Китептин буга чейинки беттеринде каралган маалыматтар ааламдын илим тарабынан ачылган өзгөчөлүктөрүнүн Аллахтын бар экендигине ишарат кылаарын көрсөттү. Илим аркылуу мындай тыянакка барабыз: ааламдын бир Жаратуучусу бар жана ал Жаратуучу өтө кудуреттүү, акылы, илими Улук Аллах. Аллахты туура таанууда бизге дин жол көрсөтөт. Ошондуктан илимди дин кабар берген чындыктарды тагыраак көрүү жана изилдөө үчүн колдонула турган бир ыкма деп атоого болот. Бирок бүгүнкү күндө илимпоз аты менен чыккан адамдардын бир бөлүгү өтө чоң жаңылыштыкта. Алардын ою боюнча, илимий ачылыштар Аллахтын жаратканын көрсөтпөйт. Тескерисинче, илимий маалыматтарга таянып Улуу Аллахтын бар экенине жетүүгө болбойт дешип, атеисттик илим түшүнүгүн чыгарышкан. Ошондуктан илим менен дин бир-бирине карама-каршы келген эки маалымат булагы деген жаңылыш пикирге кабылышкан.
Негизи мындай атеисттик илим түшүнүгү адамзат тарыхында өтө жаңы. Бир канча кылым мурдага чейин илим менен дин карама-каршы келет деген ой эч болгон эмес, илим Аллахтын бар экенин далилдеген бир ыкма деп кабыл алынып келген. Атеисттик илим түшүнүгү болсо 18- жана 19-кылымдагы материалисттик жана позитивисттик философиялардын илим дүйнөсүнө эгемендик кылышы натыйжасында өнүктү.
Өзгөчө 1859-жылы Чарльз Дарвиндин эволюция теориясын чыгарышы менен материалисттик дүйнө көз-карашындагы чөйрөлөр бул теорияны динге каршы бир альтернатива катары көрүп, идеологиялык жактан жактап башташты. Себеби эволюция теориясы жашоону Аллах тарабынан жаратылган эмес, кокустан пайда болгон деп чыккан. Ошентип эволюция теориясына таянып дин илимге карама-каршы келет деп чыгышты. Англис изилдөөчүлөр Майкл Бейджент, Ричард Лей, Генри Линкольн бул жөнүндө мындай дешет:
Дарвинден бир жарым кылым мурда илим динден бөлөк эмес эле; тескерисинче анын бир бөлүгү эле жана түпкү максаты ага кызмат кылуу эле... Бирок Дарвиндин убагындагы илим ошол кезге чейин келген бул түшүнүктөн алыстатылды жана ага динге каршы абсолюттук бир атаандаш жана альтернативдүү бир түшүнүк деп аныктама берилди. Мындан кийин адамзат бул экөө арасында тандоо жасоого мажбурланып баштамак.27
Дин менен илим арасындагы мындай ойлоп табылган бөлүүчүлүк, башында да айтылгандай, толугу менен идеологиялык максатта эле. Материализмге ыйман кылгандай жабышкан кээ бир илимпоздор ааламдын бир Жаратуучусу жок деген калпты өз ойлорунда далилдөө үчүн өздөрүнө шарт коюп алышкан жана бул багытта ар кандай жараксыз теорияларды чыгарышкан. Эволюция теориясы алардын эң белгилүүсү жана эң негизгиси эле. Ошондой эле, астрономияда да «стационардуу абал теориясы» же «хаос теориясы» сыяктуу теориялар чыгарылды. Бирок илим өзү, мурдакы бөлүмдөрдө да каралгандай, Жаратуучунун бар экенин четке каккан мындай теорияларды бир-бирден кыйратты.
Учурда бул теорияларды дагы эле жактап, атеизмде көшөргөн илимпоздор – бул өздөрүнө Аллахка ишенбейм деп шарт коюп алган, догматик жана фанат кишилер. Белгилүү англис зоолог жана эволюционист Д. М. С. Уотсон өзүнүн жана башка кесиптештеринин эволюцияны эмне үчүн кабыл алганын айтып берип жатып бул догматизмди мындайча мойнуна алат:
Эволюция теориясынын кеңири кабыл алынган бир теория болушунун себеби – бул теорияны далилдей турган жетиштүү далилдин болушу эмес, экинчи альтернативанын, б.а. табият-үстү жаратылуунун толугу менен кабыл алынгыс болушу.28
Уотсон «табият-үстү жаратылуу» деп Аллахтын жаратуусун айтып жатат. Бул илимпоз, көрүнүп тургандай, муну өз оюнда «кабыл алынгыс» көрүп жатат. Эмне үчүн? Илим ошондой дегени үчүнбү? Жок, тескерисинче илим жаратылуунун тууралыгын далилдөөдө. Уотсондун муну «кабыл алынгыс» деп эсептешинин себеби, ал өзүнө Аллахтын бар экенин жокко чыгаруу шартын коюп алган. Башка бүт эволюционисттер да ушундай абалда.
