Ыйык китебибиз Курани Карим 14 кылым мурда Аллах тарабынан жер жүзүнө түшүрүлгөн. Куран бир илимий китеп эмес. Бирок ичинде бир катар илимий баяндар орун алган. Ал баяндар эч качан заманбап илимий ачылыштарга карама-каршы келген жок. Тескерисинче, 20-кылымдын технологиясы менен гана ачылган кээ бир чындыктарды 14 кылым мурда Улуу Аллах Куранда кабар берген. Бул болсо бизге Курандын Аллахтын бар экенин кабар берген эң негизги далилдердин бири экенин апачык көрсөтөт.
Курани Керимде ааламдын жаратылуусу төмөнкүчө сүрөттөлөт:
Ал асмандарды жана жерди эч өрнөк албастан жараткан... (Энъам Сүрөсү, 101)
Куранда берилген бул маалымат азыркы илимий ачылыштарга толук дал келет. Учурда астрофизика «бүт аалам зат жана убакыт чен-өлчөмдөрү менен бирге, жоктуктан, чоң бир жарылуу менен пайда болгон» деген анык тыянакка жетти. «Чоң жарылуу», же өзүнүн аты менен «Big Bang» теориясы бүт ааламдын болжол менен 15 миллиард жыл мурда бир чекиттин жарылышы менен жоктуктан пайда болгонун далилдеди. Чоң жарылуу теориясы учурда ааламдын пайда болушу жана башталышы жөнүндө бүт илимий чөйрөлөр тарабынан орток кабыл алынган бирден бир илимий түшүндүрмө.
Чоң жарылуудан мурда зат деген нерсе болгон эмес. Зат, энергия, ал тургай, убакыт да болбогон, толугу менен метафизикалык деп сыпаттоого боло турган бир жоктук шартында зат, энергия жана убакыт жаратылган. Заманбап физика көрсөткөн бул улуу чындык Куранда бизге 1400 жыл мурдатан кабар берилет.
Астрономия илими өнүкпөгөн кезде, 14 кылым мурда түшүрүлгөн Курани Керимде ааламдын кеңейип баратканы төмөнкүчө айтылат:
Биз асманды «улуу бир күч менен» курдук жана албетте, Биз (аны) кеңейтүүчүбүз. (Зарият Сүрөсү, 47)
Аяттагы «асман» (сема) сөзү Курандын көп жеринде космос жана аалам маанисинде колдонулат. Бул жерде да ушул мааниде колдонулган. Б.а. Куранда ааламдын кеңейүүчү экени билдирилген. Кыргыз тилине «албетте, Биз кеңейтүүчүбүз (кеңейтебиз)» деп которулган арапча «инна ле мусиуне» сүйлөмүндөгү «мусиъуне» сөзү «кеңейтүү» деген мааниге келген «эвсеа» этишинен чыккан. «Ле» алдыңкы-мүчөсү болсо андан кийин келген ысым же сыпатка басым кошуп, «өтө көп» деген маанини кошот. Ошондуктан бул сүйлөм «Биз асманды же ааламды өтө көп кеңейтүүдөбүз» деген маанини билдирет.
Илимдин учурда жеткен тыянагы да Куранда айтылганга толук туура келет. 20-кылымдын баштарына чейин илим дүйнөсүндө «аалам стационардуу (туруктуу) бир түзүлүштө жана башталышы жок» деген көз-караш гана өкүмчүлүк кылып келген. Бирок учурдагы технология менен жасалган изилдөө, байкоолор жана эсептөөлөр ааламдын бир башталышы бар экенин жана тынымсыз «кеңейип баратканын» көрсөттү.
Орус физик Александр Фридман жана бельгиялык аалам таануучу (космолог) Жорж Леметр ушул кылымдын баштарында ааламдын тынымсыз кыймыл абалында экенин жана кеңейип баратканын теориялык жактан эсептеп чыгышты.
Бул чындык 1929-жылы байкоолор тарабынан да далилденди. Америкалык астроном Эдвин Хаббл ири телескобу менен асманды изилдеп жатып жылдыздар менен галактикалардын тынымсыз бир-биринен алыстап баратканын байкады. Бүт баары бир-биринен алыстап бараткан бир аалам болсо тынымсыз «кеңейип бараткан» бир аалам деген мааниге келет. Ааламдын кеңейип баратканы кийинки жылдардагы байкоолор менен да тастыкталды. Бирок бул чындык али эч бир адам биле электе, Куранда канчалаган кылым мурда айтылган эле. Себеби Куран бүт ааламдын жаратуучусу жана өкүмдары Улуу Аллахтын сөзү.
The Originator is He of the heavens and the earth: |
Асмандардын жаратылышынан сөз кылган башка бир аят болсо мындай:
Ал каапырлар билишпейби, (башында) асмандар менен жер бири-бирине жабышкан (бириккен) болчу, Биз аларды бөлдүк жана бүт жандыктарды суудан жараттык. Дагы эле алар ишенишпейби (ыйман келтиришпейби)? (Анбия Сүрөсү, 30)
Аяттын «бири-бирине жабышкан (бириккен)» деп которулган «ратк» сөзү арапча сөздүктөрдө «бир-биринен бөлүнгүс абалда, бириккен» деген маанилерге келет. Б.а. толук бир бүтүндү түзгөн эки затты сыпаттоо үчүн ушул сөз колдонулат. Аятта айтылган «бөлдүк» сөзү болсо арапча «фатк» этиши; бул этиш «ратк» абалындагы бир затты жарып, бөлүп сыртка чыгышы деген мааниге келет. Мисалы, уруктун көгөрүп топурактан чыгышы арап тилинде ушул этиш менен айтылат.
Эми аятты кайра карайлы. Аятта асмандар менен жер бир-бирине бириккен, б.а. «ратк» абалында болгон бир абал айтылууда. Андан соң бул экөө «фатк» этиши менен бөлүнүшкөн. Б.а. бири экинчисин жарып сыртка чыккан. Чындап эле Чоң жарылуунун башталышын эстегенибизде, бир чекиттин ааламдын бүт затын камтып турганын көрөбүз. Б.а. бүт баары, ал тургай, али жаратыла элек «асмандар менен жер» дагы ошол чекиттин ичинде «ратк» абалында болгон. Андан соң ал чекит өтө катуу жарылып, ушундайча заттар «фатк» болушкан... Аяттагы сөздөрдү илимий ачылыштарга салыштырганыбызда бир-бирине толук дал келээрин көрдүк. 14 кылым мурда кабар берилген бул ачылыштар илим тарабынан 20-кылымда гана табыла алды.
