейиш – көп аяттарда айтылгандай, адамдар үчүн ар кандай немат-жакшылыктар менен жабдылган, түбөлүк бактылуулук мекени. Аллах дүйнөдөгү эмгектеринин акысы катары ыймандууларды бейиш менен сыйлайт.
Бейиш Аллах «Рахим» (Мээрими ыймандууларга гана арналган, өтө мээримдүү, берген жакшылыктарын туура колдонгондорду андан да жакшы, түбөлүктүү жакшылыктар менен сыйлаган) сыпатын көрсөткөн бир жер. Ошондуктан бейиш адам руху каалаган нерселердин баары, ал тургай, аяттарда айтылышынча андан да көбү болгон бир жакшылык мекени.
Бейиш дегенде көп кишилердин оюна ал жөнүндө чектелүү бир катар ойлор келет жана ал кишилер бейишти табияты кооз, жашылдыктар менен кооздолгон бир мекендей гана элестетет. Бирок мындай элестетүү менен Куранда баяндалган бейиш арасында өтө чоң айырма бар.
«... Ал жерде көңүлдөр каалаган жана көздөр ырахат алган бүт нерселер бар. Жана силер ал жерде түбөлүк болосуңар» (Зухруф Сүрөсү, 71) аятында бейиште адам эңсеген бүт нерсенин бар экени айтылат. Башка бир аятта болсо бейиште адам каалаган бүт нерселерден башкалары да бар экени «Ал жерде алар каалаган бүт нерсе алардыкы болот жана андан да көбү бар» (Каф Сүрөсү, 35) деп айтылган.
Кыскасы, бейиште адамдар элестеткендин тескерисинче, адам бул дүйнөдө өмүр бою эч көрбөгөн, элестете да албаган сансыз немат-жакшылыктар бар. Ыймандуулар дүйнө жашоосунда Раббилерине моюн сунуп, Ал каалагандай жашаганы үчүн, анын акысын түбөлүк ичинде жашай турган бейиш менен алышат.
Ыймандууларга убада кылынган бейиш көптөгөн аяттарда сүрөттөлгөн:
(Эй Мухаммед) ыйман келтирип салих (чын ыкластуу) иштерди кылгандарды сүйүнчүлө. Чындыгында алар үчүн астыларынан дарыялар аккан бейиштер бар. Аларга ырыскы катары ал түшүмдөрдөн ар жедирилгенде: «муну мурда да жегенбиз» дешет. Бул аларга (дүйнөдөгүгө) окшош кылып тартылат. Ал жерде алар үчүн таптаза жубайлар бар жана алар ал жерде түбөлүк жашашат. (Бакара Сүрөсү, 25)
Чындап такыбалуулар (Аллахтан корккондор) бейиштерде жана булак баштарында. Ал жерге тынчтыкта жана коопсуздукта киргиле. Алардын көкүрөктөрүндөгү кектин (баарын) алып салдык, бир туугандар болуп тактылар үстүндө маңдай-тескей (отурушат). Ал жерде аларга эч чарчоо келбейт жана алар ал жерден чыгарылышпайт. (Хижр Сүрөсү, 45-48)
Алар; астынан дарыялар аккан Адн бейиштери алардыкы, ал жерде алтын билериктер менен жасанышат, жеңил жибектен жана өтө кылдат жасалган атластан жашыл көйнөктөр кийишет жана тактылар үстүндө орноп-таянышат. (Бул) Кандай сонун сооп жана кандай сонун колдоо. (Кехф Сүрөсү, 31)
Чындыгында, бүгүн бейиш калкы – «кубаныч жана бакыт толо» бир алаксуу (жашоо) ичинделер. Өздөрү жана жарлары көлөкөлөрдө, тактылар үстүндө жазданышкан. Ал жерде жапжаңы мөмөлөр алардыкы жана каалагандарынын баары алардыкы. Өтө боорукер Раббиден аларга айтылган «Салам» да (бар). (Йасин Сүрөсү, 55-58)
Такыбалуулар (Аллахтан корккондор) болсо; сөзсүз алар коопсуз бир орунда. Бейиштерде жана булактарда, жеңил жибектен жана өтө жасалгаланган атластан (сатинден) (кийимдер) кийишет, маңдай-тескей (отурушат). Мына ушундай; жана Биз аларды чоң көздүү үр кыздар менен үйлөндүрдүк. Ал жерде коопсуздук ичинде, ар түрдүү мөмөлөрдү каалашат; ал жерде биринчи өлүмдөн башка өлүм татышпайт. Жана (Аллах) аларды тозок азабынан коргогон. Сенин Раббиңден бир берешендик катары. Улуу «бакыт жана кутулуу» мына ушул. (Духан Сүрөсү, 51-57)
Ыйман кылып чын ыкластуу иштерди кылгандар; аларды ичинде түбөлүк жашоочулар кылып, астынан дарыялар аккан бейиштин бийик сарайларына сөзсүз жайгаштырабыз. (Чын ыкластуу) Иштерди кылгандардын сыйлыгы кандай сонун. (Анкебут Сүрөсү, 58)
Албетте, ар бир адам бул дүйнөдө каалагандай жашап, каалаган жолун тандоодо эркин. Эч бир адам башка бирөөнү эч мажбурлай албайт. Бирок «Аллах жок» деген жана өздөрүнүн абалын, каякка баратканын байкабаган адамдарды эскертип коркутуу – Аллахтын бар экенине жана чексиз адилеттүүлүгүнө ыйман кылган адамдар катары баарыбыздын милдетибиз. Себеби Аллах мындай адамдардын абалынын маанилүүлүгүн аяттарында бизге билдирген:
Үйүнүн пайдубалын (негизин) Аллах коркуусу жана ыраазылыгы үстүнө курган адам жакшыбы, же болбосо үйүнүн пайдубалын кулай турган бир жардын бооруна куруп аны менен бирге өзү да тозок отунун ичине кулаган адамбы? Аллах зулумдук кылган бир коомго хидаят бербейт. (Тообо Сүрөсү, 109)
Дүйнөдө Аллахтын аяттарынан жүз бурган жана акылсыздык менен аны Жаратканды жокко чыгарган адамдар акыретте эч кутула алышпайт. Эгер тообо кылып, жараткан Аллахка бурулушпаса, эң чоң жазага туш болушат. Аларды күтүп жаткан түбөлүк азап Куранда төмөнкүдөй кабар берилет:
Ал эми аяттарыбызга каапыр болгондор болсо – сол тарап ээлери. Эшиктери кулптанган бир от ошолорго болот. (Балад Сүрөсү, 19-20)
Түбөлүк азаптан кутулуунун жана түбөлүк бейишке ылайыктуу болуунун жолу болсо белгилүү:
Кеч боло электе Аллахка чын жүрөктөн ыйман кылуу (ишенүү),
Бүт өмүрүн Ал ыраазы боло турган иштерди жасап өткөрүү.