Китептин мурдакы бөлүмдөрүндө Аллахтын бар экендигинин апачык далилдерин көрдүк. Албетте, бул жерде карагандарыбыз Анын чексиз далилдеринин өтө аз бир бөлүгү гана. Адам кайсы тарапты карабасын, Улуу Аллахтын бар экенин көрсөткөн белгилерди көрөт.
Андай болсо ушунча далилге карабастан эмне үчүн дүйнөдө дагы эле көп санда атеист бар? Ал тургай, эмне үчүн илимпоздордун бир бөлүгү дагы эле атеист? Ушунча көп далилдер турса да, эмне үчүн Аллахтын бар экенин кабыл албай келишет?
Бул суроонун жообун издегенде, атеист адамдардын –атеист илимпоздор да кошо- ишенимдерин калыптандырган кээ бир философиялык стереотиптерди көрөбүз. Жалпысынан материализм деп аталган бул негизсиз философиялык көз-караш «ааламдын башталышы жок жана өзүнөн-өзү иштейт» дейт. Б.а. бул адамдардын илимге туура келбеген көз-карашы боюнча бир гана абсолюттук күч бар – ал зат. Зат жаратылган эмес, өз башынча, ээнбаш жүрө берет. Тарыхта бул калпты жактаган көптөгөн философтор болгон. Байыркы Шумердеги путпараст (бутпараст) диндерден, Байыркы Грециядагы атомчу философтордон азыркы замандагы диалектикалык материалисттерге чейин көптөгөн адамдар ушул пикирге таянып Аллахтын бар экенин жокко чыгарышкан.
Мындай атеизмдин болсо эч кандай конкреттүү далили жок. Болгону өздөрүн «заттын башталышы жана аягы жок» деген калпка эч далилсиз ишендирип алышкан жана бул негизсиз ишенимге бекем жабышып алышкан. Ушул көз-караштын негизинде эволюция теориясын кабыл алышып, аны болгон күчү менен коргоп келишүүдө. Белгилүү америкалык биолог Майкл Бихи айткандай, организмдердин кокустуктар натыйжасында пайда болбой турганчалык комплекстүү экенин көргөндө болсо, унчукпай, теманы башка жакка буруп кетишет.
Бул жагдай бул адамдарды материализмге жана андан келип чыккан атеизмге жакындаткан бир катар стереотиптердин бар экенин көрсөтөт. Б.а. Аллахтын бар экенин конкреттүү маалыматтарды калыс баалап, ошонун жыйынтыгында танышпайт, тескерисинче конкреттүү маалыматтарга каршы чыгып, Аллах жок дешет.
Болгондо да, андай атеист пикирлерин элдерге кабыл алдырууга аракет кылышат.
Аллах ишенимине каршы пропагандалардын уюшкандык менен жасалышы алардын белгилүү бир катар борборлордон башкарылаарын көрсөтөт. Башкача айтканда, коомдо диний ишенимдерди жок кылууга аракет кылган күч борборлору бар. Аллах Куранда мындай борборлордун бар экенине ишарат кылган. Бир аятта айтылышынча, акыретте тозок менен жазаландырылган бир адамдар тобу дүйнөдө аларды адаштырган лидерлерине мындай дешет:
... Силер түнү жана күндүзү тузак пландарын (түзүп) биз Аллахты жокко чыгарышыбыз жана Ага шериктер кошушубуз үчүн бизге буйрук берчү элеңер... (Саба Сүрөсү, 33)
«Тузак пландарын» түзүп адамдарды атеизмге буйруган мындай борборлор тарыхтын бүт доорлорунда ар кандай ат менен жана ар кандай түзүлүштө болуп келишкен. Бирок негизги өзгөчөлүгү дайыма бирдей болгон. Аллах Куранда аларды «... байлыкка көпкөн алдыңкылар» (Мүминун Сүрөсү, 64) же «... коомунун алдыңкыларынан текебердик кылгандар» (Аьраф Сүрөсү, 75) деп сүрөттөгөн. Б.а. андай адамдар материалдык жактан күчтүү, ал тургай, эл арасында кадыр-барктуу көрүнгөн жана колундагы мүмкүнчүлүктөрүнөн улам текебердик кылып, бой көтөрүп жашаган кишилер болушат. Колундагы байлык, бийлигине адилетсиздик жана зулумдук менен жеткени үчүн, динди бир коркунуч катары көрүп, өз ойлорунда аны жок кылууну каалашат. Ошондуктан уюшкандык менен «тузак пландарын» түзүшөт, б.а. элдерди атеизмге түртүүгө аракет кылышат.
Мындай уюшкан күчтөрдү бир ат менен атоого болбойт. Ар коомдо ар кандай ат менен жана ар кандай формада кездешиши мүмкүн. Бирок акыркы үч-төрт кылымдын тарыхына көз чаптырганда, Куранда айтылган сүрөттөөгө туура келген эл аралык бир уюмду көрөбүз: масондук.