Куранда күн менен айдан сөз кылынып жатканда, ар биринин белгилүү бир орбитасы бар экени төмөнкүчө кабар берилет:
Түндү, күндүздү, күндү жана айды Ал жараткан; ар бири бир орбитада сүзүп жүрөт. (Анбия Сүрөсү, 33)
Бул аяттагы «сүзүү» сөзү арап тилинде «сабаха» деп айтылат жана күндүн космостогу кыймылын сүрөттөө үчүн колдонулган. Бул сөз күн космосто контрольсуз жүрбөйт, өз огунда айланат жана айланганда белгилүү бир жол сызат деген мааниге келет. Күндүн бир жерде турбай, белгилүү бир орбитада баратканы башка бир аятта мындай деп билдирилет:
Күн да ал үчүн (белгиленип) коюлган бир ордун көздөй агып (сүзүп) баратат. Бул улуу жана кудуреттүү, даанышмандын буйругу. (Йасин Сүрөсү, 38)
Куранда айтылган бул чындыктар биздин доорубуздагы астрономиялык байкоолор менен гана белгилүү болду. Астрономия адистеринин эсептөөлөрү боюнча, күн Solar Apex деп аталган бир орбита менен Вега жылдызын көздөй саатына 720 миң километр ылдамдыкта баратат. Бул болжолдуу эсеп боюнча күндүн бир күндө 17 миллион 280 миң километр жол басып өткөнүн көрсөтөт. Күн менен бирге анын тартылуу системасынын ичиндеги бүт планеталар жана спутниктери да ушунча аралыкты басып өтүшөт. Мындан тышкары, ааламдагы бүт жылдыздар да ушуга окшош пландуу кыймылдашат. Бүт ааламдын орбиталар менен жабдылганы Куранда төмөнкүчө кабар берилген:
Кылдат жолдор жана орбиталар менен жабдылган асманга ант болсун. |
Ааламдын биз көрө алган бөлүгүндө 100 миллиарддан ашык галактика бар жана кичинекей галактикаларда болжол менен бир миллиард, чоң галактикаларда болсо бир триллиондон ашык жылдыз болот. Ал жылдыздардын көпчүлүгүнүн планеталары, ал планеталардын болсо спутниктери бар. Бүт бул асман телолорунун өтө так эсептер менен белгиленген орбиталары бар. Жана миллиондогон жылдан бери баары өз орбитасында башкалар менен кемчиликсиз бир гармонияда жана тартипте сүзүп жүрөт. Мындан тышкары, көптөгөн кометалар да алар үчүн белгиленген орбитада сүзүп жүрүшөт. Ааламдагы орбиталар бир эле асман телолоруна тиешелүү эмес. Галактикалар да таң калаарлык ылдамдыкта пландуу жана эсептелген орбиталарда кыймылдашат. Бул кыймылдары учурунда эч бир асман телосу башкасы менен сүзүшүп кетпейт, жолдору кесилишпейт.
Албетте, Куран түшүрүлгөн кезде адамзатта бүгүнкүдөй космостун миллиондогон километр алыстарына чейин байкоо жүргүзө ала турган телескоптору, өнүккөн байкоо технологиялары, заманбап физика жана астрономия маалыматтары жок эле. Ошондуктан, космостун аятта айтылгандай, «кылдат жолдор жана орбиталар менен жабдылганын» ал доордо илимий жактан аныктоо мүмкүн эмес эле. Бирок ошол кезде түшүрүлгөн Курани Керимде бул чындык бизге апачык кабар берилген; себеби Куран Аллахтын сөзү.
Асмандарды жана жерди акыйкат менен жаратты. Түндү күндүздүн үстүнө ороп-жабат, күндүздү болсо түндүн үстүнө ороп-жабат... (Зүмер Сүрөсү, 5)
Курандын ааламды сүрөттөгөн аяттарында колдонулган сүйлөмдөрү өтө терең маанилүү. Жогорудагы аятта «ороп-жабат» деп которулган арапча сөз «йукеввиру». Бул сөз «тоголок бир нерсенин үстүнө бир нерсени ороо» деген мааниге келет (мисалы, арапча сөздүктөрдө «башка чалма ороо» сыяктуу тоголок нерселер жөнүндөгү этиштерде ушул сөз колдонулат).
Аятта түн менен күндүздүн бир-биринин үстүн ороп-жабышы (теквир кылышы) жөнүндө берилген бул маалымат ошол эле учурда жердин формасы жөнүндө да так бир маалыматты камтыйт. Жер тоголок болгондо гана бул аяттагы этиш ишке ашышы мүмкүн. Б.а. 7-кылымда түшүрүлгөн Куранда жердин тоголок экенине ишарат кылынган. Ал доордогу астрономия түшүнүгүнүн жерди башкача элестеткенин унутпаш керек. Ал доордо жерди тегиз деп ойлошкон жана бүт илимий эсептөөлөр жана түшүндүрмөлөр ушул көз-карашка таянган. Куран аяттары болсо бизге ушул кылымда жаңы гана үйрөнгөн маалыматтарыбызды кабар берүүдө. Куран Аллахтын сөзү болгондуктан, аалам жөнүндө эң туура жана чыныгы маалыматты кабар берүүдө.
If "the canopy well guarded" had not existed, the dangers awaiting the earth would unquestionably not be as few as those in the picture. |
Куранда Аллах асмандын кызыктуу бир касиетин төмөнкүчө кабар берет:
Асманды корголгон бир чатыр кылдык; алар болсо мунун аяттарынан жүз бурушууда. (Анбия Сүрөсү, 32)
Аятта айтылган асмандын бул өзгөчөлүгү 20-кылымдагы илимий изилдөөлөр аркылуу далилденди.
Жерди толук ороп турган атмосфера жашоонун уланышында өтө маанилүү функцияларды аткарат. Жерди көздөй жакындап келе жаткан чоң-кичине көптөгөн метеоритти ээритип жок кылат жана алардын жер жүзүнө түшүп жандыктарга чоң зыян тийгизишине бөгөт болот.
Атмосфера, мындан тышкары, космостон келген жана жандыктар үчүн зыяндуу болгон нурларды да фильтрлейт. Эң кызыгы, атмосфера зыянсыз нурларды гана, б.а. көзүбүзгө көрүнгөн нурларды, инфра-кызыл нурларды жана радио толкундарды өткөрөт. Булардын баары жашоо үчүн керектүү нурлар. Мисалы, атмосфера тарабынан белгилүү көлөмдө өтүшүнө жол берилген ультра-кызгылт көк нурлар өсүмдүктөрдүн фотосинтез жасашында жана натыйжада бүт жандыктардын жашоосун улантышында өтө чоң роль ойнойт. Күндөн чыккан күчтүү ультра-кызгылт көк нурлардын көп бөлүгү атмосферанын озон катмарында фильтрленип, жер жүзүнө жашоо үчүн керектүү аз бөлүгү жетет.