Эволюционисттер илимге эмес, материалисттик философияга көз-каранды жана илимди да ушул философияга туура келтирүү үчүн бурмалашат. Гарвард университетинен белгилүү бир генетик жана ачык сөздүү бир эволюционист Ричард Левонтин бул чындыкты төмөнкүчө мойнуна алат:
Биздин материализмге бир ишенимибиз бар, «априори» (алдын-ала кабыл алынган, туура деп эсептелген) бир ишеним, бул. Бизди дүйнөнү материалисттик түшүндүрүүгө мажбурлаган нерсе – илимдин ыкмалары жана эрежелери эмес. Тескерисинче, материализмге болгон априори көз-карандылыгыбыз себебинен дүйнөнү материалисттик көз-караш менен түшүндүргөн изилдөө ыкмаларын жана түшүнүктөрдү ойлоп чыгарабыз. Материализм абсолюттук чындык болгондуктан, Кудай жараткан деген бир түшүндүрмөнүн сахнага киришине уруксат бере албайбыз.29
Анткен менен, бул догматик материалист топко каршы тарыхта болуп келгендей учурда да Аллахтын бар экенин тастыктаган, ал тургай, илимди Аллахты таануунун бир жолу катары көргөн илимпоздор бар. Өзгөчө АКШда барган сайын күчөгөн "Creationism" (Жашоонун жаратылганын жактаган) агым бүт жандыктарды улуу кудуреттүү Раббибиз Аллахтын жаратканын илимий далилдер менен көрсөтүшүүдө.
Бул болсо бизге илим менен диндин бир-бирине карама-каршы келген эки маалымат булагы эмес экенин, тескерисинче илимдин дин тарабынан берилген абсолюттук чындыктарды тастыктаган бир ыкма экенин көрсөтөт. Болгондо да, Ислам адамдарды илимге өзгөчө үндөп, ааламды изилдөөнүн Аллахтын жаратуусун түшүнүүнүн бир ыкмасы экенин кабар берет. Төмөнкү Куран аятында Аллах ушуга ишарат кылат:
Үстүлөрүндөгү асманга карашпайбы? Биз аны кандай курганыбызды жана аны кандай кооздогонубузду? Анын эч кандай жаракасы жок. Жерди болсо кандай төшөп-жайдык? Анда чайпалбас тоолор жайгаштырдык жана анда «көздүн жоосун алуучу жана көз кубандыруучу» ар бир жуптан канчалаган өсүмдүктөрдү өстүрдүк. Жана асмандан куттуу (береке жана мээримге толо) суу түшүрдүк; ошентип аны менен бакчалар жана өнө турган уруктарды өстүрдүк. Жана бир-бири үстүнө тизилген бүчүр байлаган бийик курма дарактарын да. (Каф Сүрөсү, 6-7, 9-10)
German physicist Max Planck | Sir Isaac Newton |
Бул аяттардан да көрүнүп тургандай, Куранда дайыма адамдар ойлонууга, акыл жүгүртүүгө, жашап жаткан дүйнөсү жөнүндө бүт нерсени изилдөөгө чакырылат. Себеби илим динди колдойт, адамды караңгылыктан куткарып, жакшыраак түшүнүк менен ойлонууга түртөт; адамдын ой жүгүртүү дүйнөсүн кеңейтип, ааламда апачык көрүнүп турган Улуу Аллахтын жаратуу издерин түшүнүшүнө көмөкчү болот. Бул кылымдын эң улуу генийи деп кабыл алынган жана Аллахка ишенген Альберт Эйнштейн «Терең бир ыйманы жок чыныгы илимпозду элестете албайм. Муну мындайча сүрөттөөгө болот: динсиз бир илимге ишенүү мүмкүн эмес» деп илимдин динди колдоорун айткан.30
Заманбап физиканын түзүүчүсү Макс Планк болсо мындай деген:
Кайсы тармакта болбосун, илим менен чындап алектенген ар бир адам илим ибадатканасынын эшигиндеги мындай жазууну окуйт: «ыйман кыл.» Ыйман (ишеним) илимпоздун сөзсүз болчу бир өзгөчөлүгү.31
Китепте бул жерге чейин каралгандар ааламдын жана жандыктардын пайда болушун кокустуктар менен түшүндүрүүгө болбой турганын апачык көрсөттү. Жасаган изилдөөлөрү менен илим дүйнөсүнө багыт берген көп илимпоз да бул улуу чындыкты тастыктаган жана дагы эле тастыктоодо. Себеби адамдар аалам жөнүндө канча көп нерсе үйрөнсө, андагы кемчиликсиз тартипке болгон таң калуусу ошончолук өсөт. Ар бир жаңы ачылган нерсе «Жаратылууну» толук колдоодо.