Батышта пайда болуп, анан башка аймактарга тараган бул жашыруун уюм кайсы өлкөгө кирбесин, ал өлкөдө динге каршы көз-караштардын жана иш-аракеттердин булагы болгон.
Кандайдыр бир өлкөдө акыркы бир канча кылымда динге каршы жүргүзүлгөн согуштун тарыхын изилдегенде, масондуктун ал окуянын борборунан орун алганын көрөбүз. Өзгөчө Европа тарыхында муну байкоо өтө оңой. Ушул себептен католик дүйнөсүнүн лидери Папа Лев XIII 1884-жылкы белгилүү Humanum Genus аттуу жарлыгында масондукка каршы чыгып, уюмдун максаттарын мындайча түшүндүргөн:
«Заманыбызда масондук аттуу өтө кеңири тараган жана күчтүү уюшкан бир уюмдун колдоосу жана жардамы менен караңгы күчтөргө сыйынгандар укмуш кайраттуулук менен биригишти. Булар эми ниеттерин жашырбай Аллахтын Улуу Заты менен күрөшүшүүдө... Масондордун каалоолору менен бүт аракеттери бир гана максатты көздөөдө: дин талап кылган ар кандай коомдук жана адамдык дисциплинаны жыгып, ордуна принциптерин натурализмден алган жана алардын пикирлерине жараша калыптанган жаңы эрежелерди орнотуу».74
Папанын 19-кылымдын аягындагы бул сөздөрү өтө туура. Азыркы масон тексттерин караганыбызда да, уюмдун диний ишенимдерди коомдон жок кылууну өзүнө максат тутканын көрөбүз. Бир түрк масон ложасынын текстинде «позитивдүү илимдерди эл арасында жайылтуу» аркылуу диндин кантип жок кылынаары төмөнкүчө айтылат:
Жыйынтык катары төмөнкүлөрдү айткым келет: баарыбызга түшкөн эң негизги адамдык жана масондук милдет – позитивдүү илим менен акылдан айрылбоо, мунун эволюцияда эң жакшы жана жалгыз жол экенин кабыл алып, бул ишенимибизди адамдар арасында жайуу, элге позитивдүү илимдер менен таалим берүү. Эрнест Ренандын мобул сөздөрү өтө маанилүү: «калкка позитивдүү илим жана акыл менен таалим берилип, агартылса гана, диндердин бош ишенимдери өзүнөн өзү кулайт.»75
Бул жерде «позитивдүү илим» деп негизи «позитивист илим» айтылып жатат, б.а. эксперимент жана байкоо жолу менен аныктала албаган бүт нерсени четке каккан материалисттик философия. Масондуктун милдети болсо – бул негизсиз философияны «илим» атын жамынып элге сиңирүү жана ушундайча диний ишенимдерди жок кылуу. Эволюция теориясы болсо жогорудагы сөздөрдөн көрүнүп тургандай, бул мээ чайкоо кампаниясында өтө маанилүү рольду ойнойт. Масондук эволюция теориясын эл арасында жайылтууну өзүнүн эң негизги кызматы катары көрүүдө.
Эволюция теориясынын жана материалисттик философиянын башка туундуларынын дүйнөнүн төрт бурчунда мынчалык күчтүү жакталышынын негизги бир себеби – ушул уюм менен болгон байланышы. Акыркы үч-төрт кылымда диний ишенимдерге каршы жүргүзүлгөн системалуу пропагандаларда масон уюмунун же бул уюмдун бутактарынын чоң ролу бар. Аллахтын бар экенин четке каккан ар кандай –жана кээде бир-бирине карама-каршы келген- философиялык системаларды курган кишилердин дээрлик баарынын масон болушунун себеби мына ушунда.
Жогоруда да айтылгандай, динге каршы философиялык системаларды курган адамдар – негизи динге каршы жүргүзүлгөн системалуу бир согуштун бөлүктөрү. Ушул себептен мындай системаларды курган философторду караганыбызда, көпчүлүгүнүн динге каршы жүргүзүлгөн согуштун борборунда турган масон уюмунун бир бөлүгү экенин көрөбүз.