He it is Who has made the earth subservient unto you, so walk in the paths thereof and eat of His providence. And to Him is the return after death. |
Атмосферанын коргоочу касиети ушулар менен эле чектелбейт. Жер космостун орточо минус 270 даражалык тоңдуруучу суугунан кайра эле атмосфера аркылуу корголот.
Жерди зыяндуу факторлордон бир эле атмосфера коргобойт. Атмосферадан тышкары «Ван Аллен алкактары» деп аталган жана жердин магниттик талаасынан келип чыккан бир катмар да планетабызга келген зыяндуу нурларга карата бир калкан кызматын аткарат. Күндөн жана башка жылдыздардан тынымсыз чыгарылып турган мындай нурлар адамдарды өлүмгө алып барат. Өзгөчө күндө көп көп болуп турган «жаркыроо» деп аталган энергия жарылуулары Ван Аллен алкактары болбосо, жердеги бүт жашоону жок кыла ала турган күчтө болот.
Ван Аллен алкактарынын жашообуздагы маанисин илимдин доктору Хью Росс төмөнкүчө баяндайт:
Жер күн системасындагы планеталар арасында тыгыздыгы эң жогору планета. Бул кеңири никель-темир ядросу чоң бир магниттик талаага жооптуу. Ал магниттик талаа Ван Аллен радиациядан коргоочу катмарын пайда кылат. Бул катмар жер жүзүн радиация бомбалоосунан коргойт. Эгер бул коргоочу катмар болбогондо, жерде жашоо болмок эмес. Магниттик талаасы бар жана аска таштуу аймактары бар экинчи жалгыз планета – бул Меркурий. Бирок ал магниттик талаанын күчү жердикинен 100 эсеге аз. Ван Аллен радиациядан коргоочу катмары жерге гана тиешелүү.40
Жакынкы жылдары байкалган бир жаркыроодо чыккан энергиянын Хиросимага ташталганга окшогон 100 миллиард атом бомбасына тең келээри эсептелген. Жаркыроодон 58 сааттан соң компастардын жебелеринде ашыкча кыймылдоолор байкалып, жер атмосферасынын 250 км үстүндө температура өтө жогорулап, 2500° Цельсийге көтөрүлгөн.
Кыскасы, жердин үстүндө аны ороп-курчап турган жана сырткы коркунучтардан коргогон кемчиликсиз бир система иштейт. Жер асманынын мындай коргоочу калкан касиети кылымдар мурда Куранда бизге Аллах тарабынан кабар берилген.
Темир Куранда көңүл бурулган элементтердин бири. Курандын «Хадид», б.а. «Темир» аттуу сүрөсүндө мындай деп айтылат:
... Жана бекем бир катуулугу жана адамдар үчүн (ар кандай) пайдалары бар темирди да түшүрдүк... (Хадид Сүрөсү, 25)
Темир жер жүзүндө үчүнчү эң кеңири тараган элемент жана жер кабыгынын беш пайызын түзөт. Темир элементи жерде ушунча көп санда болгону менен, темир жерден башка жакта пайда болгон. Заманбап астрономиялык ачылыштар жердеги темир кенинин тышкы космостогу чоң жылдыздардан келгенин аныктады.
Куранда бул илимий чындык кереметтүү абалда кабар берилген. Хадид Сүрөсүнүн 25-аятында темир жөнүндө айтылган «энзелна», б.а. «түшүрүү» сөзүн өткөөл мааниде адамдардын кызматына берилиши деген мааниде кароого болот. Бирок сөздүн жамгыр жана күн нурлары үчүн колдонулган «асмандан физикалык мааниде түшүрүү» деген чыныгы мааниси эске алынганда, аяттын жогоруда айтылган маанилүү илимий чындыкка ишарат кылганын көрөбүз. Бир эле жердеги эмес, бүт күн системасындагы темир тышкы космостон келген. Себеби күндүн температурасы темир элементинин пайда болушу үчүн жетиштүү эмес. Күндүн 6000° Цельсийлик бир беттик температурасы жана 20 миллион градус Цельсийлик бир ядро температурасы бар. Темир күндөн алда канча чоң жылдыздарда, бир канча жүз миллион даражага жеткен температураларда гана пайда боло алат. Нова же Супернова деп аталган мындай жылдыздардагы темирдин көлөмү белгилүү бир чектен өткөндө, жылдыз аны көтөрө албай калып, жарылат. Темир космоско мына ошол жарылуулар натыйжасында тарайт.41 Илимий бир булакта бул жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтар айтылат:
Мындан да илгерки супернова кубулуштарын көрсөткөн далилдер да бар: деңиздин түбүндө чогулган темир-60 болжол менен 5 миллион жыл мурда күндөн 90 жарык жылы алыстыкта болгон бир супернова жарылуусунун далили катары чечмеленген. Супернова жарылуусунда келип чыккан темир-60 1,5 миллион жыл жарымдануу өмүрү бар радиоактивдүү бир изотоп. Жердин астындагы катмарларда орун алган темир-60 изотобу жакынкы космосто кездешкен элементтердин нуклеосинтезден өтүп, алгач жер атмосферасына ал жерден болсо жердин астындагы катмарларына өтүшү натыйжасында пайда болгон.42
Бул айтылгандардан көрүнүп тургандай, темир кени дүйнөдө пайда болгон эмес, суперновалардан аятта айтылгандай «түшүрүлгөн». Бул маалыматтын Куран түшүрүлгөн 7-кылымда илимий жактан аныкталышы мүмкүн эмес эле. Бирок бул чындык бүт нерсени чексиз илими менен ороп турган Аллахтын сөзү Куранда орун алган.
Бүгүнкү астрономия маалыматтары бизге башка элементтердин да жерден башка жакта пайда болгонун көрсөтүүдө. Аяттагы «темирди да түшүрдүк» сүйлөмүндөгү «да» басымы ушул чындыкка ишарат кылып жатышы мүмкүн. Бирок аятта темирге өзгөчө көңүл бурулушу болсо 20-кылымдын аягында алынган маалыматтар эске алынганда өтө укмуш. Белгилүү микробиолог Майкл Дентон Nature's Destiny (Табияттын тагдыры) аттуу китебинде темирдин маанисине төмөнкү сөздөрү менен басым жасаган:
Бүт металлдар арасынан темирден да маанилүүрөөгү жок. Бир жылдыздын ядросунда темирдин чогулушу супернова жарылуусуна жол ачат жана натыйжада жашоо үчүн керектүү атомдордун бүт ааламга жайылышына мүмкүнчүлүк түзөт. Темир атомдорунун жердин алгачкы этаптарында ядродо пайда кылган гравитациясы менен өндүрүлгөн суюктук жердин башталышындагы химиялык көп түрдүүлүгүнө себеп болуп, атмосферанын пайда болушу менен аягында гидросферанын келип чыгышына шарт түзгөн. Жердин борборунда жайгашкан ээриген темир чоң бир магнит кызматын аткарып, жердин магниттик талаасын түзөт. Бул талаа натыйжасында жердин бетин жогорку энергиялуу кыйратуучу космостук радиациядан коргогон Ван Аллен радиация алкактары пайда болуп, өтө маанилүү озон катмарын космостук нурдун зыянынан коргойт...