21-кылымга кирип жатканда заманбап физиктердин да көпчүлүгү Жаратуучунун бар экенин кабыл алууда. Дэвид Дарлинг мындай дейт:
Убакыт жок эле, космос жок эле. Зат менен энергия жок эле. Эч нерсе жок эле. Эң кичинекей бир чекит, бир боштук да жок эле. Ошол жоктуктан укмуш кичинекей бир кыймыл келип чыкты. Кичинекей бир титирөө. Кичинекей бир толкун, билинээр-билинбес бир бурганак. Бул космостук кутунун капкагы ачылып, астынан жаратылуу кереметинин бүчүрлөрү көрүндү.32
Мындан тышкары, ар кандай көптөгөн илим тармагынын куруучуларынын дээрлик баарынын Аллахка жана ыйык китептерине ишенген кишилер болгону белгилүү. Тарыхтагы эң белгилүү физиктер арасында орун алган Ньютон, Фарадей, Кельвин жана Максвелл мындай илимпоздорго мисал.
Белгилүү физик Исаак Ньютон жашаган доордо илимпоздор дүйнөдөгү телолордун жана планеталардын кыймылдарын ар башка мыйзамдар менен түшүндүрүүгө болот деп ишенишкен. Ньютон болсо дүйнө менен космостун Жаратуучусунун жалгыз экенин, ошондуктан бир мыйзамдар менен түшүндүрүү керек экенин жактаган. Бул маанилүү көз-карашын китебинде мындай деп жазган:
Күндүн, планеталардын жана кометалардын бул кемчиликсиз системасы күчтүү жана акылдуу бир заттын контролу жана башкаруусу менен гана алга жүрүшү мүмкүн.33
Көрүнүп тургандай, Ортоңку кылымдан бери физика, математика жана астрономия тармактарында изилдөөлөр жүргүзгөн жүздөгөн илимпоздор аалам жалгыз Жаратуучу тарабынан жаратылган деген пикирде биригишип, баары бир жагдайга көңүл бурушкан. Физикалык астрономиянын түзүүчүсү жана ыймандуу илимпоздордун сыр сөзү (пароль) болгон «Аллах жараткан бүт нерсесинде өзүн көрсөтөт» деген пикирди чыгарган биринчи илимпоз Йоханнес Кепплер китептеринин биринде Аллахка болгон чын жүрөктөн ишенимин төмөнкүдөй айткан:
Биз Аллахка муктаж, алсыз кулдар катары, өз акылыбызга жараша Аллахтын акылынын бийиктигин жана улуулугун көрүп, Ага моюн сунушубуз керек.34
Термодинамиканы түзгөн улуу физик Уильям Томпсон (лорд Кельвин) болсо Аллахка ишенген бир христиан эле. Дарвиндин эволюция теориясына өтө каршы чыгып, бул теорияны толугу менен четке каккан. Өлүмүнөн кыска убакыт мурда болсо мындай деген:
Жашоонун келип чыгышын караганыбызда илим ал Улуу Кудуреттин бар экенин толук тастыктайт.35
Оксфорд университетинин физика профессорлорунан Роберт Маттеус 1992-жылы жазган жана ДНК молекулаларынын Аллах тарабынан жаратылганын айткан китебинде ушул эле чындыкты мындайча айткан:
Бүт бул процесстер кемчиликсиз бир гармония менен бир клеткадан жандуу бир наристеге; андан соң кичинекей балага, аягында бойго жеткен бир адамга чейин уланат. Бүт бул кубулуштарды биологиянын бүт этаптарынан көрүлгөндөй керемет менен гана түшүндүрүүгө болот. Кантип ушунчалык кемчиликсиз жана комплекстүү бир организм ушунчалык жөнөкөй жана кичинекей бир клеткадан келип чыгышы мүмкүн? Кичинекей бир (i) тамгасынын үстүндөгү чекиттен да кичинекей бир клеткадан укмуш бир АДАМ жаратылат? Бул анык бир керемет.36
Температура агымы жөнүндө сансыз изилдөөлөрдү жасап сыйлыктарды алган жана «механикалык жылуулук өткөргүчтүк теңдемесин» жана термодинамиканын биринчи мыйзамын тапкан Джеймс Джоуль илим жөнүндөгү ишенимин мындайча айткан:
Аллахтын талаптарын үйрөнгөн жана моюн сунган соң кийинки милдетибиз – Анын акылын, күчүн жана жакшылыгын кылган иштеринен түшүнүү. Табият мыйзамдарын билүү – бул Аллахты билүү.37
Илимий методдун келип чыгышында маанилүү роль ойногон илимпоздордон Фрэнсис Бэкондун сөздөрү да анын Аллахка ишенгенин көрсөтөт:
Ката кетиришибизге бөгөт болуу үчүн таянуу керек болгон эки жол башчыбыз бар; биринчиси Аллахтын вахийи Ыйык Китеп, экинчиси болсо Аллахтын күчүн көрсөткөн жаратылгандар.38
Жасалган ар бир жумуш аны жасагандын күчү менен жөндөмүн көрсөтөт; андай болсо булардын баары Аллахтын жумушу; жасаган заттын бүт нерсени жасай ала турган кудуретте экенин жана акылын көрсөтөт; дүйнө Аллахтын бир чыгармасы.39
Ааламдын Аллах тарабынан жаратылганын кабыл алган жана өмүрлөрүндө ушул тарабы менен белгилүү болгон илимпоздордун бир бөлүгү төмөнкүлөр:
- Роберт Бойль (азыркы химиянын атасы.)
- Иона Уильям Петти (статистика жана заманбап экономика тармактарындагы эмгектери менен белгилүү.)
- Майкл Фарадей (бүт замандардын эң улуу физиктеринин бири.)
- Грегори Мендель (генетиканын атасы, генетика илиминдеги ачылыштары менен дарвинизмди жараксыз кылды.)
- Луи Пастер (бактериологиянын эң алдыңкы ысмы, дарвинизмге каршы согуш ачкан.)
- Джон Дальтон (атом теориясынын атасы.)
- Блез Паскаль (эң белгилүү математиктерден.)
- Джон Рэй (англис табият тарыхынын эң белгилүү ысмы.)
- Николаус Стено (жер кабаттарын изилдеген белгилүү бир стратиграф.)
- Карл Линней (биологиялык классификациянын атасы.)
- Жорж Кювье (салыштырмалуу анатомия илимин ачкан.)
- Мэтью Мори (океанографияны ачкан.)
- Томас Андерсон (органикалык химия тармагында изилдөө жасаган биринчи кишилердин бири.)
- Сэр Чарльз Белл (мээнин жана нерв системасынын картасын биринчи жолу сызган.)
- Жан Анри Фабр (заманбап энтомологиянын негиздөөчүсү.)
- Джон Амброз Флеминг (заманбап электр энергиясынын негиздөөчүсү.)
- Джеймс Клерк Максвелл (жарыктын электромагниттик теориясын түзгөн киши.)
27. Michael Baigent, Richard Leigh, Henry Lincoln, The Messianic Legacy, Gorgi Books, London: 1991, s. 177-178.
28. D.M.S. Watson, "Adaptation", Nature, sayı 124, s. 233.
29. Richard Levontin, "The Demon-Haunted World", The New York Review of Books, January 9, 1997. s. 28.
30. Einstein, Science, Philosophy and Religion; A Symposium, 1941, ch.13
31. J.De Vries, Essential of Physical Science, Wm.B.Eerdmans Pub.Co., Grand Rapids, SD 1958, s. 15 (Isaac Newton, Principia, II.Basım)
32. Timothy R. Stout, Tim Stout's Creation-Science Page, Chapter: Great Scientist Who Believed In a Creator God.
33. Timothy R. Stout, Tim Stout's Creation-Science Page, Chapter: Great Scientist Who Believed In a Creator God.
34. Ümit Şimşek, Big Bang: Kainatın Doğuşu, s. 55.
35. David Daryling, Deep Time, 1990.
36. Unravelling The Mind Of God, s.8/Taşkın Tuna, Uzayın Ötesi, s. 47.
37. James Joule, Scientists of Faith, Dan Graves, Kregel Resources, 1996, s.133
38. Henry M. Morris, Men of Science Men of God, Great Scientists who Believed the Bible, Ekim 1992, Master Books, s.15
39. Michael Bumbulis, Phd Christianity and the Birth of Science, http://www.best.com/~dolphin/asstbib.fhtml