Бул багытта биринчи эле көңүл бурган философтор – бул Франция төңкөрүшүнүн башында турган француз агартуучулар. Бул кишилер диний бийликтерди сындап эле тим болбостон, диндин өзүнө каршы да күчтүү бир душмандыкты күчөтүшкөн. Алардын арасында «материализмдин инжили» деп аталган «Табият системасы» китебинин автору Дидро, жана күчтүү бир материалист жана динге каршы Вольтер, катуу материалист Монтескье, өзүнчө жаңы бир «дин» ойлоп чыгарган Жан-Жак Руссо жана баары динге өтө каршы чыккан «энциклопедисттер» бар. Түрк масондорунун журналы болгон Mimar Sinan журналы бул ысымдар жөнүндө мындай дейт:
«1789-жылкы француз революциясы масон ойчулдар тарабынан даярдалган. Эркиндик, теңдик, бир туугандык принцибин негиз туткан адам укуктары декларациясы Монтескье, Вольтер, Руссо, Дидро сыяктуу устаттарыбыздын илхам жана жол башчылыгы менен жарыяланган.»76
Дагы бир түрк масондору тарабынан чыгарылган Mason журналы мындай деп жазат:
«Францияда феодалдык системаны кулатып, чоң төңкөрүштү пайда кылгандардын башында Монтескье, Вольтер, Ж.Ж. Руссо жана материализмдин алдыңкыларынан Дидро менен айланасында чогулган энциклопедисттердин ысымдары жазылуу. Булардын баары масон эле.»77
Франция төңкөрүшүнөн кийинки доордо тездик менен көтөрүлгөн материалисттик жана динге каршы пикирлер 19-кылымда туу чокусуна жеткен. Бул процесстин негизги ысымдарын караганыбызда да кайра эле масондукту көрөбүз.
Ошондой эле, бул ысымдардын арасында көптөгөн еврейлердин турганы да кызыктуу. Бул масондук менен биригип, христиандык жана ислам сыяктуу Аллахтан келген диндерди алсыздатуу максатын көздөгөн жана материалисттик дүйнө көз-карашын жактаган еврейлердин бул максатка философия тармагында да кызмат кылганын көрсөтөт.
1776-жылы Германиянын түштүгүндөгү Баварияда кызык бир уюм курулган. «Иллюминати», б.а. «агартуучулар (интеллектуалдар)» деп аталган уюмдун негиздөөчүсү – Адам Вейсгаупт аттуу бир укук профессору эле. Бул уюмду кызыктай кылган эки өзгөчөлүгү бар эле; өтө жашыруун бир уюм болушу жана өзүнө өтө амбициялуу бир саясий программа коюшу. Вейсгаупт тарабынан жазылган ал программада уюмдун эң негизги эки максаты төмөнкүчө көрсөтүлгөн:
1- Бүт монархиялардын жана өкмөттөрдүн жоюлушу,
2- Бүт «теисттик» (Кудайдан келген) диндердин жоюлушу.
Уюмдун өзгөчө динге болгон мамилеси өтө душманча эле. Вейсгаупт, англис тарыхчы Майкл Говарддын айтуусу боюнча, Кудайдан келген диндерге карата «патологиялык бир жек көрүү» сезиминде болгон.78
Уюм негизи бир масон ложасы түрү эле. Вейсгаупт даражалуу бир масон эле жана уюмду масон ложаларынын салттык уюшуу формасына ылайык түзгөн. Иллюминати таң калыштуу тездик менен чоңойгон. 1780-жылы немец масон ложаларынын чоң устаттарынан болгон Барон фон Книггенин кошулуусу менен уюмдун күчү өтө жогорулаган. Вейсгаупт менен Книгге Германияда «социалист» деп атоого боло турган бир революция жасоого даярданып башташкан. Бирок өкмөт абалдан кабардар болгону себептүү Иллюминати устаттары Вейсгаупт менен Книгге уюмду таратып, кадимки масон ложаларына кирүүнү чечишкен. Биригүү 1782-жылы болгон.
Бирок 1800-жылдардын башында Иллюминати салтын Германиянын ичинде сактап калууга аракет кылган жаңы бир уюм курулган. Уюмдун аты «Чынчылдар биримдиги» эле. Кийинчерээк аты «Коммунисттер биримдигине» айланган. Коммунисттер биримдигинин башчылары өздөрүнө бир саясий программа даярдоону каалашкан. Бул программаны жазуу иши ыйгарылган эки киши болсо – эки чечкиндүү коммунист интеллектуал эле: Карл Маркс менен Фридрих Энгельс! Ал экөө белгилүү Коммунисттик манифестти ошол Коммунисттер биримдигинин тапшырмасы менен жазышкан. Манифест, белгилүү болгондой, динди «элдин баңгизаты» деп атап, адамзаттын кутулушунун бирден бир жолу катары көрүлгөн «тапсыз (классыз) коом» идеалынын шарттарынын бири диний ишенимдерди жок кылуу деген.
Социализмдин башталышындагы мындай масон салымы кийин да уланган. Социалисттик кыймылдарга лидерлик кылган масон кээ бир ысымдар төмөнкүлөр:
Фердинанд Лассаль: Маркстын жакын досу болгон Лассаль революционер коммунисттик диктаторлукту жактаган.