Темир атомусуз ааламда көмүртек негиздүү жашоо пайда болмок эмес; суперновалар болмок эмес, жер алгачкы убактарында жылымак эмес, атмосфера же гидросфера болмок эмес. Коргоочу магниттик талаа болмок эмес, Ван Аллен радиация алкактары пайда болмок эмес, озон катмары болмок эмес, (адам канында) гемоглобинди пайда кыла турган эч бир металл болбой, кычкылтектин реактивдүүлүгүн басуучу металл пайда болмок эмес жана кычкылданууга таянган бир зат алмашуу келип чыкмак эмес.
Жашоо жана темир менен кандын кызыл түсү менен алыстагы бир жылдыздын өлүмү арасындагы мындай табышмактуу жана жакын байланыш металлдардын биологиялык жактан маанилүүлүгүн эле көрсөтпөстөн, ошол эле учурда ааламдын биологиялык тараптан маанилүүлүгүнө басым жасайт. (Michael J. Denton, Nature's Destiny, The Free Press, 1998, s. 198)
Темир атомунун мааниси бул сөздөрдөн апачык көрүнүп турат. Куранда атайын темирге көңүл бурулушу да бул металлдын маанисин көрсөтүүдө. Пайгамбарыбыз (сав) доорунда темир колдонулчу жана ар кандай шаймандар жасалчу; бирок темирдин адам жашоосундагы мааниси жөнүндө маалымат өтө аз эле. Жердин ядросунда темирдин бар экени, адамдын канында темир болоору жана темирдин жашоодогу өтө зор мааниси 20-кылымга чейин белгисиз акыйкаттар эле. Мындан тышкары, Куранда темирдин маанисине көңүл бурган дагы бир сыр бар. Ичинде темирден сөз кылынган Хадид Сүрөсүнүн 25-аяты эки математикалык кодду камтыйт:
«Аль-Хадид» Курандын 57-сүрөсү. «Аль-хадид» сөзүнүн арап тилиндеги сандык мааниси, б.а. эбжеди эсептелгенде да ушул эле сан келип чыгат: «57».
Бир гана «хадид» сөзүнүн сандык мааниси 26ны берет. 26 саны болсо темирдин атом номери. Мындан тышкары, ичинде темирден сөз кылынган Хадид Сүрөсүнүн 25-аяты өтө кызыктуу эки математикалык кодду камтыйт:
«Аль-Хадид» Курандын 57-сүрөсү. «Аль хадид» сөзүнүн арап тилиндеги сандык мааниси, б.а. эбжеди эсептелгенде да ушул эле сан келип чыгат: «57».
Бир гана «хадид» сөзүнүн сандык мааниси 26ны берет. 26 саны болсо темирдин атом номери.
Жамгыр жер жүзүндөгү жашоонун уланышы үчүн чындыгында эң негизги факторлордун бири. Бир аймакта жашоонун уланышы үчүн да жамгыр шарт. Куран адам да кошо бүт жандыктар үчүн мынчалык зор роль ойногон жамгырлардан көп аяттарда сөз кылат. Болгондо да, жамгырлардын пайда болушу, саны жана таасирлери жөнүндө маанилүү маалыматтарды берет. Ал замандын адамдары эч биле албаган бул маалыматтар да бизге Курандын Аллах Кабатынан келгенин көрсөтөт. Бул маалыматтарды кезеги менен карайлы.
Куранда жамгыр жөнүндө берилген дагы бир маалымат болсо – бул жамгырдын белгилүү бир өлчөм менен түшүрүлүшү. Зухруф Сүрөсүндө мындай деп айтылат:
Ал белгилүү бир өлчөм менен асмандан суу түшүрүп, аны менен өлүк бир өлкөнү «тирилтти (жана бүт тарабына жашоо) таратты»; силер да ушундай (кабырларыңардан тирилтилип) чыгарыласыңар. (Зухруф Сүрөсү, 11)
Жамгырдагы бул өлчөм да учурдагы изилдөөлөр аркылуу аныкталды. Өлчөөлөр боюнча, жер жүзүндө бир секундада 16 миллион тонна суу бууланат. Бир жылда бул көлөм 505 триллион тоннага жетет. Бул ошол эле учурда бир жылда жерге жааган жамгырдын көлөмүн көрсөтөт. Б.а. суу дайыма бир тең салмактуулукта, «бир өлчөмгө жараша» айланып турат. Жер жүзүндөгү жашоо ушул суу айлампасы натыйжасында уланат. Адам колундагы бүт технологиялык мүмкүнчүлүктөрүн колдонсо да, бул айлампаны жасалма жол менен эч качан жасай албайт.
Эгер бул өлчөмдө кичине эле бир өзгөрүү болсо, кыска убакыттын ичинде чоң бир экологиялык тең салмаксыздык келип чыгат жана бул болсо жашоонун жок болушуна себеп болот. Бирок эч качан мындай болбойт; жамгыр Куранда айтылгандай, жер жүзүнө жыл сайын бирдей көлөмдө түшө берет.
Жамгырдын кантип пайда болоору көп убакыт бою адамдар үчүн бир сыр болуп келди. Аба радарлары табылган соң гана жамгырдын кандай этаптардан өтүп пайда болоору так белгилүү болду.
Жамгыр үч этаптан өтүп пайда болот: алгач шамал аркылуу жамгырдын «чийки заты» абага көтөрүлөт. Андан соң булуттар пайда болот жана эң аягында жамгыр тамчылары пайда болот.
Куранда жамгырдын пайда болушу жөнүндө айтылгандар дал ушул процесстерден сөз кылат. Бир аятта бул жөнүндө мындай маалымат берилет:
Аллах шамалдарды жөнөтөт, ошентип бир булутту көтөрөт да, аны кандай кааласа асманда жайып-таркатат жана аны бөлүк бөлүк кылат; анан анын арасынан жамгырдын агып чыкканын көрөсүң. Кийин Өз пенделеринен каалаганына берээр замат (алар) кубанып калышат. (Рум Сүрөсү, 48)
Эми аятта айтылган үч этапты илимий жактан карайлы.
Океандардагы көбүктөнүүдөн келип чыккан сансыз аба көбүкчөсү тынымсыз пайда болуп, суу молекулалары тынымсыз асманга чачырайт. Тузга бай бул бөлүкчөлөр андан соң шамал менен атмосферада жогору көздөй сапар тартат. Аэрозоль деп аталган бул кичинекей бөлүкчөлөр «суу тузагы» деп аталган бир механизм менен океандардан көтөрүлгөн башка суу бууларын өз айланасында майда тамчылар абалында топтоп, булут тамчыларын пайда кылат.
Туз кристаллдарынын же абадагы чаң бөлүкчөлөрүнүн айланасында топтолгон суу буусу аркылуу булуттар пайда болот. Алардын ичиндеги суу тамчылары өтө майда болгондуктан (диаметри 0,01-0,02 мм) абада тура берет жана асманда ар тарапка тарашат. Натыйжада асманды булуттар каптайт.
Туз кристаллдарынын жана чаң бөлүкчөлөрүнүн айланасында чогулган суу бөлүкчөлөрү абдан чоңоюп жамгыр тамчыларын пайда кылышат. Ошентип абадан оорураак болуп калган тамчылар булуттан чыгып, жамгыр болуп жерге түшүп башташат.
Көрүнүп тургандай, жамгырдын пайда болушундагы ар бир баскыч Куран аяттарында кабар берилген. Болгондо да, бул этаптар туура кезеги менен айтылган. Дүйнөдөгү көптөгөн табигый кубулуштагы сыяктуу, мында да Аллах эң туура түшүндүрмө жасап, болгондо да бул түшүндүрмөнү анын илимий ачылышынан кылымдар мурда Куран аркылуу адамдарга билдирүүдө.
It is He Who sends down rain from the skies: with it We produce vegetation of all kinds: from some We produce green (crops), out of which We produce grain, heaped up (at harvest). |
Жамгырдын пайда болушу жөнүндө башка бир аятта төмөнкүдөй маалыматтар берилет:
Аллахтын булуттарды айдап жатканын, кийин араларын бириктирип, андан соң аларды кабат кабат кылып жыйып жатканын көргөн жоксуңбу; ошентип жамгырдын булардын арасынан агып-чыкканын көрөсүң. Асмандан ичинде мөндүрү бар тоолор (сыяктуу булуттар) түшүрүп, аны каалаганына туш кылат, (жана) каалаганынан аны кайтарат (тосот); чагылганынын жаркыраганы көздөрдү алып көр кылчудай болот. (Нур Сүрөсү, 43)
Булут типтерин изилдеген илимпоздор жамгырдын пайда болушу жөнүндө таң калыштуу жыйынтыктарды алышкан. Жамгыр булуттары белгилүү бир система жана этаптар менен пайда болуп, калыптанат. Жамгыр булуттарынын бири түрмөк булуттар (cumulonimbus) түрүндөгү булуттардын пайда болуу этаптары илимий жактан төмөнкүдөй:
1-ЭТАП, сүрүлүү: булуттар шамал тарабынан турган жеринен түртүлөт, б.а. сүрүлөт.
2-ЭТАП, биригүү: шамал тарабынан сүрүлгөн бул кичинекей көлөмдөгү булуттар (cumulus) айдалып барган жерде биригип, жаңы чоң булуттарды пайда кылышат.43
3-ЭТАП, жыйылуу: кичинекей булуттар бириккен соң чоң булуттун ичиндеги тартуу күчү жогору көздөй өсөт. Булуттун борборундагы жогору тартуу күчү четтердеги тартуудан күчтүүрөөк. Мындай жогору тартуулар булуттун тулку боюнун тигинен чоңоюшуна себеп болот. Ошентип булуттар жогору көздөй өсүп, үстү-үстүнө жыйылат. Бул тигинен чоңойгон булуттун тулку боюнун атмосферанын салкыныраак жерлерин көздөй созулушуна себеп болот. Ошол кезде атмосферанын салкын аймактарында булутта суу жана мөндүр тамчылары чоңоюп баштайт.
Бул этаптардын натыйжасында суу жана мөндүр тамчылары –жогору тартуу күчү аларды кармай албай калганча- салмактанганда булуттардан жамгыр, мөндүр ж.б. түшүп баштайт.44
Y. Depth (Meters) A. Atlantic Ocean B. Mediterranean | a. Atlantic Ocean water: Salinity ratio is less than 36 ‰ b. Mediterranean Water c. Salinity ratio is greater than 36.5 ‰ d. Straits of Gibraltar |
Big waves on the Mediterranean Sea and Atlantic Ocean, there are strong currents and tides. Water of the Mediterranean, the Atlantic Ocean meets the Strait of Gibraltar. But as a result of this encounter their own temperature, salinity and density characteristics do not change. Because the boundary between two seas there is a rare thing. |
Муну унутпаш керек; метеорологдор булуттун пайда болушу, түзүлүшү жана функциясы жөнүндө майда-бараттарды алдыңкы шаймандарды (учак, спутник, компьютер ж.б.) колдонуп, жакында гана биле алды. Көрүнүп тургандай, Аллах бул аяттарында да бизге 1400 жыл мурдатан ал кезде билүү мүмкүн болбогон бир маалыматты берген.
It is He who sends down water from the sky: from it you drink, and out of it (grows) the vegetation on which you feed your cattle. with it He produces for you corn, olives, date-palms, grapes and every kind of fruit: verily in this is a sign for those who give thought. |
Деңиздердин изилдөөчүлөр тарабынан жакында гана аныкталган бир өзгөчөлүгү Курандын Рахман Сүрөсүндө мындайча кабар берилет:
Бири-бири менен кездешүүсү үчүн эки деңизди коюп жиберди. Экөөсү арасында бир тосмо бар; бири-биринин чегинен өтө алышпайт. (Рахман Сүрөсү, 19-20)
Бир-бирине кошулуп, бирок суулары эч бир-бирине аралашпаган деңиздердин аятта кабар берилген мындай өзгөчөлүгү океан изилдөөчүлөрү тарабынан жакында гана ачылды. «Беттик тартылуу» деп аталган физикалык бир күч себебинен кошуна деңиздердин сууларынын бир-бирине аралашпашы аныкталган. Деңиздердин тыгыздыгынын ар кандай болушу себептүү беттик тартылуу бир тосмодой болуп суулардын бир-бирине аралашышына бөгөт болот.45
Албетте, мунун эң кереметтүү тарабы, адамдар физикадан да, беттик тартылуудан да, океан билиминен да кабары болбогон бир доордо бул чындык Куранда кабар берилген.