Виктор Адлер: Энгельстин оң колу болгон Адлер коммунизмдин жайылышы үчүн көп аракет жасаган. Уулу Фридрих Адлер Австрия коммунисттик партиясынын лидери болгон.
Мозес Гесс (Хесс): Гесс бир жагынан Маркстын жакын досу, белгилүү бир социалист, экинчи жагынан болсо күчтүү бир атеист сионист эле. Өмүр бою дарвинизмди болгон күчү менен жактаган.
Дьердь Лукач: Лукач коммунизмди жактаган көптөгөн китептерди жазган. Коммунисттик көз-карашты жаштардын арасында жайылткан. Венгер революциясына жол башчылык кылган эң алдыңкы кишилердин бири эле.
Владимир И. Ленин: Ленин дүйнөдөгү эң кандуу жана тоталитардык режимдердин бирөөсүнүн негиздөөчүсү болгон.
Герберт Маркузе: Герберт Маркузе марксизмди башынан чечмелеп 1968-жылкы студенттик кыймылдарды даярдаган. Бүт дүйнөдө жайылган солчул университет кыймылдарын тутантып, бүгүнкү күндө дагы эле күн сайын сансыз жаштардын өлүмүнө себеп болгон анархист идеологияны иштеп чыккан.
Философия тарыхын караганыбызда масондугу менен көңүл бурган дагы көптөгөн атеист жана динге каршы ойчулдарды көрөбүз. Булардын арасында Дэвид Юм, Гольбах, Шеллинг, Джон Стюарт Милль, Огюст Конт, маркиза де Сада сыяктуу ойчулдарды, же Эмиль Дюркгейм, Фердинанд Тённис, Герберт Спенсер, Зигмунд Фрейд, Генри Бергсон, Эрих Фромм сыяктуу коомдук илим тармагындагы илимпоздорду саноого болот. Бул адамдар элди динден алыстатуу, бүтүндөй динсиз бир коом жана адеп-ахлак түшүнүгүн орнотуу үчүн аракет кылышкан. Булардын арасында Чарльз Дарвиндин өзгөчө орду бар экени айтпаса деле түшүнүктүү.
Бул жерде маанилүү бир жагдай бар: бүт бул ойчулдар жана аларга окшогон миңдеген кишилер чыгарган атеисттик жана материалисттик философиялар белгилүү саясий жана социалдык кызыкчылыктарга кызмат кылган. Башында да айтылгандай, адамдардын Улуу Аллахты жокко чыгаруусунун эң негизги себеби – бул алардын Аллахты кабыл алуудан келип чыккан диндин талабы болгон жакшы мүнөздөрдөн жана жакшы касиеттерден тынчсызданышы. Диндин тууралыгын өзүнүн же чөйрөсүнүн кызыкчылыктарына карама-каршы келгени үчүн четке каккан мындай адамдар өздөрүнө «таяныч» табуу үчүн атеизмге кайрылышат.
Аллахтын бар экендигинин апачык далилдерин мына ушул себептен бул адамдар көрүшпөйт. Аныгыраагы, көрүүнү каалашпайт. Ал тургай, ал адамдар Аллахка болгон ишенимге тоскоол болуу, ыймансыздыкты эл арасында жайылтуу үчүн да көп аракеттерди жасашат. Натыйжада же Аллахка ишенбеген, же болбосо Куранда айтылгандай, Раббибизди «унуткан» кишилер келип чыгат (Мүжаделе Сүрөсү, 6).
Адамдардын көпчүлүгүнүн Аллахты эч эстебей жашашынын, Андан көз-карандысыз өмүр сүрүп жатабыз деп ойлошунун себеби ушунда. Бирок бул көрүнүш адамды жаңылтпашы керек. Себеби Аллах Куранда ансыз да адамдардын көпчүлүгүнүн ыйман кылбашын (ишенбешин) кабар берген (Рад Сүрөсү, 1). Ал тургай, төмөнкү аят аркылуу адамды бул жөнүндө эскерткен:
Жер бетиндегилердин көпчүлүгүн ээрчисең, сени Аллахтын жолунан адаштырып-азгырышат. Алар күмөндөрүнө гана таянышат жана алар жалаң гана «күмөн жана божомол менен» жалган сүйлөшөт. |
74. C. L., "Mason Aleyhtarlığı", Mimar Sinan, Yıl 4, Sayı 13, 1973, ss. 87-88.
75. Dr. Selami Işındağ. "Olumlu Bilim-Aklın Engelleri ve Masonluk". Mason Dergisi, yıl 24, sayı 25-26 [Aralık 76-Mart 77].
76. Mimar Sinan, sayı 6, s. 66
77. Mason Dergisi, Sayı 23-24, sayfa 41, 1976.
78. Michael Howard, The Occult Conspiracy: The Secret History of Mystics, Templars, Masons and Occult Societies, 1.b., London: Rider, 1989, s. 63