Куранда адамдар ыйманга чакырылганда ар кандай темалардан сөз кылынат. Аллах кээде асмандарды, кээде жер жүзүн, кээде жаныбарларды жана өсүмдүктөрдү адамга далил көрсөтөт. Дагы көп аяттарда болсо адамга түздөн-түз өзүңдүн жаратылышыңды кара деп насаат кылынат. Адамдын кантип жер жүзүнө келгени, кандай этаптардан өткөнү жана түпкү затынын эмнеден турганы көп жолу эскертилет. Мисалы, башка аяттарда мындай деп айтылат:
Силерди Биз жараттык, дагы эле тастыктабайсыңарбы? (Жатындарга) куюлуп жаткан манини (сперманы) көрдүңөрбү? Аны силер жаратып жатасыңарбы, же Биз жаратып жатабызбы? (Вакыа Сүрөсү, 57-59)
Адамдын жаратылуусу жана анын кереметтүү тарабы дагы көп аяттарда айтылат. Бирок алардын арасында ушундай маалыматтар бар; аларды 7-кылымда жашаган адамдардын билиши эч мүмкүн эмес. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:
1) Адам мани суюктугунун баарынан эмес, тескерисинче өтө кичинекей бир бөлүгүнөн (спермадан) жаратылат.
аларды 7-кылымда жашаган адамдардын билиши эч мүмкүн эмес. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:2) Наристенин жынысын эркек аныктайт.
аларды 7-кылымда жашаган адамдардын билиши эч мүмкүн эмес. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:3) Адам эмбриону эне жатынына бир сүлүк сыяктуу жабышат.
аларды 7-кылымда жашаган адамдардын билиши эч мүмкүн эмес. Алардын кээ бирлери төмөнкүлөр:4) Адам эне жатынында үч караңгы жердин ичинде өрчүйт.
Куран түшүрүлгөн кылымда да адамдар, албетте, төрөлүүнүн негизги затынын жыныстык байланыштан соң эркектен чыккан мани (сперма суюктугу) менен байланыштуу экенин билишчү. Наристенин орточо 9 айда төрөлөөрү да оңой эле байкала алган, билүү үчүн изилдөө талап кылынбаган бир жагдай эле. Бирок жогоруда саналган маалыматтар ал доордун адамдарынын билгендеринен өтө өйдөдө эле. Булар 20-кылымдын илими тарабынан гана ачыла алды.
Эми бул маалыматтарды кезеги менен карайлы.
Sperms surrounding the ovum |
Жыныстык кошулуу учурунда эркектен бир жолуда орточо 250 миллион сперма чыгарылат.
Спермалар жумурткага барганга чейин эненин денесинде татаал бир сапар жасашат. Бул сапарда 250 миллион сперманын миңдейи гана жумурткага жете алат.
Беш мүнөттөн соң бүтө турган жарыштын аягында жарым тузчалык көлөмдөгү жумуртка спермалардын бирөөсүн гана кабыл алат. Б.а. адамдын маңызы манинин баары эмес, андан кичинекей бир бөлүк. Куранда бул чындык төмөнкүдөй айтылган:
Адам «өз башымча жана жоопкерчиликсизмин» деп ойлойбу? Өзү куюлган маниден бир тамчы суу эмес беле? (Кыямат Сүрөсү, 36-37)
Көңүл бурулган болсо, Куранда адамдын манинин баарынан эмес, анын ичинен алынган кичинекей бир бөлүктөн жасалганы кабар берилүүдө!
Бул жерде баса айтылган жагдайдын заманбап илим тарабынан ачылган бир чындыкты айтып жатышы мунун Аллахтан келгендигинин бир далили.
Мани деп аталган жана спермаларды алып жүргөн суюктук бир гана спермалардан турбайт. Тескерисинче, мани ар кандай суюктуктардын аралашмасынан турат. Ал суюктуктардын кызматтары арасында спермага керектүү энергияны бере турган кантты алып жүрүү, эне жатынынын кире беришиндеги кислоталарды нейтралдаштыруу, сперма кыймылдай алышы үчүн жолду сыйгалак кылуу сыяктуу функцияларды саноого болт.
Кызыгы, Куранда мани жөнүндө сөз кылынып жатканда заманбап илим аныктаган бул чындыкка да ишарат кылынып, мани «аралаш» бир суюктук деп сүрөттөлөт:
Күмөнсүз, Биз адамды аралашма бир тамчы суудан жараттык. Аны сынап жатабыз. Ошондуктан аны угуучу жана көрүүчү кылдык (кулак, көз бердик). (Инсан Сүрөсү, 2)
Башка бир аятта болсо кайра эле манинин бир аралашма экенине ишарат кылынат, адамдын болсо ошол аралашманын «маңызынан» жаратылганы айтылат:
Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Анан анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. (Сажда Сүрөсү, 7-8)
Бул жерде «маңыз» деп которулган арапча «сулала» сөзү маңыз же бир нерсенин эң жакшы бөлүгү деген мааниге келет. Кандайынча алынса да, «бир бүтүндүн бир бөлүгү» деген мааниге келет. Бул Курандын адамдын жаратылуусун эң майда-чүйдөсүнө чейин билген бир Эрктин сөзү экенин апачык көрсөтөт. Ал Эрк – адамды жараткан Аллахка тиешелүү.
Жакын убакка чейин адамдар наристенин жынысы эне клеткалары тарабынан аныкталат деп ойлоп келишкен. Же жок дегенде эне менен атадан келген клеткалар чогуу жынысты аныктайт деп ойлошкон. Бирок Куранда бул жөнүндө башкача маалымат берилип, эркектик менен аялдыктын «жатынга куюлган маниден» жаратылганы айтылган:
Ал жараткан бүт нерсесин эң кооз кылган жана адамды жаратууну бир ылайдан баштаган. Анан анын урпагын бир маңыздан, болгону бир суудан жасаган. (Сажда Сүрөсү, 7-8)
Чынында жуптарды; эркек жана аялды Ал жараткан. Бир тамчы суудан (жатынга) мани куюлганда. (Нежм Сүрөсү, 45-46)
Куранда берилген бул маалыматтын тууралыгы генетика жана микробиология илимдеринин өнүгүшү менен илимий жактан да далилденди. Жыныстын толугу менен эркектен келген сперма клеткалары тарабынан аныкталаары, аялдын болсо мында эч бир ролунун жок экени белгилүү болду.
Жыныстын аныкталышындагы фактор – бул хромосомалар. Адам түзүлүшүн аныктаган 46 хромосоманын экөөсү жыныстык хромосома деп аталат. Бул эки хромосома эркекте XY, аялда болсо ХХ деп белгиленет. Мунун себеби ал хромосомалар ушул тамгаларга окшошуп кетет. Ү хромосомасы эркектик, Х хромосомасы болсо аялдык гендерди алып жүрөт.
Бир адамдын пайда болушу эркек менен аялда жуптар абалында орун алган бул эки хромосомалардын бирден даанасынын биригиши менен башталат. Аялда экиге бөлүнгөн жыныстык клетканын эки бөлүгүндө тең Х хромосомасы болот. Ал эми эркекте болсо экиге бөлүнгөн жыныстык клетка Х жана Ү хромосомаларын камтыган эки түрдүү сперма пайда кылат. Аялдагы Х хромосомасы эгер эркектеги ичинде Х хромосомасы бар сперма менен кошулса, төрөлө турган наристе кыз болот. Эгер ичинде Ү хромосомасы бар сперма менен кошулса, анда эркек бала төрөлөт.
Б.а. төрөлө турган баланын жынысы эркектеги хромосомалардын кайсынысынын аялдын жумурткасына кошулаарынан көз-каранды.
Албетте, генетика илими пайда болгонго чейин, б.а. 20-кылымга чейин булардын эч бири белгисиз эле. Тескерисинче, көп коомдордо төрөлө турган наристенин жынысы аял денеси тарабынан аныкталат деген ишеним кеңири тараган эле. Ал тургай, ушул себептен кыз төрөгөн аялдарды адамдар сындачу.
Ал эми Куранда болсо адамдарга гендер ачылаардан 13 кылым мурда бул негизсиз ишенимди четке каккан бир маалымат берилип, жынысты аял эмес, эркектен келген мани аныктаары кабар берилген.
Курандын адамдын пайда болушу жөнүндө берген маалыматтарын анализдөөнү улантканда, дагы өтө маанилүү кээ бир илимий кереметтерди көрөбүз.
Эркектен келген сперма менен аялдагы жумуртка кошулганда, төрөлө турган наристенин биринчи маңызы да пайда болот. Биологияда «зигота» деп аталган бул жалгыз клетка эч убакыт коротпостон бөлүнүп көбөйүп, бара бара кичинекей бир «тиштем этке» айланат.
Бирок зигота боштукта чоңойбойт. Жатын капталына асылып карманат. Өсүп чыккан бутактары менен топуракка орношкон тамырлар сымал ал жерге жабышат.
Ошол канал аркылуу өрчүшү үчүн керектүү заттарды эненин денесинен соро алат.46
Мына ушул жерде өтө маанилүү бир Куран кереметин көрөбүз. Аллах Куранда эне жатынына жабышып өрчүп баштаган зиготадан сөз кылганда, «алак» деген сөздү колдонгон:
Жараткан Раббиңдин аты менен оку. Ал адамды бир «алактан» жаратты. Оку, Раббиң эң улуу берешен (Зат) (Алак Сүрөсү, 1-3)
«Алак» деген сөздүн арап тилиндеги мааниси болсо «бир жерге асылып карманган нерсе» дегенди билдирет. Ал тургай, бул сөз негизи териге жабышып ал жерден кан соргон сүлүктөргө колдонулат.
Албетте, эне курсагында өрчүп жаткан зиготаны бул өзгөчөлүгү менен сүрөттөгөн бир сөздүн колдонулушу Курандын Ааламдардын Рабби Аллах тарабынан түшүрүлгөнүн дагы бир жолу далилдейт.
A zygote that has clung on to the uterus in the form of a piece of flesh. |
Куран аяттарында кабар берилген дагы бир маанилүү маалымат болсо – адамдын эне курсагындагы өрчүү этаптары. Аяттарда эне курсагында алгач сөөктөрдүн пайда болоору, анан булчуңдар пайда болуп ал сөөктөрдү каптаары кабар берилет:
Кийин ал суу тамчысын бир алак (клетка жыйындысы) кылып жараттык; анан ал алакты бир тиштем эт кылып жараттык; андан соң ал бир тиштем этти сөөк кылып жараттык; ошентип сөөктөргө эт кийгиздик; андан соң башка бир келбетте аны жасадык. Жаратуучулардын эң сонуну болгон Аллах кандай Улук.(Мүминун Сүрөсү, 14)
Эне курсагындагы өрчүүнү изилдеген илим тармагы – бул эмбриология. Жана эмбриология тармагында жакынкы жылдарга чейин сөөктөр менен булчуңдар чогуу пайда болуп өрчүйт деп эсептелип келген. Ошондуктан кээ бирлер көп убакыт бою бул аяттар илимге карама-каршы келет деп келген. Бирок өнүккөн технология менен жасалган тереңирээк микроскопиялык изилдөөлөр Куранда айтылгандардын толук туура экенин көрсөттү.
Микроскопиялык изилдөөлөр эне курсагында дал аяттарда сүрөттөлгөндөй бир өрчүү болоорун көрсөтүүдө. Алгач эмбриондогу кемирчек кыртыш сөөккө айланат. Андан соң булчуң клеткалары сөөктөрдүн айланасындагы кыртыштан тандалып топтолот жана ал сөөктөрдү оройт.
Бул "Developing Human", б.а. «Өрчүп жаткан адам» аттуу илимий бир эмгекте төмөнкүчө сүрөттөлөт:
6-жумада кемирчектешүүнүн уландысы катары алгачкы сөөктөшүү тамак сөөгүндө келип чыгат. 7-жуманын аягында узун сөөктөрдө да сөөктөшүү башталат. Сөөктөрдүн пайда болушу уланып жатканда булчуң клеткалары сөөктү орогон кыртыштан тандалып булчуң массасын пайда кылат. Булчуң кыртышы ушундайча сөөктүн айланасында алдыңкы жана арткы булчуң топторуна бөлүнөт.47
Кыскасы, адамдын Куранда сүрөттөлгөн өрчүү этаптары заманбап эмбриологиянын ачылыштарына толук дал келет.
Наристенин жатындагы караңгы үч баскычы (этабы)
Куранда адамдын эне курсагында үч баскычта жаратылаары кабар берилет:
... Силерди энелериңердин курсактарында, үч караңгылык ичинде бир жаратылыштан соң (башка бир) жаратылышка (айлантып) жаратууда. Раббиңер Аллах мына ушул, мүлк Аныкы. Андан башка кудай жок. Ошого карабастан, кантип бурулуп (адашып) жатасыңар? (Зүмер Сүрөсү, 6)
Бул аятта «үч караңгылык ичинде», «үч кабат караңгылык ичинде» деп которулган арапча «фи зулуматин селасин» сөздөрү эмбриондун өрчүү учурундагы үч караңгы жерге ишарат кылат. Ал жерлер катары менен:
Көрүнүп тургандай, бүгүнкү заманбап биология наристенин эмбриологиялык өрчүшүнүн жогорудагы аятта айтылгандай, үч караңгы жерде болоорун көрсөттү. Мындан тышкары, эмбриология тармагындагы ачылыштар бул аймактардын да үчтөн кабаттан тураарын көрсөттү.
Курсак үч кабаттан турат: сырткы булчуңдар, ички булчуңдар, кайчылаш булчуңдар. Ошол сыяктуу жатын да үч кабаттан турат: эпиметрия, миометрия жана эндометрия.
Ошондой эле, эмбрионду орогон чел да үч кабаттан турат: амнион (жатында түйүлдүктү орогон эң ички чел-амнион), хорион (ортоңку амнион чели- chorion) жана децидуалдык чел (сырткы амнион чели- decidua). (Dr. Mazhar U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, ABD, 1998, s. 84)
Чындап эле учурда заманбап биология наристенин эне курсагындагы эмбриологиялык өрчүшүнүн үч доордо жүрөөрүн аныктады. Учурда медицина факультеттеринде окуу китеби катары окутулган бүт эмбриология китептеринде бул тема эң негизги маалыматтар арасында орун алат. Мисалы, эмбриология тармагында негизги китептердин бири болгон "Basic Human Embryology" аттуу булакта бул чындык төмөнкүдөй айтылат:
Жатындагы жашоо 3 ЭТАПТАН турат; преэмбриондук (алгачкы 2,5 жума), эмбриондук (8-жуманын аягына чейин) жана феталдык (8-жумадан төрөлгөнгө чейин).48
Медицина тилинде «триместр», б.а. «үч период» деп аталган бул этаптар наристенин өрчүү этаптарын камтыйт. Бул үч өрчүү баскычынын негизги өзгөчөлүктөрү кыскача төмөнкүдөй:
- Преэмбриондук этап:
Бул алгачкы этапта зигота бөлүнүп көбөйүп, бир клетка жыйындысына айланган соң өзүн жатын капталына көмөт. Көбүнчө «1-триместр» деп аталган бул алгачкы этапта зигота бөлүнүп көбөйөт жана бир клетка жыйындысына айланган соң өзүн жатын капталына көмөт. Клеткалар көбөйүүнү улантып жатып 3 катмарда уюшушат.
-Эмбриондук этап:
«2-триместр» деп да аталган экинчи этап жалпысынан 5,5 жумага созулат жана бул мөөнөт бою жандык «эмбрион» деп аталат. Бул этапта клетка катмарларынан дененин негизги орган жана системалары пайда болот.
- Феталдык этап:
Кош бойлуулуктун «3-триместри» деп аталган бул периодго киргенде эмбрион «түйүлдүк» деп аталат. Бул период кош бойлуулуктун сегизинчи жумасынан башталат жана төрөткө чейин уланат. Мурдакы периоддон айырмалоочу өзгөчөлүгү – бул түйүлдүктүн жүзү, колдору жана буттары менен адам көрүнүшүнө келиши. Бул периоддун башында бою 3 см болгону менен, бүт органдары пайда болгон болот. Бул мөөнөт 30 жумага созулат жана өрчүү төрөлүү жумасына чейин уланат.
O man! What has beguiled you from your bountiful Sustainer? Him Who created you, fashioned you in due proportion, and gave you a just bias. in whatever form He willed, He put you together. |
Эне курсагындагы өрчүү менен байланыштуу бул маалыматтар заманбап технологиялык аппараттар менен жүргүзүлгөн байкоолор натыйжасында гана алынды. Бирок көрүнүп тургандай, бул маалыматтар да башка көптөгөн илимий чындыктар сыяктуу, керемет катары Куран аяттарында кабар берилген. Адамзаттын медицинада эч кандай терең маалыматы болбогон бир доордо Куранда мынчалык терең жана туура маалыматтардын берилгендиги, албетте, Курандын адам сөзү эмес, Улуу Аллахтын Сөзү экендигинин ачык бир далили.
Куранда адамдарды өлүмдөн кийин тирилтүүнүн Аллах үчүн өтө оңой экени айтылып жатканда, адамдардын өзгөчө манжа учтарына көңүл бурулат:
Ооба, анын манжа учтарын да жыйнап (кайрадан) жасоого кудуреттүүбүз. (Кыямат Сүрөсү, 4)
Аятта манжа учтарына басым жасалышынын өтө терең мааниси бар. Себеби бүт адамдардын манжа изи жеке өзүнө гана тиешелүү болот. Азыр дүйнөдө жашап жаткан ар бир адамдын манжа изи бир-биринен айырмалуу. Ал тургай, тарых бою жашап өткөн адамдардыкы да ар бириники ар башка.
The fingerprints of every person who has ever lived are different. |
Ошондуктан манжа изи ар бир адамдын жеке өзүнө тиешелүү, өтө маанилүү бир «паспорту» катары кабыл алынып, бүт дүйнөдө ушул максатта колдонулууда.
Бирок негизгиси, манжа изинин өзгөчөлүгү 19-кылымдын аягына жакын гана ачылды. Ага чейин адамдар манжа изин эч кандай өзгөчөлүгү жана мааниси жок сызыктар катары көрүшкөн. Бирок Куранда ал кезде эч кимдин көңүлүн да бурбаган манжа издерине басым жасалып, бул издердин азыркы заманда гана табылган маанисине көңүл бурулган.
40. http://www.jps.net/bygrace/index. html Taken from Big Bang Refined by Fire by Dr. Hugh Ross, 1998. Reasons To Believe, Pasadena, CA.
41. Dr. Mazhar, U. Kazi, 130 Evident Miracles in the Qur'an, Crescent Publishing House, New York, 1997, ss. 110-111; http://www.wamy.co.uk/announcements3. html; Prof. Zighloul Raghib El-Naggar'ın konuşmasından
42. http://www.istanbul.edu.tr/fen/astronomy/populer/cevre/cevresi.htm; Yard. Doç. Dr. Yüksel Karataş, İstanbul Üniversitesi Fen Fakültesi Astronomi ve Uzay Bilimleri Bölümü, Popüler Bilim (Popular Science Magazine), no. 92, 2001, ss. 38-43, [American Scientist, c. 88, s. 1]
43. Anthes, Richard A., John J. Cahir, Alistair B. Fraser, and Hans A. Panofsky, 1981, The Atmosphere, 3. edition, Columbus, Charles E. Merrill Publishing Company, s. 268-269; Millers, Albert; and Jack C. Thompson, 1975, Elements of Meteorology, 2. edition, Columbus, Charles E. Merrill Publishing Company, s. 141
44. Anthes, Richard A.; John J. Cahir; Alistair B. Fraser; and Hans A. Panofsky, 1981, The Atmosphere, s. 269; Millers, Albert; and Jack C. Thompson, 1975, Elements of Meteorology, s. 141-142
45. Davis, Richard A., Jr. 1972, Principles of Oceanography, Don Mills, Ontario, Addison-Wesley Publishing, s. 92-93
46. Moore, Keith L., E. Marshall Johnson, T. V. N. Persaud, Gerald C. Goeringer, Abdul-Majeed A. Zindani, and Mustafa A. Ahmed, 1992, Human Development as Described in the Qur'an and Sunnah, Makkah, Commission on Scientific Signs of the Qur'an and Sunnah, s. 36
47. Moore, Developing Human, 6. edition,1998.
48. Williams P., Basic Human Embryology, 3. edition, 1984, s. 64.